Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык
2019-жылдын 1-январынан тартып
КҮЧҮН ЖОГОТОТ

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\517f8c7f-6d69-42b0-956d-d4083f579254\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2016-жылдын 16-апрели № 44

Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 3, 156-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

52-статья төмөнкүдөй мазмундагы 21-бөлүк менен толукталсын:

"(21) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 226 - 226-4, 227, 229, 232, 294, 296, 299 - 299-3, 375 жана 376-статьяларында каралган террористтик мүнөздөгү жана экстремисттик багыттагы кылмыштарды жасагандагы үчүн эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдар соттолгондордун башка категорияларынан бөлөк кармалышат жана жазаларын камераларда катуу шарттарда өтөшөт.".

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А.Ш. Атамбаев