Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\a4247512-9e5b-4441-a203-b7088d5b5d20\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2016-жылдын 20-июлу № 124

"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене.

"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 5, 228-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-берененин 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Депутаттын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда токтотулат.";

2) 3-беренеде:

а) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда ошондой эле тийиштүү кеңештин чечими боюнча төмөнкүлөргө байланыштуу токтотулат:

депутаттын тийиштүү административдик-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатына мүчөлүгүнүн токтотулушу менен;

өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын алып салуу же фракциядан чыгуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз берүүсү менен.";

б) 3-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмү алып салынсын;

3) 9-берененин 2-бөлүгүндө "ченемдик актыларды" деген сөздөр "ченемдик укуктук актыларды" деген сөздөргө алмаштырылсын;

4) 10-берененин 7-бөлүгүндө "мыйзамдык актылары" деген сөздөр "ченемдик укуктук актылары" деген сөздөргө алмаштырылсын;

5) 11-берененин 1-бөлүгүндө "аткаруучу комитетке, аткаруучу комитеттин бөлүмдөрүнүн, башкармаларынын жана башка органдарынын жетекчилерине" деген сөздөр "жергиликтүү кеңештин комиссияларына, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын башчысына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине" деген сөздөргө алмаштырылсын;

6) 16-берененин 3-бөлүгүндө "жергиликтүү кеңештин аткаруучу комитеттери" деген сөздөр "жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;

7) 19-беренеде:

а) 2-бөлүгүндө "жергиликтүү кеңештин" деген сөздөр "айыл аймагынын жана шаардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 3-бөлүгүндө "мыйзам актылары" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары" деген сөздөргө алмаштырылсын;

8) 23-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Жергиликтүү кеңеш аткарууга алган шайлоочулардын сунуш-талаптарын ишке ашырууну жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда аныкталган өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде жана жергиликтүү кеңеш тарабынан түзүлгөн органдар жергиликтүү кеңеш тарабынан берилген ыйгарым укуктардын чегинде камсыз кылышат. Сунуш-талаптарды ишке ашырууга тийиштүү айыл аймагынын жана шаардын чегинде жайгашкан ишканалар, мекемелер жана уюмдар, жергиликтүү кеңеш өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде аларга берген тапшырмаларга ылайык катышышат.";

9) 24-берененин 1-бөлүгүндө:

а) бөлүк "жана колдонуудагы" деген сөздөрдөн кийин "жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү" деген сөздөр менен толукталсын;

б) мамлекеттик тилдеги текстинде "тышкарыда" деген сөз "тышкары" деген сөзгө алмаштырылсын.

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А.Ш. Атамбаев