Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c114be83-16ed-41b4-bb8c-4a932f2d6709\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2015-жылдын 4-июлу № 148

Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө

(КР 2016-жылдын 6-июлундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Ушул Мыйзам жарандардын репродуктивдик укуктары жаатындагы коомдук мамилелерин жөнгө салат, аларды ишке ашыруу боюнча мамлекеттин кепилдиктерин аныктайт жана репродуктивдик ден соолугун коргоого жарандардын, мамлекеттин, уюмдардын таламдаш жана жоопкерчиликтүү мамилесин күчөтүүгө багытталат.

1-глава. Жалпы жоболор

 

1-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр

Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:

1) көмөкчү репродуктивдик технологиялары - пациенттин кош бойлуу болушуна багытталган бойго бүтүрүүнүн айрым же бардык баскычтары болочок эненин организминен тышкары өтө турган медициналык технологиялардын, дарылоо ыкмаларынын жана жол-жоболорунун жалпы аталышы;

2) карын энелик келишим - балалуу болууну каалаган адамдар менен жасалма уруктандыруу ыкмасын колдонууга же түйүлдүктү салууга жана аны төрөлгөнгө чейин көтөрүп жүрүүгө макулдугун берген аялдын ортосундагы макулдашуу;

3) салуу - уруктандырылган жумуртка клеткасын жатын көңдөйүнө салуу аркылуу жасалма уруктандыруу ыкмасы;

4) инсеминация - уруктандыруу максатында эркектин урук клеткаларын жатын көңдөйүнө салуу аркылуу жасалма уруктандыруу ыкмасы;

5) маалымдоо - кандайдыр бир сунуштамаларсыз, сексуалдык жана репродуктивдик ден соолугу жөнүндө жалпы маалыматтарды жана (же) билимдерди берүү;

6) контрацепция - каалабаган кош бойлуулуктун алдын алуу ыкмалары жана каражаттары;

7) медициналык кийлигишүү - конкреттүү пациентке карата дарыгер же болбосо башка медициналык кызматкер тарабынан аткарылуучу алдын алуу, диагностикалык, дарылоо, реабилитациялоо же изилдөө багытындагы ар кандай текшерүү, дарылоо же консультация;

8) жасалма уруктандыруу ыкмалары - организмден тышкары бойго бүтүрүүнүн айрым же бардык этаптарын жана түйүлдүктүн алгачкы өнүгүүсүн жүзөгө ашырууда колдонулуучу тукумсуздукту дарылоо ыкмалары;

9) жашы жете элек - 18 жашка толо элек бала;

10) пациент - тиешелүү медициналык документтерди тариздөө менен саламаттыкты сактоо уюмдары, же болбосо жекече иш алып баруучу медициналык кызматкерлер тарабынан медициналык-санитардык жардам көрсөтүлүүчү адам;

11) үй-бүлөнү пландаштыруу - жарандардын белгилүү бир санда бала төрөөнүн жана тарбиялоонун, алардын төрөлүшүнүн ортосундагы аралыкты сактоону аң-сезимдүү тандап алуусуна, ошондой эле жарандардын репродуктивдик ден соолугун коргоого багытталган социалдык, медициналык жана укуктук чаралар тутуму;

12) жыныстык клеткалар - эркектин жыныс клеткалары (сперматозоиддер) жана аялдын жыныс клеткалары (жумуртка клеткалары);

13) репродукция - тукумун арбытып көбөйтүү;

14) репродуктивдик ден соолук - адамдын тукумун арбытып көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн аныктоочу дене бой, психикалык ден соолугунун жана анын социалдык бакубаттуулугунун бүтүндөй абалы;

15) репродуктивдик укуктар - жарандардын тукумун улоого, алардын репродуктивдик ден соолугун коргоого жана никеси бар же никеси жок бала төрөө (төрөтүү) же бала төрөөдөн (төрөтүүдөн) баш тартуу, бойго бүтүрүү жана бала төрөө ыкмалары туурасында чечимдерди эркин кабыл алууга, ошондой эле бул чөйрөдө медициналык-социалдык, маалыматтык жана консультациялык жардам алууга карата укуктары;

16) сексуалдык ден соолук - зордуктоонун, басмырлоонун же мажбурлоонун элементтери жок болгон адамдын коопсуз жыныстык турмушту алып баруусун аныктоочу дене бой, психикалык жана социалдык жактан бакубаттуулугу;

17) сексуалдык билим - репродуктивдик ден соолугунун маселелери боюнча ишенимдүү жана илимий жактан негизделген маалыматтарды берүүчү жана репродуктивдик тутумунда чечим кабыл алууга, баарлашууга жана ооруп калуу коркунучун азайтууга байланыштуу көндүмдөрдү өнүктүрүүчү билимдер;

18) сексуалдык укуктар - эркиндик, ар-намыс жана теңчилик принциптерине негизделген адам укуктарынын ажырагыс бөлүгү;

19) карын энелик - карын эненин жана балага ата-эне боло турган адамдардын ортосундагы келишим боюнча баланы боюнда көтөрүп жүрүү жана төрөө ичине камтылган көмөкчү репродуктивдик технологиялардын түрү;

20) карын эне - карын энелик келишим боюнча анын генотибин алып жүрбөгөн баланы боюнда көтөрүп жүрүп, төрөгөн аял;

21) хирургиялык стерилдештирүү - натыйжасында адам тукум улоо кудуретинен ажыратыла турган хирургиялык кийлигишүү;

22) экстракорпоралдык уруктандыруу - сперматозоид менен жумуртка клеткаларын аялдын организминен сырткары кошуудан, мындай кошулуунун натыйжасында пайда болгон түйүлдүктүн өнүгүүсүнөн жана андан кийин ошол түйүлдүк жатынга жалгаштырыла турган репродуктивдик технологияларынын көмөкчү түрү.

2-берене. Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары

1. Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет, ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерден турат.

2. Эгерде мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимде жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка эрежелер белгиленген болсо, анда эл аралык келишимдеги эрежелер колдонулат.

3-берене. Ушул мыйзамды колдонуу чөйрөсү

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын жарандарына, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу же убактылуу жашап жаткан чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга (мындан ары - жарандар), ошондой эле ишмердүүлүгү жарандардын сексуалдык жана репродуктивдик укуктарын Кыргыз Республикасынын аймагында ишке ашырууга байланышкан бардык юридикалык жана жеке жактарга жайылтылат.

2-глава. Жарандардын репродуктивдик укуктарын ишке ашырууну уюштуруунун негиздери

 

4-берене. Жарандардын репродуктивдик ден соолугун коргоо жаатындагы мамлекеттик саясат

1. Жарандардын репродуктивдик ден соолугун коргоо жаатындагы мамлекеттик саясат төмөнкүлөргө багытталган:

1) үй-бүлө институтун ар тараптан чыңдоого;

2) жынысынын жана жашынын өзгөчөлүгүн эске алуу менен жарандардын репродуктивдик ден соолугун коргоо тутумун өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө;

3) ата-энелерди балдардын төрөлүшүнө жоопкерчиликтүү болушуна тарбиялоо менен ден соолугу чың, эңсеп-күткөн балдардын төрөлүшүнө эркектер менен аялдардын аң-сезимдүү мамилесин калыптандырууга;

4) аялдар менен эркектердин сексуалдык жана репродуктивдик укуктарын ишке ашыруудагы бирдей мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуучу шарттарды түзүүгө.

2. Кыргыз Республикасында жарандардын репродуктивдик укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) сексуалдык жана репродуктивдик укуктарын ишке ашырууда адам укуктары менен эркиндиктерин сактоо артыкчылыгы;

2) сексуалдык жана репродуктивдик көйгөйлөрүн чечүүдө гумандуулук, сый мамиле, маалыматтын купуялуулугу;

3) сексуалдык жана репродуктивдик ден соолугун коргоону уюштуруунун бардык баскычтарында медициналык-санитардык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү жана жогорку сапаты;

4) мамлекеттик программалардын Кыргыз Республикасынын демографиялык өнүгүүсүн жакшыртууга багытталышы.

5-берене. Жарандардын репродуктивдик укуктарын коргоо жаатындагы мамлекеттик жөнгө салуу

Жарандардын репродуктивдик укуктарын коргоо жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:

1) Кыргыз Республикасынын демографиялык өнүгүшүн жакшыртууга багытталган мамлекеттик максаттуу программаларды иштеп чыгуу, кабыл алуу жана каржылоо;

2) жыныстык жана жаш өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жарандардын репродуктивдик ден соолугун коргоонун стандарттарын иштеп чыгуу жана аткаруу;

3) жарандардын сексуалдык жана репродуктивдик ден соолугун коргоо жаатындагы илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, алардын сексуалдык жана репродуктивдик ден соолугун жакшыртуу үчүн заманбап ыкмаларды жана технологияларды колдонууга киргизүү;

4) сексуалдык жана репродуктивдик ден соолугун коргоо жаатындагы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү адистерди даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү;

5) мамлекеттик программалардын алкагында юридикалык, социалдык, маалыматтык-усулдук жактан колдоону камсыз кылуу;

6) сексуалдык жана репродуктивдик ден соолугун коргоо жаатында кызмат көрсөтүүчү менчиктин бардык түрүндөгү саламаттыкты сактоо уюмдарына ак ниет атаандаштык үчүн бирдей шарттарды түзүү;

7) жарандардын сексуалдык жана репродуктивдик укуктарын коргоо боюнча мамлекеттик программалардын ишке ашырылышына контролду жана координацияны жүзөгө ашыруу;

8) репродуктивдик ден соолугун коргоо боюнча мамлекет тарабынан кепилденген кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегин бекитүү;

9) жашы жете электерге багытталган гинекологияны жана андрологияны өнүктүрүү жана оптималдаштыруу;

10) жашы жете электердин сексуалдык билим алуусунун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн билим берүү тутумунда окуу программаларын иштеп чыгуу жана кадрларды даярдоо.

6-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жарандардын репродуктивдик укуктарын ишке ашыруу жаатындагы компетенциясы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жарандардын репродуктивдик укуктары жаатында:

1) жарандардын репродуктивдик укуктарын коргоо жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын аныктайт;

2) жарандардын репродуктивдик укуктарын ишке ашырууга багытталган мамлекеттик программаларды иштеп чыгат жана кабыл алат;

3) жарандардын репродуктивдик укуктары жаатындагы мамлекеттик органдардын ишин контролдоону ишке ашырат;

4) репродуктивдик ден соолугун коргоо жана үй-бүлөнү пландаштыруу боюнча мамлекет тарабынан кепилденген кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегин бекитет.

7-берене. Жарандардын репродуктивдик ден соолугун сактоо жана коргоо боюнча саламаттыкты сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясы

Саламаттыкты сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:

1) жарандардын сексуалдык жана репродуктивдик укуктарын сактоо жана коргоо жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзөт;

2) өз компетенциясынын алкагында жарандардын сексуалдык жана репродуктивдик ден соолугун сактоо жана коргоо маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга катышат жана алардын талаптарын аткарат;

3) ведомстволор аралык координацияны ишке ашырат, жыныстык жана жаш өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жарандардын сексуалдык жана репродуктивдик ден соолугун сактоо жана коргоо маселелери боюнча стандарттарды иштеп чыгууну жана киргизүүнү камсыз кылат;

4) жарандардын сексуалдык жана репродуктивдик ден соолугун сактоо жана коргоо тутумун өнүктүрүү жана үй-бүлөнү пландаштыруу жагынан кызмат көрсөтүү боюнча чараларды аныктайт;

5) сексуалдык жана репродуктивдик ден соолугу жаатында маалыматтык жана агартуу ишин камсыз кылат;

6) мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдары, ошондой эле жеке менчикке жана менчиктин аралаш түрүнө негизделген саламаттыкты сактоо уюмдары тарабынан калкка көрсөтүлгөн медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына жана жеткиликтүүлүгүнө контроль жүргүзөт;

7) жарандарды хирургиялык жол менен стерилдештирүү, кош бойлуулукту жасалма жол менен токтотуу, жыныстык клеткалардын донору болуу жана аларды сактоо, көмөкчү репродуктивдик ыкмалары менен технологияларды колдонуу тартибин жана шарттарын аныктайт;

8) билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен бирдикте жыныстык жана жаш өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен, сексуалдык билим берүү программаларын иштеп чыгат жана киргизет;

9) сексуалдык жана репродуктивдик ден соолугу жаатында иштеген адистердин квалификациясын жогорулатууну уюштурат;

10) өз компетенциясынын алкагында Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндөгү мыйзамдарына ылайык лицензиялоого тиешелүү иштин түрлөрүнө лицензияларды берет.

8-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарандардын репродуктивдик укуктары жаатындагы компетенциясы

1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар:

1) жарандардын репродуктивдик укуктарын коргоо жаатындагы аймактык программаларды иштеп чыгат, бекитет жана каржылайт;

2) жарандардын репродуктивдик ден соолугун чыңдоо жаатындагы мамлекеттик билим берүү, саламаттыкты сактоо уюмдары, өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан жүзөгө ашырылуучу иштерди координациялайт жана контролдойт;

3) мамлекеттик жана мамлекеттик эмес саламаттык сактоо уюмдарына материалдык-техникалык жардам көрсөтүү жолу менен жарандардын өздөрүнүн репродуктивдик укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды камсыз кылат.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарына ылайык:

1) жарандардын репродуктивдик укуктарын коргоо жаатындагы аймактык программаларды иштеп чыгат, бекитет жана каржылайт;

2) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар жөнүндө мыйзамда же келишимде жарандардын репродуктивдик укуктарын коргоого багытталган акча каражаттарын жыл сайын карайт;

3) жарандардын репродуктивдик ден соолугун чыңдоо жаатындагы мамлекеттик билим берүү, саламаттыкты сактоо уюмдары, өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан жүзөгө ашырылуучу иштерди координациялайт жана контролдойт;

4) мамлекеттик жана мамлекеттик эмес саламаттык сактоо уюмдарына материалдык-техникалык жардам көрсөтүү жолу менен жарандардын өздөрүнүн репродуктивдик укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды камсыз кылат.

(КР 2016-жылдын 6-июлундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

3-глава. Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктер

 

9-берене. Репродуктивдикти тандоо укугу

1. Жарандар никеде же никесиз канча балалуу болуу жана алардын төрөлүү убактысы, эне менен баланын ден соолугун сактоо үчүн зарыл болгон төрөттөр ортосундагы аралыктар тууралуу эркин жана жоопкерчиликтүү чечим кабыл алууга укуктуу.

2. Жарандар репродуктивдикти эркин тандоо укугун жүзөгө ашырууда башкалар кийлигишпей турган укукка ээ.

3. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле юридикалык жана жеке жактар жарандар тарабынан сексуалдык жана репродуктивдик укуктарын ишке ашыруусуна байланыштуу маалыматтарды жашыруун сактоого милдеттүү.

10-берене. Жарандардын репродуктивдик ден соолугун сактоо жана коргоо

1. Жарандар жынысына, расасына, жаш курагына, этноско таандуулугуна, тилине, майыптыгына, үй-бүлөлүк абалына, туткан динине, саясий же башка көз караштарына, алган билимине, ата-тегине, мүлктүк же башка абалына карабастан, сексуалдык жана репродуктивдик ден соолугун сактоо жана коргоо укугуна ээ.

2. Жарандар өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү толук жана эркин маалымдалган макулдугусуз сексуалдык жана репродуктивдик ден соолугуна байланышкан медициналык эксперименттерге дуушар болбошу керек.

3. Жарандар өздөрүнүн сексуалдык жана репродуктивдик укуктарын ишке ашыруусуна байланыштуу органдардын, уюмдардын жана кызмат адамдарынын аракеттерине (же аракетсиздигине) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик органдарга же сотко даттануу жолу менен өздөрүнүн сексуалдык жана репродуктивдик укуктарын коргоого укуктуу.

11-берене. Репродуктивдик ден соолугун коргоо боюнча маалыматтарды алуу укугу

Жарандар төмөнкүдөй ишенимдүү жана толук маалыматтарды алууга укуктуу:

1) өздөрүнүн сексуалдык жана репродуктивдик ден соолугунун абалы жөнүндө жана аны коргоо тууралуу;

2) контрацепция ыкмалары жөнүндө;

3) сексуалдык жана репродуктивдик ден соолугун коргоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн шарттары жана ыкмалары жөнүндө;

4) медициналык кийлигишүүдө ар кандай психологиялык жана физиологиялык кесепеттер, мүмкүн боло турган ырбап кетүүлөр жөнүндө;

5) ошондой эле өздөрүнүн сексуалдык жана репродуктивдик укуктарын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон башка маалыматтарды.

12-берене. Репродуктивдик ден соолугун коргоо боюнча кызмат көрсөтүүлөргө укук

1. Жарандарга сексуалдык жана репродуктивдик ден соолугун коргоо жана чыңдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр саламаттыкты сактоо уюмдары, ошондой эле медициналык практикага лицензиясы бар жеке адамдар тарабынан көрсөтүлөт.

2. Репродуктивдик ден соолугун коргоо жана үй-бүлөнү пландаштыруу боюнча кепилденген кызмат көрсөтүүлөр саламаттыкты сактоо, билим берүү, социалдык коргоо уюмдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү Кыргыз Республикасында жарандарды Медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык көрсөтүлөт.

13-берене. Жашы жете электердин репродуктивдик укуктарын коргоо жаатындагы укуктары

1. Жашы жете электер өздөрүнүн сексуалдык жана репродуктивдик укуктарын сактоо жана коргоо, ошондой эле сексуалдык жана репродуктивдик ден соолугу жана укук, үй-бүлөлүк жашоого даярдануу жаатындагы маалыматтарды жана билимдерди алууга укуктуу.

2. Билим берүү уюмдары жашы жете электердин маалыматтарга жана сексуалдык билимге жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн жооптуу.

3. Жашы жете электердин жаш курагына жараша муктаждыктарын эске алуу аркылуу саламаттыкты сактоо органдары менен биргеликте иштелип чыккан жана бекитилген программалар боюнча окутуу жүргүзүлөт. Окутууга тийиштүү даярдыгы бар адистер тартылат.

4. Саламаттыкты сактоо уюмдары жашы жете электердин сексуалдык жана репродуктивдик ден соолугу жаатындагы маалыматка жана кызмат көрсөтүүлөргө жетүүсүн камсыз кылуу үчүн жооптуу.

5. Үй-бүлөдө жашы жете электердин сексуалдык жана репродуктивдик ден соолугу жаатындагы билим деңгээлин жогорулатуу үчүн жоопкерчиликти ата-энелер же алардын мыйзамдуу өкүлдөрү алышат.

6. Маалымат жана консультация берүүнү кошпогондо, 16 жашка толо элек адамга сексуалдык жана репродуктивдик ден соолугу чөйрөсүндө медициналык кийлигишүү жашы жете электин жана анын мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугу боюнча жүргүзүлөт.

7. Жашы жете электерге сексуалдык жана репродуктивдик ден соолугун коргоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр Кыргыз Республикасынын жарандарын Медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык саламаттыкты сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлөт.

14-берене. Коопсуз кош бойлуулукка укук

1. Аялдар кош бойлуулукка даярданууга, кош бойлуу кезинде ден соолугун коргоого, төрөт учурунда жана төрөттөн кийинки мезгилде өзүнүн ден соолугуна, түйүлдүктүн жана жаңы төрөлгөн баланын ден соолугуна болгон тобокелди азайтуу ыкмаларын колдонуу аркылуу медициналык жардам алууга, төрөткө чейин жана төрөттөн кийин мамлекет тарабынан социалдык колдоого укуктуу.

2. Кош бойлуулук мезгилинде ар кандай медициналык кийлигишүү аялдын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жүргүзүлөт. Кош бойлуу аялдын өмүрүнө коркунуч туудурган жагдайларда, аялдын абалы өз эркин билдирүүгө мүмкүнчүлүк бербесе, чечим саламаттыкты сактоо уюмунун тийиштүү адистери тарабынан кабыл алынат.

3. Аял кош бойлуулукка, боюнан алдырууга мажбурландырылбайт. Мындай аракеттерди аялга зордук көрсөтүү катары кароо керек.

Аялды буга мажбур кылган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

15-берене. Тукумсуздуктан дарылануу укугу

1. Жарандар тукумсуздуктан коопсуз жана натыйжалуу ыкмаларды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген көмөкчү репродуктивдик ыкмаларын жана технологияларын колдонуу менен дарыланууга укуктуу. Жарандар өздөрү алып жаткан медициналык кызматтардын коопсуздугу жана натыйжалуулугу, аларды колдонуунун өтө ыңгайлуу мөөнөттөрү жөнүндө, мүмкүн болуучу ар кандай кесепеттер тууралуу толук жана ар тараптуу маалыматтарды жана алардын организмге тийгизүүчү таасири жөнүндө башка маалыматтарды алууга укуктуу.

2. Никеде турган жарандар өз ара макулдашуу боюнча көмөкчү репродуктивдик технологияларын пайдаланууга укуктуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, болочок балага карата тарбиялоо жана багуу боюнча ата-эненин тең укуктарына жана милдеттерине ээ.

3. Көмөкчү репродуктивдик технологияларын колдонуу менен тукумсуздукту дарылоо медициналык иштин ушундай түрүнө лицензиясы бар саламаттыкты сактоо уюмдары тарабынан жүргүзүлөт.

16-берене. Кош бойлуулукту жасалма жол менен токтотуу укугу

1. Мөөнөтү 12 жумадан ашпаган кош бойлуулукту жасалма жол менен токтотуу (аборт) аялдын каалоосу боюнча жасалат. Кош бойлуулукту социалдык көрсөтмөлөр боюнча жасалма жол менен токтотуу кош бойлуулуктун 22 жумасына чейинки мөөнөттө - аялдын макулдугу менен, ал эми медициналык көрсөтмөлөр боюнча кош бойлуулуктун мөөнөтүнө карабай жүргүзүлүшү мүмкүн.

2. Саламаттыкты сактоо уюмдары кош бойлуулукту жасалма жол менен токтотуу тууралуу же кош бойлуулукту медициналык көрсөтмөлөр боюнча токтотуудан баш тартуу тууралуу чечим кабыл алган аялга анын ден соолугу үчүн күтүлүүчү ар кандай кесепеттер жөнүндө маалымдоого милдеттүү.

3. 16 жашка чыга элек адамдарга кош бойлуулугун жасалма жол менен токтотуу өздөрүнүн, алардын ата-энесинин же башка мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугу менен жүргүзүлөт.

4. Кош бойлуулукту жасалма жол менен токтотуу медициналык иштин ушул түрүнө лицензиясы бар саламаттыкты сактоо уюмдарында жүргүзүлөт.

5. Кош бойлуулукту жасалма жол менен токтотууга чейин жана андан кийин аялдарга кийинки каалабаган кош бойлуулукту алдын алуу каражаттарын тандоо менен милдеттүү медициналык-социалдык консультация берилет.

6. Кош бойлуулукту жасалма жол менен токтотуу шарттары менен тартиби жана кош бойлуулукту жасалма жол менен токтотуу үчүн медициналык көрсөтмөлөрдүн тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

7. Кош бойлуулукту жасалма жол менен токтотуунун белгиленген тартибин бузуу мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчиликке алып келет.

17-берене. Контрацепцияны колдонууга укук

1. Жарандар, зарыл болгон учурда, контрацепциянын ыкмаларын тандоого, аларды колдонууга, ошондой эле алардан баш тартууга укуктуу.

2. Жарандар контрацепциянын коопсуз, натыйжалуу жана алгылыктуу ыкмаларынын кеңири түрлөрүнөн пайдалануу укугуна ээ.

3. Каалабаган кош бойлуулуктун алдын алуу ыкмаларын жекече тандоо боюнча медициналык-социалдык жардам берүү ден соолугунун абалын, курагын жана жекече өзгөчөлүктөрүн эске алып, мүмкүн болуучу ар кандай кесепеттер жөнүндө эскертүү менен жүргүзүлөт. Медициналык жана социалдык көрсөтмөлөр болгон учурда жарандар каалабаган кош бойлуулукту алдын алуу каражаттарын сексуалдык жана репродуктивдик ден соолугу жаатында колдонуудагы программалардын алкагында ала алышат.

18-берене. Карын энелик ыкманы колдонуу

1. Жарандар медициналык көрсөткүчтөр боюнча карын энелик ыкмасын пайдалануу аркылуу ата-эне болуу укугуна ээ.

2. Карын энелик ыкманы пайдалануу нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн келишимдин негизинде гана болушу мүмкүн. Эгерде карын эне никеде турса, келишим түзүүгө жубайынын макулдугу керек. Келишим жубайлар же алардын таламдарын билдирген адамдар менен эмбрионду көтөрүп жүрүү жана баланы төрөө максатында эмбрионду салууга макулдугун берген аялдын (карын эненин) ортосунда, баланын төрөлүү мөөнөтүнө карабастан түзүлөт.

3. Жашы 20дан 40ка чейинки, өзүнүн эң жок дегенде бир биологиялык баласы бар, психикалык жана соматикалык жактан ден соолугу таза, медициналык-генетикалык консультациядан өткөн аял карын эне боло алат.

4. Карын эне жаңыдан гана боюна бүткөндө (12 жумага чейин) медициналык көзөмөлдө турууга, үзгүлтүксүз көрүнүп турууга жана дарыгердин сунуштамаларын так аткарууга, өзүнүн ден соолугунун абалына дайыма кам көрүүгө, тамеки чегүүдөн, баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алкоголду керектөөдөн баш тартууга, жубайлардан бөлөк жашаган учурда кош бойлуулуктун өтүшү тууралуу аларга айтып турууга милдеттүү.

5. Карын энеге эмбрионду салууга макулдук берген жубайлар, келишимге ылайык, кош бойлуулук, төрөт мезгилинде жана төрөттөн кийинки мезгилде анын ден соолугун чыңдоого байланышкан материалдык чыгымдарды көтөрүшөт.

6. Өз ара никеде турушкан жана боюна көтөрүп жүрүү максатында башка аялга эмбрионду салуу келишимин түзгөн адамдар, бала төрөлгөн учурда жарандык абалдын актыларын жазуу китебине анын ата-энелери болуп жазылышат.

7. Карын эне менен келишим түзгөн жубайлар жарандык абалдын актыларын жазуу китебине аны өздөрүнүн атына каттаткан учурга чейин баладан баш тартууга укугу жок.

8. Бала өлүү төрөлгөндө, же болбосо карын эне менен келишим түзгөн адамдар баладан баш тарткан учурда, алар карын энеден ага медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү төлөп берүү менен байланышкан кандайдыр-бир материалдык чыгымдарды, ошондой эле эгерде сыйакы болсо ал сумманы кайра талап кылууга укуксуз.

9. Кийин балага жана анын ата-энесине карата ар кандай аракеттери үчүн карын эне Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

10. Карын энелик ыкманы колдонуу тартибин жана шарттарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.

19-берене. Жыныс клеткаларынын донору болуу

1. Соматикалык жана психикалык жактан дени сак, медициналык-генетикалык текшерүүдөн өткөн, 20 жаштан 35 жашка чейинки курактагы жарандар жыныс клеткаларынын донорлору болууга укуктуу.

2. Донор болуу тартибин жана шарттарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.

20-берене. Жасалма жол менен уруктандыруу

1. Жарандар зарыл болгон учурда жасалма жол менен уруктандыруу ыкмаларын: инсеминацияны, эмбрионду салуу жана экстракорпоралдык уруктандырууну пайдалануу менен балалуу болууга укуктуу.

2. Нике жашына жеткен аял медициналык каршы көрсөтмөлөрү болбогон учурда жасалма жол менен уруктандырылуу укугуна ээ.

3. Жасалма жол менен уруктандыруу жубайлардын же никеде турбаган аялдын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен саламаттыкты сактоо уюмдарында жүзөгө ашырылат. Мында оорунун тукум куу ыктымалдуулугу өтө жогору болгондугу аныкталгандан башка учурларда, болочок баланын жынысын тандоого жол берилбейт.

4. Жасалма жол менен уруктандыруу ыкмаларын колдонгондо, пациенттин жатынына экиден көп эмес эмбрионду көчүрүүгө болот, ал эми жасалма жол менен уруктандыруу ыкмалары үч же андан көп жолу колдонулуп, кош бойлуулукка алып келбеген учурда, пациенттин жатынына үчтөн көп эмес эмбрионду көчүрүүгө болот.

5. Медициналык көрсөтмөлөр болгондо, эмбриондордун санын азайтуу боюнча жүргүзүлүүчү медициналык кийлигишүүдөн турган редукция жүргүзүлүшү мүмкүн. Редукция жүргүзүү үчүн медициналык көрсөтмөлөрдүн тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

6. Жүргүзүлгөн жасалма уруктандыруу жөнүндө маалыматтар дарыгердик сырды түзөт.

7. Жарандар жасалма уруктандыруунун жол-жоболору, анын натыйжаларынын медициналык жана укуктук аспекттери, донорду медициналык-генетикалык жактан текшерүүнүн жыйынтыктары, донордун сырткы көрүнүшү жана улуту жөнүндө маалыматтарды алууга укуктуу. Тийиштүү маалыматтар медициналык кийлигишүүнү жүзөгө ашыруучу дарыгер тарабынан берилет.

8. Конкреттүү адамдын тукумун арбытып көбөйтүүнү кошпогондо, адамдын эмбрионун коммерциялык, аскердик, өнөр-жайлык жана башка максаттар үчүн алууга тыюу салынат.

9. Жасалма жол менен уруктандырууну жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

21-берене. Жыныстык клеткаларды сактоо жана пайдалануу

1. Нике жашына жеткен жарандар жыныстык клеткаларды сактоого укуктуу.

2. Адам өлгөндөн кийин, анын тукумун улоо максатында сактоодо турган жыныстык клеткаларды пайдалануу укугуна анын жубайы (аялы), атасы, энеси, бир туугандары ээ болот.

3. Жыныстык клеткаларды сактоо тартиби жана колдонуу шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

22-берене. Каалабаган кош бойлуулукту алдын алуунун хирургиялык ыкмасын пайдалануу укугу

1. Каалабаган кош бойлуулукту алдын алуунун хирургиялык ыкмасын (хирургиялык стерилдештирүүнү) өз ыктыяры менен колдонуу укугуна нике курагына жеткен жарандар ээ болот.

2. Хирургиялык стерилдештирүү жашы жеткен, аракетке жөндөмдүү жарандын жазуу жүзүндөгү арызы менен бул операциянын болбой койбостугу жөнүндө алдын ала милдеттүү түрдө билдирүү менен гана жасалышы мүмкүн.

3. Хирургиялык стерилдештирүүнү жүргүзүү шарттары менен тартиби, ошондой эле хирургиялык стерилдештирүүнү жүргүзүү үчүн медициналык көрсөтмөлөрдүн жана каршы көрсөтмөлөрдүн тизмеги Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан аныкталат.

4. Хирургиялык стерилдештирүүнүн белгиленген тартибин бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.

4-глава. Корутунду жоболор

 

23-берене. Жарандардын репродуктивдик укуктарын коргоону камсыз кылуучу мамлекеттик жана муниципалдык саламаттыкты сактоо уюмдарынын ишин каржылоо

Жарандардын репродуктивдик укуктарын сактоону жана коргоону камсыз кылуучу мамлекеттик жана муниципалдык саламаттыкты сактоо уюмдарынын ишин каржылоо республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын, милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун каражаттарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын алкагында жүзөгө ашырылат.

24-берене. Ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик

Ушул Мыйзамдын талаптарын сактабагандыгы үчүн күнөөлүү адамдар, мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана шарттарда жоопкерчилик тартышат.

25-берене. Зыяндын ордун толтуруу

1. Өздөрүнүн репродуктивдик укуктарын ишке ашырып жатканда жарандардын репродуктивдик ден соолугуна зыян келтирилген учурларда күнөөлүү адамдар жабырлануучуларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген көлөмдө жана тартипте зыяндын ордун толтурууга милдеттүү.

2. Аталган адамдар тарабынан зыяндын ордун толтуруп берүүсү аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуудан бошотпойт.

26-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

1. Ушул Мыйзам расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын үч айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

3. "Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 7-9, 716-ст.) күчүн жоготту деп таанылсын.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

А.Ш. Атамбаев