КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 15-апрели № 82
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 10, 1514-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
153-берененин 1-бөлүгүнүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун коомдук кеңештери менен;".
2-берене.
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 8, 323-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 40-берененин 11-бөлүгүндөгү "байкоочу" деген сөз алып салынсын.
2. 53-беренеде:
1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2016-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирген 40-берененин алтынчы-он бешинчи бөлүктөрүн кошпогондо, ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.";
берене төмөнкүдөй редакциядагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы билим берүү уюмдарынын мамлекеттик аккредитациясын (аттестациясын) 2016-жылдын 1-сентябрына чейин жүргүзсүн.".
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш.Атамбаев |