Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\512cbd3a-79d6-407d-9749-7447ade15c29\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2015-жылдын 16-майы № 98

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө

(КР 2017-жылдын 1-декабрындагы N 197 (2) Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

Ушул Мыйзам мамлекеттик чек ара саясатынын жана Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүдө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын талаптагыдай кайтаруунун уюштуруучулук жана укуктук негиздерин белгилейт жана бекемдейт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чек ара коопсуздугун камсыз кылуу менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат.

1-глава. Жалпы жоболор

 

1-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр жана аныктамалар

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы (мындан ары - Мамлекеттик чек ара) - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аймагынын (кургак жеринин, сууларынын, жер казынасынын жана аба мейкиндигинин) чектерин аныктаган тилке жана ал тилке боюнча өтүүчү тик бет, башкача айтканда, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгү өкүм сүргөн мейкиндиктин чеги;

өткөрүү пунктундагы мамлекеттик контроль - Мамлекеттик чек арадан өтүүчү адамдарга жана унаа каражаттарына, ошондой эле Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүлүүчү жүктөргө, товарларга жана жаныбарларга карата баңги каражаттарын жүгүртүүгө чек аралык, бажылык, санитардык-эпидемиологиялык, ветеринардык, фитосанитардык контролду жана контролдоонун башка түрлөрүн өзүнө камтыйт;

Мамлекеттик чек араны делимитациялоо - Кыргыз Республикасы менен чектеш мамлекеттердин ортосундагы Мамлекеттик чек арадан өтүү карталары боюнча кеңири сыпаттоону түзүү менен келишимдик аныктоо;

Мамлекеттик чек араны демаркациялоо - Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жөнүндө келишимдердин (макулдашуулардын) негизинде жүзөгө ашырылуучу Мамлекеттик чек ара тилкелерин жеринде так аныктоо жана чек ара белгилери менен белгилөө;

анык документ - аны берген мамлекеттин компетенттүү органдары тарабынан белгиленген үлгүлөргө бардык бөлүктөрү жана маалым даректери туура келген, ага укуктуу органдар тарабынан тиешелүү түрдө жол-жоболоштурулган, мөөнөтү өтүп кетпеген, көрсөтүүчүгө таандык болгон жана жасалмалары жок инсандыкты ырастоочу документ;

инсандыкты ырастоочу документ - эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, үлгүсү дипломатиялык каналдар боюнча жиберилген жана Кыргыз Республикасында ушундай сапатта таанылган Мамлекеттик чек арадан өтүүчү адамдын статусун тастыктоочу документ;

Мамлекеттик чек аранын инфратүзүмү - Мамлекеттик чек араны кайтаруу максатында курулуучу, жабдылуучу жана пайдаланылуучу чектердин, объекттердин, гидротехникалык, инженердик жана башка курулмалардын жана тосмолордун комплекси;

чек ара коопсуздугу чек ара мейкиндигинде ички жана тышкы коркунучтардан инсандын, коомдун жана мамлекеттин турмуштук маанилүү кызыкчылыктарын камсыз кылууга багытталган Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун курамдык бөлүгү болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүзөгө ашырылат;

чек ара саясаты мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чек ара коопсуздугун камсыз кылууга багытталган координацияланган, макулдашылган иштери;

чек ара араздашуусу - Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди бузууда көрүнгөн чектеш мамлекеттердин жарандарынын, аскер кызматчыларынын же жергиликтүү бийликтеринин мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында келип чыккан, чектеш мамлекеттердин кызыкчылыктарын козгогон жана Мамлекеттик чек ара режимин бузуу же материалдык же башка зыян келтирүү менен байланышкан Мамлекеттик чек арадагы окуя;

чек ара чыр-чатагы - Мамлекеттик чек арадан өтүүчү жарандардын жана өткөрүү пунктунда Мамлекеттик чек араны кайтарууну же контролдоо функцияларын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик бийлик органдарынын расмий өкүлдөрүнүн карама-каршы кызыкчылыктарынын алардын ортосундагы ачык каршы аракеттеринен көрүнгөн кокусунан же атайылап уюштурулган араздашуусу. Чыр-чатактар кыска мөөнөттүү, узак мөөнөттүү же созуктурулган болушу мүмкүн;

чек ара контролу - Кыргыз Республикасына кирүүчү адамдардын Мамлекеттик чек арадан өтүүсү үчүн мыйзамдык негиздерди таануу боюнча аракеттердин комплексин жүргүзүүдөн, же болбосо Кыргыз Республикасынан чыга турган адамдарга мамлекеттик чек арадан өтүүгө уруксат берүүдөн, ошондой эле Мамлекеттик чек араны бузуучуларды табуу жана кармоо боюнча аракеттерди жүзөгө ашыруудан турган, ал эми мыйзамдарда белгиленген учурларда, Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүгө жана Кыргыз Республикасынын аймагынан алып чыгууга мыйзамдар менен тыюу салынган жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды табуу жана кармоо боюнча Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарындагы мамлекеттик контролдоонун түрү;

чек ара тилкеси - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу чектерде кирүүнүн, убактылуу жашоонун, орун которуунун жана иш жүргүзүүнүн өзгөчө режими киргизилген Мамлекеттик чек арага жанашкан аймактын бөлүгү;

Кыргыз Республикасынын чек ара мейкиндиги - Мамлекеттик чек ара жана Кыргыз Республикасынын ага туташ жайгашкан аймагы, ошондой эле чектеринде чек ара иштери жүзөгө ашырылуучу Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарынын аймагы;

чек ара өкүлдөрү - Мамлекеттик чек аранын белгиленген режимин кармоо менен байланышкан маселелерди чечүү үчүн, ошондой эле чек ара араздашууларын жана чыр-чатактарын жөнгө салуу үчүн жалпы чек аранын белгилүү бир участкасына дайындалуучу чектеш мамлекеттердин ыйгарым укуктуулары;

чек ара режими - Мамлекеттик чек араны кайтаруу үчүн зарыл шарттарды түзүү максатында гана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү чек арага чектеш аймактарга кирүү, жашоо, орун которуу, жер которуу жана иш жүргүзүү тартибин жөнгө салуучу ченемдердин жана эрежелердин тутуму;

Мамлекеттик чек араны кесип өтүү - Мамлекеттик чек араны адамдардын, аба кемелеринин жана башка унаа каражаттарынын кесип өтүшү жана жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү;

чек арага канатташ аймак - Мамлекеттик чек арага жакын жайгашкан, анын чектеринде чек аралык режим белгиленүүчү жана колдонулуучу административдик-аймактык бирдиктин (райондун, шаардын, айылдын) чектериндеги аймак;

Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункту - эл аралык катнаштар (эл аралык учуулар) үчүн ачык темир жол бекетинин (чордонунун), аэропорттун, аэродромдун чегиндеги аймак, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Мамлекеттик чек ара аркылуу өтүүчү жарандарга, унаа каражаттарына, алынып өтүүчү жүктөргө, товарларга жана жаныбарларга мамлекеттик контролдоо жана өткөрүү жүзөгө ашырылуучу Мамлекеттик чек арага түздөн-түз жакын атайын жабдылган жер;

чек ара белгилери - жасалма узак мөөнөттүү курулуштар - чектеш мамлекеттер менен Мамлекеттик чек ара тилкелерине орнотулуучу мамылар. Чек ара белгилери негизги жана өз аралык болот. Чек ара белгилеринин формалары, өлчөмдөрү, алардын сыпаттамасы жана орнотуу тартиби Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат;

чек ара кезмети - Мамлекеттик чек араны кайтаруу буйругун аткарган бир же бир нече куралдуу чек арачы;

Мамлекеттик чек ара режими - Мамлекеттик чек араны күтүүнүн, аны адамдардын жана унаа каражаттарынын кесип өтүүсүнүн, Мамлекеттик чек ара аркылуу жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды өткөрүүнүн, Мамлекеттик чек арада чарбалык, аңчылык жана башка иштерди жүргүзүүнүн, көрсөтүлгөн эрежелерди бузуу менен байланышкан чек ара араздашууларын чечүүнүн эл аралык келишимдер жана ченемдик укуктук актылар менен белгиленген эрежелери;

чек араны кайра демаркациялоо - колдонуудагы келишимдик документтердин негизинде Мамлекеттик чек ара тилкелерин жеринде калыбына келтирүү жана аны чек ара белгилери менен белгилөө. Чек ара белгилерин оңдоо, жоголгондорун калыбына келтирүү жана кошумча белгилерди орнотуу, жаңы сыпаттама-протоколду, карталарды жана протоколдорду түзүүнү жана чек ара белгилеринин жайгашуусун карайт. Жаңы документтер тараптардын ар биринин колдонуудагы мыйзамдарына ылайык бекитилүүгө тийиш;

өткөрүү пункттарындагы режим - адамдардын, унаа каражаттарынын өткөрүү пункттарына келүүсүнүн (кирүүсүнүн), анда болуусунун, жер которуусунун жана чыгуусунун, жүктөрдүн, товарлардын жана жаныбарлардын болуусунун жана чыгуусунун (чыгаруунун), жүктөрдүн, товарлардын жана жаныбарлардын болуусунун, алып кетүүнүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү тартиби;

режимдик иш-чаралар - бул Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылуучу жана Мамлекеттик чек ара режиминин, чек ара режиминин жана Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарындагы режимдин сакталышын күчөтүлгөн контролун камтыган уюштуруу формасы;

чектеш мамлекет - Кыргыз Республикасы менен Мамлекеттик чек аранын жалпы участогуна ээ болгон коңшу мамлекет;

кызматтык жаныбарлар - чек ара мейкиндигинде мыйзам бузуулардын алдын алуу, табуу, белгилөө жана бөгөт коюу максатында чек ара кезметтерин күчөтүү, ошондой эле укук бузуучуну күч колдонуп, психологиялык жактан тосмолоо жана башка таасир көрсөтүү үчүн пайдаланылуучу иттер жана жылкылар;

атайын аракеттер - Мамлекеттик чек арада жана Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында укукка каршы аракеттерди болтурбоо максатында жүргүзүлүүчү аскердик, ыкчамдык, режимдик жана чек ара өкүлчүлүк иш-чараларынын комплекси;

Мамлекеттик чек араны орнотуу - Мамлекеттик чек аранын өтүшүн документтик сыпаттоо, ошондой эле жана анын өтүшүн жеринде белгилөө;

өткөрүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн тартиби - Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык эки жактуу келишимдерге жана макулдашууларга ылайык Кыргыз Республикасына кирүү жана Кыргыз Республикасынан чыгуу укугуна документтерди аныктоо бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын жана чектеш мамлекеттин жарандарын Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү тартиби;

чарбалык жана башка иштер - Мамлекеттик чек араны кесип өтүү эрежелерин сактоо, Мамлекеттик чек араны кесип өтүү жери, убактысы жана иш жүргүзүү, катышуучулардын саны, пайдаланылуучу техникалык, унаа жана башка каражаттар жана механизмдер жөнүндө Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлоо менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылуучу иш.

 

2-берене. Мамлекеттик чек ара жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары

1. Мамлекеттик чек ара жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына, ушул Мыйзамга жана аларга ылайык чыгарылган башка ченемдик укуктук актыларга негизделет.

2. Мамлекеттик чек ара жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык түзүлөт.

 

3-берене. Кыргыз Республикасынын чек ара саясаты

1. Кыргыз Республикасы чек ара саясатын эгемендүүлүктү, аймактык бүтүндүктү жана мамлекеттик чек аралардын бузулгустугун өз ара сыйлоонун эл аралык принциптерине таянуу менен ишке ашырат жана өзүнүн Мамлекеттик чек арасынын өтүшүн Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерге жана декларацияларга ылайык тастыктайт.

2. Кыргыз Республикасы чектеш мамлекеттер менен болгон өз ара мамилелеринде эгемендүүлүк, аймактык бүтүндүк жана мамлекеттик чек аралардын бузулгус принциптеринин аткарылышын камсыз кылат. Аймактарды күч колдонуу менен басып алуунун таанылышы жана эл аралык таануу же анын укуктук статусунун өзгөрүүсүн таңуулоо үчүн пайдаланылышы мүмкүн эместигин бекемдейт. Ар бир конкреттүү учурда эл аралык келишимдердин жана декларациялардын алкагында тиешелүү эл аралык документтер менен бул максаттар үчүн каралган макулдашылган механизмдерди колдонуу аркылуу чек ара талаш-тартыштарын, араздашууларын, чыр-чатактарын тынчтык жол менен жөнгө салууга даяр экендигин тастыктайт.

3. Кыргыз Республикасынын аймагы азыркы чек арада кол тийгис жана бөлүнгүс.

Мамлекеттик чек араны кайтаруу, Кыргыз Республикасынын чек ара коопсуздугун, эгемендүүлүгүн, кол тийбестигин жана аймактык бүтүндүгүн камсыз кылуу, улуттук кызыкчылыктарды жана мамлекеттик коопсуздукту ишке ашыруу жана кайтаруу максатында ушул Мыйзам менен аныкталган тартип орнотулат.

4. Мамлекеттик чек араны кайтаруу үчүн мамлекеттик түзүм түзүлөт.

5. Чек ара саясаты чектеш мамлекеттер менен чек ара маселелерин тынч, зомбулуксуз чечүү принциптеринин негизинде өз ара пайдалуу ар тараптуу кызматташуу жолу менен ишке ашырылат.

 

4-берене. Мамлекеттик чек араны кайтаруу

1. Мамлекеттик чек араны кайтаруу Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуунун жалпы мамлекеттик тутумунун ажыралгыс бөлүгү болуп саналат жана саясий, укуктук, уюштуруучулук, экономикалык, экологиялык, техникалык, ыкчам, аскердик жана башка чаралардын тутумун төмөнкүлөр боюнча жүзөгө ашыруудан турат:

1) Мамлекеттик чек аранын белгиленген өтүшүн укукка каршы, зомбулук менен өзгөртүүгө, Кыргыз Республикасынын аймагындагы участокторду чектеш мамлекеттердин же алардын жарандарынын мыйзамсыз пайдаланышына (өздөштүрүшүнө) жол бербөө боюнча;

2) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген Мамлекеттик чек арада укуктук мамилелердин юридикалык жана жеке жактар тарабынан сакталышын, ошондой эле Мамлекеттик чек араны, Мамлекеттик чек ара режимин, чек ара режимин жана Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарындагы режимди бузуунун белгилерин жана фактыларын табуу жана бөгөт коюу өбөлгөлөрүн камсыз кылуу боюнча.

2. Мамлекеттик чек араны түздөн-түз кургак жерде, чек ара боюндагы дарыяларда жана башка көлмө-сууларда кайтаруу Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга; аба мейкиндигин кайтаруу - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабына жүктөлөт.

2-глава. Мамлекеттик чек аранын өтүүсүн жана белгиленишин белгилөө, өзгөртүү

 

5-берене. Мамлекеттик чек аранын өтүүсүн белгилөө жана өзгөртүү

1. Мамлекеттик чек ара Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланууга жаткан Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык белгиленет жана өзгөртүлөт.

2. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, Мамлекеттик чек араны белгилөө Мамлекеттик чек араларды делимитациялоону, демаркациялоону, кайра демаркациялоону өзүнө камтыйт.

3. Эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде башкача каралбаса, Мамлекеттик чек ара төмөнкүдөй белгиленет:

1) кургак жерде - мүнөздүү чектер, рельефтин багыттары же даана көрүнгөн ориентирлер боюнча (тоолуу райондордо сөзсүз тоолордун суу менен бөлүнүшү, кыркалары боюнча);

2) дарыяларда - алардын ортосу боюнча же дарыянын башкы нугунун ортосу боюнча;

3) көлмөлөрдө - Мамлекеттик чек аранын көлмөнүн жээктерине чыккан жерлерин бириктирген түз тилке боюнча;

4) суу сактагычтарда, гидротүйүндөрдө жана башка жасалма көлмөлөрдө - алар толтурулганга чейин Мамлекеттик чек ара өткөн жерлерге ылайык;

5) чек ара дарыялары аркылуу өтүүчү темир жол жана автомобиль жолдорунун көпүрөлөрүндө, плотиналарда жана башка курулмаларда - Мамлекеттик чек аранын сууда өтүшүнө карабастан, ал курулмалардын ортосу же алардын технологиялык огу боюнча.

4. Чек ара тилкесинде, анын ичинде чек ара дарыяларында мүмкүн болуучу ар кандай табигый өзгөрүүлөр Мамлекеттик чек ара тилкелеринин өтүшүнө кандайдыр бир өзгөртүүлөрдү киргизүүгө алып келбейт.

 

6-берене. Мамлекеттик чек араны белгилөө

1. Мамлекеттик чек ара жеринде даана көрүнүп туруучу чек ара белгилери менен белгиленет.

2. Чек ара белгилеринин формасы, өлчөмү, аларды сыпаттоо жана орнотуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен аныкталат.

 

7-берене. Мамлекеттик чек араны жабдуулоо

1. Мамлекеттик чек араны жабдуулоо Мамлекеттик чек араны кайтаруунун жана чек ара коопсуздугунун кызыкчылыктарына жараша жүзөгө ашырылат жана өткөрүү пункттарында контролдоону уюштуруу жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынын кайтарылышын камсыз кылуу үчүн зарыл материалдык-техникалык базаны өнүктүрүүнү, анын ичинде долбоорлоону, курууну, реконструкциялоону, жабдууну жана Мамлекеттик чек арада транспорттук жана инженердик инфратүзүмдү түзүүнү, имараттарды, жайларды, курулмаларды, маалыматтык жана телекоммуникациялык тутумдарды техникалык жабдууну камтыйт.

2. Мамлекеттик чек араны жабдуулоо Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү аркылуу түздөн-түз жүзөгө ашырылат.

3-глава. Мамлекеттик чек ара режими

 

8-берене. Мамлекеттик чек ара режими

1. Мамлекеттик чек ара режими Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык белгиленет.

2. Мамлекеттик чек ара режими төмөнкү эрежелерди камтыйт:

1) Мамлекеттик чек араны күтүү;

2) Мамлекеттик чек араны кесип өтүү;

3) Мамлекеттик чек ара аркылуу адамдарды, унаа каражаттарын өткөрүү, Мамлекеттик чек ара аркылуу жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды алып өтүү;

4) чек ара араздашууларын чечүү;

5) чек ара тилкесине кирүү, убактылуу болуу, жашоо жана жер которуу;

6) Мамлекеттик чек арада чарбалык, аңчылык же башка иштерди жүргүзүү, коомдук-саясий, маданий жана башка иш-чараларды өткөрүү.

3. Мамлекеттик чек ара режими Мамлекеттик чек арада жана чек ара тилкесинде колдонулат жана Кыргыз Республикасынын чектеш мамлекеттер менен болгон өз ара мамилелерине байланыштуу бардык маселелерди укуктук жөнгө салуу максатында белгиленет.

 

9-берене. Мамлекеттик чек араны күтүү

1. Мамлекеттик чек араны күтүү чек ара белгилерин орнотуу, сактоо жана оң абалда кармоо, аларды контролдук кароо, Мамлекеттик чек аранын өтүүсүн чектеш мамлекеттер менен бирдикте текшерүүнү биргелешип өткөрүү тартибин өзүнө камтыйт.

2. Мамлекеттик чек араны күтүүнүн жана Мамлекеттик чек аранын инфратүзүмүн түзүүнүн кызыкчылыктарында Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жеринде кургакта Мамлекеттик чек арага түздөн-түз бойлото өтүүчү 50 метрге чейинки жазылыктагы, ал эми зарыл болгондо чек ара дарыяларынын жана башка көлмөлөрдүн суусунун кыргыз бөлүгүнүн жээги боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү жерлерде жана тартипте туруктуу пайдаланууга жер тилкеси бөлүнүп берилет.

3. Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык улуттук жана чек ара коопсуздугун коргоо максатында Мамлекеттик чек арага жанашкан, чек арага канатташ аймактарда жашаган жарандарга таандык мүлкүн - жер участокторун алууга жол берилет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менчик ээлери же жер пайдалануучулар тарткан чыгашаны компенсациялоо же чек ара коопсуздугун камсыз кылуу максатында жер участогу мамлекеттик муктаждык үчүн алынганына байланыштуу аларга тең баадагы башка жер участогун берүүгө милдеттүү.

 

10-берене. Мамлекеттик чек араны кесип өтүү

1. Адамдардын жана унаа каражаттарынын мамлекеттик чек араны кургак жерде кесип өтүүсү эл аралык темир жол, унаа жана аба катнаштарындагы жолдордо мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында же болбосо Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде аныкталган башка жерлерде жүзөгө ашырылат.

2. Аба кемелери Мамлекеттик чек араны Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык атайын бөлүнгөн учуп өтүүчү аба коридорлорунда кесип өтөт. Аба коридорлорунан тышкары Мамлекеттик чек араны кесип өтүүгө Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин кайтаруу үчүн жоопкерчиликтүү органдардын уруксаты боюнча гана жол берилет.

Аба кемелерине мамлекеттик чек арадан тартып Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүүчү пункттарга чейин жана кайра артка кайтууда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аба мейкиндиги аркылуу транзиттик учуп өтүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан эл аралык катнаштар үчүн ачылбаган Кыргыз Республикасынын аэропортторуна (аэродромдоруна) конууга (учуп чыгууга), адамдарды кабыл алууга (чыгарууга), жол жүктү, жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды жүктөөгө (түшүрүүгө) тыюу салынат.

Табигый кырсыктарда, кырсыктарда жана аба кемесиндеги адамдарга шашылыш медициналык жардам көрсөтүүдө аргасыз конгон учурлар адаттан тышкары болуп саналат.

3. Мамлекеттик чек аранын өткөрүү пункттарынан тышкары жерлерден кесип өтүү ошондой эле чектеш мамлекеттердин Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен алдын ала макулдашуу боюнча унаа, өндүрүштүк жана айыл чарба багытындагы трансчегаралык объекттерди, электр байланыш тарамдарынын жана электр өткөргүч чубалгыларынын коммуникацияларын тейлөөдө, оңдоодо жана пайдаланууда, мал айдап өтүүдө жана биргелешип чарба жүргүзүүнүн башка учурлары жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

4. Кыргыз Республикасынын коопсуздугун камсыз кылуу кызыкчылыктарында, ошондой эле чектеш мамлекеттердин кайрылуусу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен Мамлекеттик чек аранын айрым участкаларында кесип өтүү кызыкдар мамлекеттердин бийликтерине кабарлоо менен убактылуу чектелиши же токтотулушу мүмкүн.

5. Мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча милдеттенмелерди аткарууда Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга чектеш мамлекеттин чек ара органы менен макулдашылган башка тартипте Мамлекеттик чек араны кесип өтүү укугу берилет.

6. Табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал келип чыкканда кырсыктан куткаруучу жана кырсыкты калыбына келтирүүчү түзүлүштөр (күчтөр) өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин чектөө жана жоюу үчүн Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык мамлекеттик чек араны кесип өтүшөт.

7. Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагына же анын айрым жерлерине согуштук же өзгөчө абал киргизилгенде чектеш мамлекеттердин жеке жактары тарабынан Мамлекеттик чек араны кесип өтүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

(КР 2017-жылдын 1-декабрындагы N 197 (2) Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

11-берене. Адамдарды, унаа каражаттарын, жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү

1. Адамдарды, унаа каражаттарын, жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык белгиленген жана ачык өткөрүү пункттарында жүргүзүлөт.

2. Өткөрүү пункттарынын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет,

3. Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү же Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгуу укугуна жарактуу документтердин, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган унаа каражаттарына, жүктөргө, товарларга жана жаныбарларга документтердин болуусу адамдарды, унаа каражаттарын, жүктөрдү жана жаныбарларды Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүүгө негиз болуп саналат.

4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө уруксат берилбеген чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынан чыгууга тыюу салуу (чектөө) жөнүндө чечим кабыл алынган адамдар Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүлүүгө жатпайт.

5. Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык, Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн тартиби белгилениши мүмкүн,

Мамлекеттик чек ара аркылуу жөнөкөйлөтүлгөн тартипте өткөрүүнү жүзөгө ашырууда унаа каражаттарын, жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды коммерциялык максатта өткөрүүгө тыюу салынат.

Жөнөкөйлөтүлгөн тартиптеги өткөрүү пункттарында өткөрүүгө уруксат берилген товарларды алып келүүнүн, ошондой эле алып кетүүнүн тизмеги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аныкталат.

6. Чек ара контролунун жол-жоболору бүткөндөн кийин жана Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пунктунун чегинен адам, унаа каражаты чыкканда же жүктөр, товарлар жана жаныбарлар алынып чыкканда Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү аяктады деп эсептелет.

 

12-берене. Мамлекеттик чек арадан жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды өткөрүү

1. Мамлекеттик чек арадан жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды өткөрүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленген жерлерде жана тартипте жүргүзүлөт.

2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген экологиялык, радиациялык, санитардык-эпидемиологиялык, ветеринардык, фитосанитардык жана химиялык коопсуздуктардын талаптарына жооп бербеген жүктөрдү, товарларды жана унаа каражаттарын, ошондой эле Кыргыз Республикасында эркин сатууга тыюу салынган продукциялардын кандай болбосун түрлөрүн жана өндүрүш калдыктарын Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүүгө тыюу салынат.

 

13-берене. Чек ара тилкесинде жана Мамлекеттик чек арада чарбалык, аңчылык жана башка иштерди, маданий жана башка жалпы иш-чараларды жүргүзүү

1. Мамлекеттик чек арада жана чек ара тилкесинде юридикалык жана жеке жактар тарабынан чарбалык, аңчылык же башка иштерди жүргүзүү, коомдук-саясий, маданий жана башка иш-чараларды өткөрүү Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты боюнча жүзөгө ашырылат.

2. Өткөрмө алуу үчүн юридикалык жана жеке жактар иштин мүнөзү, орду, катышуучулар, жумуш жасоо убактысы же иш-чараларды өткөрүү, пайдаланылуучу унаа жана башка техникалык каражаттар жөнүндө маалыматтарды киргизишет.

3. Мамлекеттик чек арада, чек ара тилкесинде чарбалык жана башка иштин бардык түрлөрүн жүзөгө ашыруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

4. Мамлекеттик чек арада (юридикалык жана жеке жактар тарабынан) чарбалык жана өндүрүштүк, анын ичинде трансчекаралык (биргелешкен) иштерди жүргүзүү Мамлекеттик чек араны кесип өтүү тартибин сактоо, Мамлекеттик чек араны кесип өтүү жери, убактысы жана иш жүргүзүү, катышуучулардын саны, унаа каражаттары жана механизмдер жөнүндө Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлоо менен Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүргүзүлөт.

Жогоруда көрсөтүлгөн иштер:

Кыргыз Республикасынын жана чектеш мамлекеттердин экологиялык жана башка коопсуздугуна зыян келтирбөөгө же мындай зыян келтирүү коркунучун камтыбоого;

Мамлекеттик чек ара режимине тоскоолдук жаратпоого тийиш.

5. Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Мамлекеттик чек араны кайтаруунун кызыкчылыктарын эске алуу менен чек ара тилкесине кирүүнү чектөөнү же убактылуу токтото турууну киргизе алат.

 

14-берене. Чек ара араздашууларын чечүү

1. Чек ара араздашууларын чечүү чек ара өкүлдөрүнүн, тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына кирет жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен аныкталат.

2. Чек ара араздашууларын чечүү бир тараптуу же чектеш мамлекеттер менен бирдикте изилдөө, Кыргыз Республикасынын жана чектеш мамлекеттердин чек ара өкүлдөрүнүн жыйындарында чек ара араздашууларын карап чыгуу жолу менен жетишилет. Чек ара араздашуулары боюнча биргелешкен изилдөөлөр жана чек ара өкүлдөрүнүн башка жыйындары чек ара өкүлдөрү жолугуша турган пункттарда өткөрүлөт. Зарыл болгон учурда көрсөтүлгөн иш түздөн-түз чек ара араздашуусу болгон жерде уюштурулушу мүмкүн.

3. Чек ара араздашууларын чечүү боюнча иш Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

Чек ара араздашууларын чечүүдө Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган башка ыйгарым укуктуу органдардын өкүлдөрүн тарта алат.

4. Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жөнгө салынбаган чек ара араздашуулары Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан чечилет.

 

15-берене. Кыргыз Республикасынын чек ара өкүлдөрү

1. Мамлекеттик чек аранын белгиленген режимин күтүүгө байланышкан маселелерди чечүү үчүн, ошондой эле Мамлекеттик чек ара участокторундагы чек ара араздашууларын жөнгө салуу үчүн Кыргыз Республикасынын чек ара өкүлдөрү дайындалат.

2. Чек ара өкүлдөрүнүн ишинин тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Чек ара өкүлдөрү өз иштеринде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ушул Мыйзамды жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алышат.

Чек ара өкүлдөрүнүн иши эл аралык кызматташтыктын формаларынын бири болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын чектеш мамлекеттер менен достук мамилелерин өрчүтүүгө багытталган.

3. Кыргыз Республикасынын чек ара өкүлдөрү тарабынан жөнгө салынбаган маселелер дипломатиялык каналдар боюнча жөнгө салынат.

 

16-берене. Мамлекеттик чек ара режимин бузуу

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара режимин бузуу - төмөнкү эрежелерди сактабаган укук бузуу болот:

1) Мамлекеттик чек араны күтүү;

2) адамдардын жана унаа каражаттарынын Мамлекеттик чек араны кесип өтүшү;

3) Мамлекеттик чек ара аркылуу адамдарды, жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды өткөрүү;

4) Мамлекеттик чек ара аркылуу адамдарды, жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды алып өткөрүү;

5) чек ара тилкесине кирүү, убактылуу туруу, жашоо, жүрүү жана чек ара тилкесинин үстүнөн учууларды жүзөгө ашыруу;

6) Мамлекеттик чек арада жана чек ара тилкесинде чарбалык, аңчылык жана башка иштерди жүргүзүү, коомдук-саясий, маданий жана башка иш-чараларды өткөрүү.

 

17-берене. Мамлекеттик чек араны бузуучулар

1. Мамлекеттик чек араны бузуучулар деп төмөнкүлөр таанылат:

1) Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пунктунан тышкары же өткөрүү пункттарында аны кесип өтүүнүн белгиленген тартибин бузуу менен ар кандай ыкма менен Мамлекеттик чек араны кесип өткөн же кесип өтүүгө аракеттенген адамдар;

2) Кыргыз Республикасына мыйзамсыз кирүү же болбосо Кыргыз Республикасынан чыгуу максатында унаа каражаттарына кирип алган адамдар;

3) аба коридорлорунан тышкары, талаптагыдай уруксатсыз же белгиленген тартипти бузуу менен Мамлекеттик чек араны кесип өткөн аба кемелери жана башка учуучу аппараттар;

4) белгиленген уруксатсыз же белгиленген тартипти бузуу менен Мамлекеттик чек араны кесип өткөн же кесип өтүүгө аракет кылган башка адамдар, ар кандай техникалык же башка каражаттар.

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын бузган жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте юридикалык жоопкерчиликке тартылышат.

4-глава. Чек ара режими

 

18-берене. Чек ара режимин белгилөө

1. Чек ара режими Мамлекеттик чек арада талаптагыдай тартипти камсыз кылуу, Мамлекеттик чек араны кайтаруу үчүн зарыл шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

2. Чек ара режими Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган чек арага чектеш аймактардын чектерине жарандардын кирүү, чыгуу, убактылуу болуу, жер которуу, жашоо жана чарбалык жумуштарды жана башка иштерди жүргүзүү тартибин жөнгө салат.

3. Айрым чек арага чектеш аймактарда жердин мүнөзүнө, рельефине, демографиясына, айлана-чөйрөнү коргоого жана Кыргыз Республикасынын чектеш мамлекеттер менен мамилелерине жараша чек ара режими белгиленбеши мүмкүн, бирок мындай участоктордо Мамлекеттик чек араны кайтаруу кызыкчылыктарында режимдик иш-чаралар өткөрүлүшү мүмкүн.

 

19-берене. Чек арага чектеш аймактардын чектерине кирүү, убактылуу болуу, жашоо жана жер которуу

1. Чек ара режими белгиленбеген жерлерде белгилүү бир чек арага чектеш аймактардын чектерине Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын кирүүсү, убактылуу болуусу жана жер которуусу, алардын инсандыгын ырастоочу анык документтердин негизинде Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлоо менен жүзөгө ашырылат.

2. Чек ара режими белгиленген жерлерде белгилүү бир чек арага чектеш аймактардын чектерине Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын кирүүсү, убактылуу болуусу жана жер которуусу, алардын инсандыгын ырастоочу анык документтердин негизинде калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын уруксаты менен Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлоо менен жүзөгө ашырылат.

Чек ара режими белгиленген кыргыз тарабынын чек ара дарыяларынын жана башка көлмөлөрүнүн сууларына карата жеткиликтүүлүк алардын чектеринде ушундай эле тартипте аныкталат,

3. Транзит менен өтүп жаткан адамдарга Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө (чыгууга) укук берүүчү анык документтер боюнча чек арага чектеш аймактардын чектеринде жайгашкан автомобиль жолдору боюнча кирүүгө, убактылуу болууга жана жер которууга уруксат берилет.

 

20-берене. Чек арага чектеш аймактардын чектеринде чарбалык, аңчылык жана башка иштерди, коомдук-саясий, маданий жана башка иш-чараларды жүргүзүү тартиби

1. Чек ара режими белгиленген чек арага чектеш аймактардын чектеринде чарбалык, аңчылык жана башка иштерди, коомдук-саясий, маданий жана башка иш-чаралар инсандыгын ырастаган анык документтердин негизинде калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын уруксаты менен Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлоо менен жүзөгө ашырылат. Бул иштер чек ара режимине кедергисин тийгизбөөгө тийиш.

2. Чек арага чектеш аймактарга кирүүнүн, убактылуу болуунун, чарбалык жана башка иштин бардык түрлөрүн жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

 

21-берене. Чек ара режимин бузуу

Чек ара режими аныкталган чек арага чектеш аймактардын чектерине кирүүнүн (өтүүнүн), убактылуу болуунун же жер которуунун, чарбалык, аңчылык же башка иштерди жүргүзүүнүн, коомдук-саясий, маданий жана башка иш-чараларды өткөрүүнүн белгиленген тартибин сактабоо чек ара режимин бузуу деп таанылат.

5-глава. Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары

 

22-берене. Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарын орнотуу жана ачуу

1. Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

2. Өткөрүү пункттарын орнотуунун, ачуунун (жабуунун), иштетүүнүн (пайдалануунун), классификациялоонун, долбоорлоонун, куруунун (кайра конструкциялоонун), жабдуунун, аларды жабдуулоонун тартиби, ошондой эле өткөрүү пункттарындагы техникалык жабдуу жана мамлекеттик контролдоону уюштуруу боюнча талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

 

23-берене. Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарындагы режим

1. Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарындагы режим, мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруу үчүн гана орнотулуучу ушул пункттарга адамдардын, унаа каражаттарынын кирүү (чыгуу), аларда болуу жана чыгуу, жүктөрдү, товарларды, жаныбарларды алып кирүү жана алып чыгуу эрежелерин камтыйт.

Өткөрүү пунктунун аймагы режимдик болуп саналат.

2. Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарынын режими Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен белгиленет.

3. Өткөрүү пункттарындагы режим төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү болтурбоого тийиш:

1) адамдардын жана унаа каражаттарынын Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүсүн;

2) жүктөрдүн, товарлардын жана жаныбарлардын Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүсүн;

3) бөтөн адамдардын өткөрүү пункттарындагы жабык жерлерге, жайларга (объекттерге), ошондой эле чет өлкөгө бара жаткан унаа каражаттарына кирүүсүн.

 

24-берене. Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарындагы чек ара контролу

Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарындагы чек ара контролу адамдарга, унаа каражаттарына, жүктөргө, товарларга жана жаныбарларга карата мамлекеттик контролдоонун түрлөрүнүн бири болуп саналат жана төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) документтерди текшерүү;

2) унаа каражаттарын, жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды ташууну коштоп жүрүүнү;

3) унаа каражаттарын, жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды карап чыгууну;

4) Мамлекеттик чек аркылуу өтүүчү унаа каражаттарын, жүктөрдү, товарларды кароо төмөнкү максаттарда жүзөгө ашырылат:

а) аларда жашырынып жаткан Мамлекеттик чек араны бузуучуларды табуу жана кармоо;

б) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен Кыргыз Республикасына киргизилүүгө же Кыргыз Республикасынан алып чыгууга тыюу салынган жүктөрдү жана товарларды табуу. Унаа каражаттарды жана алар ташып өткөн жүктөрдү жана товарларды чек ара кезметтеринин кароосу болот;

5) жеке кароо;

6) Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарынын жайларын жана аймагын карап чыгуу.

 

25-берене. Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында адамдардын жана унаа каражаттарынын болуусу жана жер которуусу, жүктөрдүн жана товарлардын туруусу жана орун которуусу

1. Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктуулугу жөнүндө билдирген жана Кыргыз Республикасына кирүү укугун берүүчү документтерин анын чегинен тышкары жүргөн мезгилде жоготуп алган Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарына келген жарандар алардын инсандыгын тактаганга чейин өткөрүү пункттарында болушат.

2. Кыргыз Республикасына келишкен, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кирүүгө уруксат берилбеген чет өлкөлүк жарандар, ошондой эле жараксыз документтер менен келишкендер ташуучулар менен кайра кайтуу каттамы боюнча жөнөтүлгөнгө чейин Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында болушат. Алардын Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында болуу тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.

3. Чет өлкөгө карай чыгуучу унаа каражаттарынын Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында токтоо жайы жана узактыгы Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча аныкталат.

4. Контролдун чек аралык жана башка түрлөрү жүзөгө ашырылып жаткан мезгилде адамдардын унаа каражаттарына жеткиликтүүлүгү чектелет, ал эми зарыл учурларда - тыюу салынат.

5. Чет өлкөгө карай чыккан унаа каражаттары өткөрүү пунктунун аймагынан чыгуу же ордун которуу үчүн кыймылын Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын уруксаты менен гана башташат.

Атайын аракеттерди жүргүзүүдө өткөрүү пункттарынан өткөрүлүүчү унаа каражаттарына, анын ичинде чет өлкөгө карай чыккан, жүктөргө жана товарларга адамдардын жеткиликтүүлүгүнө тыюу салынат.

6. Чыгууда (келүүдө) жүргүнчүлөрдү чет өлкөгө карай чыккан унаа каражаттарына салуу (түшүрүү) Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты менен, ал эми жол жүктү, почтаны, жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды жүктөө (түшүрүү) - Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты менен жүзөгө ашырылат.

7. Эгерде таңгактын, мөөрлөрдүн, пломбалардын бүтүндүгү бузулса, ошондой эле бөтөн адамдардын жашынган жана алып кирүүгө (алып чыгууга) тыюу салынган буюмдары катылган белгилери билинсе, кароо үчүн Мамлекеттик чек араны кайтаруу жана бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын талабы боюнча унаа ишканаларынын, уюмдардын өкүлдөрү, унаа каражаттарынын ээлери пломбаланган (мөөр коюп бекитилген) вагондорду, контейнерлерди, автоунааларды, унаа каражаттарынын башка жайларын жана аларда ташылып бара жаткан жүктөрдү ачууга милдеттүү.

 

26-берене. Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында жүзөгө ашырылуучу чарбалык иштер

1. Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында жүзөгө ашырылуучу чарбалык иштер адамдарды, унаа каражаттарын, жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды өткөрүүнүн белгиленген тартибине, ошондой эле ал пункттарда мамлекеттик контролдоону жүзөгө ашырууга жолтоо болбоого тийиш.

2. Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында жүзөгө ашырылуучу чарбалык иштин түрлөрүнүн тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

 

27-берене. Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарындагы кошумча режимдик эрежелер

1. Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында мамлекеттик контролдоо түздөн-түз жүзөгө ашырылуучу аймак жана жайлар аныкталат.

2. Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген атайын аракеттерди өткөрүүдө кошумча режимдик чектөөлөр киргизилиши мүмкүн.

 

28-берене. Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарынын режимин бузуу

Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарына кирүүнүн, адамдардын, унаа каражаттарынын болуусунун, жер которуусунун жана андан чыгуусунун, жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды алып кирүүнүн, орун которуунун белгиленген тартибин сактабоо өткөрүү пункттарынын режимин бузуу деп таанылат.

6-глава. Мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктары

 

29-берене. Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктары

Кыргыз Республикасынын Президенти:

1) Мамлекеттик чек араны кайтаруу маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана Премьер-министр менен макулдашуу боюнча эл аралык келишимдерге кол коет;

2) Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисин, ошондой эле анын орун басарларын дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;

3) Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жогорку офицердик курамдагы адамдар ээлөөчү кызмат орундарынын тизмегин белгилейт;

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

 

30-берене. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ыйгарым укуктары

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши:

1) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын өзгөртүү жөнүндө маселелерди чечет;

2) Мамлекеттик чек араны белгилөө жана өзгөртүү боюнча эл аралык келишимдерди ратификациялайт жана денонсациялайт;

3) Мамлекеттик чек араны кайтарууну камсыз кылуу маселелери боюнча мыйзамдарды кабыл алат;

4) Мамлекеттик чек араны кайтарууга чыгашалар боюнча республикалык бюджетти бекитет;

5) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын жана чечимдеринин турмушка ашырылышын контролдойт.

 

31-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктары

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

1) Кыргыз Республикасынын чек ара саясатын ишке ашырат;

2) Мамлекеттик чек араны кайтарууну камсыз кылуу маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларды чыгарат;

3) Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын абалы жана комплекттелиши үчүн жоопкерчилик тартат;

4) Мамлекеттик чек ара жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышын камсыз кылат;

5) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине Мамлекеттик чек араны кайтарууга чыгашалар боюнча республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоору боюнча (тиешелүү жылга) сунуштарды киргизет;

6) Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды курал-жарак жана аскердик техника менен жабдылышын, алардын материалдык каражаттар, ресурстар жана кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз кылууну уюштурат;

7) Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды өнүктүрүүнүн мамлекеттик программалардын (пландардын) аткарылышын каржы жана материалдык каражаттар менен камсыз кылат;

8) Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын инфратүзүмүнүн өнүгүүсүн камсыз кылат;

9) Мамлекеттик чек араны кайтаруу кызыкчылыктарында Кыргыз Республикасынын аймагын ыкчам жабдуу иш-чараларын пландайт, камсыз кылат жана өткөрөт;

10) чек ара коопсуздугунун муктаждыктары үчүн жер, токой, суу жана башка жаратылыш ресурстарын берүү жана пайдалануу тартибин аныктайт;

11) юридикалык жактардын жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын мүлкү чек ара коопсуздугунун муктаждыктары үчүн пайдаланылгандыгына байланыштуу алар тарткан чыгашаларды компенсациялоо тартибин аныктайт;

12) Мамлекеттик чек ара маселелери боюнча эл аралык сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт;

13) чек ара коопсуздугунун муктаждыктары үчүн мамлекеттик каржы жана материалдык резервдерин түзүүнү камсыз кылат;

14) чек ара тилкесинин чектерин белгилейт;

15) чек арага чектеш аймактардын тизмегин жана чектерин белгилейт;

16) Мамлекеттик чек аранын айрым участокторунда чек араны кесип өткөрүүгө убактылуу чектөөнү же токтотууну киргизет;

17) областтардын жана райондордун аймактарына карантин режимин киргизүү менен карантиндик тилкени белгилөө же аны жокко чыгаруу жөнүндө чечимдерди кабыл алат;

18) Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында режимди белгилейт;

19) Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү жайларын ачуунун (жабуунун), иштетүүнүн (эксплуатациялоонун), категориялаштыруунун, классификациялоонун, жабдуулоонун эрежелерин, ошондой эле аларды техникалык жабдуу жана ишин уюштуруу боюнча талаптарды аныктайт;

20) Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарынын тизмегин бекитет;

21) Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарынын иштеши жана күтүлүшү үчүн жооп берүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды аныктайт;

22) Мамлекеттик чек арадан тартып өткөрүү пункттарына чейинки эл аралык темир жол жана автомобиль жолдорунун участокторун белгилөөгө жана жабдууга, алар боюнча жүрүүнүн тартибине карата талаптарды белгилейт;

23) Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында жүзөгө ашырылуучу чарбалык жана башка иштердин түрлөрүн аныктайт;

24) чек ара белгилеринин формасың, өлчөмүн, сыпатталышын, конструкциясын жана орнотуу тартибин белгилейт;

25) жарандарды, анын ичинде чек аралык ыйгарым укуктууларды Мамлекеттик чек араны кайтарууга тартуунун тартибин аныктайт;

26) Мамлекеттик чек араны кайтарууну камсыз кылуу үчүн зарыл жер участокторун пайдалануунун тартибин аныктайт;

27) Мамлекеттик чек араны кайтарууда атайын каражаттардын тизмегин жана колдонуу тартибин аныктайт;

28) Мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча кызмат өтөөдө каражаттарды колдонуунун жана контролдоо усулдарынын тартибин аныктайт;

29) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

 

32-берене. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттери

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) Мамлекеттик чек араны кайтаруунун тышкы саясий, эл аралык-укуктук камсыз кылууну жүзөгө ашыруу;

2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын чечимдеринин негизинде Мамлекеттик чек арада өз ара мамилелерди жөнгө салуу маселелери боюнча эл аралык келишимдерди иштеп чыгуу;

3) өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү, Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгуу укугуна документтерди жол-жоболоштуруу;

4) мамлекеттик чек араны делимитациялоо, демаркациялоо жана кайра демаркациялоо менен байланышкан маселелер боюнча мамлекеттик органдардын иштерин координациялоо, Мамлекеттик чек ара режими жөнүндө келишимдерди түзүү боюнча сүйлөшүүлөргө катышуу;

5) Мамлекеттик чек ара режимин сактоо маселелерин жана Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жөнгө салынбаган чек ара араздашууларын дипломатиялык каражаттар жана ыкмалар менен чечүү;

6) чектеш мамлекеттер менен чек ара өкүлдөрүнүн тизмелерин алмашууну жүзөгө ашыруу;

7) Мамлекеттик чек араны делимитациялоого катышуу;

8) Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү башка маселелерди чечүү.

 

33-берене. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук маселелери карамагында болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттери

Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук маселелери карамагында болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) мамлекеттик бийлик органдары менен бирдикте юридикалык жана жеке жактардын ишине тиешеси бар, Мамлекеттик чек араны кайтаруу кызыкчылыктарын козгогон ченемдик укуктук актыларды даярдоого катышуу;

2) Мамлекеттик чек араны делимитациялоого, демаркациялоого жана кайра демаркациялоого катышуу;

3) Кыргыз Республикасынын чек ара коопсуздугуна коркунучтар жөнүндө маалыматтарды чогултууну жана жалпылоону жана Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга алар жөнүндө белгиленген тартипте маалымдоону жүзөгө ашыруу;

4) Мамлекеттик чек араны кайтарууну камсыз кылууда Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана өз ара аракеттенүү пландарынын негизинде көмөк көрсөтүү.

 

34-берене. Коргоо маселелери карамагында болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттери

Коргоо маселелери карамагында болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) Мамлекеттик чек араны кайтарууну материалдык-техникалык жактан камсыз кылууда Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана өз ара аракеттенүү пландарынын негизинде көмөк көрсөтүү;

2) аймактык коргонууну камсыз кылууну уюштуруу, Мамлекеттик чек араны кайтаруу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;

3) аскердик кадрларды даярдоо;

4) аскердик эсепке алууну, жарандарды аскер кызматына даярдоону уюштурууну, Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга аскер кызматына жарандарды чакырууну камсыз кылуу, аскердик-эсепке алуу адистиктери боюнча аскердик-окутулган резервди түзүү жана топтоо;

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген башка функцияларды жүзөгө ашыруу.

 

35-берене. Ички иштер маселелери карамагында болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттери

Ички иштер маселелери карамагында болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) чек арага чектеш аймактарда административдик-режимдик иш-чараларды өткөрүүдө Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга көмөк көрсөтүү;

2) Кыргыз Республикасынын чек арага чектеш аймактарындагы укуктук тартиптин абалы, аныкталган укукка каршы аракеттер, Мамлекеттик чек ара мамилелерине карата укукка каршы умтулуулары бар кылмыштуу топтор жана адамдар жөнүндө Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүкчөлөрүнө маалымдоо;

3) Мамлекеттик чек арада жана Кыргыз Республикасынын чек арага чектеш райондорунда жалпы иш-чараларды өткөрүүдө коомдук тартипти камсыз кылуу;

4) өзгөчө кырдаалдар келип чыкканда, өзгөчө абал режими киргизилгенде Кыргыз Республикасынын чек арага чектеш аймактарында укуктук тартипти камсыз кылуу;

5) Кыргыз Республикасынын чек арага чектеш аймактарынын калкына укуктук таалим-тарбиялоого, Мамлекеттик чек арада жана Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында укук бузуулардын алдын алууга катышуу;

6) ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген учурларда жана тартипте Мамлекеттик чек араны кайтарууда ички иштер маселелери карамагында болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын күчтөрүнүн жана каражаттарынын катышуусун камсыз кылуу;

7) Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылар менен каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.

 

36-берене. Унаа жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттери

Унаа жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) өзүнүн компетенциясынын чектеринде аба, темир жол өткөрүү пункттарынын инфратүзүмүн түзүү;

2) чек арага чектеш аймактардын кире бериштерине жол (маалымат) белгилерин орнотуу;

3) Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларда каралган башка милдеттерди жүзөгө ашыруу.

 

37-берене. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын милдеттери

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы:

1) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн колдонуу, мобилизациялык жаюу, ыкчам, күжүрмөн жана мобилизациялык даярдоо пландарын, коргонуу жана чек ара коопсуздугунун кызыкчылыктарында мамлекеттин аймагын ыкчам жабдуу пландарын иштеп чыгат;

2) Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинде Мамлекеттик чек араны коргоону камсыз кылат;

3) аба мейкиндигинде Мамлекеттик чек араны кесип өтүү тартибинин сакталышы үчүн контролдоону жүзөгө ашырат;

4) Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн же Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдалануу тартибин бузган аба кемелеринин учуусуна бөгөт коюуну жана аларды Кыргыз Республикасынын аймагына кондурууга чара көрүүнү жүзөгө ашырат;

5) форс-мажордук жагдайлар же аба кемелеринин экипаждарынын атайын эмес аракеттеринин учурларында Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн бул кемелерге алардын багыт алуусун калыбына келтирүү аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагындагы конуу аэродромдоруна алып чыгууга же Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинин чегинен тышкары чыгарууга көмөк көрсөтөт;

6) чек ара издөөлөрүнө жана операцияларына катышуу үчүн, ошондой эле кризистик кырдаалдарда Мамлекеттик чек араны кайтарууну күчөтүүдө Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жардам көрсөтүү үчүн авиация жана күчтөндүрүү бөлүмдөрүн бөлүп берүүнү жүзөгө ашырат;

7) Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды топографиялык камсыз кылууну жүзөгө ашырат.

 

38-берене. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттери

Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде жана мыйзамдарында каралган формада жана тартипте өткөрүлүүчү жүктөргө, товарларга, унаа каражаттарына жана жаныбарларга карата контролдоонун бажы жана башка түрлөрүн жүзөгө ашыруу;

2) өз компетенциясынын чектеринде контролдоонун бажы жана башка түрлөрүн уюштуруу, Кыргыз Республикасынын аймагына киргизилүүчү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарылуучу унаа каражаттарына, жүктөргө, товарларга жана жаныбарларга уруксат берүүчү документтерди жол-жоболоштуруу;

3) Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык мамлекеттик чек араны кайтарууну камсыз кылууга көмөк көрсөтүү;

4) Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Мамлекеттик чек арадан өткөрүү жайларынын режимин камсыздоо маселелери жана чек ара коопсуздугуна таасир этүүчү башка маалыматтарды берүү;

5) Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларда каралган башка милдеттерди жүзөгө ашыруу.

 

39-берене. Санитардык-эпидемиологиялык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттери

Санитардык-эпидемиологиялык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында санитардык-эпидемиологиялык, ветеринардык жана фитосанитардык контролдоону жүзөгө ашыруу;

2) Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга көмөк көрсөтүү;

3) Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларда каралган башка милдеттерди жүзөгө ашыруу.

 

40-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттери

1. Чек арага чектеш райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленүүчү ыйгарым укуктарына ылайык өздөрүнүн аймактарында:

1) юридикалык жана жеке жактарга Мамлекеттик чек ара жөнүндө ченемдик укуктук актыларды түшүндүрүүнү уюштурат;

2) жарандарды ыктыярдуу башталыштарда Мамлекеттик чек араны кайтарууга тартууга шарттарды түзүшөт жана көмөктөшөт;

3) Мамлекеттик чек араны кайтарууну камсыз кылууда Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга көмөк көрсөтөт;

4) Мамлекеттик чек араны кайтаруу кызыкчылыктарында мыйзам менен бекитилген тартипте акысыз пайдаланууга жерлерди бөлүп берет;

5) Мамлекеттик чек аранын жана Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүкчөлөрүнүн инфратүзүмүн күтүүгө жана андан ары өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларды өткөрүүгө катышат.

2. Чек арага чектеш райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери чарбалык маселелерди чечүүдө чек ара өкүлдөрүнүн ишине, анын ичинде Мамлекеттик чек арадагы чектеш тараптар менен бирдикте катышат.

 

41-берене. Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган

1. Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Мамлекеттик чек араны кайтарууну, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара саясатын ишке ашырууну жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин бирдиктүү мамлекеттик органы болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн курамына кирет.

2. Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, ушул Мыйзамды жана башка ченемдик укуктук актыларды, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жетекчиликке алат.

3. Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу жетекчи башчылык кылат.

 

42-берене. Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттери

Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) Мамлекеттик чек араны кайтаруу;

2) Мамлекеттик чек араны жабдуулоо;

3) Мамлекеттик чек ара режимин, Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарындагы режимди жана чек ара режимин камсыз кылуу;

4) Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында чек ара контролун жүзөгө ашыруу;

5) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Мамлекеттик чек ара жөнүндө Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринен келип чыккан милдеттенмелерди аткаруу, Мамлекеттик чек араны делимитациялоого, демаркациялоого, кайра демаркациялоого катышуу;

6) Кыргыз Республикасынын коргоо жана улуттук коопсуздук маселелерин чечүүгө катышуу;

7) Мамлекеттик чек арада Кыргыз Республикасынын экономикалык кызыкчылыктарын коргоого катышуу;

8) чек ара мейкиндигинде жарандарды, жаратылыш байлыктарын жана айлана-чөйрөнү коргоодо, Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарын сактоодо Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана жаратылышты коргоо органдарына көмөк көрсөтүү.

 

43-берене. Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттенмелери

Мамлекеттик чек араны кайтарууда Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) Мамлекеттик чек аранын жеринде өтүүсүн өзгөртүүгө, Кыргыз Республикасынын аймагын мыйзамсыз ээлеп алууга карата ар кандай аракеттерге бөгөт коюуга;

2) Мамлекеттик чек араны бузуучуларды аныктоого жана аларды кармоого;

3) Кыргыз Республикасын коргоо, ошондой эле өзгөчө же согуштук абал режимдерин камсыз кылуу боюнча маселелерди чечүүгө өзүнүн компетенциясынын чектеринде катышууга;

4) Кыргыз Республикасынын аймагына куралдуу кол салуунун мизин кайтарууга, Мамлекеттик чек арадагы куралдуу жана башка чагымдарга бөгөт коюуга, калкты, мамлекеттик жана жеке менчикти көрсөтүлгөн кылмыштуу кол салуулардан коргоого;

5) адамдардын жана унаа каражаттарынын Мамлекеттик чек арадан белгиленбеген өткөрүү пункттарынан тышкары же болбосо Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарынан мыйзамсыз ыкмалар менен өтүү аракеттеринин алдын алууга жана бөгөт коюуга;

6) талаптагыдай жол-жоболоштурулган документтери болгондо жана контролдун белгиленген түрлөрүнөн өтүүдө адамдарды жана унаа каражаттарын, жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды өткөрүүнү белгиленген тартипте жүзөгө ашырууга;

7) Мамлекеттик чек ара режимин, чек ара режимин жана Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарынын режиминин аткарылышын камсыз кылууга;

8) чек ара режиминин, ички суулар режиминин сакталышын контролдоого, өз компетенциясынын чектеринде укук бузуулардын алдын алууга;

9) Мамлекеттик чек арадан өтүп жаткан адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү же Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгуу укугуна документтерин текшерүүгө, аларга тийиштүү белгилерди коюуга, ошондой эле жараксыз документтерди алып коюуга;

10) Мамлекеттик чек араны бузуучуларды, Мамлекеттик чек ара аркылуу алып өтүүгө тыюу салынган жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды табуу максатында унаа каражаттарын, товарларды жана жүктөрдү карап чыгууга (кароого);

11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө же Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгууга уруксаты жок чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын кирүүсүн (чыгуусун) чектөөгө;

12) соттун чечимдерин жана токтомдорун Кыргыз Республикасынын мыйзамдык актылары менен белгиленген мөөнөттө аткарбаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын кирүүсүн (чыгуусун) чектөөгө;

13) документтери жараксыз адамдарды, ошондой эле Мамлекеттик чек араны кесип өтүүгө мыйзамдуу негиздери жок адамдарды Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрбөөгө;

14) чет мамлекетте же Кыргыз Республикасында жүргөн мезгилде инсандыгын ырастоочу документтерин жоготуп алган Кыргыз Республикасынын жарандарын жана башка адамдарды алардын инсандыгын жана Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандуулугун тактаганга чейин өткөрүү пункттарында калтыруу менен Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрбөөгө;

15) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык административдик кармоого жана адамдарды жеке карап чыгууну, ошондой эле буюмдарын кароону жүзөгө ашырууга;

16) ушул Мыйзам менен белгиленген режимдерди бузууга жол берген унаа каражаттарын токтотууга, кароого жана кармоого, укук бузуу жагдайларын териштирүү үчүн аларды Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүкчөлөрүнүн карамагына жеткирүүгө (коштоого);

17) Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүгө же Кыргыз Республикасынын аймагынан алып чыгууга тыюу салынган Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүлүүчү жардыруучу, ууландыруучу, радиоактивдүү заттарды, баңги каражаттарын, куралдарды, ок-дарыларды, башка жүктөрдү жана товарларды, ошондой эле белгиленген эрежелерди бузуу менен өткөрүлүүчү жүктөрдү жана товарларды өз алдынча же башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен бирдикте белгиленген тартипте кармоого жана алып коюуга;

18) коргоо маселелери карамагында болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга аба мейкиндигиндеги Мамлекеттик чек араны кайтарууга көмөк көрсөтүүгө;

19) ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен каралган башка милдеттенмелерди аткарууга.

(КР 2017-жылдын 1-декабрындагы N 197 (2) Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

44-берене. Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын укуктары

1. Мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча милдеттерин аткарууда Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүлөргө укуктуу:

1) Мамлекеттик чек араны демаркациялоого, делимитациялоого жана кайра демаркациялоого, мамлекеттик чек ара режими жана Чек ара маселелери боюнча кызматташууга байланыштуу эл аралык келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгууга катышууга, бул жааттагы ведомстволор аралык мүнөздөгү келишимдерди түзүүгө;

2) Мамлекеттик чек араны кайтарууга катышкан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүнү уюштурууга;

3) эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптеринин жана ченемдеринин, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде чектеш мамлекеттердин чек ара ведомстволору менен Мамлекеттик чек араны кайтарууда өз ара аракеттенүүнү уюштурууга жана жүзөгө ашырууга;

4) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан, уюмдардан жана коомдук бирикмелерден Мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча милдеттенмелерин аткаруу үчүн зарыл маалыматты суратууга жана акысыз алууга;

5) жерлердин ар кандай участокторунда (чек ара кезметтерин жайгаштырууга), анын ичинде өзгөчө кайтаруудагы жана жаратылышты коргоо зоналарында болууга, ошондой эле кызматтык милдеттенмелерин аткарууда аларда жүрүүгө, жер участокторунун ээлеринен (ижарачыларынан) чек ара кезметтеринин жер которуусу үчүн жерлерди бөлүп берүүнү, тосмолор аркылуу өткөөлдөрдү же башка тоскоолдуктар аркылуу өткөөлдөрдү талаптагыдай абалда жабдууну жана күтүүнү талап кылууга;

6) Кыргыз Республикасынын чек арага чектеш аймактарына кирүүчү жерлерге чек аралык контролдоо өтмөктөрүнүн кызматын уюштурууга;

7) чалгындоо, каршы чалгындоо жана ыкчам издөө иштерин жүргүзүүгө;

8) жарандарды Мамлекеттик чек араны кайтаруу жаатындагы милдеттерди чечүүгө ыктыярдуу негизде, анын ичинде чек ара ыйгарым укуктуулары кагарында тартууга;

9) Кыргыз Республикасынын калкын укуктук тарбиялоого катышууга, Мамлекеттик чек арада укук бузуулардын алдын алууга багытталган профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүгө, Мамлекеттик чек арада жана Кыргыз Республикасынын чек арага чектеш райондорунда түзүлгөн кырдаал тууралуу калкка маалымдоо үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын пайдаланууга;

10) ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык кара күчтү, атайын каражаттарды, кызматтык жаныбарларды, курал-жарактарды жана аскердик техниканы колдонууга;

11) Мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча тапшырмаларды аткарууну камсыз кылуучу атайын эсепке алуу маалыматтарын жана маалымат тутумдарын түзүүгө жана пайдаланууга;

12) Мамлекеттик чек араны кайтаруу жаатында фундаменталдуу жана колдонмо изилдөөлөрдү жүргүзүүгө;

13) Мамлекеттик чек ара аркылуу өтүүчү унаа каражаттарын, жүктөрдү жана товарларды белгиленген тартипте кароону жүзөгө ашырууга;

14) инженердик-техникалык курулмаларды, тосмолорду, байланыш чубалгыларын жана коммуникацияларды курууга жана орнотууга;

15) унаа каражаттарын коштоого жана аларга чек ара кезметтерин жайгаштырууга;

16) коргоо жана ички иштер маселелери карамагында болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын биргелешкен чечими менен аныкталуучу тартипте, Мамлекеттик чек араны кайтарууну күчөтүүдө алар тарабынан бөлүнүүчү күчтөрдү жана каражаттарды колдонууга;

17) Мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча милдеттерди аткарууда Мамлекеттик чек араны бузуучунун артынан түшүү жана кармоо максатында турак жана турак эмес жайларга, уюмдардын аймактарына жана жайларына тоскоолсуз кирүүгө;

18) чек ара издөөлөрүн жана операцияларын, башка издөө аракеттерин жүргүзүүдө контролдоо өтмөктөрүн өз алдынча орнотууга, адамдардын жана унаа каражаттарынын кыймылын убактылуу чектөөгө же тыюу салууга, жерлердин айрым участокторуна жарандарды киргизбөөгө, адамдардын өмүрүн же ден-соолугун сактоо максатында аларды анда калууга же бул участокторду таштап кетүүгө милдеттендирүүгө;

19) коргонуу маанисиндеги иштерди, эл аралык милдеттенмелерди аткаруу жана табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарда келип чыккан кесепеттерди жоюуга байланышкан иштерди кошпогондо, Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч келип чыкканда, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга кабарлоо менен чек ара тилкесинде иш жүргүзүүнү убактылуу чектөөгө;

20) Кыргыз Республикасынын аймагына куралдуу кол салуунун мизин кайтарууда, Мамлекеттик чек арада көпчүлүктүн мыйзамсыз чек ара кесип өтүүлөрүнө жана башка чагымдарга тоскоол болууда, издөө иш-чараларын жүргүзүүдө, укук бузууга шектүү адамдарды жеткирүүдө уюмдардын каражаттарын жана байланыш каналдарын, унаа каражаттарын, ал эми зарыл болгон учурларда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чыгашаларды же болбосо алардын талабы боюнча ээлерине келтирилген зыяндын ордун кийин толтуруп берүү менен жарандардын унаа каражаттарын пайдаланууга;

21) жарандардан Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишине тоскоол болгон укукка каршы аракеттерди токтотууну, Мамлекеттик чек арада белгиленген тартипти сактоону талап кылууга; бул талаптарды аткарбаган учурда - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тийиштүү чараларды көрүүгө;

22) белгиленген режимдерди бузуунун аларга белгилүү жагдайлары жөнүндө алардан түшүндүрмөлөрдү алуу максатында адамдарды Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүкчөлөрүнө чакырууга.

2. Мамлекеттик чек арада жана чек ара мейкиндигинде инсандын, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу, Мамлекеттик чек ара аркылуу адамдарды жана унаа каражаттарын өткөрүүнү жүзөгө ашыруу максатында Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:

1) чек ара саясатын ишке ашырат жана чек ара коопсуздугун камсыз кылат;

2) Мамлекеттик чек ара режимин, чек ара режимин жана Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарынын режимин сактоо жана камсыз кылуу үчүн Мамлекеттик чек арада контролдоонун бардык түрлөрүн жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын иштерин координациялайт;

3) Мамлекеттик чек араны кайтарууну уюштурат;

4) жеке жактарды, унаа каражаттарын, жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүүнү жүзөгө ашырат;

5) компетенттүү органдардын күнөөсү боюнча жол берилген техникалык мүнөздөгү каталар табылган, Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү үчүн кыргыз визасында же кыргыз визаларында көрсөтүлгөн мөөнөттөн эрте келген, жарактуу документтери бар чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды улуттук коопсуздуктуктун аймактык органдары жана виза берген органдар менен макулдашуу боюнча өткөрүүнү жүзөгө ашырат;

6) чек ара коопсуздугуна коркунуч келтирүүчү укук бузууларды жасоого өбөлгө болгон себептерди жана шарттарды табат, аларды жоюу боюнча чараларды көрөт;

7) өзүнүн компетенциясынын чектеринде мыйзамсыз миграцияга, трансчекаралык кылмыштуулук, террорчулук, аткезчилик жана Мамлекеттик чек арада административдик укук бузуулар менен күрөшүү боюнча чаралардын комплексин жүзөгө ашырат;

8) Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү административдик укук бузууларды карайт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталуучу тартипте административдик жазаларды салат;

9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү жана (же) Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгуу чектелген адамдарга карата кызыкдар болгон ыйгарым укуктуу органдардын тапшырмаларын аткарат;

10) Мамлекеттик чек арада жана мамлекеттик чек арага чектеш мейкиндикте Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна коркунучтар жөнүндө маалыматтарды чогултууну, жалпылоону жана талдоону жүзөгө ашырат, алар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, ошондой эле кызыкдар мамлекеттик органдарга белгиленген тартипте маалымдайт;

11) мөөнөтү өтүп кеткен, Мамлекеттик чек араны кесип өтүү укугуна жарактуу документтери жок Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү үчүн келишкен же чет мамлекеттерден чыгарылган Кыргыз Республикасынын жарандарын, алардын инсандыгы белгилегенден, Кыргыз Республикасынын жарандыгы тастыкталгандан кийин жана улуттук коопсуздук органдары менен макулдашуу боюнча Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүүнү жүзөгө ашырат;

12) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган учурларда, үчүнчү өлкөнүн жарандарын эки тараптуу катнаш үчүн ачылган өткөрүү пункттарында Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү жана Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарынан тышкары адамдарды өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алат;

13) эгерде чыгуудагы кечигүү аларга байланышпаган себептер, документ менен ырасталган жагдайлар (унаа каражаттарынын жүрүшүн кечеңдеткен табигый кырсыктар; метео шарттар, оору жана б.у.с.) боюнча болгон учурда, чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды мөөнөтү өтүп кеткен паспорттор (аларды алмаштыруучу документтер) жана Кыргыз Республикасынын жарактуу визалары менен Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүүнү жүзөгө ашырат. Бул жобо Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга тиешелүү эмес;

14) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө чек арага чектеш аймактардын чектерин өзгөртүү жөнүндө сунуштарды киргизет;

15) чек ара өкүлдөрүнүн ишин уюштурат;

16) Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

 

45-берене. Кызмат өтөө жана келишим (контракт) боюнча иштөө

1. Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскер бөлүктөрүндө жана бөлүкчөлөрүндө аскердик кызмат өтөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган үчүн кадрларды жана адистерди даярдоо, кайра даярдоо, квалификациясын жогорулатуу Кыргыз Республикасынын жогорку аскердик-окуу, жогорку жана атайын-орто окуу жайларында, окуу борборлорунда (мектептерде), ошондой эле макулдашуу (келишим) боюнча чет өлкөлүк аскердик окуу жайларында жүзөгө ашырылат.

3. Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда анык аскердик кызмат өтөөгө Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чакырылат.

4. Аскер кызматчылары өздөрүнүн кызматтык милдеттенмелерин аткарууда бийлик өкүлдөрү болуп саналат жана мамлекеттин коргоосунда болушат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен ыйгарым укук берилген кызмат адамдарынан башка эч кимдин алардын кызматтык ишине кийлигишүүгө укуксуз.

Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскер кызматчыларынын жана жарандардын Мамлекеттик чек араны коргоо боюнча милдеттерин аткаруусуна тоскоолдук кылуу, алардын өмүрүнө, ден-соолугуна, ар-намысына жана абийирине, мүлкүнө жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө кол салуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет.

5. Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бардык бөлүкчөлөрү менен Мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча кызмат өтөө күжүрмөн нөөмөт (күжүрмөн кызмат) болуп саналат.

7-глава. Мамлекеттик чек араны кайтарууда кара күчтү, атайын каражаттарды,
кызматтык иттерди, курал жана күжүрмөн техниканы колдонуу

 

46-берене. Кара күч, атайын каражаттарды, кызматтык иттерди, курал жана күжүрмөн техниканы колдонуу шарттары жана чектери

Мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча жүктөлгөн милдеттерди аткарууда Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскер кызматчылары кара күчтү, атайын каражаттарды, табелдик куралды жана штаттык күжүрмөн техниканы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте колдонууга укуктуу.

 

47-берене. Кара күчтү, атайын каражаттарды жана кызматтык иттерди колдонуу

1. Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскер кызматчылары өзүн-өзү коргоо, укук бузууларга бөгөт коюу жана болтурбоо, аларды жасаган адамдарды кармоо, мыйзамдуу талаптарга каршылыкты жана баш ийбөөчүлүктү жоюу, жайларга, аймактарга, унаа каражаттарына мыйзамдуу кирүүгө жана жүктөлгөн милдеттерди жана милдеттенмелерди аткарууга тоскоол болгон башка аракеттерге тоскоолдук кылуу максатында, эгерде күч колдонбоочу ыкмалар бул милдеттенмелерди аткарууну камсыз кыла албаса кара күч колдонууга, анын ичинде күрөштүн күжүрмөн ыкмаларын жана колдо бар каражаттарды колдонууга укуктуу.

2. Мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча жүктөлгөн милдеттенмелерди аткарууда Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскер кызматчылары төмөнкү учурларда атайын каражаттарды колдонуу укугуна ээ:

1) эгерде алар качып кетиши, жанындагылардын же өзүнүн ден-соолугуна зыян келтириши мүмкүн деп болжолдоого жетиштүү негиз бар болсо, кармалган адамдарды коштоодо жана кайтарууда;

2) Мамлекеттик чек арада укук бузууларга бөгөт коюу максатында объекттерди же унаа каражаттарын ачуу, ошондой эле аларды бузуп ажыратуу үчүн;

3) аскер кызматчыларына же башка жеке жактарга кол салуунун мизин кайтаруу үчүн; барымтадагыларды бошотуу боюнча көмөк көрсөтүүдө;

4) Кыргыз Республикасынын чек арага чектеш аймактарында жалпы башаламандыкка бөгөт коюу үчүн;

5) башка укук бузуулардын алдын алуу жана бөгөт коюу, ошондой эле зарыл коргонуу үчүн жана өтө зарыл учурда.

3. Атайын каражаттарды төмөнкүлөргө карата колдонууга тыюу салынат:

1) алар тараптан куралдуу же болбосо тобу менен кол салуу учурларын кошпогондо, кош бойлуулук белгилери байкалып турган аялдарга, анык майыптык белгилери бар адамдарга, алардын жаш курагы ачык билинген же белгилүү жашы жетпегендерге;

2) эгерде бул даана кокусунан же кырсыктын же болбосо ал жеткис факторлордун кесепетинен болсо (болуп жатса) мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн (өтүп жаткан) жеке жактарга.

4. Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүкчөлөрүнүн өздүк курамы тарабынан пайдаланылуучу атайын каражаттардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

5. Мамлекеттик чек араны кайтарууда кызматтык иттер төмөнкүдөй пайдаланылат:

1) чек ара кезметтерин жана өздүк коопсуздукту күчтөндүрүү үчүн;

2) Мамлекеттик чек ара аркылуу өтүүгө тыюу салынган аткезчилик жана башка жүктөрдү издөө жана табуу үчүн;

3) Мамлекеттик чек араны жана анын режимин бузуучуларды издөө, изине түшүү, кармоо, кайтаруу жана коштоо үчүн;

4) укук бузуучуларга күч колдонуу, психологиялык, тосмолоо жана башка таасир көрсөтүү үчүн.

Кызматтык иттерди колдонуу алдында аларды колдонуу жөнүндө даана айтылган эскертүү берилүүгө тийиш.

 

48-берене. Курал жана күжүрмөн техниканы колдонуу

1. Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскер кызматчылары Мамлекеттик чек араны кайтарууну жүзөгө ашыруу менен курал жана күжүрмөн техниканы төмөнкү тартипте колдонушат:

1) эскертүүсүз:

а) куралды, күжүрмөн жана атайын техниканы колдонуу менен кол салуунун мизин кайтаруу үчүн;

б) чек ара кезметинин өздүк курамына түздөн-түз кол салуу (күч колдонуу) учурунда, курал колдонууда кечеңдөө адамдардын өмүрү үчүн түздөн-түз коркунуч түзсө же башка оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн болсо;

в) кармалган адамдардын басып алган курал менен качуусуна бөгөт коюу, курал-жаракты жана аскер техникасын зомбулук менен тартып алуу аракетине бөгөт коюу үчүн;

г) Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүкчөсүнө жана объектине кол салуунун мизин кайтаруу үчүн;

2) эскертүүдөн жана жогору жакка эскертүү атуудан кийин;

а) ушул Мыйзам менен белгиленген тартипти бузуп мамлекеттик чек араны кесип өткөн (өтүп жаткан) адамдарга, унаа каражаттарына карата, алардын күч колдонуусуна жооп ирээтинде же башка каражаттар менен укук бузууну токтотууну же укук бузуучуларды кармоону жүзөгө ашыруу мүмкүн болбогон учурда;

б) Мамлекеттик чек араны кайтаруу участогунда жарандардын өмүрүнө, ден соолугуна жана менчигине коркунуч келтирген кол салуудан аларды коргоо үчүн;

в) Мамлекеттик чек араны коргоо боюнча кызматтык милдеттенмелерин же коомдук парзын аткарып жаткан адамдарга, алардын үй-бүлөлөрүнүн мүчөлөрүнө кол салуунун мизин кайтаруу үчүн;

г) чек арага чектеш райондо жалпы башаламандыкка жана Мамлекеттик чек араны кесип өткөн же кесип өтүүгө куралсыз аракет жасалган учурларда, жарандардын өмүрүнө жана ден-соолугуна же мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч келтирүүчү укук бузуучулардын топтошкон аракеттерине бөгөт коюу үчүн;

д) эгерде башка ыкмалар жана каражаттар менен каршылыкты басуу, адамды кармоо же анын куралын алуу мүмкүн болбосо, укук бузууну жасаган жана куралдуу каршылык көрсөткөн адамды, ошондой эле чек ара кезметинин мыйзамдуу талаптарын аткаруудан баш тарткан куралчан адамды кармоо үчүн;

е) Мамлекеттик чек арада кармалган адамдар качканда;

ж) башка укук бузууларды эскертүү жана бөгөт коюу үчүн, ошондой эле зарыл коргонуу жана өтө зарыл учурларда;

2. Куралды жана күжүрмөн техниканы колдонууга төмөнкүлөргө тыюу салынат:

1) алар тараптан куралдуу кол салуу же куралдуу каршылык же болбосо топтошуп кол салуу өмүргө коркунуч келтирген учурларды кошпогондо, аялдарга жана жашы жетпегендерге карата;

2) жүргүнчүлөрү бар унаа каражаттарына;

3) кокусунан, кырсыктын кесепетинен же жаратылыштын күч жеткис учурларына байланыштуу Мамлекеттик чек араны бузган адамдарга карата;

4) эгерде өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбесе, жаныбарларга карата.

3. Чек ара кезмети тревога белгисин берүү же жардам чакыруу үчүн, ошондой эле адамдардын өмүрүнө же ден-соолугуна коркунуч келтирген жаныбарларга каршы курал колдонууга укуктуу. Чек ара кезмети курал колдонуунун жана пайдалануунун ар бир учуру жөнүндө түздөн-түз башчыга баяндайт.

 

49-берене. Мамлекеттик чек араны кайтарууда өз ара аракеттенүү

1. Мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча көмөк көрсөтүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар:

1) Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү аларга жүктөлгөн милдеттенмелерин аткарууда бири-бирине маалымдоону жүзөгө ашырат;

2) Мамлекеттик чек арада өз күчтөрүнүн жана Мамлекеттик чек араны кайтарууга катышкан же Мамлекеттик чек араны кайтаруу кызыкчылыктарын козгогон ишти жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын, ишканалардын (менчигинин түрүнө карабастан), мекемелердин, уюмдардын, коомдук бирикмелердин өз ара аракеттенүүсүн уюштурат;

3) Мамлекеттик чек араны кайтарууда чектеш мамлекеттердин тиешелүү органдары менен Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери аркылуу белгиленүүчү тартипте ведомстволор аралык мүнөздө өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат.

2. Мамлекеттик чек араны кайтарууга көмөк көрсөтүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик жана жергиликтүү органдардын биргелешкен аракеттерин координациялоо Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлөт.

8-глава. Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактарынын Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү укуктары менен милдеттери

 

50-берене. Юридикалык жактардын Мамлекеттик чек араны кайтаруу жаатындагы милдеттери

1. Чек арага чектеш аймактарда өз иштерин жүзөгө ашыруучу юридикалык жактар уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан, чек ара коопсуздугун камсыз кылуу максатында Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана Мамлекеттик чек араны кайтарууда башка компетенттүү органдарга көмөк көрсөтүүгө, алардын мыйзамдуу талаптарын аткарууга, алардын иши үчүн зарыл маалыматтарды берүүгө милдеттүү.

2. Менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардын Мамлекеттик чек араны кайтарууга көмөктөшүүсүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

 

51-берене. Жеке адамдардын Мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча милдеттери жана укуктары

1. Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле анын аймагында болгон чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар белгиленген Мамлекеттик чек ара режимин, чек ара режимин жана Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарынын режимин сактоого, көмөк көрсөтүүгө жана Мамлекеттик чек ара режиминин, чек ара режиминин жана Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарынын режиминин сакталышын контролдоону жүзөгө ашыруучу Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана мамлекеттик органдардын талаптарын аткарууга милдеттүү.

2. Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте Мамлекеттик чек араны кайтарууга катышууга укуктуу.

Мамлекеттик чек араны кайтарууга жарандарды тартуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Мамлекеттик чек араны кайтарууга белгиленген тартипте катышкан Кыргыз Республикасынын жарандары мамлекеттин социалдык жана укуктук коргоо укугуна ээ.

9-глава. Мамлекеттик чек араны кайтарууга катышкан аскер кызматчыларын
жана башка жарандарды укуктук жана социалдык коргоо

 

52-берене. Мамлекеттик чек араны кайтарууга катышкан Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскер кызматчыларын (кызматчыларын) жана башка адамдарды, алардын үй-бүлө мүчөлөрүн укуктук коргоо

1. Мамлекеттик чек араны кайтарууга катышкан Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскер кызматчыларына (кызматчыларына) жана башка жарандарга, ошондой эле үй-бүлө мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алардын өмүрүн, ден-соолугун, ар-намысын, кадыр-баркын жана мүлкүн укуктук жана социалдык коргоо кепилденет.

2. Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскер кызматчылары тарабынан кызматтык ишти жүзөгө ашырууда мамлекеттик жана жергиликтүү органдар жана алардын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен аныкталган ыйгарым укуктарынын алкагынан чыга албайт.

 

10-глава. Финансылык жана материалдык-техникалык камсыз кылуу

 

53-берене. Мамлекеттик чек араны кайтарууну финансылык камсыз кылуу

Мамлекеттик чек араны кайтарууну финансылык камсыз кылуу мамлекеттик бюджеттин, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардын ыктыярдуу төгүмдөрүнүн, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жер, материалдык-техникалык фонддорунун жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат.

 

54-берене. Мамлекеттик чек араны кайтарууну материалдык-техникалык камсыз кылуу

Мамлекеттик чек араны кайтаруунун материалдык-техникалык, азык-түлүктүк, медициналык камсыз кылуу, ошондой эле алардын ченемдерин жана корлорун белгилөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүзөгө ашырылат.

 

55-берене. Мамлекеттик чек ара жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик

Мамлекеттик чек ара режимин, чек ара режимин же Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарындагы режимди бузууга күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте юридикалык жоопкерчиликке тартылышат.

 

56-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 19-мартындагы № 27 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 7, 367-ст.);

- "Кыргыз Республикасынын чек ара кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 19-мартындагы № 28 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 7, 368-ст.);

- "Кыргыз Республикасынын чек ара кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 16-октябрындагы № 140 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 11, 455-ст.);

- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 3-январындагы № 2 Мыйзамынын 5-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 3, 184-ст.);

- "Кыргыз Республикасынын Чегара кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 20-мартындагы № 36 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 3, 261-ст.);

- "Кыргыз Республикасынын чек ара кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 22-декабрындагы № 249 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 11, 1689-ст.);

- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 22-декабрындагы № 250 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 11, 1690-ст.).

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

А. Атамбаев