Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\0eb93c09-12b9-49bf-9847-0f9d826b06f7\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2015-жылдын 4-майы № 92

"Экологиялык экспертиза жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене.

"Экологиялык экспертиза жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 12, 528-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 9-статьянын 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.

2. 12-статьяда "жана аны жүргүзүү үчүн акы төлөнгөн" деген сөздөр алып салынсын.

3. 19-статьянын үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

4. 21-статья күчүн жоготту деп таанылсын.

 

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

А. Атамбаев