Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\2093d05b-9034-48a8-a19f-ebc7308e2f83\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2002-жылдын 31-июлу № 136

Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө

(КР 2007-жылдын 6-июлундагы № 97, 2008-жылдын 11-июну № 114, 2008-жылдын 18-июлу № 155,
2009-жылдын 24-февралы № 62, 2009-жылдын 25-февралы № 69, 2010-жылдын 3-мартындагы № 41,
2011-жылдын 23-июнундагы № 55, 2014-жылдын 7-июлундагы № 114 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

Ушул Мыйзам Омбудсменинин (Акыйкатчысынын) компетенциясынын чөйрөсүн, ишинин түрү менен ыкмасын, кызматка шайлоонун жана бошотуунун жол-жобосун аныктайт.

 

I Глава
 Жалпы жоболор

 

1-статья. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) адамдын жана жарандын конституциялык укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына парламенттик контроль

 

Кыргыз Республикасынын аймагында адамдын жана жарандын конституциялык укуктарынын жана эркиндиктеринин жана анын юрисдикциясынын чектеринде сакталышына парламенттик контролду Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) туруктуу негизде жүзөгө ашырат, ал өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, ушул жана башка мыйзамдарын, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерди жетекчиликке алат.

(КР 2011-жылдын 23-июнундагы № 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

2-статья. Ушул Мыйзамдын колдонуу чөйрөсү

 

Ушул Мыйзамдын колдонуу чөйрөсү адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын жараны кайсы жерде жүргөнүнө карабастан, Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк же жарандыгы жок адам менен мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ортосунда гана келип чыгуучу мамилелер болуп саналат.

 

3-статья. Адамдын жана жарандын конституциялык укуктары менен эркиндиктеринин сакталышына Омбудсмендин (Акыйкатчынын) контроль жүргүзүүсүнүн максаты

 

Омбудсмендин (Акыйкатчынын) контроль жүргүзүүсүнүн максаты:

1) Конституциясында жана мыйзамдарында, Кыргыз Республикасы ратификациялаган эл аралык келишимдерде жана макулдашууларда жарыяланган адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоо;

2) адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин ушул Мыйзамдын 2-статьясында көрсөтүлгөн субъекттер тарабынан сакталышы жана урматталышы;

3) адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин бузулушунун алдын алуу же аларды калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтүү;

4) адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктери жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын Конституциясына, бул жаатындагы эл аралык стандарттарга ылайык келтирүү;

5) адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоо жаатындагы эл аралык кызматташтыкты жакшыртуу жана андан ары өнүктүрүү;

6) адамдын өзүнүн укуктары менен эркиндиктерин ишке ашыруусун кодулоонун ар кандай түрлөрүн эскертүү;

7) калктын укук жагынан маалымат алуусуна жана жеке адам жөнүндө маалыматтын купуялуулугунун корголушуна көмөк көрсөтүү болуп эсептелет.

 

II Глава
 Омбудсменди (Акыйкатчыны) шайлоонун жана кызматтан бошотуунун тартиби

 

(Главанын аталышы КР 2007-жылдын 6-июлундагы № 97 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

4-статья. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) кызматына талапкерге коюлган талаптар жана аны шайлоо

 

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдерди билген, 30дан жаш эмес жана 65 жаштан ашпаган жараны Омбудсмен (Акыйкатчы) болуп шайлана алат.

2. Жасаган кылмышы үчүн соттолгон адам, эгерде бул соттуулугу жоюлбаса жана мыйзамда белгиленген тартипте алынып салынбаса, Омбудсмен (Акыйкатчы) болуп шайлана албайт.

3. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) кызмат ордуна талапкерди сунуш кылуу укугуна парламенттик фракциялар ээ болушат.

Парламенттик фракциялар Омбудсмендин (Акыйкатчынын) кызмат ордуна шайлоо үчүн ар бир фракциядан үчтөн көп эмес талапкерди сунуш кылышат.

4. Омбудсмен (Акыйкатчы) кызматка Жогорку Кеңеши тарабынан бюллетендерди пайдаланып жашыруун добуш берүү менен шайланат.

5. (КР 2014-жылдын 7-июлундагы № 114 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

6. Омбудсмен (Акыйкатчы), анын орун басары, эгерде анын талапкерлиги үчүн катышкан депутаттардын санынын көпчүлүгү, бирок Жогорку Кеңештин депутаттарынын 50дөн кем эмеси добуш беришсе, шайланды деп эсептелет.

7. Эгерде талапкерлердин бири да депутаттардын добуштарынын зарыл санын алалбаса, анда добуштардын эң көп санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Катышкан депутаттардын санынын көпчүлүк добушун, бирок Жогорку Кеңештин депутаттарынын 50дөн кем эмесинин добушун алган талапкер добуш берүүнүн экинчи турунда шайланды деп эсептелет.

Эгерде экинчи турда талапкерлердин бири дагы шайлануу үчүн талап кылынган депутаттардын добуштарынын санын ала албаса, анда депутаттардын добуштарынын эң көп санын, бирок шайлануу үчүн депутаттардын добуштарынын жетишсиз санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн үчүнчү туру өткөрүлөт.

Үчүнчү турдун жыйынтыгы боюнча катышкан депутаттардын санынын көпчүлүк добушун, бирок Жогорку Кеңештин депутаттарынын 50дөн көп эмесинин добушун алган талапкер шайланды деп эсептелет.

Эгерде үчүнчү турда талапкер шайлануу үчүн добуштардын талап кылынган санын алалбаса, анда жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен жаңы шайлоо өткөрүлөт.

Эгерде экинчи турда талапкерлердин экөө тең катышкан депутаттардын санынын бирдей сандагы добушун, бирок Жогорку Кеңештин депутаттарынын 50дөн кем эмесинин добушун алышса, анда бул эки талапкер боюнча кайра добуш берүү өткөрүлөт. Кайра добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча катышкан депутаттардын санынын көпчүлүк добушун, бирок Жогорку Кеңештин депутаттарынын 50дөн кем эмесинин добушун алган талапкер шайланды деп эсептелет. Эгерде кайра добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча талапкерлердин экөө тең кайрадан добуштардын бирдей санын алышса, анда шайлоо болгон жок деп эсептелет жана жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен жаңы шайлоо өткөрүлөт.

Эгерде биринчи турда талапкерлердин экиден ашыгы катышкан депутаттардын санынын бирдей санын, бирок Жогорку Кеңештин депутаттарынын 50дөн кем эмесинин добушун алышса, бул талапкерлер боюнча шайлоо биринчи турдун режиминде өткөрүлөт. Эгерде өткөн добуш берүүнүн натыйжасы кайталанса, анда шайлоо болгон жок деп эсептелет жана жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен жаңы шайлоо өткөрүлөт.

Омбудсмендин (Акыйкатчынын) кызмат ордуна талапкерди шайлоо боюнча добуш берүү жол-жобосу Жогорку Кеңештин кийинки жыйналышына которулушу мүмкүн эмес.

8. Эгерде шайлануу үчүн жетиштүү болгон добуштардын санын талапкерлердин бири да алалбаса, добуш берилген күндөн тартып 14 күндөн кийин жана 30 күндөн кечиктирилбестен кайра шайлоо өткөрүлөт.

9. (КР 2014-жылдын 7-июлундагы № 114 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

10. Омбудсмен (Акыйкатчы) өзүнөн мурдагынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаардан 30 күн мурда шайланат.

11. Ушул Мыйзамдын 7-статьясында көрсөтүлгөн себептер боюнча ыйгарым укук мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда жаңы Омбудсменди (Акыйкатчыны) шайлоо бир айлык мөөнөттө өткөрүлүүгө тийиш.

12. Ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандан кийин Омбудсмен (Акыйкатчы) бул кызматка өзүнөн кийинки ишин улантуучу кызматка киришкенге чейин кызмат ордунда кала берет.

13. Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчы) 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

14. Бир эле адам Омбудсмендин (Акыйкатчынын) кызматын катары менен эки мөөнөттөн ашык ээлей албайт.

15. Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын) 5 жылдык мөөнөткө шайлануучу экиден ашпаган орунбасарлары болот. Орунбасарларды Омбудсмендин (Акыйкатчынын) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши шайлайт жана кызматтан бошотот.

Карыныз Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун конституциялык палатасынын чечими 28-ноябрындагы 2013-жылдын №12-р

 

(КР 2007-жылдын 6-июлундагы № 97, 2008-жылдын 18-июлундагы № 155, 2009-жылдын 24-февралы № 62, 2010-жылдын 3-мартындагы № 41, 2011-жылдын 23-июнундагы № 55, 2014-жылдын 7-июлундагы № 114 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

5-статья. Ант берүү

 

1. Омбудсмен (Акыйкатчы), Омбудсмендин (Акыйкатчынын) орун басарлары кызматка киришээрде Жогорку Кеңешинин заседаниесинде төмөнкүдөй мазмунда ант беришет:

"Мен (аты-жөнү) Омбудсмендин (Акыйкатчынын), Омбудсмендин (Акыйкатчынын) орун басарынын кызматына киришип жатып, өзүмдүн милдеттеримди адилет жана ак ниет аткарууга, Конституциясын жана мыйзамдарын сактоого жана адилеттикти жана өз абийиримди туу тутууга салтанаттуу түрдө ант беремин. Көз карандысыз, жооптуу жана калыс, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин таламдарында аракеттенип иш тутууга милдеттенем.".

2. Омбудсмен (Акыйкатчы), Омбудсмендин (Акыйкатчынын) орун басарлары ант берген учурдан тартып кызматка киришкен болуп эсептелишет.

(КР 2010-жылдын 3-мартындагы № 41 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

6-статья. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) укуктук статусу

 

1. Омбудсмен (Акыйкатчы) кайсы бир мамлекеттик органдарга жана кызмат адамдарына баш ийбейт. Анын ишине кийлигишүүгө, ар кандай жол менен ага таасир кылууга тыюу салынат жана бул үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.

2. Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагына өзгөчө же согуштук абалдын киргизилиши Омбудсмендин (Акыйкатчынын) ишин токтоттурбайт, чектебейт жана токтото албайт.

3. Омбудсмен (Акыйкатчы) өзүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн учурунда жана ал аяктагандан кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарган мезгилдеги айткан ой-пикири, жасаган аракеттери же аракетсиздиги үчүн куугунтукка алынышы жана кылмыш-жаза жана администрациялык жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн эмес.

4. Омбудсмен (Акыйкатчы) өзүнүн ыйгарым укуктарынын бүткүл мөөнөтүнүн ичинде кол тийбестикке ээ жана Жогорку Кеңешинин макулдугусуз сот тартибинде берилүүчү кылмыш-жаза жана администрациялык жоопкерчиликке тартылышы, кылмыш жасаган жеринде кармалган учурларды кошпогондо, кармалышы, камакка алынышы, тинтүүгө алынышы, ошондой эле башка адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, тинтүүгө же анын жеке өзү да текшерүүгө алынышы мүмкүн эмес. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) кол тийбестиги анын турак-жайына жана кызматтык жайына, кол жүгүнө, жеке жана кызматтык унаа каражаттарына, кат-кабар алышуусуна, ал пайдаланган байланыш каражаттарына, ошондой эле ага таандык болгон документтерге да жайылтылат. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) орун басарлары да Жогорку Кеңештин макулдугусуз сот тартибинде коюлган кылмыш жана администрациялык жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн эмес.

5. Омбудсмен (Акыйкатчы) кылмыш жасалган жерде кармалган учурда кармаган кызмат адамы бул жөнүндө Башкы прокуратурасына ошол замат билдирет. Башкы прокуратурасы бул тууралу Жогорку Кеңешине дароо кабарлайт, ал мындай процесстик чараларды андан ары колдонууга макулдук берүү жөнүндө чечим кабыл алууга тийиш. 24 сааттын ичинде Жогорку Кеңешинин кармоого макулдугу алынбаса, Омбудсмен (Акыйкатчы) дароо бошотулууга тийиш.

6. Жогорку Кеңешинин макулдугун алганда Омбудсменге (Акыйкатчыга) карата кылмыш иши Башкы прокурору тарабынан гана козголушу мүмкүн.

7. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туулган учурларда анын жана анын үй-бүлөсүнүн коргоого алынышы жана коопсуздугу камсыз кылынат.

8. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) статусу Жогорку Кеңешинин же жергиликтүү кеңештин депутатынын мандаты менен сыйышпайт. Омбудсмен (Акыйкатчы) педагогикалык, илимий жана чыгармачылык иштен башка акы төлөнүүчү иш менен алектенүүгө укугу жок. Ушул пункт Омбудсмендин (Акыйкатчынын) орун басарларына да жайылтылат.

9. Сыйышпастыктын бардык учурларында Омбудсмен (Акыйкатчы) өзү ант бергенге чейин анын статусу менен сыйышпаган бардык иштерди токтотууга тийиш. Ал белгиленген талаптарды аткарбаган учурда анын ыйгарым укуктары токтотулат жана Жогорку Кеңеши жаңы Омбудсменди (Акыйкатчыны) шайлайт.

10. (КР 2008-жылдын 11-июнундагы № 114 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

11. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулганда ыйгарым укуктары аяктаганына байланыштуу кызмат ордунан бошотулган учурда мурунку жумушу берилет, ал эми ал болбогон учурда мурдагы иштеген жумуш орду боюнча, же болбосо анын макулдугу менен башка ишканадан, мекемеден, уюмдан, мамлекеттик органдан же жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынан башка ошого тете жумуш (кызмат орду) берилет.

12. Өз ыйгарым укуктарын аткаруу мезгилинде Омбудсмен (Акыйкатчы) жана анын орун басарлары аскер кызматына жана аскер жыйындарына чакыруудан бошотулушат.

(КР 2007-жылдын 6-июлундагы № 97, 2008-жылдын 11-июну № 114 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

7-статья. Омбудсмендин (Акыйкатчынын), Омбудсмендин (Акыйкатчынын) орун басарларынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушу

 

Омбудсменинин (Акыйкатчысынын), анын орун басарларынын ыйгарым укуктары төмөндөгүдөй учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулат;

1) ыйгарым укуктарын алып салуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз берүү жолу менен милдеттерин андан ары аткаруудан баш тартканда;

2) Омбудсменге (Акыйкатчыга), Омбудсмендин (Акыйкатчынын) орун басарына карата соттун айыптоочу өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;

3) Омбудсмендин (Акыйкатчынын), Омбудсмендин (Акыйкатчынын) орун басарынын кызматын ээлеген адамды дайынсыз жоголду же аны өлгөн деп табуу жөнүндөгү соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;

4) Омбудсмендин (Акыйкатчынын), Омбудсмендин (Акыйкатчынын) орун басарынын кызматын ээлеген адам өлгөндө;

5) алар антты бузганда;

6) башка ишке өткөндө же Омбудсмендин (Акыйкатчынын), Омбудсмендин (Акыйкатчынын) орун басары ыйгарым укуктарын аткарууга сыйышпаган ишти ант бергенге чейин таштабаганда;

7) Жогорку Кеңеши Омбудсменинин (Акыйкатчысынын) баяндаманы жактырбаган учурда;

8) Омбудсмен (Акыйкатчы), Омбудсмендин (Акыйкатчынын) орун басары Кыргыз Республикасынын жарандыгын токтоткондо;

9) Омбудсмен (Акыйкатчы), Омбудсмендин (Акыйкатчынын) орун басары сот тарабынан иш-аракетке жарамсыз деп табылганда.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн 7-пунктунун жобосу Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын) кезектеги ар жылкы баяндамасын угууга чейин кеминде 12 ай ичинде шайланган Омбудсмендин (Акыйкатчынын) орун басарларына жайылтылбайт.

Омбудсменди (Акыйкатчыны), анын орун басарын мөөнөтүнөн мурда ээлеген кызматынан бошотуу үчүн негиздин бар экендиги тууралуу корутундуну Жогорку Кеңештин атайын комиссиясы берүүгө тийиш. Корутундуга комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси добуш берүүгө тийиш.

(3-бөлүк КР 2010-жылдын 3-мартындагы № 41 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(4-бөлүк КР 2010-жылдын 3-мартындагы № 41 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2007-жылдын 6-июлундагы № 97, 2008-жылдын 11-июну № 114, 2010-жылдын 3-мартындагы № 41 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

III Глава
 Омбудсмендин (Акыйкатчынын) ыйгарым укуктары

 

8-статья. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) укуктары

 

Омбудсмени (Акыйкатчысы) төмөндөгүлөргө укуктуу:

1) Президентинин, Жогорку Кеңешинин Төрагасынын , Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жана Өкмөт мүчөлөрүнүн, Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын төрагаларынын, Башкы прокурорунун, Куралдуу Күчтөрүнүн башкаруу курамындагы адамдарынын, жарандарды мажбурлап кармап туруу жайларынын администрацияларынын, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун дагы башка органдарынын, жарандардын бирикмелеринин, менчигинин түрүнө карабастан, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилеринин, алардын кызмат адамдарынын токтоосуз кабыл алуусуна;

2) Жогорку Кеңешинин сессияларына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын заседаниелерине, Башкы прокуратурасынын жана башка коллегиялуу органдардын коллегияларына катышууга;

3) Адамдын жана жарандын укуктарына жана эркиндиктерине тиешелүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын конституциялык эмес деп таануу жөнүндөгү сунуштама менен Жогорку соттун Конституциялык палатасына кайрылууга;

4) мыйзамдарын расмий чечмелөө өтүнүчү менен Жогорку Кеңешине кайрылууга;

5) мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, менчигинин түрүнө карабастан, ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга, ошондой эле аскер бөлүктөрүнө тоскоолдуксуз кирүүгө;

6) арызды же даттанууну, мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларынын көчүрмөлөрүн кароонун жүрүшүндө териштирүүгө тийиш болгон маселелер боюнча маалыматтарды, материалдар менен документтерди мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ишканалардан, уюмдар менен мекемелерден, коомдук бирикмелер менен саясий партиялардан суратууга жана алууга;

7) кызматтык, коммерциялык жана мамлекеттик сырларга байланышкан маалыматтарды алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат;

8) мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчигинин түрүнө карабастан, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын алардын контролдугу астында жана аларга баш ийген ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын ишин текшерүү, экспертиза жүргүзүүгө көмөк көрсөтүүнү, текшерүү жүргүзүүгө катышуу үчүн адистерди бөлүп берүүнү жана тиешелүү корутундуларды берүүнү талап кылууга;

9) арызды же даттанууну кароонун жүрүшүндө текшерилип жаткан жагдайларга байланыштуу алардан оозеки жана жазуу жүзүндөгү түшүнүктөрдү алуу үчүн кызмат адамдарын, мамлекеттик кызматчыларды, Кыргыз Республикасынын жарандарын, чет өлкөлүктөрдү жана жарандыгы жок адамдарды чакырууга;

10) кайсы убакта болбосун кармалгандар турган жерлерге, алдын ала камоо жайларына, соттолгондор жазасын өтөөчү жайларга жана мажбурлап дарылоочу жана кайра тарбиялоочу мекемелерге, психиатриялык ооруканаларга барууга, анда турган адамдар менен жекеме-жеке аңгемелешүүгө, аларды кармоонун шарттары жөнүндө маалымат алууга жана алардын аталган мекемелерде болушунун мыйзамдуулугун тастыктоочу документтерди текшерүүгө;

11) бардык инстанциялардагы соттордун заседаниелерине, анын ичинде соттук териштирүү кызыкчылыгын көздөп жабык деп жарыяланган сот заседаниелерине адамдар макул болгон шартта катышууга;

12) ден соолугунун абалына байланыштуу болбосо дагы башка жүйөлүү себептер менен адам укуктары менен эркиндиктерин коргоо жөнүндө арыз менен өз алдынча кайрыла албаганда сотко кайрылууга, ошондой эле мыйзамда белгиленген учурда жана тартипте жеке өзү же өз өкүлү аркылуу сот процессине катышууга;

13) соттогу кылмыш, жарандык иштер жана администрациялык укук бузуулар боюнча чечимдер (өкүмдөр) мыйзам күчүнө кирген иштер менен, ошондой эле кылмыш ишин козгоодон баш тартып токтотулган жана иш өндүрүшү кыскарган материалдар менен таанышууга, андан кийин алардын көчүрмөлөрүн алууга;

14) адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин бузган учурлар аныкталганда тиешелүү органдарга чара көрүү үчүн аларга Омбудсмендин (Акыйкатчынын) көңүл буруу актыларын жөнөтүүгө;

15) мамлекеттик тиешелүү органдардын, анын ичинде изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашырган органдардын адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин сактоосунун абалын текшерүүгө;

16) акыркы чечим чыгарылган иштерге байланыштуу кандай бийлик болбосун контролдоого укуктуу. Өз милдеттерин аткаруу Омбудсмен (Акыйкатчы) куралдуу күчтөр, мамлекеттик күзөт кызматы пайдаланган объекттерге кире алат;

17) тергөөгө алынып жаткан иш үчүн жооптуу болгон кызмат адамын, ошондой эле иш жүргүзгөн органдын кайсы кызматчысы болбосун угууга укуктуу, ошондой эле изилденип жаткан органдын жетекчисинен же анын байкоочу органынын жетекчисинен, болбосо мыйзамдын күчүнөн улам мындай тергөө жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу болгон органдын жетекчисине тергөө жүргүзүүнү талап кыла алат;

18) компетенттүү мамлекеттик органдарга жана илимий мекемелерге эксперттик жана талдоо жагынан иликтөөлөрдү жүргүзүүнү тапшырууга;

19) адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына көзөмөлдү жана контролду ишке ашырууда биргелешкен аракеттердин формаларын жана методдорун өркүндөтүү боюнча сунуштар менен прокуратуранын жана компетенттүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине кайрылууга;

20) сот тажырыйбасын иликтөө жана жалпылоо жана сотторго мыйзамдарды жана жалпыга таанылган принциптерди жана эларалык укуктун ченемдерин колдонуу, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу маселелери боюнча жетектөөчү түшүндүрмөлөрдү берүү сунуштары менен Жогорку сотуна кайрылууга;

21) адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин белгилүү болгон массалык жана одоно бузууларын иликтөө боюнча парламенттик комиссия түзүү же парламенттик угууларды өткөрүү, аталган комиссиялардын ишине же өткөрүлүүчү угууларга катышуу сунуштары менен Жогорку Кеңешине кайрылууга;

22) улуттук максаттуу программаларды иштеп чыгуу жана адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча комплекстүү жана теске салынган чараларды жүргүзүү, алардын жүзөгө ашырылышына катышуу боюнча Президентине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштарды киргизүүгө;

23) администрациялык жол-жоболорду өркүндөтүү боюнча мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына сунуштарды жөнөтүүгө.

(КР 2007-жылдын 6-июлундагы № 97, 2009-жылдын 25-февралы № 69, 2010-жылдын 3-мартындагы № 41, 2011-жылдын 23-июнундагы № 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

8-1-статья. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) мыйзамдарды өркүндөтүүгө көмөктөшүү укуктары

 

Кыргыз Республикасынын адамынын жана жаранынын укуктары жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүүгө көмөктөшүү максатында Омбудсмен (Акыйкатчы) төмөнкүлөргө укуктуу:

1) Жогорку Кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин пландарын жана Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилген мыйзам долбоорлорун алууга;

2) мыйзам долбоорлорун даярдоо боюнча жумушчу топторуна катышууга;

3) тиешелүү органдарга жөнөтүлгөн мыйзам долбоорлоруна корутунду берүүгө;

4) мыйзам чыгаруу жагынан демилге укугунун субъекттерине Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу сунуштар менен кайрылууга;

5) эларалык келишимдерди түзүү, денонсациялоо же колдонулушун токтото туруу жөнүндөгү сунуштарды киргизүүгө.

(КР 2007-жылдын 6-июлундагы № 97 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

8-2-статья. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) көңүл буруу актылары

 

Төмөндөгүлөр Омбудсмендин (Акыйкатчынын) көңүл буруу актылары болуп саналат:

1) мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына, алардын кызмат адамдарына бир айлык мөөнөттө чараларды көрүү үчүн айкын болгон адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин бузулушун четтетүү боюнча Омбудсмендин (Акыйкатчынын) сунуштамасы;

2) адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин бузушкан кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартипке чакыруу же администрациялык өндүрүш иштерин козгоо боюнча мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына, менчигинин түрүнө карабастан, ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга Омбудсмендин (Акыйкатчынын) сунуштамасы.

(КР 2007-жылдын 6-июлундагы № 97 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

8-3-статья. Эларалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча Омбудсмендин (Акыйкатчынын) иштери

 

Омбудсмендин (Акыйкатчынын) адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктери жагындагы эларалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүү боюнча иштери мамлекеттин өз жарандарын анын чегинен тышкары жерде коргоо жана чет элде жашап жаткан мекендештер менен байланышын чындоо боюнча тышкы саясий иштеринин бир бөлүгү болуп саналат.

Адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктери жагындагы эларалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатында Омбудсмен (Акыйкатчы) төмөнкүлөргө укуктуу:

1) адам укуктарын коргоо боюнча эларалык уюмдар жана мамлекеттер аралык органдар, чет мамлекеттердин адам укуктары боюнча улуттук органдары менен түз байланыштарды түзүүгө жана адам укуктарын коргоо жагынан алар менен өз ара жардамдашуу жөнүндө келишимдерди түзүүгө;

2) эларалык мамилелерде адам укуктарын коргоо жагынан эксперт катары мамлекеттин атынан өкүл болууга;

3) адам укуктарын коргоо боюнча мамлекеттер аралык органдарга берилүүчү улуттук баяндамаларды даярдоого жана карап чыгууга катышууга;

4) адам укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына чет элдик (эларалык) байкоочу болууга; мыйзамда белгиленген тартипте чет элдик (эларалык) байкоочуларды чакырууга;

5) мыйзамда белгиленген тартипте адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоо жагындагы пландарды жана долбоорлорду ишке ашырууга эларалык уюмдардан техникалык, финансылык жана башка жардамдарды алуу боюнча сунуштарды киргизүүгө.

(КР 2007-жылдын 6-июлундагы № 97 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

9-статья. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) милдеттери

 

1. Омбудсмен (Акыйкатчы) Конституцияны, Кыргыз Республикасынын ушул жана башка мыйзамдарын дагы башка ченемдик укуктук актыларды, адамдын жана жарандын укуктарын жана мыйзам менен коргоого алынган таламдарын сактоого, өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарууну камсыз кылууга жана өзүнө берилген укуктарды толук өлчөмдө пайдаланууга милдеттүү.

2. Омбудсмен (Акыйкатчы) купуялуу маалыматты сактоого милдеттүү. Бул милдеттенме анын ыйгарым укуктары токтотулгандан кийин да күчүндө болот. Мындай маалыматтарды жайган учурда Омбудсмен (Акыйкатчы) мыйзамдарда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат. Омбудсмен (Акыйкатчы) арыз берүүчүнүн жеке турмушу жөнүндө алынган маалыматтарды жана арыз ээсине тиешеси бар башка адамдар тууралу маалыматтарды алардын макулдугусуз жайылтууга укуксуз.

3. Омбудсмен (Акыйкатчы) даттанууну текшерип бүткөндөн кийин анын жыйынтыгы тууралу арыз ээсине билдирүүгө милдеттүү.

(КР 2007-жылдын 6-июлундагы № 97 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

10-статья. Арыздарды жана даттанууларды кароонун жол-жобосу

 

1. Омбудсмен (Акыйкатчы) Кыргыз Республикасынын жарандарынын, Кыргыз Республикасында жүрүшкөн чет өлкөлүктөрдүн жана жарандыгы жок адамдардын же болбосо алардын өкүлдөрүнүн, өкмөттүк эмес уюмдардын мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдардын, мекемелердин, ишканалардын, кызмат адамдарынын, мамлекеттик кызматчылардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген эларалык келишимдер жана макулдашуулар менен белгиленген адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин бузуп жатышкан чечимдерине же аракеттерине (аракетсиздигине) тиешелүү болгон арыздарды жана даттанууларды карайт.

2. Омбудсмен (Акыйкатчы) арыздарды жана даттанууларды арыз ээси жогору турган органдын, администрациялык органдын же соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимин талашкан учурда гана жана арыздардын же даттануулардын маселесин караган учурдагы адам укуктары менен эркиндиктерин бузууга тиешелүү болгондо гана карайт.

3. Эгерде жаңы жагдайлар пайда болбосо, Омбудсмен (Акыйкатчы) өзү мурда чечим кабыл алган маселе боюнча жазылган арызды же даттанууну карабай коюуга укуктуу.

4. Омбудсмен (Акыйкатчы) сот өндүрүшүнүн маселеси болуп калган тигил же бул даттануулар боюнча жагдайларды карабайт жана өз иш-аракетин баштагандан кийин таламдаш жак даттануусун же апелляциясын сотко же Жогорку соттун Конституциялык палатасына жөнөтсө иш-аракетин токтотот. Омбудсмен (Акыйкатчы) кандай гана учурда болбосун тиешелүү орган ага жөнөтүлгөн даттанууну жана апелляцияны белгилүү бир мөөнөттө жана белгилүү бир түрдө карап чыгуусу үчүн кам көрөт.

5. Мамлекеттик бийлик органдары өздөрүнүн компетенциясынын чегиндеги иштер боюнча даттанууларды Омбудсменге (Акыйкатчыга) жөнөтө алышпайт.

6. Омбудсменинин (Акыйкатчысынын) арызды же даттанууну кароосу ушундай эле арызды же даттанууну тиешелүү эл аралык уюмдун кароосуна тоскоолдук кылбайт.

7. Кармалган, алдын ала камакка алуу жайларындагы жана эркиндикти чектеген дагы башка жерлердеги адамдардын Омбудсменге (Акыйкатчыга) жөнөткөн арыздары, даттануулары менен каттары жашыруун болуп эсептелет; аларды ачууга жана цензурага алууга тыюу салынат; алар Омбудсменине (Акыйкатчысына) токтоосуз түрдө берилүүгө тийиш.

8. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) же анын өкүлдөрүнүн мурдагы пункттарда көрсөтүлгөн адамдар менен сүйлөшүүлөрүн тыңшоого же аларга тоскоолдук кылууга болбойт.

9. Кайрылуулар Омбудсменге (Акыйкатчыга) адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин бузуу белгилүү болгон күндөн тартып бир жыл ичинде жазуу жүзүндө берилет. Өзгөчө жагдайлар болгон учурда бул мөөнөт Омбудсмен (Акыйкатчы) тарабынан узартылышы мүмкүн, бирок ал эки жылдан ашпайт.

10. Арыз же даттануу кызыккан адам тарабынан аты-жөнүн жана арыз ээсинин дарегин көрсөтүп кол коюлууга тийиш, арыз ээсинин ою боюнча, анын укуктарын жана эркиндиктерин бузган же бузуучу чечимдердин же аракеттердин (аракетсиздиктин) маани-маңызы баяндалып, ошондой эле анын даттануусу боюнча кабыл алынган, эгерде ошондойлор кабыл алынса, чечимдердин көчүрмөлөрү менен коштолот.

11. Арызга жана даттанууга мамлекеттик алым салынбайт.

12. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) таламдаш адамга көрсөткөн кызматтары акысыз болуп саналат.

13. Омбудсмен (Акыйкатчы) түшкөн даттанууларды каттайт жана бул даттанууларды алгандыгы тууралу тилкаттарды берет, кийин ал буларды кароого кабыл алат же четке кагат. Четке каккан учурда ал анын жүйөлүү себебин кат жүзүндө жазып, эгерде өзүнүн ой-пикири боюнча ишти жүргүзүүнүн жакшыраак мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө кызыккан адамга кабарлоо менен ал адам жакшы деп эсептеген иш-аракеттерди көрүүсүнө тоскоолдук кылбайт.

14. Омбудсменге (Акыйкатчыга) берилген даттануу арыз ээси же анын өкүлү тарабынан кайра чакыртып алынышы мүмкүн.

15. Омбудсмен (Акыйкатчы) тоголок арыз даттанууларды карабайт жана кара ниеттүү, жүйөө себепсиз, дооматсыз даттанууларды, ошондой эле карап чыгуу үчүнчү жактардын мыйзамдык укуктарына зыян келтирүүчү башка даттанууларды четке кага алат. Анын чечимине даттанууга болбойт.

16. Омбудсмен (Акыйкатчы) арызды же даттанууну алгандан кийин аны текшерүүнү баштоо жөнүндө өз алдынча чечим кабыл алат.

17. Омбудсмен (Акыйкатчы) кабыл алынган чечим жөнүндө алар отуз күнгө чейинки мөөнөттүн ичинде териштирилүүгө тийиш болгон маселелер боюнча жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрдү жөнөтүшү үчүн чечим же аракеттер (аракетсиздик) тууралу мамлекеттик органга, ишканага, мекемеге, уюмга, кызмат адамына же болбосо мамлекеттик кызматчыга билдирет.

18. Суралып жаткан баяндаманы берүүгө байланыштуу мамлекеттик кызматчынын же анын жетекчилеринин баш тартуусу же мүчүлүштүктөрү Омбудсмен (Акыйкатчы) тарабынан анын милдеттерине каршы багытталган иш-аракеттер катары эсептелиши мүмкүн. Мындай фактыны ал дароо ачыкка чыгарат жана жылдык же атайын баяндамасында билдирет.

19. Кайрылууну кароого кабыл алуудан баш тартуу жүйөлөштүрүлүүгө тийиш.

(КР 2007-жылдын 6-июлундагы № 97, 2011-жылдын 23-июнундагы № 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

11-статья. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) баяндамалары

 

1. Жыл сайын 1-апрелге чейин Омбудсмен (Акыйкатчы) Жогорку Кеңешине мурунку жылдын 1-январынан 31-декабрга чейин мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандардын бирикмелеринин, менчигинин түрүнө карабастан, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жана өздөрүнүн иш-аракеттери (аракетсиздиги) менен адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин бузган алардын кызмат адамдары, адамдын жана Кыргыз Республикасынын жаранынын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө жана адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоо тууралу мыйзамдарда табылган кемчиликтер жөнүндө баяндама берет.

2. Өзүнүн жыл сайын жасалуучу баяндамасында Омбудсмен (Акыйкатчы) келип түшкөн даттануулардын, анын ичинде четке кагылган даттануулардын санын жана мүнөздөмөлөрүн көрсөтүп, аларды четке кагуунун, ошондой эле каралган даттануулардын себептерин көрсөтөт.

3. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) жыл сайынкы баяндамасында адам укуктары менен эркиндиктерин бузушкан, бул укуктарды калыбына келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү Омбудсмендин (Акыйкатчынын) сунуштамалары менен эсептешпеген мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары, ишканалар, мекемелер, уюмдар жана алардын кызмат адамдары аталууга тийиш.

4. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) жыл сайынкы баяндаманы өлкөдөгү адам укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылуу боюнча жалпы баа берүүнү, корутундуларды жана сунуштарды камтууга тийиш.

5. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) баяндамасы мекеменин отчеттук мезгил ичиндеги бюджеттик отчетун камтыган тиркеме менен жабдылат.

6. Жогорку Кеңешинин жыйындарынын жүрүшүндө Омбудсмен (Акыйкатчы) баяндамасын оозеки айтып берет, мында депутаттык бирикмелер ага карата өздөрүнүн мамилесин аныктоо үчүн чыгып сүйлөй алат.

7. Зарыл болгон учурда Омбудсмен (Акыйкатчы) Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышынын айрым маселелери боюнча Жогорку Кеңешине атайын баяндама (баяндамалар) бере алат.

8. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) жыл сайынкы жана атайын баяндамалары боюнча Жогорку Кеңеши депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен токтом кабыл алат.

9. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) жыл сайынкы жана атайын баяндамалары Жогорку Кеңешинин Жарчысында жана башка расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланууга тийиш.

10. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) жыл сайынкы баяндамасы мыйзамда белгиленген тартипте жалпыга маалымдоочу басма сөз каражаттарында жарыяланууга тийиш.

11. Атайын баяндама жалпыга маалымдоочу басма сөз каражаттарында Омбудсмендин (Акыйкатчынын) чечими боюнча жарыяланат.

(КР 2007-жылдын 6-июлундагы № 97, 2008-жылдын 11-июну № 114 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

11-1-статья. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) ишинин ачык-айкындыгы

 

1. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышына контролду жүзөгө ашыруу боюнча иштери ачык-айкын болуп саналат жана купуя маалыматтардан башкасы жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырылат.

2. Омбудсмен (Акыйкатчы) адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө, аларды коргоонун методдору жана формалары жөнүндө маалыматтарды мезгилдүү басма сөздө жарыялоого, адам укуктары жөнүндө өзүнүн дагы башка басылмаларына ээ болууга укуктуу.

3. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) ишин жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу боюнча кепилдиктер мыйзам менен белгиленет.

(КР 2007-жылдын 6-июлундагы № 97 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

11-2-статья. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) расмий мезгилдүү басылмасы

 

Адам укуктары жөнүндө, аларды коргоонун методдору жана формалары жөнүндө билимдерди жайылтуу, ошондой эле адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышына контролду ишке ашыруу боюнча Омбудсмен (Акыйкатчы) расмий мезгилдүү басылманы уюштурат.

(КР 2007-жылдын 6-июлундагы № 97 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

11-3-статья. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) сыйлыктары жана эстелик белгилери

 

Адам укуктарын жана эркиндиктерин сактоого жана коргоого багытталган иштерди колдоо максаттарында Омбудсмен (Акыйкатчы) сыйлыктарды жана эстелик белгилерди уюштурат.

(КР 2007-жылдын 6-июлундагы № 97 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

IV Глава
 Мамлекеттик бийлик органдарынын жана алардын кызматкерлеринин жоопкерчилиги

 

12-статья. Суроо-талап коюлган уюмдардын көмөк көрсөтүү милдети

 

1. Мамлекеттик бийликтин бардык органдары Омбудсмендин (Акыйкатчынын) тергөө жүргүзүүсүнө жана инспекцияларына тезинен жана артыкчылыктуу тартипте жардам көрсөтүүгө милдеттүү.

2. Даттанууну текшерүү жана ал боюнча тергөөнүн жүрүшүндө же ээлеген кызматына жараша Омбудсмен (Акыйкатчы) жасаган иш-аракеттерде анын орун басарлары болбосо ал иш сапарына жөнөткөн адам ар кандай мамлекеттик органга, мекемеге же ведомствого жеке өзү келе алат жана керек болгон бардык маалыматтар менен таанышып, тиешелүү адамдар менен аңгемелеше алат, ошондой эле зарыл болгон бардык документтерди изилдеп-иликтей алат.

3. Мамлекеттик органдар Омбудсменге (Акыйкатчыга) тергөөнүн заты болуп саналган ишке же кызматка тиешеси болсо, администрациялык мүнөздөгү кандайдыр бир документти берүүдөн баш тарта албайт.

4. Эгерде каралып жаткан даттануу мамлекеттик бийлик органдарынын кызматчыларынын жасаган иш-аракеттерине байланышкан жүрүм-турумуна тиешелүү болсо, Омбудсмен (Акыйкатчы) бул тууралу ал ишке тиешеси бар адамдарга жана анын түздөн-түз башчысына же жогору турган уюмга маалымдайт.

5. Омбудсмен (Акыйкатчы) берилген документтердин чындыгын текшере алат жана кошумча маалыматтарды алуу максатында бул ишке тиешеси бар кызматкерге аңгемелешүүнү сунуш кылышы мүмкүн. Аңгемелешүүдөн баш тарткан мамлекеттик бийлик органынын кызматкерлеринен Омбудсмен (Акыйкатчы) баш тартуунун себебин көрсөтүү менен өз чечимин жазуу жүзүндө берүүсүн талап кыла алат.

6. Тергөөнүн жүрүшүндө бийлик адамынын жеке өзүнүн сурак берүүсүнөн алынган купуялуу мүнөздөгү маалыматтар аны терс түйшүктөргө салышы мүмкүн, бул жазык сот өндүрүшү жөнүндөгү мыйзамдын кылмыш курамынын белгилери болгон фактыларды айкындоого тиешелүү болгон жоболоруна карама-каршы келбейт.

(КР 2007-жылдын 6-июлундагы № 97 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

13-статья. Мамлекеттик бийлик органдарынын жана алардын кызматкерлеринин жоопкерчилиги

 

1. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) ишине же анын тергөө жүргүзүүсүнө кайсы бир уюм, бийлик адамдары, жетекчилер чөйрөсүндөгүлөр, болбосо мамлекеттик бийлик органдарынын кызматтарында иштеген адамдар тарабынан тоскоолдук кылуусу атайын баяндаманын, ошондой эле жыл сайынкы баяндаманын тиешелүү главасындагы эскертүүнүн заты болушу мүмкүн.

2. Бийлик адамы Омбудсмендин (Акыйкатчынын) тергөө жүргүзүшүнө тоскоолдук кылып, Омбудсмен (Акыйкатчы) талап кылуучу баяндамаларды, ошондой эле тергөөгө керек болуп жаткан актылар менен администрациялык документацияларды берүүдөн баш тартса же шалакылыкка жол берсе, Омбудсмен (Акыйкатчы) тиешелүү чара көрүү максатында Башкы прокуратурасына арыз жөнөтөт.

 

V Глава
 Омбудсмендин (Акыйкатчынын) ишин уюштуруу

 

14-статья. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) аппараты

 

1. Омбудсмен (Акыйкатчы) өзүнүн ишинин Регламентин бекитет, анда ишти уюштурууну жана анын ыкмаларын толук аныктайт.

2. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) ишин камсыз кылуу үчүн Омбудсмендин (Акыйкатчынын) жумушчу аппараты түзүлөт. Аппараттын түзүмү, штаттык ырааттамасы, анын иш тартиби жана уюштурулушу Омбудсмен (Акыйкатчы) тарабынан аныкталат.

3. Омбудсмен (Акыйкатчы) жана анын Аппараты юридикалык жактын укугуна ээ, эсептик жана башка эсептери, өзүнүн аталышы жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби тартылган мөөрү жана бланктары бар мамлекеттик орган болуп саналат.

4. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) Аппаратынын кызматкерлеринин укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери, ошондой эле алардын мамлекеттик кызмат өтөөсүнүн шарттары "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндөгү мыйзамдары менен аныкталат.

5. Омбудсмен (Акыйкатчы) Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актылар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Жогорку соттун Конституциялык палатасы, Жогорку соту, Башкы прокуратурасы жана башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары тарабынан расмий таратылуучу маалыматтар жана маалымдоочу материалдар менен камсыз кылынат.

(КР 2007-жылдын 6-июлундагы № 97, 2011-жылдын 23-июнундагы № 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

15-статья. Маяна

 

Омбудсмендин (Акыйкатчынын) кызматын аткарган адамга Жогорку Кеңешинин Төрагасына төлөнгөн өлчөмдөгүдөй эле эмгек акы жана чыгымдарына кетүүчү каражат төлөнүп берилет.

16-статья. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) ишин каржылоо

1. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) жана анын аппаратынын ишин каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынан жүзөгө ашырылат.

2. Республикалык бюджетте Омбудсмендин (Акыйкатчынын) жана анын аппаратынын иштешин камсыз кылууга керек болгон каражаттар жыл сайын атайын сап менен каралат. Бул каражаттардын көлөмүн Омбудсмендин (Акыйкатчынын) сунушу боюнча Жогорку Кеңеши аныктайт.

3. Чыгымдардын сметасын Омбудсмен (Акыйкатчы) өз алдынча иштеп чыгат жана орундайт.

4. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) жана анын аппаратынын ишин каржылоо Кыргыз Республикасы же Омбудсмен (Акыйкатчы) тарабынан түзүлө турган келишимдердин (макулдашуулардын) негизинде башка мамлекеттер менен эл аралык уюмдардан алынуучу каражаттардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына карама-каршы келбеген бөлөк булактардын эсебинен да жүзөгө ашырылат.

5. Финансы отчеттору Омбудсмен (Акыйкатчы) тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте берилет.

17-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү жөнүндө

1. Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2. Биринчи Омбудсменин (Акыйкатчысын) шайлоо Жогорку Кеңеши тарабынан ушул мыйзамдын 4-статьясында белгиленген тартипте, ушул Мыйзам күчүнө кирген жылдын аяктарына кеминде бир ай калганда дайындалууга тийиш.

Караңыз:

КР Жогорку Кеңешинин 2002-жылдын 14-ноябрындагы З № 921-II "Кыргыз Республикасынын Омбудсменин (Акыйкатчысын) шайлоонун датасы жөнүндө" токтому

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам кабыл алынгандан кийин үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине:

- колдонуудагы мыйзамдарды ушул Мыйзамга ылайык келтирүү боюнча сунуш киргизсин;

- Кыргыз Республикасында Омбудсмен (Акыйкатчы) институтун киргизүүгө байланышкан уюштуруу-техникалык маселелерин чечсин.

- Кыргыз Республикасында Омбудсмен (Акыйкатчы) институтун киргизүүгө байланышкан уюштуруу-техникалык маселелерин чечсин.

 

Кыргыз Республикасынын

      Президенти

 

А. Акаев