Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\9682dd1a-2475-4707-a81b-ee0d7b111c80\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2016-жылдын 2-августу № 163

"Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене.

"Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 6, 377-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-статья төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Ипотека күрөөлүгү - анын ээсинин төмөнкүлөргө укугун ырастоочу документтик ордердик баалуу кагаз:

- бул милдеттенмелердин бар экендигинин башка далилдерин бербестен, ипотека менен камсыздалган акчалай милдеттенме боюнча аткарууну алууга;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ипотека менен оорлотулган мүлктүн эсебинен ипотека менен камсыз кылынган милдеттенмелерди канааттандырууга.";

2) 11-статья төмөнкүдөй мазмундагы 9-пункт менен толукталсын:

"9. Ипотека күрөөлүгүн берүүдө мындай мүлктүн кийинки күрөөсүнүн бар-жогу эсепке алынбайт.";

3) 19-статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:

"5. Ипотека күрөөлүгүнө ээ болгон күрөө кармоочу аны үчүнчү жакка ага индоссамент түзүү жолу менен өткөрүп берүүгө укуктуу. Ипотека күрөөлүгү боюнча укуктарды берүү менен камсыз кылынган милдеттенме боюнча күрөөгө алуучунун жана кредитордун укуктары ипотека менен анын жаңы ээсине өтөт. Ипотека күрөөлүгү боюнча укуктарды өткөрүп берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик каттоого алынууга тийиш.";

4) 36-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"36-статья. Ипотека күрөөлүгү тууралуу негизги жоболор

1. Ипотека менен камсыз кылынган милдеттенме боюнча жана ипотека жөнүндө келишим боюнча күрөө кармоочунун укуктары ипотека күрөөлүгү менен ырасталышы мүмкүн.

2. Ипотека күрөөлүгү ипотекалык кредиттин эсебинен алынып жаткан кыймылсыз турак-жайдын менчик ээси тарабынан түзүлөт. Башка учурларда ипотека күрөөлүгү тууралуу шарттар жараксыз.

3. Ипотека күрөөлүгү ипотека менен камсыз кылынган милдеттенме аяктаганга чейин кандай гана болбосун учурда күрөө берүүчү тарабынан түзүлүшү мүмкүн. Ипотека күрөөлүгү боюнча күрөө кармоочунун укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик каттоого алынууга тийиш. Эгерде ипотека күрөөлүгү белгиленген тартипте каттоодон өтпөсө, ал жарамсыз.

4. Ипотека күрөөсүн түзгөн жак же болбосо анын ээси өз ара макулдашуу боюнча ипотека күрөөлүгүндө мурда белгиленген шарттарды өзгөртүүгө укуктуу. Мындай макулдашууну түзүүдө ипотека күрөөлүгүнүн мазмунуна, анда ипотека күрөөлүгүнүн ажырагыс бөлүгү болуп саналаары көрсөтүлгөн мындай макулдашуунун түп нускасын тиркөө жолу менен өзгөртүү киргизүү же болбосо ипотека күрөөлүгүн жокко чыгарып, ошол эле учурда тийиштүү өзгөртүүлөрдү эске алуу менен түзүлгөн жаны ипотека күрөөлүгүн берүү каралат. Ипотека күрөөлүгүнүн мазмунун өзгөртүү мындай өзгөртүүлөр мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин күчүнө кирет.

5. Ипотека күрөөлүгүнүн ээси аны лицензияланган депозитарийге эсепке алуу үчүн өткөрүп берүүгө укуктуу. Ипотека күрөөлүгүн депозиттик эсепке алуу эрежелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.";

5) 4-глава төмөнкүдөй мазмундагы 36-2 - 36-4-статьялар менен толукталсын:

"36-2-статья. Ипотека күрөөлүгүнүн мазмуну

1. Ипотека күрөөлүгү төмөнкүлөрдү камтышы керек:

1) документтин аталышына киргизилген "ипотека күрөөлүгү" деген сөздөрдү;

2) күрөө берүүчүнүн, ипотека менен камсыз кылынган милдеттенмелер боюнча карызкордун ысымдарын, ошондой эле инсандыгын ырастоочу документ жөнүндө маалыматтарды;

3) алгачкы күрөө кармоочунун (кредитордун) аталышын, анын юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу маалыматтарды, ошондой эле күрөө келишими жана кредиттик келишим түзүлгөн дата, орду жөнүндө маалыматтарды;

4) ипотека менен камсыздалган милдеттенменин суммасын жана пайыздардын өлчөмүн жана эгерде алар бул милдеттенме боюнча төлөнүүгө тийиш болсо же болбосо талаптагыдай учурда бул сумманы жана пайыздарды аныктоого мүмкүндүк берген шарттарды көрсөтүүнү;

5) ипотека менен камсыз кылынган милдеттенменин суммасын жана милдеттенме боюнча пайыздарды төлөө мөөнөтүн, эгер бул сумма бөлүктөр боюнча төлөнүүгө тийиш болсо, тийиштүү төлөмдөрдүн мөөнөттөрүн (мезгилдүүлүгү) жана ар биринин өлчөмүн, же болбосо төлөмдөрдүн мөөнөтүн жана өлчөмүн аныктоого мүмкүндүк берген шарттарды (милдеттенмелерди кутулуу графигин);

6) аталышын жана ага ипотека коюлган, идентификациялоо үчүн жетиштүү мүлктү сыпаттап жазууну, ошондой эле мындай мүлктүн жайгашкан ордун көрсөтүүнү;

7) көз карандысыз баалоочунун корутундусу менен ырасталган ипотека коюлган мүлктүн акчалай баасын;

8) ипотеканын жүйөсү болуп саналган мүлккө жараша күрөө берүүчүгө таандык болгон укук берүүчү документ тууралуу маалыматты, мамлекеттик каттоонун номерин, датасын жана ордун көрсөтүү менен бул укукту каттоого алган органдын аталышын;

9) ипотеканын жүйөсү болуп саналган мүлк толугу менен күрөө берүүчүнүн менчигинде экенин жана ипотеканы мамлекеттик каттоо учурунда үчүнчү жактардын укуктары менен эч кандай оорлотулбаганын көрсөтүүнү;

10) күрөө берүүчүнүн нотариалдык жактан ырасталган колун;

11) ипотеканын мамлекеттик катталышы жөнүндө маалыматтарды жана ипотека күрөөлүгүнүн мамлекеттик катталышы жөнүндө белгини;

12) ипотека күрөөлүгү түзүлгөн датаны жана ордун көрсөтүүнү.

2. "Ипотека күрөөлүгү" деп аталган, ушул статьянын 1-пунктунун 1-12-пункчаларында көрсөтүлгөн маалыматтар болбогон документ ипотека күрөөлүгү болуп саналбайт жана алгачкы күрөө кармоочуга берилбейт.

3. Ипотека күрөөлүгүн түзүүдө ага ушул статьянын 1-пунктунда каралбаган маалыматтар жана шарттар киргизилиши мүмкүн.

4. Эгерде тараптар ипотека жөнүндө келишимде же мыйзамга жараша ипотеканы пайда кылуучу келишимде күрөөгө коюлган мүлктү соттон тышкары тартипте өндүрүп алуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө шартты караган учурда, мындай шарт ипотека күрөөлүгүндө камтылышы керек.

5. Эгерде тараптар ипотека жөнүндө келишимде же мыйзамга жараша ипотеканы пайда кылуучу келишимде соттун чечими боюнча ипотека жүйөсүн өндүрүүдө күрөөгө коюлган мүлктү сатуу ыкмасын жана тартибин караган учурда, тийиштүү жобо ипотека күрөөлүгүнө киргизилиши керек.

6. Ипотека күрөөлүгүнүн өзүндө өткөрүп берүү жазмасы үчүн, анын ичинде анын жаңы ээси тууралуу белгилер, же болбосо башка жазуулар үчүн орун жок болсо, ага кошумча барак тиркелет. Ипотека күрөөлүгүнүн бардык барактары бирдиктүү бүтүндү түзөт. Аларга номер коюлуп, бири-бирине бекитилип, кызмат адамынын колу менен ырасталышы же кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырган органдын мөөрү менен бекитилиши керек. Ипотека күрөөлүгүнүн өзүнчө барактары бүтүмдөрдүн жүйөсү боло албайт.

7. Ипотека күрөөлүгү ипотека жөнүндө келишимге же анын милдеттенмеси ипотека менен камсыз кылынган келишимге шайкеш келбегенде, эгерде талаптар мындай шайкеш келбестиктер тууралуу ипотека күрөөлүгүнүн ээсине белгилүү болгондон кийин дароо кайрылса, ипотека күрөөлүгүн түзүүчү анын ээсинин талабы боюнча көрсөтүлгөн шайкеш эместиктерди аны жокко чыгаруу жана ошол эле учурда жаңы ипотека күрөөлүгүн берүү жолу менен четтетүүгө милдеттүү.

Ипотека күрөөлүгүн түзүүчү көрсөтүлгөн шайкеш эместиктер жана аны четтетүүгө байланыштуу пайда болгон чыгымдар үчүн жоопкерчилик тартат.

8. Ипотека күрөөлүгүнө ипотека шарттарын аныктоочу же күрөө кармоочу ипотека күрөөлүгү боюнча өзүнүн укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон документтер тиркелиши мүмкүн. Ипотека күрөөлүгүн жаңы ээсине тапшырууда ага тиркелген бардык документтер кошо берилет.

36-3-статья. Ипотека күрөөлүгү боюнча укуктарды жүзөгө ашыруу жана ипотека менен камсыз кылынган милдеттенмелерди аткаруу

1. Ипотека күрөөлүгүнүн ээси өзүнүн укуктарын жүзөгө ашырууда ипотека күрөөлүгүн анын талабы боюнча ал боюнча милдеттүү жакка көрсөтүүгө милдеттүү. Эгерде ипотека күрөөлүгү депозиттик эсепке алууга берилген учурда, ипотека күрөөлүгүнүн ээси аны көрсөтпөй коюуга укуктуу. Ипотека күрөөлүгүн депозиттик эсепке алууну жүзөгө ашырган учурда, карызкор анын ээсинен анын укуктарын ырастоого ыйгарым укуктуу жактын колу жана депозитарийдин мөөрү менен ырасталган депозитарий көчүрмөсүн талап кылууга укуктуу.

2. Күрөө кармоочу ипотека менен камсыз кылынган милдеттенмелер аткарылгандан кийин милдеттенмелердин толук аткарылгандыгы жөнүндө белгиси менен ипотека күрөөлүгүн күрөө кармоочуга токтоосуз берүүгө, милдеттенмелер бөлүктөр боюнча аткарылган учурда - күрөө берүүчү үчүн анын жеткиликтүү жана ипотека күрөөлүгүнүн кийинки ээлери үчүн талашсыз ыкмада жарым-жартылай аткарылгандыгын, анын ичинде тийиштүү финансылык документтерди тиркөө менен же ага милдеттенмелердин жарым-жартылай аткарылгандыгы жөнүндө жазуу жүргүзүү менен ырастоого милдеттүү.

3. Ипотека күрөөлүгү күрөө кармоочуда турса же болбосо анда ипотека менен камсыз кылынган милдеттенменин башкача түрдө же жарым-жартылай аткарылганын ырастоочу белги жок болсо, эгерде башкача далилденбесе, анда бул милдеттенмелер же анын тийиштүү бөлүктөрү аткарылбагандыгын күбөлөндүрөт. Мындай учурда карызкор тарабынан милдеттенмелердин аткарылбагандыгын далилдөө боюнча милдеттенмелер жарандык мыйзамдарга ылайык кредиторго жүктөлөт.

4. Карызкор ипотека менен камсыз кылынган милдеттенме боюнча өз карызын толук же анын ээсине же ал боюнча укуктарды жүзөгө ашырууга ипотека күрөөлүгүнүн ээсин же жазуу жүзүндө ыйгарым укук берген жактын милдеттерин жабуу графигине ылайык, ипотека күрөөлүгү боюнча өзүнүн милдеттерин талаптагыдай аткарууга тийиш болгон бөлүгүн жабат.

5. Эгерде сот тарабынан бул ипотека күрөөлүгү боюнча берилген укуктарды жараксыз деп таануу жөнүндө, же болбосо бул бүтүмдүн жараксыздыгынын кесепеттерин колдонуу жөнүндө, же болбосо ипотека күрөөлүгүнүн өзүнүн жараксыздыгы жөнүндө доо кароого алынган учурда ипотека күрөөлүгү боюнча милдеттүү жак ипотека күрөөлүгүн көрсөтүүчүгө ипотека күрөөлүгү боюнча өзүнүн укуктарын жүзөгө ашыруудан баш тартууга укуктуу.

Ипотека күрөөлүгү боюнча милдеттүү жак анын мыйзамдуу ээсинин ал боюнча укуктарды жүзөгө ашыруу жөнүндө талаптарына каршы ипотека күрөөлүгүнө негизделбеген эч кандай каршылыктарды келтирүүгө укуксуз.

6. Ал боюнча милдеттүү жакта же кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырган органда ипотека күрөөлүгү турса, эгерде ушул Мыйзамда башкача белгиленбесе, ипотека менен камсыз кылынган милдеттенме аткарылгандыгын күбөлөндүрөт. Ипотека күрөөлүгү анын ээлигинде болуп калган жак жогоруда аталгандардын ичинен башка жактарга токтоосуз бул тууралуу билдирүүгө милдеттүү.

Ушул Мыйзамга ылайык ипотека күрөөлүгү жокко чыгарылган учурларда, кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырган орган ал тарабынан ипотека күрөөлүгү алынаары менен токтоосуз, мындай органдын ыйгарым укуктуу жагынын колу жана мөөрү коюу менен, аны бет жагын тийиштүү жазуулар менен белгилөө аркылуу жокко чыгарат, мында ипотека күрөөлүгүн толугу менен жок кылууга тыюу салынат.

36-4-статья. Жоготулган ипотека күрөөлүгүнө карата укуктарды калыбына келтирүү

1. Жоготулган ипотека күрөөлүгүнө карата укуктарды калыбына келтирүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күрөө берүүчү тарабынан жүргүзүлөт.

2. Ал боюнча депозиттик эсепке алуу жүзөгө ашырылуучу жоготулган ипотека күрөөлүгүнө карата укуктарды калыбына келтирүү бул күрөөлүктү жоготуу фактысын көрсөтүү менен, тийиштүү депозитарий тарабынан берилүүчү ал күрөөнүн акыркы ээси жөнүндө маалымкаттын негизинде жүргүзүлөт, мында депозиттик эсептер боюнча жазууларга ылайык анын ээси болуп саналган жак ипотека күрөөлүгүн жоготкон жак деп таанылат.

3. Күрөө берүүчү өзү тарабынан түзүлгөн жоготулган ипотека күрөөлүгүн жараксыз деп таануу жөнүндө соттун чечимин алгандан кийин, 3 күндүн ичинде "дубликат" деген белгиси менен бул ипотека күрөөлүгүнүн дубликатын түзүүгө жана аны кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырган органга берүүгө милдеттүү.

4. Ипотека күрөөлүгүнүн дубликаты аны жоготкон жакка мамлекеттик каттоодон өткөрүлгөндөн кийин кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырган орган тарабынан тапшырылат.";

6) 63-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:

"Эгерде күрөөнүн объектиси ушул Мыйзамдын 42-1-статьясы менен белгиленген тартипте сатып алынган турак үй же квартира болсо, сот көрсөтүлгөн маселелерге кошумча доогердин талабы боюнча көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлк объектисинен күрөө берүүчүнү жана аны менен бирге турган үй-бүлө мүчөлөрүн, ошондой эле кандай гана болбосун башка үчүнчү жактарды чыгаруу тууралуу маселени чечет.";

7) 65-статьянын 3-бөлүгү "жеке адамдын менчик укугуна тиешелүү жалгыз турак жайы болуп саналган" деген сөздөрдөн кийин "жана мындай турак-жай ушул Мыйзамдын 42-1-статьясында белгиленген тартипте сатып алынбаган" деген сөздөр менен толукталсын.

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А.Ш. Атамбаев