КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 18-майы № 104
"Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары
жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо
киргизүү тууралу
"Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 76-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
8-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 21- жана 22-пункттар менен толукталсын:
"21) белгиленген талаптарды аныктоого жана алардын андан ары сакталышына контролдук кылууга, анын ичинде сырткы видеобайкоо тутумунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган иштерди координациялоого, ошондой эле сырткы видеобайкоо тутуму менен жабдылган объекттердин реестрин жүргүзүүгө;
22) сырткы видеобайкоо тутумун орнотууда ракурс жана көрүнүп туруу бурчун макулдашууга.".
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 22-майында № 46-47 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |