Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\7737c998-33b2-4004-b24c-7a826406ec70\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2017-жылдын 31-майы № 314

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борборду түзүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-майындагы № 257 токтомунун редакциясына ылайык)

"Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 11 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбор 18 бирдик штаттык саны менен түзүлсүн.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-майындагы № 257 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбор жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-майындагы № 257 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жободо:

6-пунктунун "б" пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:

"- мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды берүү боюнча ишти координациялайт.".

5. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбор 2018-жылдын 1-январына чейин 6 бирдик, 2018-жылдын 1-январынан тартып - 18 бирдик штаттык саны менен иштей тургандыгы;

- 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбордун 6 штаттык бирдигин каржылоо республикалык бюджетте Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине каралган каражаттардын чегинде ишке ашырыла тургандыгы.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-майындагы № 257 токтомунун редакциясына ылайык)

6. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги үч айлык мөөнөттө ушул токтомдон келип чыгуучу уюштуруучулук-техникалык жана башка маселелерди чечсин.

7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2018-жылга жана кийинки жылдарга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетин түзүүдө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбордун 22 штаттык бирдигин каржылоо үчүн акча каражаттарын карасын.

8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

С.Жээнбеков

 

2-тиркеме

Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\Toktom\18e2372f-aa59-4c84-b900-067275509a72\document.files\image000.gif