Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\1490ac52-e5bd-4005-9ec2-e15ac53c2a88\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2016-жылдын 29-апрели № 52

Жарандардын саламаттыгын сактоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

1-берене.

"Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 3, 187-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-статья төмөнкүдөй мазмундагы 15-бөлүк менен толукталсын:

"Паллиативдик жардам - максаты ооруган жерди жана оорунун башка - дене-бой, психологиялык жана адеп-ахлактык белгилерин эрте табуунун, ага дыкат баа берүүнүн жана алып салуунун аркасында инкурабелдик (пациенттин өмүрүн сактап калуунун же болбосо ден соолугун толук калыбына келтирүүнүн мүмкүнчүлүгүн болтурбаган абалы) оорулуулардын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн жашоосунун сапатын жакшыртуу болуп саналган иш-чаралар.";

2) 21-статья төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"- паллиативдик жардам.";

3) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 251-статья менен толукталсын:

"251-статья. Паллиативдик жардам

Паллиативдик жардам инкурабелдик оорулууларга дене-бой же психологиялык мүмкүнчүлүктөрү олуттуу чектелген жана интенсивдүү симптоматикалык терапияга, психосоциалдык жардамга, медициналык мекемелерде же амбулаториялык жардам формасында врачтын жетекчилиги астында узакка башка бирөөнүн багуусуна муктаж болгон оорунун терминалдык (өмүр менен өлүмдүн ортосундагы чектелүү абал) стадиясында көрсөтүлөт.

Паллиативдик жардам көрсөтүүнүн тартиби саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан белгиленет.".

2-берене.

"Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 9, 315-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

15-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"- оорунун терминалдык стадиясында врачтын байкоосу астында медициналык мекемелерде же амбулаториялык жардам формасында паллиативдик жардам алууга.".

3-берене.

"Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 11, 900-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

5-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"- оорулууларга оорунун терминалдык стадиясында врачтын байкоосу астында медициналык мекемелерде же амбулаториялык жардам формасында паллиативдик жардам алуу.".

4-берене.

"Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 8, 469-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

9-статья төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"- врачтын байкоосу астында медициналык мекемелерде же амбулаториялык жардам формасында паллиативдик жардам алууга.".

5-берене.

"Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2004-жылдын 27-августу, № 73-74) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

23-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"- паллиативдик жардам көрсөтүүнү.".

6-берене.

"Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 4, 320-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

23-берене төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"- паллиативдик жардамга.".

7-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А.Ш. Атамбаев