КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 2-июлу № 142
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-июлундагы № 163, 2019-жылдын 8-июлунда № 82, 2020-жылдын 1-августундагы № 110, 2023-жылдын 9-мартындагы № 54 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 9, 440-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
13-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин башкаруу айылдык аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органы тарабынан мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин башкаруу боюнча ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Токой кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 12, 534-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
21-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын токой мамилелерин жөнгө салуу жагындагы компетенциясы
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына токой фондусун сактоо, коргоо жана пайдалануу жагындагы айрым мамлекеттик ыйгарым укуктар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө мыйзамдарга ылайык берилиши мүмкүн.".
3-берене.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-мартындагы № 54 Мыйзамына ылайык күчүн жоготот)
(КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 163 Мыйзамына ылайык 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготот)
5-берене.
"Ички жер которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 10, 434-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 13-статьяда:
5-пунктунда "жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын" деген сөздөр ", ошондой эле жарандарды каттоо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын чектеринде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6-пунктунда "жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына" деген сөздөр ", ошондой эле берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алкактарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 15-статьянын 1-пунктунда "жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары каттоого алуучу орган болуп саналат" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө мыйзамдарга ылайык жарандарды каттоо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүүгө укуктуу" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6-берене.
"Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 12, 530-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ведомствого караштуу аймактардагы жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аларга мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген учурларда:";
статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"Жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин коргоо, пайдалануу жана көбөйтүү жагындагы ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.".
7-берене.
"Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 5, 377-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
9-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аларга мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген шартта:
- өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын максаттуу багыт боюнча коргоонун жана пайдалануунун белгиленген режиминин сакталышын камсыз кылышат;
- өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча жаратылышты коргоо иш-чараларын жүргүзүшөт.
2. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын коргоо жана пайдалануу жагындагы ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.".
8-берене.
"Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 11, 452-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
42-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"42-статья. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясы
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар экологиялык программаларды иштеп чыгууга жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча чараларды ишке ашырууга катышат жана мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдарынын ишин жөнгө салуучу мыйзамдарга ылайык аракеттенет.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ведомствого караштуу аймактарда айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат, экологиялык программаларды иштеп чыгууга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө мыйзамдарга ылайык айлана-чөйрөнү коргоо боюнча чараларды ишке ашырууга катышат.".
(КР 2019-жылдын 8-июлунда № 82 Мыйзамынын 37-берененин 5-пунктуна ылайык күчүн жоготот)
10-берене.
"Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 2, 5-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
53-беренеде:
1-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Айылдык аймактын, шаардын аймагында керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын чектеринде төмөнкүлөргө укуктуу:";
2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө мыйзамдарга ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилет.".
11-берене.
"Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы, 2015-жылдын 13-январы, № 2) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 4-берененин 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) өз компетенциясынын алкактарында жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарынын алкактарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;";
2. 7-берененин 2-4-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар өз компетенциясынын алкактарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн которулган каражаттардын эсебинен каржылоону жүзөгө ашырат жана карантиндик жана башка чектөөчү чараларды жүргүзүүдө уюштуруучулук жана чарбачылык иш үчүн жоопкерчилик тартат.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруунун алкактарында ветеринардык-санитардык талаптарды жана эпизоотияга каршы иш-чараларды аткарууну камсыз кылат.
4. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар өз ыйгарым укуктарынын алкактарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алкактарында табылган оорулуу жаныбарларды жок кылууну жүзөгө ашыруу үчүн, ошондой эле өлгөн жаныбарлар көмүлгөн жерлерди талаптагыдай күтүү үчүн жоопкерчилик тартат.".
3. 12-берененин 3-бөлүгү "жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөрдөн кийин "берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын чектеринде" деген сөздөр менен толукталсын.
(КР 2020-жылдын 1-августундагы № 110 Мыйзамына ылайык күчүн жоготот)
13-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
2) ушул Мыйзамды жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесин ишке ашыруу боюнча чаралардын комплексин иштеп чыксын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |