Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\d014260c-65a4-4362-955a-fa38d9333dd3\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2015-жылдын 3-августу № 213

"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене.

"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 8, 323-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-беренеде:

кырк экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"окуу-тарбиялык комплекс/автордук окуу-тарбиялык комплекс/мектеп-комплекс - окутуунун, окуучуларды ар тараптуу маданий-эстетикалык жана дене тарбиялык жактан тарбиялоонун жаңычыл/автордук программасын ишке ашыруу үчүн жалпы билим берүүчү мектеп менен башка кызыкдар билим берүүчү уюмдарды жана мекемелерди (мектепке чейинки билим берүү уюмдарын, жогорку окуу жайларын, музыкалык, спорттук жана башка уюмдарды жана мекемелерди) өзүнө бириктирген көп тармактуу окуу жайы;";

кырк төртүнчү жана кырк бешинчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"мектеп-гимназия - башталгыч жалпы жана окуучулардын шыгына жана жөндөмдүүлүгүнө жараша гуманитардык тармактар боюнча негизги жалпы жана орто жалпы билим берүүчү жалпы билим берүү окуу программаларын ишке ашыруучу окуу жайы;

мектеп-лицей - башталгыч жалпы жана окуучулардын шыгына жана жөндөмдүүлүгүнө жараша табигый-илимий, физика-математикалык тармактар боюнча негизги жалпы жана орто жалпы билим берүүчү жалпы билим берүү окуу программаларын ишке ашыруучу окуу жайы;".

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

А.Ш. Атамбаев