Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\d9caa3ea-8f17-4c3d-8a40-3836a9bb2dde\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2002-жылдын 30-июлу № 133

Ички жер которуу жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 16-октябрындагы № 144,
2011-жылдын 9-декабрындагы № 232, 2015-жылдын 27-январындагы № 27,
2015-жылдын 2-июлундагы № 142,
2016-жылдын 22-июлу № 131, 2017-жылдын 28-июлундагы № 160,
2017-жылдын 1-декабрындагы N 197 (2) Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

(Преамбула КР 2016-жылдын 22-июлу № 131 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

I глава
Жалпы жоболор

 

1-статья. Ушул Мыйзамда пайдаланылган негизги түшүнүктөр

 

Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:

ички жер которуу - Кыргыз Республикасынын жарандарынын ар кандай себептерден улам жашаган жерин туруктуу же убактылуу өзгөртүү максатында Кыргыз Республикасынын чегинде жер оодаруулары;

ички жер которуучу - Кыргыз Республикасынын чегинде ар кандай себептерден улам жашаган жерин туруктуу же убактылуу өзгөртүү максатында жер оодарган Кыргыз Республикасынын жараны;

аргасыз жер которуу - куралдуу кагылыш, массалык тартипсиздиктер, бөөдө кырсык, айлана-чөйрөнүн кескин начарлашы, экологиялык жана техногендик мүнөздөгү кыйроо жана адамдын иш-аракетинен улам келип чыккан башка авариялар жана кыйроолор сыяктуу өздөрүнүн өмүрүнө, саламаттыгына жана коопсуздугуна коркунуч туудурган жагдайлардан улам жарандардын Кыргыз Республикасынын чегинде жер оодаруулары;

аргасыз жер которуучу - куралдуу кагылыш, массалык тартипсиздиктер, бөөдө кырсык, айлана-чөйрөнүн кескин начарлашы, экологиялык жана техногендик мүнөздөгү кыйроо жана адамдын Кыргыз Республикасынын аймагындагы иш-аракетинен улам келип чыккан башка авариялар жана кыйроолор сыяктуу өздөрүнүн өмүрүнө, саламаттыгына жана коопсуздугуна коркунуч туудурган жагдайлардан улам өзүнүн жашаган жерин таштап Кыргыз Республикасынын чегинде жер оодарууга аргасыз болгон Кыргыз Республикасынын жараны;

калктын бирдиктүү мамлекеттик реестри - Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече эсепке алуунун бирдиктүү автоматташтырылган тутуму;

жашаган жери - Кыргыз Республикасынын жараны туруктуу же узагыраак жашаган жери;

турган жери - Кыргыз Республикасынын жараны убактылуу турган жери;

жекече маалыматтар - Кыргыз Республикасынын жаранынын ушул Мыйзамга ылайык топтолгон жекече белгилерине таандык маалымат;

- жеке идентификациялык номер - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга бир жолу ыйгарылуучу жана жекече (индивидуалдык) эсепке алуу чөйрөсүндөгү, ошондой эле күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана жазык сот өндүрүшүнүн башка катышуучуларынын укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, бул адамдарда өмүр бою өзгөрүүсүз сакталуучу индивидуалдык номер;

каттоочу - калктын бирдиктүү мамлекеттик реестрине маалыматтарды топтоого жана киргизүүгө ыйгарым укук берилген жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке маалыматтарынын Борбордук банкынын иштөөсү үчүн жооптуу мамлекеттик орган;

экологиялык жер которуучу - айлана-чөйрөнүн абалынын кескин начарлашынын кесепетинен же экологиялык кыйроодон улам өзүнүн жашаган жерин таштап Кыргыз Республикасынын чегинде башка жерге жер оодарууга аргасыз болгон жер которуучу.

(КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

11-статья. Жөнгө салуу предмети

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасындагы ички жер которуу жагындагы коомдук мамилелерди жөнгө салат, ички жер которуу процессинин жана ички аргасыз жер которуучу адамдар жана үй-бүлөлөр үчүн жаңы жашоочу жеринде жана турган жеринде зарыл шарттарды түзүүнүн укуктук, уюштуруучулук негиздерин аныктайт.

(КР 2016-жылдын 22-июлу № 131 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

2-статья. Ушул Мыйзамдын негизги милдеттери

 

Ушул Мыйзамдын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

- Кыргыз Республикасындагы ички жер которуу процесстерин жөнгө салуу;

- ички жер которуучулардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу;

- калктын бирдиктүү мамлекеттик реестрин киргизүү жана иштетүү;

- аргасыз жер которуучуларга колдоо көрсөтүү боюнча мамлекеттик органдардын иш-чараларды жүзөгө ашыруусу;

- жаңы жашаган жана турган жерлеринде ички жер которуучулар үчүн жашоонун зарыл шарттарын түзүү;

- ички жер которуу процесстерин укуктук жөнгө салуу механизмин өркүндөтүү.

 

3-статья. Кыргыз Республикасында ички жер которууну жөнгө салуунун негизги принциптери

 

Кыргыз Республикасында ички жер которууну жөнгө салуу төмөнкүдөй принциптерге негизделет:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекитилген адам укуктарын жана атап айтканда жашаган жерин жана турган жерин эркин тандап алуу, эркин жүрүү, жекече эркиндикке жана коопсуздукка болгон укугун камсыз кылуу;

- теги, жынысы, расасы, улуту, тили, туткан дини, саясий жана диний ынанымдарынан улам же жекече же коомдук мүнөздөгү кандайдыр бир башка шарттар жана жагдайлар боюнча кандайдыр бир басмырлоого, укуктарын жана эркиндиктерин кысымга алууга жол берилбестик;

- Кыргыз Республикасынын чегинде баш аламан жана тартипке салынбаган жер которуунун алдын алуу;

- ички жер которуучулардын, биринчи кезекте, экологиялык жана табигый кырсык чөлкөмдөрүнөн келген аргасыз жер которуучулардын демилгесин жана өз алдынчалуулугун колдоо боюнча жаңы жашаган жерин жашоого ыңгайлаштырууга жекече катышуусу;

- ички жер которуу процесстерин жөнгө салууда тийиштүү мамлекеттик органдардын өз ара, ошондой эле коомдук уюмдар менен кызматташтыгы.

 

4-статья. Ички жер которуу маселелерин жөнгө салуучу мыйзам актылары

 

Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын чегиндеги жер которуу процессинен келип чыгуучу Кыргыз Республикасындагы мамилелер Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.

Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын, анын ичинде качкындардын Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүүлөрүнүн жана аларды каттоонун маселелери тышкы жер которуу жөнүндө Мыйзамда, чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалы тууралу мыйзамда жана башка ченемдик укуктук актыларда жөнгө салынат. Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча ушул Мыйзамдын IV жана V главалары Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жайылтылышы мүмкүн.

(КР 2011-жылдын 9-декабрындагы № 232 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

5-статья. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар

(КР 2011-жылдын 9-декабрындагы № 232 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

II глава

Кыргыз Республикасынын чегинде жарандардын
эркин жүрүү, жашаган жерин жана турган жерин
эркин тандап алуу укугу

 

6-статья. Кыргыз Республикасынын чегинде жарандардын эркин жүрүү, жашаган жерин жана турган жерин эркин тандап алуу укугу

 

Кыргыз Республикасынын ар бир жараны Кыргыз Республикасынын Конституциясына, мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген адам укугу боюнча эл аралык келишимдерге ылайык Кыргызстандын бүткүл аймагында эркин жүрүүгө, жашаган жерин жана турган жерин эркин тандап алууга укуктуу.

Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын чегинде эркин жүрүү, жашаган жерин жана турган жерин эркин тандап алуу укугун чектөөгө ушул Мыйзамдын негизинде гана жол берилет.

Кыргыз Республикасынын жарандары болбогон жана анын аймагында мыйзамдуу түрдө жүргөн адамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасынын чегинде эркин жүрүүгө, жашаган жерин жана турган жерин эркин тандап алууга укуктуу болушат.

(КР 2011-жылдын 9-декабрындагы № 232 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

7-статья. Ыктыярсыз жер оодаруулардан коргоого укуктуулук

 

1. Кыргыз Республикасынын ар бир жараны жашаган жеринен же турган жеринен ыктыярсыз жер оодаруудан коргонууга укуктуу болушат.

2. Төмөнкүдөй учурларда:

1) тийиштүү калктын этностук, диний же расалык курамын өзгөртүү максатындагы же ошондой натыйжага алып келген апартеид, "этностук тазалоо" саясатына же ошол сыяктуу иш-аракетке негизделген;

2) эгерде мында зарылдык жарандардын коопсуздугун камсыз кылуунун талаптары же согуштук мүнөздөгү өтө зарыл себептер менен шартталбаса, куралдуу кагылыштын учурунда;

3) администрациялык-аймактык бирдиктеги калктын эң маанилүү жана артыкчылыктуу кызыкчылыктарынын көз карашынан алганда өзүн актабаган социалдык-экономикалык өнүгүү жаатындагы кеңири масштабдагы долбоорлорду жүзөгө ашыруу учурларында;

4) эгерде коопсуздуктарын жана саламаттыктарын сактоону камсыз кылуу боюнча тийиштүү жарандарды эвакуациялоонун зарылдыгы жок болсо, табигый кырсык убагында;

5) жамааттык жазалоо катары пайдаланылуучу ыктыярсыз жер оодарууларга тыюу салынат.

Жер оодаруунун мөөнөтү ушул статьянын 2-4-пункттарында көрсөтүлгөн жагдайлардын кесепеттерин жоюу үчүн талап кылынган убакыттан узакка созулбоого тийиш.

 

8-статья. Эркин жүрүүгө, жашаган жана турган жерин эркин тандап алууга чек коюулар

 

Мамлекеттик коопсуздуктун жана коомдук тартипти сактоонун, калктын саламаттыгын сактоонун кызыкчылыктарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын төмөнкүдөй жерлеринде эркин жүрүүгө, жашаган жерин жана турган жерин эркин тандап алууга чек коюлат:

- чек ара зонасында;

- жабык аскер шаарчаларында;

- жабык администрациялык-аймактык түзүлүштөрдө;

- экологиялык кырсык жана табигый (техногендик) кыйроо коркунучу туулган зоналарда;

- массалык жугуштуу оорулардын таралышына жана адамдардын ууланышына коркунуч туулгандыктан улам калктын жашоосунун жана чарбалык иштин өзгөчө шарттары жана тартиби киргизилген айрым аймактарда жана калктуу конуштарда;

- өзгөчө же согуштук абал киргизилген аймактарда.

 (КР 2016-жылдын 22-июлу № 131, 2017-жылдын 1-декабрындагы N 197 (2) Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

 

9-статья. Жарандардын жашаган жери жана турган жери боюнча катталуу милдеттери

Кыргыз Республикасынын ар бир жараны ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык мамлекеттин жарандардын өздөрүнүн укуктары менен эркиндиктерин ишке ашырышы, аларды башка жарандардын, мамлекеттин жана коомдун алдындагы милдеттерин аткарышы үчүн зарыл шарттарды камсыз кылышы, ошондой эле ички жер которууну жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын чегинде жашаган жана турган жери боюнча катталууга милдеттүү.

 

10-статья. Катталгандыгына карабастан укуктардын жана эркиндиктердин кепилдиктери

 

Кыргыз Республикасынын ар бир жараны жашаган жери же турган жери боюнча катталгандыгынын фактысына карабастан Кыргыз Республикасынын бардык аймагында Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдары менен кепилденген укуктардан жана эркиндиктерден пайдаланышат. Катталган фактысынын жоктугу жарандык укугун жана эркиндигин чектөө үчүн негиз боло албайт.

 

11-статья. Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын чегинде эркин жүрүү, жашаган жана турган жерин эркин тандап алуу укуктарын коргоо

 

Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын чегинде эркин жүрүү, жашаган жерин жана турган жерин эркин тандап алуу укугун козгогон мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, кызмат жана башка юридикалык жана жеке жактардын чечимдерине, аракеттерине же аракетсиздигине карата жарандар жогору турган органга, жогору турган кызмат адамына же тикеден-тике сотко даттана алышат.

 

12-статья. Ички жер которуучуларга көмөк көрсөтүү

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, мамлекеттик башкаруу органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, тийиштүү социалдык мекемелер жана юридикалык жактар эмгектенүүсүн же окуусун жүзөгө ашырууга байланыштуу экономикалык себептер боюнча жашаган же турган жерин өзгөрткөн ички жер которуучулар үчүн мүмкүн болгон көмөктөрүн көрсөтүшөт, ошондой эле жаңы жашаган же турган жеринде зарыл болгон жашоо шарттарын түзүшөт.

 

III глава

Кыргыз Республикасынын жарандарын
Кыргыз Республикасынын чегинде жашаган жери
жана турган жери боюнча каттап эсепке алуу

 

13-статья. Кыргыз Республикасынын жарандарын Кыргыз Республикасынын чегинде жашаган жери жана турган жери боюнча каттап эсепке алуу

 

1. Ички жер которууну жөнгө салуу, ички жер которуучулардын (мындан ары - жарандын) өзүнүн укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашыруусун, ошондой эле алардын Кыргыз Республикасынын башка жарандарынын, мамлекеттин жана коомдун алдындагы өзүнүн милдеттерин аткаруусу үчүн зарыл шарттарды камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын чегинде жашаган жери жана турган жери боюнча каттап эсепке алуу белгиленет.

2. Кыргыз Республикасынын тийиштүү административдик-аймактык бирдигинин аймагында турак жайда туруктуу жашаган жарандар жашаган жери боюнча катталууга тийиш.

3. Туруктуу жашаган жеринен башка жерге 45 календардык күндөн ашык мөөнөттө жашаган жери боюнча катталып эсепке алуудан чыкпастан убактылуу чыгып кеткен жарандар турган жери боюнча катталууга тийиш.

4. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик алым жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жашаган жери боюнча жарандарды каттоо үчүн мамлекеттик алым алынат.

5. (КР 2016-жылдын 22-июлу № 131 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

6. Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жери жана турган жери боюнча каттоо жана андан чыгаруу тартибин жарандардын жана кызмат адамдарынын каттоо эсебине контролдук жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу ыйгарым укуктуу органга жүктөлөт.

(КР 2011-жылдын 9-декабрындагы № 232, 2015-жылдын 2-июлундагы 142, 2016-жылдын 22-июлу № 131 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

14-статья. Каттоо эсебине алууну жүргүзүү үчүн зарыл болгон жарандын ким экендигин ырастоочу документтер

 

Төмөнкүлөр каттоо эсебине алууну жүргүзүү үчүн зарыл болгон жарандын ким экендигин ырастоочу документтер болуп саналат:

1) паспорт;

2) 16 жашка чыга элек жарандар үчүн - туулгандыгы жөнүндө күбөлүк;

3) аскер кызматчылары үчүн - аскер бөлүктөрү жана аскер мекемелери берген маалымкат;

4) чакыруу же контракт боюнча аскер кызматын өтөп жаткан жарандар үчүн - аскердик билет;

5) эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулган жарандар үчүн - эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотуу жөнүндөгү маалымкат;

6) (КР 2016-жылдын 22-июлу № 131 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

7) кайрылмандын ырастамасы.

(КР 2015-жылдын 27-январындагы № 27, 2016-жылдын 22-июлу № 131 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

15-статья. Каттап эсепке алуу органдары

(КР 2016-жылдын 22-июлу № 131 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

16-статья. Жаранды жашаган жери боюнча каттоо жана каттап эсепке алуудан чыгаруу

 

1. Жашаган жерин өзгөрткөн жаран жаңы жашаган жерине келгенден тартып 10 жумушчу күндөн кечиктирбестен белгиленген формадагы арызы менен кайрылууга милдеттүү. Мында:

1) паспорт;

2) жарандын жаңы турак жайга кирүүсү үчүн негиз болгон документ (ордер, келишим, жаранга турак жай берген жактын арызы же башка укук белгилөөчү документ);

3) каттап эсепке алуудан алдын ала чыккан учурда чыгып кетүүсүнүн даректик баракчасы көрсөтүлөт.

2. Кыргыз Республикасынын аймагында менчик укугунда бир нече турак жайы бар жаран алардын бирөөндө гана жашаган жери боюнча катталат.

3. Жаранды жашаган жери боюнча каттоо ал документтерин берген күндөн тартып үч жумушчу күндөн кечиктирилбестен жүзөгө ашырылат.

4. Белгилүү бир жашаган жери болбогон жарандар өздөрү жашаган аймактагы тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында катталышат.

5. Жаранды жашаган жери боюнча каттап эсепке алуудан чыгаруу төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт:

1) жашаган жери өзгөргөндө - жарандын арызынын негизинде же жарандын жаңы жашаган жери боюнча каттаган ыйгарым укуктуу органдын маалымдоосунун негизинде;

2) аскер кызматына чакырылганда - аскер комиссариатынын маалымдоосунун негизинде;

3) эркиндигинен ажыратууга соттолгондо - соттун өкүмүнүн мыйзамдуу күчүнө киришинин негизинде;

4) ээлеген турак жайынан чыгарылганда же турак жайды пайдалануу укугун жоготту деп табылганда - соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде;

5) каттоо үчүн негиз болгон маалыматтардын же документтердин анык эместиги же каттоо жөнүндө маселени чечүүдө кызмат адамдарынын укукка жат иш-аракеттеринин фактылары табылганда - соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде.

(КР 2016-жылдын 22-июлу № 131 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

17-статья. Жаранды турган жери боюнча каттоо жана каттоо эсебинен чыгаруу

1. Жаранды турган жери боюнча каттоо жашаган жери боюнча каттоо эсебинен чыгарбастан бир жылдык мөөнөткө жүргүзүлөт.

Өзүнүн жашаган жери болуп саналбаган турак жайга 45 календардык күндөн ашык мөөнөткө тура турган (убактылуу жашай турган) жерине келген жаран келген күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде белгиленген формадагы арызы менен ыйгарым укуктуу органга кайрылууга милдеттүү. Бул учурда жарандын паспорту көрсөтүлөт.

2. Менчик укугунда өзүнө таандык болгон турак жайды жаранга жашоо үчүн берген жеке же юридикалык жак (үй ээси) турган жери боюнча катталууда жаранга көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.

(КР 2016-жылдын 22-июлу № 131 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

18-статья. Өзгөчө режим шартында турган калктуу конуштарда жаранды жашаган жери же турган жери боюнча каттоо

 

Өзгөчө режим шартында турган калктуу конуштарда жаранды жашаган жери же турган жери боюнча каттоо үчүн ушул Мыйзамдын 8-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте уруксат берилет.

 

19-статья. Жаранды жашаган жери же турган жери боюнча каттоонун жөнөкөйлөтүлгөн тартиби

 

Эмгек контракты боюнча иштерди аткаруу максатында башка жерге кеткен жарандар үчүн кызматкер менен эмгек контрактын түзгөн мамлекеттик органдын же башка уюмдун арызы боюнча турган жери же жашаган жери боюнча каттоонун жөнөкөйлөтүлгөн тартиби каралышы мүмкүн. Жашаган жери же турган жери боюнча каттоонун жөнөкөйлөтүлгөн тартиби тийиштүү окуу жайынын арызы боюнча башка шаардык студенттер жана башка окуу жайларынын окуучулары үчүн каралышы мүмкүн.

Ички жер которуучулардын белгилүү бир категорияларына, атап айтканда, аргасыз жер которуучуларга карата жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечиминин негизинде жашаган жери же турган жери боюнча каттоонун жөнөкөйлөтүлгөн түрү каралышы мүмкүн.

 

20-статья. Каттоо эрежелери

 

Кыргыз Республикасынын чегинде жашаган жана турган жери боюнча жарандарды каттоонун жана каттоо эсебинен чыгаруунун эрежелери, анын ичинде каттоонун жөнөкөйлөтүлгөн тартиби, ошондой эле өзгөчө тартип шартында турган калктуу конуштарда каттоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. 

IV глава

Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

 

21-статья. Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

 

Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестри (мындан ары - калктын реестри) каттоонун объектиси болуп саналган Кыргыз Республикасынын жарандары жөнүндө калктын жер которуштуруусунун масштабы жана багыты тууралу маалыматтарды жыйноо, сактоо, актуалдаштыруу жана талдоо үчүн, ошондой эле ал маалыматтарды калкты мамлекеттик реестрге киргизүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталган тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарына, башка жеке жана юридикалык жактарга берүү үчүн арналган.

(КР 2016-жылдын 22-июлу № 131 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

22-статья. Калктын реестрин түзүү жана анын жүргүзүлүшүн контролдоо

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү калктын реестрин түзөт. Калктын реестри жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

2. Калктын реестринин жүргүзүлүшү жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке маалыматтарынын Борбордук банкынын иштеши үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу органга жүктөлөт.

(КР 2016-жылдын 22-июлу № 131 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

23-статья. Калктын реестринин мазмуну

 

Калктын реестри Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке маалыматтарынан турат. Жарандардын жеке маалыматтарынын мазмуну калк жөнүндө мамлекеттик маалыматтык ресурстун негизин түзүп, аларды түзүү жана пайдалануу жеке маалыматтардын Борбордук банкы тарабынан жүргүзүлөт.

Жеке маалыматтардын төмөнкүдөй түзүмдөрү болот:

1. Негизги жеке маалыматтар:

1) жарандын жеке идентификацияланган номери (ЖЖИН)

2) жарандын жеке идентификацияланган маалыматтары:

фамилиясы;

аты;

атасынын аты;

мурдагы аты-жөнү (эгерде өзгөртүлсө);

жынысы;

туулган датасы;

туулган жери;

3) графикалык келбети (фотосүрөтү);

4) жарандыгы:

жарандыгы;

жарандыкты алуунун жана аны токтотуунун негиздери;

жарандыкты алган жана аны токтоткон датасы;

5) жашаган жана/же турган жери жөнүндө маалыматтар;

мурда жашаган жери;

учурда жашаган жана/же турган жери;

областы;

району;

шаары, айылы;

кичи району, көчөсү, үй номери, корпусу, квартирасынын номери;

мурдагы дареги;

каттоо эсебине коюунун түрү жана датасы;

каттоо эсебинен чыгарылган дата;

кеткен жери;

6) өлгөн учурда - өлгөндүгү жөнүндө маалыматтар:

өлгөн датасы, жери жана себеби, көмүлгөн жери.

2. Кошумча жеке маалыматтар:

1) үй-бүлөлүк абалы жана туугандарынын жеке маалыматтары:

үй-бүлөлүк абалы;

атасынын аты-жөнү жана жеке идентификацияланган номери;

энесинин аты-жөнү жана жеке идентификацияланган номери;

багуучусунун жана/же камкорчусунун аты-жөнү жана жеке идентификацияланган номери;

жубайынын (жана) аты-жөнү жана жеке идентификацияланган номери;

балдарынын аты-жөнү жана жеке идентификацияланган номери;

туугандык байланыштар түзүлгөн жана/же бузулган дата;

2) аскер кызматын аткаруу жөнүндө маалыматтар:

аскердик каттоого туруусу;

аскердик каттоодон чыгуусу;

аскер кызматын өтөгөн жер;

алган аскер наамы жана кесиби;

3) билими жана окумуштуулук даражасы жөнүндө маалыматтар;

окуу жайы;

окуу жайына кирген дата;

окуу жайын бүткөн (чыгарылган) дата;

алган адистиги;

окумуштуулук даража ыйгарылган (ажыратылган) түр жана дата;

4) ишинин түрү:

иштегендигинин/жумушсуздуктун статусу;

иштеген жери;

мурда иштеген жери;

кесиби жана/же кызматы;

ишке орношкон, жумушсуз катары катталган (эмгек биржасында катталган) дата;

бошогон дата;

5) социалдык төлөмдөр;

пенсиянын/жөлөкпулдун түрү;

пенсия/социалдык жөлөкпул дайындоонун (же жокко чыгаруунун) датасы;

6) эмигранттар жөнүндө маалыматтар:

өлкөдөн чыгып кеткен дата;

кеткен өлкөсү;

7) кандын тобу;

8) улуту.

3. Ушул статьяда көрсөтүлгөн маалыматтарды ырастоочу документтер жөнүндө маалыматтар:

документтин аталышы (коду);

сериясы;

номери;

берилген датасы;

колдонулуш мөөнөтү;

документти берген орган.

Ушул статьяда аныкталбаган маалыматтар калктын реестринде көрсөтүлбөөгө тийиш.

Бөлөк маалыматтарды ведомство ичинде жыйноо Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгилениши мүмкүн.

 

24-статья. Калктын реестрин жүргүзүүнүн жол-жобосу

(КР 2016-жылдын 22-июлу № 131 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

25-статья. Жеке идентификациялык номер

(КР 2016-жылдын 22-июлу № 131 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

26-статья. Калктын реестринде камтылган маалыматты пайдалануу жана коргоо

(КР 2016-жылдын 22-июлу № 131 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

27-статья. Реестрди жүргүзгөндүк жана аны пайдалангандык үчүн жоопкерчилик

(КР 2016-жылдын 22-июлу № 131 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

28-статья. Жарандардын калктын реестринен маалыматтарын алуу укугу

(КР 2016-жылдын 22-июлу № 131 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

29-статья. Калктын реестринин маалыматтарын жарыялоо

(КР 2016-жылдын 22-июлу № 131 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

30-статья. Калктын реестрин каржылоо

(КР 2016-жылдын 22-июлу № 131 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

31-статья. Калктын реестринен маалыматтарды алып салуу

(КР 2016-жылдын 22-июлу № 131 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

V глава
Аргасыз жер которуу

 

32-статья. Аргасыз жер которуучулар

 

Кыргыз Республикасы аргасыз жер которуучулардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылат. Мамлекет ушул главанын жана аргасыз жер которуучуларды укуктук жактан коргоонун жоболорун жүзөгө ашыруу боюнча зарыл комплекстерди өзүнө алат.

Ушул мыйзамдын алкагында аргасыз жер которуучуларга:

1) экологиялык жер которуучулар;

2) табигый кырсыктар, ири кыйроолор же алаамат болгон жерлерден келген жер которуучулар;

3) куралдуу кагылыштар жана массалык тартипсиздик райондорунан келген жер которуучулар кирет.

Ушул Мыйзамдын алкагында экономикалык жер которуу жана эмгектик жер которуу аргасыз жер которуу деген түшүнүккө кирбейт.

 

33-статья. Экологиялык жер которуучулар

1. Кыргыз Республикасынын айрым райондорунда кыйроолор же айлана-чөйрөнүн кескин бузулуп (мындан ары - экологиялык кырсык) адамдардын өмүрү менен саламаттыгына коркунуч туулса, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан экологиялык жер которуучулар болуп эсептелүүчү адамдарды Кыргыз Республикасынын коркунучсуз райондоруна көчүрүү жөнүндө чечим кабыл алынат.

Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзамдын 38-статьясына ылайык аргасыз жер которуучу статусун алуучу башка коопсуз райондорго көчүрүлгөн жарандардын саламаттыгына коркунуч келтирүүчү чаралар боюнча экологиялык кырсык зоналарынын жана аймактардын классификациясын аныктоо тууралу чечим кабыл алат.

2. Экологиялык кырсыктардын кесепеттери жоюлгандан жана аймактар тазалангандан кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана тиешелүү мамлекеттик башкаруу органдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте аргасыз жер которуучуларды мурдагы жашаган жерлерине кайтуусуна көмөк көрсөтүшөт.

(КР 2011-жылдын 9-декабрындагы № 232, 2016-жылдын 22-июлу № 131 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

34-статья. Экологиялык жер которуучуларга биринчи кезектеги жардамдар

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте экологиялык жер которуучуларды жайгаштыруу боюнча иш чараларды кабыл алат. Бул учурда экологиялык жер которуучулар аргасыз жер которуучулардын статусун алгыча бардык зарыл жардамдарды алууга жана жашоо үчүн негизги зарыл керектүү тамак-аш жана негизги санитардык жана медициналык кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз болууга, ошондой эле комплекстүү медициналык текшерүүдөн өтүүгө тийиш.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жабыр тарткан жарандарды дарылоо, ден соолугун чыңдоо, калыбына келтирүү жана социалдык жактан коргоо боюнча иш-чараларды жана атайын мамлекеттик программаны кабыл алат.

3. Экологиялык жер которуучуларга компенсациялар экологиялык кыйроонун же айлана-чөйрөнүн кескин бузулушунун натыйжасында, алардын саламаттыгына келтирилген зыяндарга байланыштуу, жер которуучунун экологиялык кырсык болгон аймакта болуу коркунучунун даражасына жараша берилет.

 

35-статья. Экологиялык кырсык болгон зонадан кетпей калган жарандарга жардам көрсөтүү

 

1. Экологиялык кырсык болгон зонадан кетпей калган жарандар экологиялык жер которуучулар сыяктуу эле бардык зарыл жардамдарды алууга жана жашоо үчүн негизги зарыл керектүү тамак-аш, ичилүүчү суу жана санитардык жана медициналык негизги кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз болууга тийиш. Ушул статьяда көрсөтүлгөн жарандар комплекстүү медициналык текшерүүдөн өтүүгө жатат.

Мына ушундай адамдарга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аларды дарылоо, ден соолугун чыңдоо, калыбына келтирүү жана социалдык жактан коргоо боюнча, ошондой эле аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча атайын мамлекеттик программаны жана чаралардын комплексин кабыл алат.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жапа чеккен калкка компенсацияны аймактын коркунуч даражасы боюнча классификацияланышына жараша аныктайт.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте экологиялык кырсык болгон аймакты экологиялык жактан калыбына келтирүү боюнча чараларды көрөт.

 

36-статья. Табигый кырсык, ири кыйроолор жана алаамат болгон жерлерден келген аргасыз жер которуучулар

 

1. Табигый кырсык, ири кыйроолор, алаамат жана башка жагдайлардын натыйжасында мамлекет тарабынан Кыргыз Республикасынын өзгөчө абалдар жөнүндө конституциялык мыйзамына ылайык өзгөчө абал киргизилет.

2. Конкреттүү жагдайларга байланыштуу өзгөчө абалдын шарттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин жана башкаруусунун ыйгарым укуктуу органдары жарандарды башка туруктуу жана убактылуу турак жайларды берүү менен жашоого коркунучтуу райондордон убактылуу көчүрүүгө укук алышат.

3. Ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн жарандарга, алар ушул Мыйзамдын 38-статьясына ылайык аргасыз жер которуучулар деп таанылгыча жашоо үчүн негизги зарыл шарттар, тамак-аш, ичилүүчү суу, негизги санитардык жана медициналык кызматтарды кошкондо бардык зарыл жардамдар көрсөтүлөт.

4. Ушул статьяда көрсөтүлгөн табигый кырсыктардын жана башка жагдайлардын кесепеттерин жойгондон кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана башка тиешелүү мамлекеттик башкаруу органдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте аргасыз жер которуучуларды мурда жашаган жерлерине кайтып келүүсүнө жана алардын бузулган үйлөрүн калыбына келтирүү менен жайгашууларына көмөк көрсөтүшөт.

 

37-статья. Куралдуу кагылышуулар жана массалык тартипсиздиктер болгон райондордон келген аргасыз жер которуучулар

 

Куралдуу кагылышуулар жана массалык тартипсиздиктер болгон райондордон келген аргасыз жер которуучулар деп, куралдуу кагылышуулар жана массалык тартипсиздиктер болгон райондордон Кыргыз Республикасынын коопсуз райондоруна көчүп келишкен жарандар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин негизинде таанылышы мүмкүн.

Куралдуу кагылышуулар жана массалык тартипсиздиктер токтогондон кийин, эгерде адамдардын өмүрүнө жана коопсуздугуна коркунуч келбесе, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана мамлекеттик бийликтин тиешелүү башкаруу органдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте бул адамдардын мурда жашаган жерлерине кайтып келүүсү жана алардын бузулган үйлөрүн калыбына келтирүү менен жайгашуулары боюнча чара көрүшөт.

(КР 2011-жылдын 9-декабрындагы № 232, 2016-жылдын 22-июлу № 131 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

38-статья. Жаранды аргасыз жер которуучу деп таануу

1. Аны аргасыз жер которуучу деп таануу үчүн ушул Мыйзамдын 33, 36 жана 37-статьяларында көрсөтүлгөндөргө ылайык шарт боюнча мурдагы жашаган жерин таштап кеткен жаран беш күндүн аралыгында жаңы келген жерлериндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу ыйгарым укуктуу органга жеке өзү же ыйгарым укуктуу өкүл аркылуу расмий өтүнүч менен кайрылууга милдеттүү. Жүйөөлүү себептери бар жаранга жогоруда аталган өтүнүчтөр менен кайрылуу мөөнөттөрү узартылат.

2. Жаран аны аргасыз жер которуучу деп таануу маселеси чечилгиче Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартиптеги төмөнкүдөй укукка ээ:

1) убактылуу жайгашкан жеринде, болбосо туугандарыныкында жашоого;

2) медициналык жана дары-дармек жардамдарын жалпы негизде пайдаланууга.

3. Жаран ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) аны аргасыз жер которуучу деп таануу жөнүндөгү расмий өтүнүчтү кароо үчүн зарыл маалыматтарды ыйгарым укуктуу органга билдирүүгө;

2) убактылуу көчүп келген жерде белгиленген тартипти сактоого.

4. Жаранды аргасыз жер которуучу деп таануу жөнүндөгү чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу ыйгарым укуктуу орган тарабынан тиешелүү расмий өтүнүч алынгандан кийин расмий өтүнүч катталгандан беш күндүн аралыгында кабыл алынат.

Аргасыз жер которуучу деп таанылган жаранга белгиленген тартипте маалымкат берилет.

5. Аргасыз жер которуучунун статусу:

1) ушул Мыйзамдын 33, 36 жана 37-статьяларында көрсөтүлгөн жагдайлардын кесепеттери жоюлгандан кийин;

2) жаран мурдагы жашаган жерине кайтып келгенден же ал ушул райондон башка турак жай же белгиленген жер участогу менен бекер камсыз болгондон кийин токтотулат.

(КР 2016-жылдын 22-июлу № 131 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

39-статья. Жаранды аргасыз жер которуучу деп таануудан баш тартуу

 

Эгерде бул адам ушул Мыйзамдын 33, 36 жана 37-статьяларында көрсөтүлгөн жагдайлардын мезгилинде бул райондо туруктуу жашабаса, же Кыргыз Республикасынын аймагындагы башка коопсуз райондорунда жашоочу оруну болгон болсо, аны аргасыз жер которуучу деп таануу жөнүндө расмий өтүнүч берилген жаранга, баш тартылышы мүмкүн.

Жаранды аргасыз жер которуучу деп таануудан баш тартканда, ага чечим кабыл алынгандан тартып 3 күндүк мөөнөттө баш тартуунун себептери жана кабыл алынган чечимге даттануу тартиби көрсөтүлгөн жазуу жүзүндө билдирме тапшырылат же жиберилет.

2. Жаранды аргасыз жер которуучу деп таануудан баш тартуу жөнүндөгү чечимге ал адам тарабынан жазуу жүзүндөгү билдирме алынгандан кийин бир айдын ичинде сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.

3. Эгерде ал өзү жөнүндө жалган маалымат берип, өтүнмө менен кайрылса, жаранды аргасыз жер которуучу деп таануу жөнүндө чечим жокко чыгарылышы мүмкүн.

 

40-статья. Аргасыз жер которуучуларга карата негизги кепилдиктер

 

Аргасыз жер которуучулар:

1) Кыргыз Республикасынын белгилүү бир районунун жергиликтүү калкы пайдаланган укуктардан жана эркиндиктерден Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ошол эле теңчиликтин негизинде пайдаланышат;

2) алар аргасыз жер которуучу болуп саналгандыктан кандай гана укуктар жана эркиндиктер болбосун жүзөгө ашырууда кодулоого дуушар болууга тийиш эмес;

3) алар аргасыз жер которуучу болуп саналгандыктан негизи жок камакка алууларга жана камоолорго дуушар болууга тийиш эмес;

4) өлкөнүн башка булуң-бурчунан коопсуз жашоо шартын издөө укугунан пайдалана алышат;

5) алар өмүрүнө, коопсуздугуна, эркиндигине жана саламаттыгына коркунуч келген туш келген жерлерге аргасыз кайтып келүүгө же отурукташтырылууга жатпайт;

6) дайынсыз кеткен туугандарынын тагдырлары жана жашаган жерлери жөнүндө билүү укугуна ээ;

7) алардын жеке турмушуна кийлигишүүгө жол берилбейт, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрү бирге болууга укуктуу;

8) негизги медициналык жана башка социалдык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдаланууга жана башкалар менен бирдей деңгээлде жашоого укуктуу;

9) алар кайда гана болбосун укук субъектилигине жана жер оодарууда жоголгон документтерин калыбына келтирүү укугуна ээ;

10) бирөөлөрдүн ээнбаштыгынан мүлкүнөн жана менчигинен ажырап калууга тийиш эмес.

 

41-статья. Жарандарды аргасыз жер оодартуу

 

1. Жарандарды аргасыз жер оодартуу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынат. Жарандарды жер оодартуу жөнүндө чечим кабыл алуудан мурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аргасыз жер оодаруудан качуунун бардык альтернативдүү жолдорун караштырат. Мындай шарт болбосо, жер оодартууну кыскартуу жана жагымсыз кесепеттерди болтурбоо чараларын көрөт.

2. Мына ушундай жер оодарууларды жүзөгө ашыруучу мамлекеттик башкаруунун тиешелүү органдары аргасыз жер которуучуларды ойдогудай көчүрүүнү жана жер оодарууларда коопсуздукту, саламаттыкты сактоо, тамак-аш менен камсыз кылуу, гигиенаны сактоонун шарттарын канааттандыруу аркылуу камсыз кылышат. Жер оодаруулардын натыйжасында бөлүнүп калган үй-бүлөлөр мүмкүнчүлүгүнө жараша кыска мөөнөттө баш коштурулууга тийиш.

3. Эгерде жер оодаруулар куралдуу кагылыштар жана табигый кырсыктар, ошондой эле ушул Мыйзамдын 33, 36 жана 37-статьяларында көрсөтүлгөн башка кыйроолор шарттаган өзгөчө кырдаалдардын учурунда жүргүзүлбөсө, төмөнкүдөй кепилдиктер сакталууга тийиш:

1) Кыргыз Республикасынын жер оодаруу жөнүндөгү атайын токтомун чыгаруу;

2) аргасыз жер которуучуларга аларды көчүрүүнүн себептери жана тартиби, ошондой эле тиешелүү учурларда компенсация жана көчүп баруучу жер жөнүндө маалымат берүү;

3) жарандардан алардын эркин көчүүсү боюнча эркин жана ынанган макулдуктарды алуу үчүн чараларды көрүү;

4) мындай көчүрүүлөрдүн мезгилинде алардын укуктарын жана эркиндиктери бузулган учурда, аргасыз жер которуучуларга укуктук коргоо каражаттарын натыйжалуу пайдалануу укугун камсыз кылуу.

 

42-статья. Аргасыз жер которуучуларга жардам көрсөтүү

 

Ушул Мыйзамга ылайык аргасыз жер которуучулар деп таанылган жарандарга:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталгандай административдик-аймактык бирдиктен турак жай же жер участогу берилет же келтирилген материалдык зыяндар калыбына келтирилет. Турак-жай, жер участогун берүүнүн же зыяндарды калыбына келтирүүнүн жана башка зарыл жардамдарды көрсөтүүнүн шарттары жана тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат;

2) ишке орношууга мүмкүнчүлүк болбогон учурларда, ишке орношууга же жумушсуз катары каттоодон өтүүгө көмөк көрсөтүлөт;

3) кесиптик даярдык алууда (кайра даярдоодо) жана квалификациясын жогорулатууда көмөк көрсөтүлөт;

4) ошол калктуу конуштарда ишке орношуу мүмкүнчүлүгү, жашоо шарттары тууралу маалыматтар берилет;

5) турак жай курулуш кооперативине кирүүдө, ошондой эле жеке турак жай курууда жер участогун алуу жана курулуш материалдарын сатып алуу боюнча жардам көрсөтүлөт;

6) жаңы турган жери же жашаган жери боюнча тиешелүү социалдык төлөмдөрдү (пенсияларды, жөлөкпулдарды) алуу камсыздандырылат;

7) жеңилдетилген шарттарда медициналык жана дары-дармектик жардамдар көрсөтүлөт;

8) бөлөк адамдын кароосуна муктаж жалгыз бой аргасыз жер которуучуларга - кары-картаңдарга жана майыптарга калкты социалдык жактан коргоо мекемелеринен кезексиз тартипте орундар берилет;

9) аргасыз жер которуучулардын балдарын мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү мекемелерге орноштурууда, ошондой эле окуучуларды жана студенттерди тиешелүү орто жана жогорку кесиптик билим берүү мекемелерине которууда көмөк көрсөтүлөт;

10) алардын ден соолуктарына зыян келтирилген учурда дарылануу үчүн санаториялык-курорттук мекемелерден жеңилдетилген жолдомолор менен камсыз болууга көмөк көрсөтүлөт;

11) жагдайга жараша Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте жана өлчөмдө бир жолку жөлөкпул берилет;

12) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими боюнча башка зарыл жардамдар көрсөтүлөт.

 

43-статья. Аргасыз жер которуучулардын алардын ден соолугуна жана мүлкүнө келтирилген зыяндарды калыбына келтирүү укуктары

 

1. Ушул Мыйзамдын 33, 35 жана 37-статьяларында көрсөтүлгөн жарандардын категориялары өздөрүнүн саламаттыгына жана мүлкүнө келтирилген зыяндарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган өлчөмдө калыбына келтирүүгө укуктуу.

2. Ушул Мыйзамдын 34-статьясында көрсөтүлгөн экологиялык кырсыктын натыйжасында жапа чегишкен экологиялык жер которуучулар жана жарандар өмүрүнүн акырына чейин милдеттүү адистешкен медициналык байкоодо турууга жатат. Бул жарандарга медициналык жардамдарды көрсөтүү жана аларга диспансердик байкоо жүргүзүү, ошондой эле диспансердик жардамдарды көрсөтүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу органдары аныктаган тизмедеги саламаттыкты сактоо мекемелери тарабынан жүзөгө ашырылат.

3. Ушул статьяда көрсөтүлгөн экологиялык же табигый кырсыкка байланыштуу себептерден улам ооруп калган же майыптык алган жарандарды тактоо медициналык-социалдык эксперттик комиссиялар (МСЭК), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу башка органдары тарабынан ишке ашырылат. Экологиялык же табигый кырсыктан жапа чеккендердин таптакыр же убактылуу ишке жарамсыздыгын көрсөтүлгөн комиссиялар мындай байланыштар болбогон учурда табылды деп белгилейт.

4. Көрсөтүлгөн медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын (МСЭК) чечимдери канааттандырбаган жарандар ишти кайталап кароо өтүнүчү менен Республикалык медициналык-социалдык эксперттик комиссияга экологиялык же табигый кырсыктан улам ооруп калгандыгына жана майыптыгына байланыштуу себептерди белгилөө үчүн кайрылууга укуктуу.

(КР 2002-жылдын 16-октябрындагы № 144, 2016-жылдын 22-июлу № 131 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

44-статья. Ушул Мыйзамда каралбаган кошумча жеңилдиктер

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, ишканалар, мекемелер, уюмдар жана кесиптик бирикмелер аргасыз жер которуучуларды, ошондой эле ушул Мыйзамдын колдонулушу жайылтылган ички жер которуучулардын башка категорияларын өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде тамак-аш азыктары менен камсыз кылуу, материалдык-тиричилик шарттарын, медициналык жана транспорттук тейлөөлөрдү жакшыртуу боюнча кошумча чараларды көрүшү мүмкүн.

 

45-статья. Аргасыз жер которуучуларды колдоо фондун түзүү

Аргасыз жер которуучуларга жардам көрсөтүү максатында төмөнкүдөй аргасыз жер которуучуларды колдоо фонддору түзүлүшү мүмкүн:

1) ишканалардын, уюмдардын, ишкерлердин бирикмелеринин жана башка бирикмелердин, анын ичинде чет мамлекеттик жана ата мекендик уюмдардын жана жеке адамдардын ыктыярдуу чегерүүлөрүнөн камсыздандыруу фонддор;

2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан борборлоштуруу тартибинде бөлүнгөн турак жайлар.

Аргасыз жер которуучуларды колдоо фонддорун түзүүнүн жана пайдалануунун тартиби ички жер которуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.

(КР 2016-жылдын 22-июлу № 131 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

46-статья. Гуманитардык жардамдарды берүү

 

Аргасыз жер которуучуларга, ушул главада көрсөтүлгөндөй, медикаменттер, акчалай каражаттар, кийим-кече, азык-түлүк товарлары жана башка товарлар түрүндөгү гуманитардык жардамдарды уюмдар, ишканалар, жеке адамдар, ошондой эле эл аралык жана чет мамлекеттик уюмдар көрсөтө алышат.

Аргасыз жер которуучулар үчүн гуманитардык жардам дареги боюнча пайдаланылууга тийиш. Гуманитардык жардамдарды көрсөтүү, ошондой эле аны бөлүштүрүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

Бардык тиешелүү мамлекеттик башкаруу органдары гуманитардык жардамдарды эркин ташып жеткирүүнү камсыз кылышат жана жеңилдетишет, мындай жардамдарды аргасыз жер которуучуларга тез жана тоскоолдуксуз жеткирүү менен иш жүргүзгөн адамдарга жол ачышат.

 

VI глава
Корутунду жоболор

 

47-статья. Ушул Мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик

 

Ички жер которуу жаатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткарбагандыгы жана бузгандыгы үчүн кызмат адамдары жана жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик, администрациялык жана жарандык-укуктук жоопкерчиликтерге, ал эми уюмдар администрациялык жана жарандык-укуктук жоопкерчиликке тартылышат.

 

48-статья. Ички жер которуу жаатындагы башка ченемдик актылардын колдонулушу

(КР 2016-жылдын 22-июлу № 131 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

49-статья. Ушул мыйзамдын күчүнө кирүүсү

 

1. Ушул Мыйзам, IV главаны жана 14-статьянын 6-пунктун кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2. Ушул Мыйзамдын IV главасы жана 14-статьясынын 6-пункту 2004-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- 2003-жылы улуттук паспортторду, ырастама күбөлүктөрдү, туулгандыгы, никеге тургандыгы жана өлгөндүгү тууралу күбөлүктөрдү берүү тутумдарын компьютердик автоматташтырууну жүзөгө ашырсын;

- Кыргыз Республикасынын бардык кызыкдар министрликтери жана ведомстволору калкты Мамлекеттик реестрге киргизүү боюнча документтердин түзүмүн жана маалыматтардын көлөмүн иликтөөлөрдү жана макулдашууларды жүргүзсүн;

- 2004-жылдын январына карата Мамлекеттик реестрди киргизүүнү жана келип түшкөн суроо-талаптарга ылайык ырастама күбөлүктөрдү толук көлөмдө иштеп чыгууну түздөн-түз жүзөгө ашырсын.

 3. Ушул Мыйзам колдонууга киргизилген учурдан тартып, аларды каттоого ылайык Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын чегинде жашаган жери жана турган жери боюнча каттоодон өткөн деп эсептелсин.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырылсын:

- ушул Мыйзамга тиешелүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча зарыл ченемдик укуктук актыларын кабыл алсын;

- үч айлык мөөнөттө ушул Мыйзамдан келип чыккан мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө сунуш киргизсин.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, башкаруунун мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтиришсин.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 17-октябрындагы № 775 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы паспорттоштуруу тутуму жөнүндө Жобо күчүн жоготту деп табылсын.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А. Акаев