Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\7e06e9e0-87d5-4e01-b0db-272feb251bf6\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2015-жылдын 8-апрели № 74

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

(КР 2017-жылдын 24-январындагы N 10, 2018-жылдын 6-августундагы N 87 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

1-берене.

"Кыргыз Республикасында кумар оюн ишине тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 10,1482-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. Преамбуладагы "чектөө киргизилет" деген сөздөр "тыюу киргизилет" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. 1-3-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр

Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкүдөй аныктамалар пайдаланылат:

кумар оюн иши - казинолордо, оюн автоматтарында, компьютердик симуляторлордо, интерактивдүү жайларда, сервердин жайгашкан жерине карабастан электрондук (виртуалдык) казинолордо кумар оюндарын уюштуруу, жүргүзүү жана ойноо мүмкүнчүлүгүн берүү менен байланышкан иш;

кумар оюн жайлары - кумар оюндарын жүргүзүү боюнча ишти жүзөгө ашыруучу жана (же) мелдешке ставкалар кабыл алынуучу жай (имарат), ошондой эле кумар оюндарын жүргүзүү үчүн ылайыкташтырылган кумар оюн жабдууларын, компьютердик симуляторлорду, аппараттык-программалык комплекстерди эксплутациялоочу жайлар (залдар);

кумар оюну - катышуунун милдеттүү шарты оюнчу тарабынан, анын ичинде электрондук төлөм тутуму аркылуу акча төлөө болуп саналган, катышуучуга кандай болбосун түрдө утушка (байгеге) ээ болуу жана кокустукка жараша ага ээ болбой калуу мүмкүнчүлүгүн берген, тобокелдикке негизделген кандай гана болбосун оюндар;

казино - акчалай утуштарды жарыялоо менен кумар оюн жабдууларын пайдаланып кумар оюндарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча иштерди жүзөгө ашыруучу кумар оюн жайы;

кумар оюн жабдуулары - чыгырык, карта столдору, сөөк оюну үчүн стол, оюн автоматтары, анын ичинде тотализатор жана букмекердик контора үчүн жабдуулар;

оюн столу - кумар оюн жайынын уюштуруучусу өз өкүлдөрү аркылуу тарап катары же уюштуруучу жана (же) байкоочу катары катышкан (чыгырык, карта столдору, сөөк оюндары үчүн стол) утуштун кандай болбосун түрү менен кумар оюндарын жүргүзүү үчүн арналган кумар оюн жайындагы атайын жабдылган орун;

оюн автоматы - кумар оюн бизнесинин уюштуруучусунун же анын кызматкерлеринин катышуусуз мындай кумар оюн жабдуулар корпусунун ичиндеги түзүлмө менен кокусунан аныкталган кумар оюндарын жана (же) утушу менен мелдеш өткөрүү үчүн пайдаланылуучу кумар оюн жабдуулары (механикалык, электрдик, электрондук же башка техникалык жабдуулар);

оюн автоматтар залы - оюн автоматтарын пайдалануу менен кумар оюндарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш жүзөгө ашырылуучу кумар оюн жайы;

оюн зонасы - кумар оюн жайынын кумар оюн жабдууларын орнотуу үчүн арналган бөлүгү;

тотализатор - бардык катышуучулардын ортосунда натыйжасы мурдатан аныкталбаган окуянын жыйынтыгына карата өз ара мелдеш болгон, катышуучулардан белгилүү бир жерде ставкаларды кабыл алуучу, аларга утушту төлөп берүүчү жана тийиштүү техникалык каражаттарды жана жол-жоболорду пайдалануу менен мүнөздөлгөн кумар оюн жайы (анын ичинде "Бинго-лото" жана "Русское лото");

букмекердик контора - натыйжасы алдын ала аныкталбаган окуянын бүтүшүнө бардык катышуучулар менен кумар оюн жайынын ортосунда мелдеш болгон кумар оюн жайы;

казино же оюн автоматтар залынын кассасы - накталай акчаларды майдалоо (алмаштыруу) боюнча кызматтар көрсөтүлүүчү кумар оюн жайында уюштуруучу тарабынан атайын жабдылган орун;

онлайн-казино - бул кумар оюн жайларында же башка жайларда кумар оюндарын өткөрүү үчүн ыңгайлаштырылган аппараттык-программалык комплекстерди пайдалануу же болбосо утуштарды Интернет аркылуу алууну караган байланыш каражаттары аркылуу (пайдалануу жайына карабастан) реалдуу убакыттагы бир же көпчүлүк менен пайдалануу режиминде кумар оюндарын уюштуруу жана өткөрүү;

компьютердик симуляторлор - виртуалдык чөйрөдө реалдуу көрүнүштөрдүн жана белгилердин бөлүгүн чагылдыруучу чындыктай таасир калтыруучу программалык жана аппараттык каражаттар;

аппараттык-программалык комплекс - тапшырмалардын комплексин аткарууну автоматташтырууга мүмкүндүк берүүчү жана электрондук маалыматтык ресурстардын жана маалымат тутумдарынын иштешин камсыз кылуучу техникалык жана программалык каражаттар;

электрондук (виртуалдык) казино - кумар оюндарына Интернет желеси аркылуу жетишүүгө мүмкүндүк берүүчү Интернеттеги сайт же программа.

2-берене. Кумар оюн ишине тыюу салуу

1. Кыргыз Республикасында кумар оюн ишине, анын ичинде Интернет желеси жана маалымат-телекоммуникациялык байланыш каражаттары аркылуу ойнотууга тыюу салынат.

2. Юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге кумар оюндарына катышуу үчүн, анын ичинде Интернет желеси аркылуу өткөрүлүүчү акча каражаттарын кабыл алууга тыюу салынат.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын аймагында кумар оюндарын өткөрүүгө көмөкчү болгон Интернет сайттарга жеткиликтүүлүккө жол бербөө боюнча контролдоону жүзөгө ашырат жана чараларды көрөт.

3-берене. Ушул Мыйзамдын колдонулуу чөйрөсү

Ушул Мыйзамдын колдонулушу кумар оюн ишинин бардык түрлөрүнө жайылтылат.".

3. 5-берененин 2-бөлүгүндө ", ошондой эле ушул Мыйзам менен жөнгө салынбаган кумар оюн жайларынын ишин жүзөгө ашыруу боюнча" деген сөздөр алып салынсын.

 

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 153-берененин 2-пунктунун "б" пунктчасында "жана букмекердик кеңселердин жана тотализатордун иштери" деген сөздөр алып салынсын.

2. 160-берененин 1-пунктунда "букмекердик кеңселер жана тотализаторлор сыяктуу оюн-зоок жайларына," деген сөздөр алып салынсын.

3. 327-берененин 9-бөлүгүндө "букмекердик кеңселер жана тотализаторлор сыяктуу оюн-зоок жайлар," деген сөздөр алып салынсын.

4. 339-берененин 6-бөлүгүнүн 7-пунктунда "букмекердик кеңселердин жана тотализаторлордун иштерин жүзөгө ашыруучу мекемелери жана" деген сөздөр алып салынсын.

5. 348-берененин 1-бөлүгүнүн 12-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

6. 349-берененин 2-бөлүгүнүн 12-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

 

3-берене.

(КР 2017-жылдын 24-январындагы N 10 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

4-берене.

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин II бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 6, 226-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

922-статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:

"4. Алдын-ала макулдашылган утуштар менен алдыдагы окуялар (ар кандай спорттук, саясий, маданий, финансылык, аба ырайынын жана башка) болоорун же болбостугун камсыздандырууга жол берилбейт.".

 

5-берене.

"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 9, 990-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

15-берененин 29-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

 

6-берене.

(КР 2018-жылдын 6-августундагы N 87 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

7-берене.

"Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 195-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

16-беренеде:

6-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;

7-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"- оюн-зоок тобокелчилигине жана алардын уюштуруучуларынын, катышуучуларынын жана ортомчуларынын, анын ичинде букмекердик конторалар жана тотализаторлор сыяктуу оюн-зоок жайларынын өз ара мелдешине негизделген жарнакты (оюн-зоок бизнесинин жарнагы) таратууга.".

 

8-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А.Ш.Атамбаев