КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 17-июну № 133
"Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 767-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
1-берененин 2-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмү "саламаттыкты сактоо объекттерин," жана "кубаттуулуктарды" деген сөздөрдөн кийин тиешелүүлүгүнө жараша "дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекстерин," жана ", индустриялык-логистикалык борборлорду, өндүрүштүк объекттерди" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 23-июнунда № 58 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |