Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\a9b32d98-5708-43bf-ac3d-047b961d00ef\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2016-жылдын 5-январы № 2

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" жана "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

1-берене.

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 10, 1514-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

163-берененин 4-бөлүгүндөгү 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2) ар жыл сайын бюджеттен депутаттык иш-аракетти каржылоого бөлүнүүчү каражаттардын чегинде түзүлүүчү депутаттын фонду.".

2-берене.

"Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 6, 273-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

5-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын фондун кошпогондо, бюджеттик мекемелерде бухгалтердик эсепти жүргүзүүгө жана финансылык отчеттуулукту түзүүгө карата талаптар ушул Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын фонду боюнча бухгалтердик эсепти жүргүзүүгө жана финансылык отчеттуулукту түзүүгө карата талаптар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен аныкталат.".

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

А.Ш. Атамбаев