КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 20-майы № 107
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 212-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 10 жана 11-пункттар менен толукталсын:
"10) мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын (жеке менчик формасынын негизинде түзүлгөн балдар бакчаларынын);
11) кардиохирургиялык багыттагы жеке менчик медициналык мекемелердин.".
2. 38-глава төмөнкүдөй мазмундагы 251-1 жана 251-2-беренелер менен толукталсын:
"251-1-берене. Мектепке чейинки билим берүү уюмдары (жеке менчик формасынын негизинде түзүлгөн балдар бакчалары) тарабынан кызмат көрсөтүүлөрдүн берими
Мектепке чейинки билим берүү уюмдары (жеке менчик формасынын негизинде түзүлгөн балдар бакчалары) тарабынан кызмат көрсөтүүлөрдүн берими КНСтен бошотулган берим болуп саналат.
251-2-берене. Кардиохирургиялык багыттагы жеке менчик медициналык мекемелер тарабынан кызмат көрсөтүүлөрдүн берими
Кардиохирургиялык багыттагы жеке менчик медициналык мекемелер тарабынан кызмат көрсөтүүлөр КНСтен бошотулган берим болуп саналат.".
3. 315-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 6 жана 7-пункттар менен толукталсын:
"6) мектепке чейинки билим берүү уюмдары (жеке менчик формасынын негизинде түзүлгөн балдар бакчалары);
7) кардиохирургиялык багыттагы жеке менчик медициналык мекемелери.".
4. 316-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 5 жана 6-пункттар менен толукталсын:
"5) мектепке чейинки билим берүү уюмдары (жеке менчик формасынын негизинде түзүлгөн балдар бакчалары) тарабынан кызмат көрсөтүлүүлөр;
6) кардиохирургиялык багыттагы жеке менчик медициналык мекемелер тарабынан кызмат көрсөтүүлөр.".
5. 343-берененин 9-пунктунун экинчи абзацынан кийин төмөнкүдөй мазмундагы 10-пункт менен толукталсын:
"10) мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын (жеке менчик формасынын негизинде түзүлгөн балдар бакчаларынын) жерлери.".
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 26-майында N 48-49 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш.Атамбаев
|