Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\cacaf8c0-d6e0-4fed-8c67-b193304af40c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2002-жылдын 29-апрели № 76

Бухгалтердик эсеп жөнүндө

(КР 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231, 2009-жылдын 15-июлундагы № 216,
2012-жылдын 18-майындагы № 56, 2013-жылдын 26-апрелиндеги № 61,
2013-жылдын 30-июлундагы № 178,
2015-жылдын 22-майындагы № 115,
2016-жылдын 5-январы № 2, 2017-жылдын 7-декабрындагы N 201 (6), 2021-жылдын 9-августундагы № 93 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында бухгалтердик эсепти уюштуруунун жана жүргүзүүнүн укуктук жана усулдук негиздерин белгилейт, бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту мамлекеттик жөнгө салуунун тартибин, бухгалтердик эсепти уюштурууну, жүргүзүүнү жана финансылык отчеттуулукту түзүүнү жана берүүнү жүзөгө ашыруучу жактардын укуктары менен милдеттерин аныктайт.

(КР 2021-жылдын 9-августундагы № 93 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

I Глава.
Жалпы жоболор

 

1-берене. Бухгалтердик эсеп жана анын усулдук негизи

 

1. Бухгалтердик эсеп негизделген чечимдерди кабыл алуу үчүн кайсы бир субъект жөнүндө финансылык отчеттор аркылуу субъекттин (юридикалык жактын) активдери, милдеттенмелери, өздүк капиталы, кирешелери менен чыгашалары тууралу маалыматтарды каттоо, иштеп чыгуу жана берүү аркылуу аны жыйноо, өлчөө тутумун камтыйт.

2. Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарты (мындан ары - ФОЭС) боюнча кеңеш тарабынан кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыяланган ФОЭС ачык кызыкчылыктын субъекттери жана менчигинин түрүнө карабастан ири ишкердиктин субъекттери үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуучу бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн жана финансылык отчеттуулукту түзүүнүн бирдиктүү усулдук негизи болуп саналат. Ачык кызыкчылыктын субъекттери жана ири ишкердиктин субъекттери ФОЭСке киргизилген өзгөртүүлөрдү кийин финансылык отчеттуулуктун эскертүүлөрүндө ачып берүү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте алар жарыяланганга чейин колдонууга укуктуу.

Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкүдөй болуп саналган субъект ачык кызыкчылыктын субъекттери деп түшүнүлөт:

- баалуу кагаздары фонд биржасынын листингине киргизилген эмитент;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензиялануучу банк же башка финансылык-кредиттик мекеме;

- инвестициялык фонд, камсыздандыруу компаниясы, мамлекеттик эмес пенсиялык фонд.

Ачык кызыкчылыктын субъекттери милдеттүү түрдө аудит боюнча комитетти түзөт. Ири ишкердиктин субъекттери аудит боюнча комитетти түзүүгө укуктуу. Аудит боюнча комитет жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. Банктардын жана финансы-кредиттик уюмдардын аудити боюнча комитеттер банктык мыйзамдарга ылайык түзүлөт.

Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары боюнча кеңеш тарабынан кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыяланган Чакан жана орто ишкердик үчүн финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарты (мындан ары - ЧОИ үчүн ФОЭС) орто ишкердиктин субъекттери үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуучу бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн жана финансылык отчеттуулукту түзүүнүн бирдиктүү усулдук негизи болуп саналат. Орто ишкердиктин субъекттери ЧОИ үчүн ФОЭСке киргизилген өзгөртүүлөрдү кийин финансылык отчеттуулуктун эскертүүлөрүндө ачып берүү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте алар жарыяланганга чейин колдонууга укуктуу. Орто ишкердиктин субъекттери ыктыярдуу негизде эсепке алуу саясатын бекитүүчү жетектөөчү органдардын чечими боюнча ФОЭСке ылайык финансылык отчетун түзөт.

2-1. Бухгалтерлердин эл аралык федерациясынын алдындагы Коомдук сектор үчүн финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары боюнча кеңеш иштеп чыккан, Коомдук сектор үчүн ФОЭС боюнча кеңеш тарабынан кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыяланган Коомдук сектор үчүн финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары (мындан ары - КС ФОЭС) Кыргыз Республикасынын аймагында бюджеттик мекемелер колдонгон бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн жана финансылык отчеттуулукту түзүүнүн бирдиктүү усулдук негизи болуп саналат. Бюджеттик мекемелер КС ФОЭСке киргизилген өзгөртүүлөрдү кийин финансылык отчеттуулуктун эскертүүлөрүндө ачып берүү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте алар жарыяланганга чейин колдонууга укуктуу.

2-2. Чакан ишкердиктин субъекттери бухгалтердик эсепти жүргүзүүнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген жөнөкөйлөштүрүлгөн эрежелерге ылайык жүзөгө ашырат.

Эсепке алуу саясатын бекиткен алардын жетекчи органдарынын чечими боюнча чакан ишкердиктин субъекттери ыктыярдуу негизде ЧОИ үчүн ФОЭСке ылайык финансылык отчетту түзүүгө укуктуу.

Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкү критерийлердин бирөөсүнүн чектеринен ашпаган субъект чакан ишкердиктин субъекти деп түшүнүлөт:

1) отчеттук жылдан мурунку жылдын аягына карата бардык активдер - 35 миллион сом;

2) продукцияны, товарларды сатуудан, кызматтарды көрсөтүүдөн, жумуштарды аткаруудан, курулуш келишимдеринен, лизинг келишимдеринен, камсыздандыруу төгүмдөрүнөн, пайыздардан алынган киреше, ошондой эле отчеттук жылдан мурунку жылдын аягына карата субъекттин негизги ишине тиешелүү болгон башка киреше - 30 миллион сом.

Эгерде акыркы эки отчеттук мезгил ичинде отчеттук күнгө карата эки критерийдин чектеринен ашса, субъект чакан ишкердиктин субъектинин категориясына кирбей калат.

2-3. Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн чакан ишкердиктин субъекти болбогон жана төмөнкү критерийлердин бирөөсүнүн чектеринен ашпаган субъект орто ишкердиктин субъекти деп түшүнүлөт:

1) отчеттук жылдан мурунку жылдын аягына карата бардык активдер - 10 миллиард сом;

2) продукцияны, товарларды сатуудан, кызматтарды көрсөтүүдөн, жумуштарды аткаруудан, курулуш келишимдеринен, лизинг келишимдеринен, пайыздардан алынган киреше, ошондой эле отчеттук жылдан мурунку жылдын аягына карата субъекттин негизги ишине тиешелүү болгон башка киреше - 5 миллиард сом.

Эгерде акыркы эки отчеттук мезгил ичинде отчеттук күнгө карата эки критерийдин чектеринен ашса, субъект орто ишкердиктин субъектинин категориясына кирбей калат.

2-4. Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкү критерийлердин бирөөсүнүн чектеринен ашкан субъект ири ишкердиктин субъекти деп түшүнүлөт:

1) отчеттук жылдан мурунку жылдын аягына карата бардык активдер - 10 миллиард сом;

2) продукцияны, товарларды сатуудан, кызматтарды көрсөтүүдөн, жумуштарды аткаруудан, курулуш келишимдеринен, лизинг келишимдеринен, пайыздардан алынган киреше, ошондой эле отчеттук жылдан мурунку жылдын аягына карата субъекттин негизги ишине тиешелүү болгон башка киреше - 5 миллиард сом.

Эгерде акыркы эки отчеттук мезгил ичинде отчеттук күнгө карата эки критерийдин чектеринен ашпаса, субъект ири ишкердиктин субъектинин категориясына кирбей калат.

3. Банк ишинин жана финансылоонун исламдык принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу мамилелер жаатында бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн жана финансылык отчеттуулукту түзүүнүн методикалык негизи болуп Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алынган исламдык финансылык институттар үчүн бухгалтердик эсептин стандарттары эсептелет.

(КР 2009-жылдын 15-июлундагы № 216, 2012-жылдын 18-майындагы № 56, 2013-жылдын 26-апрелиндеги № 61, 2021-жылдын 9-августундагы № 93 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

11-берене. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү

1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында катталган жактардын төмөнкүдөй категорияларына (мындан ары - субъекттер) колдонулат:

1) менчигинин түрүнө жана уюштуруучулук-укуктук формасына карабастан ишкердик жүргүзгөн юридикалык жактарга;

2) бюджеттик мекемелерге;

3) резидент эмес субъекттердин туруктуу өкүлчүлүктөрүнө жана филиалдарына;

4) коммерциялык эмес уюмдарга жана резидент эмес субъекттердин өкүлчүлүктөрүнө;

5) патенттик негизде иш жүргүзгөн жана бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын колдонгон жеке ишкерлерди копшогондо ишкердик жүргүзгөн жеке ишкерлерге (жеке жактарга).

(КР 2021-жылдын 9-августундагы № 93 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

2-берене. Бухгалтердик эсептин милдеттери

 

Бухгалтердик эсептин негизги милдеттери:

- субъектилердин иш-аракеттери тууралу дайыма толук, так маалыматтарды түзүү жана финансылык отчеттуулукту ички жана тышкы пайдалануучуларга жеткирүү;

- финансылык отчеттуулукту ушул Мыйзамдын жана ФОЭСтин, ЧОИ үчүн ФОЭСтин жана КС ФОЭСтин талаптарына ылайык түзүү;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган отчеттуулуктун башка түрлөрүн түзүү үчүн маалыматтарды камсыз кылуу;

- чарбакер субъекттер операцияларды ишке ашыруу учурунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сакташы үчүн контролдоо маалыматтарын камсыз кылуу болуп саналат.

2. Бухгалтердик эсеп тутумунда түзүлүүчү натыйжалар тууралу маалыматтардын ички пайдалануучулары субъекттердин жетекчилери, ага катышуучулар жана менчик ээлери болуп саналат.

Тышкы пайдалануучулар инвесторлорду, кредиторлорду, мамлекеттик органдарды кошо алганда, субъект жөнүндө финансылык маалыматты пайдаланууга кандайдыр бир муктаждыгы бар жактар болуп саналат.

3. Жогоруда көрсөтүлгөн милдеттерди аткаруу үчүн субъекттер:

бухгалтердик эсепти ФОЭСтин, ЧОИ үчүн ФОЭСтин жана КС ФОЭСтин талаптарына ылайык жүргүзүүнү;

эсеп саясатын кабыл алууну жана аны ырааттуу аткарууну;

ички контролдоо тутумдарынын болушун жана анын иштешин камсыз кылууну жүзөгө ашырууга милдеттүү.

(КР 2021-жылдын 9-августундагы № 93 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

3-берене. Бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүүнүн принциптери

 

1. Субъекттер бухгалтердик эсепти бухгалтердик эсептин счетунда кош жазуу аркылуу жүргүзүшөт.

2. Бухгалтердик эсеп тутумунда маалыматтарды чагылдырууда жана финансылык отчеттуулукту түзүүдө:

үзгүлтүксүздүк, түшүнүктүүлүк, жөндүүлүк, маанилүүлүк, ишенимдүүлүк, толуктук, бейтараптык, формасына карата маанисинин артыкчылыгы, этияттык салыштырмалуулук, туура берүүчүлүк негизги принциптери колдонулат.

Саналып өткөн принциптер ФОЭСте, ЧОИ үчүн ФОЭСте чагылдырылат жана стандарттардын жалпы жоболорун түшүндүрүү үчүн колдонулууга тийиш болгон айкын принциптер пайдаланылууга тийиш.

3. Бухгалтердик маалыматтын эсеби кошуп эсептөө принцибине негизделет, ага ылайык кирешелер катары иштелип табылгандар, ал эми чыгымдар жана зыяндар катары жумшалган чыгашалар таанылат (чагылдырылат).

(КР 2013-жылдын 26-апрелиндеги № 61 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

4-берене. Бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдар

 

1. Бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары субъекттерде бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн бирдиктүү укуктук жана усулдук негиздеринин тартибин белгилөөчү ушул Мыйзамдан, Кыргыз Республикасынын Президентинин Указдарынан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунан жана башка конкреттүү объекттерге карата колдонулуучу бухгалтердик эсептин жана финансылык отчеттуулуктун толук жана туура маалыматты түзүүнүн эрежесин аныктоочу башка ченемдик укуктук актылардан турат.

2. Бухгалтердик эсептин жана финансылык отчеттуулуктун маселелерине тиешелүү башка мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларда камтылуучу ченемдер ушул Мыйзамга ылайык келиши керек. Ушул Мыйзамдын ченемдери менен башка мыйзамдарда камтылган бухгалтердик эсептин маселелерин жөнгө салуучу ченемдерде айырмачылыктар болгон учурда, ушул Мыйзам колдонулат.

 (КР 2013-жылдын 26-апрелиндеги № 61 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

5-берене. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү

 

1. Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген бардык субъекттер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагындагы чет өлкөлүк субъекттердин филиалдары менен өкүлчүлүктөрү бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту ушул Мыйзамга ылайык жүргүзүүгө милдеттүү.

1-1. Ушул Мыйзамдын жоболору банк ишинин жана финансылоонун исламдык принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу мамилелер жаатында исламдык финансылык институттар үчүн бухгалтердик эсептин стандарттары менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө колдонулат.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын фондун кошпогондо, бюджеттик мекемелерде бухгалтердик эсепти жүргүзүүгө жана финансылык отчеттуулукту түзүүгө карата талаптар ушул Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын фонду боюнча бухгалтердик эсепти жүргүзүүгө жана финансылык отчеттуулукту түзүүгө карата талаптар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен аныкталат.

2-1. Банк ишинин жана финансылоонун исламдык принциптерине ылайык иш жүргүзүүчү уюмдарда бухгалтердик эсепти жүргүзүүгө жана финансылык отчеттуулукту түзүүгө талаптар исламдык финансылык институттар үчүн бухгалтердик эсептин стандарттарына ылайык аныкталат.

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензиялануучу финансы-кредиттик мекемелерде жана коммерциялык банктарда бухгалтердик эсепти жүргүзүүгө жана финансылык отчеттуулук түзүүгө талаптар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары жана ушул Мыйзамга ылайык аныкталат.

«Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата коюлган талаптар жөнүндө» Жобону бекитүү тууралуу» КР Улуттук Банк Башкармасынын 2003-жылдын 3-декабрындагы № 33/2 токтомун караңыз;

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана финансы-кредиттик мекемелердин эсепке алуу саясатына карата талаптар жөнүндөгү» Жобону бекитүү тууралуу» КР улуттук банкынын башкармасынын 2004-жылдын 23-октябрындагы № 26/2 токтомун караңыз

4. Салыктык эсепке алуу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

(КР 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231, 2009-жылдын 15-июлундагы № 216, 2016-жылдын 5-январы № 2 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

6-берене. Бухгалтердик эсепти мамлекеттик жөнгө салуу

 

1. Кыргыз Республикасында бухгалтердик эсепке жалпы усулдук жетекчиликти камсыз кылууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар (мындан ары - ыйгарым укуктуу органдар) жүзөгө ашырат.

Мамлекеттик башкаруу органы катары ыйгарым укуктуу органдар республикада ФОЭС, ЧОИ үчүн ФОЭС жана КС ФОЭС жүргүзүү боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзөт жана алардын колдонулушун контролдоону жүзөгө ашырат.

2. Ыйгарым укуктуу органдар:

- ФОЭСти, ЧОИ үчүн ФОЭСти жана КС ФОЭСти мамлекеттик тилге которууну жана аларды жарыялоону камсыз кылат;

- Финансылык отчеттуулуктун ачык депозитарийин түзөт жана башкарат;

- бухгалтердик эсепти уюштурууну жана жүргүзүүнү жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгат жана бекитет;

- ФОЭС, ЧОИ үчүн ФОЭС жана КС ФОЭС ылайык бухгалтердик эсеп жана финансылык отчеттуулук жаатында билим берүү программаларын иштеп чыгууга көмөк көрсөтөт;

- (абзац КР 2021-жылдын 9-августундагы N 93 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- (абзац КР 2021-жылдын 9-августундагы N 93 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- (абзац КР 2021-жылдын 9-августундагы N 93 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- кесиптик коомдук уюмдар менен кызматташтыкты жүзөгө ашырат жана бухгалтердик эсеп тутумун өркүндөтүү максатында туруктуу консультацияларды өткөрүп турат;

- ушул мыйзамда, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

3. Бухгалтердик эсеп жана финансылык отчеттуулук жаатындагы кесиптик иш республиканын мамлекеттик органдары тарабынан лицензияланууга жана сертификацияланууга тийиш эмес.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы № 56, 2013-жылдын 26-апрелиндеги № 61, 2021-жылдын 9-августундагы № 93 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

61-берене. Финансылык отчеттуулуктун ачык депозитарийи

1. Финансылык отчеттуулуктун ачык депозитарийи - финансылык отчеттуулукту жана аудитордук корутундуну жыйноонун, сактоонун, жалпылоонун, талдоонун жана жарыялоонун бирдиктүү электрондук тутуму.

2. Ыйгарым укуктуу орган Финансылык отчеттуулуктун ачык депозитарийи аркылуу:

1) финансылык отчетторду жана аудитордук корутундуларды жыйнайт, сактайт жана жалпылайт;

2) Финансылык отчеттуулуктун ачык депозитарийинин маалыматтарын мамлекеттик маалыматтык ресурстардын курамдык бөлүгү катары сактоону жана коопсуздугун камсыз кылат;

3) финансылык отчетторду жана аудитордук корутундуларды онлайн режиминде берүү үчүн субъекттерге зарыл болгон шарттарды камсыз кылат;

4) финансылык отчетторду жана аудитордук корутундуларды берүүнүн толуктугунун жана мөөнөттөрүнүн сакталышын текшерет;

5) финансылык отчетторду жана аудитордук корутундуларды жарыялайт.

3. Финансылык отчеттуулуктун ачык депозитарийин түзүүнүн, башкаруунун жана финансылык отчеттуулукту берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

(КР 2021-жылдын 9-августундагы № 93 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

II Глава.
 
Бухгалтердик эсепти жана кассалык операцияларды жүргүзүүнү уюштурууга талаптар

(Главанын аталышы КР 2017-жылдын 7-декабрындагы N 201 (6) Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

7-берене. Бухгалтердик эсепти жүргүзүүнү уюштуруу тартиби

 

1. Субъекттерде бухгалтердик эсепти уюштуруу, чарбалык операцияларды аткарууда мыйзамдарды сактоо, милдеттүү аудит жүргүзүүнү камсыз кылуу үчүн мыйзамда белгиленген учурларда жоопкерчиликти жетекчиси тартат, ал уюштуруу документтерине ылайык субъекттин атынан чыгууга укуктуу.

Субъекттин жетекчиси ички эсеп тутумун, отчеттуулукту жана контролду, чарбалык операцияларды контролдоо тартибин камсыз кылууга, тышкы пайдалануучулар үчүн финансылык отчет даярдоону, салык отчетторун жана башка финансы документтерин даярдоону, эсептөөлөрдүн өз учурунда болушун камсыз кылууга милдеттүү.

2. Субъекттерде бухгалтердик эсепти уюштуруу:

а) башкы бухгалтер же жетекчи ыйгарым укук берген башка адам жетекчилик кылган түзүмдүк бөлүм катары бухгалтердик кызмат түзүү;

б) штатка бухгалтердин кызматын киргизүү;

в) келишимдик негизде адистештирилген уюмдардын же адис-бухгалтердин кызматынан пайдалануу;

г) бухгалтердик эсепти чакан ишкердиктин субъектинин субъекттин жетекчисинин жеке өзү жүргүзүшү аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

3. Акча, товардык-материалдык жана башка баалуулуктарды кабыл алуу жана берүү үчүн негиз болуучу документтерге, субъекттин кредиттик жана расчеттук милдеттенмелерине, ошондой эле финансылык отчетторго жетекчи же ал аныктаган башка адамдар кол коюшат.

4. Айрым чарба операцияларын жүргүзүүнү ишке ашыруу боюнча субъекттин жетекчисинин жана башкы бухгалтердин же бухгалтердик эсепти жүргүзүүчү жактардын ортосунда ар кандай пикир келишпестиктер келип чыккан учурда, алар боюнча документтер мындай операцияларды ишке ашыруунун кесепеттери үчүн толук жоопкерчилик тарта турган субъекттин жетекчисинин жазуу жүзүндөгү уруксаты менен аткарууга кабыл алынышы мүмкүн.

5. Кыргыз Республикасында чарба жүргүзүүчү субъекттердин жана бюджеттик мекемелердин кассалык операцияларды жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Чарба жүргүзүүчү субъект деп "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамыны ылайык ушундай деп аныкталган субъект түшүнүлөт.

Баалуулуктарды кабыл алуу, берүү жана сактоо кассалык операциялар деп түшүнүлөт.

Валюталык баалуулуктар, банкноттор жана монеталар, баалуу кагаздар жана так отчеттуулук бланктары баалуулуктар деп түшүнүлөт.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чыгарылуучу жана жүгүртүүдө турган ар башка баадагы жана түрдөгү акча белгилери банкноттор жана монеталар болуп саналат.

(КР 2017-жылдын 7-декабрындагы № 201 (6), 2021-жылдын 9-августундагы № 93 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

8-берене. Бухгалтердик документтер

 

1. Бухгалтердик эсепти каттоого жазуу үчүн операция жүргүзүү фактысы катталган баштапкы эсепке алуу документтери негиз болуп саналат. Баштапкы эсепке алуу документтери операция жасалган учурда, эгерде бул мүмкүн болбосо, операция аяктаар замат түзүлүүгө тийиш.

Бухгалтердик жазуулар кол менен кагазга жазуу аркылуу жана (же) эсепке алуунун компьютерлештирилген тутумунун жардамы менен жүргүзүлөт.

2. Баштапкы документтер төмөнкүдөй милдеттүү реквизиттерди:

документтин аталышын;

документти толтуруу күнүн жана ордун;

документ анын атынан (тапшыруусу боюнча) түзүлгөн субъекттин аталышын;

чарбалык операциянын мазмунун;

акчалай жана накталай түрдөгү чарбалык операцияларды өлчөгүчтөрдү;

чарбалык операцияларды жүргүзүүгө жана анын туура жол-жоболоштурулушуна жооптуу кызмат адамдарынын аты-жөндөрүн;

көрсөтүлгөн адамдардын койгон жеке колдорун камтууга тийиш.

3. Баштапкы эсепке алуу документтерин өз учурунда жана сапаттуу жол-жоболоштуруу, аларды бухгалтердик эсепте чагылдыруу үчүн билгиленген мөөнөттө берүү, ошондой эле алардагы маалыматтардын тууралыгы бул документтерди түзгөн жана ага кол койгон адамдар тарабынан камсыз кылынат.

4. Баштапкы эсепке алуу документтеринин негизинде чарбалык операциялар жөнүндө маалыматтарды иштеп чыгууну контролдоо жана иретке келтирүү үчүн топтомо эсепке алуу документтери (регистр) түзүлөт. Бухгалтердик эсептин маалыматтарын топтоону жүргүзүүчү регистрлеринин формаларын субъекттердин өзүлөрү, бюджеттик мекемелерден башка, иштеп чыгат жана бекитет. Мында ыйгарым укуктуу органдар сунуш кылган башка формалар да колдонулушу мүмкүн.

5. Бухгалтердик регистрлерде маалыматтардын туура чагылдырышы үчүн жоопкерчиликти аны түзгөн адам тартат.

6. Бухгалтердик эсептин регистрлеринин, ички отчеттуулук жана башка документтердин мазмуну коммерциялык сыр болуп саналат. Жетекчинин (субъекттин менчик ээсинин) уруксаты, сот жана прокуратуранын чечими болмоюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда, бул документтердин мазмуну менен таанышууга эч кимдин укугу жок.

7. Текшерүүчүлөр, аудиторлор жана бухгалтердик эсептин регистрлеринде жана ички отчеттуулукта камтылган маалыматка кирүүгө мүмкүндүгү бар башка адамдар коммерциялык сырды сактоого милдеттүү. Аны элге тараткандык үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленгендей жоопкерчилик тартышат.

8. Баштапкы эсепке алуу документтери алгачкы тергөө, алдын ала тергөө жана прокуратура, сот, салык органдары тарабынан гана алардын токтомдорунун негизинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынып коюлушу мүмкүн.

9. Субъекттин ыйгарым укуктуу кызмат адамы документтерди алып коюуну жүргүзгөн органдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен алардын көчүрмөсүн алууга укуктуу. Мында көчүрмөдө документтерди алып коюунун негизи жана күнү көрсөтүлөт.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы № 56 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

9-берене. Активдерди жана милдеттенмелерди инвентаризациялоо

 

Бухгалтердик эсептин жана финансылык отчеттуулуктун маалыматтарынын тууралыгы жана тактыгы активдер менен милдеттенмелерди инвентаризациялоонун жыйынтыктары боюнча ырасталат. Инвентаризациялоо жүргүзүү тартиби жана мөөнөтү субъекттердин эсеп саясатына ылайык жүргүзүлөт.

 

III Глава.
Финансылык отчеттуулук

 

10-берене. Финансылык отчеттуулук жана ага жалпы талаптар

 

1. Финансылык отчеттуулук - субъекттин финансылык абалы, ишинин натыйжалары жана финансылык абалындагы өзгөрүү жөнүндө маалымат берүү. Субъекттер ушул Мыйзамдын 1-беренесинде көрсөтүлгөн эрежелерге ылайык финансылык отчётту түзүүгө милдеттүү.

2. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, анда финансылык отчеттуулуктун көрсөткүчтөрү улуттук валюта менен түзүлүүгө тийиш.

3. ФОЭС жана КС ФОЭС каралган учурларда субъекттер топтомо (бириктирилген) финансылык отчет түзүүгө милдеттүү.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы № 56, 2013-жылдын 26-апрелиндеги № 61 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

11-берене. Субъектти жоюудагы финансылык отчет

 

1. (КР 2015-жылдын 22-майындагы N 115 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2. (КР 2015-жылдын 22-майындагы N 115 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Кредиторлор менен эсептешүү бүткөндөн кийин жоюучу комиссия (жоюучу) жоюу балансын түзүп, ага комиссиянын төрагасы жана жоюу комиссиянын чечими менен аныкталуучу бухгалтердик эсептин жүргүзүшүнө жооптуу адам кол коет жана юридикалык жакты жоюу жөнүндө чечим кабыл алган мүлк ээсинин юридикалык жагы же органы тарабынан бекитилет.

Жоюу балансын түзүүдө активдер, милдеттенмелер, капитал жана башка көрсөткүчтөр жөнүндө маалыматтар рынок наркы боюнча, башкача айтканда, объектти сатуунун натыйжасында алынышы мүмкүн болгон акчалай каражаттардын суммасында бааланууга тийиш.

4. Субъектти анын кудуретсиздигинин (банкрот болушунун) натыйжасында жоюуда активдердин калдыктарын жана субъекттин милдеттенмелерин тиешелүү документтер менен тастыктоо аркылуу жоюу балансы түзүлөт, ага администратор кол коет жана өзүнүн иши жөнүндөгү отчет менен бирге сотко жана (же) кредиторлордун чогулушуна берилет.

5. Банкроттук жана (же) жоюлуу процессинде болгон субъекттин бухгалтердик эсебин жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген талаптар эске алынат.

(КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 178, 2015-жылдын 22-майындагы № 115 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

12-берене. Финансылык отчеттуу берүү жана жарыялоо

 

1. Ачык кызыкчылыктын субъекттеринин жана ири ишкердиктин субъекттеринин финансылык отчету жана бириктирилген финансылык отчету "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жыл сайын милдеттүү аудиттен өтүүгө тийиш.

2. Бюджеттик мекемелерди кошпогондо, субъект ФОЭСтин жоболоруна ылайык финансылык отчетту, бириктирилген финансылык отчетту түзүү талап кылынганда, аны жана аудитордук корутундуну уюштуруучуларга, катышуучуларга же мүлктүн менчик ээлерине берет.

3. Бюджеттик мекемелер орто аралык жана жылдык финансылык отчетту жогору турган органга жана (же) бюджеттин каражаттарынын башкы тескөөчүсүнө алар белгилеген мөөнөттөрдө беришет.

4. Ачык кызыкчылыктын субъекттери, ири жана орто ишкердиктин субъекттери ФОЭСтин, ЧОИ үчүн ФОЭСтин жоболоруна ылайык финансылык отчетту, бириктирилген финансылык отчетту түзүү талап кылынганда аны жана аудитордук корутундуну Финансылык отчеттуулуктун ачык депозитарийин түзүү, башкаруу жана финансылык отчетторду берүү тартибинин талаптарына ылайык отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө ыйгарым укуктуу органга электрондук түрдө берүүгө милдеттүү.

5. ФОЭСтин, ЧОИ үчүн ФОЭСтин жоболоруна ылайык финансылык отчетту жана бириктирилген финансылык отчетту түзүү талап кылынганда, аны жана аудитордук корутундуну субъекттин берген күнү болуп алар Финансылык отчеттуулуктун ачык депозитарийинин тутумуна киргизилген күн эсептелет.

6. ФОЭСтин жоболоруна ылайык ачык кызыкчылыктын субъектинин, ири ишкердиктин субъектинин финансылык отчетун, бириктирилген финансылык отчетун түзүү талап кылынганда ал жана аудитордук корутунду ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Финансылык отчеттуулуктун ачык депозитарийи аркылуу жарыяланат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында мамлекеттик сырга киргизилген көрсөткүчтөрдү камтыган финансылык отчет көрсөтүлгөн мыйзамдардын та-лаптарын эске алуу менен жарыяланат.

7. ФОЭСтин жоболоруна ылайык ачык кызыкчылыктын субъектинин, ири ишкердиктин субъектинин финансылык отчетун, бириктирилген финансылык отчетун түзүү талап кылынганда, ал жана аудитордук корутунду отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-июнунан кечиктирилбестен субъекттин расмий сайтында жайгаштырылат жана беш жыл бою ачык пайдалануу мүмкүндүгүнө ээ болот.

8. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана уюштуруучулук документтерде каралган компетенцияларынын алкагында субъекттин жетекчиси финансылык отчетту, бириктирилген финансылык отчетту ФОЭСтин ЧОИ үчүн ФОЭСтин, КС ФОЭСтин жоболоруна ылайык жана аудитордук корутундуну ушул Мыйзамдын, ФОЭСтин ЧОИ үчүн ФОЭСтин, КС ФОЭСтин талаптарына ылайык түзүү талап кылынганда, түзүүнү жана берүүнү камсыз кылууга милдеттүү.

(КР 2021-жылдын 9-августундагы № 93 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

13-берене. Отчеттук жыл

 

1. Бардык субъекттер үчүн календардык жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки мезгили отчеттук жыл деп эсептелет.

Кайрадан түзүлгөн субъект, болбосо өзгөртүлүп түзүлгөн субъект үчүн биринчи отчеттук жыл болуп, анын мамлекеттик каттоодон өткөн күнүнөн баштап 31-декабрга чейинки мезгил эсептелет, ал эми 1-октябрдан кийин кайрадан түзүлгөн субъект үчүн (бюджеттик мекемелерден башка) мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн баштап кийинки жылдын 31-декабрын кошуп алганга чейинки мезгил эсептелет.

2. Кайрадан түзүлгөн субъектти мамлекеттик каттоого алган датага чейинки жүргүзүлгөн чарбалык иштердин фактылары жөнүндөгү маалыматтар анын биринчи отчеттук жылы үчүн финансылык отчетуна кошулат.

 

14-берене. Финансылык отчеттуулукту жарыялоо

(КР 2021-жылдын 9-августундагы № 93 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

15-берене. Бухгалтердик эсеп документтерин сактоо

 

1. Субъекттер баштапкы эсепке алуу документтерин, бухгалтердик эсеп регистрлерин, бухгалтердик эсептин жумушчу план-счетторун, финансылык отчетторду жана башка эсептик саясат документтерин кагаз жүзүндө же эсепке алуунун компьютерлештирилген тутумдарында мамлекеттик архив иши жөнүндө мыйзамда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында белгиленген сактоо тартибине жана мөөнөтүнө ылайык мөөнөттүн ичинде сактоого милдеттүү.

2. Эсепке алуу документтерин, бухгалтердик эсеп регистрлерин жана финансылык отчетторду сактоону уюштурууга субъекттин жетекчиси жооптуу болот.

 

IV Глава.
Корутунду жоболор

 

16-берене. Бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик

Ушул Мыйзамга ылайык бухгалтердик эсепти жүргүзүүдөн, финансылык отчеттуулукту түзүүдөн жана берүүдөн баш тарткан учурларда субъекттин жетекчиси Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылат.

(КР 2021-жылдын 9-августундагы № 93 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

17-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү жөнүндө

 

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

2. (КР 2021-жылдын 9-августундагы № 93 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин чыгарылган бухгалтердик эсеп боюнча ченемдик актылардын ага карама-каршы келбеген бөлүктөрү колдонула берет.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы:

- өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтиришсин;

- Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү боюнча сунуш даярдашсын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна беришсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А. Акаев