Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\LSoft\CdbSearchClient\836832d9-f7d0-4485-aa04-7fce341e9da0\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2016-жылдын 18-ноябры № 181

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

167-берененин 2-пункту "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын резервдик фондунан" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын фондунан" деген сөздөр менен толукталсын.

2-берене.

"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 5, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

12-статьянын 13-пункту "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын резервдик фондунан," деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын фондунан жана" деген сөздөр менен толукталсын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А.Ш. Атамбаев