Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\958a095c-7248-4f8b-b055-92b668eaa59a\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2016-жылдын 7-майы № 57

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, "Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактары жөнүндө", "Суу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Суу кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 4, 241-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 7-статьянын бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

2) 8-статья төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:

"- жаратылыш ресурсу катары сууну пайдалануу үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн бекитүү;";

3) 40-статьянын 3-пунктунда "Жогорку Кеңеши белгилеген" деген сөздөр "Өкмөтү бекиткен" деген сөздөргө алмаштырылсын;

4) 48-статьяда:

а) 1-пунктунда "Жогорку Кеңеши жыл сайын белгилейт" деген сөздөр "Өкмөтү бекитет" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 2-пунктунун бешинчи абзацында "Жогорку Кеңеши" деген сөздөр "Өкмөтү" деген сөзгө алмаштырылсын.

2-берене.

"Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 12, 502-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

18-статьянын 5-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт жана аларды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекитет" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3-берене.

"Суу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 2, 64-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

10-берененин жетинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

4-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А.Ш. Атамбаев