КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 24-июлу № 192
Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө
(КР 2016-жылдын 2-августундагы № 161, 2020-жылдын 13-мартындагы № 27, 2020-жылдын 14-августундагы № 127, 2022-жылдын 4-июлундагы N 56 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам автотранспорт каражаттарын пайдаланууда болгон жол-транспорт кырсыгынын натыйжасында жабырлануучунун өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыяндар үчүн автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жаатындагы мамилелерди жөнгө салуунун укуктук, экономикалык жана уюштуруучулук негиздерин белгилейт.
1-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) автоматташтырылган маалыматтык борбор - камсыздандыруу субъекттеринин ортосунда милдеттүү камсыздандыруу боюнча маалыматтар базасын түзүү, толуктоо, өзгөртүү жана алмашуу функцияларын аткаруучу уюм;
2) автотранспорт каражаттары - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катталган жеңил жана жүк ташуучу автомобилдер, автобустар, чакан автобустар жана алардын базасында жасалган башка автомобилдер, автомобилдик сүйрөгүчтөр (тракторлор), өзү жүрүүчү машиналар, механизацияланган автотранспорт, автомобилдер сүйрөп жүрүүчү бардык чиркегичтер жана жарым чиркегичтер, коомдук электр транспорту жана автотранспорттун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катталган башка түрлөрү (мотоциклдер, квадрациклдер д.у.с.), ошондой эле башка мамлекеттерде катталган автотранспорт каражаттары;
3) маалыматтар базасы - камсыздандыруу тобокелдиги, камсыздандырылуучу жана камсыздандыруучу жөнүндө маалыматтардын жыйындысы;
4) автотранспорт каражаттарынын ээси - автотранспорт каражатын менчик укугунда ээлөөчү жеке же юридикалык жак, ошондой эле автотранспорт каражаты убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга (ижарага алуу, лизинг укугу, автотранспорт каражатын менчиктен ажыратуу укугундагы ишеним кат, бул жакка автотранспорт каражатын берүү жөнүндө тиешелүү органдын буйругу) берилген жеке жак;
5) айдоочу - автотранспорт каражатын башкарган жана автотранспорт каражатынын ээси тарабынан автотранспорт каражатын башкарууга жол берилген адам;
6) пайда табуучу - жабырлануучу жана (же) ал каза болгон учурда жабырлануучунун - жеке жактын мураскору болгон, же болбосо төлөнүүчү камсыздандырууну алууга укугу бар юридикалык жак кайра уюштурулган учурда мыйзамдуу укук улантуучусу болгон жак;
7) кепилдик төлөмдөр - кепилдик төлөмдөр фондунан төлөнүп берилүүчү, милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча, жоопкерчиликтин белгиленген чектеринде, жол-транспорт кырсыгы болгондо жана адам жол-транспорт кырсыгы болгон жерден качып кеткенде жана табылбаганда, ошондой эле камсыздандыруучу мажбурланып жоюлганда төлөнүүгө жатуучу акчалай сумма;
8) диагностикалык карта - автотранспорттук каражаттын текшерилген бардык түйүндөрү жөнүндө маалыматтарды чагылдыруучу жана анын коопсуздук талаптарына туура келүүсү же туура келбөөсү тууралуу тыянактарды камтыган, техникалык эксперт тарабынан белгилүү бир мөөнөткө берилген документ;
9) автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу келишими (мындан ары - милдеттүү камсыздандыруу келишими) - камсыздандыруу келишими, ал боюнча камсыздандыруучу бул келишимде каралган окуя (камсыздандыруу окуясы) болгон учурда, ошол окуянын натыйжасында жабырлануучунун жана (же) пайда табуучунун өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун келишимде аныкталган сумманын (камсыздандыруу суммасынын) чектеринде келишимде шартталган акынын (камсыздандыруу сый төлөмү) ордун толтуруп берүүгө (камсыздандырып ордун толтурууну жүзөгө ашырууга) милдеттенет;
10) жолдор - автотранспорт каражаттарынын кыймылы үчүн жасалган же ылайыкташтырылган жана пайдаланылган, бир же бир нече өтүүчү бөлүктөрдү, ошондой эле тротуарларды, жолдун четтерин жана эгерде бар болсо бөлүүчү тилкелерди өзүндө камтыган жер тилкеси же болбосо жасалма курулмалардын үстүңкү бети;
11) жол-транспорт кырсыгы - автотранспорт каражаттарын пайдалануунун жүрүшүндө жана анын катышуусунда, ошондой эле автотранспорт каражатынан бөлүнүп чыккан анын бөлүгүнүн жана анда жүктөлгөн жүктүн кыймылынан улам келип чыккан, жабырлануучунун өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө зыян келтирген окуя;
12) жоопкерчилик лимити - камсыздандыруучу зыяндын ордун толтуруунун айрым түрү боюнча төлөп берүүчү камсыздандырып ордун толтуруунун максималдуу өлчөмү;
13) көз каранды эмес эксперт - жабырлануучунун өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоо жана анын негизинде бүтүм чыгаруу үчүн милдеттүү камсыздандыруунун катышуучусу (камсыздандыруучу, камсыздандырылуучу, жабырлануучу, пайда табуучу) ишке тарткан кызыкдар эмес жеке же юридикалык жак;
14) жооптуу камсыздандыруучу - камсыздандыруу окуясынын болушуна күнөөлүү адам менен милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзгөн камсыздандыруучу;
15) жабырлануучу - автотранспорт каражатын пайдаланууда болгон жол-транспорт кырсыгынын натыйжасында өмүрүнө, ден соолугуна жана (же) мүлкүнө зыян келтирилген жак (жеке же юридикалык);
16) тикелей жөнгө салуу - камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүү механизми, мында тике камсыздандыруучу жабырлануучунун жана (же) пайда табуучунун мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруп берет;
17) тикелей камсыздандыруучу - жабырлануучу милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзгөн камсыздандыруучу;
18) камсыздандырылуучу - камсыздандыруу уюму (камсыздандыруучу) менен камсыздандыруу келишимин түзгөн жеке же юридикалык жак;
19) камсыздандыруу коргоосу - мүлктүк кызыкчылыктын объектине келтирилген зыянды оңдоо жана ордун толтуруу боюнча мамилелердин жыйындысы;
20) камсыздандыруу сый төлөмү - камсыздандырылуучу камсыздандыруу келишиминде белгиленген тартипте жана мөөнөттө камсыздандыруучуга төлөп берүүгө милдеттүү болгон, келишимде шартталган акы;
21) камсыздандыруу суммасы - камсыздандыруучу милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандырып ордун толтурууну милдеттүү түрдө төлөп берүүгө милдеттенген сумма;
22) камсыздандырып ордун толтуруу - камсыздандыруу окуясы болгондо зыянды жабуу үчүн камсыздандыруучу милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча төлөй турган сумма;
23) камсыздандыруу арбитри - автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу маселелери боюнча камсыздандыруу субъекттеринин ортосунда пайда болуучу мамилелерди жөнгө салууну жүзөгө ашыруучу, өз ишинде көз каранды эмес жеке жак;
24) камсыздандыруу полиси - камсыздандыруу келишимин түзүү фактысын жана камсыздандыруу келишиминин шарттарына ылайык камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берүү боюнча камсыздандыруучунун милдеттенмелеринин күчүнө киришин күбөлөндүрүүчү документ;
25) камсыздандыруу тобокелдиги - иш жүзүндө болгондо камсыздандыруу жүргүзүлүүчү, болуусу божомолдонуучу окуя;
26) камсыздандыруучу - Кыргыз Республикасынын аймагында милдеттүү камсыздандырууну жүргүзүүгө атайын уруксаты (лицензиясы) бар жана коммерциялык уюм болуп саналган юридикалык жак (камсыздандыруу уюму);
27) камсыздандыруу тарифтери - милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу сый төлөмдөрүн аныктоодо камсыздандыруучу колдонуучу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилөөчү баа коюмдары;
28) автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча кепилдик төлөмдөрдүн фонду - камсыздандыруу уюмдары - автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу тутумунун катышуучулары үзгүлтүксүз негизде жүргүзүүчү, максаты кепилдик төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу болуп саналган чегерүүлөр;
29) автотранспорт каражаттарын иштетүү - автотранспорт каражаттарына орнотулган жана автотранспорт каражатынын жолдогу кыймылга катышуусуна тикелей байланышпаган жабдууларды иштетүүнү кошпогондо, жолдордо, ага жанаша жаткан жана автотранспорт каражаттарынын кыймылына арналган аймактарда (короолордо, турак жай конуштарында, автотранспорт каражаттары токтоочу жайларда, май куюучу станцияларда жана башка аймактарда) автотранспорт каражаттарын пайдалануу.
2-берене. Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу (мындан ары - милдеттүү камсыздандыруу) жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизденет жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинен, ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.
3-берене. Милдеттүү камсыздандыруунун максаттары жана принциптери
1. Автотранспорт каражаттарын пайдаланууда болгон жол-транспорт кырсыгынын натыйжасында келтирилген зыяндын ордун толтурууга жабырлануучунун жана (же) пайда табуучунун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле өздөрүнүн жоопкерчилигин камсыздандырган автотранспорт каражаттарынын ээлеринин мүлктүк кызыкчылыктарын коргоо ушул Мыйзамдын максаты болуп саналат.
2. Милдеттүү камсыздандыруунун негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) ушул Мыйзамда белгиленген чектерде, жабырлануучулардын өмүрүнө, ден соолугуна же мүлктөрүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруу кепилдиги;
2) ушул Мыйзамда белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандыруунун жалпыга бирдейлиги жана милдеттүүлүгү;
3) автотранспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын аймагында пайдалануунун бүткүл мөөнөтүнүн ичинде милдеттүү камсыздандырууну колдонуунун үзгүлтүксүздүгү;
4) мүлктүк кызыкчылыктарды коргоодо автотранспорт каражаттарынын ээлеринин экономикалык кызыкдарлыгы.
Караңыз:
КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2016-жылдын 21-сентябряндагы № 4-р чечими
4-берене. Милдеттүү камсыздандыруу объектиси жана камсыздандыруу тобокелдиги
1. Автотранспорт каражаттарын пайдаланууда болгон жол-транспорт кырсыгынын натыйжасында жабырлануучулардын өмүрүнө жана ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруу милдеттүүлүгүнө байланышкан автотранспорт каражаттарынын ээлеринин мүлктүк кызыкчылыктары милдеттүү камсыздандыруу объектиси болуп саналат.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн милдеттенмелер боюнча жарандык-укуктук жоопкерчиликтин пайда болушу милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу тобокелдигине кирет, буга төмөнкүлөрдүн натыйжасында жоопкерчилик жаралган учурлар кирбейт:
1) милдеттүү камсыздандыруу келишиминде көрсөтүлгөндөн башка автотранспорт каражаттарын пайдаланууда зыян келтирүүнүн;
2) моралдык зыян келтирүүнүн же алынбай калган пайданын ордун толтуруу боюнча милдеттердин келип чыгуусунун;
3) атайын бөлүнгөн жерлерде өткөрүлгөн мелдештерди, сыноолорду же болбосо машыгуу жүрүштөрүн өткөрүүнүн жүрүшүндө автотранспорт каражаттарын пайдаланганда зыян келтирүүнүн;
4) курчап турган жаратылыш чөйрөсүнүн булгануусунун;
5) кызматкерге келтирилген зыяндан келип чыккан чыгымдардын ордун толтуруу боюнча жумуш берүүчүнүн милдеттүүлүгүнүн;
6) автотранспорт каражаттарын пайдаланган адам анын камсыздандырылуучу менен түзүлгөн эмгектик мамилелеринен улам талаптарды коюшунун;
7) өзү башкарган автотранспорт каражатына жана ага чиркелген чиркегичке, аны менен ташылып бараткан жүккө, ага орнотулган жабдууга айдоочунун зыян келтирүүсүнүн;
8) автотранспорт каражатына жүктү жүктөөдө же андан жүктү түшүрүүдө зыян келтирүүнүн;
9) антиквардык жана башка уникалдуу нерселерди, тарыхый-маданий мааниси бар имараттарды жана курулмаларды, асыл металлдардан жана асыл жана жарым асыл таштардан жасалган буюмдарды, накталай акчаларды, баалуу кагаздарды, диний мүнөздөгү нерселерди, ошондой эле илимдин, адабияттын жана искусствонун чыгармаларын, интеллектуалдык менчиктин башка объекттерин зыянга учуратуунун же жок кылуунун;
10) Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларында же милдеттүү камсыздандыруу келишимдеринде каралган жоопкерчиликтин лимиттик өлчөмүнөн ашкан зыяндын ордун толтуруу бөлүгүндө автотранспорт каражаттарынын ээлеринин милдеттүүлүгүнүн;
11) атайылап жасалган аракеттер зарыл коргонуу же аргасыз зарылдык абалында жасалган учурларды кошпогондо, камсыздандырылуучунун, пайда табуучунун (жабырлануучунун) же камсыздандырылган адамдын (айдоочунун) атайылаган ниетинен улам камсыздандыруу окуясынын болушунун;
12) өз мүлкүнө жана жакын туугандарынын мүлкүнө камсыздандырылуучунун же айдоочунун өзүнүн зыян келтирүүсүнүн.
5-берене. Жарандык-укуктук жоопкерчилиги милдеттүү камсыздандырылууга жаткан жактар
1. Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланылган бардык транспорт каражаттарынын ээлерине милдеттүү камсыздандыруу боюнча милдеттүүлүк жайылтылат.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каттоодон өткөн автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилиги жана башка мамлекеттерде катталган автотранспорт каражаттары милдеттүү түрдө камсыздандырылууга жатат.
3. Автотранспорт каражатынын ээсинин жарандык-укуктук жоопкерчилиги ага таандык ар бир автотранспорт каражаты боюнча камсыздандырылууга тийиш.
4. Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдин шарттарына ылайык Кыргыз Республикасы тааныган башка мамлекетте камсыздандыруу келишимин түзгөн ээлик кылуучуларды кошпогондо, башка мамлекеттерде катталган автотранспорт каражаттарынын ээлери жана (же) айдоочулары Кыргыз Республикасына кирген учурда милдеттүү камсыздандырылууга жатат.
5. Өзүнүн кызматтык же эмгектик милдетин аткаруу шартына байланыштуу, анын ичинде автотранспорт каражаттарынын ээлери менен түзүлгөн эмгек келишиминин негизинде, же болбосо бүтүмдү жазуу жүзүндө тариздебеген автотранспорт каражатынын ээсинин эрки менен анын катышуусунда автотранспорт каражаттарын башкарган жеке жактарга жарандык-укуктук жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу боюнча милдеттүүлүк жайылтылбайт.
Караңыз:
КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2016-жылдын 21-сентябряндагы № 4-р чечими
2-глава. Милдеттүү камсыздандыруу тутумунун ишин камсыздоо
6-берене. Милдеттүү камсыздандыруу жаатындагы мамлекеттик жөнгө салуу жана көзөмөлдөө
Камсыздандыруу уюмдарынын камсыздандыруу иши Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу тартипте мамлекеттик жөнгө салууга жана көзөмөлдөөгө жатат.
7-берене. Маалыматтык өз ара аракеттенүү
Жол-транспорт кырсыгы болгондо камсыздандыруучуга, камсыздандырылуучуга, жабырлануучуга же алардын мураскорлоруна, Камсыздандыруучулардын коомдук бирикмесине, ошондой эле автоматташтырылган маалыматтык борборго ушул жол-транспорт кырсыгы жөнүндө маалыматтар берилет, ал эми жол-транспорт кырсыгынын катышуучуларына, же болбосо алардын өкүлдөрүнө камсыздандыруу окуясынын болгондугун ырастаган документтер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте берилет.
8-берене. Милдеттүү камсыздандыруу боюнча маалыматтарды Автоматташтырылган маалыматтык борборго берүү
1. Автоматташтырылган маалыматтык борбор түзүлгөн ар бир камсыздандыруу келишими жөнүндө, камсыздандыруу сый төлөмдөрүнүн көлөмү жөнүндө, камсыздандыруу окуялары жөнүндө, мүлк жана ден соолук боюнча камсыздандырып ордун толтуруунун суммалары жөнүндө, камсыздандырып ордун толтуруудан баш тартуу жөнүндө, жабырлануучунун, пайда табуучунун жөнгө салынбаган дооматтары жөнүндө, ар бир транспорт каражаты боюнча, менчик ээсинин алмашкандыгы жөнүндө, ишеним кат боюнча транспорт каражаттарын башкарууга укуктуу адамдар жөнүндө, болгон жол-транспорт кырсыктары, жол-транспорт кырсыктарына катышуучулар жана жабырлануучулар жөнүндө маалыматтар базасын камтыйт.
2. Автоматташтырылган маалыматтык борбор камсыздандыруу субъектилеринин ортосундагы милдеттүү камсыздандыруу боюнча маалыматтардын базасын түзүү, толуктоо, өзгөртүү жана алмашуу функцияларын аткарган, Камсыздандыруучулардын коомдук бирикмесинин алдындагы коммерциялык эмес уюм түрүндө түзүлөт.
3. Автоматташтырылган маалыматтык борбор анын маалыматтар базасындагы маалыматтык ресурстарды түзүүдө жана алууда камсыздандыруучулардын катышуусуна бирдей шарттарды камсыз кылууга милдеттүү.
4. Автоматташтырылган маалыматтык борбордун кызматкерлери өздөрү берген маалыматтардын ишенимдүүлүгү жана толуктугу үчүн жоопкерчилик тартууга тийиш.
5. Автоматташтырылган маалыматтык борборду түзүүнүн, иштетүүнүн жана пайдалануунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен белгиленет.
9-берене. Көз каранды эмес эксперттер
1. Жабырлануучунун өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоо боюнча карама-каршылыктар болгондо, тараптар макулдашууга жетише албаган учурда камсыздандырылуучу, жабырлануучу, пайда табуучу же болбосо камсыздандыруучу тарабынан көз каранды эмес эксперттер тартылат.
2. Автотранспорт каражаттарын тейлөө жана оңдоо, кыймылсыз мүлктү баалоо боюнча ишти жүзөгө ашырууга уруксаты бар жеке жана юридикалык жактар, мамлекеттик жана жеке менчик дарылоо мекемелери, соттук-медициналык экспертиза органдары, медициналык-санитардык эксперттик комиссиялар жана башка компетенттүү жактар өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде көз каранды эмес эксперт болуп саналат.
3. Көз каранды эмес эксперттер милдеттүү камсыздандырууга байланышкан, жабырлануучунун өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоону камсыздандырылуучуга, жабырлануучуга, пайда табуучуга же камсыздандыруучуга карата тең укуктуулук, бейтараптуулук жана калыстык принциптерине негизденүү менен 15 календардык күндүн ичинде жүргүзүүгө милдеттүү.
4. Милдеттүү камсыздандыруу менен байланышкан, жабырлануучунун, пайда табуучунун өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоону жүргүзгөн көз каранды эмес эксперт өзүнүн ишин жүргүзүү укугун ырастаган документтерге ээ болууга жана маалыматтын аныктыгы жана баалоо актысынын тууралыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчилик тартууга тийиш.
3-глава. Милдеттүү камсыздандырууну жүргүзүү тартиби
10-берене. Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин милдеттүү камсыздандыруу боюнча милдеттери
1. Автотранспорт каражаттарынын ээлери автотранспорт каражаттарын пайдаланууда жабырлануучунун өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө зыян келтирүүнүн натыйжасында пайда болушу мүмкүн болгон өзүнүн жарандык-укуктук жоопкерчилигинин тобокелдигин өз эсебинен камсыздандыруучу катары камсыздандырууга милдеттүү.
2. Автотранспорт каражатынын ээси автотранспорт каражатына ээлик кылуу укугу пайда болгондон кийин (аны менчикке сатып алса, анын ичинде автотранспорт каражатын менчиктен ажыратуу укугун берген ишеним кат алса, чарба жүргүзүү үчүн же ыкчам пайдаланып турууга же болбосо башка мыйзамдык негизде алса) 5 жумуш күндүн ичинде өзүнүн жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыз кылууга жана андан кийин ушул Мыйзамга ылайык жарандык-укуктук жоопкерчиликти туруктуу камсыздандырууга милдеттүү.
Караңыз:
КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2016-жылдын 21-сентябряндагы № 4-р чечими
11-берене. Милдеттүү камсыздандыруу келишими
1. Милдеттүү камсыздандыруу автотранспорт каражаттарынын ээлери тарабынан ушул Мыйзамга ылайык, камсыздандыруучулар менен милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
2. Милдеттүү камсыздандыруу келишими милдеттүү камсыздандыруу боюнча иш жүргүзүү укугуна лицензиясы бар камсыздандыруучу менен түзүлүшү керек.
3. Милдеттүү камсыздандыруу келишими камсыздандырылуучуга камсыздандыруучунун камсыздандыруу полисин берүү жолу менен жазуу жүзүндө түзүлөт. Камсыздандырылуучунун арызы милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүгө негиз болуп саналат.
4. Камсыздандыруу полисинин бланкы так отчеттуулуктун документи болуп саналат. Камсыздандыруу полисинин бланктарын каттоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте ишке ашырылат.
5. Милдеттүү камсыздандыруу келишими ал күчүнө кирген күндөн тартып 12 айдан ашпаган мөөнөткө түзүлөт.
Камсыздандыруу коргоосун колдонуу мезгили милдеттүү камсыздандыруу келишиминин колдонуу мөөнөтүнө дал келет.
6. Милдеттүү камсыздандыруу келишими тараптардын макулдашуусу боюнча бир жылдан аз, бирок 5 күндөн кем эмес мөөнөткө түзүлүшү мүмкүн.
7. Милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү үчүн камсыздандырылуучу төмөнкүдөй документтерди камсыздандыруучуга берет:
1) милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү жөнүндө арызды;
2) паспортту, аскердик билетти, айдоочунун күбөлүгүн (эгерде камсыздандырылуучу жеке жак болсо);
3) юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон же кайра каттоодон өтүшү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн (эгерде камсыздандырылуучу юридикалык жак болсо);
4) автотранспорт каражаттарын каттоону жүргүзгөн орган тарабынан берилген автотранспорт каражатынын катталышы жөнүндө документти (автотранспорт каражатынын катталышы жөнүндө күбөлүк, техникалык паспорт же техникалык талон, же болбосо ушул сыяктуу документтер);
5) автотранспорт каражаты башка адамга катталган учурда автотранспорт каражатына ээлик кылуу укугун ырастоочу документти (ошол автотранспорт каражатын ээликтен ажыратуу укугун берген ишеним катты);
6) автотранспорт каражатын башкарууга жол берилген адамдын айдоочулук күбөлүгүн же айдоочулук күбөлүгүнүн көчүрмөсүн (эгерде автотранспорт каражатын башкарууга айрым адамдарга гана жол берилген шартта милдеттүү камсыздандыруу келишими түзүлсө).
8. Тараптардын макулдашуусу боюнча камсыздандырылуучу ушул берененин 7-бөлүгүндө каралган милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүгө зарыл болгон документтердин нотариустук күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн берүүгө укуктуу.
9. Чет мамлекетте катталган жана Кыргыз Республикасынын аймагында убактылуу пайдаланылып жаткан автотранспорт каражатынын ээси жана (же) айдоочусу милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзгөндө ушул берененин 7-бөлүгүнүн 1, 2, 4-6-пункттарында каралган документтерди берет.
10. Милдеттүү камсыздандыруу келишими колдонулган мезгилде камсыздандырылуучу милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү жөнүндө арызда көрсөтүлгөн маалыматтардын өзгөргөндүгү жөнүндө жазуу жүзүндө 3 календардык күндүн ичинде камсыздандыруучуга билдирүүгө милдеттүү.
11. Кийинки мезгилдерге милдеттүү камсыздандыруу келишимдери түзүлүп жатканда автотранспорт каражатынын ээси камсыздандыруу жөнүндөгү маалыматтарды камсыздандыруучуга берет жана алар милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу сыйлыктарын эсептөө учурунда камсыздандыруучу тарабынан эсепке алынат.
12. Эгерде камсыздандыруучу милдеттүү камсыздандыруу келишимин камсыздандырылуучунун же жабырлануучунун жана (же) пайда табуучунун абалын ушул Мыйзамда каралганга салыштырмалуу начарлатуучу шарттарда түзсө, камсыздандыруу окуясы болгондо камсыздандыруучу камсыздандырылуучунун жана жабырлануучунун жана (же) пайда табуучунун алдында ушул Мыйзамда белгиленген шарттарда милдеттенмелерди аткарат.
13. Камсыздандыруучу камсыздандырычуучуга эки тарап тең кол койгон камсыздандыруу полисин, милдеттүү камсыздандыруунун эрежесин, алардын камсыздандырылуучуга берилгендиги жөнүндөгү күбөлүк менен кошо, камсыздандыруу полисине жазуу жолу менен берет.
14. Камсыздандыруу келишиминин (камсыздандыруу полисинин) олуттуу шарттарына төмөнкүлөр кирет:
1) камсыздандырылуучунун жана камсыздандыруучунун фамилиясы, ысымы, ата ысымы, фирмалык аталышы, дареги;
2) менчик ээсинин, автотранспорт каражатын башкара турган айдоочулардын фамилиясы, ысымы, ата ысымы, алардын ишеним каттарынын колдонулуу мөөнөтү;
3) камсыздандыруу объектиси;
4) камсыздандыруу аймагы;
5) камсыздандыруучу тарта турган тобокелдиктер;
6) камсыздандыруу келишимин (камсыздандыруу полисин) колдонуу мезгили;
7) камсыздандыруу суммасы, анын ичинде:
а) жабырлануучулардын өмүрүнө, ден соолугуна келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик лимити;
б) жабырлануучулардын мүлкүнө келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик лимити;
8) камсыздандыруу сый төлөмүнүн суммасы, ал төлөнүүчү жер жана төлөө тартиби;
9) камсыздандыруу полиси берилген күн;
10) камсыздандыруу окуясы болгондо камсыздандырылуучунун жана (же) автотранспорт каражатын башкара турган адамдардын аракеттеринин тартиби.
15. Милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү жөнүндө арызда көрсөтүлгөн же бул келишимди түзгөндө берилген маалыматтардын өзгөргөндүгү жөнүндө билдирүүнү камсыздандырылуучудан алганда камсыздандыруучу милдеттүү камсыздандыруунун камсыздандыруу полисине өзгөртүүлөрдү киргизет.
16. Түзүлүүчү милдеттүү камсыздандыруу келишиминин шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келиши керек.
12-берене. Милдеттүү камсыздандыруу эрежеси
Милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча тараптардын ушул Мыйзамда аныкталган укуктарын жана милдеттерин жүзөгө ашыруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилүүчү милдеттүү камсыздандыруу эрежелеринде белгиленет.
13-берене. Милдеттүү камсыздандыруу келишиминин колдонулушу
1. Эгерде милдеттүү камсыздандыруу келишиминин шарттарында башкача каралбаса, камсыздандырылуучу камсыздандыруу сый төлөмүн же анын биринчи салымын төлөгөн учурдан тартып милдеттүү камсыздандыруу келишими күчүнө кирет жана анын аткарылышы тараптар үчүн милдеттүү болуп калат.
2. Эгерде мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимде башкача каралбаса, милдеттүү камсыздандыруу келишиминин колдонулушу Кыргыз Республикасынын аймагы менен чектелет.
3. Камсыздандырып ордун толтуруу (камсыздандыруу суммасы) толук көлөмдө төлөнгөндө камсыздандыруучу тарабынан камсыздандыруу полиси алып коюлууга жатат. Мында автотранспорт каражатынын ээси автотранспорт каражатын андан ары пайдалануу үчүн жаңы милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүгө милдеттүү.
14-берене. Милдеттүү камсыздандыруу келишиминин колдонулушун токтотуу
1. Милдеттүү камсыздандыруу келишиминин колдонулушу төмөнкүдөй учурларда токтотулду деп эсептелет:
1) келишимди колдонуу мөөнөтү бүткөндө;
2) келишим мөөнөтүнөн мурда токтотулганда;
3) камсыздандыруучу милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу суммасынын өлчөмүндө камсыздандырып ордун толтурууну жүзөгө ашырганда;
4) автотранспорт каражатын андан ары пайдалануу мүмкүн болбогондо;
5) келишимдин шарттарына ылайык камсыздандыруу сый төлөмдөрү белгиленген мөөнөттөрдө төлөнбөгөндө;
6) камсыздандырылуучу (юридикалык жак) жоюлганда.
2. Милдеттүү камсыздандыруу келишимин мөөнөтүнөн мурда токтотуунун тартиби, шарттары жана натыйжалары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
15-берене. Камсыздандырылуучунун укуктары жана милдеттери
1. Камсыздандырылуучу төмөнкүлөргө укуктуу:
1) камсыздандыруучуну өз алдынча тандоого;
2) автотранспорт каражаттарынын ээлерин милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча өзүнүн укуктарын жана милдеттерин жана милдеттүү камсыздандыруунун шарттарын түшүндүрүп берүүнү камсыздандыруучудан талап кылууга;
3) жабырлануучунун мүлкүнө келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоо үчүн көз каранды эмес эксперттин кызматынан пайдаланууга;
4) камсыздандыруучу жана (же) көз каранды эмес эксперт жүргүзгөн келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоонун жыйынтыгы жана камсыздандырып ордун толтуруунун өлчөмүнүн эсептөөлөрү менен таанышууга;
5) милдеттүү камсыздандыруу келишимин колдонууну мөөнөтүнөн мурда токтотууга;
6) автотранспорт каражаттарын пайдаланууда камсыздандыруу тобокелдигинин өзгөрүшүнө алып келүүчү жагдайлар өзгөргөн учурда милдеттүү камсыздандыруу келишиминин шарттарын өзгөртүүнү талап кылууга;
7) камсыздандыруучунун камсыздандырып ордун толтурууну жүзөгө ашыруудан баш тартуу же анын өлчөмүн азайтуу жөнүндө чечимин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте талашууга;
8) камсыздандыруу келишими токтотулганда камсыздандыруучудан камсыздандыруунун узактыгы, камсыздандыруу окуяларынын саны жана мүнөзү жөнүндө, камсыздандырып ордун толтурууларды жүзөгө ашыруу жөнүндө жана камсыздандырып ордун толтурууну жүзөгө ашыруудан баш тартуу жөнүндө маалыматтарды алууга.
2. Камсыздандырылуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) камсыздандыруунун ушул түрү боюнча иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы бар камсыздандыруучу менен милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүгө;
2) техникалык абалын аныктоо үчүн автотранспорт каражатын жана милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү үчүн зарыл маалыматтарды камсыздандыруучуга берүүгө;
3) камсыздандыруу сый төлөмдөрүн милдеттүү камсыздандыруу келишиминде белгиленген өлчөмдө жана мөөнөттө өз убагында төлөөгө;
4) камсыздандыруунун ушул эле объектисине карата башка камсыздандыруу келишимдеринин түзүлгөндүгү жөнүндө камсыздандыруучуга билдирүүгө;
5) камсыздандыруу тобокелдигинин көбөйүшү жөнүндө камсыздандыруучуга билдирүүгө;
6) камсыздандыруу окуясынан улам келтирилген чыгымдарды азайтуу чараларын көрүүгө;
7) милдеттүү камсыздандыруу келишими түзүлгөндөн кийин тобокелдик даражасындагы өзгөрүүлөр (автотранспорт каражатынын техникалык мүнөздөмөлөрүнө тиешеси бар өзгөрүүлөр, автотранспорт каражатын башкарууга жол берилген адамдарды алмаштыруудагы өзгөрүүлөр) жөнүндө маалыматтарды камсыздандыруучуга берүүгө;
8) камсыздандыруучунун өкүлүнө камсыздандыруу окуясы болгондугунун себептерин өз алдынча изилдөө мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга;
9) жол кыймыл коопсуздугу органынын жана автотранспорт каражаттарын каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамынын талабы боюнча милдеттүү камсыздандыруу келишимин берүүгө.
Ушул пунктта каралган милдеттүүлүк камсыздандырылуучу болбогондо автотранспорт каражатын башкарган айдоочуга да жүктөлөт.
3. Камсыздандыруу окуясы болгондо камсыздандырылуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) камсыздандыруу окуясынын болгондугу жөнүндө 5 жумушчу күндөн кечиктирбестен (телефон, факс, электрондук почта аркылуу, кийин кабардын жазуу жүзүндөгү түп нускасын жөнөтүү менен) камсыздандыруучуга билдирүүгө;
2) жол-транспорт кырсыгы жөнүндө жол кыймылынын коопсуздугу органдарына жана зарыл учурда - тиешелүү компетенттүү органдарга (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, өрткө каршы күрөшүү кызматына, медициналык тез жардам кызматына жана башка авариялык кызматтарга) дароо билдирүүгө;
3) жол-транспорт кырсыгы болгондо жабырлануучуларга, пайда табуучуларга, жол кыймылынын коопсуздугу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдарына милдеттүү камсыздандыруу келишими түзүлгөн камсыздандыруучу жөнүндө маалыматтарды билдирүүгө;
4) жол-транспорт кырсыгы болгондо келип чыгуусу ыктымал болгон чыгымдарды болтурбоо же азайтуу үчүн, түзүлгөн жагдайларда алгылыктуу жана жеткиликтүү чараларды көрүүгө, анын ичинде жабырланган адамдарды куткарууга жана аларга жардам көрсөтүүгө карата чараларды көрүүгө;
5) камсыздандыруучунун талабы боюнча ушул Мыйзамдын 23-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык документтерди берүүгө;
6) жабырлануучу жана (же) пайда табуучу камсыздандырылуучуга карата доо арызын сотко бергендиги жөнүндө камсыздандыруучуга беш жумушчу күндөн кечиктирбестен билдирүүгө;
7) камсыздандыруу окуясынын болушуна жоопкер жакка карата регресстик талап укугунун камсыздандыруучуга өтүшүн камсыздоого.
4. Камсыздандырып ордун толтуруу төлөнгөн учурда камсыздандырылуучу, эгерде калдык камсыздандыруу суммасынын өлчөмүнүн 10 пайызынан азын түзсө, кошумча камсыздандыруу сыйлыгын төлөө менен камсыздандыруу суммасынын талап кылынган өлчөмүн толуктоого милдеттүү;
5. Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминен келип чыккан пикир келишпестиктер камсыздандыруучу менен жаралган учурда камсыздандырылуучу камсыздандыруу арбитрине кайрылууга милдеттүү.
6. Камсыздандырылуучунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка укуктары жана милдеттери милдеттүү камсыздандыруу келишиминде каралышы мүмкүн.
16-берене. Камсыздандыруучунун укуктары жана милдеттери
1 .Камсыздандыруучу төмөнкүлөргө укуктуу:
1) камсыздандыруу окуясынын болушун жана жабырлануучуга келтирилген зыяндын өлчөмүн ырастаган документтерди мамлекеттик органдардан жана уюмдардан, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан алардын компетенциясына жараша сурап алууга;
2) жабырлануучунун мүлкүнө келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоо жана камсыздандыруу окуясы болгондо төлөнүүчү камсыздандырып ордун толтуруунун өлчөмүн аныктоо үчүн көз каранды эмес эксперттин кызматынан пайдаланууга;
3) ушул Мыйзамдын 26-беренесинде каралган учурларда зыян келтирүүгө жоопкер жакка регресстик талап укугун билдирүүгө;
4) ушул Мыйзамдын 27-беренесинде каралган негиздер боюнча камсыздандырып ордун толтурууну толук же бир аздап жүзөгө ашыруудан баш тартууга;
5) жабырлануучулар, пайда табуучулар койгон доо талаптарга карата соттогу ишти камсыздандырылуучунун атынан жүргүзүүнү камсыздандырылуучунун тапшырмасы боюнча өзүнө алууга. Бирок камсыздандыруучунун бул аракеттери аларды камсыздандырып ордун толтурууну төлөөнү жүзөгө ашыруу боюнча өз милдети деп таануусу катары бааланбайт;
6) камсыздандырылуучудан жана (же) жол кыймылынын коопсуздугу органынын кызмат адамынан кабардама алганда жол-транспорт кырсыгы болгон жерге барууга жана камсыздандыруу окуясы жөнүндө акт түзүүгө.
2. Камсыздандыруучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) автотранспорт каражатынын техникалык абалын текшерүүгө жана камсыздандырылуучу менен милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүгө;
2) камсыздандырылуучуну милдеттүү камсыздандыруунун шарттары менен тааныштырууга, анын милдеттүү камсыздандыруу келишиминен келип чыккан укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүүгө;
3) милдеттүү камсыздандыруу келишими түзүлгөндө камсыздандырылуучуга камсыздандыруу полисин берүүгө;
4) жол-транспорт кырсыгы жөнүндө билдирүүнү алганда бул фактыны дароо жазып тастыктоого;
5) кабардаманы алган күндөн тартып 15 жумушчу күндүн ичинде, мүлккө келтирилген зыяндын эсептик өлчөмүн көрсөтүү менен, зыянга учураган же жок кылынган мүлккө баалоо жүргүзүүгө жана аны жабырлануучуга жана (же) пайда табуучуга тааныштыруу үчүн баалоо актысын берүүгө;
6) окуяны камсыздандыруу окуясы деп тааныганда ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө камсыздандырып ордун толтурууну жүргүзүүгө;
7) түзүлгөн милдеттүү камсыздандыруу келишимдеринин саны, камсыздандыруу окуяларынын саны жана мүнөзү жөнүндө, камсыздандырып ордун толтурууну жүзөгө ашыруу, камсыздандырып ордун толтуруу боюнча баш тартуулар жөнүндө, жабырлануучулардын, пайда табуучулардын маалымат берүү жана камсыздандыруу отчетторун алуу келишиминде каралган тартипте, мөөнөттөрүндө жана көлөмүндө каралып жаткан жана жөнгө салынбаган талаптары тууралуу маалыматтарды Автоматташтырылган маалыматтык тутумга берүүгө;
8) камсыздандыруунун жашыруундуулугун камсыз кылууга;
9) камсыздандырылуучунун талабы боюнча ага жазуу жүзүндөгү төмөнкүдөй маалыматтарды: милдеттүү камсыздандыруу келишими жөнүндө, жүзөгө ашырылган камсыздандырып ордун толтуруулар жөнүндө, камсыздандыруу келишими колдонулган мезгилдеги камсыздандырып ордун толтуруулар жөнүндө жабырлануучулардан, пайда табуучулардан түшкөн арыздар жана жабырлануучулардын жөнгө салынбаган талаптары жөнүндө маалыматтарды акысыз берүүгө.
3. Камсыздандыруучунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка укуктары жана милдеттери милдеттүү камсыздандыруу келишиминде каралышы мүмкүн.
17-берене. Жабырлануучунун, пайда табуучунун укуктары
Жабырлануучу жана (же) пайда табуучу төмөнкүлөргө укуктуу:
1) жол-транспорт кырсыгынын натыйжасында келип чыккан камсыздандыруу окуясынын башталгандыгы, мында камсыздандырылуучуга зыян келтирилгендиги тууралуу камсыздандыруучуга, Камсыздандыруучулардын коомдук бирикмесине билдирүүгө;
2) камсыздандырып ордун толтурууну жүзөгө ашыруу үчүн зарыл документтерди камсыздандырылуучунун ордуна камсыздандыруучу үчүн топтоону жүргүзүүгө;
3) мүлккө келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоо үчүн көз каранды эмес эксперттердин кызматын пайдаланууга;
4) зыяндын өлчөмүн баалоонун жана камсыздандырып ордун толтуруунун өлчөмүн эсептөөнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды камсыздандыруучудан алууга;
5) ушул Мыйзамдын шарттарына ылайык камсыздандырып ордун толтурууну алууга;
6) камсыздандырып ордун толтурууну жүзөгө ашыруудан баш тартуу же анын өлчөмүн азайтуу жөнүндө камсыздандыруучунун чечимин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте талашууга;
7) кепилдик төлөмдөрдү алуу үчүн Камсыздандыруучулардын коомдук бирикмесине кайрылууга;
8) камсыздандырып ордун толтуруу жөнүндө талап коюлгандан кийин жана талап коюу учурунда жабырлануучу билбеген, өмүргө же ден соолукка келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн зыян келтирген жактын жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандырган камсыздандыруучуга кайрылууга;
9) алынган камсыздандырып ордун толтуруунун суммасынан ашкан сумманын өлчөмүндө келтирилген зыяндарды төлөп берүү жөнүндө талапты автотранспорт каражатынын ээсине коюуга.
18-берене. Тикелей жөнгө салуу
1. Камсыздандыруу окуясы болгон учурда жабырлануучу жана (же) пайда табуучу камсыздандыруу төлөмүн алуу үчүн, күнөөсүнөн улам камсыздандыруу окуясы болгон адамда камсыздандыруу полиси бар болгон шартта, жабырлануучу менен милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзгөн тикелей камсыздандыруучуга кайрылууга укуктуу.
2. Жабырлануучуга жана (же) пайда табуучуга камсыздандыруу төлөмдөрүн берүүнү камсыздандыруучу ушул Мыйзамдын 23-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган бардык документтерди алган күндөн тартып 30 күндүн ичинде жүзөгө ашырат.
3. Камсыздандыруу төлөмдөрүн жүзөгө ашырган камсыздандыруучу өзүнүн чыгымдарынын ордун толтуруу үчүн, күнөөсүнөн улам камсыздандыруу окуясы болгон адамды камсыздандырган камсыздандыруучуга кайрылат.
4. Тикелей жөнгө салуу төмөнкүдөй шарттар сакталганда жүзөгө ашырылат:
1) жабырлануучуда жана күнөөсүнөн улам камсыздандыруу окуясы болгон адамда камсыздандыруу полиси болсо;
2) жол-транспорт кырсыгы Кыргыз Республикасынын аймагында болсо, анын натыйжасында мүлккө гана зыян келтирилсе;
3) автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу укугуна лицензиясы бар, Кыргыз Республикасында катталган камсыздандыруу уюмдарында автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилиги камсыздандырылса.
5. Тикелей жөнгө салуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
4-глава. Камсыздандыруу окуясын, келтирилген зыяндын жана камсыздандырып ордун толтуруунун өлчөмдөрүн аныктоо
19-берене. Камсыздандыруу окуясын жана келтирилген зыяндын өлчөмдөрүн аныктоо
1. Милдеттүү камсыздандыруу келишиминде көрсөтүлгөн автотранспорт каражаттарын пайдаланууда болгон жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен жабырлануучунун (үчүнчү жактардын) өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча камсыздандырылуучунун жарандык-укуктук жоопкерчилигинин пайда болуу фактысы камсыздандыруу окуясы деп таанылат.
2. Мүлкүнө зыян келтирилгенде жабырлануучу жана (же) пайда табуучу зыянга учураган мүлктү зыян келтирүүнүн жагдайын тактоо жана орду толтурулууга тийиш болгон зыяндын өлчөмүн аныктоо максатында карап чыгуу үчүн камсыздандыруучуга берүүгө милдеттүү.
Камсыздандыруучу, эгерде камсыздандыруучу жабырлануучу жана (же) пайда табуучу менен башка мөөнөттү макулдашпаса, жабырлануучу жана (же) пайда табуучу тиешелүү кайрылууну жасаган күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде зыянга учураган мүлктү карап чыгууга жана (же) ага карата көз каранды эмес экспертизаны (баалоону) уюштурууга милдеттүү.
Жетүүгө кыйын, алыскы же аз калктуу жерлерде карап чыгууну жана (же) экспертизаны (баалоону) жүргүзүүнүн аймактык өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу менен, милдеттүү камсыздандыруу келишиминде башка мөөнөттөр каралышы мүмкүн, бул мөөнөттүн ичинде камсыздандыруучу зыянга учураган мүлктү карап чыгуу жана (же) ага карата көз каранды эмес экспертизаны (баалоону) уюштуруу үчүн келүүгө милдеттүү.
3. Эгерде жабырлануучу же пайда табуучу карап чыгууга берген зыянга учураган мүлктү карап чыгуу камсыздандыруу окуясынын болушун жана милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча орду толтурулууга тийиш болгон зыяндын өлчөмүн анык тастыктоого мүмкүндүк бербесе, камсыздандыруучу көз каранды эмес экспертизаны (баалоону) жүргүзүүнү уюштурууга укуктуу.
Эгерде зыянга учураган мүлккө карата камсыздандыруучу жүргүзгөн карап чыгуунун натыйжасы боюнча жабырлануучу же пайда табуучу менен камсыздандырып ордун толтуруунун өлчөмү жөнүндө камсыздандыруучу макулдукка жетишсе жана алар зыянга учураган мүлккө көз каранды эмес экспертизаны уюштуруу талабын койбосо, мындай экспертиза жүргүзүлбөшү мүмкүн.
Эгерде камсыздандыруучу ушул берененин 2-пунктунда белгиленген мөөнөттө зыянга учураган мүлктү карап чыкпаса жана (же) ага карата көз каранды эмес экспертизаны (баалоону) уюштурбаса, жабырлануучу же пайда табуучу зыянга учураган мүлктү карап чыгуу үчүн камсыздандыруучуга бербестен, мындай экспертизага (баалоого) өз алдынча кайрылууга укуктуу.
Көз каранды эмес экспертизанын (баалоонун) наркы бул экспертизаны (баалоону) уюштурган тараптын эсебинен төлөнөт. Зыяндын камсыздандырып ордун толтурууну жүргүзүүгө негиз болгон көз каранды эмес экспертизанын наркы милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруучу тарабынан орду толтурулууга жатат.
4. Жабырлануучунун мүлкүнө келтирилген зыяндын өлчөмү төмөнкүдөй аныкталат:
1) жабырлануучунун мүлкү толук кыйраган учурда - камсыздандыруу окуясы болгон күнгө карата мүлктүн анык (рыноктук) наркынын өлчөмүндө, бирок милдеттүү камсыздандыруу келишиминде белгиленген, жабырлануучунун мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүү боюнча жоопкерчилик лимитинин өлчөмүнөн ашпаган өлчөмдө. Зыянга учураган мүлктү оңдоо мүмкүн эмес болгон же болбосо оңдоонун наркы зыянга учураган мүлктүн камсыздандыруу окуясы болгон күнгө карата колдонуудагы рыноктук наркынын 80 пайызынан ашкан учурлар мүлктүн толук кыйрашы деп түшүнүлөт;
2) жабырлануучунун мүлкү зыянга учураган учурда - камсыздандыруу окуясы болгон учурга чейин мүлк кандай абалда болсо, аны ошондой абалга келтирүү үчүн сарпталуучу чыгымдардын өлчөмүндө, бирок милдеттүү камсыздандыруу келишиминде белгиленген, жабырлануучунун мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүү боюнча жоопкерчилик лимитинин өлчөмүнөн ашпаган өлчөмдө.
5. Эгерде зыянга учураган мүлккө келтирилген зыяндардын мүнөзү же бул мүлктүн өзгөчөлүктөрү аны камсыздандыруучунун карап чыгуусуна берүүгө жана камсыздандыруучу жана (же) эксперт жайгашкан жерде көз каранды эмес экспертизаны (баалоону) уюштурууга мүмкүндүк бербесе (мисалы, автотранспорттун жол кыймылына катышуусун жокко чыгаруучу зыян келтирилсе), көрсөтүлгөн карап чыгуу жана көз каранды эмес экспертиза (баалоо) зыянга учураган мүлк турган жерде өткөрүлөт.
6. Жабырлануучу тарабынан товарларды берүүнүн же жумуштарды жүргүзүүнүн (кызматтарды көрсөтүүнүн) мөөнөтүнүн жана контракттар (келишимдер) боюнча анын башка милдеттенмелеринин бузулгандыгына байланыштуу үстөк төлөмдүн суммасы камсыздандырып ордун толтуруунун өлчөмүнө киргизилбейт.
7. Камсыздандыруу полисинде көрсөтүлгөн, бузулган транспорт каражаты үчүн камсыздандыруу төлөмдөрү жүргүзүлбөйт.
8. Жабырлануучунун өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыяндын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык тиешелүү медициналык мекемелер берген документтердин негизинде, бирок милдеттүү камсыздандыруу келишиминде белгиленген, жабырлануучунун өмүрүнө, ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүү боюнча жоопкерчилик лимитинен ашпаган өлчөмдө аныкталат.
9. Камсыздандырылуучунун, автотранспорт каражаттарынын ээлеринин же автотранспорт каражаттарын башкарууга жол берилген адамдардын камсыздандыруу окуясынын болушуна багытталган атайы аракеттери, ошондой эле камсыздандырып ордун толтурууну мыйзамсыз алууга багытталган башка алдамчылык аракеттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келет.
20-берене. Жол-транспорт кырсыгы болгондо өмүрүнө, ден соолугуна зыян келтирилген жабырлануучу болбогондо жактардын аракеттери
Жол-транспорт кырсыгында өмүрүнө, ден соолугуна зыян келтирилген жабырлануучу болбогон учурда бул кырсыкка катышуучулар болгон окуя жөнүндө камсыздандыруучуларга кабарлашы керек.
Тиешелүү маалыматтар бар болгондо камсыздандыруучулар жол-транспорт кырсыгы болгон жерге өздөрүнүн өкүлдөрүн жиберүүгө укуктуу.
21-берене. Камсыздандыруу суммасынын минималдуу өлчөмдөрү жана жоопкерчилик лимиттери
1. Жабырлануучунун өмүрүнө, ден-соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча камсыздандыруу суммаларынын минималдык өлчөмдөрү, жоопкерчилик лимиттери, ошондой эле милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу сый төлөмдөрүнүн минималдык тарифтери камсыздандыруудагы актуардык коэффициенттердин негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
Диагностикалык карта актуардык коэффициентти эсептөө үчүн колдонулушу мүмкүн.
2. Камсыздандыруучунун жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликтин белгиленген лимиттеринен ашууга тийиш эмес.
22-берене. Камсыздандырып ордун толтуруу төлөмдөрүн алууга укугу бар жактар
1. Милдеттүү камсыздандыруу автотранспорт каражаттарын пайдаланууда болгон жол-транспорт кырсыгынын натыйжасында жабырлануучулардын өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтурууну камсыз кылат.
2. Жол-транспорт кырсыгынын болушуна күнөөлүү деп белгиленген тартипте табылган автотранспорт каражатынын ээсин жана айдоочусун кошпогондо, автотранспорт каражатын пайдаланууда жол-транспорт кырсыгынын натыйжасында өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө зыян келтирилген ар бир жак, анын ичинде өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө зыян келтирилген, автотранспорт каражатында отурган бардык жүргүнчүлөр, ошондой эле алардын мураскорлору, мыйзамдуу укук улантуучулары камсыздандырып ордун толтурууну алуу укугуна ээ.
3. Милдеттүү камсыздандыруу автотранспорт каражатына бекитилген же болбосо автотранспорт каражатынан түшүп калган кандайдыр бир нерселер жабырлануучуларга келтирген зыянды же залалды компенсациялоону да камсыз кылат.
23-берене. Камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берүүнүн шарттары
1. Камсыздандыруучуга камсыздандырып ордун толтуруу жөнүндө талап камсыздандырылуучу же пайда табуучу тарабынан жазуу жүзүндө, камсыздандырып ордун толтурууну жүзөгө ашыруу үчүн керектүү документтерди тиркөө менен берилет.
2. Камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берүү жөнүндө арызга төмөнкүдөй документтер тиркелет:
1) милдеттүү түрдө берилүүчү документтер:
а) камсыздандыруу полиси (анын жупнускасы);
б) жол-транспорт кырсыгынын схемасынын белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
в) жол-транспорт кырсыгы жөнүндө маалымкаттын белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
г) алкоголдук, баңги заттык жана уулуу заттык мас болуу абалын күбөлөндүргөн протоколдун белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
д) пайда табуучунун паспортунун көчүрмөсү (жеке жак үчүн) же юридикалык жактын өкүлүнө берилген ишеним каттын түп нускасы;
е) автотранспорт каражатын башкарган адамдын айдоочулук күбөлүгүнүн көчүрмөсү жана ошол автотранспортту башкаруу укугун ырастаган документтин көчүрмөсү;
2) жабырлануучунун өмүрүнө, ден соолугуна зыян келтирилген учурда ушул бөлүктүн 1-пунктунда саналган документтерге кошумча түрдө төмөнкүлөр берилет:
а) жабырлануучунун эмгекке жарамдуулугун убактылуу жоготушунун мүнөзү жөнүндө мамлекеттик медициналык мекеменин маалымкаты же жабырлануучунун майыптыгын аныктаган атайын мамлекеттик мекеменин маалымкаты - жардамдын кошумча түрлөрүнө муктаж экендиги белгиленген учурда;
б) эгерде жабырлануучунун медициналык жардам түрлөрүн алууга муктаж экендиги жана аларды акысыз алууга укугу жок экендиги аныкталса, ал тарткан медициналык чыгымдарды (стационардык дарылоого кошо төлөөгө чыгымдар, дары-дармектерди сатып алууга, кошумча тамактанууга, протездөөгө чыгымдарды) ырастоочу документтер - эсеп-фактура, төлөөгө эсептер, чектер (кассалык, товардык), коштомо документтер, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарына ылайык таризделген башка документтер;
в) камсыздандыруу окуясынын болушунун натыйжасында эмгекке жарамдуулугун жоготкондугунан улам жабырлануучу албай калган эмгек акыны (кирешени) же эмгек акынын бөлүгүн (кирешени) ырастаган документ;
г) жабырлануучу каза болгон учурда - жабырлануучунун каза болгондугу жөнүндө күбөлүктүн нотариустук ырасталган көчүрмөсү, ошондой эле пайда табуучунун мураска укугу жөнүндө документтин нотариустук ырасталган көчүрмөсү;
3) жабырлануучунун мүлкүнө зыян келтирилген учурда - мүлктү оңдоого (калыбына келтирүүгө) жумшалган чыгымдарды ырастаган документтер (эсеп-фактуралар, төлөнгөн эсептер, чектер (кассалык, товардык), коштомо документтер жана башка документтер), Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарына ылайык таризделген башка документтер. Келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоо документтери кошумча түрдө берилет.
3. Камсыздандыруучунун камсыздандырылуучудан, жабырлануучудан же болбосо пайда табуучудан кошумча документтерди талап кылышына жол берилбейт.
4. Арыз берүүчүдөн документтерди кабыл алганда камсыздандыруучу аларды алгандыгын ырасташы керек.
5. Камсыздандырып ордун толтурууну жүзөгө ашырууда камсыздандыруучу пайда табуучунун камсыздандыруучуга талап коюу укугун чектөө шарттарын кабыл алуусун талап кылууга укуксуз.
24-берене. Камсыздандырып ордун толтурууну жүзөгө ашыруунун тартиби
1. Камсыздандыруучу камсыздандырылуучунун же пайда табуучунун камсыздандырып ордун толтуруу жөнүндө арызын, ага тиркелген, милдеттүү камсыздандыруу эрежелеринде жана ушул Мыйзамдын 23-беренесинде каралган документтерди аларды алган күндөн тартып 30 күндүн ичинде карайт. Камсыздандыруучу көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде жабырлануучуга же пайда табуучуга камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берүүгө же болбосо мындай төлөп берүүдөн баш тартылгандыгы жөнүндө жүйөлөнгөн катты ага жөнөтүүгө милдеттүү.
2. Зыяндын ордун толтуруу төмөнкүдөй кезекте жүзөгө ашырылат:
1) өмүргө жана ден соолукка келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча төлөмдөр;
2) мүлккө келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча төлөмдөр.
3. Камсыздандырып ордун толтуруунун өлчөмүн пайда табуучу талашкан учурларда, камсыздандыруучу камсыздандырып ордун толтуруунун талашкан жактардын бири да ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттүн ичинде талашпаган бөлүгүн төлөп берүүгө милдеттүү.
Камсыздандырып ордун толтуруунун талашка түшкөн бөлүгү камсыздандыруучу менен жабырлануучунун, пайда табуучунун ортосундагы сүйлөшүүлөр жолу менен макулдашылат. Өз ара макулдашууга жетишилбеген учурда, талаптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган сот тартибинде чечилет.
4. Эгерде камсыздандыруу окуясынын болушуна алып келген окуянын натыйжасында жабырлануучунун ден соолугу начарласа (I, II, III топтогу майыптык чектелип берилсе) же ал каза болсо, жабырлануучудан, пайда табуучудан келип түшкөн арыздын жана тиешелүү документтердин негизинде камсыздандыруучу кошумча камсыздандырып ордун толтурууну жүзөгө ашырууга милдеттүү, мында төлөмдөрдүн жалпы суммасы жабырлануучунун өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча жоопкерчиликтин лимитинен ашпоого тийиш.
Камсыздандырып ордун толтуруу ушул беренеде жана ушул Мыйзамдын 23-беренесинде белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө жүргүзүлөт.
25-берене. Бир нече жакка зыян келтирилгенде камсыздандырып ордун толтуруу
1. Өлчөмү милдеттүү камсыздандыруу келишиминде каралган жоопкерчилик лимитинен ашкан бир камсыздандыруу окуясынын натыйжасында зыян келтирилген бир нече жабыр тартуучу жана (же) пайда табуучу талаптар менен кайрылганда камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берүү бул суммадан жабырлануучулар жана (же) пайда табуучулар койгон талаптардын суммасына карата пропорционалдуу түрдө жүргүзүлүүгө тийиш.
2. Ушул Мыйзамда жана милдеттүү камсыздандыруу Эрежелеринде каралган учурларда камсыздандыруучу камсыздандырып ордун толтурууну жүргүзүү милдетинен бошотулат.
26-берене. Камсыздандырылуучунун зыяндын ордун толтуртууга укугунун камсыздандыруучуга өтүшү
1. Өздөрүнүн жарандык жоопкерчиликтерин ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жабырлануучунун пайдасына камсыздандырган жеке же юридикалык жак, келтирилген зыяндын ордун толук толтуруу үчүн камсыздандыруу суммалары жетишсиз болуп калганда милдеттүү камсыздандыруу келишиминде каралган жоопкерчилик лимитинин жана зыяндын иш жүзүндөгү өлчөмүнүн ортосундагы айырманы төлөп берет.
2. Камсыздандыруунун натыйжасында орду толтурулган чыгымдар үчүн жоопкерчиликтүү жакка карата камсыздандырылуучунун талап кылуу укугу камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берген камсыздандыруучуга, төлөнгөн сумманын чегинде өтөт. Бир нече жактар биргелешип келтирген зыянды төлөп берген камсыздандыруучу зыян келтиргендердин ар биринен жабырлануучуга же пайда табуучуга төлөнүп берилген камсыздандырып ордун толтуруунун үлүшүн зыян келтиргендин күнөөсүнүн даражасына ылайык өлчөмдө талап кылууга укуктуу. Күнөөнүн даражасын аныктоо мүмкүн болбогондо үлүштөр бирдей деп таанылат.
3. Эгерде көрсөтүлгөн адам мас (алкоголдук, баңгизаттык, уулуу заттык) абалында транспорт каражатын башкарганда зыян келтирсе, камсыздандыруучу зыян келтирген жакка, анын ичинде камсыздандырылуучуга карата камсыздандыруучу төлөп берген камсыздандырып ордун толтуруунун өлчөмүндө регресстик талапты коюуга укуктуу.
4. Камсыздандыруучуга өткөн талап кылуу укугу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген, камсыздандырылуучунун (пайда табуучунун) жана келтирилген чыгымга жоопкер жактын ортосундагы мамилени жөнгө салган эрежелерди сактоо аркылуу жүзөгө ашырылат.
5. Камсыздандырылуучу (пайда табуучу) камсыздандыруучуга бардык документтерди жана далилдерди берүүгө жана камсыздандыруучуга өткөн талап кылуу укугун жүзөгө ашыруу үчүн зарыл бардык маалыматтарды ага билдирүүгө милдеттүү.
6. Эгерде камсыздандырылуучу (пайда табуучу) камсыздандыруучу төлөп берген чыгымдар үчүн жоопкер жакка карата өзүнүн талап коюу укугунан баш тартса же камсыздандырылуучунун (пайда табуучунун) күнөөсү боюнча ошол укукту иш жүзүнө ашыруу мүмкүн болбой калса, камсыздандыруучу камсыздандырып ордун толтурууну толук же тийиштүү бөлүгүндө төлөп берүүдөн бошотулат жана ордун толтуруунун ашыкча төлөнгөн суммасын кайтарып берүүнү талап кылууга укуктуу.
27-берене. Камсыздандыруучуну камсыздандырып ордун толтурууну жүзөгө ашыруудан бошотуунун негиздери
1. Эгерде зыянга учураган мүлктү ушул берененин талаптарына ылайык карап чыгууну жана (же) ага карата көз каранды эмес экспертизаны (баалоону) жүргүзгөнгө чейин, зыянга учураган мүлктү оңдоо же анын калдыктарын жоготуу камсыздандыруу окуясынын болгондугун жана милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча төлөнүп берилүүгө тийиш чыгымдардын өлчөмүн далилдүү аныктоого мүмкүндүк бербесе, камсыздандыруучу жабырлануучуга же пайда табуучуга камсыздандырып ордун толтурууну же анын бөлүгүн төлөп берүүдөн баш тартууга укуктуу.
2. Камсыздандыруучу ушул Мыйзамдын 4-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган учурларда камсыздандырып ордун толтурууну төлөөдөн баш тартат.
Кепилдик төлөмдөр кепилдик төлөмдөр фондунун каражаттарынан төлөнөт, мындай каражаттар милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча, жоопкерчиликтин белгиленген чектеринде, жол-транспорт кырсыгы болгондо жана адам жол-транспорт кырсыгы болгон жерден качып кеткенде жана табылбаганда, ошондой эле камсыздандыруучу мажбурланып жоюлганда төлөнүүгө жатат.
Кепилдик төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу жөнүндө чечим Камсыздандыруучулардын коомдук бирикмеси тарабынан, кепилдик төлөмдү жүзөгө ашырууга кызыкдар жактар бардык зарыл документтерди бергенден кийин кабыл алынат.
Төлөмдөрдү жүзөгө ашыруунун жана каражаттарды чыгымдоонун тартиби, ошондой эле кепилдик төлөмдөр фондуна чегерүүлөрдүн суммасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу ыйгарым укуктук мамлекеттик органдын макулдугу менен, Камсыздандыруучулардын коомдук бирикмеси тарабынан аныкталат.
29-берене. Талаш-тартыштарды кароонун тартиби
1. Милдеттүү камсыздандыруу келишиминен келип чыккан талаш-тартыштар алардын тараптарынын кайрылуусу боюнча, камсыздандыруу арбитри тарабынан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу тартипте каралат.
2. Камсыздандыруу арбитринин чечимине талаш-тартыштын тараптары макул болбогон учурда талаш-тартыш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каралат.
30-берене. Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин милдеттүү камсыздандыруу боюнча милдетти аткаруусун контролдоо
1. Өзүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча ушул Мыйзамда белгиленген милдетти аткарбаган ээлик кылуучулардын автотранспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга тыюу салынат.
1-1. Ушул Мыйзамда каралган өзүнүн жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандыруу боюнча милдеттерин аткарбаган автотранспорт каражаттарынын ээлери жана (же) айдоочулары Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартылат.
2. Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү боюнча милдетти аткаруусун контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте жүзөгө ашырылат.
(КР 2022-жылдын 4-июлундагы N 56 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Караңыз:
КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2016-жылдын 21-сентябряндагы № 4-р чечими
31-берене. Милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
1. Ушул Мыйзамды бузган, ошондой эле камсыздандыруу окуясын атайылап жасоого жана камсыздандырып ордун толтурууну мыйзамсыз алууга багытталган укукка каршы башка аракеттерди жасаган күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартат.
2. Милдеттүү камсыздандыруу боюнча милдетти аткарбаганы үчүн жоопкерчилик төмөнкүдөй белгиленет:
1) башка мамлекеттерде катталган автотранспорт каражаттарынын ээлери жана (же) айдоочулары үчүн - 2020-жылдын 1-апрелинен тартып;
2) юридикалык жактардын, анын ичинде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын менчигинде же алардын ээлигинде турган автотранспорт каражаттары үчүн - 2021-жылдын 1-январынан тартып;
3) уруксат берилген жалпы максималдык массасы 12 тоннадан ашык жүк ташуучу автотранспорт каражаттарынын ээлери үчүн - 2021-жылдын 1-январынан тартып;
4) уруксат берилген жалпы максималдык массасы 12 тоннадан аз жүк ташуучу автотранспорт каражаттарынын ээлери үчүн - 2021-жылдын 1-январынан тартып;
5) жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн пайдаланылган автотранспорт каражаттарынын ээлери үчүн - 2021-жылдын 1-январынан тартып;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катталган автотранспорт каражаттарынын ээлери жана (же) айдоочулары үчүн - 2022-жылдын 1-январынан тартып.
(КР 2020-жылдын 13-мартындагы № 27, 2020-жылдын 14-августундагы № 127 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Караңыз:
КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2016-жылдын 21-сентябряндагы № 4-р чечими
32-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү тартиби
1. Ушул Мыйзам 2019-жылдын 7-февралынан тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 7-августунда № 72-73 (2543-2544) жарыяланды
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) ушул Мыйзамды иш жүзүнө ашыруу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды 6 айлык мөөнөттө иштеп чыксын;
2) өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
(КР 2016-жылдын 2-августундагы № 161 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |