Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\LSoft\CdbSearchClient\836832d9-f7d0-4485-aa04-7fce341e9da0\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2017-жылдын 20-январы № 6

Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексин, "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодекси, "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2017-жылдын 1-июлунан тартып колдонууга киргизилсин.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси колдонууга киргизилгенден тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 3, 158-ст.);

2) "Кыргыз Республикасынын Жарандык-процесстик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 29-декабрындагы № 147 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 3, 159-ст.);

3) "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 12-майындагы № 43 Мыйзамы ("Эркин Тоо" газетасы, 2001-жылдын 18-майы, № 35);

4) "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-июлундагы № 162 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 11, 503-ст.);

5) "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 26-июлундагы № 97 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 11, 504-ст.);

6) "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 8-августундагы № 110 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 11, 516-ст.);

7) "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 18-июлундагы № 106 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 10, 752-ст.);

8) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 25-июнундагы № 93 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 6, 528-ст.);

9) "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 10-августундагы № 145 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 7-9, 714-ст.);

10) "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 2-июнундагы № 103 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/1, 567-ст.);

11) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-июлундагы № 168 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/1, 632-ст.);

12) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 17-июлундагы № 225 Мыйзамынын 3-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 735-ст.);

13) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 17-июлундагы № 233 Мыйзамынын 3-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 743-ст.);

14) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 17-июлундагы № 234 Мыйзамынын 3-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 744-ст.);

15) "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-июлундагы № 252 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 762-ст.);

16) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 12-октябрындагы № 268 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 9, 855-ст.);

17) "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 19-январындагы № 5 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2010-ж., № 1, 5-ст.);

18) "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 16-ноябрындагы № 210 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 10, 1501-ст.);

19) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 1-мартындагы № 10 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 3, 2003-ст.);

20) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 17-мартындагы № 21 Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 3, 2014-ст.);

21) "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 10-июлундагы 101 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2712-ст.);

22) "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 11-декабрындагы № 217 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 11, 1236-ст.);

23) "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 14-мартындагы № 48 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку; Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 3, 174-ст.);

24) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 31-январындагы № 29 Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 1, 29-ст.);

25) "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 18-майындагы № 63 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 5, 402-ст.);

26) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, "Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 1-июлундагы № 97 Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 7, 815-ст.).

3-берене.

"Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы колдонууга киргизилген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) "Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу" Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 18-мартындагы № 39 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 4, 160-ст.);

2) "Кыргыз Республикасындагы аткаруу иши жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 20-ноябрындагы № 181 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 11, 949-ст.);

3) "Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-декабрындагы № 314 Мыйзамына толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 11, 1028-ст.);

4) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 25-октябрындагы № 148 Мыйзамынын 3-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 9, 781-ст.);

5) "Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 13-мартындагы № 57 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 3, 247-ст.);

6) "Тооруктарды, аукциондору өткөрүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 22-июнундагы № 84 Мыйзамынын 3-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 6, 533-ст.).

4-берене.

1. Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси жана Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодекси күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр белгиленсин:

1) биринчи, апелляциялык, кассациялык жана көзөмөлдүк инстанциялардагы сотторго 2017-жылдын 1-июлуна чейин келип түшкөн доо арыздары (арыздар) жана даттануулар (сунуштамалар) "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 29-декабрындагы № 147 Мыйзамы менен колдонууга киргизилген, кийин өзгөртүүлөр жана толуктоолор кошулган Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин (мындан ары - 1999-жылдын 29-декабрындагы Жарандык процесстик кодекс) нормаларына ылайык, тиешелүү инстанциядагы сотто каралууга жатат;

2) биринчи, апелляциялык, кассациялык жана көзөмөлдүк инстанциялардагы соттордун өндүрүшүндө 2017-жылдын 1-июлуна карата турган иштер 1999-жылдын 29-декабрындагы Жарандык процесстик кодекстин нормаларына ылайык, тиешелүү сот инстанциясында каралууга жатат;

3) биринчи инстанциядагы соттордун 2017-жылдын 1-июлуна чейин мыйзамдуу күчүнө кирген жана кассациялык тартипте даттанылбаган актылары тараптар жана ишке катышуучу башка жактар (мындан ары - процесстин катышуучулары) тарабынан 1999-жылдын 29-декабрындагы Жарандык процесстик кодекстин 3372-статьясынын 2-пунктунда каралган мөөнөттө апелляциялык тартипте даттанылат;

4) областтык жана аларга теңдештирилген соттордун 2017-жылдын 1-июлуна чейин чыгарылган жана көзөмөлдүк тартипте даттанылбаган актылары процесстин катышуучулары тарабынан 1999-жылдын 29-декабрындагы Жарандык процесстик кодекстин 344-статьясында каралган мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда кассациялык тартипте даттанылат.

2. Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси жана Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодекси күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр белгиленсин:

1) биринчи, апелляциялык, кассациялык инстанциялардагы соттордун 1999-жылдын 29-декабрындагы Жарандык процесстик кодекстин 25, 37, 38-главаларында каралган иштер боюнча 2017-жылдын 1-июлуна чейин акыркы формада чыгарылган актылары процесстин катышуучулары тарабынан, ушул Мыйзам менен колдонууга киргизилип жаткан Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодекске ылайык даттанылат;

2) биринчи, апелляциялык, кассациялык инстанциялардагы соттордун сот аткаруучунун актыларына жана аракеттерине (аракетсиздигине) даттануу тууралуу иштер боюнча 2017-жылдын 1-июлуна чейин акыркы формада чыгарылган актылары ушул Мыйзам менен колдонууга киргизилип жаткан Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинде каралган тартипте даттанылат.

3. 2017-жылдын 1-июлуна чейин чыгарылган сот актыларына карата апелляциялык жана кассациялык даттануу бергендик үчүн мамлекеттик алым алуу 1999-жылдын 29-декабрындагы Жарандык процесстик кодекстин 98-статьясынын 1-пунктунда каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

4. Жогору турган инстанция жаңы кароого жөнөткөндө иш Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине жана Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине ылайык каралат. Мында мамлекеттик алымды алуу 1999-жылдын 29-декабрындагы Жарандык процесстик кодекстин 98-статьясынын 1-пунктунун эрежелери боюнча жүргүзүлөт. Ушул норма иш жаңы кароого жиберилген инстанцияга карата гана жайылтылат.

5. Колдонууга киргизилип жаткан Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 108, 153, 174, 216, 217-беренелеринде каралган медиация жөнүндө нормалардын жоболору "Медиция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген күндөн тартып колдонулат.

6. Административдик укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын токтомдорун толук же айрым бөлүгүндө жараксыз деп таануу тууралуу арыздар боюнча иштер Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодекси күчүнө киргенге чейин, 1999-жылдын 29-декабрындагы Жарандык процесстик кодекстин эрежелерине ылайык каралат.

5-берене.

"Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү туралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы колдонууга киргизилген күндөн тартып төмөнкүлөр белгиленсин:

1) райондор аралык соттордун өндүрүшүндө турган, сот аткаруучулардын чечимдерине жана аракеттерине берилген даттануулар райондор аралык соттор тарабынан маңызы боюнча каралууга жатат;

2) сот аткаруучулар кызматынын өндүрүшүндө турган жана "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы колдонууга киргизилген күнгө карата аткарылбаган аткаруу документтери "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын нормаларына ылайык аткарылууга жатат.

6-берене.

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2. Ушул Мыйзамдын 4-беренесинин 3-бөлүгү 2018-жылдын 1-январына чейин колдонулат.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө:

1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоону жүргүзсүн;

2) ушул Мыйзам менен колдонууга киргизилип жаткан Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик, Административдик-процесстик кодекстерине, "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына мыйзамдарды ылайык келтирүүгө багытталган мыйзам долбоорлорун даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин;

3) өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзам менен колдонууга киргизилип жаткан Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик, Административдик-процесстик кодекстерине, "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А.Ш. Атамбаев