Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\8d586eff-350a-45ce-a33a-617b21a5ce33\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2002-жылдын 31-октябры № 150

 

Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды
камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө

 (Кыргыз Республикасынын
2003-жылдын 11-июнундагы № 100, 2004-жылдын 13-августундагы № 124 ,
2004-жылдын 19-августундагы № 158, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91,
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык,
КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-сентябрындагы УӨ № 128
Декретинин редакциясына ылайык
(Кыргыз Республикасынын
2011-жылдын 14-июлундагы № 99, 2011-жылдын 19-октябрындагы №180,
2012-жылдын 12-июлундагы №105, 2012-жылдын 6-августундагы № 151,
2013-жылдын 25-ноябрындагы № 206, 2014-жылдын 18-мартындагы № 51 , 2019-жылдын 25-июлундагы N 102
 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
 

I Глава
Жалпы жоболор

 

1-статья. Ушул Мыйзамдын милдеттери

 

Ушул Мыйзам кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун (алдын ала камакка алуунун) тартибин жана шарттарын белгилейт, ошондой эле алардын укуктарынын жана мыйзамдуу таламдарынын сакталышын кепилдикке алат.

Эскертүү: камакта кармоонун тартиби жана шарттары деп тергөө изоляторлорунун, убактылуу кармоо изоляторлорунун жана гауптвахталарынын режими түшүнүлөт.

(КР 2004-жылдын 13-августундагы № 124 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

2-статья. Ушул Мыйзамда камтылган негизги түшүнүктөр

 

Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:

шектүү - кылмыш жасагандыгы жагынан шек туудуруп, жазык иши козголгон же бөгөт коюу чарасы дайындалганга чейин кармоо колдонулган адам;

айыпталуучу - кылмыш жасаган айыпталуучу катары жоопко тартуу тууралу мыйзамда белгиленген тартипте токтом чыгарылган адам;

соттолуучу - өзүнө карата жазык иши сотто иш жүргүзүүгө алынган, кылмыш жасады деп айыпталып жаткан адам;

соттолгон адам - өзүнө карата сот тарабынан айыптоо өкүмү чыгарылган адам.

 

3-статья. Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталган адамдарды камакта кармоонун максаттары

 

Кылмыштарды жасоо жагындагы шектүүлөрдү жана айыпталуучуларды камакта кармоо (мындан ары - камакта кармоо) Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде каралган максаттарды ишке ашыруу үчүн жүзөгө ашырылат.

 

4-статья. Камакта кармоонун принциптери

 

Камакта кармоо мыйзамдуулуктун, бардык жарандардын мыйзам алдындагы теңчилигин, гуманизмди, адамдын кадыр-баркын сыйлоону, эл аралык укуктун принциптерине жана ченемдерине, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылат жана кылмыштарды жасоо жагынан камакта жаткан шектүүлөрдү жана айыпталуучуларды жекече жана адеп-ахлактык азапка салуу максатындагы кыйноолор жана башка аракеттер менен коштолбоого тийиш.

(КР 2011-жылдын 14-июлундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

5-статья.

 

Камакта кармоонун негиздери Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде белгиленген тартипте түзүлгөн кармоо протоколу кылмыштарды жасоо жагынан кармалган шектүү адамдарды камакта кармоонун негизи болуп эсептелет.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде белгиленген тартипте чыгарылган судьянын (соттун) токтому (аныктамасы) аларга карата бөгөт коюу чарасы катарында камакта кармоо колдонулган айыпталуучуларды камакта кармоонун негизи болуп саналат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

6-статья. Шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын укуктук статусу

 

Шектүүлөр, айыпталуучулар жана соттолгондор (өкүмдөрү күчүнө кире элек) алардын күнөөсү мыйзамда белгиленген тартипте далилденмейинче жана соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү менен белгиленмейинче (мындан ары - шектүүлөр жана айыпталуучулар) күнөөсүз деп эсептелишет. Алар Кыргыз Республикасынын жарандарына белгиленген укуктардан жана эркиндиктерден пайдаланат жана милдеттерди аркалайт, мына ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында белгиленген чектөөлөр колдонулат.

Кыргыз Республикасынын аймагында камакта кармалып жаткан шек туудурган жана айыпталган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясында, ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде жол берилүүчү чектөөлөрдөн башка учурларда Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн белгиленген милдеттерди аркалайт жана укуктар менен эркиндиктерден пайдаланышат.

Шектүүлөрдү жана айыпталуучуларды жыныстык, расалык, улуттук, тилдик, тектик белгилери, мүлктүк жана кызмат абалы, жашаган жери, динге карата мамилеси, ынанымдары, коомдук бирикмелерге таандуулугу боюнча жана башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол берилбейт.

(КР 2011-жылдын 14-июлундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

7-статья. Шектүүлөрдү жана айыпталуучуларды камакта кармоочу жайлар

 

Шектүүлөрдү жана айыпталуучуларды камакта кармоочу жерлер болуп:

- жазык-аткаруу тутумунун тергөө изоляторлору;

- Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын тергөө изоляторлору;

- Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын шектүүлөрдү убактылуу кармоочу изоляторлору;

- Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын шектүүлөрдү убактылуу кармоочу изоляторлору;

- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн гауптвахталары (гарнизондук гауптвахталар) саналат;

- баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын шек туудургандарды убактылуу кармоо изоляторлору.

Эскертүү: Кылмыштарды жасоо жагынан шектүүлүгү жана айыпталгандыгы боюнча Кыргыз Республикасынын прокуратура, бажы органдары, финансы полициясы, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан жазык жоопкерчилигине тартылуучу адамдар Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын убактылуу кармоочу изоляторлорунда (УКИ) жана жазык-аткаруу тутумундагы тергөө изоляторлорунда (ТИ) камакта кармалат. Аларда ошондой эле кылмыштарды жасоо жагынан шектүү жана айыпталуучу болгон жана улуттук коопсуздук органдары тарабынан жазык жоопкерчилигине тартылган адамдар, аларда убактылуу кармоочу изоляторлор жана тергөө изоляторлору жок болгон учурда камакта кармалышы мүмкүн.

(КР 2004-жылдын 19-августундагы № 158 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

8-статья. Тергөө изоляторлору

 

Жазык-аткаруу тутумунун тергөө изоляторлору, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын тергөө изоляторлору бөгөт коюу чарасы катарында камакта кармоо колдонулган кылмыш жасоо жагынан айыпкерлерди камакта кармоо үчүн арналган. Тергөө изоляторлору юридикалык жактын укуктарына ээ.

Жазык-аткаруу тутумунун тергөө изоляторлору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан түзүлөт жана жоюлат, алар жазык-аткаруу тутумунун аймактык органдарынын тутумуна кирүүчү мекемелер болуп эсептелет.

Тергөө изоляторлорун каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен, мунапыс берүү учурунда, айыпкерлердин саны азайганда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары өзгөргөндө же башка учурларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

(Төртүнчү бөлүк КР 2014-жылдын 18-мартындагы № 51 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Тергөө изоляторлорун башка булактардан кошумча каржылоо аларды республикалык бюджеттен кем каржылоого, каржылоону кечиктирүүгө же кийинки мезгилге жылдырууга себеп болуп эсептелбейт.

Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын тергөө изоляторлору Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын сметасы боюнча республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланат. Аларды түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте кабыл алынат.

 (КР 2011-жылдын 14-июлундагы № 99, 2014-жылдын 18-мартындагы № 51 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

 

9-статья. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын, улуттук коопсуздук органдарынын жана баңгизаттарды

контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу  мамлекеттик органынын убактылуу кармоочу изоляторлору

 

Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын, улуттук коопсуздук органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы убактылуу кармоочу изоляторлору кылмыштарды жасоо жагынан шектүүлүгү боюнча кармалган адамдарды камакта кармоо үчүн арналган.

Ички иштер органдарынын убактылуу кармоочу изоляторлору милициянын ички бөлүмдөрү болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын сметасы боюнча республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланат. Аларды түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө чечимдер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте кабыл алынат.

Убактылуу кармоочу изоляторлорду кошумча каржылоо жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу ушул Мыйзамдын 8-статьясынын төртүнчү бөлүгүндө көрсөтүлгөн тартипте жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын убактылуу кармоочу изоляторлору улуттук коопсуздук органдарынын сметасы боюнча республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланат. Аларды түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте кабыл алынат.

Баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын убактылуу кармоо изоляторлору баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын сметасы боюнча республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланат. Аларды түзүү, кайра түзүү жана жоюу жөнүндө чечимдер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте кабыл алынат.

Эскертүү: кылмыш жасоо жагынан айыпталгандар мунун өзү тергөө аракеттерин аткаруу, иштерди тергөө изоляторлору (ТИ) турган калк жашаган конуштардан башка жерлердеги сотто кароо үчүн зарыл болгондо, аларды ал жерден күн сайын алып келүү мүмкүн болбогондо, аталган аракеттерди жана сот процессин аткаруу мезгилине, бирок бир айдын ичинде он суткадан ашпаган мөөнөткө убактылуу кармоочу изоляторлорго (УКИ) которулушу мүмкүн.

Соттун токтому (аныктамасы), прокурордун, көзөмөл жүргүзүүчү прокурордун жазуу жүзүндөгү макулдугу бар тергөөчүнүн токтому мындай которууга негиз болуп саналат.

Айыпталуучуларды изин суутпай издөө иш-чараларын өткөрүү жүйөлөрү боюнча тергөө изоляторлорунан убактылуу кармоочу изоляторлорго которууга жол берилбейт.

(КР 2004-жылдын 19-августундагы № 158, 2011-жылдын 14-июлундагы № 99, 2013-жылдын 25-ноябрындагы № 206
 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

9-1-статья. Камакта кармоочу жайлардан адамдарды которуунун тартиби

 

Шектүү, айыпкер, соттолуучу (ага карата соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кире элек) жазык иши убактылуу кармоочу изолятору же тергөө изолятору бар башка органдын өндүрүшүнө жана (же) тергөө өндүрүшүнүн орду же жазык ишин сотто кароо өзгөргөндө жазык ишин өткөрүп берүү учурларында соттун токтомунун (аныктамасынын), прокурордун, көзөмөлдөөчү прокурордун макулдугу менен тергөөчүнүн токтомунун негизинде камакта кармоонун бир жеринен камакта кармоонун башка жерине которулушу мүмкүн.

(КР 2011-жылдын 19-октябрындагы № 180 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

10-статья. Жазаны аткаруучу мекемелерди айыпталуучуларды камакта кармоо үчүн пайдалануу

 

Түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан соттолгондор, башка кылмыш жасагандыгы жагынан кармалгандар ушул мекемелерде кармалышы мүмкүн, бирок алар жазасын өтөп жаткан соттолгондордон бөлөк кармалат.

Өздөрүнө карата бөгөт коюу чарасы катары камакта кармоо колдонулган айыпталуучулар түрмөлөрдө же жазаны аткаруучу мекемелердин аймагында ушул максаттар үчүн атайын жабдылган, тергөө изоляторлорунун режиминде иштеген имараттарда кармалышы мүмкүн.

Өздөрүнө карата бөгөт коюу чарасы катары камакта кармоо колдонулган айыпталуучулар Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде каралган негиздер боюнча экспертиза белгиленген учурда, ошондой эле аларга медициналык жардам көрсөтүлгөн учурда, ушул Мыйзамдын 23-статьясынын экинчи бөлүгүндө каралган тартипте медициналык мекемелерге жаткырылат.

 

11-статья. Гауптвахталарды шектүүлөрдү жана айыпталуучуларды кармоо үчүн пайдалануу

 

Шектүү жана айыпталуучу аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде, ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө гарнизондук жана кароол кызматын өтөөнү уюштурууну жана анын тартибин регламенттеген башка ченемдик укуктук актыларда каралган учурларда жана тартипте гауптвахталарда (гарнизондук гауптвахталарда) кармалат.

 

12-статья. Камакта кармоочу жайлардын кызматкерлери

 

Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын, жазык-аткаруу тутумунун, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын катардагы жана башкаруучу курамдагы адамдары, улуттук коопсуздук органдарынын, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин камакта кармоо режимин камсыз кылуу боюнча милдеттерди аткарып жаткан аскер кызматчылары камакта кармоочу жерлердин кызматкерлерине таандык болот.

Метеорологиялык станциялардын, геологиялык-чалгындоо экспедицияларынын, кыштоолордун башчылары, ошондой эле алар ыйгарым укук берген адамдар камакта кармоонун режимин камсыз кылуу боюнча милдеттерди аткаруу мезгилинде Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларында белгиленген милдеттерди аркалайт жана укуктардан пайдаланышат.

Ушул Мыйзамда:

- тергөө изоляторлорунун башчылары;

- жазаны аткаруучу мекемелердин башчылары;

- убактылуу кармоочу изоляторлордун башчылары;

- өз карамагында гарнизондук гауптвахталар болгон аскер бөлүктөрүнүн командирлери;

- гарнизондук гауптвахталардын башчылары;

- убактылуу кармоочу изоляторлордун (УКИ) жана тергөө изоляторлорунун (ТИ) режиминде иштеген, атайын жабдылган имараттары бар тартиптик аскер бөлүктөрүнүн командирлерин камакта кармоочу жайлардын башчылары катары түшүнүлөт.

(КР 2004-жылдын 19-августундагы № 158 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

13-статья. Камакта кармоонун мөөнөттөрү

 

Шектүүлөрдү жана айыпталуучуларды камакта кармоонун мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекси тарабынан аныкталат.

 

14-статья. Камакта кармоочу жайлардын режими

 

Камакта кармоочу жайларда шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын укуктарын сактоону, алардын өз милдеттерин аткарышын, аларды бөлөк кармоону камсыз кылуучу укук тартибин кармап турууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде каралган милдеттерди аткарууга багытталган режим белгиленет.

Режимди камсыз кылуу камакта кармоочу жердин өз милдеттерин аткарбагандыгы же талапка ылайык аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тарта турган администрациясына, ошондой эле анын кызматкерлерине жүктөлөт.

Камакта кармоочу жерлерде кылмыштардын алдын алуу, бөгөт коюу, табуу жана бетин ачуу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте камакта кармоочу жайларда изин суутпай издөө иш-чаралары өткөрүлөт.

 

15-статья. Камакта кармоочу жайлардын ички тартиби

 

Камакта кармоочу жайларда режимди камсыз кылуу максатында ички иштер органдары, жазык-аткаруу тутумунун органдары, улуттук коопсуздук органдары жана баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан бекитилген Ички тартиптин эрежелери (мындан ары - Ички тартиптин эрежелери) колдонулат."

Ички тартиптин эрежелери төмөндөгүдөй тартипти белгилейт:

- шектүүлөрдү жана айыпталуучуларды кабыл алуу жана камераларга жайгаштыруу;

- жекече тинтүү, дактилос көчүрмөсүн алуу, фотосүрөткө тартуу, ошондой эле шектүүлөрдүн жана айыпталгандардын буюмдарын карап чыгуу;

- шектүүлөрдөн жана айыпталгандардан сактоого жана пайдаланууга тыюу салынган заттарды алып коюу;

- шектүүлөрдүн жана айыпталгандардын тамак-аш азыктарын, эң зарыл буюмдарды, ошондой эле башка өнөр жай товарларын сатып алуусу;

- шектүүлөргө жана айыпталгандарга жөнөтмөлөрдү, кийирүүлөрдү кабыл алуу жана аларга берүү;

- шектүүлөрдүн жана айыпталгандардын каттарды, телеграммаларды, акчалай жөнөтүүлөрдү алуусу жана жөнөтүүлөрү;

- шектүүлөрдү жана айыпталгандарды эмгекке тартуу;

- шектүүлөрдүн жана айыпталгандардын күн сайын сейилдөөсүн өткөрүү;

- шектүүлөрдүн жана айыпталгандардын ушул Мыйзамдын 17-статьясында саналып өткөн адамдар менен жолугушууларын өткөрүү;

- шектүүлөрдүн, айыпталгандардын, соттолуучулардын тергөө аракеттерине жана сот заседаниелерине катышуусун камсыз кылуу.

Шектүүлөр жана айыпталуучулар камакта кармаган жердин ички тартибинин эрежелери менен милдеттүү түрдө таанышууга тийиш.

Гауптвахтанын режими Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн гарнизондук жана күзөт кызматтарынын уставы менен аныкталат.

(КР 2004-жылдын 13-августундагы № 124, 2011-жылдын 14-июлундагы № 99, 2013-жылдын 25-ноябрындагы № 206
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

II Глава
Шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын укуктары жана аларды камсыз кылуу

 

16-статья. Шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын укуктары

 

Шектүүлөр жана айыпталгандар төмөндөгүлөргө укуктуу:

- ички тартип эрежелеринин тексти менен таанышууга, анын ичинде өзүнүн укуктары жана милдеттери, камакта кармоонун тартиби, тартиптик талаптар, сунуштарды, арыздарды, даттанууларды берүү тартиби жана башкалар жөнүндө таанышууга;

- камакта кармоочу жерлерде жекече коопсуздукка;

- камакта кармоочу жайдын башчысынын, анын орун басарынын же алар ыйгарым укук берген адамдардын жекече кабыл алуусуна;

- актоочу, туугандары жана Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин жоболоруна ылайык ушул мыйзамдын 17-статьясында саналып өткөн башка адамдар менен жолугушууга;

- укукка жат максаттарда колдонулушу мүмкүн болгон же мамлекеттик, кызматтык же мыйзам тарабынан корголгон башка сырды түзгөн маалыматтарды камтыган документтер менен кат-кабарларды кошпогондо, жазык ишине таандык, болбосо өзүнүн укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашыруу маселелерине тийиштүү документтерди жана кат-кабарларды өзүндө сактоого;

- өздөрүн камакта кармоонун мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү жана өздөрүнүн мыйзамдуу укуктары менен кызыкчылыктарын бузуу маселелери боюнча сунуштар, арыздар жана даттануулар менен инстанцияларга, анын ичинде сотко кайрылууга;

- кат алышууга жана жазганга керектелчү буюмдардан пайдаланууга;

- акысыз тамактанууга, материалдык-тиричилик жана медициналык-санитардык жактан камсыз болууга, анын ичинде өздөрү тергөө аракеттерине жана сот заседаниелерине катышкан мезгилде да;

- түнкүсүн сегиз саат уктоого укуктуу, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде каралган учурларды кошпогондо, аларды бул убакта процесстик жана башка аракеттерге тартууга тыюу салынат;

- күн сайын узактыгы бир сааттан кем болбогон сейилдөөдөн пайдаланууга;

- жеке өзүнө таандык болгон буюмдарды жана заттарды пайдаланууга, алардын тизмеси жана саны Ички тартип эрежелеринде аныкталат;

- камакта кармоо жайынын китепканасынын адабияттарынан жана мезгилдүү басма сөз басылмаларынан, болбосо камакта кармоо жайынын администрациясы аркылуу соода тармагынан сатып алынгандардан, ошондой эле столдун үстүндө ойнолуучу оюндардан пайдаланууга;

- шектүүлөр жана айыпталгандар камакта кармалчу жайларда диний ырым-жырымдарды жасоого, классикалык диний адабияттарды, диний сыйынуу нерселерин алып жүрүүгө укуктуу. Жогоруда аталган аракеттер бөлөк шектүүлөрдүн жана айыпталгандардын укуктарын бузбоого тийиш.

Эскертүү: классикалык диний адабият катары улуттук, расалык же диний араздашууну туудурбаган диний адабияттар түшүнүлөт.

- шектүүлөрдү жана айыпталгандарды камакта кармоочу жердин администрациясы аркылуу куран окутуп, чокунууга дин кызматкерлерин чакыртууга;

- өз алдынча билим алууга жана ал үчүн атайын адабиятты, анын ичинде өзүнө таандык болгондорун пайдаланууга;

- жөнөтмөлөрдү, берилген кийирүүлөрдү алууга;

- дене тарбиялык машыгууга (дене тарбиялык гимнастика, спорт оюндары, атлеттик гимнастика ж.б.у.с);

- камакта кармоо жайынын кызматкерлеринин алар менен сылык-сыпаа мамиле жасоосуна;

- жарандык-укуктук бүтүмдөргө катышууга.

Бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу колдонулган жана тергөө изоляторлорунда жана түрмөлөрдө кармалган айыпталгандар төмөндөгүлөргө (кошумча) да укуктуу болушат:

- газета-журналдарга жазылууга жана аларды алууга;

- акча которууларды жөнөтүүгө жана алууга;

- тергөө изоляторлорунун (түрмөнүн) дүкөнүнөн (киоскасынан), болбосо камакта кармоо жайынын администрациясы аркылуу соода тармагынан тамак-аш азыктарын жана эң зарыл буюмдарды сатып алууга;

- эгерде ушул Мыйзамга карама-каршы келбесе, никелешүүгө жана никесин бузууга, башка үй-бүлөлүк-укуктук мамилелерге катышууга.

 

17-статья. Жактоочу, туугандары жана башка адамдар менен жолугушуу

 

Биринчи сурактан тартып же иш жүзүндө кармалгандан кийин кылмыштар жасоо жагынан шектүүлөргө жана айыпталгандарга жактоочу менен жекеме-жеке жолугушуулар берилет, алардын санына жана узактыгына чек коюлбайт.

Камакта кармоо жайларынын кызматчылары жазык ишинде шектүүнүн, айыпкердин, соттолгондун тарабында адвокаттын катышуусун ырастаган документтин (ордер-тапшырманын), ошондой эле анын инсандыгын ырастаган документтин негизинде шектүүлөргө, айыпкерлерге, соттолуучуларга жактоочулары менен жекеме-жеке, алардын саны, убакыттын узактыгы чектелбеген, кызматчы аларды көрө алган, бирок уга албаган шартта жолугушууларга уруксат беришет.

Жазык ишин жүргүзгөн адамдын жазуу жүзүндөгү уруксатынын негизинде шектүүлөргө жана айыпталгандарга туугандары жана башка адамдар менен айына ар биринин узактыгы үч саатка чейин созулган экиден ашпаган жолугушуу берилет.

Туугандары жана башка адамдар менен жолугушуу камакта кармоо жайынын кызматчыларынын көзөмөлү алдында жүргүзүлөт жана айыпталгандарга тыюу салынган нерселерин, болбосо жазык иш боюнча акыйкатты аныктоого тоскоолдук кылышы мүмкүн болгон кабарларды берүүгө аракет жасаган учурда мөөнөтүнөн мурда токтотулат.

Эскертүү: (биринчи абзац КР 2014-жылдын 18-мартындагы № 51 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(экинчи абзацы КР 2012-жылдын 6-августундагы № 151 Мыйзамынын редакциясына ылайык алынып салынды)

Кылмыштарды жасоо жагынан шектүүлөрдүн жана айыпталгандардын алардын жактоочулары менен алар камакта кармалган жайлардагы жолугушуулары дем алыш күндөрү да берилет.

 (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2012-жылдын 19 октябрындагы № 180,
 2012-жылдын 6-августундагы № 151  Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

 

17-1-статья. Шектүүлөр жана айыпкерлер камакта кармалган жайларга кирүү

 

Шектүүлөр жана айыпкерлер камакта кармалган жайларга атайын уруксатсыз кирүүгө:

Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени), Координациялык кеңештин мүчөлөрү, кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун кызматкерлерине алар тиешелүү мыйзамда каралган ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда укуктуу болушат.

(КР 2003-жылдын 11-июнундагы № 100, 2012-жылдын 12-июлундагы № 105
Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

18-статья. Жеке коопсуздукка берилген укук

 

Шектүүнүн же айыпталгандын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туулганда, болбосо аларга каршы бөлөк шектүүлөр же айыпталгандар тарабынан кылмыш жасоо коркунучу туулганда камакта кармоо жайынын кызматчылары шектүүнүн же айыпталгандын жеке коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ошол замат чара көрүүгө милдеттүү.

 

19-статья. Кат алышуу

 

Шектүүлөргө жана айыпкерлерге туугандары жана башка адамдар менен алынган жана жөнөтүлгөн телеграммаларына жана каттарына чек коюлбастан кат алышууга уруксат берилет.

Кат алышуу камакта кармоо жайынын администрациясы аркылуу гана жүзөгө ашырылат жана цензурага алынат, аны администрация, ал эми зарыл болгон учурда жазык ишин жүргүзгөн адам же орган жүргүзөт.

Шектүү же айыпталгандын атына келип түшкөн каттарды тапшыруу, ошондой эле алардын каттарын даректерине жөнөтүү камакта кармоо жайынын администрациясы тарабынан каттар келип түшкөн же шектүү, же айыпталган тапшырган күндөн тартып, дем алыш жана майрам күндөрүнөн башка учурда үч күндөн кечиктирилбей жүргүзүлөт. Цензураны жүзөгө ашыруу максатында катты расмий тилден мамлекеттик тилге же мамлекеттик тилден расмий тилге которуу зарыл болгондо, катты берүү мөөнөтү которуу үчүн зарыл болгон убакытка, бирок эки күндөн көп эмес узартылышы мүмкүн. Катты чет тилден мамлекеттик же расмий тилге же болбосо мамлекеттик же расмий тилден чет тилге которуу зарыл болгон учурда, катты берүү мөөнөтү которуу үчүн зарыл болгон убакытка, бирок он күндөн көп эмес узартылышы мүмкүн.

Жакын туугандарынын өлүмү же катуу оорусу жөнүндө кабарлар шектүүгө же айыпталганга алар алынгандан кийин дароо (бир сааттан кечиктирбестен) кабарланат.

Шектүүнүн же айыпталгандын атына, ал камакта кармоо жайынан чыгып кеткенден, же бошотулгандан кийин келип түшкөн каттар, алар алынгандан кийин үч күндөн кечиктирилбей камакта кармоо жайынын каражатынын эсебинен даректелгенге жөнөтүлөт.

(КР 2014-жылдын 18-мартындагы № 51 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

20-статья. Сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды жөнөтүү

 

Шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана коомдук уюмдарга даректелинген сунуштары, арыздары жана даттануулары камакта кармоо жайынын администрациясы аркылуу жөнөтүлөт.

Прокурорго, сот жана шектүүлөр менен айыпталуучуларды, камакта кармоочу жайларды контролдоого укуктуу болгон башка мамлекеттик бийлик органдарына даректелген сунуштар, арыздар жана даттануулар цензурага алынбайт жана сунуш берилгенден кийинки күндөн кечиктирилбестен, ал эми бул күн дем алыш же майрам күндөрүнө туш келсе, биринчи жумуш күнү даректелгенге мөөр басылган пакетке салынып жөнөтүлөт.

Мамлекеттик бийликтин башка органдарына, коомдук бирикмелерге, ошондой эле актоочуга даректелген сунуштар, арыздар жана даттануулар камакта кармоо жайынын администрациясы тарабынан тиешелүүлүгүнө жараша алар берилген учурдан тартып үч күндөн кечиктирилбей жөнөтүлүүгө тийиш.

Жазык иши боюнча акыйкатты аныктоого тоскоолдук кылышы мүмкүн болгон кабарларды камтыган, жашыруун жазма, шифр менен жасалган жана ошондой эле мамлекеттик же мыйзам менен корголгон башка сырды камтыган кат алышууга тыюу салынат жана алынып коюлат.

Соттун, тергөөчүнүн, прокурордун, алгачкы тергөө органынын аракеттерине жана чечимдерине даттануулар Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде каралган тартипте алар берилген учурдан тартып үч күндөн кечиктирилбестен жөнөтүлөт.

Сунуштарга, арыздарга жана даттанууларга берилген жооптор шектүүлөргө жана айыпталгандарга кол койдуруу менен жарыяланат жана алардын өздүк иштерине тиркелет.

Өздөрүнүн укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын бузулушуна байланыштуу сунуштар, арыздар жана даттануулар менен кайрылгандыгы үчүн шектүүлөрдү жана айыпталуучуларды кандай жол менен болбосун куугунтуктоого жол берилбейт. Камакта кармоо жайынын мындай куугунтуктоо жагынан күнөөлүү кызмат адамдары мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылышат.

 

21-статья. Тамактануу, азык-түлүк жана биринчи кезекте керектелүүчү нерселерди сатып алуу

 

Шектүүлөр жана айыпталуучулар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ченемдер боюнча ден соолукту жана каруу-күчтү сактоо үчүн жетиштүү болгон акысыз тамак-аш менен камсыз болушат. Шектүүлөргө жана айыпталуучуларга накталай эмес эсептешүү боюнча азык-түлүк, эң керектүү нерселерди, ошондой эле башка өнөр жай товарларын сатып алууга укук берилет.

 

22-статья. Материалдык-тиричилик жактан камсыз кылуу

 

Шектүүлөргө жана айыпкерлерге Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген гигиеналык, санитариялык жана өрт коопсуздугунун талаптарына жооп берген тиричилик шарттар түзүлөт.

Шектүүлөргө жана айыпкерлерге өзүнчө уктай турган орун берилет.

Шектүүлөргө жана айыпкерлерге жууркан-төшөк, идиш-аяк жана тамак-аш ичип-жей турган буюмдар берилет.

Бардык камералар радио уктуруу каражаттары менен, ал эми мүмкүнчүлүккө жараша - телевизорлор, муздаткычтар жана желдетүүчү жабдуулар менен камсыз кылынат. Камераларга камакта кармоо жайынын китепканасынан, болбосо көрсөтүлгөн жайлардын администрациясы аркылуу сатып алынган адабият, ошондой эле стол оюндары берилет.

Камерадагы бир адамга туура келген санитардык аянттын ченеми 3,25 чарчы метр өлчөмүндө белгиленет.

(КР 2014-жылдын 18-мартындагы № 51 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

23-статья. Медициналык-санитардык жактан камсыз кылуу

 

Камакта кармоо жайларындагы дарылоо-алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык иш Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун сактоо мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт, көрсөтүлгөн жайлардын администрациясы бул мыйзамды аткарууга милдеттүү.

Шектүүлөргө жана айыпталгандарга медициналык, анын ичинде психиатриялык жардам көрсөтүүнүн, ошондой эле аларды медициналык мекемелерде кармоонун жана аларды тейлөөгө бул мекемелердин кызматкерлерин тартуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Шектүү же айыпкер дене-боюнан жаракат алганда ага камакта кармоо жайынын администрациялык кызматкери токтоосуз медициналык жардам көрсөтөт, ал эми медициналык күбөлөндүрүүнүн натыйжалары белгиленген тартипте катталып белгиленет жана жапа тарткан адамга билдирилет. Камакта кармоо жайынын башчысынын, болбосо жазык ишин жүргүзгөн адамдын же органдын чечими боюнча, же шектүүнүн жана айыпкердин, болбосо анын жактоочусунун өтүнүчү боюнча медициналык күбөлөндүрүү медициналык мекемелердин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлөт. Мындай күбөлөндүрүүнү жүргүзүүдөн баш тартууга карата көзөмөлдөөчү прокурорго даттанылышы мүмкүн.

Шектүү же айыпкер катуу ооруп калган учурда, камакта кармоо жайынын администрациясы бул факты белгиленген учурдан тартып токтоосуз (бир сааттан кечиктирбестен) бул жөнүндө анын жакын туугандарына кабарлайт; өлгөн учурда туугандарынан тышкары көзөмөлдөөчү прокурорго кабарландырат, ал бул фактыга текшерүү жүргүзөт.

Шектүү же айыпталган адам катуу ооруп калган учурда ички иштер органдарынын, жазык-аткаруу тутумунун адистештирилген медициналык мекемесине же саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын тутумундагы медициналык мекемеге жайгаштырылат.

Өлгөн учурда өлгөн адамдын сөөгү патологоанатомиялык же сот-медициналык изилдөөдөн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде каралган аракеттер жасалгандан кийин аны сурагандарга берилет. Сөөгүн эч ким талап кылбаган өлүктү көмүү мамлекеттин эсебинен жүргүзүлөт.

 (КР 2011-жылдын 14-июлундагы № 99, 2014-жылдын 18-мартындагы № 51 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

24-статья. Жөнөтмөлөрдү, кийирүүлөрдү жана акчалай которууларды алуу. Акы төлөнүүчү кошумча кызмат көрсөтүүлөр

 

Шектүүлөргө жана айыпкерлерге салмактары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген почта эрежелеринде каралган ченемдерге ылайык келүүгө тийиш болгон, чектелбеген сандагы жөнөтмөлөрдү, ошондой эле айына жалпы салмагы 100 килограммга чейинки кийирүүлөрдү алууга уруксат берилет. Жашы жетпегендер, оорулуулар, боюнда бар аялдар үчүн, ошондой эле балдары өзү менен бирге жүргөн аялдар үчүн кийирүүлөрдүн салмагына чек коюуга жол берилбейт.

Шектүүлөргө жана айыпкерлерге камакта кармоо жайларына келип түшкөн акчалай которуулар алардын өздүк эсебине чегерилет. Камакта кармоо жайларынын администрациясынын уруксаты менен шектүүлөр жана айыпкерлер өздөрүнүн каражаттарынан туугандарына жана башка адамдарга акча которуп жөнөтүүгө укуктуу.

Шектүүлөрдүн жана айыпкерлердин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудуруучу же кылмыш куралы катары, болбосо камакта кармоонун максаттарына тоскоолдук келтирүү үчүн пайдаланылышы мүмкүн болгон нерселердин, заттардын тизмеси Ички тартип эрежелеринде аныкталат.

Сактоого жана пайдаланууга тыюу салынган нерселерди, заттарды кароодон жашырып калуу же шектүүлөргө жана айыпкерлерге берүү, ага тете болгон белгиленген эрежелерге каршы ар кандай нерселерди берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке кириптер кылат.

Жеп-ичкенге жараксыз болуп калган, же шектүүлөр менен айыпкерлердин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган тамак-аш азыктары камакта кармоочу жайдын медициналык кызматкерлеринин жазуу жүзүндөгү корутундусу боюнча алынып коюлат жана кийирүүлөрдү жеткирген адамдардын көз алдында жок кылынат, бул жөнүндө акты түзүлөт.

Тийиштүү шарттар болгондо камакта кармоо жайынын администрациясы шектүүлөрдү жана айыпкерлерди акы төлөнүүчү кошумча тиричилик жана медициналык-санитардык кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде дары-дармектерди сатып алууну камсыз кылат, алардын тизмеси Ички тартип эрежелеринде белгиленет.

(КР 2014-жылдын 18-мартындагы № 51 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

25-статья. Айыпталуучуларды ишке тартуу

 

Айыпталуучуларды ишке тартуу максатында тергөө изоляторлору колдонуудагы мыйзамдарда каралган тартипте өзүнүн өндүрүштүк ишин жүзөгө ашырышы мүмкүн.

Айыпталуучулар өздөрүнүн каалоосу боюнча тергөө изоляторлорунун жана түрмөлөрдүн аймактарында ишке тартылышат жана өз эмгеги үчүн тийиштүү акы алууга укуктуу болушат, ал акы эч кандай кармап калууларсыз алардын өздүк эсебине которулат.

Айыпталуучулардын тергөө изоляторлорундагы жана тергөө изоляторлору тартибинде иштеген түрмөлөрдөгү өндүрүштүк ишинен түшкөн кирешелер айыпталуучуларды камакта кармоонун шарттарын жакшыртуу үчүн, ошондой эле тергөө изоляторлорунун социалдык чөйрөсүн өнүктүрүүгө пайдаланылат.

 

26-статья. Шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын тергөө аракеттерине жана сот заседаниелерине катышуусун камсыз кылуу

 

Камакта кармоо жайларынын администрациясы тергөөчүнүн, прокурордун, же соттун (судьянын) жазуу жүзүндөгү талабы боюнча төмөнкүлөрдү камсыз кылууга милдеттүү:

- шектүүлөрдү жана айыпталуучуларды камакта кармоо жайларына кабыл алуу жана аларды дайындалган жерге жеткирүү үчүн конвойго өткөрүп берүү;

- тергөө аракеттерин, амбулаториялык сот-психиатриялык экспертизаларын жана башка экспертизаларды өткөрүү үчүн камакта кармоо жайларынын аймагында жабдылган бөлмөлөрдү берүү;

- шектүүлөрдү жана айыпталуучуларды тергөө аракеттерине жана сот заседаниелерине катышуудан бошотуу Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде каралган негиздерде жүзөгө ашырылат.

 

27-статья. Шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын жарандык-укуктук бүтүмдөргө катышуусу

 

Шектүүлөр жана айыпталуучулар жазык ишин жүргүзгөн адамдын же органдын уруксаты менен, жана да Ички тартип эрежелеринде белгиленген тартипте жарандык-укуктук бүтүмдөргө өздөрүнүн өкүлдөрү аркылуу же түздөн-түз катышууга укуктуу.

 

28-статья. Аялдарды камакта кармоонун өзгөчөлүктөрү

 

Шектүү жана айыпкер аялдар камакта кармоо жайларында шектүү жана айыпкер эркектерден бөлөк кармалат.

Шектүү жана айыпкер аялдар үч жашка чейинки балдары менен бирге болууга укуктуу.

Боюнда бар аялдар жана балдары менен болгон аялдар үчүн жакшыртылган материалдык-тиричилик шарттары түзүлөт, адистештирилген медициналык тейлөө уюштурулат жана тамак-аш жана буюмдар менен камсыз кылуунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган жогорулатылган ченемдери белгиленет.

Боюнда бар аялдардын жана жанында баласы бар аялдардын күн сайын сейилдешинин узактыгын чектөөгө жол берилбейт.

Боюнда бар жана жанында баласы бар аялдарга жазык жазасын колдонуу иретинде изоляторго камаганга жол берилбейт.

Эгерде аял камакта кармоо жерлеринде белгиленген тартипти үч жолудан көп бузса же бала жөнүндө дайыма камкордук көрбөсө, камакта кармоо жайынын администрациясы баланы туугандарына же башка адамдарга же болбосо балдар мекемелерине убактылуу берүү жөнүндө өтүнүч козгойт. Эгерде аялдын катышуусу менен ар кайсы шаарларда, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленген тартипте башка мамлекеттердин аймагында жылдын суук мезгилдеринде тергөө иштерин жүргүзүүгө туура келсе, тергөө органдарынын демилгеси боюнча да мындай өтүнүч айтылышы ыктымал.

(КР 2014-жылдын 18-мартындагы № 51 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

29-статья. Жашы жете электерди камакта кармоо

 

Камакта кармалып турган ар түрдүү жыныстагы жашы жете элек шектүүлөр менен айыпталуучулар бири-биринен жана улуулардан бөлөк кармалат. Аларга материалдык-тиричилик жагындагы жакшы шарттар түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тамактануунун жогорку ченеми белгиленет.

Жашы жете элек шектүүлөр менен айыпталуучуларга күн сайын эки сааттан кем эмес сейилдөө белгиленет. Сейилдөө учурунда шектүүлөргө дене тарбия көнүгүүлөрүн жасаганга, ал эми айыпталгандарга дене тарбия көнүгүүлөрүн жана мүмкүн болушунча спорттук оюндарды ойногонго мүмкүнчүлүк берилет.

Тийиштүү шарттар болгондо жашы жете элек шектүүлөргө телеберүүлөрдү көрсөтүү уюштурулат, спорттук оюндар жана башка эс алуулар үчүн жайлар жана ошондой эле ачык абада спорттук аянтчалар жабдылат, орто билим алууну улантуу жана аны алуу үчүн шарттар түзүлөт. Алар менен маданий-тарбиялык иштер жүргүзүлөт.

Жашы жете элек шектүүлөргө окуу китептерин жана мектепте жазганга керектелүүчү нерселерди алууга же өздөрүнүн каражаттары үчүн сатып алууга жана ошондой эле кийирүүлөрдө жана жөнөтмөлөрдө аларды чектөөсүз алууга уруксат берилет.

 

III Глава
Камакта кармоочу жайларда бөлүүнү жана тартип сактоону камсыз кылуу

 

30-статья. Шектүүлөрдү жана айыпталуучуларды бөлүү

 

Шектүүлөр жана айыпталуучулар ушул Мыйзамдын 28, 29 жана 31-статьяларынын талаптарына ылайык жалпы же жалгыздардын камераларында өз-өзүнчө кармалат.

Шектүүлөрдү жана айыпталуучуларды бир күндөн ашык мөөнөткө жеке камераларда кармоо прокурордун санкциясы менен камакта кармоо жайынын башчысынын же анын орун басарынын далилдүү токтомунун негизинде жасалат. Шектүүлөрдү жана айыпталуучуларды жеке камераларда кармоо төмөнкү учурларда прокурордун санкциясын талап кылбайт:

- шектүүнүн же айыпталуучунун жеке камакта болуу жөнүндөгү жазуу жүзүндөгү арызы болгондо;

- шектүүнүн же айыпталуучунун, болбосо шектүү же айыпталуучунун өмүрүн жана ден соолугун камсыз кылуу кызыкчылыгында;

- ушул Мыйзамдын 31-статьясында каралган өз-өзүнчө жайгаштыруунун талаптарын сактоонун башка мүмкүнчүлүктөрү болбой калганда.

Башка камераларда, камакта кармоочу башка жайларда жаткан шектүүлөр менен айыпталуучуларга кандайдыр бир буюмдарды, кат алышууларды берүүгө жана ошондой эле сүйлөшүүлөргө, анын ичинде дубалды каккылоого, кыйкырууга жол берилбейт. Шектүүлөргө жана айыпталуучуларга камакта кармоочу адамдары менен (медкызматкерлеринен башка) имараттын коридорлорунда же камакта кармоочу жайдын короосунда турушкан ар кандай адамдар менен сүйлөшүүгө жол берилбейт.

Шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын эркиндикте жүргөн адамдар менен сүйлөшүүлөрү, кандайдыр бир буюмдарды кийирүүсү жана кат алышуусу ушул мыйзамдын 17, 19, 24-статьяларынын талаптарына ылайык иш жүзүнө ашырылат.

Ушул статьяда айтылган талаптарды камсыз кылуу камакта кармоочу жайдан тышкары шектүүлөр менен айыпталуучуларды бир жерден экинчи жерге камакка которгон учурда да сакталууга тийиш.

 

31-статья. Камераларга бөлүп-бөлүп жайгаштыруу

 

Шектүүлөрдү жана айыпкерлерди камераларга жайгаштыруу алардын инсандыгын жана психологиялык жактан дал келүүсүн эске алуу менен жүргүзүлөт. Тамеки чеккендерди мүмкүн болушунча чекпегендерден бөлөк жайгаштырат.

Шектүүлөрдү жана айыпкерлерди жана ошондой эле соттолгондорду камераларга жайгаштырганда булар өз-өзүнчө жайгаштырылат:

- бир эле кылмыш иши боюнча шек туудургандар жана айыпкерлер;

- биринчи жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылып жаткан адамдар жана мурда эркиндигинен ажыратылган жерде камалып келген адамдар;

- шектүүлөр жана айыпкерлер, ошондой эле өкүмдөрү мыйзам күчүнө кирген соттолгондор.

Көзөмөлдү ишке ашыруучу прокурордун жазуу жүзүндөгү макулдугу менен өзгөчө учурларда жашы жете электер жаткан камераларга кылмыш иши үчүн, мурда оор жана өзгөчө оор кылмыштарга кирүүчү кылмыш жоопкерчилигине тартылбаган оң мүнөздөмө берилген улууларды жаткырууга жол берилет.

Шектүүлөрдү жана айыпкерлерди, ошондой эле соттолгондорду башка шектүүлөр менен айыпкерлерден бөлүп, өзүнчө камерада:

- конституциялык түзүлүштүн негиздерине жана мамлекеттин коопсуздугуна каршы кылмыш иштерин жасаган жана тынчтыкка жана адамзаттын коопсуздугуна каршы кылмыш жасаган шектүүлөр жана айыпкерлер;

- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде каралган төмөндөгү кылмыштарды жасоодо шектүүлөр жана айыпкерлер: адам өлтүрүү; байкабастыктан жабырлануучунун өлүмүнө алып келген, ден соолукка билип туруп оор жаракат келтирүү; ВИЧ-инфекциясын жуктуруу; зордуктоо; сексуалдык мүнөздөгү күч колдонуу аракети; каракчылык; терроризм; барымтага алуу; мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрдү уюштуруу же ага катышуу; бандитизм;

- коркунучтуу жана өзгөчө коркунучтуу кылмыш ишиндеги шектүүлөр жана айыпкерлер;

- өмүр бою эркиндигинен ажыратууга тартылгандар;

- мурда сот, прокурор, тергөөчү, адвокат, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ички аскерлеринин аскер кызматкерлери, ички иштер органдарынын кызматкерлери, жазаларды аткаруу органдарынын, бажы органдарынын, салык органдарынын, финансы полициясынын, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлери болушкан шектүүлөр жана айыпкерлер;

- башка шектүүлөрдөн жана айыпкерлердин өзүнчө бөлөк кармоого шарт болгон кезде чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар;

- камакта кармоочу жайдын администрациясынын чечими же кылмыш ишин карап жаткан органдын, болбосо адамдын жазуу жүзүндөгү билдирүүсү боюнча башка шектүүлөрдүн жана айыпкерлердин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган шектүүлөр жана айыпталгандар;

- инфекциялык оору менен ооругандар же өзгөчө медициналык кароого жана байкоого муктаж болгондор кармалышат.

 (КР 2004-жылдын 19-августундагы № 158, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2011-жылдын 14-июлундагы № 99, 2014-жылдын 18-мартындагы № 51
 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

 

32-статья. Шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын жеке коопсуздугу, аларды кайтаруу жана контролдоо

 

Шектүүнүн же айыпталуучунун өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туулганда, болбосо башка шектүүлөр же айыпталуучулар тарабынан бул инсанга каршы кылмыш жасоо коркунучу туулганда камакта кармоочу жайдын кызматкерлери шектүүнүн, айыпталуучунун жеке коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ошол замат чараларды көрүүгө милдеттүү.

Шектүүлөр жана айыпталуучулар камакта кармоочу жайларда кайтарууда жана көзөмөлдө болушат жана бул жерлердин аймагында кармоочу жайдын конвою менен, болбосо кайтаруусу менен басып жүрүшөт. Контролдоону ишке ашыруу максатында аудио-көрмө техника же бул максатка дал келе турган башка техника колдонулушу ыктымал.

Шектүүлөр жана айыпталуучулар дактилоскөчүрмөгө, сүрөткө түшүүгө жана жеке тинтүүгө кириптер болушат. Алар жаткан жайлар тинтүүгө алынат, ал эми алардын буюмдары, кийирүүлөрү жана жөнөтмөлөрү кароодон өткөрүлөт. Керек болгон учурда жеке тинтүү, бөлмөлөрдү тинтүү, буюмдарды кароо үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.

Шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын кийимдерин кароодо, бөлмөлөрдү тинтүүдө табылган акчалар анын ээсинин жекече эсебине жазылат, ал эми баалуу кагаздар менен баалуу буюмдар сакталуучу жайга өткөрүп берилет.

Шектүүлөрдөн жана айыпталуучулардан алынган тыюу салынган заттар, буюмдар, тамак-аш азыктары тийиштүү түрдө катталат жана тийиштүү органдарга өткөрүп берилет, болбосо сактаганга өткөрүп берилет, же камакта кармоочу жайдын башчысынын далилдүү токтому боюнча жок кылынат, ал боюнча акт түзүлөт.

Тазалык иштерин контролдоодо жана шектүүлөр менен айыпталуучуларды жеке тинтүү камакта кармоочу жайдын кызматкерлери тарабынан шектүүлөр жана айыпталуучулар менен бирдей жыныстагы адамдардын катышуусу менен жүзөгө ашырылат.

Камакта кармоочу жайдын кызматкерлери шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын буюмдарын жана кийимдерин кирип келатканда (машина менен киргенде жана чыкканда) камакта кармоочу жайдын аймагына киргенде кароодон, транспорт каражаттарын киргенде жана чыкканда кароодон өткөрүүгө милдеттүү.

Камакта кармоочу жайларды контролдоого жана көзөмөлгө алып туруу укугуна ээ болгон адамдар же шектүүлөр менен айыпталуучулардын кылмыш иштерин карап жаткан органдын кызматкерлеринин, ошондой эле алардын укуктарын коргоону ишке ашырып жаткан актоочулардын буюмдары жана кийими кароодон өткөрүлбөйт.

Качууларга жол бербөө максатында камакта кармоочу жайдын кызматкерлери бөлмөлөрдү (дубалдар, шыптар, полдор) жана ошондой эле аймакты, анын ичинде камакта кармоочу жайдын жанындагы жерлерди да механикалык жана техникалык каражаттарды колдонуу менен карап чыгууга укуктуу.

 

33-статья. Камакта кармоочу жайдын аймагына жакын жерлердеги режимдик талаптарды камсыз кылуу

 

Убактылуу кармоочу изоляторлорго жана тергөө изоляторлоруна түздөн-түз жакын жайгашкан аймактардын чеги ички иштер органдарынын, жазаны аткаруунун, улуттук коопсуздуктун аймактык органдарынын жана коргоо органдарынын аймактык органдарынын көрсөтүүсү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аныкталат. Бул аймактарда тийиштүү шарттар болсо режимдик талаптар коюлушу мүмкүн.

(КР 2011-жылдын 14-июлундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

34-статья. Шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын негизги милдеттери

 

Шектүүлөр жана айыпталуучулар:

- ушул Мыйзам тарабынан белгиленген, Ички тартиптин эрежелеринен келип чыккан камакта болуунун тартибин жана андан келип чыккан камакта кармоочу жайдын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткарууга;

- гигиенанын жана тазалыктын талаптарын сактоого;

- өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоого;

- камакта кармоочу жайдын мүлкүнө жана башка шектүүлөр менен айыпталуучулардын мүлкүнө сарамжал мамиле кылууга;

- кезегине жараша камераларды жана башка бөлмөлөрдү тазалоого;

- өз өмүрүнө жана ден соолугуна жана ошондой эле башка адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудуруучу аракеттерди билип туруп жасабоого милдеттүү.

Камакта кармоочу жайларда кызматкерлердин, шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын, башка адамдардын кадыр-баркына шек келтирүүгө жана ошондой эле камакта кармоочу жайдын кызматкерлеринин, башка адамдардын өздөрүнүн кызмат милдеттерин аткарууга жолтоо болууга жол берилбейт.

Ушул Мыйзамдын 24-статьясынын үчүнчү бөлүгүнө ылайык шектүүлөргө жана айыпталуучуларга жанындагы заттарды, буюмдарды жана тамак-аш азыктарын алып жүрүүгө жана сактоого, колдонууга тыюу салынат.

 

35-статья. Кызыктыруу чаралары, аларды колдонуу тартиби

 

Камакта кармоочу жайдын башчысынын же анын орун басарынын токтому менен эмгек милдеттерине ак-ниеттүү мамиле кылгандыгы, белгиленген тартипти жакшы сактагандыгы үчүн айыпталуучуларга төмөндөгүдөй кызыктыруу чаралары колдонулушу мүмкүн:

- мурда берилген сөгүштү мөөнөтүнөн мурда алып салуу;

- иштеги мыкты көрсөткүчтөрү үчүн акчалай сыйлык;

- жашы жете электерге фильмдерди кошумча көрсөтүү жана ошондой эле аларга спорттук жайларга, аянттарга кошумча барууга уруксат берүү, камакта болгон жерлерде эс алуу өткөрүүнүн дагы башка түрлөрүнө катышуу.

Эмгектеги мыкты жетишкендиктери үчүн сыйлоо айыпталгандардын эмгегинен алынуучу кирешенин эсебинен ишке ашырылат.

Акчалай сыйлык айыпталуучунун жекече эсебине жазылат.

 

36-статья. Жазалоо чаралары жана аларды колдонуунун тартиби

 

Айыпкерлерге карата белгиленген милдеттерди аткарбагандыгы үчүн:

- сөгүш;

- он беш күнгө чейинки мөөнөткө жаза изоляторуна же бир адамдык камерага кийирүү, ал эми жашы жете элек айыпкерлерге беш күнгө чейинки мөөнөткө жаза чаралары колдонулушу мүмкүн.

Камакта кармап туруунун белгиленген тартибин бузгандыгы үчүн берилүүчү жазанын бардык түрү камакта кармоочу жайдын башчысы же анын орун басарынын токтому менен ушул Мыйзамдын 37-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө каралгандан башка учурларда берилет.

Айыпкер бир жолу тартип бузганы үчүн бир гана жолу жазаланышы мүмкүн.

Айыпкердин тартип бузушунун жана жүрүш-турушунун жагдайын эске алуу менен жаза колдонулат. Жаза тартип бузуу байкалган күндөн тартып жети күндөн кечиктирбестен берилиши мүмкүн, ал эми эгерде тартип бузууга байланыштуу текшерүү жүргүзүлө турган болсо - ал бүткөн күндөн тартып, бирок тартип бузулган күндөн тартып бир айдан кечиктирилбөөгө тийиш. Жазалоо жаза берилген күндөн тартып бир күндүк мөөнөттө колдонулат.

Жазалаганга чейин же айыпкерден жазуу жүзүндө түшүнүк алынат, эгерде түшүнүк берүүдөн баш тартса бул тууралу баш тартуунун далилдерин көрсөтүү менен акт түзүлөт.

Айыпкерлер жазалоого карата жогору турган кызмат адамына, прокурорго же сотко даттануу менен кайрылууга укуктуу. Даттануу берүү жазанын аткарылышын токтото албайт.

(КР 2014-жылдын 18-мартындагы № 51 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

37-статья. Бир адамдык камерада же жазык изоляторунда кармоо

 

Айыпталуучу бир адамдык камерага же жазык изоляторуна:

- башка айыпталуучуларга акараат келтирип, кысым көрсөткөн аракеттери үчүн;

- камакта кармоочу жайдын кызматкерлеринин, болбосо башка адамдардын мыйзамдуу талаптарына баш ийбегендиги же аларга акараат келтиргени үчүн;

- камоонун эрежелерин бир нече жолу бузгандыгы үчүн;

- алкоголь ичимдиктерин даярдаганы, сактаганы жана ичкендиги үчүн;

- белгиленген эрежелерге ылайык тыюу салынган заттарды, буюмдарды даярдаганы, сактаганы жана колдонгону үчүн;

- кумар оюндарына катышкандыгы үчүн;

- майда хулигандыгы үчүн камалышы мүмкүн.

Жаза изоляторуна же бир адамдык камерага камоо түрүндөгү жаза ошондой эле ушул Мыйзамдын 36-статьясында каралган эки жана андан көп тартиптик жаза колдонулган айыпталуучуларга карата да колдонулат.

Жаза изоляторуна камоо камакта кармоочу жайдын башчысынын же ал ооруган, өргүүдө, узак командировкада болгон кезде анын милдетин аткарган адамдын жүйөлүү токтомунун жана айыпталуучуну жаза изоляторунда кармоого болбой тургандыгы жөнүндө медициналык кызматкердин медициналык корутундусу болбогон кезде ишке ашырылат.

Айыпталуучуларды бир адамдык жазык изоляторунда кармоо. Жаза изоляторуна камалган шектүүлөр жана айыпталуучулар жата турган жекече орун жана белгиленген саатта уктаганга керектелчү жууркан-төшөк менен камсыз болушат.

Айыпталуучуларды жаза изоляторуна камаган мезгилде кат алышууга, актоочудан тышкарылар менен жолугушууга, ошондой эле биринчи кезекте керек болуучу нерселерди кошпогондо, тамак-аш алууга, жөнөтмөлөрдү жана кийирүүлөрдү алууга, үстөл үстүндө ойнолуучу оюндардан, китептерден, гезиттерден, журналдардан жана башка адабияттардан пайдаланууга, көрмөжана телеберүүлөрдү көрүүгө, телефон байланышынан пайдаланууга тыюу салынат. Жөнөтмөлөр менен кийирүүлөр айыпталуучуларга алардын жаза изоляторунда же бир адамдык камерада болуу мөөнөтү бүткөндөн кийин тапшырылат. Тез бузулуучу тамак-аш азыктары аларды кармаганга тийиштүү шарт болбогон учурда ээсине кайтарылып берилет.

Жаза изоляторунда же бир адамдык камерада кармалган айыпталуучулар күн сайын отуз минуталык сейилдөөдөн пайдаланышат.

Ушул статьяда көрсөтүлбөгөн бир адамдык камерада же жаза изоляторуна кармалган айыпталуучуларга карата колдонулуучу чектөөлөргө жол берилбейт. Алар тарабынан жиберилген сунуштар, арыздар жана даттануулар ушул Мыйзамдын 20-статьясында каралгандай тартипте ишке ашырылат.

Камакта кармоочу жайдын башчысы, ал ооруп калганда, өргүүдө же узак мөөнөттүү командировкада болгон кезинде анын орун басары медициналык далилдерди эске алуу менен бир адамдык камерада же жаза изоляторунда кармоо түрүндөгү жазанын аткарылышын он күнгө кечиктирүүгө, камоонун мөөнөтүн кыскартууга же айыпталуучуну мөөнөтүнөн мурда бошотууга укуктуу. Эгерде айыпталуучу мөөнөттү узартуу мезгилинде жаңы тартип бузбаса, ал камакта кармоочу жайдын башчысынын жана анын орун басарынын жүйөлүү токтому менен жазадан бошотулушу мүмкүн.

 

38-статья. Шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын материалдык жоопкерчилиги

 

Шектүүлөр жана айыпталуучулар камакта болгон мезгилинде мамлекетке материалдык залал келтиргендиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык:

- иштин жүрүшүндө келтирилгенде - Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндөгү мыйзамында каралган өлчөмдөрдө;

- башка аракеттер менен келтирилгенде - Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган өлчөмдөрдө материалдык жоопкерчилик тартышат.

Шектүүлөрдүн же айыпталуучулардын мамлекетке келтирген материалдык залалдарынын өлчөмү камакта кармоочу жайдын башчысынын же анын орун басарынын текшерүүсүнүн материалдарына негизделген токтому менен аныкталат. Шектүүгө же айыпталуучуга чыгарылган токтом кол койдурулуп уктурулат жана жогору турган кызмат адамдарына, прокурорго же сотко даттанылышы мүмкүн.

Материалдык залалды өз эркинче төлөп берүүдөн баш тарткан кезде ал сот тартибинде өндүрүлүп алынат.

Материалдык залал үчүн туура эмес кармалган сумма кайтарып берилет жана шектүү менен айыпталуучунун жекече эсебине жазылат.

Шектүүнүн же айыпталуучунун өтүнүчү боюнча ал тарабынан келтирилген материалдык залал анын ата-энелеринен же башка адамдар тарабынан алардын макулдугу боюнча төлөнүп берилиши мүмкүн.

Соттолгон адам жазаны аткаруучу мекемеге жөнөтүлгөн учурда, өндүрүлбөй калган материалдык залал көрсөтүлгөн мекеменин администрациясы тарабынан, соттолгон адамдын өздүк эсебине түшкөн каражаттан өндүрүлөт.

Шектүү, айыпталуучу камактан бошотулган учурда материалдык залал соттун чечими боюнча Кыргыз Республикасынын жарандык сот өндүрүшүнүн тартибинде соттун чечими менен өндүрүлөт.

Камакта кармоочу жайдын администрациясынын жана кызматкерлеринин айынан шектүү же айыпталуучу тарткан материалдык залал Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте өндүрүп берилет.

 

39-статья. Тамак ичүүдөн баш тарткан учурда колдонулуучу чаралар

 

Шектүү же айыпталуучу тамак ичүүдөн баш тарткан учурда камакта кармоочу жайдын башчысы же анын орун басары тамактануудан баш тартуунун себептерин билүүгө, бул тууралу кылмыш ишин карап жаткан адамга же органга жана ошондой эле камакта кармоочу жайларда мыйзамдардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүүнү ишке ашырып турган прокурорго билдирүүгө милдеттүү.

Шектүүнүн же айыпталуучунун тамак ичүүдөн баш тартышынын себептери жүйөлүү болсо, камакта кармоочу жайдын администрациясы айтылган талаптарды канааттандыруунун чараларын көрөт. Шектүүнүн же айыпталуучунун айткан талаптарын ошол замат аткаруунун мүмкүнчүлүгү болбосо тийиштүү түшүнүк берилет жана аларды канааттандыруунун чаралары көрүлөт.

Тамактануудан баш тарткан шектүү же айыпталуучу башка шектүүлөрдөн жана айыпталуучулардан мүмкүн болушунча бөлөк кармалат жана медициналык кызматкердин байкоосунда болот.

Тамактануудан баш тарткан шектүүнүн же айыпталуучунун ден соолугун сактоо менен, анын ичинде эгерде анын өмүрүнө коркунуч туулса, мажбурлоо жолу менен ден соолугун сактоого багытталган чаралар врачтын жазуу жүзүндө берилген аныктамасынын негизинде жана анын катышуусу менен ишке ашырылат.

Шектүүнүн же айыпталуучунун тамак ичүүдөн баш тартышы башка жакта камакта кармалып турганга этап менен же конвой менен алынып кетишине жолтоо болбойт, керек болгон учурларда медициналык кызматкерлер коштойт.

 

40-статья. Камакта кармоочу жайларда күч, атайын каражаттарды, газ жана ок атуучу куралдарды колдонуу

Камакта кармоочу жайлардын кызматкерлерин же жазаны аткаруучу мекемелер менен органдардын кызматкерлеринин жана ошондой эле укук тартибин камсыз кылууга тартылган ички иштер органдарынын жана баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлеринин күч, атайын каражаттарды, газ жана ок атуучу куралдарды колдонушуна ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка да ченемдик укуктук актыларында каралган негиздерге жана учурларга таянып жол берилет.

Камакта кармоочу жайдын (анын ичинде жазаны аткаруучу органдардын) кызматкерлери аларды колдонуудан мурда шектүүлөрдүн же айыпталгандардын өздөрүнүн мыйзамдуу талаптарын аткарышына жетишерлик убакыт берип, аны колдоно тургандыгы, күч, атайын каражаттарды, газ жана ок атуучу куралдарды колдонуу кечиктирилип, персоналга, ички аскерлердин аскер кызматкерлерине, ошондой эле камакта жаткан башка адамдарга түздөн-түз коркунуч туулуп, башка да оор кесепеттерди алып келиши мүмкүн болгон же түзүлгөн кырдаал жөнүндө эскертүү орунсуз же мүмкүн болбой калгандан тышкары учурларда аларга эскертүүгө милдеттүү.

 (КР 2011-жылдын 14-июлундагы № 99, 2013-жылдын 25-ноябрындагы № 206  Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Көңүл буруңуздар! КР 2019-жылдын 25-июлундагы N 102 Мыйзамына ылайык 40-берене берилген Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүн жоготот.

41-статья. Камакта кармоочу жайларда күч колдонуу

Шектүүгө же айыпкерге карата камакта кармоочу жайларда күч колдонуу алардын укук бузушуна жол бербөө үчүн же камакта кармоочу жайдын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбеген анын аракеттерин басуу максатында жасалган күч колдонулбаган аракеттер (ыкмалар) укук бузуулардын токтотулушун, же мыйзамдуу талаптардын аткарылышын камсыз кылбаган учурларда колдонулушу мүмкүн.

Көңүл буруңуздар! КР 2019-жылдын 25-июлундагы N 102 Мыйзамына ылайык 41-берене берилген Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүн жоготот.

 

42-статья. Камакта кармоочу жайларда атайын каражаттарды колдонуу

Камакта кармоочу жайлардагы атайын каражаттар:

- шектүүнүн же айыпкердин камакта кармоочу жайдын кызматкерлерине жана башка адамдарга кол салуусун майтаруу үчүн;

- массалык тартип бузууларга же камакта кармалып жаткандардын белгиленген режимди топтошуп бузууларына тыюу салуу үчүн;

- камакта кармоочу жайлардын кызматкерлеринин же жазаны аткаруучу дагы башка мекемелер менен органдарга укук коргоону камсыз кылуу үчүн тартылган кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарына баш ийбеген шектүүнүн же айыпкердин укукка сыйбаган аракеттерине тыюу салуу үчүн;

- барымтага алынган адамдарды, басып алынган имараттарды, жайларды, курулуштарды жана транспорт каражаттарын бошотуу үчүн;

- шектүүнүн же айыпкердин камакта кармалып турган жерден же конвой менен баратканда качууга болгон аракетине тыюу салуу үчүн;

- шектүүнүн же айыпкердин тегерегиндеги адамдарга зыян келтирүүгө болгон аракеттерине тыюу салуу үчүн;

- шектүүнүн же айыпкердин өзүнө зыян келтирүүгө болгон аракеттерине тыюу салуу үчүн колдонулат.

Атайын каражаттар катары:

- резина таяк - ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн экинчи-жетинчи абзацтарында каралган учурларда;

- кол кишен - ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн төртүнчү, алтынчы-сегизинчи абзацтарында каралган учурларда, кол кишен болбой калганда камакта кармап туруунун кызматкерлери таңып салуунун колдо болгон каражаттарын пайдаланууга укуктуу.

- алаксытуу максатындагы жарык-үн чыгаруучу каражаттар - ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн экинчи-бешинчи, жетинчи абзацтарында каралган учурларда;

- тоскоолдорду кыйратуучу каражаттар - ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн бешинчи абзацында каралган учурларда;

- суу менен атуулар жана бронемашиналар - ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн үчүнчү жана бешинчи абзацтарында каралган учурларда;

- кызмат иттери - ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн экинчи-жетинчи абзацтарында каралган учурларда колдонулушу мүмкүн.

Көңүл буруңуздар! КР 2019-жылдын 25-июлундагы N 102 Мыйзамына ылайык 42-берене берилген Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүн жоготот.

 

43-статья. Камакта кармоочу жайларда газ жана ок атуучу куралдарды колдонуу

Газ куралы - ушул Мыйзамдын 42-статьясынын биринчи бөлүгүнүн экинчи-жетинчи абзацтарында каралган учурларда колдонулат.

Шектүүлөргө же айыпкерлерге эскертүү иретинде жасалган жана күч колдонулбаган ыкмалар каалагандай натыйжа бербеген учурда газ куралы колдонулат.

Камакта кармоочу жайларда ок атуучу куралдар төмөнкү учурларда:

- камакта кармоочу жайдын кызматкерлеринин, шектүүлөрдүн, айыпкерлердин жана башка адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна кол салуулардан коргоо үчүн;

- шектүүнүн же айыпкердин куралга ээ болуу максатында камакта кармоочу жайдын кызматкерлерине кол салышына сокку берүү үчүн;

- барымтага алынган адамдарды, басып алынган имараттарды, жайларды, курулуштарды жана транспорт каражаттарын бошотуу үчүн;

- камакта кармоочу жайлардагы имараттарга, жайларга, курулуштарга жана транспорт каражаттарына топтошуп же куралдуу кол салууга сокку берүү үчүн;

- куралдуу каршылык көрсөтүшкөн адамдарды жана ошондой эле камакта кармоочу жайлардын кызматкерлеринин, же башка адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна каршы оор кылмыш жасап жаткандарды кармоо үчүн;

- шектүүнүн же айыпкердин камакта кармап турган жерден, же конвой менен баратканда качууга жасаган аракетин болтурбоо үчүн;

- камакта кармоочу жайдын кызматкерлеринин куралды берүү жөнүндөгү мыйзамдуу талабын аткаруудан баш тарткан куралдуу адамды кармоо үчүн;

- шектүүлөрдү жана айыпкерлерди күч менен бошотуу аракетин болтурбоо үчүн колдонулат.

Көңүл буруңуздар! КР 2019-жылдын 25-июлундагы N 102 Мыйзамына ылайык 43-берене берилген Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүн жоготот.

 

44-статья. Камакта кармоочу жайлардагы өзгөчө шарттардын режими

 

Табигый кырсыктар, эпидемиялар, эпизоотийлер болгондо, чоң аймактарды өрт каптаганда, жашоо тиричилигин камсыз кылуу тармагында чоң кырсыктар, массалык баш аламандыктар болгон учурда же камакта кармоочу жайларда куралдуу кол салуу коркунучу чындап түзүлгөндө шектүү жана айыпталуучулардын массалык баш ийбөөсү болгондо ички иштер органдарынын, жазык-аткаруу тутумунун, улуттук коопсуздук, коргонуу органдарынын, баңгизаттарды кантролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчилеринин буйругу боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору менен макулдашуу аркылуу алардын компетенциясынын чегинде камакта кармоочу жайларда жыйырма суткадан ашпаган мөөнөткө өзгөчө шарттар режими киргизилет.

Өзгөчө шарттардын режими киргизилгенде шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын катышуусу менен өткөрүлүүчү бардык иш-чараларга чектөө коюлушу жана токтотулушу ыктымал; аларды кайтаруу, өткөрмө режим жана камакта жаткан шектүүлөр менен айыпталуучуларга көзөмөл күчөйт, жөнөтмөлөр же кийирүүлөр токтотулат жана ошондой эле мекеменин кадимкидей иштешин турукташтыруунун башка да чаралары көрүлөт.

Шектүүлөрдүн, айыпталуучулардын жана башка адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч туулган кезде камакта кармоочу жайдын башчысы, ал жок кезде - анын орун басары ведомстволук баш ийүүсү боюнча органдын жетекчисин ошол замат кабардар кылуу менен, ушул статьянын экинчи бөлүгүндө каралган чараларды өз алдынча колдоно алат.

Камакта кармоочу жайлардагы өзгөчө шарттардын режими аны киргизген орган же кызмат адамы, болбосо жогорку орган, же кызмат адамы тарабынан токтотулат.

(КР 2011-жылдын 14-июлундагы № 99, 2013-жылдын 25-ноябрындагы № 206  Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

IV Глава
Корутунду жоболор

 

45-статья. Шектүүлөрдү жана айыпталуучуларды камактан бошотуунун негиздери

 

Шектүүлөрдү жана айыпталуучуларды камактан бошотуунун негизи болуп:

- Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдары белгилеген тартипке ылайык чыгарылган соттун чечими;

- Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарында белгиленген тартипке ылайык чыгарылган прокурордун же тергөөчүнүн токтому.

 

46-статья. Шектүүлөрдү жана айыпталуучуларды камактан бошотуунун тартиби

 

Шектүүлөр жана айыпталуучулар соттун токтомун (аныктамасын), болбосо прокурордун же тергөөчүнүн токтомун алары менен камакта кармоочу жайдын башчысы же анын орун басары тарабынан бошотулат.

Камакта кармоочу жайдын башчысы (орун басары) камакта кармалып жаткан шектүүнүн же айыпталуучунун мөөнөтүнүн бүтөрүнө чейин жыйырма төрт сааттан кечиктирбей бул тууралу камакта кармоочу жайга көзөмөл жүргүзүп туруучу прокурорго билдирүүгө милдеттүү.

Камактан бошотулган шектүүгө же айыпталуучуга жеке өзүнүн документтери, буюмдары, анын өздүк эсебинде сакталып турган акчалары жана башка баалуу буюмдары жана анын камакта жаткан мөөнөтү көрсөтүлгөн маалымдама жана анын бошотулушунун негиздемеси берилет. Ал, эгерде буга муктаж болсо, жашаган жерине чейин темир жол, автомобиль, деңиз жана аба транспорту менен бекер жетип алуу, тамак-аш жана ошондой эле жыл мезгилине жараша кийилчү кийим-кече менен камсыз кылынат.

 

47-статья. Прокурордук көзөмөл

 

Шектүүлөр жана айыпкерлер камакта кармалып туруучу жайлардагы мыйзамдардын аткарылышына көзөмөлдү прокуратура органдары жүзөгө ашырат.

Шектүүлөр жана айыпкерлер камакта кармалып туруучу жайлардын администрациясы, ушул Мыйзамда белгиленген камакта кармап туруунун тартибине байланыштуу болгон прокурордун токтомдорун, тапшырмаларын, сунуштамаларын аткарууга милдеттүү.

(КР 2014-жылдын 18-мартындагы № 51 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

48-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кирүү тартиби

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик-укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

"Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген күндөн тартып булар Кыргыз Республикасынын аймагында күчүн жоготту деп табылсын:

- "Алдын ала камакка алуу жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө" СССРдин 1969-жылдын 11-июлундагы Закону (СССР Жогорку Советинин Ведомосттору, 1969-ж., № 29, 248-ст.);

- "Кылмыш жасоо жагынан шек туудурган адамдарды кыска мөөнөткө кармап туруунун тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралу" СССР Жогорку Советинин Президиумунун 1976-жылдын 13-июлундагы Указы (СССР Жогорку Советинин Ведомосттору, 1976-ж., № 29, 426-ст.).

 

Кыргыз Республикасынын

          Президенти

 

А.Акаев