Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\60ca027a-f09d-4c19-8e19-0eb061a573b1\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2016-жылдын 21-октябры № 170

"Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене.

"Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 7, 676-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

10-беренеде:

1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандарты мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн типтүү стандартынын негизинде кызмат көрсөтүүнү стандартташтырууга жооптуу мекеме тарабынан иштелип чыгат.";

3-бөлүк "Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн" деген сөздөрдөн кийин "жана базалык реестрге кирген муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн" деген сөздөр менен толукталсын;

4-бөлүк "Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн" деген сөздөрдөн кийин "кошумча тизмегинин" деген сөздөр менен толукталсын.

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А.Ш. Атамбаев