КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-августу № 471
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “2017-2020-жылдарга жаштар саясатын өнүктүрүү” программасын бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-ноябрындагы № 599 токтомунун редакциясына ылайык)
“Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “2017-2020-жылдарга жаштар саясатын өнүктүрүү” программасы (мындан ары - Программа), 1-тиркемеге ылайык;
- Программаны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы), 2-тиркемеге ылайык;
- Программаны ишке ашырууга мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн индикаторлорунун матрицасы, 3-тиркемеге ылайык;
- Программанын бюджети, 4-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери, административдик ведомстволору, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү тууралуу маалымат берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбей Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү тууралуу жалпыланган отчетту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр |
С.Ш.Жээнбеков |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
"2017-2020-жылдарга жаштар саясатын өнүктүрүү" программасын ишке ашыруу
боюнча
ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-ноябрындагы № 599 токтомунун редакциясына ылайык)
№ |
Милдеттер |
Чаралар/аракеттер |
Ишке ашыруу мөөнөтү |
Күтүлүүчү натыйжалар |
Ишке ашыруу формасы |
Жооптуу аткаруучулар |
Каржылоо булактар |
I артыкчылык. Жаштардын бардык топторунун коомдук, социалдык жана экономикалык жактан өз максаттарына жетишүүсү жана ар тараптуу өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү | |||||||
1 |
1-милдет. Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана өлкөнү өнүктүрүү максаттарына негизделген жарандуулук, жоопкерчилик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана жалпы улуттук баалуулуктарды чыңдоого көмөк көрсөтүү |
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн жаштар жана жаштардын уюмдары менен иштөөнүн типтүү планын иштеп чыгуу |
2018-жылдын I кварталы |
Жаштар саясатын өнүктүрүүгө кызыкдар тараптардын координацияланган өз ара аракеттенүүлөрү |
Жаштар жана спорт агенттиги менен ЖӨБ жана этностор агенттигинин типтүү планды бекитүү тууралуу биргелешкен буйругу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына рекомендациялар |
Жаштар жана спорт агенттиги, ЖӨБ жана этностор агенттиги, жаштар уюмдары (макулдашуу боюнча) |
Бекитилген бюджеттердин чегинде |
2. ММТМ жана КТРК менен биргелешкен программаны иштеп чыгуу |
2017-жылдын декабры |
Жаштар чөйрөсүндө рухий-адептик жана мекенчил баалуулуктарды калыптандыруу |
Жаштар жана спорт агенттиги, ММТМ жана КТРК ортосундагы макулдашуу, биргелешкен телерадио долбоорлор, берүүлөр, көрсөтүүлөр |
Жаштар жана спорт агенттиги, ММТМ, КТРК (макулдашуу боюнча), жаштар уюмдары (макулдашуу боюнча) |
Бекитилген бюджеттердин чегинде | ||
3. Тарбия берүү багытындагы медиа продуктуларды чыгаруу боюнча чыгармачыл борборлор арасында сынактарды уюштуруу |
Жыл сайын, жылдын биринчи жарымы |
Өлкөнү туруктуу өнүктүрүүгө жоопкерчиликтүү катышкан жарандардын муунун калыптандырууну пропагандалоого жаштарды тартуу жана дем берүү |
Конкурс жөнүндө жобо, жылына 5тен кем эмес ролик |
Жаштар жана спорт агенттиги |
Бекитилген бюджеттин чегинде | ||
4. Илимий-техникалык конференцияларды, рухий-адептик, мекенчил баалуулуктарды, жаштардын долбоорлорунун жарманкелерин илгерилетүү боюнча иш-чараларды уюштуруу |
Жаштар жана спорт агенттигинин планына ылайык жыл сайын, жыл бою |
Жаштар өз дараметин көрсөтүүгө көп мүмкүнчүлүк бар |
Иш-чаралар жөнүндө жоболор, ишке ашырылган 5тен кем эмес иш-чара |
Жаштар жана спорт агенттиги, ММТМ, БИМ |
Бекитилген бюджеттердин чегинде | ||
5. Жаштардын экологиялык долбоорлорун иштеп чыгуу жана ишке киргизүү, экологиялык уюмдарынын дараметин жогорулатуу |
Жыл сайын, жыл бою |
Жаштар чөйрөсүндө экологиялык аң-сезимди бекемдөө |
Иш-чаралар планы, ишке ашырылган 5тен кем эмес иш-чара (ишембиликтер, акциялар, семинарлар) |
Жаштар жана спорт агенттиги, жаштар уюмдары (макулдашуу боюнча) |
Бекитилген бюджеттердин чегинде | ||
6. Турмуштун кыйын кырдаалына кабылган, уюшпаган жаштарды жана адамдарды колдоо |
Жыл сайын, жыл бою |
Жаштар өздөрүнүн укуктары тууралуу таанышты, дене тарбия менен алектенүү аркылуу бош убактысы уюштурулду |
Ведомстволор аралык иш чаралар планы, укуктарын түшүндүрүү боюнча өткөрүлгөн семинарлар, спорттук-массалык иш чаралар |
Жаштар жана спорт агенттиги, Эмгексоцмин, ЖАМК, ИИМ, Юстмин, жаштар уюмдары (макулдашуу боюнча) |
Бекитилген бюджеттердин чегинде | ||
7. Жаштар арасында диний экстремизмге бөгөт коюу боюнча иш-чараларды уюштуруу |
Жыл сайын, жыл бою |
Диний экстремизмдин кесепеттери тууралуу жаштарга жана өспүрүмдөргө билдирүү |
Ведомстволор аралык иш чаралар планы, 5тен кем эмес ишке ашырылган иш-чаралар |
УКМК, ИИМ, Жаштар жана спорт агенттиги, ДИМК |
Бекитилген бюджеттердин чегинде | ||
8. Туруктуу өнүктүрүүнүн 17 максатына жетишүүгө жаштарды кабарландыруу жана аларды тартуу жана мобилизациялоо боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу |
Жыл сайын, жыл бою |
Жаштар Туруктуу өнүктүрүүнүн 17 максаты тууралуу маалымат алат, жаштардын демилгелерине колдоо көрсөтүлөт, жаштар ТӨМ ишке ашырууга активдүү тартылат |
Иш-чаралар планы, ишке ашырылган 5тен кем эмес иш-чаралар |
Жаштар жана спорт агенттиги, жаштар уюмдары (макулдашуу боюнча) |
Бекитилген бюджеттердин чегинде | ||
9. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыктарын тапшыруу |
2017 жана 2019-жылдардын декабры |
Таланттуу жаштар табылат жана колдоого алынат |
Комиссиянын персоналдык курамы тууралуу КР Премьер-министринин буйругу, өткөрүлгөн сынак |
Жаштар жана спорт агенттиги |
Бекитилген бюджеттин чегинде | ||
2 |
2-милдет. Жеке көндүмдөрүн чыңдоо, коомдук жана экономикалык турмушка өнүмдүү, өз алдынча катышууга даярдануу аркылуу жаштардын кесиптик жактан өз максаттарына жетишүүсүнө көмөк көрсөтүү |
1. "Кыргыз Республикасынын жаштарынын өнүгүүсүнүн жана ийгиликтүүлүгүнүн индекси" изилдөөсүн жүргүзүү |
2017-жылдын |
Төмөнкү багыттарда көрсөткүчтөр чогултулду: 1. Жарандык катышуу 2. Экономикалык мүмкүнчүлүктөр 3. Билим берүү жана илим 4. Ден соолук 5. Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар 6. Коопсуздук жана корголгондук 7. Үй-бүлө |
Өлкөнүн бардык региондорунда жаштардын бакубатчылыгы тууралуу маалыматтарды сыпаттоо менен колдонмо |
Жаштар жана спорт агенттиги, жаштар уюмдары (макулдашуу боюнча) |
Бекитилген бюджеттин чегинде |
2. Кесиптик багыт алуунун, башкаруучулук көндүмдөрдү жана лидерлик сапаттарды өнүктүрүүнүн программаларын жана механизмдерин иштеп чыгуу |
2018-жылдын апрель-майы |
Өспүрүмдөр жана жаш адамдар келечектеги кесибин тандоодо өз алдынча туура аң сезимдүү чечим кабыл алууга багыт алышат |
Кесипке багыттоо иштери боюнча ведомстволор аралык иш-чаралар планы жана жол картасы |
БИМ, Эмгексоцмин, Жаштар жана спорт агенттиги |
Бекитилген бюджеттердин чегинде | ||
3. Жаш адистердин стажировкадан өтүүнүн программаларын иштеп чыгуу жана киргизүү |
Жыл сайын |
Практикалык билим алышат жана кесиптик көндүмдөрү чыңдалат |
Жаш адистерди такшалтуунун программасы, ЖӨБОлорго рекомендациялар |
Жаштар жана спорт агенттиги, ЖӨБ жана этностор агенттиги, жаштардын уюмдары (макулдашуу боюнча) |
Бекитилген бюджеттердин чегинде | ||
4. Жаштарды экономикалык иштерге үйрөтүү жана жаштардын ишкердиктерин өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү |
2018-жылдын II кварталы |
Жаштардын ишкердик иштерине потенциалы жана жөндөмдүүлүгү жогорулайт, ишкердик ишинин көндүмдөрүнө ээ болушат |
Жаштардын уюмдары менен макулдашуу, ишкердик иши боюнча курстардын ийгиликтүү иштөөсү |
Жаштар жана спорт агенттиги, ИИМ, жаштар уюмдары (макулдашуу боюнча) |
Бекитилген бюджеттердин чегинде | ||
5. Жаштардын демилгелерин колдоо максатында меценаттык институтту өнүктүрүү |
Жыл сайын, жыл бою |
Жаштардын демилгелери колдоого алынат, кайрымдуулук жана меценаттык пропагандаланат |
Ар бир региондо меценаттардын колдоосу менен 3төн кем эмес ишке ашырылган иш-чара |
Жаштар жана спорт агенттиги, ММТМ, БИМ |
Бекитилген бюджеттердин чегинде | ||
6. Жаштардын таанып-билүү туризми үчүн программаларды иштеп чыгуу (тарыхый, маданий, экологиялык, спорттук каттамдар) |
2018-жылдын биринчи жарымы |
Жаңы муунга маданий мурасты өткөрүп берүү, баалуулуктун багыттарын калыптандыруу |
Иштелип чыккан программа |
Жаштар жана спорт агенттиги, ИИМ, ММТМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги, жаштардын уюмдары (макулдашуу боюнча) |
Бекитилген бюджеттердин чегинде | ||
7. Волонтёрдук инфратүзүмдү жана волонтёрдук кыймылды түзүү жана өнүктүрүү |
2018-жылдын IV кварталы |
Жаңы волонтердук уюмдар түзүлөт, ийгиликтүү иштөөдө, волонтерлордун жалпы республикалык орточо саны жылына орто эсеп менен 5%га көбөйөт |
Жаштардын волонтердук кыймылын ишке ашыруунун жана сыйлоонун типтүү тартиби |
Жаштар жана спорт агенттиги, жаштардын уюмдары (макулдашуу боюнча) |
Бекитилген бюджеттердин чегинде | ||
3 |
3-милдет. Сергек жашоону пропагандалоо |
1. "Дени сак улут - өнүгүп жаткан өлкө" деген ураан алдында айыл жаштарынын арасында республикалык мелдештерди өткөрүү |
Жыл сайын, май |
Айыл жаштары дене тарбия жана спорт менен машыгууга тартылат, катышуучуларды камтуу жыл сайын 5 пайызга көбөйөт |
Мелдештер жөнүндө жобо, өткөрүлгөн иш-чара |
Жаштар жана спорт агенттиги, ЖМА |
Бекитилген бюджеттердин чегинде |
2. Спорттун улуттук түрлөрү жана "Манас оюндары" элдик оюндар боюнча спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү |
2017-жылдын августу |
Жаштарды жарандык-патриоттук тарбиялоо, жаштардын улуттук аң-сезимин чындоо, катышуучуларды камтуу жыл сайын 5 пайызга көбөйөт |
Мелдештер жөнүндө жобо, өткөрүлгөн иш-чара |
Жаштар жана спорт агенттиги, ЖМА |
Бекитилген бюджеттердин чегинде | ||
3. Ичкилик ичпөө жана тамеки тартуу менен күрөшүүнүн дүйнөлүк күнүнө арналган акцияларды өткөрүү |
Жыл сайын, октябрь |
Ичкилик ичпей жашаган жаш адамдардын үлүшүн жогорулатуу, алкоголь ичүүнүн жана чылым чегүүнүн зыяны тууралуу калктын билим деңгээлин арттыруу |
Иш-чаралардын ведомстволор аралык планы |
Жаштар жана спорт агенттиги, ССМ, БИМ, ММТМ, жаштар уюмдары (макулдашуу боюнча) |
Бекитилген бюджеттердин чегинде | ||
4. Баңги заттарды колдонуунун жана ВИЧ/СПИД жайылышынын алдын алуу максатында маалыматтык-билим берүү иш-чараларын өткөрүү |
Жыл сайын, декабрь |
Сергек жашаган жаш адамдардын үлүшүн жогорулатуу, баңги зат каражаттарын колдонуунун зыяны тууралуу жаштардын билим деңгээлин жогорулатуу |
Иш-чаралардын ведомстволор аралык планы |
Жаштар жана спорт агенттиги, БИМ, ССМ, ЭСӨМ, жаштардын уюмдары (макулдашуу боюнча) |
Бекитилген бюджеттердин чегинде | ||
5. Кыргыз Республикасынын элдеринин "Ынтымак" IV спартакиадасынын алкагында "Атам, апам жана мен - дени сак үй-бүлө" мелдештерин өткөрүү |
2017-жылдын ноябры |
Жаш үй-бүлөлөр дене тарбия менен машыгат, сергек жашоого, үй бүлөлүк баалуулуктарга тартылат |
Мелдештер жөнүндө жобо |
Жаштар жана спорт агенттиги, ЖМА |
Бекитилген бюджеттердин чегинде | ||
II артыкчылык. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө жаштардын бирдей жетишүүсүн камсыздоо | |||||||
4 |
1-милдет. Сапаттуу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө жаштардын бирдей жетишүүсүн камсыздоо |
1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө жаштардын жетишүүсүн баалоо боюнча изилдөөнү жүргүзүү |
2019-жылдын сентябры |
Маалыматтар чогултулду, тармактык министрликтерге сунуштар иштелип чыкты |
Эксперттерди жана жаштардын уюмдарынын өкүлдөрүн тартуу менен жумушчу топту түзүү тууралуу Жаштар жана спорт агенттигинин буйругу |
Жаштар жана спорт агенттиги, жаштардын уюмдары (макулдашуу боюнча) |
Бекитилген бюджеттердин чегинде |
2. Турмуштун кыйын кырдаалына кабылган жаштарды социалдаштыруу жана интеграциялоо үчүн жаштар үйлөрүнүн, борборлорунун, окуу жайларынын кызмат көрсөтүүдө, маалыматтык консультацияларды жана башка керектүү колдоолорду берүүдө жөндөмдөрүн чыңдоо |
Жыл сайын, июнь-июль |
Жаштар үйлөрүнүн жана борборлорунун, жогорку окуу жайларынын жаштар иштери боюнча комитеттеринин кызматчылары окуудан өтүшөт жана кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири тизмегин көрсөтүшөт |
Жаштар уюмдары менен келишим, квалификация жогорулатуу боюнча өткөрүлгөн курстар |
Жаштар жана спорт агенттиги, БИМ, жаштардын уюмдары (макулдашуу боюнча) |
Бекитилген бюджеттердин чегинде | ||
3. Жаштардын борборлорун жана жаштардын үйлөрүн туруктуу өнүктүрүүнүн шарттарын түзүү |
2018-жылдын I-II кварталдары |
Региондордо жаштардын кызмат көрсөтүүлөрү боюнча 4 жаштардын үйү жана 30дан кем эмес жаштар борборлору туруктуу иштешет |
Иштерге мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыктары, жаштар борборлорун ЖӨБОлордун балансына өткөрүп берүү тууралуу ЖӨБОлор менен макулдашуу |
Жаштар жана спорт агенттиги, ЖӨБ жана этностор агенттиги (макулдашуу боюнча) |
Бекитилген бюджеттердин чегинде | ||
4. Жаштардын федерацияларын, уюмдарын, комитеттерин, студенттик кеңештерин ж.б. түзүү жана алардын потенциалын жогорулатуу |
Жыл сайын, жыл бою |
Жаштар чөйрөсүндө уюштурулган коомдук бирикмелер ийгиликтүү иштешет |
Ар кандай багыттагы биргелешкен иш-чаралардын пландары |
Жаштар жана спорт агенттиги, жаштардын уюмдары (макулдашуу боюнча) |
Талап кылынбайт | ||
5 |
2-милдет. Жаштарды өнүктүрүү боюнча долбоорлорго мамлекеттик социалдык заказдын тажрыйбасын кеңейтүү |
1. Мамлекеттик социалдык заказдын алкагында жаштардын демилгелерин колдоо жана илгерилетүү боюнча методикалык сунуштарды иштеп чыгуу |
2018-жылдын январы |
Жаштардын муктаждыктарына талдоо жүргүзүлөт, артыкчылыктуу багыттар аныкталат |
Иштелип чыккан сунуштар |
Жаштар жана спорт агенттиги, жаштардын уюмдары (макулдашуу боюнча) |
Талап кылынбайт |
2. Жаштар арасында жоопкерчиликтүү жарандык боюнча иш-чараларга мамлекеттик социалдык заказды жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүү |
Жыл сайын, жыл бою |
Мамлекеттик социалдык заказ аркылуу төмөнкү багыттар боюнча жаштардын уюмдарынын долбоорлору ишке ашырылат: - Кыргызстанда волонтерлукту өнүктүрүү; - турмуштун кыйын кырдаалына кабылган жаштар; - жаштардын борборлорун өнүктүрүү жана колдоо; - жаштардын эл аралык кызматташтыгы; - жаштар, дене тарбия жана спорт маселелерин улуттук изилдөө; - жаштар арасында радикализмдин, ВИЧ-инфекциясынын, чылым чегүүнүн, баңгиликтин, алкоголизмдин алдын алуу; - жаштар радикалдуу экстремизмге ж.б. каршы |
Долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө келишимдер, жыйынтык отчеттор |
Жаштар жана спорт агенттиги, Эмгексоцмин, ММТМ жаштардын уюмдары (макулдашуу боюнча) |
Бекитилген бюджеттердин чегинде | ||
3. Жаштар чөйрөсүндө мамлекеттик социалдык заказды жайылтуунун тажрыйбасына мониторинг жүргүзүү |
2020-жылдын ноябры |
Талдоо жүргүзүлдү, оң жана көйгөйлүү жактары аныкталды |
Өткөрүлгөн мониторинг жөнүндө отчет, керек болгон учурда мамлекеттик социалдык заказ тууралуу мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелөө |
Жаштар жана спорт агенттиги, жаштардын уюмдары (макулдашуу боюнча) |
Бекитилген бюджеттердин чегинде | ||
III артыкчылык. Чечимдерди даярдоо жана кабыл алуу процессине жаштардын жигердүү катышуусун кеңейтүү | |||||||
6 |
1-милдет. Чечимдерди кабыл алуу процессине жаштардын жигердүү катышуусун кеңейтүү |
1. Жаштар саясаты чөйрөсүндөгү чечимдердин долбоорлорун региондордо милдеттүү түрдө коомдук талкуудан өткөрүү |
Жыл сайын, чечимдердин долбоорлорун иштеп чыгууга жараша |
Жаштар чечимдердин долбоорлорун талкуулоого активдүү катышат |
Өткөрүлгөн талкуулар, иштелип чыккан чечимдердин долбоорлору |
Жаштар жана спорт агенттиги |
Бекитилген бюджеттердин чегинде |
2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коллегияларынын, шаарлардын мэрияларынын коомдук кеңештеринин курамына жаштардын өкүлдөрүн киргизүү тажрыйбасын кеңейтүү |
2018-жылдын февралы |
Жаштар ар бир ЖМАнын, ЖӨБОнун коллегияларынын, шаарлардын мэрияларынын коомдук кеңештеринин курамына кирди |
Жүргүзүлгөн мониторингдин натыйжалары, ЖӨБОлорго сунуштар |
Жаштар жана спорт агенттиги, ЖӨБ жана этностор агенттиги |
Талап кылынбайт | ||
3. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын алдындагы коомдук кеңештерге жаштардын өкүлдөрүнүн катышуусун талдоо |
2018-жылдын экинчи жарымы |
Жаштар коомдук кеңештердин курамына кирди |
Жүргүзүлгөн мониторингдин натыйжалары, мамлекеттик органдарга сунуштар |
Жаштар жана спорт агенттиги |
Талап кылынбайт | ||
IV артыкчылык. Жаштар чөйрөсүн башкаруу тутумунун натыйжалуулугун жогорулатуу | |||||||
7 |
1-милдет. Жаштар саясаты чөйрөсүндө ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү |
1. Жаштар саясатынын ченемдерин жана принциптерин таасирдүү ишке ашырууга мүмкүндүк берүүчү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу |
2020-жылдын экинчи жарымы |
Жаштардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын түзүү, жылдыруу жана ишке ашырууга байланыштуу коомдук мамилелерди жөнгө салуу |
Жаштар саясаты чөйрөсүн жөнгө салуучу КРдин Мыйзамы кабыл алынды |
Жаштар жана спорт агенттиги, министрликтер жана ведомстволор, жаштар уюмдары (макулдашуу боюнча) |
Талап кылынбайт |
2019-жылдын I кварталы |
мыйзамдык актыларды иштеп чыгуу |
КРдин Өкмөтүнүн "Жаштардын республикалык конгрессинин жобосун бекитүү тууралуу" токтому кабыл алынды |
Жаштар жана спорт агенттиги, министрликтер жана ведомстволор |
Талап кылынбайт | |||
2. Эл аралык жаштар кызматташтыгын демилгелөө жана жүргүзүү |
Жыл сайын, жыл бою |
Тажрыйба алмашуу, эл аралык байланыштарды түзүү боюнча ийгиликтүү кызматташтык |
Жаштар саясаты чөйрөсүндө түзүлгөн эл аралык келишимдер, өкмөттөр аралык комиссиялардын алкагында протоколдор, эл аралык органдардагы тармактык кызматташтык |
Жаштар жана спорт агенттиги, министрликтер жана ведомстволор |
Талап кылынбайт | ||
3. "БУУнун жаш делегаты" Программасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу |
2017-жылдын III кварталы, жыл сайын |
Өткөрүлгөн сынактын жыйынтыгы боюнча тандалып алынган Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын мүчөсү БУУнун Экономикалык жана Социалдык кеңешинин (ЭКОСОК), БУУнун Башкы Ассамблеясынын жана анын комитеттеринин иш-чараларына ийгиликтүү катышты, жаш делегаттын ишинин жыйынтыгы боюнча отчету |
"БУУнун жаш делегаты жөнүндө" жобо |
Жаштар жана спорт агенттиги, ТИМ |
Талап кылынбайт | ||
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Сергек жашоо" программасын иштеп чыгуу |
2017-жылдын сентябры |
Жаштарды патриоттуулукка тарбиялоо, сергек жашоонун баалуулуктарын калыптандыруу жана өнүктүрүү |
Бекитилген Программа |
Жаштар жана спорт агенттиги, министрликтер жана ведомстволор |
Талап кылынбайт | ||
5. "Жаштар үйлөрү жана борборлору жөнүндө", "Жаштар үйлөрүнүн жана борборлорунун кызмат көрсөтүүлөрүнүн стандарттары жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын жаштар иштери боюнча комитети жөнүндө" жоболорду иштеп чыгуу |
2017-жылдын августу |
Жаштар үйлөрүнүн жана борборлорунун, жаштар иштери боюнча комитеттердин, волонтердук иштер боюнча коомдук уюмдардын иштерине талдоо жүргүзүлдү, эксперттердин катышуусу менен жоболор иштелип чыкты |
Жаштар жана спорт агенттигинин "Жаштар үйлөрү жана борборлору жөнүндө", "Жаштар үйлөрүнүн жана борборлорунун кызмат көрсөтүүлөрүнүн стандарттары жөнүндө" буйругу. Жаштар жана спорт агенттиги менен БИМдин "Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын жаштар иштери боюнча комитеттери жөнүндө" биргелешкен буйругу |
Жаштар жана спорт агенттиги, БИМ |
Талап кылынбайт | ||
6. 2020-2030-жылдарга Жаштар саясаты концепциясынын долбоорун иштеп чыгуу |
2019-жылдын июну |
Жаш адамдарды ийгиликтүү социалдаштырууга багытталган мамлекеттик жаштар саясатынын натыйжалуу моделин калыптандыруу, алардын потенциалын өлкөнүн андан ары өнүгүшүнө багыттоо |
Концепциянын долбоору |
Жаштар жана спорт агенттиги, министрликтер жана ведомстволор, жаштар уюмдары (макулдашуу боюнча) |
Бекитилген бюджеттердин чегинде | ||
8 |
2-милдет. Жаштар саясатын ишке ашырууну координациялоонун, мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун тутумун киргизүү аркылуу жаштар саясатынын натыйжалуулугун жогорулатуу |
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери боюнча кеңештин ишин жандандыруу |
2017-жылдын биринчи жарымы |
Мамлекеттик органдардын, ЖӨБОнун, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусу менен КРдин вице-премьер-министринин төрагалыгы алдында КРдин Өкмөтүнүн алдындагы ведомстволор аралык координациялоо органынын ийгиликтүү иштөөсү |
Кеңеш жөнүндө жаңы жобону бекитүүнү караган КРдин Өкмөтүнүн токтому, Кеңештин курамы жөнүндө КРдин Премьер-министринин буйругу |
Жаштар жана спорт агенттиги, министрликтер жана ведомстволор, жаштар уюмдары (макулдашуу боюнча) |
Талап кылынбайт |
2. Республикалык жаштар конгрессин өткөрүү |
2018-жылдын, 2020-жылдын ноябры |
Жаштардын максаттуу аудиторияларын көрсөтүүчү топтордун кеңири чөйрөсү камтылды, мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашыруу боюнча иштерди талкууланды |
Кабыл алынган резолюция |
Жаштар жана спорт агенттиги, министрликтер жана ведомстволор, жаштар уюмдары (макулдашуу боюнча) |
Бекитилген бюджеттердин чегинде | ||
3. "Жаш Булак" жаштардын форум-лагерин өткөрүү |
Жыл сайын, июль-август |
Жаштардын кесипкөй, чыгармачыл, коомдук жактан өз максаттарына жетишүүсүн өнүктүрүү аркылуу жаштарда маданий-адеп-ахлактык баалуулуктарды калыптандыруу үчүн кызыктыруучу-билим берүүчү туруктуу аянтчалар түзүлдү |
Жаштар саясаты чөйрөсүндө иштелип чыккан долбоорлор |
Жаштар жана спорт агенттиги, жаштар уюмдары (макулдашуу боюнча) |
Бекитилген бюджеттердин чегинде | ||
4. Жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин потенциалын жана квалификациясын жогорулатуу |
Жыл сайын, жыл бою окуу программасына ылайык |
Кызматкерлердин кесиптик билимдери, шыгы, көндүмдөрү, жеке сапаттары жогорулады |
Ар бир адисте жылына 1ден кем эмес сертификат |
Жаштар жана спорт агенттиги, Кадрлар кызматы (макулдашуу боюнча), жаштар уюмдары |
Бекитилген бюджеттердин чегинде |
Кыскартуулар тизмеси:
ТИМ |
- |
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
ИИМ |
- |
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
БИМ |
- |
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
ССМ |
- |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
ММТМ |
- |
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги |
ЭСӨМ |
- |
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги |
УКМК |
- |
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети |
ЖАМК |
- |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы |
Жаштар жана спорт агенттиги |
- |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик |
ЖӨБ жана этностор агенттиги |
- |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик |
УСК |
- |
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети |
Кадрлар кызматы |
- |
Кыргыз Республикасынын Кадрлар кызматы |
ДИМК |
- |
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы |
ЖМА |
- |
жергиликтүү мамлекеттик администрациялар |
КТРК |
- |
Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
"2017-2020-жылдарга жаштар саясатын өнүктүрүү" программасын ишке ашырууга
мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун
индикаторлорунун
МАТРИЦАСЫ
№ |
Милдеттер |
Индикатордун аталышы |
Өлчөө бирдиги |
Базалык жыл |
Орто аралыктагы индикаторлор (жылдык) 1 жыл 2 жыл 3 жыл |
Акыркы индикаторлор же максаттуу көрсөткүчтөр |
Жооптуу орган | ||
1 |
Жарандуулуктун, жоопкерчиликтин көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана өлкөнү өнүктүрүүнүн максаттарына негизделген жалпы улуттук баалуулуктарды чыңдоого көмөк көрсөтүү |
Баалуулуктарды илгерилетүү боюнча иш чаралар менен камтылган жаштардын саны (медиа каналдар, түздөн-түз билим алуу, иштеп жаткан механизмдерге интеграция жана жаштардын максаттуу аудиторияларына жетишүүнүн каналдары аркылуу) |
% менен (гендер боюнча бөлүп караганда жаштардын жалпы санынан) |
30% |
40% |
50% |
60% |
70%дан кем эмес |
Жаштар жана спорт агенттиги |
2 |
Жеке көндүмдөрүн чыңдоо, коомдук жана экономикалык турмушка натыйжалуу, өз алдынча катышууга даярданууну чыңдоо аркылуу жаштардын кесиптик жактан өз максаттарына жетишүүсүнө көмөк көрсөтүү |
Билим берүү системасынын, жаштар үйлөрүнүн жана борборлорунун жана башка уюмдардын иши менен түздөн-түз камтылган жаштардын саны |
Адам (гендер боюнча бөлүп алганда) |
50000 |
75000 |
100000 |
125000 |
170000 |
Жаштар жана спорт агенттиги, БИМ |
3 |
Сергек жашоону пропагандалоо |
Дене тарбия жана спорт менен машыккан, сергек жашоодо жашаган жаштардын саны |
% менен (гендер боюнча бөлүп караганда жаштардын жалпы санынан) |
30% |
40% |
50% |
60% |
70% кем эмес |
Жаштар жана спорт агенттиги |
4 |
Сапаттуу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө жаштардын бирдей жетишүүсүн камсыздоо |
Билим берүүнүн, ден соолукту коргоонун жана жумуштуулуктун маанилүү чөйрөлөрүндө социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуучу катары жаштардын камтылуусу |
% менен (гендер боюнча бөлүп караганда жаштардын жалпы санынан) |
30% |
40% |
50% |
60% |
70% кем эмес |
Жаштар жана спорт агенттиги |
5 |
Жаштарды өнүктүрүү боюнча долбоорлорго мамлекеттик социалдык тапшырыктын тажрыйбасын кеңейтүү |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуучу катары жаштардын камтылуусу |
% менен (жаштардын жалпы санынан) |
20% |
30% |
40% |
50% |
70% |
Жаштар жана спорт агенттиги |
6 |
Чечимдерди кабыл алуу процессине жаштардын катышуусун кеңейтүү |
Чечим кабыл алуу процессине катышуучу жаштардын саны |
Адам (гендер боюнча бөлүп алганда) |
694 |
721 |
746 |
780 |
800 |
Жаштар жана спорт агенттиги |
7 |
Жаштар саясаты чөйрөсүндө ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү |
Жаштар саясатынын жана мыйзамдардын ченемдерин жана принциптерин ишке таасирдүү ашырууга мүмкүндүк берүүчү апробацияланган, киргизилген ЧУАлардын пакетинин болушу |
Бар болушу |
Иштеп чыгуу |
Иштеп чыгуу |
Киргизүү |
Киргизүү |
Жаштар саясатын жана мыйзамдарды толук ишке ашыруу үчүн ченемдик укуктук база иштейт |
Жаштар жана спорт агенттиги |
8 |
Жаштар саясатын ишке ашырууну координациялоону, мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун тутумун киргизүү аркылуу жаштар саясатынын натыйжалуулугун жогорулатуу |
Чечим кабыл алуучу адамдар чечим кабыл алууда Жаштар жана спорт агенттигинин тутумун колдонушат |
Бар болушу |
Тутум жок |
Тутум иштелип чыккан |
Тутум киргизилген |
Тутум иштейт |
Чечим жүргүзүлгөн мониторингдин негизинде кабыл алынат |
Жаштар жана спорт агенттиги |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
"2017-2020-жылдарга жаштар саясатын өнүктүрүү"
программасынын
БЮДЖЕТИ
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-ноябрындагы № 599 токтомунун редакциясына ылайык)
№ |
Милдеттер |
Чаралар/аракеттер |
Мөөнөтү |
Жоопту аткаруучулар |
Финансылык муктаждык (миң сом) |
Финансы булактары |
I артыкчылык. Жаштардын бардык топторунун коомдук, социалдык жана экономикалык жактан өз максаттарына жетишүүсү жана ар тараптуу өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү | ||||||
1 |
1-милдет. Жарандуулук, жоопкерчилик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделген жалпы улуттук баалуулуктарды чыңдоого көмөк көрсөтүү |
1. ЖӨБО үчүн жаштар жана жаштар уюмдары менен иштөөнүн типтүү планын иштеп чыгуу |
2018-жылдын I кварталы |
Жаштар жана спорт агенттиги, ЖӨБ жана этностор агенттиги |
160 |
Жаштар жана спорт агенттигинин бөлүнгөн каражаттарынын чегинде |
2. ММТМ жана КТРК менен биргелешкен программаны иштеп чыгуу |
2017-жылдын декабры |
Жаштар жана спорт агенттиги, ММТМ, КТРК |
165 |
Жаштар жана спорт агенттигинин бөлүнгөн каражаттарынын чегинде | ||
3. Чыгармачыл борборлордун арасында медиа-продуктуларды чыгаруу боюнча тарбия берүү багытындагы сынактарды уюштуруу |
Жыл сайын, жылдын биринчи жарымы |
Жаштар жана спорт агенттиги |
700 |
Жаштар жана спорт агенттигинин бөлүнгөн каражаттарынын чегинде | ||
4. Илимий-техникалык конференцияларды, ыйман-парасаттык, патриоттук баалуулуктарды, жаштар долбоорлорунун жарманкелерин илгерилетүү боюнча иш-чараларды уюштуруу |
Жыл сайын, жылдын ичинде Жаштар жана спорт агенттигинин планына ылайык |
Жаштар жана спорт агенттиги, ММТМ, БИМ |
700 |
Жаштар жана спорт агенттигинин бөлүнгөн каражаттарынын чегинде | ||
5. Жаштар чөйрөсүндө экологиялык түшүнүктөрдү чыңдоого жана жаштардын экологиялык уюмдарынын дараметин жогорулатууга түрткү болуучу жаштардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана ишке киргизүү |
Жыл сайын, жылдын ичинде |
Жаштар жана спорт агенттиги |
35 |
Жаштар жана спорт агенттигинин бөлүнгөн каражаттарынын чегинде | ||
6. Турмуштун кыйын кырдаалына кабылган уюшпаган жаштарды жана адамдарды колдоо |
Жыл сайын, жылдын ичинде |
Жаштар жана спорт агенттиги, ЭСӨМ, ЖАМК, ИИМ, Юстмин |
500 |
Жаштар жана спорт агенттигинин бөлүнгөн каражаттарынын чегинде | ||
7. Жаштар арасында диний экстремизмге бөгөт коюу боюнча иш-чараларды уюштуруу |
Жыл сайын, жылдын ичинде |
УКМК, ИИМ, Жаштар жана спорт агенттиги, ДИМК |
500 |
Жаштар жана спорт агенттигинин бөлүнгөн каражаттарынын чегинде | ||
8. Туруктуу өнүктүрүүнүн 17 максатына жетишүүгө жаштарды тартуу жана кабарландыруу боюнча Иш-чаралар планын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу |
Жыл сайын, жылдын ичинде |
Жаштар жана спорт агенттиги |
30 |
Жаштар жана спорт агенттигинин бөлүнгөн каражаттарынын чегинде | ||
9. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгын тапшыруу |
2017 жана 2019-жылдардын декабры |
Жаштар жана спорт агенттиги |
1100,0 |
Жаштар жана спорт агенттигинин бөлүнгөн каражаттарынын чегинде | ||
2 |
2-милдет. Жеке көндүмдөрдү чыңдоо, коомдук жана экономикалык турмушка натыйжалуу, өз алдынча катышууга даярданууну чыңдоо аркылуу жаштардын кесиптик жактан өз максаттарына жетишүүсүнө көмөк көрсөтүү |
1. "Кыргыз Республикасынын жаштарын өнүктүрүүнүн жана ийгиликтүүлүк индекси" изилдөөлөрүн жүргүзүү |
2017- жылдын |
Жаштар жана спорт агенттиги |
500 |
Жаштар жана спорт агенттигинин бөлүнгөн каражаттарынын чегинде |
2. Кесиптик багыт алуунун, башкаруучулук көндүмдөрдү жана лидерлик сапаттарды өнүктүрүүнүн программаларын жана механизмдерин иштеп чыгуу |
2018-жылдын апрель-майы |
БИМ, ЭСӨМ, Жаштар жана спорт агенттиги |
150 |
Жаштар жана спорт агенттигинин бөлүнгөн каражаттарынын чегинде | ||
3. Жаш адистердин стажировкадан (такшалмадан) өткөрүү программаларын иштеп чыгуу жана киргизүү |
Жыл сайын |
Жаштар жана спорт агенттиги, ЖӨБ жана этностор агенттиги |
250 |
Жаштар жана спорт агенттигинин бөлүнгөн каражаттарынын чегинде | ||
4. Жаштарды экономикалык иштерге үйрөтүү жана жаштардын ишкердигин өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү |
2018-жылдын II кварталы |
Жаштар жана спорт агенттиги, БИМ |
30 |
Жаштар жана спорт агенттигинин бөлүнгөн каражаттарынын чегинде | ||
5. Жаштардын демилгелерин колдоо максатында меценаттык институтту өнүктүрүү |
Жыл сайын, жылдын ичинде |
Жаштар жана спорт агенттиги, ИИМ, ММТМ |
90 |
Жаштар жана спорт агенттигинин бөлүнгөн каражаттарынын чегинде | ||
6. Жаштардын таанып-билүү туризми үчүн программаларды иштеп чыгуу (тарыхый, маданий, экологиялык, спорттук каттамдар) |
2018-жылдын I биринчи жарым жылдыгы |
Жаштар жана спорт агенттиги, ИИМ, ММТМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги |
120 |
Жаштар жана спорт агенттигинин бөлүнгөн каражаттарынын чегинде | ||
7. Волонтёрдук инфратүзүмдү жана волонтёрдук кыймылды түзүү жана өнүктүрүү |
2018-жылдын IV кварталы |
Жаштар жана спорт агенттиги |
112 |
Жаштар жана спорт агенттигинин бөлүнгөн каражаттарынын чегинде | ||
3 |
3-милдет. Сергек жашоону пропагандалоо |
1. "Дени сак улут - өнүгүп жаткан өлкө" деген ураан алдында айыл жаштарынын арасында республикалык мелдештерди өткөрүү |
Жыл сайын, май |
Жаштар жана спорт агенттиги, ЖМА |
8000,0 |
Жаштар жана спорт агенттигинин бөлүнгөн каражаттарынын чегинде |
2. Спорттун улуттук түрлөрү жана "Манас оюндары" элдик оюндар боюнча спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү |
2017-жылдын августу |
Жаштар жана спорт агенттиги, ЖМА |
15000,0 |
Жаштар жана спорт агенттигинин бөлүнгөн каражаттарынын чегинде | ||
3. Алкоголго жана тамекиге көз карандылыктын алдын алууга багытталган Ичкилик ичүү жана тамеки тартуу менен күрөшүүнүн дүйнөлүк күнүнө арналган акцияларды өткөрүү |
Жыл сайын, октябрь |
Жаштар жана спорт агенттиги, ССМ, ИИМ, ММТМ |
10 |
Жаштар жана спорт агенттигинин бөлүнгөн каражаттарынын чегинде | ||
4. Баңгизаттарды колдонуунун жана АИВ - инфекциясынын жайылышынын алдын алуу максатында маалыматтык-билим берүү иш-чараларын өткөрүү |
Жыл сайын, декабрь |
Жаштар жана спорт агенттиги, ССМ, ИИМ, ЭСӨМ |
10 |
Жаштар жана спорт агенттигинин бөлүнгөн каражаттарынын чегинде | ||
5. Кыргыз Республикасынын элдеринин "Ынтымак" спартакиадасынын алкагында "Атам, апам жана мен - дени сак үй-бүлө" мелдештерин өткөрүү |
2017-жылдын ноябры |
Жаштар жана спорт агенттиги, ЖМА |
3000,0 |
Жаштар жана спорт агенттигинин бөлүнгөн каражаттарынын чегинде | ||
II артыкчылык. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө жаштардын бирдей жетишүүсүн камсыздоо | ||||||
4 |
1-милдет. Сапаттуу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө (ММК) жаштардын бирдей жетишүүсүн камсыздоо |
1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө жаштардын жетишүүсүн баалоо боюнча изилдөө жүргүзүү |
2019-жылдын сентябры |
Жаштар жана спорт агенттиги |
400 |
Жаштар жана спорт агенттигинин бөлүнгөн каражаттарынын чегинде |
2. Турмуштун кыйын кырдаалына кабылган жаштарды социалдаштыруу жана интеграциялоо үчүн жаштар үйлөрүнүн, борборлорунун, окуу жайларынын кызмат көрсөтүүдө, маалыматтык консультацияларды жана башка керектүү колдоолорду берүүдө жөндөмдүүлүктөрүн чыңдоо |
Жыл сайын, июнь-июль |
Жаштар жана спорт агенттиги, БИМ |
60 |
Жаштар жана спорт агенттигинин бөлүнгөн каражаттарынын чегинде | ||
3. Жаштар борборлорун жана жаштар үйлөрүн туруктуу өнүктүрүү шарттарын түзүү |
2018-жылдын I-II кварталдары |
Жаштар жана спорт агенттиги, ЖӨБ жана этностор агенттиги |
1000,0 |
Жаштар жана спорт агенттигинин бөлүнгөн каражаттарынын чегинде | ||
4. Жаштар федерацияларын, уюмдарын, комитеттерин, студенттик кеңештерин ж.б. түзүү жана потенциалын жогорулатуу |
Жыл сайын, жылдын ичинде |
Жаштар жана спорт агенттиги |
Талап кылынбайт |
Талап кылынбайт | ||
5 |
2-милдет. Жаштарды өнүктүрүү боюнча долбоорлорго мамлекеттик социалдык тапшырыктын тажрыйбасын кеңейтүү |
1. Мамлекеттик социалдык тапшырыктын алкагында жаштар демилгелерин колдоо жана илгерилетүү боюнча методикалык колдонмолорду иштеп чыгуу |
2018-жылдын январы |
Жаштар жана спорт агенттиги |
Талап кылынбайт |
Талап кылынбайт |
2. Жаштар арасында жоопкерчиликтүү жарандык боюнча иш-чараларга мамлекеттик социалдык тапшырыкты жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүү |
Жыл сайын, жылдын ичинде |
Жаштар жана спорт агенттиги, ЭСӨМ, ММТМ |
3000,0 |
Жаштар жана спорт агенттигинин бөлүнгөн каражаттарынын чегинде | ||
3. Жаштар чөйрөсүнө мамлекеттик социалдык тапшырыкты жайылтуунун тажрыйбасына мониторинг жүргүзүү |
2020-жылдын ноябры |
Жаштар жана спорт агенттиги |
160 |
Жаштар жана спорт агенттигинин бөлүнгөн каражаттарынын чегинде | ||
III артыкчылык. Чечимдерди даярдоо жана кабыл алуу процессине жаштардын активдүү катышуусун кеңейтүү | ||||||
6 |
1-милдет. Чечимдерди кабыл алуу процессине жаштардын катышуусун кеңейтүү |
1. Региондордо жаштар саясаты чөйрөсүндөгү чечимдердин долбоорлорун милдеттүү түрдө коомдук талкуудан өткөрүү |
Жыл сайын, чечимдердин долбоорлору иштелип чыккан сайын |
Жаштар жана спорт агенттиги |
80 |
Жаштар жана спорт агенттигинин бөлүнгөн каражаттарынын чегинде |
2. ЖМАнын, ЖӨБОнун коллегияларынын, шаарлардын мэрияларынын ККнын курамына жаштар өкүлдөрүн киргизүү тажрыйбасын кеңейтүү |
2018-жылдын февралы |
Жаштар жана спорт агенттиги, ЖӨБ жана этностор агенттиги |
Талап кылынбайт |
Талап кылынбайт | ||
3. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын алдындагы коомдук кеңештерге жаштар өкүлдөрүнүн катышуусун талдоо |
2018-жылдын II жарым жылдыгы |
Жаштар жана спорт агенттиги |
Талап кылынбайт |
Талап кылынбайт | ||
IV артыкчылык. Жаштар чөйрөсүн башкаруу тутумунун натыйжалуулугун жогорулатуу | ||||||
7 |
1-милдет. Жаштар саясаты чөйрөсүндө ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү |
1. Жаштар саясатынын ченемдерин жана принциптерин таасирдүү ишке ашырууга мүмкүндүк берүүчү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу |
2018-жылдын II жарым жылдыгы, 2019-жылдын I кварталы |
Жаштар жана спорт агенттиги, министрликтер жана ведомстволор |
Талап кылынбайт |
Талап кылынбайт |
2. Эл аралык жаштар кызматташтыгын демилгелөө жана жүргүзүү |
Жыл сайын, жылдын ичинде |
Жаштар жана спорт агенттиги, министрликтер жана ведомстволор |
Талап кылынбайт |
Талап кылынбайт | ||
3. "БУУнун жаш делегаты" программасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу. |
2017-жылдын III кварталы, жыл сайын |
Жаштар жана спорт агенттиги, ТИМ |
Талап кылынбайт |
Талап кылынбайт | ||
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Сергек жашоо" программасын иштеп чыгуу |
2017-жылдын сентябры |
Жаштар жана спорт агенттиги, министрликтер жана ведомстволор |
Талап кылынбайт |
Талап кылынбайт | ||
5. "Жаштар үйлөрү жана борборлору жөнүндө", "Жаштар үйлөрүнүн жана борборлорунун кызмат көрсөтүүлөрүнүн стандарттары жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын жаштар иштери боюнча комитети жөнүндө" жоболорду иштеп чыгуу |
2017-жылдын августу |
Жаштар жана спорт агенттиги, БИМ |
Талап кылынбайт |
Талап кылынбайт | ||
6. 2020-2030-жылдарга Жаштар саясаты концепциясын иштеп чыгуу |
2019-жылдын июну |
Жаштар жана спорт агенттиги, министрликтер жана ведомстволор |
400 |
Жаштар жана спорт агенттигинин бөлүнгөн каражат-тарынын чегинде | ||
8 |
2-милдет. Жаштар саясатын ишке ашырууну координациялоонун, мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун тутумун киргизүү аркылуу жаштар саясатынын натыйжалуулугун жогорулатуу |
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери боюнча кеңештин ишин жандандыруу |
2017-жылдын I жарым жылдыгы |
Жаштар жана спорт агенттиги, министрликтер жана ведомстволор |
Талап кылынбайт |
Талап кылынбайт |
2. Республикалык жаштар конгрессин өткөрүү |
2018-жылдын, 2020-жылдын ноябры |
Жаштар жана спорт агенттиги, министрликтер жана ведомстволор |
540 |
Жаштар жана спорт агенттигинин каражаттарынын чегинде | ||
3. "Жаш булак" жаштар лагери форумун өткөрүү |
Жыл сайын, июль-август |
Жаштар жана спорт агенттиги |
2000,0 |
Жаштар жана спорт агенттигинин каражаттарынын чегинде | ||
4. Жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин дараметин жана квалификациясын жогорулатуу |
Жыл сайын, жылдын ичинде окуу программасына ылайык |
Жаштар жана спорт агенттиги, МКК |
15 |
Жаштар жана спорт агенттигинин бөлүнгөн каражат-тарынын чегинде |