Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\LSoft\CdbSearchClient\836832d9-f7d0-4485-aa04-7fce341e9da0\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2016-жылдын 16-декабры № 208

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 97-статьянын 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

2) 98-статьянын 1-пунктунда:

биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Жоюу комиссиясы (жоюучу) юридикалык жактын ыйгарым укуктуу органы же сот тарабынан юридикалык жакты жоюу жана жоюу комиссиясын (жоюучуну) шайлоо (дайындоо) жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып бул тууралуу юридикалык жактарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу органга юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамда белгиленген мөөнөттө жазуу жүзүндө кабарлайт. Кабарлоо ушул пунктта каралган чечимдин көчүрмөсүн милдеттүү тиркөө менен анын кредиторлорунун талаптарын билдирүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү жөнүндө маалыматты камтуусу тийиш. Мында анын кредиторлорунун талаптарын билдирүү мөөнөтү жоюлгандыгы жөнүндө жарыяланган учурдан тартып эки айдан кем болууга тийиш эмес.";

пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу орган кабарлоону алып, юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамда белгиленген мөөнөттө мамлекеттик реестрге юридикалык жак жоюлуу процессинде экендиги жөнүндө жазууну киргизүүгө жана бул тууралуу юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамда каралган мамлекеттик органдарга билдирүүгө милдеттүү.".

2-берене.

"Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2, 130-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

13-берененин 1 жана 2-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Жоюу комиссиясы (жоюучу) юридикалык жактын ыйгарым укуктуу органы же сот тарабынан юридикалык жакты жоюу жана жоюу комиссиясын (жоюучуну) шайлоо (дайындоо) жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 3 жумушчу күндүн ичинде бул тууралуу каттоочу органга жазуу жүзүндө кабарлайт. Кабарлоо ушул бөлүктө каралган чечимдин көчүрмөсүн милдеттүү тиркөө менен анын кредиторлорунун талаптарын билдирүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү жөнүндө маалыматты камтуусу тийиш. Мында анын кредиторлорунун талаптарын билдирүү мөөнөтү жоюлгандыгы жөнүндө жарыяланган учурдан тартып 2 айдан кем болууга тийиш эмес.

2. Каттоочу орган юридикалык жакты жоюу жөнүндө кабарлоону алып, 7 жумушчу күндүн ичинде мамлекеттик реестрге юридикалык жак жоюлуу процессинде экендиги жөнүндө жазууну киргизүүгө жана бул тууралуу салык жана бажы органдарына, статистика органдарына жана Социалдык фондго билдирүүгө милдеттүү.".

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А.Ш. Атамбаев