КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 22-майы № 115
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (ишкердик субъекттерин каттоо жана жоюу жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү жөнүндө)
(Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-июлунда № 82, 2022-жылдын 18-январындагы № 4, 2023-жылдын 28-февралындагы № 44 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-берене.
(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 97-статьянын 4-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. 98-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Жоюу комиссиясы (жоюучу) юридикалык жактарды каттоочу (кайра каттоочу) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга юридикалык жактын жоюлгандыгы жөнүндө, анын кредиторлорунун талаптарын билдирүү тартиби жана мөөнөттөрү жөнүндө кабарлама жөнөтөт. Мында бул мөөнөт жоюлгандыгы жөнүндө жарыяланган учурдан тартып эки айдан кем болууга тийиш эмес.
Жоюу комиссиясынан (жоюучудан) алынган маалымат беш жумушчу күндүн ичинде юридикалык жактарды каттоочу (кайра каттоочу) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында жарыяланат.
Жоюу комиссиясы (жоюучу) кредиторлорду аныктоого жана дебитордук карыздарды алууга бардык аракеттерди жасайт, ошондой эле юридикалык жактын жоюлгандыгы жөнүндө кредиторлорго жазуу жүзүндө кабарлайт.".
3-берене.
(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4-берене.
"Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 5, 464-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
3-статьянын 1-бөлүгүнүн биринчи абзацында "жылына 3000000 сомго чейинки" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Салык кодекси менен каралган кошумча наркка салык боюнча жылына каттоо чегинен ашпаган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5-берене.
"Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 11, 510-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
3-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- ишкердик субъекти ишин токтоткондо камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча эсептешүү тууралыгына жана өз убактылуулугуна мындай текшерүү жүргүзүүгө арыз берилген датадан тартып 15 календардык күндүн ичинде текшерүү жүргүзүүгө жана көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызынын жоктугу тууралуу (эгер карыз жок болсо) маалымкат берүүгө;".
6-берене.
"Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 6, 273-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
11-беренеде:
1 жана 2-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Жоюу балансын түзүүдө активдер, милдеттенмелер, капитал жана башка көрсөткүчтөр жөнүндө маалыматтар рынок наркы боюнча, башкача айтканда, объектти сатуунун натыйжасында алынышы мүмкүн болгон акчалай каражаттардын суммасында бааланууга тийиш.".
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 28-февралындагы № 44 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
8-берене.
(КР 2019-жылдын 8-июлунда № 82 Мыйзамынын 37-берененин 5-пунктуна ылайык күчүн жоготот)
9-берене.
"Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 6, 240-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
18-статьянын 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Жоюу комиссиясы (жоюучу) дайындалган учурдан тартып ал коомдук органдардын мүлкүн тескөө боюнча ишин контролдоо ыйгарым укугуна ээ болот. Атап айтканда, коомдук органдардын аны мүлк ээлигинен ажыратууга же болбосо карыздарын тындырууга багытталган бардык актылары жоюу комиссиясынын (жоюучунун) макулдугу менен гана жүргүзүлүшү мүмкүн.".
10-берене.
1996-жылдын 15-ноябрындагы № 60 "Чарбалык шериктиктиктер жана коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
9-статьянын 6-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Жоюу комиссиясы (жоюучу) дайындалган учурдан тартып ал чарбалык шериктиктин жана коомдун мүлкүн тескөө боюнча ишин контролдоо ыйгарым укугуна ээ болот. Атап айтканда, чарбалык шериктик жана коомдук органдардын аны мүлк ээлигинен ажыратууга же карыздарын тындырууга багытталган бардык актылары жоюу комиссиясынын (жоюучунун) макулдугу менен гана жүргүзүлүшү мүмкүн.".
11-берене.
2016-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү 1-берененин 9-бөлүгүнүн алтынчы абзацын, 3-берененин экинчи абзацын кошпогондо, ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 26-майында № 48-49 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
- жеке ишкерлерди каттоо боюнча ыйгарым укуктарды салык кызматы органдарына өткөрүп берсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |