Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык
2019-жылдын 1-январынан тартып
КҮЧҮН ЖОГОТОТ

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\dafdfbdd-5b42-4536-89f5-3f6068ebeb2f\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2015-жылдын 21-июлу № 184

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 226-2-статьяда:

аталышындагы "Террорчулук мүнөздөгү" деген сөздөр "Террорчулук же экстремисттик мүнөздөгү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

1-бөлүктө:

3) "226, 226-1, 227, 229, 232, 294, 296, 376" деген цифралар "226, 226-1, 226-3, 227, 229, 232, 294, 296, 299-299-2, 376" деген цифралар менен алмаштырылсын;

бөлүк "террорчулук" деген сөздөн кийин "же экстремисттик" деген сөздөр менен толукталсын;

экинчи абзацтагы "үч жылдан алты жылга" деген сөздөр "сегиз жылдан он эки жылга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"(2) Ошол эле жосундар:

1) адам өзүнүн кызмат абалынан пайдалануу менен;

2) жашы жетпегендерге карата жасалганда, -

мүлкүн конфискациялоо менен он жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".

2. 24-глава төмөнкүдөй мазмундагы 226-4-статья менен толукталсын:

"226-4-статья. Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылыштарга же согуш аракеттерине катышуусу же террорчулук жана экстремисттик даярдыктан өтүшү

(1) Кыргыз Республикасынын жаранынын жалдануу белгилери болбостон чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылыштарга же согуш аракеттерине катышуусу, террорчулук же экстремисттик кылмыштарды жасоо шыктарын жана жөндөмдөрүн алууга багытталган даярдыктан Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жакта өтүшү, -

беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(2) Ошол эле жосун:

1) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

2) уюмдашкан кылмыштуу топ тарабынан жасалганда, -

сегиз жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".

3. 375-статьяда:

1-бөлүктүн биринчи абзацында "Жалданмачыны" деген сөздөн кийин "террорчулук же экстремисттик кылмыштарды жасоо шыктарын жана жөндөмдөрүн алууга багытталган даярдоо," деген сөздөр менен толукталсын;

2-бөлүктүн экинчи абзацында "үч жылдан жети жылга" деген сөздөр "сегиз жылдан он беш жылга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

3) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"(3) Ошол эле жосундар:

1) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

2) уюмдашкан кылмыштуу топ тарабынан;

3) өзүнүн кызмат абалын пайдалануу менен;

4) жашы жетпегендерге карата жасалганда, -

мүлкүн конфискациялоо менен же андай кылбастан он беш жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";

эскертүү "Материалдык акы алуу" деген сөздөрдөн кийин "же башка кызыкчылык" деген сөздөр менен толукталсын.

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

А.Ш. Атамбаев