ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөбөлү айылдык Кеңешинин ХХVII-чакырылышынын кезексиз 9- сессиясы
2017-жылдын 10-майы № 9/2
Дөбөлү айыл аймагынын тургундарынын жана тейлөө мекеме уюмдарынын таза сууга төлөнүүчү тарифтерди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Реснубликасынын « Ичүүчү суу жөнүндөгү» мыйзамынын 21- беренесине ылайык тарифдерди бекитүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөбөлү айылынын тургундарынын жана тейлөө мекеме, уюмдарынын таза сууга төлөнүүчү тарифтери төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
Айыл тургундары учун ай сайын бир адамга тариф учун - 10 сом
-Суу түтүгүн үйгөкиргизип пайдаландар үчүн – 100 сом
-Менчик үйлөргө суу түтүгүн киргизгенге уруксат алуу учун - 2500 сом
-О. Токтосунов атьшдагы орто мектеби ай сайын -250 сом
-№ 30 Кесиптик лицей ай сайын - 200 сом
-Дөбөлү айыл өкмөтү - 100 сом
-Айыл аймагындагы менчик мончолор ай сайын - 250 сом
- Айыл аймагындагы Азык түлүк дүкөнүнө ай сайын - 80 сом
- Айыл аймагындагы Азык түлүк кичи дүкөнүнө ай сайын - 50 сом
-«Мол булак» сут цех ай сайын - 100 сом
-«Айназик» кондитердик цех ай сайын- 100 сом
2. Айыл аймагындагы Балдар бакчасы,уй- бүлөлүк дарыгерлер мекемеси салыктан бошотулары же суу пайдалануу үчүн акы төлөнөөрү Дөбөлү айыл өкмөтүнүн эсеп - кысап статьясы чечилгенден кийин бекитилсин.
3. Бекитилген жогорудагы тарифтерди өз убагында өндүрүү жана «Байэл» ИСКАКБ нын өздүк эсебине төктүрүү жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы Алсейитов Уланбекке тапшырылсын.
Төрага |
А. Бектемиров |