Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\1e3529f4-698b-4cc6-ad69-a2b86f1fb806\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2016-жылдын 19-марты № 21

"Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене.

"Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 902-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-берене төмөнкүдөй мазмундагы он жетинчи абзац менен толукталсын:

"Техникалык-экономикалык негиздеме - жер участогунун ээси тарабынан даярдалуучу жер участокторун которуунун (трансформациялоонун) максатка ылайыктуулугун негиздөөчү, трансформациялануучу жер участогунун техникалык жана экономикалык параметрлерин камтыган документ. Техникалык-экономикалык негиздеменин формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.";

2) 5-беренеде:

а) аталышы жана 1-бөлүгү "жоготууларынын" деген сөздөн кийин "жана алынбай калган пайданын" деген сөздөр менен толукталсын;

б) 2-бөлүктө:

- биринчи абзацы "жоготууларынын" деген сөздөн кийин "жана алынбай калган пайданын" деген сөздөр менен толукталсын;

- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3) республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин эсебинен, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер боюнча жүргүзүлүүчү саламаттык сактоо, мектеп жана мектепке чейинки балдар, социалдык мекемелер, маданият жана искусство чөйрөсүндөгү объекттерди, инженердик жана транспорттук инфратүзүм объекттерин жана көрүстөндөрдү куруу;";

- 6-пункт "аскердик" деген сөздөн мурда "республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин эсебинен жүргүзүлүүчү" деген сөздөр менен толукталсын;

- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:

"7) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара линияларын жана чек аралык инфратүзүм объекттерин (имараттарды, жайларды, курулмаларды) куруу.";

3) 6-берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:

"6) ушул берененин 1-4-пункттарында каралган жерлерди которуунун тартибин аныктайт.";

4) 7-берененин 5-пунктунда ", запастагы жерлерди" деген сөздөр алып салынсын.

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

А.Ш. Атамбаев