Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык
2019-жылдын 1-январынан тартып
КҮЧҮН ЖОГОТОТ

Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\9059bb31-adff-4680-805c-c5f99cd9982f\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2016-жылдын 6-майы № 55

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж. № 10, 442-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 34-статьянын 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда "мыйзамдын" деген сөз "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 155-статья төмөнкүдөй мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын:

"(11) Кылмыштар жөнүндө арыздарды жана билдирүүлөрдү каттоонун, эсепке алуунун жана кыймылынын тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.";

3) 156-статья төмөнкүдөй мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын:

"(11) Кылмыш иштери, ошондой эле кылмыш ишин козгоодон баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынган материалдар катталууга жана эсепке алууга жатат.

Кылмыш иштерин, ошондой эле кылмыш ишин козгоодон баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынган материалдарды каттоонун, эсепке алуунун жана кыймылынын тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айлык мөөнөттүн ичинде ушул Мыйзамды ишке ашыруу боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А.Ш. Атамбаев