Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2016-жылдын 2-августу № 162

Терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(КР 2017-жылдын 24-январындагы N 10 Мыйзамынын,  КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексинин редакцияларына  ылайык)

1-берене.

(КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготот)

 

2-берене.

(КР 2017-жылдын 24-январындагы N 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготот)

 

3-берене.

(КР 2017-жылдын 24-январындагы N 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготот)

 

4-берене.

"Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 10, 854-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-статьяда:

экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"терроризм - бул зомбулук идеологиясы жана калкты коркутууга же коомдук коопсуздукту бузууга байланышкан зомбулук жана (же) башка кылмыштуу аракеттерди жасоо практикасы, ошого тете конституциялык түзүлүштү бузууга чакыруу же болбосо мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же эл аралык уюмдар тарабынан кабыл алынуучу чечимдерге таасир этүү максатында мындай иш-аракеттерге.";

жыйырма биринчи абзацы "жасоого көмөктөшкөн" деген сөздөрдөн кийин "ошондой эле террористтик актыларды жасоо, пландоо, даярдоо же жасоого катышуу максатында же террористтерди даярдоо же мындай даярдыктан өтүү үчүн, ошондой эле куралдуу чыр-чатакка байланыштуу алар жашабаган же жарандыгы болбогон мамлекетке жөнөгөн" деген сөздөр менен толукталсын;

сексенинчи абзацы "296," деген цифралардан кийин "375," деген цифралар менен толукталсын.

2) 4-статьянын 4 бөлүгү "жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы" деген сөздөр менен толукталсын.

3) 37-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"37-статья. Террористтик актынын натыйжасында же террористтик ишке бөгөт коюуда келтирилген зыяндын ордун толтуруу

1. Мамлекет террористтик актынын натыйжасында зыян келтирилген жеке жана юридикалык жактарга компенсациялык төлөмдөрдү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырат.

Террористтик актынын натыйжасында келтирилген моралдык зыянды кошо алганда, зыяндын ордун толтуруу жарандык сот өндүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте террористтик актыны жасаган адамдын каражаттарынын жана мүлкүнүн эсебинен жүзөгө ашырылат. Мындан тышкары зыяндын ордун толтуруу анын жакын туугандары, туугандары жана башка адамдары акчаны, баалуулуктарды жана башка мүлктү террористтик иштин жыйынтыгында алды жана (же) мындай мүлктөн түшкөн киреше деп саноого жетиштүү негиздер болгондо алардын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат. Террористтик актынын натыйжасында жарандардын өмүрүнө же ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө талапка доонун эскириши жайылтылбайт. Террористтик актынын натыйжасында мүлккө келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө талаптар боюнча доонун эскирүү мөөнөтү көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн жазык жоопкерчилигине тартуу мөөнөтүнүн эскиришинин чегинде белгиленет.

2. Террористтик ишке бөгөт коюуда келтирилген зыяндын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.

3. Террористтик ишке бөгөт коюуда террористтик иш менен алектенген адамдын ден соолугуна жана мүлкүнө укук ченемдүү иш-аракеттер менен келтирилген зыяндын, ошондой эле бул адамдын өлүмүнө алып келген зыяндын орду толтурулбайт.";

4) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 371-статья менен толукталсын:

"37-1-статья. Укук ченемдүү зыян келтирүү

Террористтик ишке бөгөт коюуда, же болбосо терроризмге каршы күрөшүү боюнча башка иш-чараларды жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында буйрук же уруксат берген иш-аракеттер менен террористтик иш жүргүзүп жаткан адамдын өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө, же болбосо адамдын, коомдун же мамлекеттин мыйзам менен корголуучу башка кызыкчылыктарына зыян келтирүү укук ченемдүү болуп саналат.";

5) 38-статьянын 1-бөлүгүндө "террористтик акт жасалган аймактагы областтын, райондун жергиликтүү бюджетинен жана" деген сөздөр алып салынсын.

5-берене.

"Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 11, 901-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-статьяда:

1-пунктта:

- жетинчи абзацы "улуттук" деген сөздөн кийин "(этностор аралык)" деген сөздөр менен толукталсын;

- тогузунчу жана онунчу абзацтар "улуттук" деген сөздөн кийин "(этностук)" деген сөз менен толукталсын;

- төртүнчү абзацы (экстремисттик материалдар" түшүнүгү) "улуттук" деген сөздөн кийин "(этностук)" деген сөз менен толукталсын.

6-берене.

"Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 5, 461-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

26-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1) эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча расмий милдеттерди аткаруу учурларын кошпогондо, адамдын чет мамлекеттин аскердик же чалгындоо кызматына кирүүсүнүн; террорчулук же экстремисттик кылмыштарды жасоо шыктарын жана көндүмдөрүн алууга багытталган даярдыктан Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жакта өтөөсүнүн; чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылыштарга же согуш аракеттерине катышуусунун кесепетинде.".

Караңыз:

КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2017-жылдын 29-мартындагы N 5-р чечими

 

7-берене.

"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 8, 392-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

31-статья төмөнкүдөй мазмундагы бөлүк менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте түзүлүүчү Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралдарды таратууга катыштыгы бар адамдардын тизмегиндеги адамдарга соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенден тартып, жазасын өтөөдөн бошотууга чейин пенсия чектөөгө жана төлөөгө, ошондой эле ишеним кат боюнча пенсия төлөөгө тыюу салынат.".

8-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А.Ш. Атамбаев