Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\a4247512-9e5b-4441-a203-b7088d5b5d20\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2016-жылдын 25-июлу № 137

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 9, 440-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-статья төмөнкүдөй мазмундагы 33-пункт менен толукталсын:

"33) Күнөскана - бул айыл чарба өсүмдүктөрүн (жашылча, бакча, декоративдик, тропикалык, субтропикалык жана башка өсүмдүктөрдү) өстүрүү, көбөйтүү, сактоо жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына каршы келбеген башка максаттар үчүн арналган атайын жабдылган жеңил конструкциядагы курулма.";

74-статьянын 2-пункту "гидротехникалык курулуштардан" деген сөздөрдөн кийин ", сугат айдоо жерлерине күнөсканалардан жана тамчылатып сугаруу системасынын курулмаларынан" деген сөздөр менен толукталсын.

2-берене.

"Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 11, 678-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

11-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"11-статья.

Эгерде айыл чарба багытындагы жер участогунун (жер үлүшүнүн) менчик ээси Жер кодексинде каралган учурларды кошпогондо, ал жерде ар кандай курулуштарды жүзөгө ашырса же аны айыл чарба максатында пайдаланбаса, анда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан эскертүү берилет.

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын талаптарын аткарбаган учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сот тартибинде жер участогун (жер үлүшүн) мамлекеттин пайдасына алуу жол-жобосун баштоого укуктуу.".

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А.Ш. Атамбаев