Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Көңүл буруңуздар!
КР 2017-жылдын 24-январындагы N 10
Мыйзамы менен киргизилген
өзгөртүүлөр
2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет

Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\7e06e9e0-87d5-4e01-b0db-272feb251bf6\document.files\image001.jpg

 

Бишкек шаары

2002-жылдын 14-июну № 101

 

                    КЫРГЫ3 РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙ3АМЫ

 

                 Мунапыс берүүнүн жана ырайым кылуунун

                       жалпы принциптери жөнүндө

 

                        (Кыргыз Республикасынын

                     2007-жылдын 25-июнундагы N 91,

                   2008-жылдын 13-октябрындагы № 211, 2018-жылдын 4-августундагы N 84

                 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

Көңүл буруңуздар! I глава КР 2017-жылдын 24-январындагы N 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготот

 

 

                                I Глава

                             Мунапыс берүү

 

     1-статья. Мунапыс берүү түшүнүгү

 

     Мунапыс берүү - кылмыш жасоодо күнөөлүү болгон жекече аныкталбаган

адамдар  чөйрөсүн  жазык  жоопкерчилигинен жана жазалоодон толук же жа-

рым-жартылай бошотуу,  болбосо сот тарабынан белгиленген бул  адамдарга

карата жазаны жењилирээк жазага алмаштыруу,  болбосо жазалоонун кошумча

түрүнөн бошотуу.

     Мунапыс кылмыш жасаган жана жазасын өтөп жаткан адамдарга, ошондой

эле жазык жоопкерчилигине тартылууга тийиш болгон, бирок жоопкерчиликке

тартыла элек адамдарга карата да берилиши мүмкүн.

 

     2-статья. Мунапыс берүү жөнүндө акт

 

     Мунапыс берүү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Рес-

публикасынын Жазык кодексинин, ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасы-

нын башка ченемдик укуктук актыларынын жоболоруна ылайык кабыл алынуучу

мунапыс берүү жөнүндөгү мыйзам менен жарыяланат.    

     Мунапыс берүү жөнүндө мыйзам менен кылмыш  жасаган  адамдар  жазык

жоопкерчилигинен бошотулушу мүмкүн, ал эми кылмыш жасагандыгы үчүн сот-

толгондор жазадан бошотулушу мүмкүн,  болбосо аларга  дайындалган  жаза

кыскартылышы  же  жењилирээк түрүнө алмаштырылышы мүмкүн,  болбосо алар

жазанын кошумча түрүнөн бошотулушу мүмкүн.

     (КР 2008-жылдын  13-октябрындагы  №  211  Мыйзамынын  редакциясына

ылайык)

 

     3-статья. Мунапыс берүүнүн түрлөрү

 

     Мунапыс берүү жөнүндө мыйзамда төмөндөгүлөр каралышы мүмкүн;

     1) көрсөтүлгөн адамдарды жазык жоопкерчилигинен же жазыкты өтөөдөн

толук бошотуу (толук мунапыс берүү);

     2) көрсөтүлгөн адамдарга сот дайындаган жазанын өтөлө элек бөлүгүн

кыскартуу,  жарым-жартылай кыскартуу же кыйла жењилирэзк түрү менен ал-

маштыруу же жазанын кошумча түрүнөн бошотуу (жарым-жартылай мунапыс).

     Жалпы мунапыс берүү актынын жалпы шарттарына туура  келген  бардык

адамдарга жайылтылат.

 

     4-статья. Мунапыс берүү колдонулбаган адамдар

 

     Эгерде мунапыс   берүү   жөнүндөгү   мыйзамда  башкача  каралбаса,

төмөндөгү адамдарга карата мунапыс берүүнү колдонууга жол берилбейт:

     1) оор жана өзгөчө оор кылмыш жасагандарга, сот дайындаган жазанын

мөөнөтүнө карабастан;

     2) өмүр  бою  эркиндигинен  ажыратылгандарга, ошондой эле өмүр бою

эркиндигинен ажыратуу  ырайым берүү тартибинде белгилүү мөөнөткө эркин-

дигинен ажыратууга алмаштырылгандарга;

     3) оор кылмыш жасагандыгы үчүн эки же андан көп соттолгондугу бар-

ларга;

     4) жазаны өтөө тартибин кыянат бузгандарга;

     5) мурда эркиндигинен ажыратылуучу жерлерден мөөнөтүнөн мурда  бо-

шотулган жана атайын кылмыш жасагандарга;

     6) алкоголизмден,  бањгиликтен же жугуштуу жыныстык оорулардан да-

рылануунун сот дайындаган толук курсунан өтпөгөндөргө.

     Мунапыс жөнүндө мыйзамда мунапысты колдонуу боюнча башка чектөөлөр

да каралышы мүмкүн.

     (Кыргыз Республикасынын  2007-жылдын  25-июнундагы N 91 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

  7) жашы жете электин жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыш жасагандарга.

(КР 2018-жылдын 4-августундагы N 84 Мыйзамдын редакцияларына ылайык)

 

 

     5-статья. Мунапыс берүү жөнүндөгү мыйзамга карата коюлуучу

               талаптар

 

     Мунапыс берүү  жөнүндөгү  мыйзамда  төмөнкүлөр   милдеттүү   түрдө

көрсөтүлөт:

     1) анын күчү жайылтыла турган адамдардын категориялары;

     2) анын күчү жайылтылбай турган адамдардын категориялары;

     3) анын күчү жайылтыла турган кылмыштар;

     4) анын күчү жайылтылбай турган кылмыштар;

     5) жазанын өтөлө элек бөлүгүнүн кыскарган мөөнөтү;

     6) жазанын өтөлө элек бөлүгүн алмаштырган жазанын түрү;

     7) мунапыс берүүнү аткаруу жүктөлгөн орган.

     Мунапыс берүү  жөнүндөгү  мыйзам  ушул статьянын биринчи бөлүгүндө

көрсөтүлгөндөрдөн тышкары башка кошумча жоболорду да камтышы мүмкүн.

 

     6-статья. Жазык жоопкерчилигинен бошотуу

 

     Мунапыс берүү боюнча жазык жоопкерчилигинен бошотуу тиешелүү кате-

гориядагы жазык иштери козголбоого тийиш, ал эми козголгон иштер - кыс-

картылууга тийиш экендигин билдирет.

     Мунапыс берүү боюнча жазык жоопкерчилигинен бошотуу акталбаган не-

гиз боюнча жазык ишин кыскартуу болуп саналат жана  ушул  негиз  боюнча

кылмыш жоопкерчилигинен бошотуулган адам, эгерде ал өзүн кылмыш жасаган

жокмун деп эсептесе, өзүнө карата мунапыс берүү актысын колдонууга кар-

шылык билдирүүгө укуктуу болот.

 

     7-статья. Жазадан бошотуу

 

     Кылмыш үчүн  соттолгон адамдарга карата колдонулуучу жазадан бошо-

туу төмөндөгүдөй түрдө болушу мүмкүн:

     1) жазадан толук же анын өтөлө элек бөлүгүнөн бошотуу;

     2) жазанын өтөлө элек калган бөлүгүн белгилүү бир бөлүккө  кыскар-

туу;

     3) жазанын өтөлө элек бөлүгүн кыйла жењил жаза  чарасына  алмашты-

руу;

     4) эгерде кошумча жаза аткарыла элек болсо, андан бошотуу.

 

     8-статья. Кошумча жазадан бошотуу

 

     Мунапыс берүү жайылтылган адамдар негизги, ошондой зле сот тарабы-

нан белгиленген кошумча жазаны өтөөдөн бошотулушу мүмкүн. Мунапыс берүү

соттун өкүмү мекен күнөөлүү адамга жүктөлгөн кылмыш  менен  келтирилген

зыяндын ордун толтуруп берүү милдетинен бошотпойт.

 

     9-статья. Мунапыс берүү актысынан улам жазык иштерин токтотуунун

               мөөнөттөрү

 

     Тергөө же сот өндүрүшүндө турган жана мунапыс берүү  жөнүндө  мый-

замга  ылайык  токтотулууга  тийиш болгон жазык иштери 15 күндүн ичинде

токтотулат.

 

     10-статья. Жазаны өтөөдөн бошотулууга тийиш болгон адамдарды

                бошотуунун мөөнөттөрү

 

     Мунапыс жөнүндөгү   мыйзамга  ылайык  жазаны  өтөөдөн  (андан  ары

өтөөдөн) бошотулууга тийиш болгон адамдар мунапыс жөнүндегү мыйзам рас-

мий жарыялангандан кийин үч айдан кечиктирилбестен бошотулушат.

 

     11-статья. Жазанын мөөнөтүн кыскартуу колдонулган адамдарга

                маалымдоо

 

     Мунапыс берүү жөнүндө мыйзамга ылайык жазанын  мөөнөтүн  кыскартуу

колдонулган  адамдарга  жазанын мөөнөтүнүн жањы эсептелиши жөнүндө жана

жазаны өтөөнүн бүтө турган күнү тууралу мунапыс жөнүндө  мыйзам  расмий

жарыялангандан кийин бир айдын ичинде расмий түрдө билдирилүүгө тийиш.

 

     12-статья. Мунапыс жөнүндөгү мыйзамдын күчү

 

     Мунапыс жөнүндөгү  мыйзам  көрсөтүлгөн  кылмыштарды жасаган,  анын

ичинде ал күчүнө кирген күнгө чейин жасаган адамдарга  гана  жайылтылат

да,  эгерде  алар  мунапыс  берүү жөнүндө мыйзам кабыл алынгандан кийин

аякталса,  бөгөт коюлса же үзгүлтүккө учураса создуккан  же  улантылган

кылмыштарга карата жайылтылбайт.

     Мунапыс жөнүндөгү мыйзамдын күчү эки же андан ашык кылмыш  жасаган

адамдарга  карата,  эгерде  мунапыс  жөнүндөгү мыйзамдын колдонулушу ал

кылмыштардын жок эле дегенде бирине туура келбесе, жайылтылбайт.

     Ушул Мыйзамдын 4-статьясынын 6-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга ка-

рата мунапыс актысы сот тарабынан дайындалган  дарылоо  курсунан  толук

өткөндөн кийин колдонулат.

     Мунапыс жөнүндөгү мыйзамды колдонуу тууралу маселе ушул  Мыйзамдын

9  жана  10-статьяларында каралган мөөнөт бүткөндөн кийин (айыпталуучу-

нун, соттолуучунун, соттолгон адамдын иш-аракеттеринин юридикалык клас-

сификациясын өзгөртүү;  кылмышты кеч табуу,  аныктоо,  тергөө; иш сотко

кеч өткөндө) пайда болгон учурда айыпталуучуга, соттолуучуга, соттолгон

адамга карата мунапыс актысы аталган мөөнөт бүткөндөн кийин колдонулушу

мүмкүн.

 

     13-статья. Мунапыс жөнүндө мыйзамды колдонуу тартиби

 

     Мунапыс жөнүндөгү мыйзамды төмөнкүлөр колдонот:

     1) тергөөчү - өзү тергеп жаткан кылмыш иши боюнча;

     2) прокурор же анын орун басары - тергөөнүн  аяктагандыгы  жөнүндө

тергөөчүнүн токтому менен келип түшкөн кылмыш иши боюнча;

     3) судья (сот) - анын өндүрүшүндө турган кылмыш иши боюнча,  ошон-

дой эле айып акыга,  үч эселенген айыпка соттолгондорго карата,  өкүмдү

аткаруу кийинкиге калтырылган соттолгондордун  мүлкүн  конфискациялоого

карата;

     4) жазык-аткаруу инспекциясынын начальниги - коомдук иштерге  сот-

толгондорго, белгилүү кызмат ордун ээлөөгө же белгилүү иш жүргүзүү уку-

гунан ажыратылгандарга карата; шарттуу соттолгондорго карата;

     5) ички  иштер  органдарынын  начальниги - эркиндигинен ажыратууга

соттолгон, бирок камакта турбагандарга карата;

     6) түзөтүү  мекемесинин  начальниги - ошол мекемеде турган соттол-

гондорго карата;

     7) гарнизондун начальниги - соттолгон аскер кызматчыларына карата;

     8) аскер бөлүгүнүн командири - тартиптик  аскер  бөлүгүндө  турган

соттолгон аскер кызматчыларына карата.

     Мунапыс жөнүндөгү мыйзамды  колдонуу  же  колдонуудан  баш  тартуу

жөнүндө тергөөчү,  жазык-аткаруу инспекциясынын,  ички иштер органынын,

түзөтүү мекемесинин,  гарнизондун начальниги, аскер бөлүгүнүн командири

токтом чыгарат, ал прокурор бекиткенден кийин күчүнө кирет; прокурор же

анын орун басары токтом чыгарат;  судья токтом  же  өкүм  чыгарат;  сот

аныктама же өкүм чыгарат; Кыргыз Республикасынын Жогорку соту токтом же

аныктама чыгарат.

     Сот жыйналышында мунапыс жөнүндөгү мыйзамды колдонуу жөнүндөгү ма-

селени кароодо прокурор сөзсүз катышат.

 

                               II Глава

                             Ырайым кылуу

 

     14-статья. Ырайым кылуу жөнүндө жалпы жоболор

 

     Ырайым кылуу  -  соттолгон  адамды жазадан толук же жарым-жартылай

бошотуу же сот дайындаган жазаны кыйла жењил жазага алмаштыруу.

     Ырайым кылуу жөнүндө өтүнүч,  эреже катары,  өкүм мыйзамдуу күчүнө

киргенден кийин соттолгондордун жекече өтүнүчтөрү боюнча каралат.

 

     15-статья. Ырайым кылуу жөнүндө акт

 

     Ырайым кылуу белгилүү бир жеке адамга карата Кыргыз  Республикасы-

нын Президенти (мындан ары - Президент) тарабынан гана жүзөгө ашырылат.

     Ырайым кылуу жөнүндө акт өтүнүчү түшкөн соттолгондун тийиштүү  да-

регине багытталган Президенттин указы мекен кабыл алынат.  Ырайым кылуу

жөнүндө өтүнүч четке кагылган учурда Президент расмий чечим чыгарат.

     Ырайым кылуу   актысы  менен  Президент  төмөндөгүлөрдү  белгилеши

мүмкүн:

     1) адамды жазанын өтөлө элек бөлүгүн өтөөдөн бошотууну;

     2) өтөлө элек жазанын белгилүү бир бөлүгүн кыскартууну;

     3) дайындалган  жазаны же анын өтөлө элек бөлүгүн жазалоонун кыйла

жењил чарасына алмаштырууну;

     4) кошумча жаза аткарылбаган шартта андан бошотууну.

 

     16-статья. Ырайым кылуу маселелери боюнча комиссия

 

     Ырайым кылуу маселелерин алдын ала кароо үчүн Президент Ырайым кы-

луу маселелери боюнча комиссияны (мындан ары - Комиссия) түзөт.  Комис-

сия  өз  ишин  Президенттин указы менен бекитилген жобого ылайык жүзөгө

ашырат.

     Комиссиянын жекече  жана  сандык  курамы  Президенттин указы менен

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттарынын, коомдук бирик-

мелердин  жана  улуттук-маданий борборлордун өкүлдөрүнүн ичинен бекити-

лет.

 

     17-статья. Комиссиянын иш-милдеттери

 

     Комиссия өзүнө жүктөлгөн милдеттерди чечүү үчүн төмөндөгүлөрдү ка-

райт:

     1) Кыргыз Республикасынын соттору  тарабынан  соттолгон  адамдарга

ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчтөрдү;

     2) өмүр  бою  эркиндигинен  ажыратууга соттолгон жана ырайым кылуу

жөнүндө өтүнүч бербеген адамдарга тийиштүү материалдарды;

     3) Кыргыз Республикасынын соттору өмүр бою эркиндигинен ажыратууга

өкүм кылган  адамдарга  карата  ырайым  кылууну колдонуу жөнүндө Кыргыз

Республикасынын Башкы прокурорунун сунуштамасын.

     Комиссия Президентке төмөндөгүдөй корутундуларды киргизет:

     1) өмүр бою эркиндигинен ажыратууну белгилүү мөөнөткө эркиндигинен

ажыратууга алмаштыруу;

     2) жазаны өтөөдөн толук же жарым-жартылай бошотуу;

     3) эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазанын өтөлө элек бөлүгүн кый-

ла жењил жазага алмаштыруу.

     (Кыргыз Республикасынын  2007-жылдын  25-июнундагы N 91 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     18-статья. Өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамга

                ырайым кылуу

 

     Өмүр бою  эркиндигинен ажыратууга соттолгон ар бир адам ырайым кы-

луу жөнүндө өтүнүч билдирүүгө укуктуу.

     Өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдар, аларга мыйзам-

дуу күчүнө  кирген  өкүмдүн  же  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун

токтомунун (аныктамасынын)  көчүрмөлөрү  тапшырылган  күндөн  тартып он

сутканын ичинде  ырайым  кылуу жөнүндө өтүнүч менен Президентке кайрыла

алышат.

     Эгерде өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгон адам көрсөтүлгөн

мөөнөттө ырайым  кылуу  жөнүндө  өтүнүч  бербесе же мындай өтүнүч менен

кайрылгысы келбегендигин  билдирсе, тергөө изоляторунун администрациясы

ырайым кылуу жөнүндө өтүнүч берүүдөн баш тартуу жөнүндө акт түзөт.

     Өтүнүч же  ырайым кылуу жөнүндө өтүнүч берүүдөн баш тартуу тууралу

акт өтүнүч  алынган же өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгон адам-

дын ырайым  кылуу  жөнүндө  өтүнүч берүүдөн баш тарткандыгы тууралу акт

түзүлгөн күндөн  тартып  үч күндөн кечиктирилбестен Президентке жөнөтү-

лөт.

     (Кыргыз Республикасынын  2007-жылдын  25-июнундагы N 91 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     19-статья. Өлүм жазасына өкүм кылынган адамга карата өкүмдү

                аткаруу

     (Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 25-июнундагы N 91 Мыйзамына

     ылайык алынып салынды)

 

     20-статья. Кайталап өтүнүч берүү

 

     Өзгөчө оор кылмыш үчүн соттолгон адамдын ырайым кылуу жөнүндө өтү-

нүчү четке  кагылган учурда, көњүл бурууга татыктуу жањы жагдайлар бол-

богондо бир  жыл, өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгонго - он жыл

өткөндөн кийин,  ал эми башка кылмыштар үчүн соттолгон адамдарга карата

- мурдагы  өтүнүч  четке  кагылган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин

кайталап өтүнүч берилиши мүмкүн.

     Көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөнгө чейин келип түшкөн  кайталап  берилген

өтүнүчтөр болгон материалдарга кошо тиркелет.

     (Кыргыз Республикасынын  2007-жылдын  25-июнундагы N 91 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

Караңыз:

КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2016-жылдын 18-октябрындагы № 5-р чечими

 

     21-статья. Ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчтү кароодо эске алынуучу

                жагдайлар

 

     Ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчтөр,  эреже катары, соттолгондордун же-

кече  өтүнүчтөрү боюнча жана өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин гана

каралат.

     Ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчтү кароодо төмөндөгүлөр эске алынат:

     1) жасалган кылмыштын мүнөзү жана коомдук коркунучтуулугунун дара-

жасы, соттолгондун инсандыгы, анын жүрүм-туруму, эмгекке карата мамиле-

си, жазанын өтөлгөн мөөнөтү;

     2) түзөтүү  мекемесинин администрациясынын,  байкоочу комиссиянын,

жашы жетпегендер боюнча комиссиянын, коомдук уюмдардын жана эмгек жама-

аттарынын ой-пикирлери.

     Ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчтү кароодо башка жагдайлар да эске алы-

нышы мүмкүн.

 

     22-статья. Көњүл бурууга арзыган жагдайлар же өтүнүчтөр

 

     Оњолуу жолуна түшпөгөн же сот тарабынан дайындалган жазанын мөөнө-

түнүн аз эле бөлүгүн өтөгөн соттолгондордун ырайым кылуу жөнүндөгү өтү-

нүчтөрү, ошондой  эле оор кылмыштар үчүн соттолгон, болбосо өзгөчө кор-

кунучтуу өнөкөт кылмыш жасаган катары соттолгон адамдардын ырайым кылуу

жөнүндөгү өтүнүчтөрүндө  көњүл  бурууга  арзыган  жагдайлар болгондо же

Кыргыз Республикасынын  Жогорку  Кењешинин депутаттарынын, прокуратура,

улуттук коопсуздук,  азык-аткаруу  тутумунун органдарынын, коомдук уюм-

дардын же  эмгек жамааттарынын өтүнүчтөрү болгондо гана Комиссиянын ка-

роосуна киргизилет.

     (Кыргыз Республикасынын  2007-жылдын  25-июнундагы N 91 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     23-статья. Ырайым кылуунун өзгөчө учурлары

 

     Эгерде өзгөчө  коркунучтуу өнөкөт кылмыш жасаган адамдар,  ошондой

эле мурда мунапыс берүү,  ырайым кылуу,  болбосо жазадан шарттуу  түрдө

мөөнөтүнөн мурда бошотуу же жазаны кыйла жењил жазага алмаштыруу колдо-

нулган адамдардын соттолгондугу жоюлганга же  алынып  салынганга  чейин

кайрадан атайын кылмыш жасашса, алар өзгөчө учурларда гана ырайым кылы-

нышы мүмкүн.

 

     24-статья. Өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдардын

                өтүнүчтөрүн кароонун тартиби

 

     Президенттин атына  келип  түшкөн өмүр бою эркиндигинен ажыратууга

соттолгон адамдарга  ырайым кылуу жөнүндөгү өтүнүчтөр же бул адамдардын

ырайым кылуу  жөнүндө өтүнүч берүүдөн баш тарткандыгы тууралу материал-

дар Комиссия  караганга чейин Кыргыз Республикасынын Юстиция министрли-

гине, улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик органга жана Башкы прокура-

турасына жөнөтүлөт, алар эки айлык мөөнөттөн кечиктирбестен кабыл алын-

ган соттук  чечимдердин  мазмунун, кылмыш жасоонун жагдайларын, соттол-

гондордун инсандыгы жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен ар бир өтүнүч-

түн же  өтүнүч  берүүдөн баш тартуу жөнүндөгү материалдын мањызы боюнча

өздөрүнүн корутундуларын беришет.

     (КР 2007-жылдын  25-июнундагы  № 91, 2008-жылдын 13-октябрындагы №

211 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

 

     25-статья. Өзгөчө коркунучтуу мамлекеттик кылмыш үчүн эркиндигинен

                ажыратууга өкүм кылынган адамдарга ырайым кылуу жөнүндө

                өтүнүчтөр боюнча корутунду

 

     Өзгөчө коркунучтуу мамлекеттик кылмыш үчүн эркиндигинен ажыратууга

өкүм кылынган адамдарга ырайым кылуу жөнүндө Комиссиянын кароосуна кир-

гизилген өтүнүчтөр  боюнча  Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору жана

Улуттук коопсуздук  боюнча мамлекеттик органдын жетекчиси өздөрүнүн ко-

рутундуларын беришет.

     (КР 2008-жылдын  13-октябрындагы  №  211  Мыйзамынын  редакциясына

ылайык)

 

     26-статья. Ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчтөрдү киргизүүнүн тартиби

 

     Соттолгондордун түзөтүү мекемесинин администрациясы аркылуу берген

ырайым   кылуу   жөнүндө   өтүнүчтөрү,   соттордун  бардык  өкүмдөрүнүн

көчүрмөлөрү,  администрациянын жана байкоочу комиссиянын же жашы жетпе-

гендердин  иштери  боюнча комиссиянын ой-пикирлерин көрсөтүү менен сот-

толгондордун иши жана жүрүм-туруму жөнүндө толук мүнөздөмөлөр,  ошондой

эле  ырайым кылуу жөнүндөгү маселени кароо үчүн мааниге ээ болгон башка

документтер жана маалыматтар тиркелип Президенттин кароосуна жөнөтүлөт.

     Эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарга ырайым кылуу жөнүндөгү

өтүнүчтөр Президенттин кароосуна соттолгонго карата ырайым кылууну кол-

донуу жөнүндө Комиссиянын сунуштары болгондо киргизилет.  Эгерде Комис-

сия ырайым кылууну колдонуу жөнүндө сунуштарды киргизүү үчүн негиздерди

таппаса,   бул  жөнүндө  Президентке  маалымат  берилет,  ал  эми  арыз

берүүчүлөргө ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчтөрү четке кагылгандыгы тууралу

билдирилет.

 

     27-статья. Текшерүүгө муктаж болгон ырайым кылуу жөнүндөгү

                өтүнүчтөр

 

     Соттоонун негизсиздигин белгилеген же мыйзамдуулуктун башка бузуу-

ларын  текшерүү  муктаждыгын  камтыган ырайым кылуу жөнүндөгү өтүнүчтөр

текшерүү үчүн алдын ала прокуратура жана сот органдарына жөнөтүлөт.

 

     28-статья. Ырайым кылуу маселелери боюнча Президенттин актыларын

                аткаруу

 

     Президенттин ырайым   кылуу  жөнүндө  жана  ырайым  кылуу  тууралу

өтүнүчтү четке кагуу  жөнүндө  указдарын  аткаруу  үчүн  төмөндөгүлөргө

жөнөтүлөт:

     1) өмүр  бою эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарга карата, -

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна;

     2) эркиндигинен  ажыратууга, шарттуу түрдө эркиндигинен ажыратууга

же өкүмдүн аткарылышын кийинкиге калтыруу менен, эркиндигинен ажыратпай

туруп коомдук  иштерге соттолгон адамдарга карата, - Кыргыз Республика-

сынын Ички иштер министрлигине жана Юстиция министрлигине;

     3) тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо түрүндө жазага  өкүм  кылынган

аскер кызматчыларына карата, - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрли-

гине;

     4) эркиндигинен  ажыратууга байланышпаган жазалоонун башка чарала-

рына өкүм кылынгандарга карата,  - Кыргыз Республикасынын Жогорку соту-

на.

     (Кыргыз Республикасынын  2007-жылдын  25-июнундагы N 91 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     29-статья. Өкүмдөрдүн аткарылышы жөнүндө билдирүүлөр

 

     Өмүр бою  эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарга карата өкүм-

дүн аткарылышы  жөнүндө  билдирүүлөр Президентке Кыргыз Республикасынын

Юстиция министри  тарабынан,  ал  эми жазанын башка чаралары аныкталган

адамдарга ырайым  кылуу жөнүндө указдардын аткарылышы жөнүндө билдирүү-

лөр - бул указдарды аткаруу жүктөлгөн органдар тарабынан жөнөтүлөт.

     (Кыргыз Республикасынын  2007-жылдын  25-июнундагы N 91 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

     30-статья. Өкүмдү жањы ачылган жагдайлар боюнча же көзөмөлдүк

                тартибинде бузуу же өзгөртүү

 

     Президент тарабынан мурда ырайым кылуу колдонулган  соттолгондорго

карата  жањы  ачылган жагдайлар боюнча же көзөмөлдүк тартибинде өкүмдөр

бузулган же өзгөртүлгөн учурда соттор кабыл  алынган  чечимдер  жөнүндө

Президентке маалымат беришет.

 

                               III Глава

                           Корутунду жоболор

 

     31-статья. Эл аралык мыйзамдар

 

     Эгерде Кыргыз Республикасы ратификациялаган келишимде ушул Мыйзам-

да камтылгандардан бөлөк ченемдер белгиленсе,  эл аралык келишимдин че-

немдери колдонулат.

 

     32-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

 

     Ушул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

     Кыргыз Республикасынын Президенти               А.Акаев

 

     2002-жылдын 28-майында             Кыргыз Республикасынын Жогорку

                                        Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны

                                        тарабынан кабыл алынган