КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 29-июну № 92
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө", "Билим берүү жөнүндө", "Маданият жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР 2018-жылдын 10-августундагы N 89 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
(КР 2018-жылдын 10-августундагы N 89 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготот)
2-берене.
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 8, 323-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
46-берененин 7-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Билим берүү, илим-изилдөө, өндүрүштүк ишке жана билим берүү чөйрөсүндөгү башка маселелерди чечүү үчүн пайдаланылуучу мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын материалдык-техникалык базасы жеке адамдарга жана уюмдарга бекер ээлик кылууга жана пайдаланууга берилбейт. Мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын материалдык-техникалык базасын ижарага берүүдөн алынган киреше Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бөлүштүрүлөт.".
"Маданият жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 4, 341-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
36-берененин 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик жана муниципалдык маданият уюмдарынын материалдык-техникалык базасы ижарага берилиши мүмкүн. Мамлекеттик жана муниципалдык маданият уюмдарынын материалдык-техникалык базасын ижарага берүүдөн алынган киреше Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бөлүштүрүлөт.".
2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү мамлекеттик маданият мекемелерине карата ушул Мыйзамдын 1-беренесинин "б" пунктчасын жана ушул Мыйзамдын 3-беренесин кошпогондо, ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |