Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\aa04f9f7-547e-4485-98fb-12405103806a\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2016-жылдын 23-апрели № 51

"Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене.

"Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 2, 102-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-статьядагы ", башка Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана бөлөк укуктук ченемдик актылары, Кыргыз Республикасы тааныган жана ратификациялаган эл аралык актылар жана келишимдер" деген сөздөр "жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) 9-статьядагы "Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына" деген сөздөр "юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

3) 11-статьянын 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;

4) 16-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Коммерциялык эмес уюм Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси, юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдары менен каралган тартипте кайра уюштурулушу жана жоюлушу мүмкүн.";

5) 20-статьянын 1-бөлүгүндө "ал эми коомдук бирикмеде 100дөн көп мүчөсү болгондо - 25тен кем эмес мүчөсү катышса," деген сөздөр алып салынсын;

6) 28-статьянын 7-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;

7) 29-статьянын 2-бөлүгүндө экинчи сүйлөм алып салынсын;

8) 3-глава төмөнкүдөй мазмундагы 291-статья менен толукталсын:

"291-статья. Жалгыз уюштуруучусу бар фонддун түзүмү

Жалгыз уюштуруучу тарабынан түзүлгөн фонддун түзүмү жана фондду башкаруунун тартиби фонддун уставы менен аныкталышы мүмкүн.";

9) 35-статья күчүн жоготту деп таанылсын.

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А.Ш. Атамбаев