Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\a4247512-9e5b-4441-a203-b7088d5b5d20\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2016-жылдын 7-июлу № 103

"Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене.

"Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 11, 537-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-статьянын 2-пунктунун 1-пунктчасында "банктар менен башка финансылык-кредиттик уюмдарга" деген сөздөр "депозиттерди тартпаган финансылык-кредиттик уюмдарга" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 17-статьянын 2-пунктунун 8-пунктчасында "биринчи же экинчи кезекте" деген сөздөр алып салынсын;

3) 2716-статьясында "бир айдын" жана "бир айдан" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "он календардык күндүн" жана "он календардык күндөн" деген сөздөргө алмаштырылсын;

4) 2722-статьянын 1-пунктунун биринчи абзацында "карыз тарапты банкрот деп табуу жөнүндө чечим күчүнө киргенден" деген сөздөр "өзү дайындалгандан" деген сөздөргө алмаштырылсын;

5) 55-статьянын 8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"8. Карыз тарапты реструктуризациялоонун алкагында анын лицензиялары, соода маркалары жана автордук укуктары жаңыдан түзүлгөн юридикалык жакка карыз тарапка берилген ошол эле шарттарда өткөрүп берилет.";

6) 71-статьянын 2-пунктунун 2-пунктчасында "(банктардан тышкары)" деген сөздөр алып салынсын;

7) 75-статьянын 1-пункту "аныктыгын" деген сөздөн кийин "жана мыйзамдуулугун" деген сөздөр менен толукталсын;

8) 86-статьянын 6-пунктунда:

а) биринчи абзацында "банкты консервациялоо учурунда тарткан каражаттар жагындагы чыгымдарды," деген сөздөр алып салынсын;

б) экинчи абзацы "Банкроттук процессинин" деген сөздөрдөн мурда "Эгерде кредиторлордун чогулушунда (соттон тышкары тартипте) жана (же) сот тарабынан (сот тартибинде) башкача белгиленбесе," деген сөздөр менен толукталсын;

9) 91-статьянын 4-пунктунда "ушул Мыйзамда" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 99-статьясында" деген сөздөргө алмаштырылсын;

10) 95-статьянын 3-пунктунун экинчи абзацы алып салынсын;

11) 96-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"96-статья. Соттун чечими

1. Кредиторлордун карыз тараптын талаптарына карата үчүнчү жактардын кепилдиги (гарантиясы) болбогондо карыз тарап же кредитор басма сөздө жарыялоо аркылуу карыз тараптын санациясын жүзөгө ашырууну өзүнө алууну каалаган юридикалык жактардын жана жарандардын конкурсун жарыялоого укуктуу.";

2. Эгерде жарыялангандан кийинки 30 календардык күндүн ичинде карыз тараптын санациясын жүзөгө ашырууну өзүнө алууну каалаган жактар болбосо, же алар сунуш кылган санациянын шарттарына карыз тарап же кредитор макул болбосо, сотко карыз тарапты банкрот (кудуретсиз) деп таануу жөнүндө арыз берилет.";

12) 97-статьяда:

а) 1 жана 2-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Сот карыз тараптын, кредитордун жана гаранттын ортосундагы санация жөнүндө маселени караганга чейин макулдашуу түзүлөт, анда санация жүргүзүүнүн тартиби жана шарттары көрсөтүлөт.

2. Санация жүргүзүүнүн убагында сот санация жөнүндө макулдашуунун шарттарын сактоо үчүн убактылуу администраторду дайындайт. Убактылуу администраторго сый акы карыз тараптын каражаттарынын эсебинен төлөнөт.";

б) 3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченедик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А.Ш. Атамбаев