Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\f83e1d7b-b694-40a1-ad90-c84e7481edb8\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2017-жылднн 22-июну № 399

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө», «Экологиялык экспертиза жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө», «Экологиялык экспертиза жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз, .республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

 

Премьер-министр

С.Ш.Жээнбеков

 

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө», «Экологиялык экспертиза жөнүнде» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртуүлөрдү киргизүү жөнүндө

1-берене

«Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 11, 450-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 21-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсьн:

«21-статья. Атмосфералык аба дуушар болгон зыяндуу табигый таасирди чектөө же токтотуу

Атмосфералык аба дуушар болгон зыяндуу табигый таасирдин айрым түрлөрүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген жол берилүүчү чектелген деңгээл сакталган шартында жол берилиши мүмкүн.

Табигый таасирдин жол берилүүчү чектелген деңгээли бузулганда өнөр жайлык жана башка тузүлүштөрдүн, цехтердин, ишканалардын, уюмдардьн жана башка чарбакер субъекттердин тиешелүү шли Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте чектелет жана/же токтотулат.»;

2) 23-статьясынын 1-бөлүгүндөгу «стандарттардын талаптарына же техникалык шарттарга» деген сөздөр «техникалык регламенттердин талаптарына» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

3) 28-статьясыньн 4-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы «стандарттарга жана сертификаттарга» деген сөздөр «техникалык регламенттерге» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

4) 36-статьясьндагы «тийгизбей турган болсо, атайын ыйгарым укугу бар мамлекеттик органдар берген уруксат боюнча жүзөгө ашырылат» деген сөздөр «тийбеген шартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макуддашуу боюнча жүзөгө ашырылышы мүмкүн» деген сөздөр менен алмаштырылсьн.

2-берене

«Экологиялык экспертиза жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 12, 528-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсьн:

«2-статья. Экологиялык экспертизанын максаты

Экологиялык экспертиза болжолдонгон чарбалык жана башка иш аракеттин айлана-чөйрөгө тийгизе турган мүмкүн болуучу жагымсыз таасирин алдын алуу максатында жүргүзүлөт.».

2) 3-статьясынын он алтьнчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсьн;

3) 9-статьясында:

-1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсьн:

«Мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.»;

- 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«- Мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзүү тартибинде тизмеги аныкталган өз компетенциясыньн чегинде тиешелүү мамлекеттик көзөмөддөө жана контролдоо органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз аддынча башкаруу органдарынын он корутундуларынын жана/же макуддашуу документтеринин көчүрмөлөрүн;».

3-берене

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасьшьш Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти