Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2016-жылдын 2-августу № 162

Терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(КР 2017-жылдын 24-январындагы N 10 Мыйзамынын,  КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексинин, КР 2022-жылдын 4-июлундагы N 55, 2023-жылдын 24-февралындагы N 40  Мыйзадарынын редакцияларына ылайык)

1-берене.

(КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготот)

 

2-берене.

(КР 2017-жылдын 24-январындагы N 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготот)

 

3-берене.

(КР 2017-жылдын 24-январындагы N 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготот)

 

4-берене.

(КР 2022-жылдын 4-июлундагы N 55 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

5-берене.

(КР 2023-жылдын 24-февралындагы N 40 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

6-берене.

"Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 5, 461-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

26-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1) эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча расмий милдеттерди аткаруу учурларын кошпогондо, адамдын чет мамлекеттин аскердик же чалгындоо кызматына кирүүсүнүн; террорчулук же экстремисттик кылмыштарды жасоо шыктарын жана көндүмдөрүн алууга багытталган даярдыктан Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жакта өтөөсүнүн; чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылыштарга же согуш аракеттерине катышуусунун кесепетинде.".

Караңыз:

КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2017-жылдын 29-мартындагы N 5-р чечими

7-берене.

"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 8, 392-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

31-статья төмөнкүдөй мазмундагы бөлүк менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте түзүлүүчү Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралдарды таратууга катыштыгы бар адамдардын тизмегиндеги адамдарга соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенден тартып, жазасын өтөөдөн бошотууга чейин пенсия чектөөгө жана төлөөгө, ошондой эле ишеним кат боюнча пенсия төлөөгө тыюу салынат.".

8-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А.Ш. Атамбаев