Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\096aad71-243c-42f4-948e-12e0a5ebaf92\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2002-жылдын 5-июлу № 113

Аксакалдар соттору жөнүндө

(КР 2003-жылдын 30-июлундагы № 158, 2009-жылдын 12-июнундагы № 181,
2013-жылдын 30-июлундагы № 169
, 2014-жылдын 18-июлундагы № 144,
2016-жылдын 19-апрелиндеги № 46,  2017-жылдын 27-апрелиндеги № 64 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

I Бөлүм. Жалпы жоболор

II Бөлүм. Аксакалдар сотторун уюштуруу тартиби

III Бөлүм. Аксакалдар сотторунун иштерди (материалдарды) кароосунун тартиби

IV Бөлүм. Аксакалдар сотунун чечими

V Бөлүм. Аксакалдар соттору колдонгон таасир көрсөтүү чаралары

VI Бөлүм. Аксакалдар сотторунун чечимдерине даттануунун жана аны аткаруунун тартиби

VII Бөлүм. Аксакалдар сотторунун башка органдар менен өз ара мамилеси

VIII Бөлүм. Корутунду жобо

 

Ушул Мыйзам аксакалдар сотторунун укуктук негиздерин, уюштурулуш жана иш принциптерин аныктайт.

 

I Бөлүм
Жалпы жоболор

 

1-статья. Аксакалдар соттору

 

Аксакалдар соттору - булар ыктыярдуу башталыштарда жана шайлануучулук жана өз алдынча башкаруу негизинде түзүлүүчү, белгиленген тартипте сот, прокурор, кылмыш иштерин кароо укугуна ээ башка укук коргоо органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жөнөтүлүүчү материалдарды, ошондой эле жарандардын ортосундагы талаш-тартыштар боюнча иштерди ушул Мыйзамда белгиленген учурларда жана тартипте кароону жүзөгө ашырууга чакырылган коомдук органдар.

Аксакалдар соттору жарандардын, жергиликтүү кеңештердин чогулушунун чечими боюнча айылдык аймактардын, шаарлардын аймагында аксакалдардан - сый-урматка жана кадыр-баркка ээ болгон эркектер жана аялдардан уюштурулушу мүмкүн.

Аксакалдар соттору юридикалык жак болуп эсептелбейт жана юстиция органдарында катталууга алынбайт. Аксакалдар сотторунун аталышы жазылган мөөрү жана штамптары болот.

(КР 2003-жылдын 30-июлундагы № 158, 2009-жылдын 12-июнундагы № 181, 2013-жылдын 30-июлундагы № 169, 2014-жылдын 18-июлундагы № 144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

2-статья. Аксакалдар сотторунун ишинин укуктук негизи

 

Аксакалдар сотторунун ишинин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары түзөт.

Аксакалдар соттору, ошондой эле өзүнүн ишинде өздөрүнүн абийирин, жеке ынанымдарын, Кыргызстандын элдеринин үрп-адаттарынан жана салт-санаасынан улам тарыхый жактан калыптанган адеп-ахлактыктын жана ыймандуулуктун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген ченемдерин жетекчиликке алышат.

 

3-статья. Аксакалдар сотторунун негизги милдеттери

 

Аксакалдар сотторунун негизги милдеттери:

- жарандардын бузулган же талаш-тартышка түшкөн укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо;

- мыйзамдуулукту жана укук тартибин чыңдоого көмөк көрсөтүү жана айылдык аймактын жана шаарлардын аймагында укук бузуулардын алдын алуу;

- жарандарды мыйзамды, үрп-адаттардан жана салттардан улам тарыхый жактан калыптанган адеп-ахлактыктын жана ыймандуулуктун ченемдерин урматтоого тарбиялоо болуп саналат.

Аксакалдар соттору ынандыруу жана коомдук таасир көрсөтүү, тараптардын жарашуусуна жетишүү жана республиканын мыйзамдары менен башка ченемдик актыларына каршы келбеген, акыйкат чечим чыгаруу жолу менен иштейт.

(КР 2014-жылдын 18-июлундагы № 144 мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

4-статья. Аксакалдар сотторунун иш-милдеттери

 

Аксакалдар соттору:

- жарандык-процесстик мыйзамдарда каралган тартипте жарандык иштер боюнча жергиликтүү соттор тарабынан жөнөтүлгөн;

- жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык коомдук таасир көрсөтүү чараларын колдонуу үчүн соттор, прокурорлор, прокурордун санкциясы менен тергөө жана алгачкы тергөө органдары тарабынан жөнөтүлгөн кыскартылган жазык иштери боюнча материалдарды.

Аксакалдар соттору тарабынан, ошондой эле тараптарды жана ушул Мыйзамда каралган башка иштерди жараштырууга жетишүү максатында мүлктүк жана үй-бүлөлүк талаш-тартыштарды чечүү үчүн жарандардын өздөрүнүн арызы боюнча (тараптардын макулдугу менен) иштер каралышы мүмкүн.

Аксакалдар соттору мурда эле сот чечими чыгарылган, администрациялык жаза чаралар көрүлгөн же өзүнүн компетенциясынын чегинде аксакалдар сотунун чечими чыккан материалдарды кароого акысыз.

(КР 2003-жылдын 30-июлундагы № 158 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

5-статья. Сот өндүрүшү жүргүзүлгөн тил

 

Аксакалдар сотунун сот өндүрүшү мамлекеттик же расмий тилде, болбосо ошол жердеги калктын көпчүлүгүнүн тилинде жүргүзүлөт.

Аксакалдар соту жазуу жүзүндөгү бардык далилдерди ишти кароодо колдонулууга тийиш болгон тилге котортуп берүүсүн тараптардан талап кыла алат.

 

6-статья. Аксакалдар сот өндүрүшүнүн айкындуулугу

 

Аксакалдар сотторунда териштирүү ачык жүргүзүлөт.

Он алты жашка чыга элек адамдардын иштеринде, үй-бүлөлүк талаш-тартыштарда тараптардын биринин өтүнүчү менен ишке катышкандардын жашоо-турмушунун купуя сырлары жөнүндө маалыматтардын таралышын алдын алуу максатында соттун жүйөлөштүрүлгөн чечими боюнча жабык жыйналышка жол берилет.

Аксакалдар соту өзүнүн жыйналышында жыйналышка катышуучулардын түшүндүрмөлөрүн угууга, судьяларда жана жыйналышка катышуучуларда болгон документтерди жарыялоого милдеттүү.

 

7-статья. Иштерди кароодогу коллегиялдуулук

 

Аксакалдар сотторунда иштер коллегиялдуу-төрагалык кылуучу менен соттун мүчөлөрүнүн курамында каралат.

Аксакалдар соту иштерди курамдын үчтөн экиси катышканда кароого укуктуу, алардын саны так эмес болууга тийиш.

 

II Бөлүм
Аксакалдар сотторун уюштуруу тартиби

 

8-статья. Аксакалдар сотторунун мүчөлөрүнүн саны

 

Аксакалдар соттору 5тен кем эмес жана 9дан ашык эмес адамдардын курамында шайланат, ошону менен бирге алардын саны милдеттүү түрдө так эмес болууга тийиш.

 

9-статья. Аксакалдар сотторунун мүчөлөрүнө карата коюлган талаптар

 

Аксакалдар сотунун курамына элүү жашка чыккан, бүткөн жалпы орто билимге ээ, көрсөтүлгөн жерде беш жылдан кем эмес жашаган, соттуулугу жок, айылдык аймактын жана шаарлардын калкынын арасында урмат-сыйга жана кадыр-баркка ээ, ишкердик жана адеп-ахлактык сапаттары боюнча аксакалдар сотторунун алдына коюлган милдеттерди аткарууга жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жарандары шайлана алышат.

Аксакалдар сотунун мүчөлүгүнө талапкерлер жарандар (тургундар) жана ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлөт.

(КР 2003-жылдын 30-июлундагы № 158, 2009-жылдын 12-июнундагы № 181, 2013-жылдын 30-июлундагы № 169, 2014-жылдын 18-июлундагы № 144, 2016-жылдын 19-апрелиндеги № 46 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

10-статья. Аксакалдар сотторун түзүүнүн принциптери

 

Аксакалдар соттору эреже катары айылдык аймакта бир калктуу конушта - бир аксакалдар соту, болбосо бир айыл өкмөтүндө - бир аксакалдар соту принциби боюнча түзүлөт.

Шаарларда аксакалдар соттору:

- эгерде тургундарынын саны 25 миңден ашпаса - бир аксакалдар соту;

- эгерде тургундарынын саны 25 миңден 50 миңге чейинди түзсө - эки аксакалдар соту жана ушул сыяктуу принцип боюнча түзүлөт.

Кичи райондору бар шаарларда аксакалдар соттору тургундардын санына карабастан бир кичи райондо - бир аксакалдар соту принциби боюнча түзүлөт.

(КР 2014-жылдын 18-июлундагы № 144 мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

11-статья. Аксакалдар сотторун шайлоонун тартиби

 

Аксакалдар сотторунун мүчөлөрү жашаган жери боюнча жарандардын жалпы чогулуштарында, ошондой эле коомчулуктун Кеңештеринин конференцияларында, жергиликтүү кеңештердин сессияларында ачык добуш берүү менен үч жылдык мөөнөткө шайланышат. Аксакалдар сотторунун төрагаларын өздөрүнүн ичинен аксакалдар сотторунун мүчөлөрү шайлайт.

Аксакалдар сотторун шайлоо боюнча чогулуш жергиликтүү кеңештер же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан же болбосо 50 адамдан кем эмес жарандардын демилгеси боюнча чакырылышы мүмкүн. Шайлоо күнү жөнүндө билдирүү жергиликтүү кеңеш тарабынан бир ай мурда жүзөгө ашырылат.

Чогулушка катышкандардын көпчүлүк добушун алган жарандар соттун курамына шайланды деп эсептелинет. Эгерде чогулушка ошол калктуу конуштун аракетке жөндөмдүү 50дан кем эмес жарандары катышса, чогулуш ыйгарым укуктуу деп эсептелинет.

Аксакалдар сотторунун мүчөлөрү өздөрүнүн курамынан төраганы жана катчыны шайлашат.

Бир почта дареги боюнча жашаган жана бир үй-бүлөгө кирген адамдардын атынан алардын өкүлү (үй-бүлө башы же үй-бүлөнүн башка мүчөсү) чыга алат.

Коомдук кеңештин, жергиликтүүкеңештердин сессияларынын чечимдерин кабыл алуунун тартиби алардын уставдары жана регламенттери менен жөнгө салынат.

(КР 2003-жылдын 30-июлундагы № 158, 2014-жылдын 18-июлундагы № 144, 2016-жылдын 19-апрелиндеги № 46 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

12-статья. Аксакалдар сотторун каттоо

 

Ушул Мыйзамдын жоболорунун талаптарына ылайык уюштурулган аксакалдар соттору жергиликтүү кеңештерде катталат.

Аксакалдар сотторун каттоо үчүн жергиликтүү кеңештерге ошол калктуу конуштун тургундарынын чогулушунун протоколу, болбосо аксакалдар сотун уюштуруу жана анын мүчөлөрүн шайлоону ырастаган тийиштүү коомчулуктун Кеңешинин конференциясынын протоколу, ошол аймакта жашагандардын сандык курамы жөнүндө мамлекеттик органдын маалымкаты, шайланган аксакалдар сотунун мүчөлөрү кол койгон аксакалдар сотун каттоо жөнүндөгү арыз, аксакалдар сотунун мүчөлөрүнүн паспортторунун көчүрмөлөрү берилет.

Аксакалдар сотторунун мүчөлөрүн тийиштүү коомчулуктун Кеңештеринин конференцияларында шайлоодо, ошол аймакта жашагандардын сандык курамы жөнүндөгү мамлекеттик органдын маалымкаты талап кылынбайт.

Жергиликтүү кеңештердин талабы боюнча аксакалдар сотун уюштурууга байланыштуу башка документтер да берилет.

(КР 2014-жылдын 18-июлундагы № 144 мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

13-статья. Аксакалдар сотунун мүчөсүнөн баш тартуу билдирүү

 

Аксакалдар сотунун мүчөсү, эгерде ал талашып-тартышкан тараптардын жакын тууганы болсо, ошондой эле соттун мүчөсү иштин жыйынтыгына кызыкдар деп эсептөөгө негиз берген башка жагдайлар болсо, иштерди (материалдарды) кароого катыша албайт.

Аксакалдар сотунун мүчөсүнөн баш тартуу билдирүү:

- ишке катышкан жактардын арызы боюнча;

- аксакалдар сотунун башка мүчөлөрүнүн арыздары боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.

Аксакалдар сотунун мүчөсү ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздер менен өзүнүн баш тартуусу жүнүндөгү арызы боюнча баш тартууга тийиш.

Аксакалдар соту аксакалдар сотунун мүчөсүнүн баш тартуу билдирүү же өзүнүн баш тартуусу жөнүндөгү арызды карап, анын жыйынтыгында иштин маңызы боюнча чечим кабыл алат.

Аксакалдар сотунун мүчөсүнөн баш тартуу аксакалдар сотунун өзүнүн мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынган чечими боюнча жүргүзүлөт.

 

14-статья. Аксакалдар сотунун мүчөсүн соттун курамынан чыгаруу

 

Аксакалдар сотунун мүчөсү соттун курамынан төмөнкүдөй негиздер боюнча чыгарылышы мүмкүн:

- аксакалдар сотунун мүчөлүгүнөн баш тартуу;

- аксакалдар сотунун мүчөсүнүн өлүмү;

- ыйгарым укугунун мөөнөтүнүн бүтүүсү;

- жашаган жеринин өзгөрүшү (ошол калктуу конуштан көчүп кетүүсү);

- жазык жоопкерчилигине тартылуусу жана соттолуусу;

- аксакалдар сотунун мүчөсүн чакыртып алуу.

Аксакалдар сотунун мүчөсү аны шайлаган жарандардын жалпы чогулушу, тийиштүү Коомдук кеңештердин конференциясы, болбосо жергиликтүүкеңештердин сессиялары тарабынан:

- эгерде ага жүктөлгөн милдеттерди аткара албаса;

- татыксыз жүрүм-турумуна байланыштуу;

- эгерде укук бузууларды жана аксакалдар сотунун мүчөсүнүн наамына ылайык келбеген башка жоруктарды жасаса, кайра чакыртылып алынышы мүмкүн.

Соттун чыгарылган мүчөсүнүн ордуна аксакалдар сотунун жаңы мүчөсүн шайлоо ушул Мыйзамдын 11-статьясында каралган тартипте жүргүзүлөт.

Аксакалдар сотунун ыйгарым укугунун мөөнөтүнүн бүтүшүнө байланыштуу соттун курамынан чыгарылган мүчөсү кайрадан шайланышы мүмкүн.

 

III Бөлүм
Аксакалдар сотторунун иштерди (материалдарды) кароосунун тартиби

 

15-статья. Аксакалдар соттору караган иштер (материалдар)

 

Аксакалдар соттору төмөнкүдөй иштерди (материалдарды) кароого укуктуу:

а) жарандардын мүлктүк жана үй-бүлөлүк талаш-тартыштары жөнүндө:

- мүлктүк карыздарды төлөтүп алуу боюнча;

- мүлктү бөлөк бирөөнүн мыйзамсыз ээлөөсүнөн кайра суратып алуу боюнча;

- мүлктү бөлөк бирөөнүн мыйзамсыз ээлөөсүнөн кайтарып алуу боюнча;

- сактоого коюлган мүлктү кайтарып алуу боюнча;

- ижаралык төлөөнү өндүрүп алуу боюнча;

- зыян келтирилген мүлктүн ордун толтуруу боюнча;

- жубайлардын жалпы орток мүлкүн бөлүштүрүү боюнча;

- улуттук нике мамилелери жана нике-үй-бүлө мамилелери менен байланышкан каада-салттар боюнча;

б) ата-энелердин, үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнүн балдарды багуу жана тарбиялоо боюнча милдеттерин аткарбаганы жөнүндө;

в) бойго жеткен балдардын эмгекке жарамсыз ата-энелерин же аларды белгиленген тартипте тарбиялаган жана баккан адамдарды багуу боюнча милдеттерин аткарбаганы жөнүндө;

г) эмгек келишими боюнча аткарылган иш үчүн акы төлөө жөнүндө;

д) жер участокторун пайдалануучулардын ортосундагы сугат боюнча талаштар;

е) коомдон обочолонтуу менен байланышпаган жаза каралган анчейин оор эмес кылмыштар боюнча;

ж) адамдын жосунунда кылмыштын курамы болбогон учурларда, үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу.

(КР 2003-жылдын 30-июлундагы № 158 , 2013-жылдын 30-июлундагы № 169, 2017-жылдын 27-апрелиндеги № 64 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

16-статья. Аксакалдар сотторунда иштерди (материалдарды) кароо мөөнөттөрү

 

Аксакалдар соту ишти (материалдарды) ал сотко келип түшкөн учурдан тартып 15 күндүк мөөнөттө карайт. Зарыл болгон учурларда (материалдарды) иштерди кароонун мөөнөтү материалдарды суратып алуу, болбосо сотко катышуучулардын кошумча маалыматтарды берүүсүнүн мөөнөтүнө узартылышы мүмкүн, бирок ал 15 күндөн ашпайт.

Эгерде бир ай бою кворум болбой калган учурларда аксакалдар сотторунун башка чечими кабыл алынбаса, аксакалдар сотторуна тийиштүү мамлекеттик органдар же алардын кызмат адамдары тарабынан өткөрүлүп берилген иштери (материалдары), ошондой эле жарандардан түшкөн арыздарды алар кайра суратып ала алышат.

(КР 2003-жылдын 30-июлундагы № 158 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

17-статья. Аксакалдар сотторунун иштерди (материалдарды) кароосунун убактысы жана орду

 

Аксакалдар сотторунун иштерди (материалдарды) кароо убактысы соттун төрагасы тарабынан аныкталат. Аксакалдар сотунда катышуусу зарыл болгон адамдарды заседаниеге чакыруу соттун төрагасы тарабынан милициянын бөлүктүк инспектору аркылуу жүргүзүлөт. Бул адамдарды кабарлоо өз учурунда, бирок кеминде үч күн мурда жүргүзүлөт.

Эгерде аксакалдар соттоору ишти кароонун башка ордун аныктабаса, аксакалдар соттору иштерди (материалдарды) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары бөлүп берген жайларда карайт.

Аксакалдар соту төмөнкүдөй учурларда:

- эгерде анын аймагында укук бузуулар болсо;

- жашаган жерине карабастан эгерде жоопкер анын аймагында жашаса

арыз берүүчүлөрдүн өтүнүчү боюнча;

- эгерде укук бузуучу, болбосо жабырлануучу, жабырлануучу болбосо

жоопкер анын аймагында жашаса башка аксакалдар сотторунун өтүнүчү

боюнча ишти (материалдарды) карайт.

(КР 2003-жылдын 30-июлундагы № 158, 2014-жылдын 18-июлундагы № 144 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

18-статья. Аксакалдар сотторунун ишти (материалдарды) кароонун негизи

 

Аксакалдар сотторунун ишти (материалдарды) кароо үчүн төмөндөгүлөр негиз болуп эсептелет:

а) жергиликтүү кеңештердин же алардын аткаруу органдарынын сунуштамасы;

б) администрациялык жаза берүү укугуна ээ мамлекеттик органдын же анын кызмат адамынын берген иши;

в) сот, прокурор жана кылмыш иштерин кароо укугуна ээ башка укук коргоо органдары тарабынан өткөрүлүп берилген материалдар;

г) жарандардын арызы;

д) башка аксакалдар сотторунун арыздары.

(КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 169, 2014-жылдын 18-июлундагы № 144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

19-статья. Ишти (материалдарды) кароого даярдоо боюнча аксакалдар сотунун иш-аракети

 

Аксакалдар соту ишти (материалдарды) кароо менен байланыштуу арыздарды жана башка материалдарды текшерүүнү жүргүзөт. Текшерүүнү соттун төрагасы, ошондой эле анын тапшыруусу боюнча соттун мүчөсү жүргүзө алат.

Зарыл болгондо аксакалдар сотуна тартылган адам, жабырлануучу, күбөлөр сурак беришет же алардан түшүнүк алышат.

Анын жыйынтыктары боюнча текшерүү жүргүзгөн адам корутунду жазат, анда иштин нукура жагдайы, жасалган жоруктун себептери, аксакалдар сотуна тартылган адам жөнүндөгү маалыматтар көрсөтүлөт.

 

20-статья. Талаш-тартыштын катышуучуларын колдо болгон материалдар менен тааныштыруу

 

Аксакалдар соту аксакалдар сотуна тартылган адамды, ошондой эле жабырлануучуну жана талаш-тартыштын башка катышуучуларын колдо болгон материалдар менен тааныштырууга милдеттүү.

Сотко тартылгандар, анын катышуучулары кошумча материалдарды суратып алуу жөнүндө расмий өтүнүч менен сотко кайрылууга укуктуу.

 

21-статья. Соттун жыйналышын ачуу

 

Ишти (материалдарды) кароо үчүн белгиленген убакытта төрага, болбосо анын тапшыруусу боюнча аксакалдар сотунун бир мүчөсү аксакалдар сотунун жыйналышын ачат жана кайсы иштер (материалдар) карала тургандыгын жарыялайт.

 

22-статья. Процесске катышуучу адамдардын келүүсүн текшерүү жана алардын укуктарын түшүндүрүү

 

Төрагалык кылуучу жыйналыш ачылгандан кийин сотко чакырылган адамдардын келгендигин тактайт, сотко тартылганга, жабырлануучуга жана процесстин башка катышуучуларына алардын укуктары жөнүндө түшүндүрөт, ошондон кийин адамдардан соттун курамынан баш тартуу же расмий өтүнүчтөрү бар же жок экендигин, ал эми мүлктүк жана үй-бүлөлүк талаш-тартыштар боюнча тараптардын алардын ишин аксакалдар сотунда кароосуна макулдугун тактайт.

Процесске катышып жаткан адамдар далилдерди текшерүүгө катышууга жана расмий өтүнүч билдирүүгө, анын ичинде кошумча материалдарды суратып алууга укуктуу.

(КР 2003-жылдын 30-июлундагы № 158 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

23-статья. Олуттуулугу боюнча ишти кароо

 

Баш тартуу жана расмий өтүнүү жөнүндө маселе чечилгенден кийин төрагалык кылуучу сотко тартылган адамдын жоругунун же укук бузуусунун олуттуулугун, ошондой эле жүргүзүлгөн текшерүүнүн, ал эми жарандардын арыздары боюнча талаш-тартыштын жүйөсү жана маңызы боюнча натыйжасын баяндайт.

Сот андан кийин сотко тартылгандын, жабырлануучунун, жоопкердин, күбөлөрдүн жана башка процесске катышуучулардын түшүндүрмөлөрүн угат жана иш боюнча зарыл материалдардын бардыгын карайт.

Процесске катышуучулар тарабынан толуктоолор жок болсо, төрагалык кылуучу ишти кароо аяктады деп жарыялайт жана сот чечим чыгаруу үчүн өзүнчө бөлмөгө кетет.

Кандайдыр бир кошумча маалымдоолорду же маалыматтарды алуу зарыл болуп калган учурда, сот жоруктун же укук бузуунун жарандардын арызынын олуттуулугу боюнча чечим чыгарбастан туруп, кийинкиге калтырууга же аны башка мөөнөткө которууга укуктуу.

Аксакалдар сотторунда ишти териштирүү акысыз жүргүзүлөт.

(КР 2003-жылдын 30-июлундагы № 158 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

24-статья. Аксакалдар сотунун заседаниесинин соттук протоколу

 

Иш каралып жаткан учурда аксакалдар сотунун мүчөсү протокол жүргүзөт.

Аксакалдар сотунун протоколунда соттун курамы жөнүндө маалымдоолор, иштин мүнөзү, аны кароонун убактысы жана орду, ишти кароодо аксакалдар сотунун заседаниесине катышкан адамдар жөнүндө маалыматтар, алардын арызы жана кыскача сөзү (түшүндүрмөсү, расмий өтүнүчү) жана кабыл алынган чечим камтылууга тийиш.

Аксакалдар сотунун заседаниесинин протоколуна төрагалык кылуучунун жана катчынын колу коюлат.

(КР 2003-жылдын 30-июлундагы № 158 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

IV Бөлүм
Аксакалдар сотунун чечими

 

25-статья. Чечим чыгаруу

 

Аксакалдар сотунун олуттуулугу боюнча чыгарылган токтому чечим түрүндө болот.

Аксакалдар сотунун чечими ишти кароого катышкан соттун бардык мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Чечимге макул болбогон соттун мүчөсү өзүнүн өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө берет, ал чечимге тиркелет.

 

26-статья. Чечимдин негиздүүлүгү

 

Сот чечиминде соттун заседаниесинде текшерилген гана далилдерге негиздейт.

 

27-статья. Соттун чечиминин формасы жана мазмуну

 

Аксакалдар сотунун чечими жазуу жүзүндө баяндалып, анда төмөндөгүлөр көрсөтүлөт:

- чыгарылган чечимдин убактысы жана орду, чечим чыгарган соттун аталышы, ишти кароого катышкан соттор менен адамдардын курамы;

- талаш-тартыштын предмети же укук бузуунун мазмуну;

- сот тарабынан аныкталган иштин жагдайы, иштин жагдайы жөнүндө сот чыгарган тыянактын далилдери, соттун тигил же бул далилдерди четке каккан жүйө-себептери;

- чечим кабыл алууда сот жетекчиликке алган мыйзамдар;

- каралган материал боюнча аксакалдар соту кабыл алган корутунду;

- кабыл алынган чечимге даттануунун мөөнөтү жана тартиби;

- чечимди аткаруунун мөөнөтү.

Чечимге аксакалдар сотунун заседаниесинде ал жарыяланганга чейин төрагалык кылуучунун жана соттун мүчөлөрүнүн колу коюлат.

 

V Бөлүм
Аксакалдар соттору колдонгон таасир көрсөтүү чаралары

 

28-статья. Таасир көрсөтүү чаралары

 

Аскакалдар соту сотко тартылгандын күнөөсүн аныктоо менен төмөндөгү таасир көрсөтүү чараларынын бирөөнү колдонуу жөнүндө чечим чыгарат:

а) эскертүү берүү;

б) жабырланган тараптан эл алдында кечирим суроого милдеттендирүү;

в) коомдук уяткаруу жарыялоо;

г) материалдык зыяндын ордун толтурууну күнөөлүү тарапка милдеттендирүү;

д) Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген эң төмөнкү үч айлык акыга чейинки өлчөмүндө акчалай жазапул салуу.

Үй-бүлөлүк талаш-тартышта сот каралып жаткан талаш-тартыштын негизи боюнча чечим кабыл алат.

Эгерде аксакалдар соту мүлк жана үй-бүлөлүк талаш-тартыштар боюнча тараптардын жарашуусуна жетише албаса, ал каралып жаткан иштин негизи боюнча чечим кабыл алат.

Администрациялык укук бузган адамга карата колдонулган коомдук таасир көрсөтүү чарасы жөнүндө аксакалдар соту 10 күндүк мөөнөттүн ичинде материалды жөнөткөн органга (кызмат адамына) билдирүүгө милдеттүү.

Сот адамдын кадыр-баркына шек келтирген жаза жөнүндө чечим чыгарууга акысы жок.

Коомдук таасир көрсөтүү чараларынын белгиленген тизмеси толук делип эсептелинет жана кеңири чечмеленүүгө жатпайт.

Ушул Мыйзамда каралбаган таасир көрсөтүү чаралары колдонулган учурда, андай жаза мыйзамсыз деп эсептелет жана аткарууга жатпайт.

(КР 2003-жылдын 30-июлундагы № 158 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

29-статья. Акчалай жазапулдарды бөлүштүрүү

Аксакалдар соту тарабынан салынган акчалай жазапулдар жергиликтүү бюджетке чегерилет, анын 70 пайызы аксакалдар сотунун ишин жүзөгө ашырууну камсыз кылууга багытталат.

(КР 2016-жылдын 19-апрелиндеги № 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

VI Бөлүм
Аксакалдар сотторунун чечимдерине даттануунун жана аны аткаруунун тартиби

 

30-статья. Аксакалдар сотунун чечимдерине даттануунун тартиби

 

Аксакалдар сотунун чыгарган чечимине чечим чыгарылган адам жана ишти кароого катышкан башка адамдар тарабынан чечим чыгарылгандан тартып 10 күндүн ичинде даттанылышы мүмкүн.

Даттануу аксакалдар соту түзүлгөн аймактагы райондук же шаардык сотко берилет.

Даттануу ал келип түшкөн күндөн тартып 10 күндүн ичинде райондук же шаардык соттун судьясынын жеке өзү тарабынан каралат. Мында судья аксакалдар сотунун чыгарган чечими Кыргыз Республгкасынын колдонуудагы мыйзамдарына, ушул Мыйзамга, ошондой эле иштин жагдайларына ылайык келишин текшерет.

Эгерде райондук же шаардык сот даттанууну негиздүү деп тапса, анда ал жүйөлөштүрүү менен аксакалдар сотунун чечимин жокко чыгарат жана материалды кайра кароого жөнөтөт, болбосо ишти токтотот.

 

31-статья. Аксакалдар сотторунун чечимдерин аткаруунун тартиби

 

Келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндөгү, болбосо мүлктүк өндүрүү жөнүндөгү аксакалдар сотунун чечими сотко тартылган адам тарабынан соттун чечиминде көрсөтүлгөн мөөнөттө аткарылууга тийиш.

Аксакалдар соту өзүнүн чечимдеринин аткарылышына контролдук кылат.

 

32-статья. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуу

 

Тараптар белгиленген мөөнөттө чечимди аткарбаган учурда мажбурлап аткарууга аткартуу баракчасын аксакалдар соту жайгашкан аймактагы райондук же шаардык сот тарабынан берилет.

Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартууга аткартуу баракчасын берүү жөнүндөгү арыз анын пайдасына чечим чыгарган тараптын аймагында турган райондук же шаардык сотко берилет.

Арыз чечимди аткаруу мөөнөтү бүткөн күндөн тартып бир айдын ичинде берилиши мүмкүн.

Арызга аксакалдар сотунун чечими аткарылбай калгандыгын ырастоочу документтер тиркелет.

Белгиленген мөөнөтүнөн өткөрүү менен, болбосо зарыл документтер тиркелбей берилген арыз, каралбастан райондук же шаардык сот тарабынан кайтарылып берилет.

Аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арыз берүүнүн мөөнөтү жүйөлүү себептерден улам өткөрүлүп жибергенде тараптардын өтүнүчү боюнча мөөнөт райондук же шаардык сот тарабынан калыбына келтирилиши мүмкүн.

Арызды шаардык же райондук сот алган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө судья жеке өзү карайт. Мында судья аксакалдар сотунун чечими Кыргыз Республикасынын колдонулуп жаткан мыйзамына ылайык келишин текшерет.

Арызды кароонун жыйынтыктары боюнча аткартуу баракчасын берүү, болбосо аны берүүдөн баш тартуу жөнүндө аныктама чыгарылат.

 

VII Бөлүм
Аксакалдар сотторунун башка органдар менен өз ара мамилеси

 

33-статья. Аксакалдар сотторун материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу

Аксакалдар сотторунун ишин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу жана аксакалдар сотторунун мүчөлөрүн акчалай сыйлоо тийиштүү жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын, ошондой эле ар түрдүү юридикалык жактардан жана жарандардан түшкөн каражаттардын эсебинен, жергиликтүү кеңештер бекиткен тартипте жүзөгө ашырылат.

(КР 2016-жылдын 19-апрелиндеги № 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

34-статья. Аксакалдар сотуна усулдук жана башка жардамдарды көрсөтүү

 

Аксакалдар сотуна мыйзамдарды колдонуу боюнча усулдук жардам алардын аймагында түзүлгөн райондук (шаардык) соттор тарабынан көрсөтүлөт.

Аксакалдар сотторунун заседаниесинде укук тартибин, ошондой эле зарыл болгон учурда аксакалдар сотторунун заседаниесине укук бузгандарды, жооп берүүчүлөрдү мажбурлап алып келүүнү ички иштер органы камсыз кылат.

 

35-статья. Аксакалдар сотторунун отчеттуулугу

 

Аксакалдар соттору каралган иштин (материалдардын) статистикалык эсебин жүргүзүшөт.

Аксакалдар соттору өзүнүн иши жөнүндө жылына бир жолудан кем эмес аны түзгөн жарандардын жалпы чогулушуна, Коомдук кеңештин конференциясына, жергиликтүүкеңештердин сессияларына отчет берет.

 

36-статья. Аксакалдар соттору тарабынан каралуучу иштердин материалдарын сактоо

 

Аксакалдар соттору тарабынан иштер каралгандан кийин материалдар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына сактоо үчүн өткөрүлүп берилет.

(КР 2014-жылдын 18-июлундагы № 144 мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

VIII Бөлүм
Корутунду жобо

 

37-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

 

Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Ушул Мыйзам кабыл алынганга чейин түзүлгөн аксакалдар соттору иштеп жаткан статусун сактап калат.

Түзүлүп жана иштеп жаткан бирок райондук (шаардык) кеңештердин эсепке алуу каттоосунан өтпөгөн аксакалдар соттору, бир айлык мөөнөт ичинде ушул Мыйзамдын 12-статьясынын талаптарына ылайык каттоодон өтүүгө тийиш.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

А. Акаев