Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\7e06e9e0-87d5-4e01-b0db-272feb251bf6\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2016-жылдын 22-июну № 87

Ломбарддардын иши жөнүндө

(КР 2018-жылдын 6-августундагы N 88, 2018-жылдын 22-декабрындагы N 105 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

1-глава. Жалпы жоболор

 

1-берене. Негизги түшүнүктөр

Ушул Мыйзамда төмөнкү негизги түшүнүктөр пайдаланылат:

1) ломбард - жарандардын күрөөдө турган кыймылдуу мүлкүнүн ордуна кыска мөөнөттүү зайым берүүнү жүзөгө ашыруучу юридикалык жак (адистештирилген уюм);

2) ломбарддардын иши - жарандардын күрөөдө турган кыймылдуу мүлкүнүн ордуна кыска мөөнөттүү зыйымдарды берүү боюнча лицензиясы бар юридикалык жактардын иши;

3) ломбарддын аймагы - зайымчыларды кабыл алуу, кыска мөөнөттүү зайымдарды берүү, финансылык документтерди, накталай акчаларды, күрөөгө коюлган мүлктү сактоо үчүн арналган негизги жайдын кайтарылуучу адистештирилген аймагы;

4) чакан габариттүү мүлк - ломбарддын аймагында орнотулган ломбарддын күйбөй турган сейфинде сакталган зергердик буюмдар, ошондой эле башка кыймылдуу мүлк;

5) ири габариттүү мүлк - ломбарддын аймагында сакталган кыймылдуу мүлк;

6) зайым боюнча документтер - ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасындагы жарандык укуктук мамилелерди жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген зайым келишими, күрөө билети, ошондой эле башка документтер;

7) зайым келишими - ломбард менен зайымчынын ортосунда күрөө билетин берүү менен белгилүү мөөнөткө түзүлгөн келишим;

8) күрөө билети - мыйзамдарда белгиленген тартипте салык органында катталган, зайым жөнүндө келишимге кол коюуда зайымчыга берилүүчү күрөөлүктү эсепке алуу документи;

9) күрөөлүк - күрөө жөнүндө келишимге ылайык күрөөгө коюлган мүлк күрөө коюучудан күрөө кармоочунун ээлигине берилген күрөөнүн түрү;

10) талап кылынбаган мүлк - ломбардга берилген жана зайым келишиминде аныкталган мөөнөттө зайымчы тарабынан талап кылынбаган мүлк.

2-берене. Ломбарддардын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары

Ломбарддардын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана ушул Мыйзамдан, ломбарддардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.

3-берене. Ломбарддардын ишин лицензиялоо

Ломбарддардын ишин лицензиялоо Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген орган лицензиар болуп саналат.

4-берене. Ломбарддардын ишине карата негизги шарттар жана талаптар

1. Ломбарддын мөөрү, мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган "ломбард" деген сөздү жана анын уюштуруучулук-укуктук формасына көрсөтмөнү камтыган аталышы болууга тийиш.

Ломбард Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кошумча жоопкерчилик менен же толук шериктик коом формасында түзүлөт жана мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып юридикалык жак статусуна ээ болот.

2. Ломбард өзүнүн иш процессинде өз каражаттарын жана Кыргыз Республикасынын кредит чөйрөсүндөгү жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте кредиттик уюмдардан жана башка уюмдардан алган кредиттерди пайдалана алат.

3. Ломбард жүгүртүүдөн алып салынган мүлктү, ошондой эле жүгүртүүсү чектелген мүлктү кошпогондо, кыска мөөнөттүү зайымдарды берүү максатында паспортту же зайымчынын инсандыгын күбөлөндүргөн башка документти көрсөткөн 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандарынан, ошондой эле чет элдик жарандардан жана жарандыгы жок адамдардан жеке керектөө үчүн арналган кыймылдуу мүлктү күрөөгө алууга укуктуу.

4. Ломбард ушул Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде жана күрөө жөнүндө мыйзамдарда каралган иштерди жүзөгө ашырат.

5. Ломбард ушул Мыйзамдын 12-беренесинде каралган учурду кошпогондо, күрөөгө коюлган мүлктөрдү тескөөгө укуксуз.

6. Ломбард күрөөгө коюлган чакан габариттүү мүлктү ломбарддын күйбөгөн сейфтеринде, ал эми ири габариттүү мүлктү - ага менчик укугунда же ижара укуктарында таандык болгон ломбарддын аймагында сактоого милдеттүү.

Эгерде жоготууну же бүлдүрүүнү болтурбоого болбогон күчтүн, башкача айтканда, ал шарттарда өзгөчө жана болтурбоого болбогон жагдайлардын (форс-мажор) айынан болгондугун далилдей албаса, ломбард күрөөгө коюлган мүлктүн жоголушу же бүлүнүшү үчүн жоопкерчилик тартат.

7. Ломбарддын аймагында күрөөгө коюлган мүлктү сактоо үчүн анын сакталышын жана ага башка адамдардын жеткиликтүүлүгүн болтурбоону камсыз кылуучу шарттар түзүлүүгө тийиш.

Ломбардга күрөөгө коюлган ири көлөмдүү мүлктүн укук ченемсиз пайдаланылышына жол бербөө максатында ал пломбаланууга жатат.

8. Отчеттуулук тартиби жана формасы, ломбарддын ишин уюштурууга карата минималдык талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

9. Ломбарддын кардарларды тейлөөнү жүзөгө ашыруучу бардык жайларында төмөнкүдөй маалыматтарды камтыган стенддер жайгаштырылууга тийиш:

1) ломбард тарабынан кызмат көрсөтүүлөрдүн шарттары жана тартиби тууралуу;

2) ломбарддын кызмат көрсөтүүлөрүн алуу үчүн зарыл документтердин тизмеги жөнүндө;

3) ломбарддардын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеги жөнүндө;

4) ломбардда колдонулуучу учурдагы пайыздык ставкалар жөнүндө;

5) натыйжалуу пайыздык ставка жөнүндө;

6) кардарлардын укуктары жөнүндө.

10. Ломбард өз ишин жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын жетекчиликке алууга милдеттүү.

(КР 2018-жылдын 6-августундагы N 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

5-берене. Күрөөгө берилүүчү мүлктү баалоо

Күрөөгө берилүүчү мүлктү баалоо ломбард тарабынан аны күрөөгө кабыл алуунун учурунда жана жеринде соодада белгиленүүчү мындай түрдөгү жана сапаттагы мүлккө болгон бааларга ылайык тараптардын макулдашуусу боюнча жүргүзүлөт.

6-берене. Ломбард күрөөгө кабыл алган мүлктү камсыздандыруу

1. Ломбард күрөөгө коюлган мүлктү соодада мындай түрдөгү жана сапаттагы мүлккө пайдаланылуучу жана күрөөгө кабыл алууда аныкталуучу баалар боюнча зайымчынын пайдасына өз эсебинен толук наркта камсыздандырууга милдеттүү.

2. Ломбард күрөөгө коюлган мүлктү зайымчынын эсебинен мажбурлап камсыздандырууга укуксуз.

2-глава. Ломбарддарда зайым берүүнүн тартиби

 

7-берене. Зайым келишими

1. Зайым келишимин түзүүдө ломбард тарабынан зайымчыга күрөө билетин берүү жүзөгө ашырылат жана ар бир зайымды берүүдө ломбард жаңы күрөө билетин берет.

2. Зайым келишиминин шарттары боюнча ломбард зайымчыга белгилүү мөөнөткө кыска мөөнөттүү зайымды Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында берет.

3. Зайым келишимин түзүүдө ломбард кайтарып берүүнүн жана ордун толтуруунун негизинде зайымчыга бир жылдан ашык эмес мөөнөткө акча каражаттарын берет. Зайымчы күрөө предмети болуп саналган мүлктү ломбардга өткөрүп берет.

4. Зайым келишими жазуу жүзүндө түзүлөт жана ага тараптар кол коёт. Зайымдын суммасы зайымчыга берилген жана күрөөгө коюлуучу мүлк ломбардга өткөрүп берилген учурдан тартып зайым келишими түзүлдү деп эсептелет.

Эгерде анын суммасы эсептик көрсөткүчтөн беш жүз эседен кем эмес ашса, зайым келишими нотариалдык формада түзүлөт.

5. Күрөөгө коюлган мүлктүн аталышы, ушул Мыйзамдын 5-беренесине ылайык жүргүзүлгөн аны баалоонун суммасы, берилген зайымдын суммасы, зайымдын пайыздык ставкасы жана аны берүүнүн мөөнөтү зайым келишиминин олуттуу шарттары болуп саналат.

8-берене. Зайым боюнча документтердин купуялуулугу

1. Зайым келишимин түзүү процессинде аларды ачыкка чыгаруу зайымчыга материалдык жана (же) моралдык зыян келтириши мүмкүн болгон зайымчыдан алынган маалыматтардын купуялуулугуна ломбард кепилдик берет.

2. Ломбард жана анын кызматкерлери ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматтардын купуялуулугун сактоого милдеттүү жана алар ачыкка чыгарылган учурда ушул Мыйзамдын 14-беренесине ылайык жоопкерчилик тартышат.

3. Ломбард зайым боюнча документтерди же аларда камтылган маалыматтарды төмөнкү органдарга жана адамдарга берет:

1) көзөмөлгө алуу боюнча ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу зарылдыгынан улам тиешелүү мамлекеттик органдарга;

2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте сот жана укук коргоо органдарына;

3) мурас маселелери боюнча зайымчы жана нотариалдык кеңсе ыйгарым укук берген адамдарга.

4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн органдар жана адамдар өздөрүнө берилген маалыматтардын купуялуулугуна кепилдик беришет.

9-берене. Күрөө билетин жол-жоболоштуруу тартиби

1. Күрөө билети эки нускада жол-жоболоштурулат. Күрөө билетинин ар бир нускасына катар номер жана ломбарддын мөөрү коюлат. Күрөө билетинин бир нускасы ломбардда сакталат, экинчи нускасы зайымчыга берилет.

2. Күрөө билети төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:

1) ломбарддын аталышын жана дарегин (турган ордун);

2) зайымчынын фамилиясын, аты-жөнүн, анын туулган датасын, жарандыгын, паспортунун же зайымчынын инсандыгын ырастоочу башка документинин маалыматтарын;

3) күрөөгө коюлган мүлктүн тизмегин жана сыпаттамасын;

4) күрөөгө коюлган мүлктү баалоонун суммасын;

5) берилген зайымдын суммасын;

6) кайра кайтаруу датасын көрсөтүү менен зайымдын берилген датасын жана мөөнөтүн;

7) зайымдын пайыздык ставкасын (бир календардык күнгө кошуп эсептелүүчү зайым боюнча пайыздык ставканы милдеттүү түрдө көрсөтүү менен).

3. Күрөө билети ушул Мыйзамда жана ломбарддардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка кошумча маалыматтарды камтышы мүмкүн.

4. Күрөө билети ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган талаптарга ылайык жол-жоболоштурулат жана күрөө билетинин ар бир нускасы ломбарддын өкүлдөрүнүн жана зайымчынын колу жана ломбарддын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.

3-глава. Күрөөгө коюлган мүлктү мажбурлап алып коюу, талап кылынбаган мүлккө карызды өндүрүп алуу

 

10-берене. Күрөөгө коюлган мүлктү мажбурлап алып коюу

1. Күрөөгө коюлган мүлктү мажбурлап алып коюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана жүзөгө ашырылат.

2. Күрөөгө коюлган мүлк мажбурлап алып коюлган учурда зайым келишиминин колдонулушу токтотулат.

3. Ломбард күрөөгө коюлган мүлк мажбурлап алып коюлган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул жөнүндө зайымчыга жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү. Көрсөтүлгөн кабарлоо коюлган мүлктүн тизими менен тапшырык каты жана тапшыруу жөнүндө кабарлоо менен почта аркылуу жиберилет жана төмөнкү маалыматтарды камтыйт:

1) мүлк мажбурлап алып коюлган дата;

2) мүлктү мажбурлап алып коюунун негизи;

3) мүлктү мажбурлап алып коюуну жүзөгө ашырышкан мамлекеттик органдардын аталышы (кызмат адамын көрсөтүү менен).

4. Зайымчы ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган кабарлоону алган учурдан тартып күрөөгө коюлган мүлк мажбурланып алып коюлган же болбосо алып коюлган күнгө же ушул Мыйзамдын 11-беренесинде белгиленген жеңилдик мөөнөтү бүткөн күнгө зайым келишимине ылайык зайымчынын ломбарддын алдында милдеттенмелери келип чыгат.

5. Ломбард ушул берененин 3-бөлүгүнүн талаптарына ылайык ага жүктөлгөн милдеттенмелерди аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган учурда, ломбард зайымчыга карата өз талаптарын канааттандыруу укугунан ажыратылат.

6. Эгерде мажбурлап алып коюлган мүлк кайтарып берилүүгө жатса, мындай мүлктү анын менчик ээсине кайтарып берүү зайымчы ломбарддын алдындагы өз милдеттенмелерин аткаргандан кийин жүргүзүлүүгө тийиш.

7. Зайымчы күрөөгө коюлган мүлккө карызын өндүрүп алуу милдеттенмелерин аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган учурда, ломбарддын талаптары Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык соттук же соттон тышкары тартипте жүзөгө ашырылат.

11-берене. Зайым келишими боюнча жеңилдетилген мөөнөт

1. Эгерде зайымчы белгиленген мөөнөттө зайымды тындырбаса, ломбард бир айга тең келген жеңилдетилген мөөнөттүн ичинде күрөөгө коюлган мүлккө өндүрүп алууну багыттоого укуксуз.

2. Күрөө билетинде көрсөтүлгөн зайымды кайтарып берүү күнүнөн кийинки күн жеңилдетилген мөөнөттүн башталган күнү деп эсептелет.

3. Жеңилдетилген мөөнөттүн ичинде жана андан ары күрөөгө коюлган мүлк сатылган күнгө чейин ломбард зайым келишиминде каралган зайым боюнча пайыздык ставканы жогорулатууга, күрөөгө коюлган мүлктүн сакталуу шарттарын начарлатууга, ошондой эле аны сактоо үчүн сыйакы алууга укуксуз.

(КР 2018-жылдын 22-декабрындагы N 105 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

12-берене. Талап кылынбаган мүлккө карызды өндүрүп алуу

1. Ушул Мыйзамдын 11-беренесинде белгиленген жеңилдетилген мөөнөт аяктагандан кийин, зайымчы эгерде зайым келишиминде каралган ломбарддын алдындагы милдеттенмелерин аткарбаса, күрөөгө коюлган мүлк талап кылынбаган деп эсептелет.

2. Ломбард берилген карызды өндүрүп алуунун ордун талап кылынбаган мүлктүн эсебинен толтурууга укуктуу.

3. Талап кылынбаган мүлктүн эсебинен карызды өндүрүп алуу нотариустун аткаруу жазууларынын негизинде жүзөгө ашырылат.

4. Зайымчы талап кылынбаган мүлк сатылганга чейин ломбарддын алдындагы өзүнүн милдеттенмелерин аткаруу менен кандай болбосун убакытта карызды өндүрүп алууну токтотууга укуктуу.

13-берене. Талап кылынбаган мүлктү сатып өткөрүү

1. Зайымчынын талап кылынбаган мүлкүн сатуу зайым келишиминин шарттарына ылайык мүлктү саткан күнү жүзөгө ашырылат.

2. Өндүрүп алууга багытталган талап кылынбаган мүлктү сатуу, анын ичинде ачык тооруктарда сатуу жолу менен жүзөгө ашырылат. Талап кылынбаган мүлктү сатуу боюнча ачык тооруктар ачык аукцион формасында өткөрүлөт.

3. Талап кылынбаган мүлк сатылгандан кийин зайымчыга карата ломбарддын талаптары, талап кылынбаган мүлктү сатуудан түшкөн сумма карызды жабуу үчүн жетишсиздигине карабастан, канааттандырылды деп эсептелет.

4-глава. Корутунду жоболор

 

14-берене. Ушул Мыйзамдын талаптарын сактабагандык үчүн жоопкерчилик

Жеке жана юридикалык жактар ушул Мыйзамдын жана ломбарддардын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактабагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.

15-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү тартиби

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А.Ш. Атамбаев