Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\414f714f-89ba-4178-a9ad-c2f20da3e23b\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2015-жылдын 17-июну № 131

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 9, 440-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

7-статьянын 4-пункту "фондусунан," деген сөздөн кийин "үрөнчүлүк, асыл тукум, эксперименттик чарбаларды, илимий-изилдөө, тажрыйба-селекциялык, сорт сыноо иштерин жүргүзүү жана айыл чарба кооперативдери үчүн 20 жылга чейинки мөөнөткө берилген жерлерди кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын.

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 23-июнунда № 58 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү үчүн зарыл чараларды көрсүн.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

А.Ш. Атамбаев