КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 27-июлу № 147
"Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш
жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 7, 711-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 16-беренеде:
а) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Адвокат адвокаттык ишти жеке адвокаттык кабинет формасында же болбосо адвокаттык уюм аркылуу адвокаттар коллегиясы же адвокаттык бюро формасында жүзөгө ашыра алат.";
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 21 жана 22-бөлүктөр менен толукталсын:
"21. Адвокат ушул Мыйзамга ылайык адвокаттык ишти жүзөгө ашыруунун формасын өз алдынча тандоого жана өзгөртүүгө укуктуу. Адвокат адвокаттык ишти жүзөгө ашыруунун тандаган формасы жөнүндө каттаган күндөн тартып бир айдын ичинде ушул Мыйзамда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жана Адвокатурага кабарлоого милдеттүү.
22. Юридикалык жактардын аталыштарында "адвокаттык иш", "адвокатура", "адвокат" же бул терминдерди өзүнө камтыган сөз айкалыштарын пайдаланууга адвокаттарга жана ушул Мыйзамда белгиленген тартипте түзүлгөн уюмдарга гана жол берилет.";
2) 2-глава төмөнкүдөй мазмундагы 161 - 163-беренелер менен толукталсын:
"161-берене. Адвокаттык кабинет
1. Адвокаттык ишти жеке жүзөгө ашыруу чечимин кабыл алган адвокат адвокаттык кабинетти уюштурат.
2. Адвокат адвокаттык кабинетти уюштуруу жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлоону Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жана Адвокатурага жиберет, анда адвокат, адвокаттык кабинеттин жайгашкан жери, телефондордун, факстардын номерлери, электрондук почтанын даректери жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт.
3. Адвокаттык кабинет юридикалык жак болуп саналбайт.
4. Адвокаттык кабинетти уюштурган адвокат мыйзамдарга ылайык банктарда эсептерди ачат, анда адвокаттык кабинеттин дареги жана аталышы менен мөөрү, штампы жана бланкы болот. Адвокаттык кабинеттин аталышы аны уюштурган адвокаттын атын, ошондой эле "адвокаттык кабинет" деген сөздөрдү камтууга тийиш.
5. Адвокаттык кабинетте юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуулар адвокат менен ишеним артуучунун ортосунда түзүлөт жана адвокаттар коллегиясынын документ жүгүртүү тутумунда катталат.
6. Адвокат адвокаттык кабинетти жайгаштыруу үчүн анын же болбосо анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн менчик укугуна таандык турак жайды акыркылардын жана коңшуларынын макулдугу менен пайдаланууга укуктуу. Жалдоо келишими боюнча адвокат жана анын үй-бүлө мүчөлөрү ээлеген турак жай адвокат тарабынан адвокаттык кабинетти жайгаштыруу үчүн жалдоого берүүчүнүн, коңшуларынын жана адвокат менен бирге жашаган бардык жашы жеткен адамдардын макулдугу менен пайдаланылышы мүмкүн.
162-берене. Адвокаттар коллегиясы
1. Эки жана андан көп адвокат адвокаттар коллегиясын уюштурууга укуктуу.
2. Адвокаттар коллегиясы мүчөлүккө негизденген жана анын уюштуруучулары тарабынан бекитилүүчү уставдын (мындан ары - устав) жана алар тарабынан түзүлгөн уюштуруу келишиминин негизинде аракеттенүүчү коммерциялык эмес уюмдун өз алдынча формасы болуп саналат.
3. Уюштуруу келишиминде өз мүлкүн адвокаттар коллегиясына берүүнүн шарттары, анын ишине катышуунун тартиби, жаңы мүчөлөрдү адвокаттар коллегиясына кабыл алуунун тартиби жана шарттары, адвокаттар коллегиясын уюштуруучулардын (мүчөлөрүнүн) укуктары жана милдеттенмелери, уюштуруучулардын (мүчөлөрүнүн) анын курамынан чыгуу тартиби жана шарттары аныкталат.
4. Устав төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) адвокаттык ишти жүзөгө ашыруу формасына көрсөтмөнү камтыган адвокаттар коллегиясынын аталышын;
2) адвокаттар коллегиясынын жайгашкан жерин;
3) адвокаттар коллегиясынын ишинин предметин жана максаттарын;
4) адвокаттар коллегиясынын мүлкүн түзгөн булактарды жана аны пайдалануунун багыттарын (анын ичинде бөлүнбөс фонддун болушу же болбошу жана аны пайдалануунун багыттарын);
5) адвокаттар коллегиясын башкаруу тартибин;
6) адвокаттар коллегиясынын филиалдары жөнүндө маалыматтарды;
7) уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартибин;
8) адвокаттар коллегиясын кайра уюштуруу жана жоюу тартибин;
9) ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына каршы келбеген башка жоболорду.
5. Уюштуруу келишиминин жана уставдын талаптары адвокаттар коллегиясынын өзү жана уюштуруучулары (мүчөлөрү) үчүн аткарууга милдеттүү.
6. Адвокаттар коллегиясын уюштуруучулар аны уюштуруу, кайра уюштуруу же жоюу жөнүндө Адвокаттар кеңеши тарабынан бекитилген формага ылайык Адвокатурага кабарлоо жиберет.
7. Адвокаттар коллегиясы аны юстиция органында мамлекеттик каттаган күндөн тартып уюштурулду деп эсептелет. Адвокаттар коллегиясын мамлекеттик каттоо, ошондой эле анын ишин токтотуу жөнүндө жазууну юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) Бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизүү юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
8. Адвокаттар коллегиясы Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында, ошондой эле эгерде бул чет мамлекеттердин мыйзамдарында каралса, чет элдик мамлекеттердин аймактарында филиалдарды түзүүгө укуктуу.
Адвокаттар коллегиясы филиалдарды түзүү же жабуу жөнүндө Адвокаттар кеңеши тарабынан бекитилген формага ылайык Адвокатурага кабарлоо жиберет.
Адвокаттар коллегиясынын филиалында адвокаттык ишти жүзөгө ашыруучу адвокаттар тиешелүү филиалды түзгөн адвокаттар коллегиясынын мүчөлөрү болуп саналат.
Адвокаттар коллегиясынын филиалында адвокаттык ишти жүзөгө ашыруучу адвокаттар жөнүндө маалыматтар адвокаттардын мамлекеттик реестрине киргизилет.
9. Адвокаттар коллегиясынын уюштуруучулары тарабынан салым катары киргизилген мүлк ага менчик укугунда таандык болот.
10. Адвокаттар коллегиясынын мүчөлөрү анын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт, адвокаттар коллегиясы өзүнүн мүчөлөрүнүн милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
11. Адвокаттар коллегиясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык адвокаттык ишти жүзөгө ашырууга байланыштуу алар тарабынан алынган кирешелер боюнча алардын мүчөлөрү болуп саналган адвокаттардын салык агенти, ошондой эле ишеним артуучулар, үчүнчү жактар жана башка адвокаттар коллегиясынын уюштуруу документтеринде каралган башка маселелер боюнча алардын өкүлү болуп саналат.
12. Адвокаттар коллегиясында юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу адвокаттар менен ишеним артуучунун ортосунда түзүлөт жана адвокаттар коллегиясынын документ жүгүртүү тутумунда катталат.
13. Ушул Мыйзамдын 163-беренесинде белгиленген тартипте адвокаттар коллегиясы адвокаттык бюрого кайра түзүлгөн учурду кошпогондо, адвокаттар коллегиясы коммерциялык уюмга же болбосо кандай гана болбосун башка коммерциялык эмес уюмга кайра түзүлүшү мүмкүн эмес.
14. Адвокаттар коллегиясы Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде көрсөтүлгөн негиздер боюнча, ошондой эле адвокаттар коллегиясында жалгыз мүчөсү калган учурда жоюлат. Акыркысы адвокаттар коллегиясынын жалгыз мүчөсү болуп калган учурдан тартып үч айдын ичинде адвокаттык кабинеттин, адвокаттар коллегиясынын же адвокаттык бюронун уюштуруучусу (уюштуруучулары) болуп саналбаган башка адвокат (адвокаттар) менен бирдикте ушул Мыйзамдын 163-беренесинде белгиленген тартипте аны адвокаттык бюрого кайра түзүүгө укуктуу.
163-берене. Адвокаттык бюро
1. Эки жана андан көп адвокат адвокаттык бюро уюштурууга укуктуу.
Адвокаттык бюро коммерциялык эмес уюмдун өз алдынча формасы болуп саналат.
2. Эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, адвокаттык бюрону уюштурууга жана анын ишине байланыштуу пайда болгон мамилелерге карата ушул Мыйзамдын 162-беренесинин эрежелери колдонулат.
3. Адвокаттык бюронун аталышы "жана компаниясы", "жана өнөктөштөр" же болбосо "жана адвокаттар" деген сөздөрдү кошуу менен бир же бир нече адвокат-өнөктөштөрдүн аттарын камтууга тийиш. Адвокаттык бюродо катышуусун токтоткон адвокат-өнөктөштүн уруксаты менен анын атын адвокаттык бюронун аталышына пайдаланууга жол берилет.
4. Адвокаттык бюро уюштурган адвокаттар өз ара жазуу жүзүндө жөнөкөй өнөктөштүк келишимин түзөт жана адвокаттык бюрону каттоо үчүн аны юстиция органына бербейт. Өнөктөштүк келишими боюнча адвокат-өнөктөштөр бардык өнөктөштөрдүн атынан юридикалык жардам көрсөтүү үчүн өздөрүнүн күч-аракеттерин бириктирүүгө милдеттенишет.
5. Өнөктөштүк келишиминде төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) өнөктөштүк келишиминин колдонулуу мөөнөтү;
2) өнөктөштөр тарабынан чечимдерди кабыл алуунун тартиби;
3) башкаруучу өнөктөштү шайлоо тартиби, анын компетенциясы жана башка шарттар.
6. Эгерде өнөктөштүк келишиминде башкача белгиленбесе, адвокаттык бюронун жалпы ишин алып баруу башкаруучу өнөктөш тарабынан жүзөгө ашырылат. Ишеним артуучу менен юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу алардын берген ишеним каттарынын негизинде бардык өнөктөштөрдүн атынан башкаруучу өнөктөш тарабынан түзүлөт. Ишеним каттарында ишеним артуучулар жана үчүнчү жактар менен макулдашууларды жана бүтүмдөрдү түзүүчү өнөктөштүн компетенциясын бардык чектөөлөр көрсөтүлөт. Көрсөтүлгөн чектөөлөр ишеним артуучуларга жана үчүнчү жактарга маалымдалат.
7. Өнөктөштүк келишими төмөнкү негиздер боюнча токтотулат:
1) өнөктөштүк келишиминин колдонулуу мөөнөтү аяктаганда;
2) эгерде өнөктөштүк келишиминде калган өнөктөштөрдүн ортосундагы мамилелерде келишимди сактоо каралбаса, өнөктөштөрдүн бири болуп саналган адвокат статусунан ажыраганда, токтотулганда же токтотула турганда;
3) эгерде өнөктөштүк келишиминде калган өнөктөштөрдүн ортосундагы мамилелерде келишимди сактоо каралбаса, өнөктөштөрдүн биринин талабы боюнча өнөктөштүк келишими бузулганда.
8. Өнөктөштүк келишими токтогон учурдан тартып анын катышуучулары ишеним артуучуларга жана үчүнчү жактарга карата аткарылбаган жалпы милдеттенмелер боюнча бирдей жоопкерчилик тартышат.
9. Өнөктөштөрдүн бири өнөктөштүк келишиминен чыкканда ал юридикалык жардам көрсөткөн бардык иштер боюнча өндүрүштү башкаруучу өнөктөшкө өткөрүп берүүгө милдеттүү.
10. Өнөктөштүк келишимининен чыккан адвокат анын өнөктөштүк келишимине катышкан мезгилинде пайда болгон жалпы милдеттенмелер боюнча ишеним артуучулардын жана үчүнчү жактардын алдында жооп берет.
11. Адвокаттык бюро адвокаттар коллегиясына кайра түзүлгөн учурду кошпогондо, адвокаттык бюро коммерциялык уюмга же болбосо кандай гана болбосун башка коммерциялык эмес уюмга кайра түзүлүшү мүмкүн эмес.
12. Өнөктөштүк келишими токтогондон кийин адвокаттар жаңы өнөктөштүк келишимин түзүүгө укуктуу. Мурдагы өнөктөштүк келишиминин колдонулушу токтогон күндөн тартып бир айдын ичинде жаңы өнөктөштүк келишими түзүлбөсө, анда адвокаттык бюро адвокаттар коллегиясына кайра түзүлүүгө же болбосо жоюлууга жатат.
Өнөктөштүк келишими токтогон учурдан тартып жана адвокаттык бюро адвокаттар коллегиясына кайра түзүлгөн учурга же болбосо жаны өнөктөштүк келишими түзүлгөнгө чейин адвокаттар юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу түзүүгө укуксуз.";
3) 23-берененин 2-бөлүгүндө "адвокаттык мекеменин" деген сөздөр "адвокат өзүнүн ишин жүзөгө ашырган формада адвокаттык кабинеттин, адвокаттар коллегиясынын же адвокаттык бюронун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 27-беренеде:
2-бөлүгүндө "же адвокаттык уюм менен юридикалык жактын" деген сөздөр "ишеним артуучунун өзүнүн же ал тарабынан дайындалган адамдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
а) 3-бөлүгүнүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) тапшырманы аткарууну кабыл алган адвокатка (адвокаттарга), ошондой эле алардын адвокаттык уюмга таандыктуулугун көрсөтүү;";
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 41-бөлүк менен толукталсын:
"41. Ишеним артуучу тарабынан адвокатка төлөнүүчү сыйакы жана (же) тапшырманы аткарууга байланыштуу адвокаттын чыгымдарын компенсациялоо адвокаттык кабинеттин же болбосо адвокаттык уюмдун кассасына макулдашууда каралган тартипте жана мөөнөттөрдө милдеттүү түрдө төгүлүүгө же эсептешүү эсебине которулууга жатат.";
в) 5-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "5. Юридикалык жардам берүү боюнча адвокаттын ыйгарым укуктары адвокат менен ишеним артуучунун ортосунда түзүлгөн макулдашуунун негизинде адвокаттык кабинет же болбосо адвокаттык уюм формасында адвокаттык ишти жүзөгө ашыруучу адвокат тарабынан берилген тапшырма ордери менен ырасталат.";
5) 32-беренеде:
а) 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин, анын ичинде Адвокаттар кеңеши менен бирдикте адвокаттык ишти уюштуруунун формаларына ылайык салыктык режимди иштеп чыксын;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги адвокаттык ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактарды кайра каттоо жана мыйзамда белгиленген тартипте Адвокатурага кирбеген адамдардын адвокаттык иш менен алектенүү укугуна лицензиялардын колдонулушун токтотуу боюнча иш жүргүзсүн.";
б) 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Өз алдынча же юридикалык жакты түзүү менен өзүнүн адвокаттык ишин жүзөгө ашыруучу адвокаттар 2016-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө өзүнүн адвокаттык ишин уюштуруу формасын ушул Мыйзамдын 16 - 163-беренелеринин жоболоруна ылайык келтирсин.";
в) берене төмөнкүдөй мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:
"7. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин "адвокаттык иш", "адвокатура", "адвокат" деген терминдерди же бул терминдерди өзүнө камтыган сөз айкалыштарын өзүнүн аталышында пайдаланган юридикалык жактар 2016-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө аларды ушул Мыйзамдын 16-беренесинин 22-бөлүгүнүн эрежелерине ылайык келтирсин.".
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |