Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\4af77f2e-1067-4ebe-8909-bd4228629a7a\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2017-жылдын 4-июлу № 420

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Айыл чарбасын механизациялоо жана энергия менен камсыздоо департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 383 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин ишин натыйжалуу уюштуруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Айыл чарбасын механизациялоо жана энергия менен камсыздоо департаменти жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин;

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Айыл чарбасын механизациялоо жана энергия менен камсыздоо департаментинин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:

- 7-пунктундагы "88", "5061", "247" деген цифралар тиешелүү түрдө "84", "5090", "222" деген цифралар менен алмаштырылсын.

3. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 383 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- 6-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

- 15-пунктунда:

жетинчи абзацтагы "жана жоюу" деген сөздөр алып салынсын;

тогузунчу абзац күчүн жоготту деп таанылсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин башкаруу схемасы:

- төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:

"

Айыл чарбасын механизациялоо жана энергия менен камсыздоо департаменти

";

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти жөнүндө жободо:

- 15-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:

"- мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарга ылайык Департаменттин кызматкерлерин штаттык ырааттамага ылайык кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;".

5. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги белгиленген тартипте:

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

С.Ш.Жээнбеков

 

2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Айыл чарбасын механизациялоо жана энергия менен камсыздоо департаментинин башкаруу
СХЕМАСЫ

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\Toktom\c250d7a0-b416-41d0-97fa-c9f0c233bde1\document.files\image000.gif