Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\47a91665-2187-43f7-a621-ede08a7eae8a\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2015-жылдын 31-декабры № 233

Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө

(КР 2016-жылдын 22-декабрындагы № 214 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

1-берене.

1. Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети кирешелер боюнча 124 847 825,5 миң сом суммасында жана чыгашалар боюнча 146 871 674,1 миң сом суммасында 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгынын чектик өлчөмү 22 023 848,6 миң сом суммасында 2-тиркемеге ылайык белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгынын чектик өлчөмүн жабууга тышкы жана ички каржылоо булактарынан 22 023 848,6 миң сом суммасында каражат 2-тиркемеге ылайык жумшалсын.

(КР 2016-жылдын 22-декабрындагы № 214 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2-берене.

1. Кыргыз Республикасынын 2016-2018-жылдарга консолидацияланган бюджетинин болжолу 1-тиркемеге ылайык жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын 2017-2018-жылдарга республикалык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын:

1) 2017-жылга кирешелер боюнча болжол – 126 828 552,6 миң сом суммасында, 2018-жылга – 129 769 117,0 миң сом суммасында;

2) 2017-жылга чыгашалар боюнча болжол – 150 150 490,9 миң сом суммасында, 2018-жылга – 152 113 978,5 миң сом суммасында;

3) Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгынын болжолу – 23 321 938,3 миң сом суммасында, 2018-жылга – 22 344 861,5 миң сом суммасында.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2017-2018-жылдарга жактырылган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин болжолдуу көрсөткүчтөрүн аларды ар бир дайындуу мезгилге кабыл алууда тактоо жүргүзүүгө укуктуу.

(КР 2016-жылдын 22-декабрындагы № 214 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

3-берене.

Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджетинин киреше бөлүгү жана 2017-2018-жылдарга болжолу 3 жана 3-1-тиркемелерге ылайык булактар боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлсүн.

4-берене.

Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджетинин жана 2017-2018-жылдарга болжолунун чыгашаларын каржылоого каражаттар 4, 5 жана 5-1-тиркемелерге ылайык белгиленсин.

5-берене.

1. 2016-2018-жылдарга Мамлекеттик инвестициялар программасы боюнча чыгашалар 7-тиркемеге ылайык белгиленсин.

2. 2016-жылы капиталдык салымдарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 8 734 076,9 миң сом суммасында бекитилсин жана алардын артыкчылыгын эске алуу менен алар 2016-жылга жана мурунку жылдарга түзүлгөн тизмекте бекитилген курулуш объекттерин бүткөрүүгө багытталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин мамлекеттик ипотекалык сертификаттарына ылайык табигый кырсыктардан жабыр тарткандарга берилүүчү бюджеттик каражаттарды төлөөгө 500000,0 миң сом багытталсын.

4. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 2016-жылы – 360 427,2 миң сом суммасында, 2017-жылы – 500 000,0 миң сом, 2018-жылы 600 000,0 миң сом суммасында бекитилсин. Республикалык бюджеттен дотацияларды алуучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоонун артыкчылыгы белгиленсин.

(КР 2016-жылдын 22-декабрындагы № 214 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

6-берене.

1. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр, дары-дармектер, тамактануу, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөкпулдар, социалдык жөлөкпулдар, стипендиялар жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна чегерүүлөр), ошондой эле мамлекеттик карыз милдеттенмелер боюнча жүргүзүлсүн.

2. Бюджеттик мекемелерде бош орундардын түзүлүшү жана алардын штаттык санынын өзгөрүшүнө алып келген ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышы менен байланыштуу корголгон беренелерге каралган суммаларды азайтууга жол берилет.

3. Ушул Мыйзамга ылайык өздүк чыгашалардын корголгон беренелерин толук каржылоону камсыз кылуу үчүн министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилерине жоопкерчилик жүктөлсүн.

4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2016-2018-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоону биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча жүзөгө ашыруу сунушталсын.

7-берене.

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөргө укуктуу:

2) эгерде бул Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин киреше бөлүгүн азайтууга алып келбесе, ушул Мыйзамдын 1-беренесинде бекитилген суммалардын чектеринде, ушул Мыйзамдын тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;

3) тийиштүү органдар тарабынан кабыл алынуучу ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле түзүмдүк өзгөртүүлөрдөн, өндүрүштүн көлөмдөрүнүн (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн), баалардын деңгээлинин өзгөрүүлөрүнөн келип чыккан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттери менен республикалык бюджеттин өз ара эсептерине тактоолорду киргизүүгө.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна жана тескемелерине ылайык, зарыл болгондо өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашуу боюнча ушул Мыйзамга карата тиешелүү түзөтүүлөр киргизүү жөнүндө Мыйзам кабыл алынганга чейин аткарылышы мүмкүн.

8-берене.

2016-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети боюнча жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча 150000,0 миң сом суммасында белгиленсин.

9-берене.

1. Мурда областтардын бюджетинде турган мекемелерди 2016-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен каржылоо 8-тиркемеге ылайык жүргүзүлсүн.

2. Мурда областтардын бюджетинде турган мекемелерди 2017-2018-жылдарга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен каржылоо суммасынын болжолу 8-1, 8-2-тиркемелерге ылайык жактырылсын.

10-берене.

1. 2016-жылга чегерүүлөрдүн ченемдери төмөнкүлөрдөн белгиленсин:

1) жалпы мамлекеттик салыктык түшүүлөрдөн: салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгынан жана шаарлардын жана айылдардын жергиликтүү бюджеттери үчүн сатуудан түшкөн салыктан - 50 пайыз өлчөмүндө;

2) ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыктан, милдеттүү патенттөөнүн негизиндеги салыктан, бирдиктүү салык негизинде түшүүлөрдөн - шаарлардын жана айылдардын жергиликтүү бюджеттеринин тескөөсүнө - 100 пайыз өлчөмүндө;

3) жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салыктан (стратегиялык пайдалуу кендерди: алтынды, мунайды, газды кошпогондо, роялти) алардын иштетилген жери (жайгашкан орду) боюнча шаарлардын жана айылдардын тиешелүү жергиликтүү бюджеттерине - 50 пайыз өлчөмүндө;

4) төмөнкүлөрдү кошпогондо, өндүрүлгөн, анын ичинде мамлекеттик органдар тарабынан салынган администрациялык айыптардын суммаларынан шаарлардын жана айылдардын жергиликтүү бюджеттерине - 50 пайыз өлчөмүндө:

а) жол кыймылынын коопсуздугунун жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерине кыянаттык келтирген администрациялык укук бузууларды жасоодо өндүрүлүүчү администрациялык айыптардын суммасын;

б) бажы органдары тарабынан өндүрүлүүчү администрациялык айыптардын суммаларын.

2. Жалпы мамлекеттик салыктар боюнча болжолун ашыра аткаруу суммаларын республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда бөлүштүрүүнү салыктардын ар бир түрү боюнча пландык түшүүлөрдөн чегерүүлөрдүн бекитилген ченемдери боюнча жүргүзүү белгиленсин.

3. Жергиликтүү салыктардан жана салыктык эмес жыйымдардан түшүүчү жергиликтүү бюджеттердин кирешелери башка деңгээлдеги бюджетке алынууга жатпайт.

11-берене.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мурда алынган бюджеттик ссудалардын жана кредиттердин суммасынын жергиликтүү бюджеттерден республикалык бюджетке кайтарылышы 2016-жылы - 86656,2 миң сом, 2017-жылы - 130101,1 миң сом, 2018-жылы - 119895,9 миң сом суммасында 9-тиркемеге ылайык камсыз кылынсын.

12-берене.

1. Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджетинен жергиликтүү бюджеттер үчүн теңөөчү гранттардын өлчөмү чыгашалардын 1609300,0 миң сом жалпы суммасында 10-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын 2017-2018-жылдарга республикалык бюджетинен теңөөчү гранттардын өлчөмдөрүнүн болжолу 10-тиркемеге ылайык жактырылсын.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары теңөөчү гранттарды биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды каржылоого багыттасын.

4. Республикалык бюджеттен теңөөчү гранттардын эсебинен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды толук каржылоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жоопкерчилик тартышат.

5. Мыйзамдар менен каралган ыйгарым укуктардын чектеринде, жер салыгы боюнча базалык ставкаларды же коэффициенттерди жогорулатуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечимдерди кабыл алуунун эсебинен жергиликтүү бюджеттердин кирешесинин көбөйүүсү ушул Мыйзам менен бекитилген 2016-2018-жылдарга теңөөчү гранттардын өлчөмдөрүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбасы белгиленсин.

13-берене.

Эң аз эмгек акынын өлчөмү 2016-жылга - 1060,0 сом, 2017-жылга - 1140,0 сом, 2018-жылга 1220,0 суммасында белгиленсин.

14-берене.

1. Бюджеттик мекемелер, чарба жүргүзүүчү субъекттер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максаттуу багытталышы боюнча пайдаланылбаган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүп алынсын.

Кайтарып берүү негизинде берилген бюджеттик каражаттар өз убагында кайтарылбаган, ошондой эле аларды пайдаланганы үчүн пайыздарды төлөөнүн мөөнөтү өткөрүп жиберилген учурда мамлекеттик колдоонун бардык түрлөрү кыскартууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул Мыйзамдын беренелерин аткарбаганы үчүн кызмат адамдары жоопкерчиликке тартылууга жатат.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлөрдө жайгашкан мекемелерин кошпогондо, бюджеттик мекемелерге казына системасын четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттардын 100 пайызы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине алынат.

15-берене.

Учурдагы жылы кабыл алынган ченемдик укуктук актылар боюнча кошумча финансы ресурстарын талап кылган чыгашалар кийинки жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде каралсын.

16-берене.

Сот органдарынын чечимдери боюнча жеке жактарга аткаруу барагы боюнча төлөмдөр тиешелүү министрликтердин жана администрациялык ведомстволордун каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылсын.

17-берене.

Пилоттук министрликтердин жана администрациялык ведомстволордун 2016-2018-жылдарга программалык бюджети 6-тиркемеге ылайык жактырылсын.

18-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга жатат жана 2016-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

А.Ш. Атамбаев