КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2002-жылдын 10-апрели № 49
Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралу
(КР 2022-жылдын 22-июнундагы № 47 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагындагы пайдалуу кен чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана иштетүү үчүн ата мекендик жана чет өлкөлүк инвестицияларды ушул Мыйзамга ылайык продукцияны бөлүштүрүү жөнүндөгү макулдашуулардын шарттарында өздөштүрүүнүн жүрүшүндө пайда болуучу мамилелердин укуктук негиздерин белгилейт.
I
Глава
Жалпы жоболор
1-статья. Ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу мамилелер
1. Ушул Мыйзам продукцияны бөлүштүрүү жөнүндөгү макулдашууларды түзүүнүн, аткаруунун жана токтотуунун жүрүшүндө пайда болуучу мамилелерди жөнгө салат жана мындай макулдашуулардын укуктук негиздерин аныктайт.
2. Ушул Мыйзам менен жөнгө салынбаган мамилелер, анын ичинде жерди жана башка табигый ресурстарды пайдалануунун жүрүшүндө пайда болуучу мамилелер тийиштүү мыйзамдар менен жөнгө салынат.
3. Пайдалуу кен чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана иштетүү, өндүрүлгөн продукцияны бөлүштүрүү, ошондой эле аны ташуу, иштетүү, сактоо, кайра иштетүү, сатуу же башкача жол менен тескөөнүн жүрүшүндө пайда болуучу мамилелер ушул Мыйзамга ылайык түзүлүүчү продукцияны бөлүштүрүү жөнүндөгү макулдашуу менен жөнгө салынат.
Жарандык-укуктук жагдайдагы продукцияны бөлүштүрүү жөнүндөгү макулдашуудагы тараптардын укуктары менен милдеттери ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык аныкталат.
4. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн мамилелерди жөнгө салуу чөйрөсүндө бул Мыйзамда белгиленгенден башка эрежелер белгиленсе, анда ушул Мыйзамдын эрежелери колдонулат.
2-статья. Продукцияны бөлүштүрүү жөнүндөгү макулдашуу
1. Продукцияны бөлүштүрүү жөнүндөгү макулдашуу (мындан ары - макулдашуу) келишим болуп эсептелет, ага ылайык Кыргыз Республикасы ишкердиктин субъектине (мындан ары - инвестор) акысын төлөтүү менен жана белгилүү бир мөөнөткө макулдашууда көрсөтүлгөн жер казынасынын участкасында пайдалуу кендерди издөөгө, чалгындоого, иштетүүгө жана буга байланыштуу иштерди жүргүзүүгө карата өзгөчө укуктарды берет, ал эми инвестор аталган иштерди өзүнүн каражаттарынын эсебинен жана өзүнүн тобокелчилиги менен аткарууга милдеттенет. Макулдашуу жер казынасын пайдаланууга байланыштуу бардык зарыл шарттарды, анын ичинде казып алынган минералдык чийки затты кайра иштетүүнүн, өндүрүлгөн продукцияны тараптардын ортосунда ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык бөлүштүрүүнүн шарттары менен тартибин аныктайт.
2. Жер казынасын пайдалануунун макулдашууда белгиленген шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келүүгө тийиш.
Жер казынасынын участкасын пайдалануу укугу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн макулдашуунун шарттары боюнча чектелиши, токтотула турушу жана биротоло токтолушу мүмкүн.
3. Ушул Мыйзам күчүнө кирерден мурда түзүлгөн макулдашуулар аларда аныкталган шарттарга ылайык аткарылууга тийиш. Мындай учурда бул Мыйзамдын жоболору аталган макулдашууларга карата ал макулдашуулардын шарттарына карама-каршы келбегендей жана ал макулдашууларга ылайык инвесторлор ээ болгон жана ишке ашырып жаткан укуктарды чектебегендей кылып колдонулат.
3-статья. Макулдашуунун тараптары
Макулдашуунун тараптары (мындан ары - тараптар) төмөнкүлөр болуп эсептелет:
Кыргыз Республикасы (мындан ары - мамлекет), анын атынан макулдашууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү же ал тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик башкаруу органдары чыгат;
инвесторлор - өз каражаттарын, зайымдын же тартылган каражаттарды минералдык чийки заттарды чалгындоо жана казып алуу үчүн жумшап жаткан жана макулдашуунун шарттарында жер казынасын пайдалануучу болуп эсептелген Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары, чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар.
4-статья. Продукцияны бөлүштүрүү шарттарында жер казынасынын участкаларын пайдалануу
1. Продукцияны бөлүштүрүү шарттарында жер казынасынын участкаларын пайдалануу укугу инвесторго ушул Мыйзамга ылайык түзүлгөн макулдашуунун негизинде берилет.
2. Жер казынасынын участкасы пайдалануу үчүн инвесторго макулдашуунун шарттарына ылайык берилет. Мындай учурда макулдашууда көрсөтүлгөн жер казынасынын участкасын пайдалануу үчүн лицензия Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте макулдашууга кол коюлгандан кийин берилет. Лицензия макулдашуу күчүндө болгон мөөнөткө берилет жана ал макулдашуунун шарттарына ылайык узартылууга же кайрадан жол-жоболоштурулууга тийиш, же болбосо күчүн жоготот.
3. Инвестор катары юридикалык жактын статусуна ээ болбогон юридикалык жактардын бирикмеси чыккан учурда, ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн лицензия ал лицензияда бул катышуучу ошол бирикменин атынан чыгып жатканын, ошондой эле бирикменин бардык катышуучуларын көрсөтүү менен мындай бирикменин катышуучуларынын бирине берилет.
5-статья. Макулдашуунун күчүндө болуу мөөнөтү
1. Макулдашуунун күчүндө болуу мөөнөтүн тараптар өз алдынча, бирок 10 жылдан ашпаган мөөнөткө белгилешет.
2. Макулдашуунун колдонулушу инвестордун демилгеси менен, ошондой эле анын өзүнө кабыл алган милдеттенмелери аткарылган шартта кен чыккан жерди иштетүүнү экономикалык жактан максатка ылайыктуу аяктоо жана жер казынасын рационалдуу пайдалануу жана коргоо үчүн жетиштүү болгон мөөнөткө узартылат. Бул учурда мындай узартуунун шарттары жана тартиби макулдашууда аныкталат. Макулдашуунун колдонулушу узартылган учурда ушул Мыйзамдын 4-статьясынын 2-пунктунда көрсөтүлгөн жер казынасын пайдаланууга карата лицензия бул лицензияны берген мамлекеттик орган тарабынан макулдашуу колдонулган мөөнөткө кайрадан жол-жоболоштурулууга тийиш.
II
Глава
Макулдашууларды түзүү жана аткаруу
6-статья. Макулдашууну түзүү тартиби
1. Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан же ал тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик башкаруу органы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өткөрүлгөн конкурстун же аукциондун жеңүүчүсү менен тараптар тарабынан макулдашылган мөөнөттө, бирок, ушул статьянын 2-пунктунда белгиленген учурдан тышкары, конкурстун же аукциондун жыйынтыгы жарыялангандан кийин 6 айдан кечиктирбей түзүлөт.
Конкурстун же аукциондун шарттарында Кыргыз Республикасынын чарба жүргүзүүчү субъекттеринин макулдашууну ишке ашырууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу үлүштөрдө катышуусу каралууга тийиш.
Кадимки жаратылышты пайдаланган аймактарда жайгашкан жер казынасынын участкаларына карата конкурстун же аукциондун, же болбосо жер казынасынын участкаларынын конкурсу жок берилишинин шарттарында табиятты кадимкидей пайдалануу режиминин бузулушу үчүн тийиштүү компенсациялардын төлөнүшү каралууга тийиш.
Конкурстар же аукциондор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укук берген мамлекеттик органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган эрежелерге ылайык өткөрүлөт.
2. Айрым учурларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен төмөнкү учурларда макулдашуулар конкурсту же аукционду өткөрбөстөн эле түзүлүшү мүмкүн, эгерде:
- мамлекетти коргоонун жана анын коопсуздугунун таламдары макулдашууну белгилүү бир инвестор менен түзүүнү талап кылса;
- жарыя кылынган конкурс же аукцион ага бир гана инвестордун катышкандыгына байланыштуу болгон жок деп табылса. Мындай учурда макулдашуу бул конкурска же аукционго катышкан ушул инвестор менен конкурстун же аукциондун шарттарында түзүлүшү мүмкүн;
- ушул Мыйзам күчүнө кирген күнгө карата инвестор макулдашуунун шарттарынан айырмаланган Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары менен белгиленген шартта чалгындоо жана кен чыккан жерди иштетүү үчүн жер казынасын пайдалануучу болуп эсептелсе. Бул учурда макулдашуу аталган жер казынасын пайдалануучу менен же бул пайдалануучунун катышуусу менен түзүлгөн юридикалык жактардын бирикмеси менен түзүлүшү мүмкүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн макулдугу менен макулдашуунун долбоорун даярдоо боюнча сүйлөшүүлөр ушул Мыйзам күчүнө кире электен мурда башталган учурда.
Аталган учурларда макулдашуу тараптар макулдашкан, бирок Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тиешелүү чечим кабыл алгандан кийин 6 айдан кечиктирилбеген мөөнөттө түзүлөт.
3. Жер казынасын пайдалануу шарттарын иштеп чыгуу жана жер казынасын пайдалануунун ар бир объекти боюнча макулдашуунун долбоорун даярдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү түзгөн комиссия тарабынан ишке ашырылат.
Көрсөтүлгөн комиссиянын курамына аткаруу бийлик органдарынын өкүлдөрү, анын ичинде жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик органдын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү комитетинин өкүлдөрү кирет. Зарыл болгон учурда көрсөтүлгөн комиссиянын ишине өндүрүштүк жана илимий уюмдар, ошондой эле эксперттер жана консультанттар тартылат.
Конкурстун же аукциондун шарттарын иштеп чыгууга, техника-экономикалык негиздемелерди түзүүгө жана макулдашуунун долбоорун даярдоого байланышкан иштерди каржылоо макулдашууну ишке ашыруудан алынган каражаттардын бир бөлүгүнүн эсебинен жүргүзүлөт.
4. Мамлекет тарабынан макулдашууга кол коюу жөнүндөгү чечимди Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кабыл алат.
5. Мамлекет тарабынан макулдашууга кол коюу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү же ал тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылат.
(КР 2022-жылдын 22-июнундагы № 47 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6. Тараптар макулдашкан мөөнөттө макулдашууга кол коюу тараптардын ыйгарым укуктуу делегацияларынын ортосундагы сүйлөшүүлөр бүткөндөн кийин ишке ашырылат, анын жыйынтыгында конкурс же аукциондун милдеттүү шарттарынан болбогон макулдашуунун зарыл болгон бардык шарттары макулдашылууга тийиш. Мындай учурда макулдашуунун шарттары конкурстун же аукциондун милдеттүү түрдөгү шарттарына карама-каршы келбеши керек.
(КР 2022-жылдын 22-июнундагы № 47 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-статья. Ишти аткаруунун шарттары
1. Макулдашууда каралган иштер жана иштин түрлөрү (мындан ары - макулдашуу боюнча иштер) макулдашууда аныкталган тартипте бекитилүүчү программаларга, долбоорлорго, пландарга жана сметаларга ылайык аткарылат.
2. Макулдашуу боюнча иштер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле жумуштарды коопсуз аткаруу, жер казынасын, курчап турган табигый чөйрөнү жана калктын ден соолугун коргоо боюнча белгиленген тартипте бекитилген стандарттарды (ченемдерди, эрежелерди) сактоо менен жүргүзүлөт. Мында инвестордун төмөнкүлөр боюнча милдеттенмелери белгиленет:
- инвесторлор менен түзүлгөн келишимдердин (контракттардын) негизинде Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарына макулдашуу боюнча иштерге подрядчик, берүүчү, ташуучу катары же дагы башкача катышууга артыкчылыктуу укук берүү;
- Кыргыз Республикасынын жарандарын - кызматкерлерди тартуу, алардын саны ишке тартылган бардык адамдардын кеминде 80 пайызынан аз болбоого тийиш, чет өлкөлүк жумушчуларды жана адистерди макулдашуу боюнча иштердин алгачкы баскычында же Кыргыз Республикасынын тийиштүү квалификациядагы адистери - жарандары болбогон учурда гана тартуу;
- геологиялык иликтөө, пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү жана казып алынган минералдык чийки заттарды кайра иштетүү үчүн жабдууларды, техникалык каражаттарды жана материалдарды жасоо үчүн заказдарды мындай заказдардын жалпы наркынын 50 пайызынан кем эмес көлөмүндө Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарынын жана Кыргыз Республикасынын аймагында салык төлөөчү катары катталып, иштеп жаткан чет өлкөлүк юридикалык жактардын ортосунда жайгаштыруу;
- конкурстук негизде жаңы техниканы сатып алуу жана макулдашуу боюнча иштерди аткарууга прогрессивдүү технологияларды киргизүү. Мындай учурда Кыргыз Республикасында чыгарылган товарлар (жабдуулар, техникалык каражаттар жана материалдар) ишенимдүүлүгү, коопсуздугу жана сапаты жагынан чет өлкөлүк ушундай эле товарлар менен атаандашууга жарамдуу болууга тийиш;
- аталган иштердин курчап турган табигый чөйрөгө зыяндуу таасир тийгизишин алдын алууга, ошондой эле мындай таасирдин кесепеттерин жоюуга багытталган чараларды ишке ашыруу;
- курчап турган табигый чөйрөгө зыяндуу таасир тийгизүүгө алып келген кырсыктардан келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча жоопкерчиликти камсыздандыруу;
- макулдашуу боюнча иштер аяктагандан, ошондой эле макулдашуу боюнча иштер жүргүзүлгөн аймакты булганычтан тазалагандан кийин бардык курулуш жайларын, жабдууларды жана башка мүлктү жок кылуу.
Тараптар жумуштарды коопсуз жүргүзүү, жер казынасын, курчап турган табигый чөйрөнү жана калктын ден соолугун коргоо жагындагы пайдалуу кен чыккан жерлерди чалгындоо жана иштетүү боюнча иштерди жүргүзүүдө дүйнөлүк тажрыйбада жалпы кабыл алынган стандарттарды, (ченемдерди жана эрежелерди) аталган стандарттар Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик органдары менен белгиленген тартипте алдын ала макулдашылган шартта, колдонууну макулдашууга тийиш.
Тараптар пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү жана минералдык чийки заттарды кайра иштетүү (эгерде макулдашуунун шарттарында белгиленсе) үчүн инвестор тарабынан сатып алынуучу технологиялык жабдуулардын белгилүү бир бөлүгүнөн кем эмеси компенсацияга арналган продукция үлүшү менен компенсациялоо аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылууга тийиш экендигинин шарттарын макулдашууларда карашы керек.
3. Кадимки жаратылышты пайдаланган аймакта жайгашкан объекттерде макулдашуу боюнча иштер аткарылган учурда инвестор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында айлана-чөйрөнү коргоо боюнча каралган чараларды көрүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тиешелүү компенсациялардын төлөнүшүн камсыз кылууга милдеттүү.
4. Макулдашуу боюнча иштердин аткарылышын уюштуруу, анын ичинде ушул Мыйзамдын 14-статьясына ылайык эсепти жана отчетторду жүргүзүү инвестор же инвестордун тапшыруусу менен макулдашуунун оператору тарабынан ишке ашырылат. Жасай турган иши аталган иштерди уюштуруу менен гана чектелүүгө тийиш болгон мындай оператор катары инвестор тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында ушул максатта түзүлгөн толук же коммандиттик шериктештиктин уюштуруучулук-укуктук формасында түзүлгөн юридикалык жактар гана чыга алат. Мындай учурда инвестор макулдашуунун операторунун иш-аракеттери үчүн мамлекет алдында өзүнүн иш-аракеттериндей эле жоопкерчилик тартат.
5. Пайдалуу кен чыккан жерлерди издөөнүн жана чалгындоонун белгилүү баскычтары аяктагандан кийин инвестор макулдашуунун шарттарына ылайык ага берилген аймактын участкаларын кайтарып берүүгө милдеттүү. Кайтарып берилүүчү участкалардын өлчөмү жана аларды кайтарып берүүнүн тартиби, мөөнөтү менен шарттары макулдашууда аныкталат.
6. Пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү жагынан макулдашуу боюнча иш жүрүп жаткан жана белгиленип жаткан объекттер боюнча геологиялык, техника-экономикалык жаатындагы жана дагы башка маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайыкталган тартипте жана көлөмдө мамлекеттик экспертизага берилүүгө тийиш.
7. Макулдашуу боюнча иштерди аткаруу жагындагы ишти координациялоо максатында тараптар тарабынан башкаруу комитетин түзүү каралууга тийиш, анын курамына ар бир тараптан бирдей сандагы өкүлдөр кирет. Башкаруу комитетинин сандык курамы, укуктары менен милдеттери, ошондой эле анын иштөө тартиби макулдашуу менен аныкталат.
8-статья. Продукцияны бөлүштүрүү
Техникалык-экономикалык негиздемелерге ылайык аныкталуучу товар түрүндөгү продукция макулдашууга ылайык мамлекет менен инвестордун ортосунда бөлүштүрүлүүгө тийиш, ал төмөнкүдөй шарттарды жана тартипти караштырат:
- товардык продукциянын жалпы көлөмүн аныктоону;
- товардык продукциянын макулдашуу боюнча ишти аткарууга кеткен инвестордун чыгымдарынын ордун толтуруу (мындан ары - компенсациялык продукция) үчүн анын менчигине бериле турган бөлүгүн аныктоону. Инвесторго компенсациялык продукциянын эсебинен орду толтурула турган капиталдык жана эксплуатациялык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келүүчү стандарттар жана ченемдер боюнча техникалык-экономикалык эсептердин негизинде макулдашуу менен аныкталат;
- жер казынасын пайдаланганы үчүн төлөмдөрдү жана компенсациялык продукцияларды төлөгөнгө пайдаланылуучу бул продукциянын бир бөлүгүн чыгарып салгандан кийин калган товардык продукция деп түшүнө турган кирешелүү продукцияны мамлекет менен инвестордун ортосунда бөлүштүрүүнү;
- макулдашуунун шартына ылайык товардык продукциянын мамлекетке таандык бөлүгүн ага берүү;
- макулдашуунун шартына ылайык товардык продукциянын инвесторго таандык бөлүгүн алуу.
Продукцияны бөлүштүрүүдө кирешелүү продукциядагы мамлекеттин үлүшү кеминде 30 пайызды түзүүгө тийиш.
Инвестор менен Өкмөттүн ортосундагы макулдашууну түзүүнүн жүрүшүндө аныкталуучу компенсациялык продукциянын үлүшү жана ошондой эле бөлүштүрүлүүчү кирешелүү продукциянын үлүшү макулдашууну жүзөгө ашырууда өзгөрүшү мүмкүн эмес.
(КР 2022-жылдын 22-июнундагы № 47 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
9-статья. Товардык продукцияга болгон инвестордун менчик укугу
1. Компенсациялык продукция, ошондой эле макулдашуунун шартына ылайык инвестордун үлүшү болуп саналган кирешелүү продукциянын бир бөлүгү менчик укугундагы инвесторго таандык.
2. Макулдашуунун шартына ылайык инвестордун менчигине келип түшкөн минералдык чийки зат жана андан иштелип чыккан продукт Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жана ушул макулдашуу менен аныкталган шартта жана тартипте "Кыргыз Республикасындагы тышкы соода иштерин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамда каралгандан тышкаркы учурларда экспортко сан жагынан чек койбой ташып кетилиши мүмкүн.
10-статья. Товардык продукцияга болгон мамлекеттин менчик укугу
1. Макулдашуунун шартына ылайык мамлекеттин үлүшү болуп саналган кирешелүү продукциянын бир бөлүгү мамлекетке менчик укугунда таандык болот жана мамлекеттик бюджетке кошулууга тийиш.
2. Мамлекеттин менчигине келип түшкөн кирешелүү продукциянын бир бөлүгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте аны сатып өткөрүүдөн түшкөн каражатты мамлекеттик бюджетке кошуу менен мамлекеттин муктаждыктарына пайдаланылышы мүмкүн.
11-статья. Мүлккө жана маалыматка болгон менчик укугу
1. Инвестор тарабынан жаңыдан куралган же сатып алынган жана ал тарабынан макулдашуу жагындагы ишти аткаруу үчүн пайдаланылган мүлк макулдашууда башкасы каралбаса инвестордун менчиги болуп саналат.
Аталган мүлккө менчик укугу инвестордон мамлекетке ал мүлктүн наркы толук толтурулган күндөн тартып же макулдашуу токтотулган күндөн баштап же тараптар макулдашкан башка күндөн тартып макулдашууда каралган шартта жана тартипте өтүшү мүмкүн. Бул учурда макулдашуу күчүндө турган мөөнөт ичинде инвесторго андай мүлктү макулдашуу боюнча ишти аткаруу үчүн акысыз негизде пайдалануу укугу берилет жана инвестор анын пайдалануусунда турган мүлктү күтүү жана ал кокусунан курман болгондо же кокусунан бузулгандагы тобокелдикти өзүнө алат.
2. Макулдашуу боюнча ишти аткаруунун натыйжасында инвестор тарабынан алынган бардык баштапкы геологиялык, геофизикалык, геохимиялык жана башка маалыматтар, аны чечмелеп түшүндүрүү маалыматтары жана башка туундуу маалыматтар, ошондой эле тоо тектеринин үлгүлөрү, анын ичинде керн, катмар суюктугу менчик укугунда мамлекетке таандык болот. Макулдашууда каралган жашыруундуулуктун шартын сактоо менен инвестор аталган жана башка маалыматтар менен үлгүлөрдү макулдашуу боюнча иш аткаруу максатында эркин жана акысыз пайдаланууга укуктуу. Аталган маалыматты жана үлгүлөрдү пайдалануунун тартиби, ошондой эле аларды Кыргыз Республикасынан тышкары ташып кетүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык макулдашуу менен аныкталат.
12-статья. Макулдашууну аткаруудагы салыктар менен төлөмдөр
Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндөгү макулдашууну аткаргандагы салыктар менен төлөмдөр Кыргыз Республикасынын Салык жана Бажы кодекстерине ылайык төлөнөт.
13-статья. Минералдык чийки затты ташуу, сактоо жана кайра иштетүү
1. Инвестор минералдык чийки затты ташуу транспортун, сактоо жана кайра иштетүү боюнча объекттерди эч кандай кодулоосуз келишимдин негизинде эркин пайдаланууга укуктуу.
2. Инвестор макулдашуу боюнча ишти аткаруунун чегинде минералдык чийки заттарды жана товардык продукцияны сактоо, кайра иштетүү жана ташуу боюнча объекттерди курууга укуктуу, аларга болгон менчик укугу ушул Мыйзамдын 11-статьясынын жоболорун эске алып, макулдашуу менен аныкталат.
14-статья. Эсеп жана отчеттуулук
1. Макулдашуу боюнча ишти аткарган учурда инвестордун финансы-чарбалык ишинин эсеби ар бир макулдашуу боюнча өз-өзүнчө, ошондой эле ал макулдашуу менен байланышпаган бөлөк иштерди аткаргандагы андай эсептен өзгөчө жүргүзүлөт. Мындай эсепти жүргүзүүнүн, анын ичинде инвестордун чыгымдарынын ордун толтуруу максатында жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык макулдашуу менен аныкталат.
2. Макулдашуу боюнча ишти аткарган учурда бухгалтериялык эсеп менен отчеттуулук Кыргыз Республикасынын валютасында (сом) же чет өлкөлүк валютада жүргүзүлөт. Эгерде бухгалтериялык эсеп чет өлкөлүк валютада жүргүзүлсө, мамлекеттик органдарга бериле турган отчетко кабыл алынган чет өлкөлүк валютада, ошондой эле Кыргыз Республикасынын валютасы (сом) менен эсептелген маалыматтар камтылууга тийиш. Мында чет өлкөлүк валютада эсептелген бардык маалыматтар отчет түзүлгөн күнгө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы нарк боюнча Кыргыз Республикасынын валютасына (сомго) кайра эсептелип чыгууга тийиш.
15-статья. Банк эсеп-кысаптары жана валюталык жөнгө салуу
1. Макулдашуу боюнча ишти аткаруу үчүн инвестордо көбүнчө Кыргыз Республикасынын аймагындагы же Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын макулдугу менен чет мамлекеттердин аймагындагы банктарда Кыргыз Республикасынын валютасы (сом) менен жана (же) чет өлкөлүк валютада атайын банк эсеп-кысаптары болууга жана алар аталган ишти аткаруу үчүн гана пайдаланылуучу тийиштүү каражаттар болууга тийиш.
2. Инвестор макулдашуунун шартына ылайык ага таандык болгон продукциянын үлүшүн сатып өткөрүүдөн чет өлкөлүк валютада түшкөн каражатты алууга жана аталган банк эсеп-кысаптарында сактоого, ал эсеп-кысаптарда макулдашуу боюнча ишти аткаруу боюнча бардык чыгымдарды, ошондой эле жер казынасын пайдалангандыгы үчүн төлөмдөрдү төлөөгө, ал эсеп-кысаптардагы каражаттын калганын эркин тескөөгө укуктуу.
16-статья. Макулдашуу боюнча укуктар менен милдеттерди өткөрүп берүү
1. Инвестор макулдашуу боюнча өзүнүн укуктары менен милдеттерин ар кандай юридикалык жакка же ар кандай жаранга (жеке адамга), эгерде ал адам жетиштүү финансылык жана техникалык ресурстарга жана макулдашуу боюнча ишти аткарууга керек болгон башкаруу ишинин тажрыйбасына ээ болсо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн макулдугу менен гана толугу менен же жарым-жартылай өткөрүп берүүгө укуктуу.
2. Макулдашуу боюнча укуктар менен милдеттерди өткөрүп берүү макулдашуунун ажыралгыс бөлүгү болуп саналган атайын актыны түзүү аркылуу, макулдашууда аныкталган тартипте жана мөөнөттө жазуу жүзүндө жүргүзүлөт жана аталган актыга кол коюлган күндөн тартып 30 күндүн ичинде жер казынасын пайдаланууга лицензияны кайра жол-жоболоштуруу менен коштолот.
3. Өкмөттүн макулдугу менен инвестор өзүнө таандык болгон мүлктү жана мүлктүк укуктарды макулдашууну аткарууга байланыштуу түзүлгөн келишим боюнча өз милдеттенмелерин камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен күрөө катары пайдалана алат.
17-статья. Макулдашуунун шарттарынын туруктуулугу
1. Макулдашуунун шарттары ал колдонулган бүткүл мезгил ичинде күчүн сактап калат. Тараптардын макулдугу боюнча гана, ошондой эле кырдаалдар олуттуу өзгөргөн учурда тараптардын биринин талабы боюнча Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык макулдашууга өзгөртүү киргизүүгө жол берилет.
Тараптардын макулдугу боюнча макулдашуунун шартына киргизилген өзгөртүүлөр конкурстан тышкары учурларда баштапкы макулдашуудай эле тартипте күчүнө кирет.
2. Эгерде макулдашуу күчүндө болгон мөөнөттүн ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен макулдашуунун чегинде инвестордун ишинин коммерциялык жыйынтыктарын начарлаткан ченемдер белгиленсе, анда инвестор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына мындай өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин түзүлгөн макулдашуунун шартын жетекчиликке алууга укуктуу, бул өзгөртүүлөр ишти коопсуз жүргүзүү, жер казынасын, айлана-чөйрөнү жана калктын ден соолугун коргоо боюнча стандарттарга (ченемдерге, эрежелерге) тиешелүү болгон учурларды кошпогондо.
(КР 2022-жылдын 22-июнундагы № 47 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
18-статья. Инвестордун укуктарына мамлекеттин кепилдиги
1. Макулдашууга ылайык инвестор ээ болгон жана ишке ашырган мүлк жагындагы жана башка укуктарды коргоого кепилдик берилет.
2. Инвесторго аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын күчү жайылтылбайт, эгерде аталган актылар макулдашууга ылайык алар ээ болгон жана ишке ашырып жаткан инвестордун укуктарын чектеген болсо, буга ишти коопсуз жүргүзүүнү, жер казынасын, жаратылыш чөйрөсүн, калктын ден соолугун коргоону камсыз кылуу, ошондой эле коомдук жана мамлекеттик коопсуздукту камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилүүчү көзөмөлдүк кылуучу тийиштүү органдардын көрсөтмөлөрү кирбейт.
19-статья. Макулдашуунун аткарылышына контроль
1. Макулдашуунун аткарылышына мамлекеттик контроль мамлекеттик бийлик органдары тарабынан алардын компетенцияларына ылайык жүргүзүлөт.
2. Ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн макулдашуунун аткарылышына контроль жүргүзүүчү органдардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү макулдашуу боюнча иш жүргүзүлүп жаткан объекттерге тоскоолдуксуз кирүүгө, ошондой эле аталган иштерди жүргүзүүгө тиешелүү болгон документтерди жалаң гана макулдашуунун аткарылышына контролдук кылуу иш-милдеттерин аткаруу максатында гана алууга укуктуу.
20-статья. Макулдашуу боюнча тараптардын жоопкерчилиги
Тараптар макулдашуу боюнча өз милдеттенмелерин аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен макулдашуунун шартына ылайык жоопкерчилик тартат.
21-статья. Макулдашуунун колдонулушун токтотуу
Макулдашуунун колдонулушу аны колдонуу мөөнөтү бүткөндө же тараптардын макулдугу боюнча мөөнөтүнөн мурда, ошондой эле макулдашууга кол коюлган күндө колдонулуп жаткан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык макулдашууда каралган башка негиздер боюнча жана тартипте токтотулат.
Макулдашуунун колдонулушун тараптардын макулдугу боюнча токтотуу, конкурс жол-жоболорунан тышкары, баштапкы макулдашуу сыяктуу эле тартипте күчүнө киргизилет.
22-статья. Талаштарды чечүү
Макулдашууну аткаруу, токтотуу же анын жараксыздыгы менен байланышкан мамлекет менен инвестордун ортосундагы талаш макулдашуунун шартына ылайык сотто чечилет. Макулдашууда сотко кайрылганга чейин тараптардын ортосундагы талашты жөнгө салуу каралышы мүмкүн.
23-статья. Мамлекеттин иммунитети
Чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар менен түзүлгөн макулдашууларда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттин соттук иммунитеттен, доону алдын ала камсыз кылууга жана сот чечимин аткарууга карата иммунитеттен баш тартышы каралышы мүмкүн.
III
Глава
Корутунду жоболор
24-статья. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери
Эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде ушул Мыйзамда каралгандагыдан башка эрежелер белгиленген болсо, эл аралык келишимдин эрежеси колдонулат.
25-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2002-жылдын 17-апрелинде № 30 жарыяланды
26-статья. Ченемдик укуктук актыларды ушул Мыйзамга ылайык келтирүү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ушул Мыйзамдан келип чыккан өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуш киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Акаев |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган |
2002-жылдын 11-мартында |