Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\LSoft\CdbSearchClient\836832d9-f7d0-4485-aa04-7fce341e9da0\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАЗЫК-АТКАРУУ КОДЕКСИ

2017-жылдын 31-январы № 17

(КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамы менен 2019-жылдын 1-январынан колдонууга киргизилет)

 

(КР 2019-жылдын 15-майындагы N 62 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

ЖАЛПЫ БӨЛҮК

I БӨЛҮМ. ЖАЗЫК-АТКАРУУ МЫЙЗАМДАРЫНЫН НЕГИЗГИ ЖОБОЛОРУ

1-глава. Жалпы жоболор

1-берене. Жазык-аткаруу мыйзамдары

1. Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына (мындан ары - Конституция), жазаларды жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруу жана өтөө тартибин жана шарттарын белгилөөчү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына негизденет.

2. Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери жазык-аткаруу мыйзамдарынын курамдык бөлүгү болуп саналат.

3. Эл аралык уюмдардын жазаларды аткаруу жана соттолгондорго мамиле кылуу маселелери боюнча сунуштамалары (декларациялары) зарыл социалдык-экономикалык мүмкүнчүлүктөр болгондо жазык-аткаруу мыйзамдарында ишке ашырылат.

4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Кодексте белгиленген учурларда, жазаларды жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруу маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларды, ошондой эле соттолгондорду кайра социалдаштырууга жана аларга социалдык жардам көрсөтүүгө багытталган башка ченемдик укуктук актыларды кабыл алат.

5. Жазаларды жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруу жана өтөө тартибин жана шарттарын белгилөөчү мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актылар менен, эгерде мыйзамда мындайлар каралбаса, соттолгондордун укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын чектөө белгилениши мүмкүн эмес.

2-берене. Ушул Кодексте колдонулуучу негизги түшүнүктөр

Ушул Кодексте төмөнкү негизги терминдер, түшүнүктөр жана алардын аныктамалары колдонулат:

1) жазык-аткаруу мыйзамдары - жазык жазаларын жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн башка чараларын аткаруунун (өтөөнүн) процессинде келип чыгуучу коомдук мамилелерди түздөн-түз жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын системасы;

2) жазык-аткаруу мыйзамдарынын принциптери - мамлекеттин жазык-аткаруу мыйзамдарынын мүнөзүнө жана жазык жазаларын аткарууда коомдук мамилелерди жөнгө салууга болгон негизги укуктук көз караштарын билдирүүчү жетектөөчү укуктук идеялар;

3) соттолгондорду түзөтүү - жасаган ишине өкүнүүгө жана мыйзамды сыйлаган жүрүш-турушка дем берүүгө, адамга, коомго урмат-сый менен мамиле кылууга жана адамдык коомдун ченемдеринин талаптарын сактоого негизденген алардын жүрүш-турушун социалдык-позитивдүү өзгөртүү;

4) кайра социалдаштыруу - жазаларды же жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын өтөгөндөн кийин соттолгондорго коомго оң интеграцияланууга көмөктөшүүчү зарыл социалдык байланыштардын калыбына келүү процесси;

5) жазаларды жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдар жана мекемелер - жазык мыйзамдарында каралган жазаларды жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдар жана мекемелер;

6) жаза өтөө режими - жазаларды жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруунун жана өтөөнүн ушул Кодексте жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартиби;

7) жазык-аткаруу системасынын мамлекеттик органы - жазаларды жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруу чөйрөсүндө жетекчиликти жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу аткаруу органы;

8) жазык-аткаруу системасы - жазык жазаларын жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткарууну камсыз кылуу боюнча аткаруучу жана тескөөчү иш-милдеттерди жүзөгө ашыруучу органдардын жана мекемелердин системасы;

9) пробация - бул инсанды социалдык изилдөөгө негизделген жана соттолгондорду түзөтүүгө, укук бузууларды жасоону алдын алууга, социалдык таасир көрсөтүүгө жана алардын кайра социалдашуусуна карата чараларды көрүүгө багытталган жекече социалдык-укуктук программаларга алардын ыктыярдуу катышуусу менен мамлекеттик мажбурлоонун, коомдук таасир көрсөтүүнүн комплекстүү чараларын соттолгондорго карата колдонууну жүзөгө ашыруучу мамлекеттин социалдык-укуктук институт;

10) пробация органы - коомдон обочолотуу менен байланышпаган жазыктык жазаларды жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткарууга, социалдык-укуктук иш-милдеттерди аткаруу менен түзөтүү мекемелеринен шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотулган адамдарды көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

11) пробациялык көзөмөл - сот тарабынан соттолгондорго жүктөлгөн көзөмөлдүк талаптардын аткарылышын жана алардын жүрүм-турумун контролдоону, соттолгонду түзөтүү жана кайра социалдаштыруу, ошондой эле ал тарабынан жаңы кылмыштардын, жоруктардын жана башка укук бузуулардын жасалышын алдын алуу максатында анын жүрүм-турумун өзгөртүү үчүн пробациялык көзөмөлдүн алдында болгон адамга карата жекече иштелип чыгылуучу жана ишке ашырылуучу социалдык-укуктук мүнөздөгү чаралардын комплексин аларга көрсөтүүнү жүзөгө ашыруу боюнча пробация органынын иши;

12) гауптвахта - аскердик уставдар жана Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодекси (мындан ары - Жоруктар жөнүндө кодекс) менен аныкталуучу, сот өкүмүнүн негизинде аскер кызматчыларын камакта кармоо жана жазаны өтөөсү үчүн жай;

13) медиатор - медиация жүргүзүүдө тараптарга жардам көрсөтүүчү көз карандысыз жак (мамилелердеги ортомчу);

14) медиация - алардын өз ара алгылыктуу макулдашууга жетишүүсүнүн максатында медиатордун көмөгүндө талашкан тараптардын кызыкчылыктарын макулдашуу жолу менен укуктук талашты жөнгө салуу (ортомчулук, талашка катышпаган медиатордун катышуусунда талаштарды чечүүнүн тынчтык ыкмасы) жол-жобосу.

3-берене. Жазык-аткаруу мыйзамдарынын максаттары, милдеттери жана мазмуну

1. Жазык-аткаруу мыйзамдарынын максаттары төмөнкүлөр болуп саналат;

1) жаза жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чаралары колдонулган соттолгондорду жана башка адамдарды түзөтүү жана кайра социалдаштыруу үчүн шарттарды түзүү;

2) жазаларды жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткарууда адам укуктарын коргоо;

3) инсандын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу, соттолгондордун жана башка адамдардын кылмыш жана жоруктарды жасоолорунун алдын алуу.

2. Ушул максаттарга ылайык жазык-аткаруу мыйзамдары төмөнкү милдеттерди чечүүгө чакырылган:

1) жазаларды жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын өтөө тартибин жана шарттарын жөнгө салуу;

2) соттолгондорду түзөтүү жана кайра социалдаштыруу, кылмыштар менен жоруктардын алдын алуу каражаттарын аныктоо;

3) соттолгондорго жана жаза жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чаралары колдонулган адамдарга социалдык-укуктук жактан жардам көрсөтүү;

4) коомчулуктун жазаларды жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу мекемелердин жана органдардын ишине катышуу формаларын аныктоо.

3. Жазык-аткаруу мыйзамдары төмөнкүлөрдү белгилейт:

1) Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинде (мындан ары - Жазык кодекси) жана Жоруктар жөнүндө кодексте каралган жазалардын жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруунун жалпы жоболорун жана принциптерин;

2) жазаларды жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруу жана өтөө, соттолгондорду түзөтүү жана кайра социалдаштыруу каражаттарын колдонуунун тартибин жана шарттарын;

3) соттолгондордун укуктук статусун жана алардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу кепилдиктеринин системасын;

4) жазаларды жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдардын жана мекемелердин иштөө тартибин, ошондой эле мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка уюмдардын, коомдук бирикмелердин жана жарандардын соттолгондорду түзөтүүгө катышуусунун тартибин;

5) жазаларды жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын өтөөдөн бошотуунун, соттолгондорго кайра социалдаштырууда жардам көрсөтүүнүн тартибин.

4-берене. Жазык-аткаруу мыйзамдарынын мейкиндикте жана убакытта колдонулушу

1. Жазык-аткаруу мыйзамдары жаза же жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чаралары колдонулган адамдарга карата Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.

2. Жазаны жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруу жана өтөө аларды колдонуу учурунда колдонулуп жаткан мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.

5-берене. Жазаны жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруунун негизи

Соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү же болбосо соттун аны өзгөртүүчү же толуктоочу чечими, мунапыс берүү жана аны колдонуу жөнүндө акт, ырайым кылуу жөнүндө акт жазаларды жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруунун негиздери болуп саналат.

6-берене. Түзөтүүнүн жана кайра социалдаштыруунун негизги каражаттары

1. Жазалар жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруунун жана өтөөнүн белгиленген тартиби (режим); тарбиялык таасир көрсөтүү; коомдук пайдалуу эмгек; социалдык ыңгайлаштыруу боюнча иш; билим алуу жана кесиптик жактан даярдоо соттолгондорду түзөтүүнүн жана кайра социалдаштыруунун негизги каражаттары болуп саналат.

2. Мыйзамды сыйлаган жүрүш-туруш, эмгекке жана окууга ак ниет мамиле кылуу, тарбиялоо иш-чараларына, ошондой эле кайра социалдаштыруу, жабырлануучулар менен жараштыруу программаларына активдүү катышуу, кылмыш же жорук менен келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча чараларды өз ыктыяры менен көрүү, соттолгондун өзүнүн үй-бүлөсүнүн жашоо-турмушуна катышуусу, социалдык ченемдерди сыйлоого негизделген баалуу багыттарды калыптандыруу соттолгондорду түзөтүүгө жана кайра социалдаштырууга баа берүү критерийлери болуп саналат.

2-глава. Жазык-аткаруу мыйзамдарынын принциптери

7-берене. Жазык-аткаруу мыйзамдарынын принциптери

Жазык-аткаруу мыйзамдары мыйзамдуулук, гумандуулук, коомчулуктун катышуусу, соттолгондордун мыйзам алдында теңдиги, жазаларды жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткарууну дифференциациялоо жана жекелештирүү, мажбурлоо чараларын сарамжалдуу колдонуу жана укукту урматтаган жүрүш-турушка түрткү берүү, жазаларды жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын соттолгондорго түзөтүүчү таасир көрсөтүү жана аларды кайра социалдаштыруу менен бириктирүү принциптерине негизденет.

8-берене. Мыйзамдуулук принциби

1. Жазаны жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдардын жана мекемелердин иши мыйзамдарды сактоого негизденет. Жазаны жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдардын жана мекемелердин администрациясы мыйзамдуулукту камсыз кылуу үчүн мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат.

2. Соттолгондор жазаны жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруу жана өтөө тартибин жана шарттарын аныктоочу мыйзамдардын талаптарын сактоого милдеттүү.

3. Соттолгондорго алардын мыйзамдарда каралган укуктары жана милдеттери толук көлөмдө түшүндүрүлүүгө, аларга жазаларды жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруу жана өтөө тартибин жана шарттарын жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга жеткиликтүүлүгү камсыз кылынууга тийиш.

9-берене. Гумандуулук принциби

1. Жазык-аткаруу мыйзамдары соттолгондордун жана башка адамдардын адамдык кадыр-баркын, жашоо-турмушун, ден соолугун, укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого багытталган.

2. Жазаларды жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруу адамдын кадыр-баркын кемсинтүү, дене бойлук жана адеп-ахлактык азап тарттыруу, кыйноолорду колдонуу жана ырайымсыз мамиле көрсөтүү максаттарын көздөбөйт. Соттолгондорго мамиле кылуу алардын адамдык кадыр-баркынын кол тийгистигин таанууга, урматтоого жана укуктарын коргоого негизделген.

10-берене. Коомчулуктун катышуу принциби

1. Жазаларды жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу мекемелердин жана органдардын иши мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен кызматташуунун, жалпыга маалымдоо каражаттары жана жарандык коомдун башка түзүмдөрү менен ачык-айкындуулуктун жана өз ара аракеттенүүнүн, жазык-аткаруу мыйзамдарын өркүндөтүү маселелери боюнча коомдук ой-пикирди эске алуунун, жазаларды жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу мекемелердин жана органдардын ишин коомдук контролдоонун негизинде жүзөгө ашырылат.

2. Соттолгондорго түзөтүү жана кайра социалдаштыруу каражаттарын колдонуу алардын жакын туугандарынын жана аларга он таасир көрсөтө ала турган башка адамдардын катышуусунда, алардын пайдалуу демилгелерин, өз алдынча башкаруу элементтерин өнүктүрүүнүн негизинде жүзөгө ашырылат.

11-берене. Соттолгондордун мыйзам алдында теңдиги

1. Жазаларды жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруу процессинде соттолгондор жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этностук таандыктыгы, диний ынанымдары, курагы, саясий же башка көз караштары, билими, ата-теги, мүлктүк же башка абалы, жарандыгы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырланууга кириптер кылынбайт.

2. Соттолгондордун мыйзам алдында теңдиги алардын курагына, жынысына, жазасын жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын өтөө мезгилинде жүрүш-турушуна жараша жазаларды жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын өтөө тартибин жана шарттарын аныктоого, башка жагдайлар менен тете эле, дифференциалдык мамиле кылууну четке чыгарбайт.

12-берене. Жазаларды жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткарууну дифференциациялоо жана жекелештирүү принциби

Жазаларды жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруу алардын түрлөрүн, жасалган кылмыштын коомдук кооптуулугунун мүнөзүн жана деңгээлин, соттолгондун инсандыгын, жазаларды жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын өтөө мезгилинде анын жүрүш-турушун, соттолгондун эмгекке жана окууга, тарбия берүү иш-чараларына, ошондой эле кайра социалдаштыруу программаларына катышууга болгон мамилесин, кылмыш же жорук менен келтирилген материалдык зыяндын жана моралдык зыяндын ордун толтуруу боюнча чаралардын кабыл алынышын эске алуу менен жүзөгө ашырылат.

13-берене. Мажбурлоо каражаттарын сарамжалдуу колдонуу жана укукка ылайык жүрүш-турушка түрткү берүү принциби

Жазаларды жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын өтөө мезгилинде соттолгондордун жүрүш-турушу, алардын режимдин белгиленген талаптарын сакташы, эмгекке жана окууга болгон мамилеси, тарбия берүү иш-чараларына, ошондой эле кайра социалдаштыруу программаларына катышуусу, кылмыш менен келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча чараларды көрүү алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын мыйзамдарда каралган чектерде кеңейтүүдө же чектөөдө эске алынат.

14-берене. Жазаларды жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын соттолгондорго түзөтүүчү таасир көрсөтүү жана аларды кайра социалдаштыруу менен бириктирүү принциби

Жазаларды жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруу соттолгондорду түзөтүүгө жана кайра социалдаштырууга багытталган аларга социалдык-психологиялык жана педагогикалык мүнөздөгү каражаттарды комплекстүү колдонуу менен айкалышат.

3-глава. Соттолгондордун укуктук абалы

15-берене. Соттолгондордун укуктук абалынын негиздери

1. Соттолгондордун укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын урматтоо, коргоо аларды түзөтүү жана кайра социалдаштыруу каражаттарын колдонуунун мыйзамдуулугун, ошондой эле укуктук коргоону жана жеке коопсуздукту камсыз кылат.

2. Соттолгондор Конституцияда, Жазык кодексинде, Жоруктар жөнүндө кодексте, ушул Кодексте жана башка мыйзамдарда белгиленген укуктарга, эркиндиктерге ээ жана чектөөлөр менен милдеттерди аткарышат.

3. Эгерде Конституцияда, башка мыйзамдарда жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, соттолгон чет өлкөлүктөр жана жарандыгы жок адамдар бардык жарандар үчүн белгиленген укуктардан жана эркиндиктерден пайдаланат, ошондой эле милдеттерди аткарат.

4. Соттолгондордун укуктары жана милдеттери, ошондой эле алардын укуктарын чектөөлөр жазалардын жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларынын конкреттүү түрүн аткаруу тартибине жана шарттарына жараша, ушул Кодекс менен аныкталат.

5. Соттолгондордун өз укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашыруусу башка адамдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын, коомдун жана мамлекеттин мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын бузбоого тийиш.

16-берене. Соттолгондордун негизги укуктары

1. Жазаларды жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын өтөө тартиби жана шарттары жөнүндө маалымат алуу; татыктуу мамиле; жеке коопсуздук; саламаттыгын сактоо жана квалификациялуу медициналык жардам алуу; социалдык жактан корголуу; юридикалык жардам алуу; билим алуу; дин тутуу жана динге ишенүү эркиндиги; сунуш, арыз жана даттануу менен кайрылуу; эне тилинде же өзү билген башка каалаган тилде түшүндүрмө берүү жана кат алышуу, ошондой эле сунуш жана даттануу менен кайрылуу; жабырлануучулар менен медиацияга катышуу; дипломатиялык өкүлчүлүктөр жана консулдук мекемелер (соттолгон чет өлкөлүк жарандар үчүн) менен байланыштарды күтүү соттолгондордун негизги укуктары болуп саналат.

2. Соттолгондор ушул Кодекске, жазаларды жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруунун жана өтөөнүн тартибин жана шарттарын белгилөөчү башка ченемдик укуктук актыларга ылайык башка укуктарга жана мыйзамдуу кызыкчылыктарга ээ болушат.

3. Соттолгондордун укуктарын ишке ашыруунун тартиби ушул Кодекс жана башка ченемдик укуктук актылар менен белгиленет.

17-берене. Соттолгондордун жазаларды жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын өтөө тартиби жана шарттары жөнүндө маалымат алууга укугу

1. Соттолгондор жазаны жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу мекемелерден жана органдардан жазаны жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларынын аткарылыш тартиби жана шарттары жана алардын өзгөрүүлөрү, аларды өтөө мезгилиндеги өздөрүнүн укуктары, мыйзамдуу кызыкчылыктары жана милдеттери жөнүндө маалыматтарды алууга укуктуу.

2. Жазаны жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдын же мекеменин администрациясы соттолгонго анын укуктары, мыйзамдуу кызыкчылыктары, милдеттери жана укугунун чектелиши жөнүндө маалыматты жазуу жүзүндө берүүгө жана ага кол койдуруу менен түшүндүрүп берүүгө милдеттүү.

18-берене. Соттолгондордун татыктуу мамилеге укугу

1. Соттолгондор кыйноого жана башка адамгерчиликсиз, ырайымсыз же адамдын кадырын кемсинтүүчү мамилелердин түрлөрүнө же жазалоолорго дуушар болбоого тийиш.

2. Соттолгондор жазаны жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдардын жана мекемелердин кызматкерлери тарабынан татыктуу мамилеге укуктуу. Соттолгондорго мажбурлоо чаралары мыйзамдарда белгиленген негизде жана тартипте колдонулат.

3. Соттолгондор алардын талаптагыдай түрдө билдирилген жана күбөлөндүрүлгөн ыктыярдуу макулдугусуз медициналык, биологиялык, психологиялык жана башка тажрыйбаларга дуушар болбоого тийиш.

19-берене. Соттолгондордун жеке коопсуздукка укугу

1. Соттолгондун өмүрүнө, ден соолугуна же болбосо кадыр-баркына башка соттолгондор же башка адамдар тарабынан коркунуч келип чыкканда, ал жазаны жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдын же мекеменин кандай болбосун кызматкерине жеке коопсуздугуна болгон коркунучту четтетүү жөнүндө өтүнүчү менен жазуу жүзүндө же оозеки кайрылууга укуктуу.

2. Соттолгондун өмүрүнө, ден соолугуна же болбосо кадыр-баркына коркунуч келип чыкканда, жазаны же жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдын же мекеменин администрациясы коркунучту четтетүү боюнча, анын ичинде, соттолгондун макул болбогонуна карабастан, аны коопсуз жайга которуу жолу менен токтоосуз чараларды көрүүгө милдеттүү.

3. Коркунуч эки жана андан көп соттолгондорго келип чыкканда, жазаны же жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдын же мекеменин администрациясы анын макул болбогонуна карабастан, коркунуч булагын изоляциялоо боюнча токтоосуз чараларды көрөт.

4. Соттолгонду коопсуз жерге которуу жазаны же жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдын же мекеменин начальнигинин жүйөлөнгөн токтому боюнча жүргүзүлөт.

5. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн коркунуч сакталганда, жазаны же жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдын же мекеменин администрациясы соттолгонду жазаны же жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу башка органга же мекемеге жиберүү боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.

6. Коопсуз жерге которулган соттолгон адам коопсуз жерге которгонго чейин аныкталган шарттарда жазасын же жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын өтөйт.

7. Соттолгондун жеке коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар өз убагында көрүлбөгөн учурда, жазаны же жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чарасын көрүүчү органдын же мекеменин администрациясы мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат.

8. Коопсуз жер катары соттолгондун коопсуздугун камсыз кылуучу жайлар, атайын түзүлүүчү камералар сыяктуу эле, айыптык изоляторлордун камералары, камералык типтеги жайлар, жеке камералар жана убактылуу бөлүп кармоочу жайлар колдонулушу мүмкүн.

20-берене. Соттолгондордун саламаттыгын сактоого жана квалификациялуу медициналык жардам алууга укугу

1. Соттолгондор жазаларды же жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруу жана өтөө мезгилинде акысыз алгачкы медициналык-санитардык жана адистештирилген медициналык жардам алууну кошо алганда, алардын саламаттыгын сактоону камсыз кылуучу шарттарды, анын ичинде амбулатордук-бейтапканалык же стационардык шарттардын түзүлүүсүнө укуктуу.

2. Соттолгондорго медициналык жардам алардын уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин формасына карабастан, саламаттык сактоо мекемелеринде саламаттык сактоо жаатындагы мыйзамдарда белгиленген мамлекеттик кепилдиктердин көлөмүндө көрсөтүлөт.

3. Жазаларды жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдардын жана мекемелердин администрациясы соттолгондорду медициналык жана санитардык-эпидемиологиялык жактан тейлөө үчүн шарттарды түзөт.

21-берене. Соттолгондордун социалдык коргоого укугу

1. Соттолгондор мыйзамдарда белгиленген тартиптеги жалпы негизде социалдык жана пенсиялык камсыз кылынууга укуктуу.

2. Соттолгондорго ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу шарттары, ага тете социалдык коргоонун башка формалары жайылтылат.

3. Жазаны жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдардын жана мекемелердин администрациясы соттолгондордун өзүнүн социалдык коргоого укугун ишке ашыруу үчүн шарттарды түзөт.

22-берене. Соттолгондордун юридикалык жардам алууга укугу

1. Соттолгондор юридикалык жардам алууга, анын ичинде, мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекет тарабынан кепилдик берилген консультациялык-укуктук жардам жана квалификациялуу юридикалык жардам алууга укуктуу.

2. Жазаларды жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдардын жана мекемелердин администрациясы мыйзамдарда белгиленген тартипте соттолгондорго мамлекет тарабынан кепилдик берилген консультациялык-укуктук жардам көрсөтөт жана алардын юридикалык жардамды алышы үчүн шарттарды түзөт.

3. Юридикалык жардам, анын ичинде мамлекет тарабынан кепилдик берилген квалификациялуу юридикалык жардам алуу үчүн соттолгондор адвокаттардын, ошондой эле ушундай жардам көрсөтүүгө укугу бар башка адамдардын кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалана алышат.

23-берене. Соттолгондордун билим алууга укугу

1. Соттолгондор мыйзамдарда белгиленген тартипте негизги жалпы жана орто жалпы, башталгыч жана орто кесиптик билим алууга укугу бар.

2. Коомдон бөлөк кармоо менен байланышкан жазаны жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдардын жана мекемелердин администрациясы соттолгондордун акысыз жалпы жана кесиптик билим алуусу үчүн шарттарды түзөт.

24-берене. Соттолгондордун абийир жана дин тутуу эркиндигине укугу

1. Жазаларды жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын өтөп жаткан соттолгондорго абийир жана дин тутуу эркиндигине кепилдик берилет.

2. Абийир жана дин тутуу эркиндигине укукту ишке ашыруу ыктыярдуу болуп саналат, жазаны жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу мекеменин ички тартибинин белгиленген эрежелерин бузбоого, ошондой эле башка адамдардын укуктарын кемсинтпөөгө тийиш.

3. Коомдон бөлөк кармоо менен байланышкан жазаларды жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын өтөп жаткан адамдарга белгиленген тартипте катталган диний бирикмелердин кызматкерлери чакырылат.

4. Жазаларды жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу мекемелерде соттолгондорго диний ырым-жырымдарды жүргүзүүгө, сыйынуу буюм-тайымдарын жана диний адабияттарды пайдаланууга уруксат берилет.

5. Жеке камераларда, айыптык изоляторлордо, камералык типтеги жайларда, ошондой эле убактылуу бөлөк кармоо жайларына дин кызматкерлери жалпы негизде киргизилет.

6. Катуу ооругандарга жана (же) өмүрү үчүн кооптуу абалда болгон соттолгондорго алардын, туугандарынын жана башка адамдардын өтүнүчү боюнча дин кызматкерлерин чакыруу менен бардык зарыл диний ырым-жырымдарды жүргүзүү мүмкүнчүлүгү камсыз кылынат.

7. Мекемелердин администрациясы диний ырым-жырымдарды жүргүзүү үчүн шарттарды түзөт жана тиешелүү жай бөлүп берет, чакырылган дин кызматкерлеринин жеке коопсуздугун камсыз кылат.

8. Түзөтүү мекемелеринин аймагында диний ырым-жырымдарды жүргүзүү үчүн атайын имараттарды жана курулмаларды курууга тыюу салынат.

25-берене. Соттолгондордун сунуштар, арыздар жана даттануулар менен кайрылууга укугу

1. Соттолгондордун өздөрүнүн укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын бузулуусуна байланышкан маселелер боюнча сунуштары, арыздары жана даттануулары менен жазаны жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдын жана мекеменин администрациясына, жогору турган органдарга, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, коомдук бирикмелерге кайрылууга жана мыйзамдарда белгиленген тартипте алардан жоопторду алууга укуктары бар.

2. Соттолгондор өздөрүнүн укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын бузулушуна байланышкан маселелер боюнча сунуштары, арыздары жана даттануулары менен адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча мамлекеттер аралык органдарга кайрылууга укуктары бар.

3. Соттолгондордун кайрылуулары оозеки жана жазуу жүзүндө болушу мүмкүн.

4. Коомдон бөлөк кармоо менен байланышкан жазаларды жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын өтөп жаткан соттолгондор кайрылууларын ушул жазаларды жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу мекемелердин администрациясы аркылуу жиберет.

5. Коомдон бөлөк кармоо менен байланышпаган жазаларды жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын өтөп жаткан соттолгондор кайрылууларын өз алдынча жиберет.

6. Коомдон бөлөк кармоо менен байланышкан жазаларды жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын өтөп жаткан соттолгондордун ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө саналган жогорку башкаруу органдарына жана башка органдарга кайрылуулары цензурага жатпайт жана жазаларды жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу мекемелердин администрациясы тарабынан дарек ээсине бир суткадан кечиктирбестен (дем алыш жана майрам күндөрүн кошпогондо) жиберилет.

7. Соттолгондордун жазаларды жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдардын жана мекемелердин администрациясынын чечимдери жана иш-аракеттери боюнча кайрылуулары ушул чечимдерди жана иш-аракеттерди токтото албайт.

8. Соттолгондордун кайрылуулары жиберилген органдар жана кызмат адамдары аларды мыйзамдарда белгиленген мөөнөттө карашат жана жооп беришет.

26-берене. Эне тилинде же өзү каалаган кандай болбосун башка тилде түшүндүрмөлөрдү берүүгө жана кат алышууга, ошондой эле сунуштар жана даттануулар менен кайрылууга укук

1. Соттолгондор эне тилинде же кандай болбосун башка тилде түшүндүрмө берүүгө жана кат алышууга, ушул Кодекстин 25-беренесинде көрсөтүлгөн сунуштар, арыздар жана даттануулар менен кайрылууга, ошондой эле котормочунун кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдаланууга укуктуу.

2. Соттолгондорго жооптор алар кайрылган тилде берилет. Кайрылган тилде жооп берүүгө мүмкүн болбогондо, ал мамлекеттик же расмий тилде берилет. Коомдон бөлөк кармоо менен байланышкан жазаларга жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларына соттолгондордун кайрылган тилине жоопту которуу ушул жазаны аткаруучу мекеме тарабынан камсыз кылынат.

3. Сүйлөө, угуу, көрүү кемчиликтери менен байланышкан, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген соттолгондор дактилдик-жаңсоо тилин же Брайль алиппесин билген адистердин кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууга укуктары бар.

27-берене. Соттолгондун жабырлануучу жана анын үй-бүлөсү менен талаштарды чечүүгө (медиацияга) катышуу укугу

1. Соттолгон адамдын талаштарды чечүүгө, кылмыш же жорук менен келтирилген материалдык чыгымдын жана моралдык зыяндын ордун толтурууга багытталган, жабырлануучу жана анын үй-бүлөсү менен жарашуу жол-жобосуна (медиацияга) катышууга укугу бар.

2. Жазаны жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдардын жана мекемелердин администрациясы жарашуу жол-жоболорунун мыйзамдуулугун контролдоону жүзөгө ашырат жана көз карандысыз ортомчулардын (медиаторлордун) жарашуу жол-жоболоруна катышуусу үчүн шарттарды түзөт.

28-берене. Соттолгон чет өлкөлүк жарандардын дипломатиялык өкүлчүлүктөр жана консулдук мекемелер менен байланышууга укугу

Соттолгон чет өлкөлүк жарандар өздөрүнүн мамлекеттеринин Кыргыз Республикасында аккредитацияланган дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери менен байланышта болууга, ал эми Кыргыз Республикасында аккредитацияланган дипломатиялык жана консулдук мекемелери жок өлкөлөрдүн жарандары (букаралар), - алардын кызыкчылыгын коргоону өзүнө алган мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же аларды коргоону жүзөгө ашыруучу эл аралык органдар менен байланышта болууга укуктары бар.

29. Соттолгондордун негизги милдеттери

1. Соттолгондор төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) жарандардын мыйзамдарда белгиленген милдеттерин аткарууга жана адамга, коомго жана адамзат турмушунун эрежелерине урмат-сый менен мамиле кылууга негизделген, коомдо кабыл алынган адеп-ахлак нормаларын сактоого;

2) ушул Кодексте жана жазаларды жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруу тартибин жана шарттарын аныктоочу башка ченемдик укуктук актыларда, ошондой эле соттун өкүмүндө каралган талаптарды аткарууга;

3) жазаларды жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдардын жана мекемелердин администрациясынын мыйзамдуу талаптарын аткарууга;

4) жазаларды жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдардын жана мекемелердин администрациясынын чакыруусу боюнча келүүгө, жазаларды жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын өтөө маселелери боюнча оозеки жана жазуу жүзүндө түшүндүрмө берүүгө. Келбей койгон учурда соттолгонго карата тартиптик таасир көрсөтүү чараларын колдонуу менен, ал мажбурлап алынып келүүгө дуушар болушу мүмкүн;

5) жазаларды жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдардын жана мекемелердин кызматкерлерине, башка соттолгондорго, ошондой эле ушул мекемелерге жана органдарга келген адамдарга сылык мамиле кылууга;

6) эмгекке жана окууга ак ниет менен мамиле кылууга;

7) жугуштуу ооруларды өз убагында аныктоо максатында милдеттүү жана алдын алуучу медициналык кароодон, ошондой эле мыйзамдарда каралган учурларда психикалык активдүү заттарды колдонуу фактысын жана мас абалын, дене жаракаттарын алышын аныктоо үчүн күбөлөндүрүүдөн өтүүгө.

2. Соттолгондордун аларга жүктөлгөн милдеттерди аткарбай коюшу мыйзамдарда белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

4-глава. Жазаны жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдар жана мекемелер. Алардын ишин контролдоо жана көзөмөлдөө

30-берене. Жазаны жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдар жана мекемелер

1. Кылмыш же жорук жасаганы үчүн дайындалган айып түрүндөгү жазалар аткаруу өндүрүшүнүн органдары тарабынан соттолгондун жашаган жери (иш жүзүндө жашаган жери) боюнча же анын мүлкү турган жер боюнча аткарылат.

2. Жашы жетелектерге карата коомдук жумуштар, түзөтүү жумуштары, эркиндигин чектөө жана тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары түрүндөгү эскертүү менен жүрүш-турушун чектөө түрүндөгү жазалар соттолгондун жашаган жери боюнча пробация органдары же соттолгондун аскер кызматынын жери боюнча командачылык тарабынан аткарылат.

3. Белгилүү бир кызматтарды ээлөө же белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндөгү жазалар соттолгондун жашаган жери боюнча пробация органдары, соттолгондун иштеген жери боюнча жазык-аткаруу системасынын мекемелери, администрация же соттолгондун аскер кызматынын жери боюнча командачылык, ошондой эле мыйзамдарга ылайык иштин тиешелүү түрлөрүн жүргүзүүгө уруксатты жокко чыгарууга ыйгарым укуктуу органдар тарабынан аткарылат.

4. Эркиндигинен ажыратуу жана өмүр бою эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазалар жазык-аткаруу системасынын мекемелери тарабынан аткарылат.

5. Атайын, аскердик, ардак наамдардан, класстык ченден, дипломаттык рангдан, мамлекеттик сыйлыктардан ажыратуу түрүндөгү жазалар бул наамды, класстык ченди, дипломаттык рангды же мамлекеттик сыйлыкты ыйгарган орган тарабынан аткарылат.

6. Дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармоо түрүндөгү жазалар атайын дайындалган аскер бөлүктөрү тарабынан аткарылат.

7. Аскер кызматчыларына карата камакка алуу түрүндөгү жаза аскер бөлүктөрү тарабынан аткарылат.

8. Пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотулган жана мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулган адамдар пробация органдарынын көзөмөлү астында, ал эми аскер кызматчылары - аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелердин командачылыгынын пробациялык көзөмөлү астында турат.

9. Конфискацияланууга, материалдык чыгымды жана моралдык зыяндын ордун толтурууга жаткан предметтин ордуна мүлктү конфискациялоо (алып коюу), акча каражаттарын же башка мүлкүн конфискациялоо түрүндөгү жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чаралары (коопсуздук чаралары), ошондой эле юридикалык жактарга карата айып түрүндөгү жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоочу чаралары, жаза болуп саналбаган, материалдык чыгым менен моралдык зыяндын ордун толтуруу, жорук жасалган буюмду, куралдарды жана каражаттарды конфискациялоо түрүндөгү жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чаралары соттолгондун жашаган жери (иш жүзүндө жашаган), анын мүлкү же киреше алуучу булагы турган, ошондой эле мүлкү турган же юридикалык жакты каттоо жери боюнча сот өндүрүшүнүн аткаруу органдары тарабынан аткарылат.

10. Укуктарды чектөө, юридикалык жакты жоюу түрүндө юридикалык жактарга карата жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чаралары сот дайындаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же адамдар тарабынан аткарылат.

11. Жашы жетелектерге карата эскертүү менен көзөмөлгө өткөрүп берүү түрүндө тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын аткаруу ата-энелерге же аларды алмаштыруучу адамдарга, же болбосо балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлөт.

12. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары жана мажбурлап дарылоо саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана жазык-аткаруу системасынын мекемелери тарабынан аткарылат.

13. Жазаны өтөгөндөн кийин Кыргыз Республикасынын чегинен чыгарып жиберүү миграция, улуттук коопсуздук, ички иштер органдары жана чек ара кызматы тарабынан аткарылат.

31-берене. Жаза жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн башка мажбурлоо чараларын өтөп жаткан жер жөнүндө кабарландыруу

1. Коомдон бөлөк кармоо менен байланышкан жазаларды, адамды атайын дарылоо мекемесине жайгаштыруу түрүндө медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары, атайын мекемеге жайгаштыруу түрүндөгү тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чарасын аткаруучу органдар жана мекемелер үч жумушчу күндүн ичинде жубайына, анын туугандарынын бирине же болбосо анын мыйзамдуу өкүлүнө соттолгондун жазаны же жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын өтөөсүнүн башталышы жана жазаны өтөө орду жана алардын укуктары жөнүндө жазуу жүзүндө кабарландыруу жиберүүгө милдеттүү.

2. Чет мамлекеттердин жарандары (букаралар) болуп саналган адамдарга карата ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн органдар жана мекемелер Кыргыз Республикасында аккредитацияланган дипломатиялык же консулдук мекемелерге же алардын кызыкчылыгын коргоону өзүнө алган мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө маалымдайт.

32-берене. Жазаларды жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруу чөйрөсүндө контролдоонун жана көзөмөлдөөнүн түрлөрү

Жазаларды жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын талаптагыдай аткаруу, соттолгондордун укуктарын жана эркиндиктерин сактоо максатында контролдоонун жана көзөмөлдөөнүн төмөнкү түрлөрү жүзөгө ашырылат:

1) эл аралык контроль;

2) парламенттик контроль;

3) Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) (мындан ары - Акыйкатчы (Омбудсмен) контролу;

4) соттук контроль;

5) ведомстволук контроль;

6) медициналык жана санитардык-эпидемиологиялык контроль;

7) жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарынын контролу;

8) коомдук контроль;

9) кыйноого жана башка ырайымсыз, адамгерчиликсиз же адамдын кадырын кемсинтүүчү мамилелердин түрлөрүн жана жазалоолордун алдын алуу чөйрөсүндөгү контроль;

10) прокурордук көзөмөл.

33-берене. Эл аралык контроль

Эл аралык контроль Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде аракеттенген Кыргыз Республикасында аккредитацияланган эл аралык уюмдар жана алардын өкүлчүлүктөрү тарабынан жүзөгө ашырылат.

34-берене. Парламенттик контроль

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жазаны жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдардын жана мекемелердин ишин контролдоону Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (мындан ары - Жогорку Кеңеш) комиссиялары жана комитеттери аркылуу жүзөгө ашырат.

35-берене. Акыйкатчынын (Омбудсмендин) контролу

Соттолгондордун, жаза жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын өтөп жаткандардын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышын контролдоону Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) туруктуу негизде жүзөгө ашырат.

36-берене. Соттук контроль

1. Сот мыйзамдарда белгиленгендерге ылайык жазалардын жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларынын аткарылышын контролдойт.

2. Сот жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотуу, оорусу боюнча жазаны өтөөдөн бошотуу, жосун кылмыштан ажыратылганда жана мыйзамдын санкциясы жеңилдетилгенде, ошондой эле пробациялык көзөмөл колдонуу менен жазадан бошотулганда жазадан бошотуу жана жазаны жеңилдетүү маселелери боюнча жазалардын аткарылышын контролдойт.

3. Сот соттолгондордун жана башка адамдардын жазаларды жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдардын жана мекемелердин администрациясынын, жазаларды жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруу чөйрөсүндө контролдоо-көзөмөлдөө иш-милдетин жүргүзгөн мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын аракетине же аракетсиздигине даттанууларын карайт.

37-берене. Ведомстволук контроль

1. Жазаларды жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдардын жана мекемелердин ишине ведомстволук контроль жогору турган башкаруу органдары жана кызмат адамдары тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Ведомстволук контролдоону жүзөгө ашыруунун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталат.

38-берене. Медициналык жана санитардык-эпидемиологиялык контроль

Медициналык жана санитардык-эпидемиологиялык мекемелер коомдон бөлөк кармоо менен байланышкан жазаларды жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу мекемелерде кармалган адамдардын медициналык жана санитардык-эпидемиологиялык жактан камсыз болушун жана соттолгондордун ден соолугун сактоого укугун ишке ашыруу үчүн шарттардын түзүлүшүн контролдоону жүзөгө ашырат.

39-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарынын контролу

1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мыйзамдарга ылайык жазаларды жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдардын жана мекемелердин ишин контролдоону жүзөгө ашырат.

2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары алардын административдик-аймактык бирдигинин чегинде жайгашкан жазаларды жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдардын жана мекемелердин ишинин уюштурулушуна жана иштешине көмөк көрсөтөт, ошондой эле соттолгондорду кайра социалдаштырууга катышат.

40-берене. Коомдук контроль

1. Коомдук уюмдар, диний бирикмелер, башка коомдук түзүлүштөр, жалпыга маалымдоо каражаттары коомдук контролдоону жүзөгө ашырат жана төмөнкүдөй жол менен жазаларды жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдардын жана мекемелердин иштерине катышат:

1) социологиялык жана башка мониторингдерди жүргүзүү;

2) мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдарга жана алардын кызмат адамдарына соттолгондорду кармоонун тартибин жана шарттарын мыйзамдардын жана эл аралык келишимдердин талаптарына ылайык келтирүү боюнча сунуштарды киргизүү;

3) жазык-аткаруу мыйзамдары жаатындагы ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга жана коомдук талкуулоого катышуу;

4) соттолгон менен жабырлануучунун ортосундагы жарашуу жол-жобосун (медиация) уюштурууга жана өткөрүүгө катышуу;

5) соттолгондорго гуманитардык жана кайрымдуулук жардам көрсөтүүгө жана анын колдонулушун байкоого катышуу;

6) иш тартиби мыйзамдар менен аныкталуучу мамлекеттик органдардын, аткаруу бийлигинин органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдында түзүлүүчү коомдук жана камкорчу кеңештердин, байкоочу комиссиялардын ишине катышуу;

7) жазаларды жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдардын жана мекемелердин ишин өркүндөтүүгө жана соттолгондорду кайра социалдаштырууга багытталган программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

8) жазаларды жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу мекемелерге жана органдарга мыйзамдарга карама-каршы келбеген башка формадагы көмөк көрсөтүү.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн уюмдарга аларга белгилүү болуп калган, коомдон бөлөк кармоо шартында болгон соттолгондордун жана башка адамдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузуучу маалыматтарды, ошондой эле мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырды түзгөн маалыматтарды жарыя айтууга жана жарыялоого тыюу салынат.

3. Коомдон бөлөк кармоо шартында турган конкреттүү соттолгондор жана адамдар жөнүндө маалыматтарды алардын жазуу жүзүндөгү макулдугун албастан жарыя айтууга жол берилбейт. Көрсөтүлгөн талаптарды бузуу мыйзамдарга ылайык белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

41-берене. Кыйноонун жана башка ырайымсыз, адамгерчиликсиз же адамдын кадырын кемсинтүүчү мамилелердин түрлөрүнүн жана жазалоолордун алдын алуу чөйрөсүндөгү контроль

Соттолгондорго карата кыйноонун жана башка ырайымсыз, адамгерчиликсиз же адамдын кадырын кемсинтүүчү мамилелердин түрлөрүнүн жана жазалоолордун алдын алуу чөйрөсүндөгү контроль мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылат.

42-берене. Прокурордук көзөмөл

Жазаларды жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (мындан ары - Башкы прокуратура) жана жазык аткаруу системасынын органдарында жана мекемелеринде жазалардын жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларынын аткарылышын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу баш ийүүдөгү прокурорлор тарабынан жүзөгө ашырылат.

43-берене. Коомдон бөлөк кармоо менен байланышкан жазаларды жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу мекемелерге баруу

1. Коомдон бөлөк кармоо менен байланышкан жазаларды жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу мекемелерге атайын уруксаты жок кирүүгө төмөнкүлөрдүн укугу бар:

1) Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Жогорку Кеңештин депутаттары жана Акыйкатчы (Омбудсмен), жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын башчылары тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктердин чектеринде;

2) Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору (мындан ары - Башкы прокурор) жана түзөтүү мекемелеринде жазалардын аткарылышына көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу прокурорлор;

3) Бириккен Улуттар Уюмунун Кыйноого жана башка ырайымсыз, адамгерчиликсиз же адамдын кадырын кемсинтүүчү мамилелердин түрлөрүнө жана жазалоолорго каршы комитетинин ыйгарым укуктуу мүчөлөрү жана алардын өкүлдөрү;

4) Координациялык кеңештин мүчөлөрү жана мыйзамдарда каралган ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Кыйноонун жана башка ырайымсыз, адамгерчиликсиз же адамдын кадырын кемсинтүүчү мамилелердин түрлөрүнүн жана жазалоолордун алдын алуу боюнча улуттук борборунун кызматкерлери;

5) тиешелүү административдик-аймактык бирдиктердин чегинде сот өндүрүшүн жүзөгө ашыруучу соттордун судьялары;

6) коомдон бөлөк кармоо менен байланышкан мекемелердин жогору турган башкаруу органдарынын кызматкерлери.

2. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жазаны аткаруу органдарына жана мекемелерине барып, жазаларды жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдардын жана мекемелердин администрацияларынын же болбосо алардын жогору турган органдарынын жетекчилеринин жазуу жүзүндөгү уруксаты боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Өкмөт) тарабынан белгиленген тартипте кино-, фото- жана видеоаппаратураны пайдаланышы мүмкүн. Түзөтүү мекемелерине кино-, фото- жана видеоаппаратураларды алып өтүү жана аларды ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3, 4-пункттарында көрсөтүлгөн адамдардын колдонуусу атайын уруксатсыз жүзөгө ашырылат.

3. Соттолгондорду киного-, фото- жана видеого тартууга, анын ичинде аудио-, видеотехниканы колдонуу менен алардан маек алууга администрациянын жана соттолгондордун өздөрүнүн макулдугу менен уруксат берилет.

4. Жазаларды жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу мекемелердин коопсуздугун камсыз кылуучу объекттерди кино-, фото- жана видеого тартуу көрсөтүлгөн мекемелердин администрациясынын уруксаты менен жүзөгө ашырылат.

5. Коомдон бөлөк кармоо менен байланышкан жазаларды жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу мекемелердин администрациясы ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн адамдар ушул мекемелерге келген убакта коопсуздукту камсыз кылат.

ӨЗГӨЧӨ БӨЛҮК

II БӨЛҮМ. СОТТОЛГОНДУ КООМДОН БӨЛӨК КАРМОО МЕНЕН БАЙЛАНЫШПАГАН ЖАЗАЛАРДЫ АТКАРУУ

Глава 5. Коомдук жумуштар түрүндөгү жазаны аткаруу

44-берене. Коомдук жумуштар түрүндөгү жазаны аткаруунун тартиби

1. Коомдук жумуштар түрүндөгү жаза Өкмөт тарабынан белгиленген тартипте пробация органдары менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аныкталуучу объекттерде соттолгондун жашаган жери боюнча пробация органдары тарабынан аткарылат.

2. Коомдук жумуштар түрүндөгү жаза пробация органдарына соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмүнүн (токтомунун, аныктамасынын) көчүрмөсү менен соттун тескемеси келип түшкөн күндөн тартып он күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен аткарылат.

3. Коомдук жумуштарга соттолгон соттун өкүмү (токтому, аныктамасы) мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып он күндүк мөөнөттөн кечикпестен жазаны тартуу үчүн пробация органына келүүгө милдеттүү.

4. Пробация органдары:

1) соттолгондорду эсепке алууну жүргүзөт;

2) аларга жазаны өтөө тартибин жана шарттарын түшүндүрөт;

3) коомдук жумуштарды аткаруунун объекттерин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашат;

4) коомдук жумуштарды аткарган мезгилде соттолгондордун жүрүш-турушун контролдойт;

5) алар тарабынан иштелген убакыттын жыйынтыкталган эсебин алышат.

45-берене. Коомдук жумуштар түрүндөгү жазаны аткаруунун жана өтөөнүн шарттары

1. Коомдук жумуштар соттолгондор тарабынан иштен же окуудан бош убакта акысыз негизде аткарылат.

2. Коомдук жумуштар түрүндөгү жазаны өтөө мезгилинде соттолгондор төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) жазаны өтөөнүн белгиленген тартибин жана шарттарын сактоого;

2) алар үчүн белгиленген объекттерде иштөөгө;

3) коомдук жумуштарды аткаруу жерине өз убагында келүүгө;

4) эмгекке ак ниет мамиле кылууга;

5) ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин администрациясынын мыйзамдуу талаптарын аткарууга;

6) он күндүк мөөнөттүн ичинде пробация органдарына жашаган жеринин өзгөргөнү тууралуу билдирүүгө;

7) катталуу жана алдын алуучу маекке катышуу үчүн айына эки жолу пробация органдарына келүүгө.

3. Соттолгондорго негизги иштеген жери боюнча кезектеги өргүүнүн же окуган жери боюнча каникулдун берилиши коомдук жумуштарды аткарууну токтото турбайт.

4. Соттолгон I же II топтогу майып деп таанылганда, соттолгон кош бойлуу болгондо, пробация органдары сотко аларды жазаны андан ары өтөөдөн бошотуу жөнүндө сунуштама жиберет.

5. Соттолгонго негизги иштеген жери боюнча бала багуу боюнча өргүү берилгенде, пробация органы сотко коомдук жумуштар түрүндөгү жазаны айып түрүндөгү жаза менен алмаштыруу жөнүндө сунуштама киргизет.

6. Соттолгон аскер кызматына чакырылганда, пробация органы коомдук жумуштарды аткаруунун мөөнөттөрү аяктаганы жөнүндө аскер комиссариатына кабарландырат.

46-берене. Коомдук жумуштар түрүндөгү жазанын мөөнөтүн эсептөө

1. Коомдук жумуштар түрүндөгү жазанын мөөнөтү соттолгон алардын ичинде коомдук жумуштарды аткарган сааттар менен эсептелет.

2. Коомдук жумуштардын узактыгы күнүнө төрт сааттан ашпайт. Бир жуманын ичинде коомдук жумуштарды аткаруунун узактыгы он сааттан кем болбоого тийиш. Жүйөөлүү себептер болгондо пробация органдары соттолгонго жуманын ичинде сааттардын санынан аз иштөөгө уруксат берүүгө укуктуу.

3. Туруктуу иштеген жери жок жана окуу жайларында окуудан өтпөгөн соттолгонго анын макулдугу боюнча коомдук жумуштарга тартуу убактысы күнүнө сегиз саатка чейин узартылышы мүмкүн, бирок жумасына кырк сааттан ашпоого тийиш.

4. Эгерде соттолгон адам оорусуна же башка жүйөөлүү себептерге байланыштуу коомдук жумуштарды аткара албаган учурда, ал бул жөнүндө пробация органдарына кабарландырууга милдеттүү.

47-берене. Коомдук жумуштарды аткаруу үчүн аныкталган ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин администрациясынын милдеттери

1. Коомдук жумуштарды аткаруу үчүн аныкталган ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин администрациясына төмөнкүлөр жүктөлөт:

1) эмгек мыйзамдарына ылайык коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылуу;

2) соттолгондор үчүн аныкталган жумуштардын алар тарабынан аткарылышын контролдоо;

3) иштеген убакытты эсепке алуу табелин жүргүзүү, аткарылган жумуштардын актыларын учурдагы айдын акыркы күнүнөн кеч эмес түзүү жана пробация органдарына жиберүү;

4) соттолгондордун жүрүм-туруму жана/же коомдук жумуштарды аткаруудан качуусу жөнүндө пробация органдарына маалымдоо жана кабарландыруу.

2. Соттолгон коомдук жумуштарды аткарууда майып болгондо, соттолгонго зыяндын ордун толтуруу эмгек мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

3. Коомдук жумуштарды аткаруу үчүн аныкталган ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин кызмат адамдарынын милдеттерин аткарбашы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

48-берене. Коомдук жумуштар түрүндөгү жазаны өтөөнүн тартибин жана шарттарын бузганы үчүн соттолгондордун жоопкерчилиги

1. Соттолгон коомдук жумуштар түрүндөгү жазаны өтөөнүн тартибин жана шарттарын бузганы үчүн пробация органы себептерин аныктагандан кийин соттолгонго коомдук жумуштар түрүндөгү жазаны Жазык кодексинде жана Жоруктар жөнүндө кодексте каралган башка жаза менен алмаштыруу жөнүндө жазуу жүзүндө эскертет.

2. Коомдук жумуштар түрүндөгү жазаны өтөөнүн тартибин жана шарттарын бузуу төмөнкүлөр болуп саналат:

1) коомдук жумуштарды аткаруу үчүн өз убагында келбөө;

2) эмгек тартибин бузуу;

3) жашаган жеринин өзгөрүшү жөнүндө маалыматты өз убагында бербөө;

4) пробация органына катталуу үчүн жүйөөлүү себепсиз бир жолу келбей коюу.

3. Соттолгондун пробация органына дайындалган мөөнөттө келбей коюусунун жүйөөлүү себептери катары оорусу жана анын чакыруу боюнча өз убагында келүү мүмкүндүгүнөн ажыраткан документтер менен ырасталган башка жагдайлар таанылат.

4. Коомдук жумуштар түрүндөгү жазаны аткаруудан кыянаттык менен качкан соттолгондорго карата пробация органы сотко коомдук жумуштар түрүндөгү жазаны Жазык кодексинин 65-беренесинде же Жоруктар жөнүндө кодекстин 45-беренесинде каралган башка жаза менен алмаштыруу жөнүндө сунуштама киргизет.

5. Адам ал боюнча соттолгон берененин санкциясында (берененин бөлүгүндө) каралган башка жаза менен алмаштыруунун мүмкүндүгү жөнүндө жазуу жүзүндөгү эскертүүдөн кийин жасалган, ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн коомдук жумуштар түрүндөгү жазаны өтөөнүн тартибин жана шарттарын кайталап бузуусу соттолгондун коомдук жумуштар түрүндөгү жазаны өтөөдөн кыянат качуусу деп таанылат.

6-глава. Белгилүү бир кызматтарды ээлөө же белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндөгү жазаны аткаруу

49-берене. Белгилүү бир кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндөгү жазаны аткаруунун тартиби

1. Негизги катары же коомдон бөлөк кармоо менен байланышпаган жазанын негизги түрлөрүнө кошумча катары дайындалган, ошондой эле пробациялык көзөмөлдү белгилөө менен соттоодо белгилүү бир кызматтарды ээлөө же белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндөгү жазаны аткаруу мыйзамдарда белгиленген тартипте, соттолгондун жашаган (иштеген) жери боюнча пробация органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Коомдон бөлөк кармоо менен байланышкан жазанын негизги түрлөрүнө кошумча катары дайындалган белгилүү бир кызматтарды ээлөө же белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндөгү жазаны аткаруу негизги жазаны аткаруучу орган же мекеме тарабынан жүзөгө ашырылат, ал эми негизги жазаны өтөгөндөн кийин мыйзамдарда белгиленген тартипте соттолгондун жашаган (иштеген) жери боюнча пробация органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.

3. Пробация органдары:

1) соттолгондорду эсепке алууну жүргүзөт;

2) соттолгондун соттун өкүмүндө каралган белгилүү бир кызматты ээлөөгө же белгилүү бир иш жүргүзүүгө тыюу салуунун сакташын контролдойт;

3) соттолгондун иштеген жери боюнча уюмдун администрациясынын, ошондой эле соттолгонго тыюу салынган иштин тиешелүү түрүн жүргүзүүгө уруксатты жокко чыгарууга ыйгарым укуктуу органдын өкүмдүн жазма эскертүүлөрүн аткарышын текшерет.

4. Соттолгон же кошумча жаза катары белгилүү бир кызматтарды ээлөө же белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндөгү жаза колдонулган пробациялык көзөмөл белгиленген адам негизги жазаны өтөп жаткан ишкананын, уюмдун, мекеменин администрациясынын соттолгонго аткаруу тыюу салынган жумуштарга аны тартууга укугу жок.

5. Соттолгон аскер кызматына чакырылган учурда пробация органы аскер комиссариатына, анын жазаны өтөөнүн мөөнөтүнүн аякташын көрсөтүү менен белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөөсү жөнүндө кабарландырат.

50-берене. Белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндөгү жазанын аткарылышынын мөөнөттөрүн эсептөө

1. Жазанын негизги түрү катары же башка жазаларга кошумча түр катары белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндөгү жазаны дайындоодо жазаны өтөөнүн мөөнөттөрү төмөнкүдөй эсептелет:

1) коомдон бөлөк кармоо менен байланышпаган жазада, ошондой эле пробациялык көзөмөлдөөнү колдонуу менен жазадан бошотууда - өкүм мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып;

2) коомдон бөлөк кармоо менен байланышпаган жазада - соттолгон негизги жазаны өтөөдөн бошотулган учурдан тартып.

2. Белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу жөнүндө ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн өкүмдүн жазма эскертүүлөрү соттолгондун коомдон бөлөк кармоо менен байланышкан жазаны өтөө убагына да жайылтылат.

51-берене. Белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндөгү жазага соттолгондун милдеттери

1. Белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндөгү жазага соттолгондор төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) иштеген жана жашаган жери жөнүндө жана алардын өзгөрүшү, иштен бошонуп кетиши жөнүндө маалыматтарды пробация органдарына билдирүүгө;

2) өкүмдүн жазма эскертүүлөрүн аткарууга;

3) пробация органдарынын талабы боюнча жазаны өтөө менен байланышкан документтерди берүүгө;

4) пробация органдарынын чакыруусу боюнча келүүгө.

2. Өкүмдү аткарбаган жана белгилүү бир кызматты ээлөөнү же белгилүү бир иш жүргүзүүнү улантып жаткан соттолгонго карата пробация органы сотко аны Жазык кодексинин 66-беренесине ылайык жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштама киргизет.

52-берене. Белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндөгү жазаны аткаруунун шарттары

1. Белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндөгү жазага соттолгондун иштеген же кызмат өтөгөн жери боюнча ишкананын, уюмдун же мекеменин администрациясы төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) соттун өкүмүнүн көчүрмөсүн жана пробация органынын кабарлоосун алгандан кийин беш жумушчу күндөн кечиктирбестен соттолгонду кызматтан же иш жүргүзүү укугунан ажыратылган иштин түрүнөн бошотууга;

2) пробация органына беш жумушчу күндүн ичинде соттун өкүмүнүн аткарылышы жөнүндө билдирүү жиберүүгө;

3) соттолгондун эмгек китепчесине ал кандай негизде, канча мөөнөткө жана кандай кызматты ээлөө укугунан же кандай ишти жүргүзүү укугунан ажыратылганы жөнүндө жазуу киргизүүгө;

4) пробация органынын талабы боюнча жазаны аткаруу менен байланышкан документтерди берүүгө;

5) соттолгон менен эмгек келишими өзгөргөн же токтотулган учурларда беш күндүк мөөнөттө бул жөнүндө пробация органына билдирүүгө.

2. Соттун белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу жөнүндө өкүмү иштин тиешелүү түрүн жүргүзүүгө уруксатты жокко чыгарууга ыйгарым укуктуу органдар үчүн милдеттүү болот.

3. Көрсөтүлгөн органдар соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмүнүн (токтомунун, аныктамасынын) көчүрмөсүн жана пробация органынын кабарлоосун алгандан кийин, беш жумушчу күндүн ичинде соттолгонго тыюу салынган иштин ошол түрүн жүргүзүүгө уруксатты жокко чыгарууга, ошол адамга иштин көрсөтүлгөн түрүн жүргүзүүгө укук берген тиешелүү документти алып коюуга жана бул жөнүндө пробация органына билдирүү жиберүүгө милдеттүү.

4. Белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндөгү жазаны аткаруу жөнүндө соттун өкүмүн аткаруу боюнча милдеттер жүктөлгөн ишкананын, уюмдун же мекеменин, ошондой эле иштин тиешелүү түрүн жүргүзүүгө уруксатты жокко чыгарууга ыйгарым укуктуу органдардын анын аткарылышына күнөөлүү кызмат адамдары мыйзамдарда белгиленген жоопкерчилик тартышат.

7-глава. Түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазаны аткаруу

53-берене. Түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазаны аткаруунун тартиби

1. Түзөтүү жумуштары түрүндөгү жаза соттун өкүмү (токтому, аныктамасы) менен белгиленген өлчөмдөрдө мамлекеттин кирешесине соттолгондун эмгек акысынын (акчалай күтүүнүн) акча каражаттарынан ай сайын которуу менен соттолгондун негизги иштеген жери боюнча өтөлөт жана анын жашаган жери боюнча пробация органы тарабынан аткарылат.

2. Пробация органдарынын уруксаты боюнча жүргүзүлүүчү өз каалоосу боюнча бошонгон учурларды кошпогондо, соттолгондор башка кызматка же жумушка эмгек мыйзамдарында каралган тартипте бошотулат, которулат. Пробация органдарынын уруксат берүүдөн баш тартуусу жүйөлөнгөн токтом менен жол-жоболоштурулат.

3. Түзөтүү жумуштары түрүндөгү жаза соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими пробация органдарына келип түшкөн күндөн тартып он күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен аткарылат.

4. Түзөтүү жумуштарына соттолгондор жазаны өтөөгө тартылуу үчүн катталуу жана каттоого туруу үчүн соттун өкүмү (токтому, аныктамасы) мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып он күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен пробация органына келүүгө милдеттүү.

5. Пробация органдары:

1) соттолгонду эсепке алууну жүргүзөт;

2) жазаны өтөөнүн тартибин жана шарттарын түшүндүрөт;

3) соттолгондун иштеген жери боюнча анын эмгек акысынан (акчалай күтүүдөн) жүргүзүлүүчү кармоолордун өз убагындагысын жана үзгүлтүксүздүгүн жана алардын мамлекеттин кирешесине которулушун текшерет;

4) соттолгондордун жазаны өтөө шарттарын сакташын контролдойт.

54-берене. Түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазаны аткаруунун жана өтөөнүн шарттары

1. Соттолгондор төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) жазаны өтөөнүн белгиленген тартибин жана шарттарын сактоого;

2) эмгекке ак ниет мамиле кылууга;

3) ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин администрациясынын мыйзамдуу талаптарын аткарууга;

4) он күндүк мөөнөттө пробация органдарына жашаган жеринин өзгөргөнү тууралуу билдирүүгө;

5) катталуу жана алдын алуучу маекке катышуу үчүн айына эки жолу пробация органдарына келүүгө.

2. Иштеген ордунун өзгөргөнү жөнүндө пробация органдарына себептерин баяндоо менен жазуу жүзүндө кабарландырат.

3. Жазаны өтөө мезгилинде жыл сайын акы төлөнүүчү жана кошумча өргүүлөр пробация органы менен макулдашуу боюнча соттолгондун иштеген жери боюнча ишкананын, уюмдун, мекеменин администрациясы тарабынан эмгек мыйзамдарында белгиленген тартипте берилет.

4. Соттолгон иштеген жерин жоготкондо пробация органы сотко төмөнкүлөрдү жиберет:

1) кылмыш жасаган (бир айдын ичинде ыктыярдуу эмгекке орношпогон) адамга карата, - түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазаны Жазык кодексинин 67-беренесинде каралган тартипте коомдук жумуштар түрүндөгү жаза менен алмаштыруу жөнүндө сунуштама;

2) жорук жасаган (эмгекке жөндөмсүз болуп калган) адамга карата, - түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазаны Жоруктар жөнүндө кодекстин 48-беренесинде каралган тартипте айып түрүндөгү жаза менен алмаштыруу жөнүндө сунуштама.

5. Түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазаны дайындоо жөнүндө соттун токтому чыгарылгандан кийин I же II топтогу майыптар деп таанылган адамдарга, ошондой эле, эгерде түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазаны дайындоо жөнүндө өкүм чыгарылгандан кийин кош бойлуу болуп калса, кош бойлуу аялдарга карата пробация органдары сотко аларды Жазык кодексинин 67-беренесинде каралган тартипте жазаны андан ары өтөөдөн бошотуу жөнүндө сунуштама жиберет.

6. Соттолгонго негизги иштеген жери боюнча баланы багуу боюнча өргүү берүүдө пробация органы сотко түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазаны Жазык кодексинин 67-беренесинде каралган тартипте айып түрүндөгү жаза менен алмаштыруу жөнүндө сунуштама киргизет.

55-берене. Түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазанын мөөнөтүн эсептөө

1. Түзөтүү жумуштарынын мөөнөтү соттолгон иштеген жана анын эмгек акысынан кармоолор жүргүзүлгөн жылдарда жана айларда эсептелет. Соттолгон иштеген жумушчу күндөрдүн саны сот тарабынан белгиленген жазанын мөөнөтүнүн ар бир айына туура келген жумушчу күндөрдүн санынан кем болбошу керек. Эгерде соттолгон көрсөтүлгөн күндөрдү иштеп бербесе жана ушул Кодексте белгиленген иштеп берилбеген күндөрдү жазанын мөөнөтүнө кошуп эсептөөнүн негиздери жок болсо, түзөтүү жумуштарын өтөө соттолгон тарабынан тийиштүү жумушчу күндөрүн толук иштеп бергенге чейин улантылат.

2. Соттун өкүмү (токтому, аныктамасы) мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин соттолгон адам жумушка чыккан күн түзөтүү жумуштарын өтөө мөөнөтүнүн башталышы болуп саналат.

3. Соттолгон адам эмгек мыйзамдарында каралган жүйөөлүү себептер боюнча иштебеген убакыт жазаны өтөө мөөнөтүнө кошулуп эсептелет.

4. Жумушчу убактысын жыйынтыктап кошуп эсептөө колдонулган ишканаларда, уюмдарда, мекемелерде иштеп жаткан соттолгондун жазаны өтөө мөөнөтү отчеттук мезгил үчүн белгиленген жумушчу сааттарынын санынан ашпаган жумуш убактысынын узактыгына жараша эсептелет.

5. Соттолгондорго жазаны өтөөнүн мөөнөтүнө төмөнкүлөр кошуп эсептелбейт:

1) ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, ал иштебеген убакыт;

2) алкоголдук, баңгизат же токсиндик зат менен мас болуудан келип чыккан оорунун убактысы;

3) бөгөт коюу чарасы катары тандап алынган үй камагында же кайтарууда болгон убакыт.

56-берене. Түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазага соттолгондордун жазаны өтөө орду боюнча ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин администрациясынын милдеттери

1. Түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазаны өтөө жери боюнча ишкананын, уюмдун, мекеменин администрациясына төмөнкүлөр жүктөлөт:

1) кармоолорду өз убагында жүргүзүү жана кармалган акча каражаттарын белгиленген тартипте которуу;

2) соттолгондун өндүрүштөгү жүрүш-турушун контролдоо;

3) соттолгон тарабынан иштелген убакыттын эсебин жүргүзүү;

4) пробация органдарына соттолгон адамдын жазаны өтөөдөн качканы жөнүндө кабарландыруу;

5) соттолгонго сыйлоо жана жаза-чараларын колдонуу жөнүндө пробация органдарына кабарландыруу;

6) пробация органдарына кармалган суммалардын өлчөмдөрү жана аларды которуу мөөнөттөрү жөнүндө кабарландыруу;

7) пробация органдарына соттолгондордун башка кызматка (жумушка) которулганы жана бошонгону, аларга кандай болбосун түрлөрдөгү өргүүлөрдүн берилгени жөнүндө күн мурун кабарландыруу.

2. Түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазаны өтөө жери боюнча ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин кызмат адамдарынын милдеттерин аткарбоосу мыйзамдарда белгиленген тартипте жоопкерчиликке алып келет.

57-берене. Түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазага соттолгондордун эмгек акыларынан кармап калуулар өндүрүшүнүн тартиби

1. Кармап калуу эмгек акы (акчалай күтүү) төлөөдө ар бир иштеген ай үчүн соттолгондун негизги иштеген жери боюнча эмгек акынын (акчалай күтүүнүн) бардык түрлөрүнүн бүтүндөй суммасынан жүргүзүлөт.

2. Соттолгондун эмгек акысынан (акчалай күтүүдөн) кармап калууларды жүргүзүүдө ишкананын, уюмдун, мекеменин администрациясы эмгек акынын (акчалай күтүүнүн) кармалып калган акча каражатынын бөлүгүнүн 50 пайызын аны контролдоону жүзөгө ашыруучу пробация органынын эсеп-кысабына, мамлекеттин кирешесине которот. Алынган акча каражаттары пробация органын өнүктүрүүгө жиберилет.

3. Кармап калуу социалдык камсыздандыруу жана социалдык камсыз кылуу тартибинде соттолгон тарабынан алынуучу жөлөк пулдардан, бир ирет төлөнүүчү төлөмдөрдөн жүргүзүлбөйт.

4. Пробация органы, соттолгон же ал иштеген ишкананын, уюмдун, мекеменин администрациясы анын материалдык абалы начарлаган учурда же ак ниет эмгеги үчүн сыйлоо тартибинде анын эмгек акысынан (акчалай күтүүдөн) кармап калуулардын өлчөмүн азайтуу жөнүндө сотко өтүнмө билдирүүгө укуктуу. Кармап калуулардын өлчөмүн азайтуу жөнүндө соттун чечими соттолгондун бардык кирешелерин эске алуу менен чыгарылат.

5. Соттун өкүмү өзгөргөндө соттолгонго анын эмгек акысынан (акчалай күтүүдөн) ашыкча кармалган сумма кайтарылып берилет.

6. Жазык иши боюнча өндүрүштүн токтотулушу менен соттун өкүмү жокко чыгарылган учурда соттолгонго анын эмгек акысынан (акчалай күтүүдөн) кармалып калган сумма толугу менен кайтарылып берилет.

7. Түзөтүү жумуштарына соттолгондун ар айлык эмгек акысынан (акчалай күтүүдөн) кармап калуулардын тууралыгын жана өз убагындагысын жана кармалып калган сумманын мамлекеттин кирешесине которулушун контролдоону жүзөгө ашырууда пробация органдары финансылык жана салык органдарын ишке тартууга укуктуу.

58-берене. Түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазаны өтөөнүн тартибин жана шарттарын бузганы үчүн соттолгондордун жоопкерчилиги

1. Соттолгон түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазаны өтөөнүн тартибин жана шарттарын бузганы үчүн пробация органы себебин аныктагандан кийин соттолгонго түзөтүү жумуштарынын Жазык кодексинде жана Жоруктар жөнүндө кодексте каралган башка кыйла катаал жаза менен алмаштырылышы мүмкүн экени жөнүндө жазуу жүзүндө эскертет.

2. Түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазаны өтөө тартибин жана шарттарын бузуулар деп төмөнкүлөр таанылат:

1) каттоого туруу жана катталуу үчүн пробация органына жүйөөлүү себептерсиз өз убагында келбей коюу;

2) эмгек тартибин бузуу;

3) жашаган жеринин өзгөрүшү жөнүндө маалыматты өз убагында бербөө;

4) пробация органына иштеген жерин алмаштырганы (бошонгону) жана анын себептери жөнүндө жазуу жүзүндө кабарландыруу бербөө.

3. Соттолгондун оорусу жана аны өз убагында келүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан, документ менен ырасталган башка жагдайлар каттоого туруу жана катталуу үчүн пробация органына анын келбей коюусунун жүйөөлүү себептери болуп саналат.

4. Түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазаны өтөөдөн кыянат качкан соттолгондорго карата пробация органы сотко түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазаны ал соттолгон берененин (берененин бөлүгүнүн) санкциясында каралган башка кыйла катаал жаза менен алмаштыруу жөнүндө сунуштама киргизет.

5. Түзөтүү жумуштарын соттолгон адам үчүн берененин (берененин бөлүгүнүн) санкциясында каралган жазаларга алмаштыруу мүмкүн экени жөнүндө жазуу жүзүндөгү эскертүүдөн кийин жасалган, ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазаны өтөө тартибин жана шарттарын кайталап бузуу түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазаны өтөөдөн соттолгондун кыянат качуусу болуп таанылат.

8-глава. Айып түрүндөгү жазаны аткаруу

59-берене. Кылмыш жасаганы үчүн дайындалган айып түрүндөгү жазаны аткаруунун тартиби

1. Соттолгон өкүм мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып, бир айдын ичинде айып төлөөгө милдеттүү.

2. Соттолгон негизги жаза катары дайындалган айыпты бир айдын ичинде төлөбөгөн учурда, аткаруу өндүрүшүнүн органы аны төлөө мөөнөтү бүткөн күндөн тартып бир айлык мөөнөттө сотко айыптын суммасын жазык мыйзамдарында жана аткаруу өндүрүш чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган тартипте эки эселөө жөнүндө сунуштама киргизет.

3. Негизги жаза катары дайындалган эки эселенген айыпты бир ай бою төлөбөгөн учурда аткаруу өндүрүшүнүн органы сотко Жазык кодексинин 351-беренесине ылайык айыпты эркиндигинен ажыратуу менен алмаштыруу жөнүндө сунуштама киргизет.

60-берене. Жорук жасаганы үчүн дайындалган айып түрүндөгү жазаны аткаруунун тартиби

1. Соттолгон жорук жасаганы үчүн дайындалган айыпты өкүм мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып бир айдын ичинде төлөөгө милдеттүү.

2. Жорук жасаганы үчүн дайындалган айыпты соттолгон төлөбөгөн учурда, аткаруу өндүрүшүнүн органы аны төлөөнүн мөөнөтү бүткөн күндөн тартып бир айлык мөөнөттө соттолгонду Жоруктар жөнүндө кодекстин 49-беренесинде каралган тартипте жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени чечүү үчүн сотко материалдарды киргизет.

9-глава. Эркиндигин чектөө түрүндөгү жазаны аткаруу

61-берене. Эркиндигин чектөө түрүндөгү жазаны аткаруунун тартиби

1. Эркиндигин чектөөгө соттолгондор жазаны пробация органдарынын көзөмөлү астында, жашаган жери боюнча өтөйт.

2. Эркиндигин чектөөгө соттолгондор жазаны өтөө үчүн пробация органдарына соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып он календардык күндөн кечикпестен келүүгө милдеттүү.

3. Пробация органы:

1) соттолгондорду эсепке алууну жүргүзөт;

2) соттолгондорго жазаны өтөө тартибин жана шарттарын түшүндүрөт;

3) соттолгондордун сот тарабынан жүктөлгөн милдеттерди аткарышын контролдойт;

4) соттолгондордун жалпы кабыл алынган моралдык-этикалык жана укуктук ченемдерди сакташы боюнча иш жүргүзөт.

4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары пробация органдарына эркиндигин четтөөгө соттолгон адамдардын эмгектик жана турмуш-тиричиликтик жайгашуусуна көмөктөшөт.

62-берене. Эркиндигин чектөө түрүндөгү жазанын мөөнөтүн эсептөө

Эркиндигин чектөө түрүндөгү жазанын мөөнөтү соттолгонду пробация органына эсепке койгон күндөн тартып эсептелет.

63-берене. Эркиндигин чектөө түрүндөгү жазаны өтөөнүн шарттары

1. Эркиндигин чектөөгө соттолгондор төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) сот тарабынан жүктөлгөн милдеттерди аткарууга;

2) пробация органдарынын мыйзамдуу талаптарын аткарууга;

3) пробация органдары менен макулдашуусуз жашаган, иштеген, окуган жерин алмаштырбоого;

4) пробация органдарынын уруксатысыз администрациялык-аймактык бирдиктин чегинен чыгып кетпөөгө;

5) инсандыгын ырастоочу документтери өзүндө болууга;

6) өз жүрүш-турушу жөнүндө жана сот тарабынан жүктөлгөн милдеттердин сакталышы жөнүндө пробация органдарынын алдында отчет берүүгө;

7) каттоо жана алдын алуу маектешүүсүнө катышуу үчүн айына эки жолу, ошондой эле чакыруу боюнча пробация органдарына келүүгө.

2. Эркиндигин чектөө түрүндөгү жазаны өтөө мезгилинде соттолгондор төмөнкүлөргө укуктуу:

1) жазасын өтөө жери боюнча административдик-аймактык бирдиктин чегинде жайгашкан жогорку жана атайын орто окуу жайларында окууга;

2) пробация органдарынын макулдугу менен окуу жайы жайгашкан жер боюнча пробация органдарында милдеттүү түрдө каттоого туруу менен административдик-аймактык бирдиктин чегинен тышкары жерде жайгашкан жогорку жана атайын орто окуу жайларында окууга;

3) жеке өзгөчө жагдайларга - жакын тууганынын өлүмүнө же анын өмүрүнө коркунуч келтиргидей катуу ооруганына байланыштуу, барып-келүү үчүн зарыл болгон убакытты эсепке албаганда, он суткадан ашпаган мөөнөткө административдик-аймактык бирдиктин (шаардын, райондун) чегинен тышкары кыска мөөнөткө кетүүгө;

4) пробация органдарынын уруксаты менен жашаган жеринен тышкары жерлерде дем алыш жана майрам күндөрүн өткөрүүгө;

5) пробация органдарынын уруксаты менен жашаган жеринен тышкары жерге баруу менен эмгек (каникул) өргүүсүн өткөрүүгө.

3. Эркиндигин чектөөгө соттолгондор ишинен айрылганда (жогорку жана атайын орто окуу жайларынын күндүзгү бөлүмдөрүндө окуган адамдарды кошпогондо) пробация органдары аларды ушул Кодексте белгиленген жазаны өтөө тартиби камсыз кылынган шартта ишканалардагы, уюмдардагы, мекемелердеги эмгекке тартат.

4. Ишке кабыл алуу, иштен бошотуу, башка ишке которуу эрежелерин кошпогондо, эркиндигин чектөөгө соттолгондордун эмгеги эмгек мыйзамдары менен жөнгө салынат.

5. Соттолгонду башка ишке которуу жазаны өтөө орду боюнча пробация органдары менен макулдашуу боюнча жана соттолгондун пикирин эске алуу менен жүзөгө ашырылат.

64-берене. Эркиндигин чектөө түрүндөгү жазаны өтөөнүн тартибин жана шарттарын бузганы үчүн жоопкерчилик

1. Эркиндигин чектөө түрүндөгү жазаны өтөөнүн тартибин жана шарттарын бузуу төмөнкүлөр болуп саналат:

1) соттолгондордун мыйзамдарда белгиленген милдеттерди аткарбаганы;

2) соттолгондун ага сот тарабынан жүктөлгөн милдеттерди аткарбаганы.

2. Эркиндигин чектөө түрүндөгү жазаны өтөөнүн тартибин жана шарттарын жүйөлүү себептерсиз бузган учурда, пробация органы соттолгонго кайталап бузганда мүмкүн болуучу кесепеттер жөнүндө жазуу жүзүндө эскертет.

3. Эркиндигин чектөө түрүндөгү жазаны өтөөнүн тартибин жана шарттарын жүйөлүү себептерсиз кайталап бузганда, пробация органы сотко эркиндигин чектөө түрүндөгү жазаны Жоруктар жөнүндө кодекстин 46-беренесине ылайык айып түрүндөгү жаза менен алмаштыруу жөнүндө сунуштама жиберет.

10-глава. Кошумча жазаларды аткаруу

65-берене. Атайын, аскердик, ардак наамдан, класстык ченден, дипломатиялык рангдан, мамлекеттик сыйлыктардан ажыратуу жөнүндө өкүмдү аткаруу

1. Соттолгонду атайын, аскердик, ардак наамдан, класстык ченден, дипломатиялык рангдан, мамлекеттик сыйлыктардан ажыратуу жөнүндө өкүм чыгарган сот өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин он жумушчу күндүн ичинде анын көчүрмөсүн соттолгонго наам, класстык чен, дипломатиялык ранг, мамлекеттик сыйлык ыйгарган ыйгарым укуктуу органга жиберет.

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган соттолгонду атайын, аскердик, ардак наамдан, класстык ченден, дипломатиялык рангдан, мамлекеттик сыйлыктардан ажыратуу жөнүндө жазууну белгиленген тартипте тиешелүү документтерге киргизет, мамлекеттик сыйлыктарды жана аларга карата документтерди алып коюуну жүргүзөт, ошондой эле аны тиешелүү наамдары, чендери, дипломатиялык рангдары, мамлекеттик сыйлыктары бар адамдар үчүн каралган укуктардан жана жеңилдиктерден ажыратуу чараларын көрөт.

3. Запастагы аскердик кызматкерге карата өкүмдүн көчүрмөсү аткаруу үчүн ал аскердик эсепте турган жери боюнча аскердик комиссариатка жиберилет.

4. Соттолгонго наам, класстык чен, дипломатиялык ранг, мамлекеттик сыйлыктарды ыйгарган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өкүмдүн көчүрмөсүн алган күндөн тартып бир айдын ичинде өкүм чыгарган сотко анын аткарылганы жөнүндө кабарлайт.

III БӨЛҮМ. ЖАЗЫКТЫК-УКУКТУК ТААСИР КӨРСӨТҮҮНҮН МАЖБУРЛОО ЧАРАЛАРЫН АТКАРУУ

11-глава. Жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын (коопсуздук чараларын) аткаруу

66-берене. Мүлктү конфискациялоо (алып коюу) жөнүндө соттун өкүмүн аткаруунун тартиби

1. Соттолгондун мүлкүн конфискациялоо (алып коюу) жөнүндө өкүм чыгарган сот өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин аткаруу өндүрүшү органдарына аткаруу баракчасын, мүлктүн тизмесинин көчүрмөсүн, аткаруу үчүн соттун өкүмүнүн көчүрмөсүн жиберет. Жазык ишинде мүлктүн жазма тизмеси болбогондо, мүлктүн тизмеги жок экени жөнүндө маалымкат жиберилет.

2. Аткаруу өндүрүшүнүн органдары мүлктү конфискациялоону (алып коюуну) Жазык кодексинин 96-беренесине ылайык жүргүзөт.

3. Конфискациялоого (алып коюуга) жаткан мүлккө кирген предметти конфискациялоо (алып коюу) жүргүзүү мүмкүн болбогондо, аткаруу өндүрүшүнүн органдары Жазык кодексинин 96-беренесине ылайык конфискацияланууга жаткан предметтин ордуна акча каражаттарын же башка мүлктү конфискациялоо жүргүзөт.

4. Ушул Кодекстин тиркемесинде белгиленген Тизмекке ылайык соттолгондун мүлкү конфискацияланууга (алып коюуга) жатпайт.

5. Соттолгондун соттун өкүмү боюнча конфискацияланууга (алып коюуга) жаткан мүлкүнүн ага таандыктыгы жөнүндө талаштар жарандык процесстик мыйзамдарга ылайык чечилет.

6. Мүлктү конфискациялоонун (алып коюунун) тартиби аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарда аныкталат.

67-берене. Материалдык залалдын жана моралдык зыяндын ордун толтуруунун тартиби

1. Материалдык залалдын жана моралдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндө өкүм чыгарган соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин соттун өкүмүнүн көчүрмөсүн аткаруу өндүрүшү органдарына жиберет.

2. Кылмыш менен келтирилген материалдык залалдын жана моралдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндө соттун өкүмүн аткаруунун тартиби аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарда аныкталат.

68-берене. Кылмыш жасаганы үчүн дайындалган жазасын өтөгөндөн кийин соттолгонду Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгарып жиберүү тартиби

1. Кыргыз Республикасынын аймагында болуу үчүн мыйзамда белгиленген негиздер болбогондо, чет өлкөлүк жаранды же жарандыгы жок адамды чыгарып жиберүү соттолгонду Кыргыз Республикасынын чектеринен контролдонуучу чыгаруу жолу менен жүргүзүлөт.

2. Жазаны жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдар жана мекемелер жаза өтөгөндөн кийин чыгарып жиберүүгө жаткан адамды жазанын мөөнөтү аяктаганга чейин бир айдан кечиктирбестен миграция, улуттук коопсуздук же ички иштер органдарына, алдыда турган чыгарып жиберүү зарылдыгы жөнүндө кабарландыруу жиберет.

3. Мамлекеттик чек арадан өтүү үчүн зарыл соттолгондун инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтерди калыбына келтирүү зарыл болгондо, жазаны жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдар же мекемелер алар жарандары (букаралар) болуп саналган, Кыргыз Республикасында аккредитацияланган өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнөн жана консулдук мекемелеринен, ал эми Кыргыз Республикасында аккредитацияланган дипломаттык жана консулдук мекемелери жок өлкөлөрдүн жарандарына (букараларга) карата, - алардын кызыкчылыктарын коргоону жүзөгө ашыруучу мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнөн же аларды коргоону жүзөгө ашыруучу эл аралык органдардан тиешелүү маалыматты суратат.

4. Миграция органдары жазаны аткаруучу органдардан же мекемелерден соттолгонду алдыда күтүлгөн чыгарып жиберүү жөнүндө маалымдама алгандан кийин чек ара кызматынын органдарына тиешелүү кабарландыруу жиберет.

5. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгарып жиберүү соттолгон адамды чыгаруу пункту катары аныкталган жерге чейин миграция, улуттук коопсуздук, ички иштер органдарынын, чек ара кызматынын кызматкерлеринин коштоо жолу менен жүзөгө ашырылат.

6. Жазаларды жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдардын жана мекемелердин, миграция, улуттук коопсуздук, ички иштер органдарынын, чек ара кызматынын соттолгон адамды Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгарып жиберүү боюнча өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби эл аралык келишимдерде жана мыйзамдарда аныкталат.

7. Чыгарып жиберүү боюнча чыгымдарды соттолгон же болбосо аны Кыргыз Республикасына чакырган адам же юридикалык жак тартат. Чыгымдарды жабуу үчүн жогоруда көрсөтүлгөн адамдардын каражаттары болбогон же жетишсиз болгон учурларда чыгарып жиберүү бюджеттик каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат.

8. Соттолгонду Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгарылганы жөнүндө миграция органдары өкүм чыгарган сотко кабарландыруу жиберет, ошондой эле алар жарандары (букаралар) болуп саналган, Кыргыз Республикасында аккредитацияланган дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине, ал эми Кыргыз Республикасында аккредитацияланган дипломатиялык жана консулдук мекемелери жок өлкөлөрдүн жарандарына (букараларга) карата, - алардын кызыкчылыктарын коргоону жүзөгө ашыруучу мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө же аларды коргоону жүзөгө ашыруучу эл аралык органдарга кабарландырат.

12-глава. Жаза болуп саналбаган жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруу

69-берене. Соттун материалдык залалдын жана моралдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндө өкүмүн аткаруу

1. Эгерде келтирилген залалдын орду ыктыярдуу тартипте толтурулбаса, анын ордун толтуруу жөнүндө өкүм чыгарган сот ал мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин аткаруу барагынын көчүрмөсүн аткаруу үчүн аткаруу өндүрүшүнүн органдарына жиберет.

2. Жорук менен келтирилген материалдык залалдын жана моралдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндө соттун өкүмүн аткаруунун тартиби ушул Кодекстин 67-берекесинде аныкталат.

70-берене. Жорук жасоо предметин, куралдарын жана каражаттарын конфискациялоо жөнүндө соттун өкүмүн аткаруу

1. Жорук жасоо предметин, куралдарын жана каражаттарын мамлекеттин кирешесине конфискациялоо жөнүндө өкүм чыгарган сот, ал мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин жорук жасоо предметинин, куралдарынын жана каражаттарынын тизмегинин көчүрмөсүн, соттун өкүмүнүн көчүрмөсүн аткаруу үчүн аткаруу өндүрүшүнүн органдарына жиберет. Жазык ишинде жорук жасоо предметинин, куралдарынын жана каражаттарынын тизмеги болбогондо, ушул тизмектин жок экени жөнүндө маалымкат жиберет.

2. Аткаруу өндүрүшүнүн органдары мүлктү конфискациялоону соттун өкүмү боюнча Жоруктар жөнүндө кодекстин   60-беренесине ылайык жүргүзөт.

3. Жорук жасоонун предметин, куралдарын жана каражаттарын конфискациялоонун тартиби аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарда аныкталат.

71-берене. Жорук жасаганы үчүн дайындалган жазасын өтөгөндөн кийин соттолгонду Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгарып жиберүү тартиби

Жорук жасаганы үчүн жазасын өтөгөндөн кийин чет өлкөлүк жаранды же жарандыгы жок адамды Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгарып жиберүү, анын аймагында болуу үчүн мыйзам менен белгиленген негиздер болбогондо, ушул Кодекстин 68-беренесинде каралган тартипте жүргүзүлөт.

IV БӨЛҮМ. БЕЛГИЛҮҮ БИР МӨӨНӨТКӨ ЭРКИНДИГИНЕН АЖЫРАТУУ ЖАНА ӨМҮР БОЮ ЭРКИНДИГИНЕН АЖЫРАТУУ ТҮРҮНДӨГҮ ЖАЗАЛАРДЫ АТКАРУУ

13-глава. Белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жана өмүр бою эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаларды аткаруунун жалпы жоболору

72-берене. Белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жана өмүр бою эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаларды өтөөчү жерлер

1. Белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жана өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдар жазасын Кыргыз Республикасынын аймагындагы түзөтүү мекемелеринде өтөшөт.

2. Эркиндигинен ажыратууга соттолгондор аларды түзөтүү жана кайра социалдаштыруу, социалдык жактан пайдалуу байланыштарды күтүү, коопсуздукту камсыз кылуу жана алардын жаңы кылмыштарды жасашынын алдын алуу үчүн зарыл шарттарды эске алуу менен түзөтүү мекемелерине жиберилет.

3. Соттолгонго эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөө үчүн түзөтүү мекемесинин түрүн жана жерин аныктоо ушул Кодекстин 73-беренесинин талаптарына ылайык жазык-аткаруу системасынын мамлекеттик органынын атайын комиссиясынын чечими менен жүзөгө ашырылат.

Жазык-аткаруу системасынын мамлекеттик органынын атайын комиссиясынын курамы жана ишинин тартиби Өкмөт тарабынан аныкталат.

Соттолгонго эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөө үчүн түзөтүү мекемесинин түрүнүн жана жеринин аныкталышы боюнча жазык-аткаруу системасынын мамлекеттик органынын атайын комиссиясынын чечимине даттануу мыйзамдарда белгиленген тартипте жүргүзүлөт, бирок анын аткарылышына токтото турбайт.

4. Соттолгонго түзөтүү мекемесинин түрүн жана жаза өтөө жерин аныктоо соттун өкүмүнүн мыйзамдуу күчүнө кириши жөнүндө кабарлоо алгандан кийин жети календардык күндүн ичинде жүргүзүлөт.

5. Кылмышты жасоого кошо катышкан соттолгондор эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөө үчүн жаза өтөөчү ар кандай жерлерге жиберилет.

6. Соттолгонду жазасын андан ары өтөө үчүн бир абактан ошондой эле түрдөгү экинчи абакка которууга ал ооруган учурда же болбосо анын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн, түзөтүү мекемеси кайрадан түзүлгөндө же жоюлганда, соттолгондун ушул түзөтүү мекемесинде андан ары болушуна тоскоолдук кылуучу башка жагдайларда жол берилет.

7. Түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан, эркиндигинен ажыратууга соттолгон чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленген тартипте, алар жарандары (букаралары) болуп саналган мамлекеттерге жазасын андан ары өтөө үчүн жиберилиши мүмкүн.

73-берене. Түзөтүү мекемелеринин түрлөрү

1. Жатак-абактар, түзөтүү абактары, тарбиялоо абактары, түрмөлөр түзөтүү мекемелери болуп саналат.

2. Тергөө изоляторлору чарбалык жактан тейлөө боюнча жумуштар үчүн калтырылган соттолгондорго карата, - соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген жана жазасын өтөө үчүн түзөтүү мекемелерине жиберилүүгө жаткан соттолгондорго; жаза өтөөнүн бир жеринен башкасына которулуп жаткан соттолгондорго; тергөө изоляторунда калтырылган же тергөө изоляторуна ушул Кодекстин 76-беренесинде белгиленген тартипте которулган соттолгондорго карата түзөтүү мекемелеринин функциясын аткарат.

3. Жатак-абактар ушул Кодекстин 80-беренесинде каралган тартипте жалпы жана катуу режимдеги түзөтүү абактарынан которулган соттолгондорду кармоо үчүн арналган. Бир жатак-абакта соттолгон эркектер жана соттолгон аялдар жазаларын өтөшү мүмкүн.

4. Түзөтүү абактары жалпы, катуу, өзгөчө режимдеги түзөтүү абактарына бөлүнөт жана жашы жеткендер үчүн эркиндигинен ажыратууга соттолгондордун жазаны өтөөсү үчүн арналган.

Түзөтүү жана тарбиялоо абактарында режимдин ар кандай түрлөрү менен бөлөк кармоочу участоктор түзүлүшү мүмкүн. Көрсөтүлгөн түзөтүү жана тарбиялоо абактарынын тизмеги жазык-аткаруу системасынын мамлекеттик органынын сунушу боюнча Өкмөт тарабынан бекитилет.

5. Жалпы режимдеги түзөтүү абактарында белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга биринчи жолу соттолгон адамдар жазасын өтөшөт; түзөтүү жумуштары, айып түрүндөгү жазалары белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу менен алмашылган адамдар; жатак абактардан жана түрмөлөрдөн ушул Кодекстин 80-беренесинде каралган тартипте которулган соттолгондор; ушул Кодекстин 139-беренесинде каралган тартипте жатак-абактардан которулган соттолгондор; пробациялык көзөмөл жокко чыгарылган жана эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза дайындалган адамдар жаза өтөйт.

Жалпы режимдеги түзөтүү абактарында этиятсыздык кылмыштары үчүн соттолгондорду; аларга түзөтүү жумуштары, айып түрүндөгү жаза белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу менен алмашылган адамдарды; аларга пробациялык көзөмөл жокко чыгарылган жана эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза дайындалган адамдарды кармоо үчүн изолятордук участоктор түзүлөт.

6. Катуу режимдеги түзөтүү абактарында мурда эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөгөн жана белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга кайрадан соттолгондор, ошондой эле ушул Кодекстин 80-беренесинде каралган тартипте жатак-абактардан жана түрмөлөрдөн которулган соттолгондор жазасын өтөйт.

7. Өзгөчө режимдеги түзөтүү абактарында өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгондор, ошондой эле өмүр бою эркиндигинен ажыратуу, ырайым кылуу тартибинде эркиндигинен жыйырма жылдык мөөнөткө ажыратуу менен алмаштырылган адамдар жазасын өтөйт.

8. Түрмөлөрдө соттолгондор - жазасын өтөөнүн белгиленген тартибин кыянаттык менен бузуучулар, ушул Кодекстин 80-беренесинде каралган тартипте түзөтүү абактарынан которулгандар жаза өтөйт.

9. Тарбиялоо абактары жалпы жана күчөтүлгөн режимдеги тарбиялоо абактарына бөлүнөт жана белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгон жашы жетелектердин жаза өтөөсү үчүн арналат.

10. Жалпы режимдеги тарбиялоо абактарында эркиндигинен ажыратууга биринчи жолу соттолгон эркек жынысындагы жашы жетелек адамдар; соттолгон аял жынысындагы жашы жетелек адамдар; аларга пробациялык көзөмөл жокко чыгарылган жана эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза дайындалган жашы жетелек адамдар жазасын өтөйт.

11. Күчөтүлгөн режимдеги тарбиялоо абактарында мурда эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөгөн эркек жынысындагы жашы жетелек адамдар жазасын өтөйт.

74-берене. Эркиндигинен ажыратууга соттолгондорду жазасын өтөө үчүн жиберүү

1. Эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдар тергөө изоляторунун же түзөтүү мекемесинин администрациясы өкүмдүн мыйзамдуу күчүнө киргени тууралуу соттун тескемесин алган күндөн тартып он күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын мамлекеттик органынын атайын комиссиясынын түзөтүү мекемесинин түрүн жана жерин аныктоо жөнүндө чечиминин негизинде жазасын өтөө үчүн түзөтүү мекемелерине жиберилет.

Соттолгон көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде төмөнкүлөргө укуктуу:

алардын санын, узактыгын чектебестен жана купуялуулукту камсыз кылуу шартында адвокат менен жолугушууга;

жубайы же жакын туугандары менен кыска мөөнөттүү жолугушууга;

он беш мүнөткө чейинки узактыкта телефон менен сүйлөшүүгө, ал анын өздүк каражатынан же болбосо башка адамдардын каражатынан төлөнөт;

чет өлкөлүк жарандар - Кыргыз Республикасында аккредитацияланган өз мамлекеттеринин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин кызматкерлери менен, ал эми Кыргыз Республикасында аккредитацияланган дипломатиялык жана консулдук мекемелери жок өлкөлөрдүн жарандары (букаралар), - алардын кызыкчылыктарын коргоону өзүнө алган мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери же аларды коргоону жүзөгө ашыруучу эл аралык органдардын кызматкерлери менен жолугушууга.

2. Соттолгондорду түзөтүү мекемелерине жиберүүнүн тартиби Өкмөт тарабынан аныкталат.

3. Тергөө изоляторунун же түзөтүү мекемесинин администрациясы үч жумушчу күндүн ичинде анын жазаны андан ары өтөө орду жөнүндө жубайына же туугандарынын бирине же башка адамга (соттолгондун тандоосу боюнча) жазуу жүзүндө кабарландыруу жиберет.

75-берене. Эркиндигинен ажыратууга соттолгондорду которуу

1. Эркиндигинен ажыратууга соттолгондор жазаны өтөө жерине жиберилет жана күзөттүк кайтаруу алдында которулат.

2. Соттолгондорду которуу өзүнчө кармоо эрежелерин сактоо менен төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат: аялдар эркектерден бөлөк; жашы жетелектер - эрезеге жеткендерден бөлөк; өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгондор жана өмүр бою эркиндигинен ажыратуу ырайым кылуу тартибинде жыйырма жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу менен алмаштырылган соттолгондор, - башка категориядагы соттолгондордон бөлөк; кылмышты чогуу жасаган соттолгондор, - бири-биринен бөлөк; кургак учуктун ачык түрү менен ооругандар же жыныстык жол менен берилүүчү инфекциялардан дарылануунун толук курсун өтпөгөндөр, психикалык жактан оорулуулар - бири-биринен бөлөк жана ден соолугу таза соттолгондордон өзүнчө, зарыл болгондо, врачтын корутундусу боюнча, - медициналык кызматкерлердин коштоосунда жиберилет.

3. Которууда соттолгондор зарыл материалдык-тиричиликтик жана санитардык-гигиеналык шарттар менен камсыз кылынат.

4. Которууда соттолгондор жиберүүчү орган тарабынан мезгилге жараша кийим-кече, бут кийим, ошондой эле бүтүндөй тергөө мезгилине соттолгондор үчүн белгиленген ченем боюнча тамак-аш менен камсыз кылынат.

5. Соттолгондорду которуу мамлекеттин эсебинен жүзөгө ашырылат.

6. Соттолгондорду которууда ыйгарым укуктуу кызмат адамдары тарабынан купуялуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар көрүлөт.

7. Соттолгондорду которуунун тартиби ушул Кодекске ылайык Өкмөт тарабынан аныкталат.

8. Соттолгонду жаза өтөө жерине жиберүүдө же жаза өтөп жаткан бир жерден экинчи жерге которууда анын өздүк эсеп-кысабында болгон акча ал которулган түзөтүү мекемесине которулат.

76-берене. Чарбалык тейлөө боюнча жумуштарды аткаруу үчүн тергөө изоляторунда калтыруу, соттолгондорду түрмөгө же өзгөчө режимдеги түзөтүү абагына жиберүү

1. Белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга биринчи жолу соттолгон, жазасын өтөө үчүн жалпы режимдеги түзөтүү абагына жөнөтүлүүгө жаткан адамдар алардын макулдугу менен, чарбалык тейлөө боюнча жумуштарды аткаруу үчүн тергөө изоляторунда калтырылышы мүмкүн.

2. Эркиндигинен ажыратууга биринчи жолу соттолгон, жазаны өтөө үчүн жалпы режимдеги түзөтүү абагына жиберилүүгө жаткан адамдар алардын макулдугу менен, чарбалык тейлөө жумуштарын аткаруу үчүн түрмөгө же өзгөчө режимдеги түзөтүү абагына жиберилиши мүмкүн.

3. Соттолгондорду чарбалык тейлөө боюнча жумуштарды аткаруу үчүн тергөө изоляторунда калтыруу тергөө изоляторунун начальнигинин токтому менен жүргүзүлөт.

4. Соттолгондорду чарбалык тейлөө боюнча жумуштарды аткаруу үчүн түрмөгө же өзгөчө режимдеги түзөтүү абагына жиберүү жазык-аткаруу системасынын мамлекеттик органынын атайын комиссиясынын чечиминин негизинде жүргүзүлөт.

5. Чарбалык тейлөө боюнча жумуштарды аткаруу үчүн тергөө изоляторунда калтырылууга, түрмөгө же өзгөчө режимдеги түзөтүү абагына жиберилүүгө төмөнкү соттолгондор жатпайт:

1) террорчулук мүнөзүндөгү жана экстремисттик багыттагы кылмыштар үчүн;

2) уюшкан топтун же кылмыштуу уюмдун курамында кылмыштарды жасаганы үчүн;

3) жашы жетелектерге карата оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасаганы үчүн;

4) медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларынан, мажбурлап дарылоонун курсунан өтпөгөндөр, ошондой эле жабык типтеги медициналык мекемелерде атайын дарылоону талап кылуучулар.

6. Чарбалык тейлөө боюнча жумуштарды аткаруу үчүн тергөө изоляторунда калтырылган, түрмөгө же өзгөчө режимдеги түзөтүү абагына жиберилген соттолгондор жалпы режимдеги түзөтүү абактары үчүн ушул Кодексте каралган шарттарда башка адамдардан бөлөк кармалат.

77-берене. Эркиндигинен ажыратууга соттолгондорду тергөө иш-аракеттерине жана соттук териштирүүлөргө катышууга тартуу

1. Тергөө иш-аракеттерине күбө, жабырлануучу, шектелүүчү же айыпталуучу катары катышуу зарылдыгы болгондо, эркиндигинен ажыратууга соттолгондор прокурордун макулдугу менен, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде (мындан ары - Жазык-процесстик кодекс) каралган мөөнөткө тергөөчүнүн жүйөлөнгөн токтомунун негизинде тергөө изоляторунда калтырылышы же болбосо тергөө изоляторуна которулушу мүмкүн.

2. Соттук териштирүүгө күбө, жабырлануучу, шектелүүчү же айыпталуучу катары катышуу зарылдыгы болгондо, эркиндигинен ажыратууга соттолгондор соттун токтому менен тергөө изоляторунда калтырылышы же болбосо ишти сотто кароо мезгилинде түзөтүү мекемесинен тергөө изоляторуна которулушу мүмкүн.

3. Эркиндигинен ажыратууга соттолгонду башка иш боюнча жазык жоопкерчилигине тартууда, ага карата камакта кармоо түрүндө бөгөт коюу чарасы тандалса, аны тергөө изоляторунда кармоонун мөөнөтү Жазык-процесстик кодексине ылайык аныкталат.

4. Ушул берененин 1, 2 жана 3-бөлүктөрүндө каралган учурларда, соттолгондор Тергөө изоляторлорунун ички тартип эрежелеринде белгиленген тартипте жана алардын түзөтүү мекемесинде жаза өтөөнүн шартында тергөө изоляторунда кармалат.

5. Соттолгондун, тергөө изоляторунда калтырылгандын же которулгандын жана күбө же болбосо жабырлануучу катары тартылгандын, узакка созулган жолугушуу укугу кыска мөөнөттүү жолугушуу же телефон менен сүйлөшүү укугу менен алмаштырылат.

78-берене. Соттолгондорду түзөтүү мекемелерине кабыл алуу

1. Соттолгондорду түзөтүү мекемелерине кабыл алуу Түзөтүү мекемелеринин ички тартип эрежелеринде белгиленген тартипте администрация тарабынан жүргүзүлөт. Мында төмөнкүлөр белгиленет:

1) соттолгондун инсандыгы жөнүндө маалыматтар жана аны мекемеге жиберүүнүн негиздери;

2) мекеме тарабынан жооптуу сактоого кабыл алынган, соттолгонго таандык мүлктүн тизмеси;

3) соттолгондун дене бой же психикалык жактан абалына тиешеси бар кандай болбосун дене жаракаттары жана анын ден соолугу жөнүндө маалыматтар;

4) соттолгондун даттануулары.

2. Түзөтүү мекемесине келген соттолгондор бештен он суткага чейинки мөөнөткө төмөнкү максатта карантин бөлүмүнө жайгаштырылат:

1) жазаны өтөөнүн тартибин жана шарттарын аныктоо үчүн мааниге ээ болгон соттолгондун инсандыгы жөнүндө маалыматты мекеменин администрациясы тарабынан текшерүү;

2) соттолгондорду жаза өтөөнүн тартиби жана шарттары менен тааныштыруу;

3) соттолгондордун арасында жугуштуу ооруларды аныктоо жана алардын жайылышынын алдын алуу.

3. Түзөтүү мекемесинин администрациясы соттолгон келгенден кийин өкүм чыгарган сотко жазык-процесстик мыйзамдарында каралган тартипте аны аткарууга келтирилгени жөнүндө кабарлайт.

79-берене. Соттолгондорду түзөтүү мекемелеринде өзүнчө кармоо

1. Түзөтүү мекемелеринде аялдар менен эркектерди, жашы жетелектер менен эрезеге жеткендерди өзүнчө кармоо белгиленет.

2. Биринчи жолу эркиндигинен ажыратууга соттолгон эркектер жана аялдар эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны мурда өтөп жаткандардан өзүнчө кармалат.

3. Башка соттолгондордон төмөнкүлөр бөлөк кармалат:

1) өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгондор жана аларга өмүр бою эркиндигинен ажыратуу ырайым кылуу тартибинде эркиндигинен ажыратууга алмаштырылган адамдар;

2) соттолгондор - соттордун жана укук коргоо органдарынын мурдагы кызматкерлери;

3) соттолгондор - социалдык реабилитациялоо, көнүктүрүү программаларынын катышуучулары;

4) террорчулук мүнөздөгү жана экстремисттик багыттагы кылмыштар үчүн соттолгондор;

5) уюшулган топтун же кылмыштуу уюмдун курамында кылмыштарды жасаганы үчүн соттолгондор.

4. Ушул беренеде белгиленген соттолгондорду өзүнчө кармоонун талаптары ушул берененин 3-бөлүгүнүн 1 жана 4-пункттарында көрсөтүлгөн адамдарды кошпогондо, дарылоо түзөтүү мекемелерине, ошондой эле алдында балдар үйү бар түзөтүү абактарына жайылтылбайт. Көрсөтүлгөн мекемелерге жиберилген адамдар жазык-аткаруу системасынын мамлекеттик органынын атайын комиссиясы тарабынан аныкталган түрдөгү түзөтүү мекемеси үчүн ушул Кодексте белгиленген шарттарда кармалат.

5. Ар кандай жугуштуу ооруларга чалдыккан соттолгондор бири-биринен өзүнчө жана оорубаган соттолгондордон бөлөк кармалат. Кургак учукка каршы ооруканаларда соттолгонду өзүнчө кармоо медициналык көрсөтмөлөр менен аныкталат. Ушул талаптар ВИЧ/СПИД менен жашагандарды өзүнчө кармоо бөлүгүнө жайылтылбайт.

80-берене. Соттолгондорго түзөтүү мекемесинин түрүн өзгөртүү

1. Жүрүш-турушуна, эмгекке болгон мамилесине, реабилитациялык программаларга катышуусуна жараша соттолгондордун түзөтүү мекемесинин түрү өзгөртүлүшү мүмкүн.

2. Оң мүнөздөлгөн соттолгондор алардын жазуу жүзүндөгү арыздарынын негизинде андан ары жазасын өтөө үчүн төмөнкүдөй которулушу мүмкүн:

1) түрмөдөн түзөтүү абагына - соттолгон түрмөдө кармоо үчүн аныкталган мөөнөтүнүн кеминде жарымын өтөгөнү боюнча;

2) өзгөчө режимдеги түзөтүү абагынан катуу режимдеги түзөтүү абагына - аларга өмүр бою эркиндигинен ажыратуу ырайым кылуу тартибинде жыйырма жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу менен алмаштырылган соттолгондор, - жаза мөөнөтүнүн он беш жылдан кем эмесин өтөгөнү боюнча;

3) жалпы жана катуу режимдеги түзөтүү абактарынан жатак-абакка - анча оор эмес кылмыштар үчүн соттолгондор жазасынын мөөнөтүнүн кеминде жарымын өтөгөнү боюнча; оор кылмыштар жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолгондор же мурда эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазадан мөөнөтүнөн мурда бошотулгандар жана жазасынын өтөлө элек бөлүгүндө жаңы кылмыштарды жасаганы үчүн соттолгондор - жаза мөөнөтүнүн кеминде үчтөн эки бөлүгүн өтөгөнү боюнча; эркиндигинен өмүр бою ажыратуу ырайым кылуу тартибинде жыйырма жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу менен алмаштырылган соттолгондор - жаза мөөнөтүнүн кеминде төрттөн үч бөлүгүн өтөгөнү боюнча.

3. Жатак-абакка төмөнкүлөр которулууга жатпайт;

1) эркиндигинен өмүр бою ажыратууга соттолгондор;

2) террорчулук мүнөздөгү жана экстремисттик багыттагы кылмыштар үчүн соттолгондор;

3) уюшкан топтун же кылмыштуу уюмдун курамында кылмыштарды жасаганы үчүн соттолгондор;

4) эркиндигинен ажыратуу жайларында соттолгондордун уюшулган криминалдык топторунун мүчөлөрү;

5) жашы жетелектерге карата оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасаганы үчүн соттолгондо;

6) медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларынан, мажбурлап дарылоонун курстарынан өтпөгөндөр, ошондой эле жабык типтеги медициналык мекемелерде атайын дарылоо талап кылынган адамдар;

7) I жан II топтогу майыптар жана пенсия курагындагы адамдар;

8) жашаган жери белгисиз адамдар;

9) Кыргыз Республикасында туруктуу жашабаган чет өлкөлүк жарандар, ошондой эле жарандыгы жок адамдар;

10) эркиндигинен ажыратуу жерлеринен же камактан качып кеткени үчүн мурда соттолгондор.

4. Соттолгондор - жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянат бузгандар төмөнкүлөргө которулат:

1) жатак-абактан мурда жазык-аткаруу системасынын мамлекеттик органынын атайын комиссиясы тарабынан аныкталган режимдин ошол эле түрүндөгү түзөтүү абагына;

2) жалпы жана катуу режимдеги түзөтүү абактарынан түрмөгө бир жылдык мөөнөткө, ал эми жаза мөөнөтүнүн өтөлбөгөн бөлүгү бир жылдан кем болгондо - жаза мөөнөтүнүн калган бөлүгүнө.

5. Ушул берененин 4-бөлүгүндө каралган тартипте жатак-абактардан түзөтүү абактарына которулган соттолгондор түзөтүү абагына которуу жөнүндө чечим чыгарылган күндөн тартып бир жылдан эрте эмес мөөнөттө кайрадан жатак-абагына которулушу мүмкүн.

6. Түзөтүү мекемесинин түрүн өзгөртүү иши жазык-аткаруу системасынын мамлекеттик органы тарабынан аныкталуучу түзөтүү мекемесинин комиссиясынын чечиминин негизинде жазык-аткаруу системасынын мамлекеттик органынын атайын комиссиясынын чечими менен жүргүзүлөт.

14-глава. Түзөтүү мекемелеринде жаза өтөө режими жана аны камсыз кылуу каражаттары

81-берене. Түзөтүү мекемелеринде жаза өтөө режими жана анын негизги талаптары

1. Түзөтүү мекемелеринде жаза өтөө режими - бул жазык-аткаруу мыйзамдарында жана тиешелүү ченемдик укуктук актыларда белгиленген соттолгондорду коргоону жана бөлөк кармоону камсыз кылуучу жазаны аткаруунун жана өтөөнүн тартиби; аларга дайыма көзөмөл жүргүзүү; аларга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу; алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашыруу; соттолгондордун жана кызматкерлердин коопсуздугу; соттолгондордун белгилүү бир категорияларын өзүнчө кармоо; түзөтүү мекемесинин түрүнө жараша кармоонун ар кандай шарттары; соттолгондун жүрүш-турушуна жараша жаза өтөөнүн шарттарын өзгөртүү.

2. Түзөтүү мекемелеринде жаза өтөө режими жазаны аткаруу максаттарына жетүүнү камсыз кылуучу шарттарды түзөт.

3. Түзөтүү мекемелеринде Өкмөт тарабынан бекитилүүчү Түзөтүү мекемелеринин ички тартип эрежелери колдонулат. Түзөтүү мекемесинин администрациясы Түзөтүү мекемелеринин ички тартип эрежелерине ылайык күн тартибин белгилейт.

4. Жатак-абактарын кошпогондо, түзөтүү мекемелеринде соттолгондор белгиленген формадагы кийимди кийишет, анын үлгүсү Түзөтүү мекемелеринин ички тартип эрежелери менен аныкталат.

5. Соттолгондорго уруксат берилүүчү буюмдардын жана предметтердин тизмеги жана саны Түзөтүү мекемелеринин ички тартип эрежелери менен белгиленет.

6. Соттолгондорго акчаларды, баалуу кагаздарды жана Түзөтүү мекемелеринин ички тартип эрежелеринде каралбаган башка предметтерди сактоого жана пайдаланууга тыюу салынат. Алар табылган учурда алар түзөтүү мекемесинин администрациясы тарабынан алып коюлат.

7. Соттолгондор тарабынан мыйзамда белгиленген тартипте сатылып алынган акчаларды, баалуу кагаздарды жана башка предметтерди сактоо түзөтүү мекемесинин администрациясы тарабынан камсыз кылынат.

8. Түзөтүү мекемесине чектеш аймактын чегарасы жана аны пайдалануу режими анын администрациясы менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары тарабынан белгиленет. Түзөтүү мекемесине чектеш аймактын чегарасын аныктоонун тартиби жер мыйзамдарында белгиленет.

9. Түзөтүү мекемелеринде жаза өтөө режимин жана укуктук тартипти сактоо жазык-аткаруу системасынын кызматкерлери жана алардын карамагында турган күчтөр жана каражаттар тарабынан камсыз кылынат.

82-берене. Карап чыгууларды жана тинтүүлөрдү жүргүзүү

1. Соттолгондор, алардын буюмдары, ошондой эле алар жашаган жайлар жекече карап чыгууга жана тинтүүгө дуушар болот. Жекече карап чыгуу соттолгондор менен бир жыныстагы адамдар тарабынан жүргүзүлөт. Соттолгондор турак жайларда болгондо аларды карап чыгууга кийинкиге калтырууга болбой турган учурларда жол берилет.

2. Түзөтүү мекемесинин администрациясы түзөтүү мекемесинин аймагында жана ага чектеш, аларга карата режимдик талаптар белгиленген аймактарда мекемеге келген адамдарды, алардын буюмдарын, транспорт каражаттарын карап чыгууну жүргүзүүгө, тизмеги Түзөтүү мекемелеринин ички тартип эрежелеринде белгиленген тыюу салынган буюмдарды, предметтерди, документтерди, тамак-аш азыктарын алып коюуга укуктуу.

3. Карап чыгууларды жана тинтүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби Түзөтүү мекемелеринин ички тартип эрежелеринде аныкталат.

4. Соттолгондордон табылган мыйзамсыз сакталып турган акчалар, баалуу кагаздар жана башка баалуулуктар алып коюлат жана түзөтүү мекемесинин администрациясы тарабынан, Түзөтүү мекемелеринин ички тартип эрежелеринде каралган тартипте, соттолгондорду күтүүнүн шарттарын жакшыртууга пайдаланылат.

83-берене. Күзөттүн, көзөмөлдөөнүн жана контролдоонун инженердик-техникалык каражаттары

1. Түзөтүү мекемелеринин администрациясы качууларды жана башка укук бузууларды, жаза өтөөнүн белгиленген тартибин бузууларды алдын алуу, соттолгондордун жүрүш-турушу жөнүндө зарыл маалымат алуу үчүн угуп-көрүү (видео байкоо жүргүзүү системасын), электрондук жана башка инженердик-техникалык каражаттарды пайдаланат.

2. Түзөтүү мекемелеринин администрациясы коргоо иш-милдетин аткарган, соттолгондун өмүрү жана саламаттыгы үчүн коркунучтуу күзөттүн, көзөмөлдөөнүн жана контролдоонун инженердик-техникалык каражаттарынын колдонулушу жөнүндө кол койдуруу менен соттолгондорго билдирүүгө милдеттүү.

3. Күзөттүн, көзөмөлдөөнүн жана контролдоонун техникалык каражаттарынын тизмеги жана аларды пайдалануунун тартиби Өкмөт тарабынан аныкталат.

4. Жатак-абактарды кошпогондо, түзөтүү мекемелеринин аймагында уюлдук байланыштын радио сигналдарын жайылтууга тыюу салынат. Бул максаттарда уюлдук байланыш операторлору жана түйүндөрдүн ээлери өздөрүнүн менчик байланыш түйүндөрүн оптималдаштырууну же мекемелердин аймагында атайын техникалык жабдыктарды орнотууну жүзөгө ашырат.

84-берене. Түзөтүү мекемелериндеги ыкчам-издөө иши

1. Түзөтүү мекемелеринде ыкчам-издөө иши жүзөгө ашырылат, анын милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) жазаларды аткаруунун тартибин жана шарттарын, соттолгондордун, түзөтүү мекемелеринин кызматкерлеринин жана башка адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу;

2) түзөтүү мекемелерде даярдалып жаткан кылмыштардын жана жасалуучу укук бузуулардын жана жаза өтөөнүн белгиленген тартибин бузуулардын алдын алуу, табуу жана бетин ачуу;

3) укук коргоо органдарына түзөтүү мекемелеринен качып кеткен жана эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза өтөөдөн качкан адамдарды издөөдө көмөктөшүү;

4) укук коргоо органдарына кылмыштарды табууда жана бетин ачууда көмөктөшүү.

2. Түзөтүү мекемелеринде ыкчам-издөө иши мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.

85-берене. Түзөтүү мекемелериндеги өзгөчө шарттар режими

1. Табигый кырсыкта, түзөтүү мекемеси жайгашкан райондо өзгөчө же аскердик абал киргизилгенде, массалык тартипсиздиктерде, ошондой эле соттолгондор тобу баш ийбегенде түзөтүү мекемесинде өзгөчө шарттар режими киргизилиши мүмкүн.

2. Өзгөчө шарттар режими Башкы прокурор жана ички иштер министри менен макулдашылган жазык-аткаруу системасынын мамлекеттик органынын жетекчисинин чечими боюнча отуз суткага чейинки мөөнөткө киргизилет.

Өзгөчө шарттар режимин киргизүү көрсөтүлгөн мөөнөттө максатына жетпеген учурда, өзгөчө шарттар режимин колдонуу убактысы көрсөтүлгөн кызмат адамдары тарабынан кошумча отуз суткага узартылышы мүмкүн.

3. Соттолгондордун, кызматкерлердин жана башка адамдардын өмүрүнө жана саламаттыгына тикелей коркунуч келип чыккан учурда, түзөтүү мекемесинин начальниги ушул берененин 4-бөлүгүндө каралган чараларды жазык-аткаруу системасынын мамлекеттик органынын жетекчисине токтоосуз кабарландыруу менен өз алдынча киргизе алат.

Бул учурда жазык-аткаруу системасынын мамлекеттик органынын жетекчиси кабарландырууну алган учурдан тартып бир сутканын ичинде өзгөчө шарттар режимин киргизүү же киргизилген чараларды жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алат.

4. Түзөтүү мекемесинде өзгөчө шарттар режими колдонулган мезгилде соттолгондордун ушул Кодекстин 15-главасында каралган айрым укуктарын жүзөгө ашыруу токтотула турушу, күзөттүн жана көзөмөлдөөнүн күчөтүлгөн варианты, объекттерге киргизүүнүн өзгөчө тартиби киргизилиши, күн тартиби өзгөртүлүшү, өндүрүштүк, коммуналдык турмуш-тиричиликтик, маданий-агартуучулук, медициналык-санитардык жана башка кызматтардын иши чектелиши мүмкүн.

5. Түзөтүү мекемелеринде массалык тартипсиздиктерге жана топтошкон баш ийбегендиктерге бөгөт коюу боюнча иш-чараларга жалпы жетекчилик башка укук коргоо органдарынын күчүн жана каражаттарын тартуу менен ички иштер министрине жүктөлөт.

86-берене. Коопсуздук чаралары жана аларды колдонуунун негиздери

1. Соттолгондор тарабынан түзөтүү мекемелеринин администрациясынын мыйзамдуу талаптарына каршылык, кыянаттык менен баш ийбөө көрсөтүлгөндө, массалык тартипсиздиктерге, адамдарды барымтага кармоого катышканда, жарандарга кол салганда же башка коомдук коркунучтуу аракеттерди жасаганда, түзөтүү мекемелеринен качканда же качып бара жаткан соттолгондорду кармоодо көрсөтүлгөн укукка каршы аракеттерге бөгөт коюу, айлана чөйрөгө же өздөрүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу максаттарында түзөтүү мекемесинин администрациясы тарабынан кара күч, атайын каражаттар жана курал колдонулат.

2. Коопсуздук чараларын колдонуунун тартиби мыйзамдарда аныкталат.

15-глава. Түзөтүү мекемелеринде жаза өтөөнүн шарттары

87-берене. Соттолгондордун жаза өтөө шарттары

1. Соттолгондор бир түзөтүү абагынын чектеринде ушул абактын режиминин түрү менен каралган жаза өтөөнүн кадимки, катуу жана жеңилдетилген шарттарында болушу мүмкүн.

2. Бир жатак-абактын чектеринде, ошондой эле түрмөдө жаза өтөөнүн бирдей шарттары белгиленет.

3. Соттолгондор бир тарбия абагынын чектеринде ушул абактын режиминин түрү менен каралган жаза өтөөнүн кадимки жана жеңилдетилген шарттарында болушу мүмкүн.

4. Соттолгондорду ушул Кодекстин 124, 126, 129, 130, 132-беренелеринде көрсөтүлгөн негиздер боюнча бир шарттан башкасына которуу түзөтүү мекемесинин комиссиясынын чечими боюнча жүргүзүлөт.

5. Бир түзөтүү мекемесинен ушундай эле түрдөгү башка түзөтүү мекемесине которулган соттолгондор аларга которууга чейин аныкталган ошол эле шарттарда жазасын өтөшөт.

6. Түзөтүү абагында жаза өтөөнүн катуу шартына, тарбия абагында жаза өтөөнүн кадимки шарттарына которуу менен макул болбогон учурда, соттолгон түзөтүү мекемесинин комиссиясынын чечимине жазык-аткаруу системасынын жогору турган органына даттанууга укуктуу.

88-берене. Соттолгондордун тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү предметтерди сатып алуусу

1. Эркиндигинен ажыратууга соттолгондор жаза өтөө мезгилинде иштеп тапкан акча каражаттарынын, алар алуучу пенсиялардын жана социалдык жөлөк пулдардын эсебинен, ал эми жашы жетелек соттолгондор - өздөрүнүн жеке эсеп-кысаптарындагы акча каражаттарын накталай эмес эсептешүү боюнча тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү предметтерди чектөөсүз сатып ала алат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөндөрдөн тышкары чыгымдоого уруксат берилген акчанын жалпы суммасы ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарды кошпогондо, ушул Кодекстин 125, 127, 129, 130, 132-беренелеринде белгиленет.

3. Акчанын уруксат берилген суммасы учурдагы айда чыгымдалбай калган учурда, соттолгондор чыгымдалбай калган суммага кийинки айларда тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү предметтерди сатып апа алат.

4. Соттолгон кош бойлуу аялдар, соттолгон балдары бар аялдар, I же II топтогу майыптар, ошондой эле дарылоо түзөтүү мекемелеринде болгон соттолгондор өздөрүнүн жеке эсеп-кысаптарындагы каражаттарына тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү предметтерди чектөөсүз сатып апа алат.

5. Соттолгондор тарабынан сатып алууга тыюу салынган буюмдардын жана тамак-аш азыктарынын тизмеги Түзөтүү мекемелеринин ички тартип эрежелеринде белгиленет.

89-берене. Соттолгондордун жолугушуулары

1. Жатак-абактарды кошпогондо, түзөтүү мекемелеринде кармалган соттолгондорго төмөнкүдөй жолугушуулар берилет: кыска мөөнөттүү - узактыгы төрт саатка чейин, түзөтүү мекемесинин аймагында узак мөөнөттүү - узактыгы үч суткага чейин. Соттолгондун же жолугушууга келген адамдын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча жолугушуу кыскартылышы мүмкүн.

2. Соттолгондорго жубайы, туугандары же башка адамдар менен кыска мөөнөттүү жолугушуулар киргизилген аманаттарды алуу укугу менен түзөтүү мекемесинин администрациясынын өкүлүнүн катышуусунда берилет. Башка адамдар менен кыска мөөнөттүү жолугушуу берүү жөнүндө чечим соттолгон адамдын жүрүш-турушуна алардын оң таасир этери жөнүндө маалыматтар болгондо, түзөтүү мекемесинин начальниги кабыл алат.

3. Соттолгондорго жубайы жана жакын туугандары (ата-энеси, балдары, асырап алуучулар, асырап алынгандар, уялаш ага-ини жана эже-сиңди, чоң ата, чоң эне, неберелер), ошондой эле соттолгон менен никеде турбаган, бирок ортолорунда балдары бар адамдар менен узак мөөнөттүү жолугушуулар, берип жиберүүлөрдү алуу укугу менен берилет.

4. Кургак учуктун жугуштуу формасы менен ооруган соттолгондорго жубайы жана жашы жеткен жакын туугандары, ошондой эле соттолгон менен никеде турбаган, бирок ортолорунда балдары бар адамдар менен гана узак мөөнөттүү жолугушуулар, аларды жеке коргонуунун зарыл каражаттары менен камсыз кылуу менен, түзөтүү мекемесинин медициналык кызматкеринин уруксаты боюнча берилет.

5. Соттолгондор менен жолугушууга келген адамдардын узак мөөнөтүү жолугушуулар бөлмөсүндө жашап туруусуна соттолгондун же жолугушууга келген адамдардын каражаттарынын эсебинен Өкмөт тарабынан белгиленген тартипте акы төлөнөт.

6. Соттолгондорго өздөрүнүн өтүнүчү боюнча узак мөөнөттүү жолугушууну кыска мөөнөттүү жолугушууга, кыска мөөнөттүү же узак мөөнөттүү жолугушууну телефон менен сүйлөшүүгө алмаштырууга уруксат берилет.

7. Жолугушууларды берүүнүн кезектүүлүгүн аныктоонун, жолугушуунун бир түрүн башкасына алмаштыруунун, узак мөөнөтүү жолугушуулар бөлмөсүндө жашап туруусу үчүн акы төлөөнүн тартиби, ошондой эле жолугушуунун ордуна телефон менен сүйлөшүү берүүнүн тартиби Түзөтүү мекемелеринин ички тартип эрежелеринде белгиленет.

8. Түзөтүү мекемелеринде кармалган, ошондой эле чарбалык тейлөө боюнча жумуштарды аткаруу үчүн тергөө изоляторлорунда жана түрмөлөрдө калтырылган соттолгондорго жазасын өтөө мезгилинде никеге турган күнү узактыгы үч суткага чейин узак мөөнөттүү жолугушуу берилет, ал оң мүнөздөлгөн жолугушуулардын эсебине кирбейт.

9. Соттолгондорго юридикалык жардам алуу үчүн алардын арызы боюнча тапшыруу ордери же юридикалык жардам көрсөтүүгө укук берүүчү башка документи бар адвокаттар же ушундай жардам көрсөтүүгө укуктуу башка адамдар менен жолугушуу берилет. Алар менен жолугушуу алардын санын жана узактыгын чектөөсүз, купуялуулуктун шарттарында, бирок түзөтүү мекемесинин жумуш убактысынын ичинде берилет.

90-берене. Соттолгондордун аманат жиберүүлөрдү, берип жиберүүлөрдү жана бандеролдорду алуусу

1. Түзөтүү абактарында эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза өтөп жаткан соттолгондорго аманат жиберүүлөрдү, берип жиберүүлөрдү жана бандеролдорду ушул Кодекстин 125, 127, 129, 130, 131-беренелеринде аныкталган санда алууга уруксат берилет. Тарбиялоо абактарында эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза өтөп жаткан соттолгондорго аманат жиберүүлөрдү, берип жиберүүлөрдү жана бандеролдорду чектөөсүз алууга уруксат берилет.

2. Бир аманат жиберүүнүн же бандеролдун максималдуу салмагы почта эрежелеринде, бир жолу берип жиберүүнүн максималдуу салмагы - Түзөтүү мекемелеринин ички тартип эрежелеринде аныкталат.

3. Оорулуу соттолгондор, I жан II топтогу майыптар, бала эмизген аялдар, кош бойлуу аялдар жана балдар үйлөрүндө балдары бар аялдар кошумча аманат жиберүүлөрдү жана берип жиберүүлөрдү медициналык корутундуда аныкталган санда жана ассортиментте алышы мүмкүн.

4. Соттолгондор тарабынан медициналык корутундуга ылайык алынуучу дары-дармек каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар ушул берененин 1-бөлүгүндө аныкталуучу аманат жиберүүлөрдүн жана берип жиберүүлөрдүн жана бандеролдун санына кирбейт. Алар көрсөтүлгөн соттолгондорду дарылоо үчүн түзөтүү мекемесинин медициналык бөлүгүнө жиберилет.

5. Аманат жиберүүлөр, берип жиберүүлөр жана бандеролдор карап чыгууга дуушар болот.

6. Соттолгондордун аманат жиберүүлөрдү, берип жиберүүлөрдү, бандеролдорду алуусунун жана аларды карап чыгуунун тартиби Түзөтүү мекемелеринин ички тартип эрежелеринде аныкталат.

7. Администрациянын уруксаты менен соттолгондор аманат жиберүүлөрдү жана бандеролдорду жибере алышат.

8. Аманат жиберүүлөрдө, берип жиберүүлөрдө, бандеролдордо соттолгондордун алуусуна тыюу салынган тамак-аш азыктарынын, күндөлүк керектелүүчү буюмдардын тизмеги Түзөтүү мекемелеринин ички тартип эрежелеринде белгиленет.

91-берене. Соттолгондордун кат алышуусу, акчалай которууларды жиберүүсү жана алуусу

1. Ушул берененин 3-бөлүгүндө каралгандан учурларды кошпогондо, соттолгондор өзүнүн эсебинен каттарды жана телеграммаларды, алардын санына чек койбостон алууга жана жиберүүгө укуктуу.

2. Соттолгондор тарабынан жиберилүүчү жана алынуучу кат-кабарлар цензурага дуушар болот.

3. Соттолгондор акча каражаттарын жеке эсебине чегерүү менен, акчалай которууларды алууга, ошондой эле жакын туугандарына, ал эми администрациянын уруксаты менен - башка адамдарга акчалай которууларды жиберүүгө укуктуу.

92-берене. Соттолгондордун телефондук сүйлөшүүлөрү

1. Соттолгондорго ушул Кодекстин 125, 127, 129, 130, 131, 132-беренелеринде аныкталган санда, ар бири узактыгы он беш мүнөткө чейинки телефондук сүйлөшүүлөргө укук берилет. Телефондук сүйлөшүүлөргө соттолгондордун жеке эсептеринде болгон каражаттардан же жубайынын, жакын туугандарынын каражаттарынан акы төлөнөт.

2. Соттолгондордун телефондук сүйлөшүү укугун ишке ашыруу үчүн түзөтүү мекемесинин администрациясы колдо бар телекоммуникациялардын каражаттарын пайдаланат. Техникалык мүмкүнчүлүктөр болбогондо, телефондук сүйлөшүү кыска мөөнөттүү жолугушуу менен алмаштырылышы мүмкүн.

3. Соттолгондорго телефондук сүйлөшүүгө төмөнкү учурларда кошумча уруксат берилиши мүмкүн:

1) түзөтүү мекемесине келгенде;

2) жеке, үй-бүлөлүк, маанилүү окуяларда жана жагдайларда;

3) бошотулгандан кийин турмуш-тиричилик жана эмгекке орношуу маселелерин чечүүдө.

4. Түзөтүү мекемелеринде кармалып жаткан соттолгондордун ортосунда телефондук сүйлөшүүлөргө тыюу салынат.

5. Соттолгондордун телефондук сүйлөшүүлөрү түзөтүү мекемесинин администрациясы тарабынан контролдонот.

93-берене. Соттолгондордун сейилдөөсү

1. Эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөп жаткан жана жеке камераларда, камераларда, камералык типтеги жайларда, айыптык жана убактылуу бөлөк кармоо жайларында кармалган соттолгондор сейилдөөгө укуктуу, анын узактыгы ушул Кодекстин 121, 125, 127, 129, 130, 132-беренелеринде белгиленет.

2. Соттолгондордун сейилдөөсү камералар боюнча күндүзгү убакытта түзөтүү мекемесинин аймагынын атайын жабдылган бөлүгүндө жүргүзүлөт. Соттолгондор белгиленген эрежелерди бузган учурда сейилдөө мөөнөтүнөн мурда токтотулат.

94-берене. Соттолгондордун адабияттарды жана жазуу каражаттарын сатып алуусу жана сактоосу

1. Соттолгондорго бандеролдордо, аманат жиберүүлөрдө жана берип жиберүүлөрдө жазуу куралдарын алууга, соода тармагы аркылуу адабияттарды сатып алууга, ошондой эле өздөрүнүн жеке эсептериндеги каражаттарынын эсебинен газеталарга жана журналдарга жазылууга чектөөсүз уруксат берилет.

2. Соттолгондорго согушту, терроризмди жана экстремизмди, улуттар аралык жана диний касташууну тутандырууну, криминалдык идеологияны, зомбулукту же катаалдыкты пропагандалаган басылмаларды, анын ичинде электрондук алып жүрүүчүлөрдү, ошондой эле порнографиялык мүнөздөгү басылмаларды алууга, сатып алууга, жазылууга, сактоого жана жайылтууга тыюу салынат.

3. Соода тармагы аркылуу сатып алынган адабий китептери бар бандеролдор соттолгон алууга укуктуу аманат жиберүүлөрдүн жана бандеролдордун санына киргизилбейт.

95-берене. Эркиндигинен ажыратууга соттолгондордун теле берүүлөрдү, видеолорду көрүүсү, радио берүүлөрдү угуусу

1. Айыптык изоляторлорго, камералык типтеги жайларга, жеке камераларга, убактылуу бөлөк кармоо жайларына которулгандардан тышкары, соттолгондорго түнкү эс алуу үчүн күн тартибинде бөлүнгөн убакыттан тышкары, жумуштан жана иш-чаралардын күн тартиби боюнча башка милдеттүү убакыттан бош сааттарда телеберүүлөрдү жана видеолорду көрүүгө уруксат берилет.

2. Соттолгондор жана соттолгондордун тобу өз каражаттарынын эсебинен соода тармагы аркылуу теле, - видео-, радио-, аудио аппаратураларын сатып же болбосо аларды жубайынан, туугандарынан жана башка адамдардан ала алышат.

3. Соттолгондорго түнкү эс алуу үчүн күн тартибинде бөлүнгөн убакыттан тышкары жумуштан бош сааттарда радио берүүлөрдү угууга уруксат берилет.

4. Соттолгондорго согушту, терроризмди жана экстремизмди, улуттар аралык жана диний касташууну тутандырууну, зомбулукту же катаалдыкты пропагандалаган видео-, аудио продукцияларды, ошондой эле порнографиялык мүнөздөгү продукцияларды көрүүгө жана угууга тыюу салынат.

96-берене. Соттолгондордун кайтаруусуз же коштоосуз жүрүүлөрүнүн шарттары жана тартиби

1. Өзгөчө учурларда түзөтүү абактарында оң мүнөздөлгөн соттолгондорго жазасынын кеминде үчтөн бирин өтөгөндөн кийин, эгерде бул аткарылган иштин мүнөзүнө жараша зарыл болсо, түзөтүү абагынын чегинен тышкары жерде кайтаруусуз жүрүүгө уруксат берилет.

2. Кайтарылган аймактын чегинен тышкары жерде кайтаруусуз же коштоосуз жүрүүгө төмөнкү соттолгондорго тыюу салынат:

1) өмүр бою эркиндигинен ажыратылгандарга, ошондой эле өмүр бою эркиндигинен ажыратуу ырайым кылуу тартибинде эркиндигинен жыйырма жылдык мөөнөткө ажыратуу менен алмаштырылган адамдарга;

2) террорчулук мүнөздөгү жана экстремисттик багыттагы кылмыштар үчүн;

3) уюшкан топтун же кылмыштуу уюмдун курамында кылмыштарды жасагандык үчүн;

4) уюшкан криминалдык топтордун эркиндигинен ажыратуу жайларында соттолгон мүчөлөрүнө;

5) оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн;

6) жазасын өтөө мезгилинде атайылап кылмыш жасаганы үчүн;

7) кармоонун катаал шарттарында тургандарга;

8) аракечтиктен, токсикоманиядан, баңгиликтен, жугуштуу түрдөгү кургак учуктан, жыныстык дарттан дарылануунун толук курсун өтпөгөндөргө; ВИЧ/СПИД менен жашагандарга;

9) кем акыл, психикалык жактан оорулуу деп таанылгандарга;

10) аталган түзөтүү мекемесинде алты айдан аз болгондорго;

11) алынбаган же жоюлбаган жазалары барларга;

12) кайтаруусуз жана коштоосуз жүрүү укугун колдонуп келген, бирок кетирген тартип бузууларга байланыштуу андан ажырагандарга;

13) туруктуу жашаган жери жокторго;

14) чет өлкөлүктөргө жана жарандыгы жок адамдарга;

15) качууга ык алган, ошондой эле мурда эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөөдөн качкандарга.

3. Кайтарылган аймактын чегинен тышкары жерде кайтаруусуз же коштоосуз жүрүү укугу соттолгонго түзөтүү мекемесинин начальнигинин жүйөлөнгөн токтому менен берилет.

4. Кайтаруусуз же коштоосуз жүрүү укугунан пайдаланган соттолгондор түзөтүү мекемесинин аймагындагы өзүнчө турак жайларда жайгаштырылууга тийиш. Кайтаруусуз же коштоосуз жүрүү укугунан пайдаланган соттолгондорго абактан тышкары жерде жашоого тыюу салынат.

5. Кайтаруусуз же коштоосуз жүрүү укугу белгилүү бир аймактын чегинде же белгиленген маршрут боюнча жумуштарды аткаруу мезгилине гана жайылтылат.

6. Кайтарылуучу аймактын чегинен тышкары жерде кайтаруусуз же коштоосуз жүрүүгө уруксат берилген соттолгондордун жүрүш-турушу Түзөтүү мекемелеринин ички тартип эрежелеринде жөнгө салынат.

7. Соттолгон жүрүш-туруш эрежелерин бузган учурда же болбосо жумуштардын мүнөзү өзгөргөндө кайтаруусуз же коштоосуз жүрүү түзөтүү мекемесинин начальнигинин токтому менен жокко чыгарылат.

97-берене. Соттолгондордун түзөтүү мекемелеринин чегинен тышкары чыгуусу

1. Жатак-абактарда, жалпы тартиптеги түзөтүү абактарында жана тарбиялоо абактарында жазасын өтөп жаткан соттолгондорго, ошондой эле чарбалык тейлөө жумуштары үчүн тергөө изоляторлорунда жана түрмөлөрдө белгиленген тартипте калтырылгандарга өзгөчө жеке жагдайларга: жубайы, жакын тууганы каза болгонуна же оорунун оор формасына; соттолгонго же анын үй-бүлөсүнө олуттуу материалдык залал келтирген табигый кырсыкка байланыштуу барып-келүү үчүн зарыл болгон убакытты эсептебегенде, жети суткадан ашык эмес мөөнөткө түзөтүү мекемелеринин чегинен тышкары чыгууга уруксат берилиши мүмкүн.

2. Түзөтүү абактарынын балдар үйүндө баласы бар соттолгон аялдарга баласын туугандарына же болбосо балдар үйүнө жайгаштыруу үчүн барып-келүү үчүн зарыл болгон убакытты эсептебегенде, жети суткадан ашык эмес мөөнөткө, ал эми түзөтүү абагынан тышкары жашы жетелек майып балдары бар аялдарга, - алар менен жолугушуу үчүн жылына бир жолу ошол эле мөөнөткө чыгууга уруксат берилиши мүмкүн.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздер боюнча чыгуулар төмөнкү соттолгондорго берилбейт:

1) өмүр бою эркиндигинен ажыратылгандарга, ошондой эле өмүр бою эркиндигинен ажыратуу ырайым кылуу тартибинде эркиндигинен жыйырма жылдык мөөнөткө ажыратуу менен алмаштырылган адамдарга;

2) террорчулук мүнөздөгү, экстремисттик багыттагы, уюшкан топтун же кылмыштуу уюмдун курамындагы кылмыштар үчүн;

3) эркиндигинен ажыратуу жайларына соттолгон уюшкан криминалдык топтордун мүчөлөрүнө;

4) оор же өзгөчө оор кылмыштар үчүн;

5) жаза өтөөнүн мезгилинде жасалган атайын кылмыштар үчүн;

6) жашы жетелектердин жыныстык кол тийгистигине жана жыныстык эркиндигине, руханий-адеп-ахлактык саламаттыгына каршы кылмыштарды жасаганы үчүн;

7) кармоонун катуу шарттарында тургандарга;

8) аракечтиктен, токсикоманиядан, баңгиликтен, жугуштуу түрдөгү кургак учуктан, жыныстык дарттан милдеттүү дарылануунун курсунан өтпөгөндөргө;

9) жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянат бузгандарга;

10) санитардык мыйзамдар менен жөнгө салынуучу эпидемияга каршы иш-чаралар жүргүзүлгөн учурларда;

11) качууга ык алган, мурда эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны жана коомдон окчун кармоо менен байланышпаган жазаларды өтөөдөн качкандарга.

4. Психикалык жактан оорулуу, кем акыл деп таанылгандарга, I же II топтогу майып болуп саналышкан жана ден соолугунун абалы боюнча башка бирөөнүн багуусуна муктаж болгон соттолгондорго, ошондой эле жашы жетелектерге жубайынын, жакын тууганынын коштоосунда чыгууга болот.

5. Соттолгондун өзгөчө жеке жагдайларга байланыштуу кыска мөөнөттүү чыгуу жөнүндө арызы суткалык мөөнөттөн кечиктирбестен каралууга тийиш. Соттолгондун арызына документтер, анын ичинде жакын тууганы каза болгонунун же анын өмүрүнө коркунуч келтирген катуу оорунун, соттолгонго же анын үй-бүлөсүнө же жакын туугандарына олуттуу материалдык залал келтирген табигый кырсыктын фактысын ырастаган ички иштер органдарынын документтери аны берген органдын мөөрү менен күбөлөндүрүлүп тиркелет.

6. Чыгууга уруксат жасалган кылмыштын классификациясын, өтөлгөн мөөнөтүн, соттолгондун инсандыгын жана жүрүш-турушун эске алуу менен түзөтүү мекемесинин начальниги тарабынан көзөмөлдү жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу прокурорго кабарландыруу менен берилет.

7. Соттолгондун түзөтүү мекемесинен тышкары болгон убактысы жаза өтөөнүн мөөнөтүнө кошулуп эсептелет.

8. Соттолгондун түзөтүү мекемесинин чегинен тышкары чыгышына кеткен чыгымдар соттолгондун жеке эсебиндеги каражаттардын эсебинен, болбосо башка адамдар тарабынан төлөнөт. Соттолгон түзөтүү мекемесинин чегинен тышкары кыска мөөнөттүү чыгууда болгон мезгилде ага иштеп тапкан акысы чегерилбейт.

9. Соттолгондун белгиленген мөөнөттө кайра келишин кыйындаткан, алдын ала билүүгө болбой турган жагдайлар келип чыккан учурда, соттолгондун келген жери боюнча ички иштер органынын начальнигинин жүйөлөнгөн токтому боюнча абактын администрациясына кабыл алынган чечим жөнүндө милдеттүү түрдө шашылыш кабарландыруу менен анын түзөтүү мекемесине кайра келишинин мөөнөтү беш суткага чейин узартылышы мүмкүн.

10. Соттолгондорго түзөтүү мекемелеринин чегинен тышкары чыгууларга уруксат берүүнүн тартиби Түзөтүү мекемелеринин ички тартип эрежелеринде аныкталат.

11. Түзөтүү мекемесине белгиленген мөөнөттө кайра келүүдөн качканда, соттолгонду жазасын өтөөчү жерге кайтаруу астында жиберүү жөнүндө же жазык жоопкерчилигине тартуу жөнүндө маселени чечүү үчүн анын келген жери боюнча ички иштер органы тарабынан кармалууга жатат.

98-берене. Эркиндигинен ажыратууга соттолгондорду милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу

1. Эркиндигинен ажыратууга соттолгондор, иштеген адамдар милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандырылууга жатат, ал эми соттолгон аялдар ошондой эле мыйзамдарда белгиленген тартипте кош бойлуулугуна жана төрөгөнүнө байланыштуу жөлөк пул менен камсыз кылынат. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулдар соттолгон аялдарга Өкмөт тарабынан белгиленген тартипте, алар эмгек милдеттерин аткарганына жана башка жагдайларга карабастан төлөнүп берилет.

2. Эркиндигинен ажыратууга соттолгондор курагы, майыптыгы, багуучусунан ажыраган учурлар боюнча жалпы негиздерде мамлекеттик пенсия менен камсыз кылынууга жана мыйзамдарда каралган башка учурларда, анын ичинде жазасын өтөп жаткан убакта эмгекке жөндөмдүүлүгү жоголгон учурларда социалдык жөлөк пулга укугу бар.

3. Соттолгондорго пенсияларды төлөө түзөтүү мекемеси турган жер боюнча, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдары тарабынан соттолгондордун жеке эсебине пенсияларды которуу жолу менен жүзөгө ашырылат.

4. Эркиндигинен ажыратууну өтөө мезгилинде эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготкон соттолгондор эмгек мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте залалдын ордун толтуртууга укугу бар.

5. Соттолгондордун пенсияларынан кармап калуулар жүргүзүлөт. Пенсиялардан кармап калуулардын негиздери, түрлөрү жана тартиби, ошондой эле бардык кармап калууларга карабастан соттолгондун жеке эсебине которулуучу пенсиялардын эң аз пайызы ушул Кодекстин 107-беренеси менен белгиленет.

99-берене. Эркиндигинен ажыратууга соттолгондорду материалдык турмуш-тиричилик жактан камсыз кылуу

1. Түзөтүү абактарында жана жатак-абактарында турак жай аянтынын ченеми бир соттолгонго эсептегенде эки чарчы метрден; катуу шарттарда жана түрмөлөрдө кармалган соттолгондор үчүн камераларда жана түрмөлөрдө - эки жарым чарчы метрден; аялдарды кармоо үчүн арналган абактарда жана дарылоо түзөтүү мекемелеринде - үч чарчы метрден; тарбиялоо абактарында - үч жарым чарчы метрден кем болушу мүмкүн эмес.

2. Соттолгондордун туруктуу жашап турушу үчүн арналган жалпы турак жайлардагы, бөлмөлөрдөгү жана камералардагы иш жүзүндөгү турак жай аянттарына жараша ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген ченемдерге ылайык жазаны өтөө орундарынын чеги аныкталат.

Жазаны өтөө жерлеринин чеги ар бир мекеме үчүн жазык-аткаруу системасынын мамлекеттик органы тарабынан белгиленет жана соттолгондордун туруктуу жашап туруу үчүн арналган жаңы турак жай аянттарын эксплуатацияга берүүдө жана учурдагыларын реконструкциялоодо өзгөрөт.

3. Соттолгондорго өзүнчө жата турган орун жана төшөнчү берилет.

Майып болуп саналган соттолгондор кармалган жайлар атайын техникалык каражаттар жана ыңгайлуулуктар менен жабдылат.

4. Жатак-абактарда кармалгандарды кошпогондо, соттолгондор жынысын жана климаттык шарттарды эске алуу менен, мамлекеттин эсебинен мезгилге жараша кийим-кече, ич кийим жана бут кийим менен сезон боюнча камсыз кылынат.

5. Эркиндигинен ажыратууга соттолгондор мамлекеттин эсебинен тамак-аш менен камсыз кылынат. Жатак-абактарда жазасын өтөп жаткан соттолгондор карантиндик бөлүмдө жана айыптык изолятордо жүргөн мезгилде гана акысыз тамак-аш менен камсыз кылынат.

6. Соттолгондорду тамак-аш, материалдык турмуш-тиричилик жактан камсыз кылуунун жана буюмдар менен камсыздоонун ченемдери Өкмөт тарабынан белгиленет. Соттолгондорду эмгекке тартуучу ишканалардын каражаттарынын эсебинен аларга белгиленген ченемдерден тышкары кошумча тамак-аш берилиши мүмкүн.

7. Соттолгон кош бойлуу аялдарга, бала эмизген энелерге, жашы жетелектерге, ошондой эле оорулуулар жана I же II топтогу майыптарга жакшыртылган турак жай турмуш-тиричиликтик шарттар түзүлөт, тамак-аштын жогорулатылган ченеми белгиленет.

8. Тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү буюмдарды сатып алууга чыгымдоого уруксат берилген акчалардын белгиленген суммасынан ашыгын, соттолгондор жеке эсептеринде болгон каражаттардан түзөтүү мекемелеринде пайдаланууга уруксат берилген бут кийимди жана кийимди, анын ичинде спорттук кийимди кошумча сатып алууга, Түзөтүү мекемелеринин ички тартип эрежелеринде аныкталган кошумча дарылоо-алдын алуу жана башка алардын каалоосу боюнча көрсөтүлүүчү кызматтарга акы төлөөгө укуктуу.

100-берене. Кош бойлуу аялдарды, бала эмизген энелерди жана баласы бар аялдарды материалдык турмуш-тиричиликтик жактан камсыз кылуунун өзгөчөлүктөрү

1. Түзөтүү мекемелеринде соттолгон аялдар үчүн зарыл учурда балдар үйлөрү уюштурулат. Балдар үйлөрүндө балдардын жакшы өсүшү үчүн зарыл шарттар камсыз кылынат. Соттолгон аялдар балдар үйлөрүнө өздөрүнүн үч жашка чейинки курактагы балдарын жайгаштырышы, алар менен жумуштан бош убагында чектөөсүз чогуу болушу мүмкүн. Аларга баласы менен чогуу жашоого уруксат берилиши мүмкүн.

2. Соттолгон аялдардын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен балдар жубайына, туугандарына же көзөмөлдүк жана камкордук органдарынын чечими боюнча башка адамдарга берилет же болбосо алар үч жашка чыкканы боюнча тиешелүү балдар мекемелерине жиберилет.

3. Эгерде түзөтүү мекемесинин балдар үйүндө багылган бала үч жашка чыкса, ал эми энесинин бошошуна чейин бир жылдан аз убакыт калса жана ал баланын балдар үйүндө болушун узартуу жөнүндө өтүнмө берсе, түзөтүү мекемесинин администрациясы баланын балдар үйүндө болуу убактысын энесинин жаза өтөө мөөнөтү аяктаганга чейин узартат.

4. Кош бойлуу аялдар, аялдар төрөгөн убакта жана төрөттөн кийинки мезгилде адистештирилген медициналык жардамга укугу бар.

5. Соттолгон аялдардын балдары жашап турушу үчүн уюштурулган балдар үйлөрү мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланат.

101-берене. Соттолгондорду медициналык-санитардык жактан камсыз кылуу

1. Эркиндигинен ажыратууга соттолгондорго медициналык-санитардык жардам жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө мыйзамдарга, ошондой эле жаза өтөө тартибине жана шарттарына ылайык уюштурулат жана берилет.

Эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалган адамдарга медициналык жардам көрсөтүүнүн, санитардык көзөмөлдөөнү уюштуруунун жана өткөрүүнүн, саламаттык сактоо органдарынын мекемелерин пайдалануунун жана алардын медициналык кызматкерлерин тартуунун тартиби Өкмөт тарабынан аныкталат.

2. Соттолгондорду медициналык жактан тейлөө үчүн дарылоо түзөтүү мекемелери (ооруканалар, атайын ооруканалар), анын ичинде аралаш түрдөгү режимдери бар мекемелер, ошондой эле медициналык бөлүктөр уюштурулат.

3. Түзөтүү мекемелеринин администрациясы соттолгондордун саламаттыгын коргоону камсыз кылуучу белгиленген санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы талаптардын аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат.

4. Соттолгондун өмүрүнө коркунуч келип чыкканда ал тамак ичүүдөн баш тарткан учурда, медициналык кийлигишүү жол-жоболорун мажбурлап жүргүзүүгө жол берилет.

5. Соттолгондор өздүк жана жалпы гигиена эрежелерин, санитариянын талаптарын сактоого милдеттүү.

102-берене. Соттолгондордун материалдык жоопкерчилиги

1. Жазасын өтөө убагында мамлекетке, мекемеге, адамдарга же юридикалык жактарга материалдык залал келтирген учурда соттолгондор мыйзамдарда белгиленген тартипте материалдык жоопкерчилик тартат.

2. Соттолгон ошондой эле түзөтүү мекемесине келтирилген зыяндын ордун жана анын качуусуна бөгөт коюуга, өзүнүн денесине атайылап зыян келтирген учурда дарылоого байланыштуу кошумча чыгымдардын ордун толтурууга милдеттүү.

16-глава. Эркиндигинен ажыратууга соттолгондордун эмгеги жана аларды кесиптик даярдоо

103-берене. Соттолгондорду эмгекке тартуу

1. Эркиндигинен ажыратууга соттолгондордун бардыгы түзөтүү мекемесинин администрациясы тарабынан аныкталган жерлерде жана жумуштарда эмгектенүүгө милдеттүү. Соттолгондор жаза өтөөнүн талаптагыдай режимин камсыз кылуу шартында түзөтүү мекемелеринин ишканаларында, мамлекеттик мекемелерде же уюмдарда, ошондой эле түзөтүү мекемелеринин аймагында же болбосо анын чегинен тышкары жерде жайгашкан менчиктин башка түрүндөгү уюмдарда эмгекке тартылат.

2. Пенсиялык куракка жеткен соттолгон эркектер жана аялдар, ошондой эле I жана II топтогу майыптар эмгекке алардын каалоосу боюнча жана ден соолугунун абалын эске алуу менен тартылат. Жашы жетелек соттолгондор эмгек мыйзамдарына ылайык эмгекке тартылат.

3. Соттолгондорду пайдаланууга тыюу салынган жумуштардын жана кызматтардын тизмеги Түзөтүү мекемелеринин ички тартип эрежелеринде белгиленет.

4. Соттолгондорду эмгекке тартуу менен өндүрүштүк иш жаза өтөө режиминин талаптарын сактоо менен уюштурулууга тийиш.

5. Соттолгондорго эмгектик чыр-чатактарды чечүү максатында жумушту токтотууга тыюу салынат.

Жеке эмгектик талаштар эмгек мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилет. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн жоболору эмгектик талаштардын предмети жана негизи болуп саналышы мүмкүн эмес.

6. Жумуштан баш тартуу же жумушту токтотуу жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянаттык менен бузуу болуп саналат жана жаза-чараларын колдонууга жана материалдык жоопкерчиликке алып келет.

104-берене. Соттолгондордун эмгек шарттары жана эмгегин коргоо

1. Соттолгондордун эмгек шарттары жана эмгегин коргоо эмгек мыйзамдарында аныкталат.

2. Соттолгондорду акы төлөнүүчү эмгекке тартуу убактысы алардын эмгек стажына кошуп эсептелет.

3. Соттолгондун иштелген убакытынын эсебин алуу жаза аткаруучу мекеменин администрациясына жүктөлөт жана календардык жылдын жыйынтыктары боюнча жүргүзүлөт. Соттолгон жумуштарды аткаруудан дайыма качкан учурда, убакыттын тиешелүү мезгили түзөтүү мекемесинин администрациясынын чечими боюнча жалпы эмгек стажынан алып салынат.

105-берене. Соттолгондорго эмгек акы төлөө

1. Соттолгондорго эмгек акы төлөө эмгек мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Соттолгондордун эмгегине акы төлөө эмгек акынын минималдуу өлчөмүнөн төмөн эмес белгиленет.

106-берене. Соттолгондорду эмгек акы төлөбөгөн жумуштарга тартуу

1. Соттолгондор төмөнкү жумуштарга гана эмгегине акы төлөбөстөн тартылышы мүмкүн:

1) камераларды, бөлмөлөрдү жана жалпы пайдалануудагы жайларды ыңгайлаштыруу боюнча;

2) негизги тосмодо жана тыюу салынган ички зонанын чегинен тышкары жерлерде жайгашкан көзөмөлдөөнүн, контролдоонун жана кайтаруунун инженердик-техникалык каражаттарынын объекттерин кошпогондо, мекеменин аймагын жана ага жанаша жаткан аймактарды ыңгайлаштыруу боюнча;

3) маданий турмуш-тиричиликтик жана санитардык-гигиеналык жашоо шарттарын жакшыртуу боюнча.

2. Бул жумуштарга соттолгондор жумуштан тышкары убакытта кезектүүлүк тартибинде жана узактыгы жумасына жети сааттан ашык эмес мезгилге тартылат.

3. Ооругандарды кошпогондо, соттолгондордун ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жумуштарды аткаруудан баш тартуусу ушул Кодексте каралган жаза-чараларын колдонууга алып келет.

107-берене. Соттолгондордун эмгек акысынан жана башка кирешелеринен кармап калуулар

1. Соттолгондордун эмгек акысынан, пенсиясынан, жөлөк пулунан жана башка кирешелеринен аткаруу документтери боюнча суммаларды кармап калуулар мыйзамдарда каралган тартипте, 50 пайыздан көп эмес өлчөмдө жүргүзүлөт, ал эми калган сумма соттолгондордун жеке эсебине кошуп эсептелет.

2. Пенсиялык куракка жеткен соттолгондордон, I жана II топтогу майыптардан, жашы жетелектерден, кош бойлуулардан, түзөтүү мекемесинин балдар үйлөрүндө балдары бар аялдардан кармап калуулар эмгек акысынан, пенсиясынан же башка кирешелеринен 25 пайыздан көп эмес өлчөмдө жүргүзүлөт.

108-берене. Соттолгондорду кесиптик даярдоо

1. Түзөтүү мекемелеринде кесиби (адистиги) жок соттолгондорго кесиптик даярдоо уюштурулат жана жүзөгө ашырылат, соттолгондор алар боюнча ушул мекемеде иштей алышат.

2. Иштөөнү жана адистик алууну каалаган, пенсиялык куракка жеткен соттолгон I жана II топтогу майыптар, тиешелүү кесиптик даярдыкка тартылууга укуктуу.

3. Соттолгондорду кесипкөй даярдоону уюштуруу Өкмөт тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

17-глава. Тарбиялык таасир көрсөтүү. Соттолгондорду социалдык жактан көнүктүрүү боюнча иштер жана психологиялык иштер

109-берене. Тарбиялык таасир көрсөтүү

1. Эркиндигинен ажыратууга соттолгондорго тарбиялык таасир көрсөтүү төмөнкүлөргө багытталган:

1) соттолгондорду түзөтүүгө жана кайра социалдаштырууга;

2) соттолгондордо коомдук пайдалуу иш менен иштөөгө умтулууну, эмгекке ак ниет мамиле кылууну, мыйзамдардын талаптарын жана коомдо кабыл алынган жүрүш-туруштун башка эрежелерин сактоону калыптандырууга жана бекемдөөгө;

3) билим жана маданий деңгээлин жогорулатууга;

4) үй-бүлөлүк баалуулуктарды баалай билүүгө үйрөтүүгө;

5) жасалган кылмыштын укукка каршы экенин түшүндүрүүгө жана кылмыш менен келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча чараларды көрүүгө;

6) реабилитациялык программаларга катыштырууга.

2. Соттолгондордун өткөрүлүп жаткан тарбиялык иш-чараларга катышуусу алардын түзөлүү даражасын аныктоодо, ошондой эле аларга карата сыйлоо жана жаза-чараларын колдонууда эске алынат.

3. Түзөтүү мекемесинин күн тартибинде тарбиялык иш-чаралар каралат, аларга катышуу соттолгондор үчүн милдеттүү.

4. Соттолгондорго тарбиялык таасир көрсөтүү алардын инсандык жекече өзгөчөлүктөрүн, соттолгондордун мүнөзүн жана алар жасаган кылмыштардын жагдайларын эске алуу менен жүзөгө ашырылат.

110-берене. Тарбиялык таасир көрсөтүүнүн негизги багыттары, формалары жана усулдары

1. Түзөтүү мекемелеринде соттолгондорго тарбиялык таасир көрсөтүүнүн негизги багыттары аларды түзөтүүгө жана кайра социалдаштырууга өбөлгө болуучу адеп-ахлактык, укуктук, эмгектик, патриоттук, дене тарбиялык жана башка таасир көрсөтүү болуп саналат.

2. Соттолгондорго тарбиялык таасир көрсөтүү түзөтүү мекемесинин түрүн, жазанын мөөнөтүн, кармоонун шарттарын эске алуу менен, дифференцияланган түрдө уюштурулат.

3. Соттолгондорго тарбиялык таасир көрсөтүү психологиялык-педагогикалык усулдарды колдонуу менен жекече, топтук жана массалык формада жүзөгө ашырылат.

4. Соттолгондорго тарбиялык таасир көрсөтүү уюштуруу үчүн түзөтүү мекемелеринде Өкмөт тарабынан бекитилген ченемдерге ылайык материалдык-техникалык база түзүлөт.

5. Соттолгондорго тарбиялык таасир көрсөтүү процессинде жалпыга маалымдоо каражаттары колдонулат, китепкана иши уюштурулат. Айыптык изоляторлордо, камералык типтеги жайларда, жеке камераларда жана убактылуу бөлөк кармоо жайларында видео- жана кинофильмдерди көрсөтүүгө жана телекөрсөтүүлөрдү көрүүгө тыюу салынат.

6. Ыктыярдуу башталышта тарбиялык таасир көрсөтүүгө коомдук жана кайрымдуулук уюмдары, соттолгондордун туугандары жана алардын жүрүш-турушуна жакшы таасир эткен башка адамдар тартылат.

111-берене. Соттолгондорду социалдык жактан көнүктүрүү боюнча иштер жана психологиялык иштер

1. Түзөтүү мекемелеринин администрациясы соттолгондордун керектөөсүнө ылайык жекече тартипте социалдык жактан көнүктүрүү боюнча иштерди жака алар менен психологиялык иштерди өткөрөт.

2. Соттолгондор менен социалдык жактан көнүктүрүү ишинин жана психологиялык иштин негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) соттолгондордун социалдык көйгөйлөрүн табуу жана чечүү, аларга дифференциацияланган социалдык жардам көрсөтүү;

2) социалдык-маданий жактан өнүгүшүнө жардам көрсөтүү;

3) аларды социалдык жактан коргоону уюштуруу жана камсыз кылуу;

4) ушул Кодекс менен белгиленген жаза өтөөнүн социалдык турмуш-тиричиликтик шарттарын камсыз кылуу;

5) соттолгондордун социалдык жактан пайдалуу байланыштарын калыбына келтирүүгө жана бекемдөөгө көмөктөшүү;

6) түзөтүү мекемелеринен бошотулгандан кийин эмгекке жана турмуш-тиричиликтик жайгаштырууга көмөктөшүү;

7) соттолгондун инсандыгын, анын социалдык жана пенсиялык камсыз болууга укугун ырастоочу документтерди алуу;

8) коомчулукту соттолгондордун социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө тартуу.

3. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мыйзамдарда белгиленген өздөрүнүн компетенциясынын алкагында соттолгондорго социалдык жардам көрсөтүү маселелеринде түзөтүү мекемесинин администрациясына көмөк көрсөтөт.

Соттолгондорго социалдык жардам көрсөтүү маселелеринде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын түзөтүү мекемелеринин администрациялары менен өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби Өкмөт тарабынан аныкталат.

112-берене. Соттолгондорду социалдык жактан көнүктүрүү боюнча иштердин жана психологиялык иштердин негизги формалары

Соттолгондор менен иштөөнүн социалдык жана психологиялык негизги формалары төмөнкүлөр болуп саналат:

1) социалдык жардамга муктаж адамдарды табууга багытталган соттолгондорду социалдык диагностикалоо;

2) соттолгондор менен социалдык жана психологиялык иштөө боюнча жеке программаларды иштеп чыгуу;

3) консультациялык, юридикалык, психологиялык жардам көрсөтүү;

4) соттолгондун инсандыгын психологиялык изилдөө;

5) жеке жана топтук терапия, анын ичинде адеп-ахлактык, баалуулук багыттарын өзгөртүүгө багытталган психокоррекциялык таасир көрсөтүү;

6) соттолгондорго социалдык жардам берүүгө багытталган реабилитациялык, көнүктүрүүчү жана башка программаларды иштеп чыгуу, уюштуруу жана ишке ашыруу;

7) соттолгондорду реабилитациялык жана атайын медициналык программаларга катышууга тартуу;

8) соттолгондорду кайра социалдаштырууга багытталган сабактарды (тренингдерди, семинарларды) уюштуруу;

9) соттолгондордо өздөрүнүн социалдык көйгөйлөрүн өз алдынча чечүүгө умтулууга көнүктүрүү;

10) калкты социалдык жактан коргоо, пенсия менен камсыз кылуу, ишке орноштуруу, мамлекеттик каттоо, саламаттык сактоо, билим берүү, укук тартиби органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдарды соттолгондордун социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө тартуу;

11) коомчулукту, өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдарды соттолгондор менен социалдык иштөөгө тартуу;

12) соттолгондордун тышкы социалдык чөйрө: үй-бүлөсү, туугандары, эмгек жамааттары, окуу жайлары жана диний уюмдар (бирикмелер) менен оң социалдык байланышын бекемдөөгө көмөктөшүү;

13) соттолгондорду бошотууга даярдоо жана аларды эркиндиктеги жашоонун шарттарына көнүктүрүү боюнча үзгүлтүксүз иштерди уюштуруу, анын ичинде түзөтүү мекемесинен бошотулуп жаткан соттолгондорду эмгектик жана турмуш-тиричиликтик жайгаштыруу маселелеринде көмөк көрсөтүү;

14) түзөтүү мекемелеринен бошотулуп жаткан соттолгондорго жардам көрсөтүү.

113-берене. Соттолгондордун негизги жалпы жана жалпы орто билим алуусун уюштуруу

1. Түзөтүү мекемелеринде отуз жашка толо элек соттолгондорго милдеттүү негизги жалпы жана жалпы орто билим берүү уюштурулат. Отуз жаштан өткөн жана I жана II топтогу майып соттолгондор негизги жалпы жана жаппы орто билимди өздөрүнүн каалоосу боюнча алышат.

2. Окугандар экзамендерди тапшыруу үчүн эмгек мыйзамдарына ылайык жумуштан бошотулат.

3. Соттолгондордун билим алууга умтулуусу түзөтүү мекемесинин администрациясы тарабынан сыйланат жана алардын түзөлүү деңгээлин аныктоодо эске алынат.

4. Эркиндигинен өмүр бою ажыратуу жазасын өтөп жаткан соттолгондор негизги жалпы жана жалпы орто билим берүүгө тартылбайт. Аларга жаза өтөөнүн тартибине жана шарттарына карама-каршы келбегендей өз алдынча билим алууга шарттар түзүлөт.

5. Жалпы билим берүүчү мекемелердин педагогикалык жамааттары соттолгондорго тарбиялык таасир көрсөтүүдө түзөтүү мекемесинин администрациясына жардам көрсөтөт.

6. Соттолгондордун негизги жалпы жана жалпы орто билим алуусун уюштуруу, жазык-аткаруу системасында билим берүү мекемелерин түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

114-берене. Жабырлануучулар менен жарашуу жол-жоболорун жүргүзүү

1. Түзөтүү мекемелеринде соттолгондордун жабырлануучулар менен жарашуу жол-жоболорун жүргүзүү боюнча иштер уюштурулат.

2. Жарашуу жол-жоболорун жүргүзүү үчүн соттолгон түзөтүү мекемесинин администрациясына тиешелүү арыз берет, ал медиаторду дайындоо жөнүндө өтүнмөнү үч күндүк мөөнөттүн ичинде тиешелүү органга жиберүүгө милдеттүү.

3. Жарашуу жол-жоболорун жүргүзүүнүн жүрүшүндө медиатор:

1) жарашуу жол-жоболорун жүргүзүүгө макулдук үчүн тараптарга кайрылат;

2) ар бир тарап менен алдын ала сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт;

3) жарашуу жол-жоболорун жүргүзүүгө тараптардын макулдугун алуу жөнүндө түзөтүү мекемесинин администрациясына кабарландырат;

4) түзөтүү мекемеси тарабынан берилген материалдар менен таанылат;

5) жарашуу процессин уюштурат жана башкарат.

4. Жарашуу жол-жоболорун жүргүзүүнүн тартиби медиация жөнүндө мыйзамдарда жөнгө салынат.

115-берене. Соттолгондордун ыктыярдуу уюмдары

1. Соттолгондорду түзөтүү жана кайра социалдаштыруу процессине көмөктөшүү максатында түзөтүү мекемелеринде ыктыярдуу негизде соттолгондордун уюмдары түзүлөт, алар түзөтүү мекемелеринин администрациясынын контрол алдында иштейт.

2. Өз алдынча иштөөчү уюмдардын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) соттолгон адамга өзүн тарбиялоого, руханий, кесиптик жана дене бой жагынан өнүгүүсүнө жардам көрсөтүү;

2) пайдалуу демилгени өнүктүрүү жана соттолгондорду түзөтүү жана кайра социалдаштыруу процессине жакшы таасир көрсөтүү;

3) соттолгондордун эмгегин, турмуш-тиричилигин жана бош убактыларын уюштуруу маселелерин чечүүгө катышуу;

4) тартипти жана ички тартиптин эрежелерин сактоодо администрацияга көмөктөшүү;

5) соттолгондордун арасында оң моралдык-психологиялык маанайды түзүү;

6) соттолгондорго жана алардын туугандарына социалдык жардам көрсөтүү;

7) жазаларды аткаруунун максаттарына карама-каршы келбеген башка милдеттер.

3. Түзөтүү мекемелеринде өздөрүн жакшы жагынан көрсөткөн соттолгондордун ичинен мекемелердин жамааттарынын жана отряддардын кеңештери түзүлөт.

Эгерде соттолгондордун иши ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн милдеттерди чечүүгө багытталса, түзөтүү мекемелеринде соттолгондордун башка ыктыярдуу уюмдары да түзүлүшү мүмкүн.

Соттолгондордун ыктыярдуу уюмдардын ишине катышуусу сыйланат жана түзөтүүнүн даражасын аныктоодо эске алынат.

4. Түрмөлөрдө, өзгөчө тартиптеги түзөтүү мекемелеринде жана айыптык изоляторлордо жана камералык типтеги жайларда катуу шарттарда кармалган соттолгондордун арасында ыктыярдуу уюмдар түзүлбөйт.

5. Соттолгондордун ыктыярдуу уюмдарынын мүчөлөрү кошумча жеңилдиктерден пайдаланышпайт. Ыктыярдуу уюмдар жана алардын мүчөлөрү түзөтүү мекемесинин администрациясынын ыйгарым укуктарына ээ болушу мүмкүн эмес.

6. Соттолгондордун ыктыярдуу уюмдарын түзүүнүн жана ишинин тартиби Өкмөт тарабынан аныкталат.

116-берене. Соттолгондорго карата колдонулуучу сыйлоо чаралары

1. Жакшы жүрүш-турушу, эмгекке, окууга ак ниет мамиле кылганы, жасаган кылмышы менен келтирилген залалдын ордун толтуруу боюнча чараларды көрүшү, ыктыярдуу уюмдардын ишине жана тарбиялык иш-чараларга, реабилитациялык, көнүктүрүү жана башка программаларга активдүү катышканы үчүн соттолгондорго карата төмөнкүдөй сыйлоо чаралары колдонулат:

1) алкыш жарыялоо;

2) грамота менен сыйлоо;

3) белек менен сыйлоо;

4) акчалай сыйлык берүү;

5) телефон аркылуу кошумча сүйлөшүүгө уруксат берүү;

6) кошумча түрдө кыска мөөнөттүү же узак мөөнөттүү жолугушуу берүү;

7) мурда берилген жаза-чараны мөөнөтүнөн мурда алып салуу.

2. Жазасын жалпы, күчөтүлгөн жана өзгөчө тартиптеги абактарда өтөп жаткан соттолгондор сыйлоо тартибинде ушул Кодекстин 124, 126, 129, 130, 132-беренелеринде көрсөтүлгөн мөөнөттөрдөн мурда кармоонун жеңилдетилген шарттарына которулушу мүмкүн.

3. Жакшы мүнөздөлгөн соттолгондорго карата ушул Кодекстин 80-статьясынын 2-бөлүгүндө каралган чаралар да колдонулушу мүмкүн.

4. Соттолгондордун коомго интеграцияланышына түрткү болгон, ошондой эле жасаган кылмышы менен зыяндын ордун толтуруу боюнча чараларды көргөн түзөтүүдө жана кайра социалдаштырууда жакшы натыйжаларга жетишкен соттолгондорго карата ушул Кодекстин 160-беренесинде белгиленген тартипте сотко шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө сунуштама жиберилиши мүмкүн.

117-берене. Соттолгондорго карата колдонулуучу сыйлоо чараларын колдонуунун тартиби

1. Соттолгондорго карата сыйлоо түзөтүү мекемесинин начальнигинин жазуу жүзүндөгү жүйөлөнгөн токтому же буйругу менен колдонулат.

2. Соттолгондорго сыйлык иретинде жыл ичинде экиге чейинки кыска мөөнөттүү жана бир жолку узак мөөнөттүү жолугушуу кошумча берилиши мүмкүн.

3. Алынбаган же жоюлбаган жаза-чарасы бар соттолгондорго мурда салынган жаза-чараны алып салуу түрүндө гана сыйлоо колдонулат.

4. Мурда салынган жаза-чараны мөөнөтүнөн мурда алып салуу түрүндөгү сыйлоого төмөнкүдөй жол берилет:

1) ушул Кодекстин 118-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн жаза-чаралары салынган күндөн тартып үч айдан кийин;

2) ушул Кодекстин 118-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3, 4 жана 5-пункттарында көрсөтүлгөн жаза-чараларды өтөгөн күндөн тартып алты айдан эрте эмес.

118-берене. Соттолгондорго карата колдонулуучу жаза-чаралары

1. Жаза өтөөнүн белгиленген тартибин бузганы үчүн соттолгондорго карата төмөнкүдөй жаза-чаралары колдонулушу мүмкүн:

1) сөгүш;

2) он эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө дисциплинардык айып;

3) түзөтүү абактарында кармалган соттолгондорду айыптык изоляторго он беш суткага чейин отургузуу;

4) соттолгон эркектерди - жалпы жана катуу тартиптеги түзөтүү абактарында кармалган, жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянаттык менен бузуучуларды камералык типтеги жайга, ал эми өзгөчө тартиптеги абактарда - алты айга чейинки мөөнөткө жеке камераларга которуу;

5) соттолгон аялдарды - жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянаттык менен бузуучуларды үч айга чейинки мөөнөткө камералык типтеги жайга которуу;

6) кезектеги узак же кыска мөөнөттүү жолугушуудан ажыратуу, бирок жылына үч узак же алты кыска мөөнөттүү жолугушуудан көп эмес.

2. Жазасын жатак-абактарда өтөп жаткан соттолгондорго карата жатаканадан тышкары жашоо укугун жокко чыгаруу жана бир айга чейинки мөөнөткө дем алыш же майрам күндөрү жатак-абактын чегинен сырткары чыгууга тыюу салуу түрүндөгү жаза-чарасы колдонулушу мүмкүн.

3. Соттолгондорго - тартипти кыянаттык менен бузуучуларга карата ушул Кодекстин 80-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган чаралар да колдонулушу мүмкүн.

119-берене. Жаза өтөөнүн белгиленген тартибин бузуу

1. Ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн бузууларды кошпогондо, ушул Кодексте жана Түзөтүү мекемелеринин ички тартип эрежелеринде белгиленген талаптарды соттолгондордун аткарбашы жаза өтөөнүн белгиленген тартибин бузуу болуп саналат.

2. Жаза-чарасы колдонулган соттолгон жаза өтөөнүн белгиленген тартибин бузуучу деп таанылат.

3. Жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянаттык менен бузуулар төмөнкүлөр болуп саналат:

1) алкоголду, баңги, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун колдонуу;

2) майда ээн баштык;

3) сот тарабынан дайындалган мажбурлап дарылоодон баш тартуу;

4) иштөөдөн баш тартуу же токтотуу;

5) түзөтүү мекемесинин администрациясына же бийлик органдарына билип туруп мыйзамсыз талаптарды коюу менен коштолгон соттолгондун демонстративдүү түрдө ачкачылык (тамак ичүүдөн баш тартуу) жарыялоосу жана (же) кармоосу же демонстративдүү түрдө денесинин бир мүчөсүнө зыян келтирүүсү;

6) түзөтүү мекемесинин администрациясынын өкүлдөрүн коркутуу, мазактоо же аларга баш ийбөө;

7) иш таштоолорду же башка тобу менен баш ийбөөлөрдү уюштуруу, ошого тете аларга катышуу;

8) криминалдык, экстремисттик идеологияны пропагандалоо, улуттар аралык чыр-чатакты тутандыруу, кандай болбосун белгиси жана жагдай боюнча басмырлоо;

9) ушул беренеде көрсөтүлгөн бузууларды жасоого багытталган соттолгондордун тобун уюштуруу же катышуу.

4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн бузуулардын бирин жасаган же ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган жазаны өтөөнүн белгиленген тартибин жыл ичинде экинчи ирет бузган, алардын бирин жасаганы үчүн ал айыптык изолятордо кармоо же камералык типтеги жайга же жеке камерага которуу түрүндө жаза-чарасына тартылган соттолгон кыянаттык менен тартип бузуучу деп таанылат.

5. Соттолгон бир эле убакта жаза-чарасын салуу менен түзөтүү мекемесинин начальнигинин жүйөлөнгөн токтому боюнча кыянаттык менен тартип бузуучу катары таанылат.

6. Соттолгонду кыянаттык менен бузуучу деп таануу жаза-чарасы болуп саналбайт жана жазаны өтөө шарттарын аныктоодо эске алынат.

120-берене. Соттолгондорго карата жаза-чараларын колдонуунун тартиби

1. Жаза-чараларын колдонууда укук бузуунун жагдайлары, соттолгондун инсандыгы жана мурдагы жүрүш-турушу эске алынат. Салынган жаза жоруктун оордугуна жана мүнөзүнө ылайык келүүгө тийиш.

2. Жаза-чарасы берилгенге чейин соттолгондон жазуу жүзүндө түшүндүрмө алынып коюлат. Жазуу жүзүндө түшүндүрмө берүүгө мүмкүнчүлүгү жок соттолгонго түзөтүү мекемесинин администрациясы тарабынан көмөк көрсөтүлөт. Соттолгон түшүндүрмө берүүдөн баш тарткан учурда тиешелүү акт түзүлөт.

3. Жаза-чарасы бузуу билинген күндөн тартып он суткадан кечиктирбестен, ал эми эгерде текшерүү жүргүзүлсө - ал аяктаган күндөн тартып, бирок бузуу жасалган күндөн тартып үч айдан кечиктирбестен салынат. Жаза-чарасы токтоосуз түрдө аткарылат, ал эми соттолгон ооруп калган, ал башка мекемеге которулган же болбосо аны аткаруу үчүн шарттар жок болгон учурда, ал салынган күндөн тартып бир айдан кечиктирбестен аткарылат.

4. Бир бузуу үчүн бир нече жаза-чарасын салууга тыюу салынат.

5. Жаза-чарасы түзөтүү мекемесинин начальнигинин жазуу жүзүндөгү жүйөлүү токтому же буйругу менен салынат жана соттолгондун колун койдуруп алуу менен жарыяланат.

6. Дисциплинардык айып түрүндөгү жаза-чарасы жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянаттык менен бузганы үчүн салынат. Дисциплинардык айыптан өндүрүлгөн сумма түзөтүү мекемесинин атайын эсебине которулат жана соттолгондорду кармоонун шарттарын жакшыртууга пайдаланылат.

7. Айыптык изоляторго отургузуу, соттолгонду камералык типтеги жайга жана жеке камерага которуу жаза мөөнөтүн көрсөтүү менен аларда отурууга ден соолугу мүмкүндүк бере турганы боюнча медициналык текшерүүдөн өткөндөн кийин жүргүзүлөт.

8. Айыптык изоляторго отургузуу, соттолгонду камералык типтеги жайга жана жеке камерага которуу түзөтүү мекемесинин начальнигинин чечими менен медициналык көрсөтмөлөр боюнча токтотулуп турат. Жаза түзөтүү мекемесинин начальнигинин чечими менен кайрадан аткарылат, ап мында жазанын калган мөөнөтүн кыскартууга же болбосо анын аткарылышын токтотуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.

9. Камералык типтеги жайга жана жеке камерага которулган соттолгондорго карата камералык типтеги жайга жана жеке камерага которуудан башка жаза-чараларынын бардыгы колдонулушу мүмкүн.

10. Абактагы балдар үйүндө эмчектеги баласы бар аялдар жана кош бойлуулугуна жана төрөгөнүнө байланыштуу жумуштан бошотулган аялдар, I жана II топтогу майыптар айыптык изоляторго жана камералык типтеги жайга которулбайт.

11. Эгерде соттолгон дисциплинардык жаза-чарасын өтөгөн күндөн тартып жыл ичинде жаңы жаза-чарасына тартылбаса, анын жаза-чарасы жоюлган деп эсептелет.

12. Эгерде соттолгон жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянаттык менен бузуучу деп таанылган күндөн тартып жыл ичинде жаңы жаза-чарасына тартылбаса, анда бул соттолгон адам жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянаттык менен бузуучу деп эсептелбейт.

121-берене. Соттолгондорду айыптык изолятордо, камералык типтеги жайларда жана жеке камераларда кармоонун шарттары

1. Айыптык изоляторго отургузулган соттолгондорго:

1) күн сайын узактыгы бир саат болгон сейилдөөгө уруксат берилет;

2) жолугушууга, телефондук сүйлөшүүлөргө, күнүмдүк тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү предметтерди сатып алууга, аманат жиберүүлөрдү, берип жиберүүлөрдү жана бандеролдорду алууга, камераларда чылым тартууга, ошондой эле уктоого арналган орунду күндүзгү убакта пайдаланууга тыюу салынат.

2. Жаза-чарасы тартибинде камералык типтеги жайларга же жеке камераларга которулган соттолгондор төмөнкүлөргө укуктуу:

1) түзөтүү мекемесинде иштеп тапкан акчасын күнүмдүк тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү предметтерди сатып алууга чыгымдоого;

2) бир аманат жиберүү же берип жиберүү жана бир бандероль алууга;

3) күн сайын бир жарым саат узактыктагы сейилдөөдөн пайдаланууга.

3. Жаза-чарасын берүү тартибинде камералык типтеги жайга же жеке камерага которулган соттолгондорго жолугушууга, телефондук сүйлөшүүгө, камераларда чылым тартууга, ошондой эле уктоого арналган орунду күндүзгү убакта пайдаланууга тыюу салынат.

4. Айыптык изоляторго отургузулган соттолгондор эмгекке тартылбайт.

5. Жаза-чарасы тартибинде камералык типтеги жайларга же жеке камераларга которулган соттолгондор түзөтүү мекемесин чарбалык тейлөө боюнча жана өндүрүштүк зарылдык болгон учурда гана эмгекке тартылышы мүмкүн.

6. Соттолгондор айыптык изоляторлордон, камералык типтеги жайлардан жана жеке камералардан дарылоочу түзөтүү мекемелерине, ошондой эле саламаттык сактоо органдарынын мекемелерине которулган учурда, алардын дарылоо мекемелеринде болгон мөөнөтү өз денесине залал келтирүүнүн жана оорумуш болуунун учурларын кошпогондо, жаза чарасын өтөөнүн мөөнөтүнө кошуп эсептелет.

7. Айыптык изоляторлордо, камералык типтеги жайларда жана жеке камераларда соттолгонду материалдык турмуш-тиричиликтик жактан камсыз кылуу жаза өтөөнүн катуу шарттарында соттолгондорду кармоо үчүн белгиленген ченемдер боюнча жүзөгө ашырылат.

18-глава. Ар кыл түрдөгү түзөтүү мекемелеринде эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаларды аткаруунун өзгөчөлүктөрү

122-берене. Жатак-абактар

1. Жатак-абактар төмөнкүлөргө бөлүнөт:

1) жалпы режимдеги түзөтүү абактарынан которулуп келген соттолгондор үчүн жатак-абактар;

2) катуу режимдеги түзөтүү абактарынан которулуп келген соттолгондор үчүн жатак-абактар.

2. Кошо катышып кылмыш жасаган жатак абактарда кармалган соттолгондор жазаларын өз-өзүнчө өтөшөт.

123-берене. Жатак-абактарда жаза өтөөнүн шарттары

1. Жатак-абактарда соттолгондор:

1) кайтаруусуз, бирок көзөмөл алдында кармалышат;

2) тургандан тартып жатканга чейин жатак-абактын аймагынын чектеринде эркин жүрүү укугунан пайдаланышат;

3) алар аткарган жумуштардын мүнөзүнө жараша же болбосо окуусуна байланыштуу абактын администрациясынын уруксаты менен абактын аймагынан тышкары жерде, бирок администрациялык-аймактык бирдигинин чектеринде көзөмөлсүз жүрө алышат;

4) жарандык үлгүдөгү кийим кийип жүрөт;

5) жандарында акча жана баалуу буюмдарды алып жүрө алышат;

6) чектөөсүз жолугушуу алуулары мүмкүн.

2. Жатак-абактын администрациясы соттолгонго анын инсандыгын күбөлөндүрүүчү, белгиленген үлгүдөгү документ берет. Соттолгондордун паспорту жана башка жеке документтери алардын өздүк көктөмөсүндө сакталат.

3. Жатак-абактарда кармалган соттолгондор алар үчүн атайын арналган жатаканаларда жашайт. Белгиленген режимди бузууга жол бербеген жана үй-бүлөсү бар соттолгондорго жатак-абактын начальнигинин токтому боюнча өз үй-бүлөсү менен жатак-абактын аймагында же андан тышкары жерде, бирок жатак-абак анын аймагында жайгашкан административдик-аймактык бирдиктин калктуу конушунан ижарага алынган же өзүнүн жеке менчик турак жайында жашоого уруксат берилиши мүмкүн.

Жатак-абактын аймагынан тышкары жашаган соттолгондор үчүн администрация тарабынан жумасына кеминде бир жолу эмгегине акы төлөнбөгөн жумушка тартуу менен жатак-абакка милдеттүү келүүнү караган жаза өтөөнүн жекече режими белгиленет.

Соттолгондор жашаган турак жайга жатак-абактын администрациясынын өкүлү кандай болсун убакта бара алат.

4. Соттолгондорго тизмеги Түзөтүү мекемелеринин ички тартип эрежелеринде белгиленген предметтерди, буюмдарды жана заттарды алып келүүгө, пайдаланууга жана сактоого тыюу салынат.

5. Соттолгонго дем алыш жана майрам күндөрү жатак-абактын чегинен тышкары чыгуу укугу берилиши мүмкүн.

124-берене. Жалпы режимдеги түзөтүү абактары

1. Ушул берененин 7-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн адамдарды кошпогондо, жалпы режимдеги түзөтүү абактарында ушул түзөтүү мекемесине келип түшкөн соттолгондор, ошондой эле жаза өтөөнүн катуу жана жеңилдетилген шарттарынан которулуп келген соттолгондор адаттагы шарттарда жазасын өтөйт.

2. Жаза өтөөнүн белгиленген тартибин бузганы үчүн жаза-чаралары болбогондо, жазасынын алты айлык мөөнөтүн адаттагы шарттарда өтөгөндөн кийин соттолгондор жеңилдетилген шарттарга которулат.

3. Жазасын адаттагы шарттарда өтөп жаткан, жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянаттык менен бузуучулар катары таанылган соттолгондор катуу шарттарга которулат.

4. Жазасын жеңилдетилген шарттарда өтөп жаткан, жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянаттык менен бузуучулар катары таанылган соттолгондор адаттагы же катуу шарттарга которулат.

5. Жаза өтөөнүн белгиленген тартибин бузганы үчүн жаза-чаралары болбогондо, алты айдан кийин жаза өтөөнүн катуу шарттарынан адаттагы шарттарга которуу жүргүзүлөт.

6. Катуу шарттардан адаттагы же адаттагы шарттардан жеңилдетилген шарттарга кайталап которуу ушул берененин 2 жана 5-бөлүктөрүндө аныкталган тартипте жүргүзүлөт.

7. Жалпы режимдеги түзөтүү мекемелеринде катуу шарттарда кармоонун демейдеги жана жеңилдетилген шарттарына которуусуз төмөнкүлөр жаза өтөйт:

1) эркиндигинен ажыратуу жайларындагы соттолгондордун уюшулган криминалдык топторунун активдүү мүчөлөрү;

2) террорчулук мүнөздөгү, экстремисттик багыттагы, уюшулган топтун же кылмыштуу уюмдун курамында кылмыштар үчүн соттолгондор.

8. Жалпы режимдеги башка түзөтүү абагынан которулган соттолгондор жазасын которулганга чейин эле аныкталган шарттарда өтөшөт.

125-берене. Жалпы режимдеги түзөтүү абактарында жаза өтөөнүн шарттары

1. Жалпы режимдеги түзөтүү абактарында жазасын адаттагы шарттарда өтөп жаткан соттолгондор жатаканаларда жашайт жана төмөнкүлөргө укуктуу:

1) жеке эсептеринде болгон акча каражатынын он эсептик көрсөткүчтөн ашпаган суммасын ай сайын тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү предметтерди сатып алууга чыгымдоого;

2) жыл ичинде он кыска мөөнөттүү жана беш узак мөөнөттүү жолугушуу алууга;

3) бир жылда он жолу телефондук сүйлөшүүгө;

4) бир жылдын ичинде он аманат берүүлөрдү же берип жиберүүлөрдү жана он бандеролду алууга.

2. Жазасын жеңилдетилген шарттарда өтөп жаткан соттолгондор жатаканаларда жашайт жана төмөнкүлөргө укуктуу:

1) жеке эсептеринде болгон акча каражатынын он эки эсептик көрсөткүчтөн ашпаган суммасын ай сайын тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү предметтерди сатып алууга чыгымдоого;

2) жыл ичинде он эки кыска мөөнөттүү жана алты узак мөөнөттүү жолугушуу алууга;

3) бир жылда он эки жолу телефондук сүйлөшүүгө;

4) жыл ичинде он эки аманат берүүлөрдү же берип жиберүүлөрдү жана он эки бандеролду алууга.

3. Катуу шарттарда жаза өтөп жаткан соттолгондор камераларда кармалып турат жана төмөнкүлөргө укуктуу:

1) жеке эсептеринде болгон акча каражатынын сегиз эсептик көрсөткүчтөн ашпаган суммасын ай сайын тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү предметтерди сатып алууга чыгымдоого;

2) жыл ичинде сегиз кыска мөөнөттүү жана үч узак мөөнөттүү жолугушуу алууга;

3) бир жылда сегиз жолу телефондук сүйлөшүүгө;

4) жыл ичинде сегиз аманат берүүлөрдү же берип жиберүүлөрдү жана сегиз бандеролду алууга;

5) күн сайын бир жарым саат таза абага сейилдөөгө чыгуудан пайдаланууга.

126-берене. Катуу режимдеги түзөтүү абактары

1. Катуу режимдеги түзөтүү абактарында адаттагы шарттарда жазасын ушул түзөтүү мекемесине келген, эркиндигинен ажыратуу жайларында атайылап кылмыш жасаганы үчүн соттолгон адамдардан тышкары соттолгондор, ошондой эле жаза өтөөнүн катуу жана жеңилдетилген шарттарынан которулган соттолгондор жазасын өтөйт.

2. Жаза өтөөнүн белгиленген тартибин бузганы үчүн жаза-чарасы болбогон соттолгондор жаза мөөнөтүнүн тогуз айын адаттагы шарттарда өтөгөндөн кийин жеңилдетилген шарттарга которулат.

3. Жазасын адаттагы шарттарда өтөп жаткан, жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянаттык менен бузуучу катары таанылган соттолгондор катуу шарттарга которулат.

4. Жазасын жеңилдетилген шарттарда өтөп жаткан, жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянаттык менен бузуучу катары таанылган соттолгондор адаттагы же катуу шарттарга которулат.

5. Алгачкы мезгилде катуу шарттарда ошондой эле төмөнкү адамдар кармалып турат:

1) эркиндигинен ажыратуу жайларында жасалган атайын кылмыштар үчүн соттолгондор;

2) эркиндигинен ажыратуу жайларындагы соттолгондордун уюшкан криминалдык топторунун активдүү мүчөлөрү;

3) уюшулган топтун же кылмыштуу уюмдун курамындагы террорчулук мүнөздөгү, экстремисттик багыттагы кылмыштар үчүн соттолгондор.

6. Катуу шарттарда кармалып турган соттолгондордун эмгеги соттолгондорду камераларда кармап туруунун талаптарын эске алуу менен уюштурулат.

7. Кармоонун катуу шарттарынан адаттагы шарттарга которуу, жаза өтөөнүн белгиленген тартибин бузганы үчүн жаза-чарасы болбогондо, тогуз айдан кийин жүргүзүлөт.

8. Катуу шарттардан адаттагы шарттарга же адаттагы шарттардан жеңилдетилген шарттарга кайталап которуу ушул берененин 2 жана 7-бөлүктөрүндө аныкталган тартипте жүргүзүлөт.

9. Күчөтүлгөн тартиптеги башка абактан которулган соттолгондор которулганга чейин эле аныкталган шарттарда жазасын өтөшөт.

127-берене. Катуу режимдеги түзөтүү абактарында жаза өтөөнүн шарттары

1. Катуу режимдеги түзөтүү абактарында жазасын адаттагы шарттарда өтөп жаткан соттолгондор жатаканаларда жашайт жана төмөнкүлөргө укуктуу:

1) жеке эсептеринде болгон акча каражатынын сегиз эсептик көрсөткүчтөн ашпаган суммасын ай сайын тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү предметтерди сатып алууга чыгымдоого;

2) жыл ичинде сегиз кыска мөөнөттүү жана төрт узак мөөнөттүү жолугушуу алууга;

3) бир жылда сегиз жолу телефондук сүйлөшүүгө;

4) жыл ичинде сегиз аманат жиберүүлөрдү же берип жиберүүлөрдү жана сегиз бандеролду алууга.

2. Жазасын жеңилдетилген шарттарда өтөп жаткан соттолгондор жатаканаларда жашайт жана төмөнкүлөргө укуктуу:

1) жеке эсептеринде болгон акча каражатынын он эсептик көрсөткүчтөн ашпаган суммасын ай сайын тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү буюмдарды сатып алууга чыгымдоого;

2) жыл ичинде он кыска мөөнөттүү жана беш узак мөөнөттүү жолугушуу алууга;

3) бир жылда он жолу телефондук сүйлөшүүгө;

4) жыл ичинде сегиз аманат жиберүүлөрдү же берип жиберүүлөрдү жана он бандеролду алууга.

3. Жазасын катуу шарттарда өтөп жаткан соттолгондор камераларда кармалышат жана төмөнкүлөргө укуктуу;

1) жеке эсептеринде болгон акча каражатынын алты эсептик көрсөткүчтөн ашпаган суммасын ай сайын тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү предметтерди сатып алууга чыгымдоого;

2) жыл ичинде алты кыска мөөнөттүү жана бир узак мөөнөттүү жолугушуу алууга;

3) бир жылда телефон аркылуу алты жолу сүйлөшүүгө;

4) жыл ичинде алты аманат жиберүүлөрдү же берип жиберүүлөрдү жана алты бандеролду алууга.

5) күн сайын бир жарым саат таза абага сейилдөөгө чыгуудан пайдаланууга.

128-берене. Өзгөчө режимдеги түзөтүү абактары

1. Өзгөчө тартиптеги түзөтүү абактарында өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгондор жана өмүр бою эркиндигинен ажыратуу эркиндигинен белгилүү бир мөөнөткө ажыратуу менен алмаштырылгандар жазасын өтөйт жана кармалышат.

2. Өзгөчө режимдеги түзөтүү абактарында жазасын өтөп жаткан соттолгондор камераларда кармалышат. Соттолгондун жазуу жүзүндөгү арызы боюнча соттолгондун жеке коопсуздугуна коркунуч келип чыкканда же башка соттолгондордун же мекеменин кызматкерлеринин өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч жараткан соттолгонду өзүнчө бөлүү зарылдыгы болгон учурларда, түзөтүү мекемесинин начальнигинин жүйөлөнгөн токтому менен соттолгондор жеке камераларда кармалат.

3. Өмүр бою эркиндигинен ажыратуу эркиндигинен белгилүү бир мөөнөткө ажыратуу менен алмаштырылган соттолгондордун эмгеги соттолгондорду камераларда кармоонун талаптарын эске алуу менен уюштурулат.

4. Камераларды ыңгайлаштыруу, жашоонун маданий турмуш-тиричиликтик жана санитардык-гигиеналык шарттарын жакшыртуу боюнча эмгекке акы төлөнбөгөн жумуштарды кошпогондо, өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгондор эмгекке тартылбайт.

5. Өзгөчө режимдеги түзөтүү абактарында кармалган соттолгондорго тарбиялык таасир көрсөтүү соттолгондорду камераларда кармоонун талаптарын эске алуу менен уюштурулат.

6. Өзгөчө режимдеги башка түзөтүү абагынан которулган соттолгондор которулганга чейин эле аныкталган шарттарда жазасын өтөшөт.

129-берене. Өмүр бою эркиндигинен ажыратуу белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу менен алмаштырылган соттолгондордун жаза өтөөсүнүн шарттары

1. Өмүр бою эркиндигинен ажыратуу жазасы белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу менен алмаштырылган, өзгөчө режимдеги түзөтүү абактарында жазасын адаттагы шарттарда өтөп жатышкан, ушул түзөтүү мекемесине келген соттолгондор, ошондой эле катуу жана жеңилдетилген шарттардан которулган соттолгондор төмөнкүлөргө укуктуу:

1) жеке эсептеринде болгон акча каражатынын алты эсептик көрсөткүчтөн ашпаган суммасын ай сайын тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү предметтерди сатып алууга чыгымдоого;

2) жыл ичинде алты кыска мөөнөттүү жана үч узак мөөнөттүү жолугушуу алууга;

3) бир жылда алты жолу телефондук сүйлөшүүгө;

4) күн сайын эки саат таза абага сейилдөөгө чыгуудан пайдаланууга.

2. Жаза өтөөнүн белгиленген тартибин бузганы үчүн жаза-чарасы болбогондо, өмүр бою эркиндигинен ажыратуу белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу менен алмаштырылган соттолгондор жаза мөөнөтүнүн бир жылын адаттагы шарттарда өтөгөндөн кийин жеңилдетилген шарттарга которулат жана төмөнкүлөргө укуктуу:

1) жеке эсептеринде болгон акча каражатынын сегиз эсептик көрсөткүчтөн ашпаган суммасын ай сайын тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү предметтерди сатып алууга чыгымдоого;

2) жыл ичинде жети кыска мөөнөттүү жана үч узак мөөнөттүү жолугушуу алууга;

3) бир жылда жети жолу телефондук сүйлөшүүгө;

4) күн сайын эки саат таза абага сейилдөөгө чыгуудан пайдаланууга.

3. Өмүр бою эркиндигинен ажыратуу белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу менен алмаштырылган соттолгондор жана жазасын адаттагы же жеңилдетилген шарттарда өтөп жаткан, жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянаттык менен бузуучулар катары таанылган соттолгондор катуу шарттарга которулат.

4. Өмүр бою эркиндигинен ажыратуу белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу менен алмаштырылган жана катуу шарттарда кармалган соттолгондор төмөнкүлөргө укуктуу:

1) жеке эсептеринде болгон акча каражатынын төрт эсептик көрсөткүчтөн ашпаган суммасын ай сайын тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү буюмдарды сатып алууга чыгымдоого;

2) жыл ичинде төрт кыска мөөнөттүү жана эки узак мөөнөттүү жолугушуу алууга;

3) бир жылда телефон аркылуу төрт жолу сүйлөшүүгө;

4) күн сайын эки саат сейилге чыгуудан пайдаланууга.

5. Кармоонун катуу шарттарынан адаттагы шарттарга которуу жаза өтөөнүн белгиленген тартибин бузганы үчүн жаза-чарасы болбогондо, бир жыл алты айдан кийин жүргүзүлөт.

6. Катуу шарттардан адаттагы шарттарга же адаттагы шарттардан жеңилдетилген шарттарга кайталап которуу ушул берененин 2 жана 5-бөлүктөрүндө аныкталган тартипте жүргүзүлөт.

130-берене. Өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгондордун жаза өтөөсүнүн шарттары

1. Өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгондордун бардыгы өзгөчө режимдеги түзөтүү абагына келгенден кийин жаза өтөөнүн катуу шарттарында кармалышат.

2. Катуу шарттарда кармалган өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгондор төмөнкүлөргө укуктуу:

1) жеке эсептеринде болгон акча каражатынын үч эсептик көрсөткүчтөн ашпаган суммасын ай сайын тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү предметтерди сатып алууга чыгымдоого;

2) жыл ичинде үч кыска жана бир узак мөөнөттүү жолугушуу алууга;

3) бир жылда үч жолу телефондук сүйлөшүүгө;

4) күн сайын бир жарым саат таза абага сейилдөөгө чыгуудан пайдаланууга.

3. Жаза өтөөнүн белгиленген тартибин бузганы үчүн жаза-чарасы болбогон өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгондорду жаза мөөнөтүнүн кеминде беш жылын катуу шарттарда өтөгөндөн кийин жаза өтөөнүн катуу шарттарынан адаттагы шарттарына которуу жүргүзүлөт.

Эгерде өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгонго тергөө изоляторундагы мезгилинде жаза чарасы түрүндө айып изоляторуна же жеке камерага отургузуу колдонулбаса, анын жаза өтөөнүн күчөтүлгөн шарттардагы мөөнөтү камакка алынган күндөн тартып эсептелет.

4. Адаттагы шарттарда кармалган өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгондор төмөнкүлөргө укуктуу:

1) жеке эсептеринде болгон акча каражатынын төрт эсептик көрсөткүчтөн ашпаган суммасын ай сайын тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү буюмдарды сатып алууга чыгымдоого;

2) жыл ичинде төрт кыска мөөнөттүү жана эки узак мөөнөттүү жолугушуу алууга;

3) бир жылда төрт жолу телефондук сүйлөшүүгө;

4) күн сайын эки саат сейилге чыгуудан пайдаланууга.

5. Жаза өтөөнүн белгиленген тартибин бузганы үчүн жаза-чарасы болбогон өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгондор жазасынын мөөнөтүнүн кеминде беш жылын адаттагы шарттарда өтөгөндөн кийин жеңилдетилген шарттарга которулат жана төмөнкүлөргө укуктуу:

1) жеке эсептеринде болгон акча каражатынын алты эсептик көрсөткүчтөн ашпаган суммасын ай сайын тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү предметтерди сатып алууга чыгымдоого;

2) жыл ичинде алты кыска мөөнөттүү жана үч узак мөөнөттүү жолугушуу алууга;

3) бир жылда алты жолу телефондук сүйлөшүүгө;

4) күн сайын эки саат таза абага сейилдөөгө чыгуудан пайдаланууга.

6. Жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянаттык менен бузуучулар катары таанылган өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгондор жана жазасын жеңилдетилген же адаттагы шарттарда өтөп жаткан соттолгондор жаза өтөөнүн катуу шарттарына которулат.

7. Адаттагы же жеңилдетилген шарттарга кайталап которуу ушул берененин 3 жана 5-бөлүктөрүндө аныкталган тартипте жүргүзүлөт.

131-берене. Түрмөлөр

1. Жазаны түрмөдө өтөө үчүн которулган соттолгондор камераларда кармалат. Соттолгондун жазуу жүзүндөгү арызы боюнча, ошондой эле соттолгондун жеке коопсуздугуна коркунуч келип чыкканда же болбосо башка соттолгондордун же мекеменин кызматкерлеринин өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч жараткан соттолгонду бөлүп кармоо зарылдыгы болгондо, түзөтүү мекемесинин начальнигинин жүйөлөнгөн токтому менен көрсөтүлгөн соттолгондор жеке камераларда кармалат.

2. Соттолгондорду камераларга жайгаштыруу ушул Кодекстин 79-беренесинде каралган талаптарды сактоо менен жүргүзүлөт. Чарбалык тейлөө жумуштарын аткаруу үчүн түрмөгө жиберилген соттолгондор башка соттолгондордон бөлөк кармалат.

3. Жазасын түрмөдө өтөп жаткан соттолгондор төмөнкүлөргө укуктуу:

1) жеке эсептеринде болгон акча каражатынын төрт эсептик көрсөткүчтөн ашпаган суммасын ай сайын тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү предметтерди сатып алууга чыгымдоого;

2) жыл ичинде төрт кыска мөөнөттүү жана бир узак мөөнөттүү жолугушуу алууга;

3) бир жылда төрт жолу телефондук сүйлөшүүгө;

4) күн сайын эки саат таза абага сейилдөөгө чыгуудан пайдаланууга.

19-глава. Жашы жетелектердин эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны аткарууларынын өзгөчөлүктөрү

132-берене. Тарбиялоо абактары

1. Тарбиялоо абагына келип түшкөн соттолгондор, ошондой эле жазаны өтөөнүн жеңилдетилген шарттарынан которулган адамдар тарбиялоо абактарында жазасын адаттагы шарттарда өтөйт.

2. Жазаны өтөөнүн белгиленген тартибин бузганы үчүн жаза-чаралары болбогондо жана окууга ак ниет мамиле кылганда, соттолгондор жазаны өтөөнүн адаттагы шарттарынан жеңилдетилген шарттарына төмөнкүдөй которулат:

1) жалпы режимдеги тарбиялоо абактарында жазасын өтөп жаткан жашы жетелектер - адаттагы шарттарда үч ай өтөгөндөн кийин;

2) күчөтүлгөн режимдеги абактарда жазасын өтөп жаткан жашы жетелектер - адаттагы шарттарда алты ай өтөгөндөн кийин.

3. Бошотууга даярдоо үчүн адаттагы шарттарда жазасын өтөп жаткан соттолгондор бошотулганга чейин үч ай калгандан кечиктирбестен жаза өтөөнүн жеңилдетилген шарттарына которулат.

4. Жазасын жеңилдетилген шарттарда өтөп жаткан, кыянаттык менен тартип бузуучулар катары таанылган соттолгондор адаттагы шарттарга которулат. Жеңилдетилген шарттарга кайталап которуу адаттагы шарттарга кайра келгенден кийин алты айдан кийин жүргүзүлөт.

133-берене. Жалпы режимдеги тарбиялоо абактары

1. Жалпы режимдеги тарбиялоо абактарында он алты жашка чейинки курактагы соттолгондор улуу курактагы соттолгондордон өзүнчө кармалат.

2. Жазасын адаттагы шарттарда өтөп жаткан соттолгондор жатаканаларда жашайт жана төмөнкүлөргө укуктуу:

1) жеке эсептеринде болгон акча каражатын ай сайын тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү предметтерди сатып алууга чектөөсүз чыгымдоого;

2) жыл ичинде он эки кыска мөөнөттүү жана он эки узак мөөнөттүү жолугушуу алууга;

3) бир жылда он эки жолу телефондук сүйлөшүүгө.

3. Жазаны жеңилдетилген шарттарда өтөп жаткан соттолгондор жатаканаларда жашайт жана төмөнкүлөргө укуктуу:

1) жеке эсептеринде болгон акча каражатын ай сайын тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү предметтерди сатып алууга чектөөсүз чыгымдоого;

2) жыл ичинде чектөөсүз кыска мөөнөттүү жана он эки узак мөөнөттүү жолугушуу алууга;

3) бир жылда он алты жолу телефондук сүйлөшүүгө.

134-берене. Күчөтүлгөн режимдеги тарбиялоо абактары

1. Жазасын адаттагы шарттарда өтөп жаткан соттолгондор жатаканаларда жашайт жана төмөнкүлөргө укуктуу:

1) жеке эсептеринде болгон акча каражатын ай сайын тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү предметтерди сатып алууга чектөөсүз чыгымдоого;

2) жыл ичинде сегиз кыска мөөнөттүү жана алты узак мөөнөттүү жолугушуу алууга;

3) бир жылда сегиз жолу телефондук сүйлөшүүгө.

2. Жазаны жеңилдетилген шарттарда өтөп жаткан соттолгондор жатаканаларда жашайт жана төмөнкүлөргө укуктуу:

1) жеке эсептеринде болгон акча каражатын тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү предметтерди сатып алууга ай сайын чектөөсүз чыгымдоого;

2) жыл ичинде чектөөсүз кыска мөөнөттүү жана он узак мөөнөттүү жолугушуу алууга;

3) бир жылда он эки жолу телефондук сүйлөшүүгө.

135-берене. Соттолгондорго карата колдонулуучу сыйлоо чаралары

1. Соттолгондорго карата сыйлоо тарбия абагынын начальнигинин жазуу жүзүндө жүйөлөнгөн токтому же буйругу менен колдонулат.

2. Жакшы жүрүш-турушу, эмгекке, окууга ак ниет мамилеси, жасаган кылмышы менен келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча чараларды көрүшү, ыктыярдуу уюмдардын ишине жана тарбиялык иш-чараларга, реабилитациялык, көнүктүрүү жана башка программаларга активдүү катышканы үчүн жашы жетелек соттолгондорго ушул Кодекстин 116-беренесинде каралгандар менен катар сыйлоонун төмөнкүдөй чаралары колдонулушу мүмкүн:

1) абактын кызматкерлеринин коштоосу менен тарбиялоо абагынын чегинен тышкары жердеги маданий-оюн-зоок жана спорттук иш-чараларга барууга укук берүү;

2) бошотулганга чейин алты ай калганча - ата-энесинин же башка жакын туугандарынын коштоосунда абактын чегинен тышкары чыгууга укук берүү;

3) соттолгонду убактылуу өзүнчө кармоо жайынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу.

3. Тарбиялоо абактарында жазасын өтөп жаткан соттолгондор сыйлоо тартибинде ушул Кодекстин 132-беренесинде көрсөтүлгөн мөөнөттөн мурда кармоонун жеңилдетилген шарттарына которулушу мүмкүн.

4. Соттолгондордун коомго интеграцияланышына өбөлгө болгон, ошондой эле жасаган кылмышы менен залалдын ордун толтуруу боюнча чараларды көргөн түзөтүүдө жана кайра социалдаштырууда он натыйжаларга жетишкен соттолгондорго карата шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө өтүнмө киргизилиши мүмкүн.

136-берене. Соттолгондорго карата сыйлоо чараларын колдонуунун өзгөчөлүктөрү

1. Сыйлоо тартибинде маданий-оюн-зоок жана спорттук иш-чараларга абактын кызматкерлеринин коштоосунда барууга укук же ата-энесинин же башка жакын туугандарынын коштоосунда тарбиялоо абагынын чегинен тышкары чыгууга укук берилген жашы жетелек соттолгондорго жарандык тиричиликте колдонулуучу, аларга тиешелүү кийим-кече берилет.

2. Түнкү убакытта маданий-оюн-зоок, спорттук жана башка иш-чараларга сыйлоо тартибинде барууга, ата-энесинин же башка жакын туугандарынын коштоосунда тарбиялоо абагынын чегинен тышкары чыгууга тыюу салынат.

3. Абактын чегинен тышкары чыгуунун узактыгы тарбиялоо абагынын начальниги тарабынан төрт сааттан көп эмес белгиленет.

137-берене. Соттолгондорго карата колдонулуучу жаза-чаралары жана аларды колдонуунун тартиби

1. Соттолгондорго карата жаза чаралары тарбиялоо абагынын начальнигинин жүйөлөнгөн токтому же буйругу менен жазуу жүзүндө колдонулат.

2. Жаза өтөөнүн белгиленген тартибин бузгандыгы үчүн соттолгондорго карата ушул Кодекстин 118-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1 жана 6-пункттарында каралгандар менен катар окууга чыгаруу менен, жүз жыйырма саатка чейинки мөөнөткө убактылуу өз-өзүнчө кармоо жайында кармоо түрүндө жаза-чарасы колдонулушу мүмкүн.

3. Убактылуу бөлөк кармоо жайына жайгаштыруу жаза-чарасынын мөөнөтүн көрсөтүү менен, ден соолугунун абалы боюнча анда кармоо мүмкүндүгүнүн жүйөсү медициналык жактан күбөлөндүрүлгөндөн кийин жүргүзүлөт.

4. Убактылуу бөлөк кармоо жайында кармоо түрүндө жаза-чарасын аткаруу тарбия абагынын начальнигинин чечими менен медициналык көрсөтмөлөр боюнча токтотула турат.

5. Убактылуу бөлөк кармоо жайына отургузулган соттолгондорго жолугушууга, телефондук сүйлөшүүлөргө, тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү буюмдарды сатып алууга, аманат жиберүүлөрдү, берип жиберүүлөрдү жана бандеролдорду алууга, видео- жана кинофильмдерди, ошондой эле телеберүүлөрдү көрүүгө, стол үстүндө ойнолуучу оюндарды ойноого жана чылым тартууга тыюу салынат.

Алар күн сайын узактыгы эки саатка созулган сейилдөөгө чыгууга укуктуу.

6. Убактылуу бөлөк кармоо жайына отургузулган соттолгондорго карата убактылуу бөлөк кармоо жайына отургузуудан башка бардык жаза-чаралары колдонулушу мүмкүн.

138-берене. Эрезеге жеткен соттолгондорду тарбиялоо абактарында калтыруу

1. Он сегиз жашка толгон соттолгондор алардын макулдугу менен тарбия абагында, бирок алар жыйырма үч жашка толгонго чейин гана калтырылышы мүмкүн.

2. Он сегиз жашка толгон жана тарбиялоо абагында калтырылган соттолгондорго жашы жетелек соттолгондор үчүн каралган жаза өтөөнүн шарттары, тамак-аш жана материалдык турмуш-тиричиликтик жагынан камсыз кылуунун ченемдери жайылтылат.

3. Он сегиз жашка толгон жана тарбиялоо абагында калтырылган соттолгондор ушул Кодекстин 16-главасына ылайык эмгекке тартылат.

4. Он сегиз жашка толгон соттолгондорду тарбия абагында калтыруу тарбия абагынын начальнигинин өтүнмөсү боюнча жазык-аткаруу системасынын борбордук органынын атайын Комиссиясынын чечими менен жүргүзүлөт.

139-берене. Соттолгондорду тарбиялоо абактарынан түзөтүү абактарына которуу

1. Терс мүнөздөлгөн, он сегиз жашка толгон соттолгондор жазасын андан ары өтөө үчүн тарбия абагынан төмөнкүдөй которулат:

1) жалпы режимдеги тарбиялоо абактарында кармалгандар - жалпы режимдеги түзөтүү абагына;

2) күчөтүлгөн режимдеги тарбиялоо абактарында кармалгандар - катуу режимдеги түзөтүү абактарына.

2. Он сегиз жашка толгон соттолгондорду түзөтүү абактарына которуу тарбия абагынын начальнигинин сунуштамасы боюнча жазык-аткаруу системасынын мамлекеттик органынын атайын комиссиясынын чечими менен жүргүзүлөт.

3. Жыйырма үч жашка толгон бардык соттолгондор жазасын андан ары өтөө үчүн тарбия абагынын начальнигинин сунуштамасы боюнча жазык-аткаруу системасынын борбордук органынын атайын комиссиясынын чечими менен тарбия абагынан тиешелүү режимдеги түзөтүү абагына которулат.

140-берене. Окуу-тарбиялоо процессин уюштуруу

1. Соттолгондорду түзөтүү жана кайра социалдаштыруу максатында соттолгондордо мыйзамга ылайык жүрүш-турушту, эмгекке жана окууга ак ниет мамилени калыптандырууга, жалпы негизги жана жалпы орто, баштапкы жана кесиптик орто билим алууга, кесиптик жагынан даярдоого, билим жана маданий деңгээлин жогорулатууга багытталган бирдиктүү окуу-тарбиялоо процесси уюштурулат.

2. Жалпы билим берүү жана кесиптик окутуу жана даярдоо тарбиялоо абактарында жана ишканаларда түзүлүүчү билим берүү мекемелеринин базасында жүзөгө ашырылат.

3. Соттолгондорго тарбиялык таасир көрсөтүү өспүрүм курагына таандык болгон психофизиологиялык өзгөчөлүктү эске алуу менен, психологиялык-педагогикалык усулдардын негизинде жеке, топтук жана массалык формаларда жүзөгө ашырылат.

141-берене. Коомдук кошундардын тарбиялоо абактарынын ишине катышуусу

1. Абактын администрациясына окуу-тарбиялоо процессин уюштурууга жана мекеменин материалдык-техникалык базасын чыңдоого, соттолгондорду социалдык жактан коргоо, бошотулуп жаткандарды эмгекке жана турмуш-тиричилик жагынан жайгаштыруу маселелерин чечүүгө жардам көрсөтүү үчүн тарбия абагынын алдында мамлекеттик уюмдардын, коомдук бирикмелердин, башка мекемелердин жана жеке жактардын өкүлдөрүнөн турган камкордук кеңеши түзүлөт. Камкордук кеңешин уюштуруу жана анын иши Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү жобо менен регламенттелет.

2. Соттолгондорго тарбиялык таасир көрсөтүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана тарбия абагынын администрациясына жардам көрсөтүү максатында соттолгондордун ата-энелеринен жана башка жакын туугандарынан ата-энелер комитеттери түзүлөт. Ата-энелер комитеттеринин иши жазык-аткаруу системасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан бекитилүүчү типтүү жобо менен жөнгө салынат.

20-глава. Аскер кызматчыларын дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармоо жана камакка алуу түрүндөгү жазаны аткарууларынын тартиби жана шарттары

142-берене. Дисциплинардык аскер бөлүктөрү

1. Дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармоо түрүндө жазага соттолгон мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары жазасын өтөө үчүн атайын түзүлгөн аскер бөлүктөрүнө жиберилет.

2. Соттолгондун дисциплинардык аскер бөлүгүндө болуу убактысы аскер кызматынын жалпы мөөнөтүнө кошуп эсептелбейт. Жазасын өтөгөндөн кийин жана шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда аскер кызматчысы аскер кызматын андан ары өтөө үчүн дисциплинардык аскер бөлүгүнө жиберген аскер бөлүгүнө жиберилет.

3. Дисциплинардык аскер бөлүктөрүндө кармалган соттолгондорго ушул Кодекстин 6-беренесинде каралган түзөтүүнүн жана кайра социалдаштыруунун негизги каражаттары, ошондой эле аскер кызматын өтөө менен шартталган башка каражаттар колдонулат.

143-берене. Дисциплинардык аскер бөлүгүндөгү режим

1. Дисциплинардык аскер бөлүктөрүндө Өкмөт тарабынан бекитилүүчү Дисциплинардык аскер бөлүктөрүнүн ички тартип эрежелери колдонулат, ал соттолгондорду жазасын өтөө үчүн жиберүүнү, аларды кабыл алууну, жаза өтөө тартибин жана шарттарын, соттолгондорду кайтарууну, аларга көзөмөл жүргүзүүнү, соттолгондорго жүктөлгөн милдеттерди аткарууну жана аскердик окутууну, алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашырууну, соттолгондор менен кызматкерлердин коопсуздугун регламенттейт.

2. Соттолгон аскер кызматчылары дисциплинардык аскер бөлүгүндө белгиленген режимдин талаптарын сактоого милдеттүү.

3. Жаза өтөө мезгилинде соттолгондор солдаттардын абалында болот жана дисциплинардык аскер бөлүгүнүн белгиленген формасындагы кийимин кийип жүрөт.

144-берене. Дисциплинардык аскер бөлүгүндө жаза өтөөнүн шарттары

1. Дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармалган соттолгондор жеке эсептеринде болгон акча каражаттарынын эсебинен накталай эмес эсептешүү боюнча тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү предметтерди чектөөсүз сатып ала алынат.

2. Соттолгондор аманат жиберүүлөрдү, берип жиберүүлөрдү, бандеролдорду алардын чектелбеген санында алууга укуктуу. Аманат жиберүүлөр, берип жиберүүлөр жана бандеролдор карап чыгууга дуушар болот. Соттолгондун аманат жиберүүлөр, берип жиберүүлөр жана бандеролдор менен алууга тыюу салынган тамак-аш азыктарынын, күндөлүк керектелүүчү предметтердин тизмеги Дисциплинардык аскер бөлүктөрүнүн ички тартип эрежелеринде белгиленет.

3. Бир аманат жиберүүнүн, берүүнүн же бандеролдун максималдуу салмагы почта эрежелеринде аныкталат. Бир аманаттын максималдуу салмагы Дисциплинардык аскер бөлүктөрүнүн ички тартип эрежелеринде белгиленет.

4. Соттолгондордун аманат жиберүүлөрдү жана берип жиберүүлөрдү жана бандеролдорду алуу жана аларды карап чыгуу тартиби Дисциплинардык аскер бөлүктөрүнүн ички тартип эрежелеринде аныкталат. Аманат жиберүүлөрдөн, берип жиберүүлөрдөн жана бандеролдордон табылган акча, соттолгондо болууга тыюу салынган предметтер же буюмдар алынып коюлат, соттолгондун жеке буюмдарынын тизмегине киргизилет жана жаза мөөнөтүн өтөп бүткөнгө чейин анын башка жеке буюмдары менен чогуу сакталат. Жарандык жүгүртүүдөн алып коюлган предметтер жана буюмдар конфискацияланат жана соттолгонго кайтарылып берилбейт.

5. Соттолгондордо болууга, накталай эмес эсептешүү боюнча сатып алууга же аманат жиберүүлөр, берип жиберүүлөр жана бандеролдор менен алууга уруксат берилген күндөлүк керектелүүчү предметтердин жана тамак-аш азыктарынын тизмеги Дисциплинардык аскер бөлүктөрүнүн ички тартип эрежелеринде аныкталат.

6. Дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармалган соттолгондорго төмөнкүдөй жолугушуулар берилет: кыска мөөнөттүү - узактыгы төрт саатка чейин; дисциплинардык аскер бөлүгүнүн аймагында узак мөөнөттүү - узактыгы эки суткага чейин. Соттолгондун же жолугушууга келген адамдын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча жолугушуунун узактыгы кыскартылышы мүмкүн.

7. Жубайы, туугандары жана башка адамдар менен кыска мөөнөттүү жолугушуулар айына бир жолу, атайын жабдылган бөлмөдө дисциплинардык аскер бөлүгүнүн өкүлүнүн байкоосу астында, дисциплинардык аскер бөлүгүнүн командири тарабынан белгиленген күндөрдө жана сааттарда, жумуштан жана сабактардан бош мезгилде берилет.

8. Узак мөөнөттүү жолугушуулар жубайы жана жакын туугандары менен жыл ичинде эки жолу, дисциплинардык аскер бөлүгүндөгү атайын жабдылган имарат жайында же болбосо бөлүктүн командиринин кароосу боюнча анын чегинен тышкаркы жерде бирге жашоого укук берүү менен берилет. Узак мөөнөттүү жолугушуу мезгилинде соттолгондор жумуштан жана сабактан бошотулат.

9. Юридикалык жардам алуу үчүн соттолгондорго алардын арызы боюнча адвокаттар же тапшырма-ордер же юридикалык жардам көрсөтүүгө укук берген башка документи болгондо, юридикалык жардам көрсөтүүгө укугу бар башка адамдар менен жолугушуу берилиши мүмкүн. Жолугушуу жекеме-жеке жана убактысы жана саны чектелбестен берилет.

10. Соттолгондорго өздөрүнүн эсебинен каттарды жана телеграммаларды чектелбеген санда алууга жана жиберүүгө уруксат берилет. Келип түшкөн каттарды тапшыруу дисциплинардык аскер бөлүгүнүн өкүлү тарабынан жүргүзүлөт, анын контролдугу астында соттолгондор аларды ачууга тийиш. Мында каттын мазмуну текшерилбейт. Табылган тыюу салынган нерселер алып коюлат.

11. Соттолгондор өздөрүнүн жеке эсебине акча каражаттарын которуу менен акчалай которууларды алууга жана жакын туугандарына жана башка адамдарга акчалай которууларды жиберүүгө укуктуу.

12. Соттолгондорго жумушунан жана сабагынан бош убакта ар биринин узактыгы он беш мүнөткө чейин чектөөсүз телефондук сүйлөшүүгө укук берилет. Телефондук сүйлөшүүлөр соттолгондордун жеке эсептеринде болгон каражаттардан же анын жубайынын, жакын туугандарынын каражаттарынан төлөнөт. Соттолгондун телефондук сүйлөшүүгө укугун ишке ашыруу үчүн дисциплинардык аскер бөлүгүнүн командачылыгы телекоммуникациялардын колдо бар каражаттарын пайдаланат.

13. Өзгөчө жагдайларга - жакын тууганы каза болгонуна же оорулуунун өмүрүнө коркунуч келтирген катуу ооруга, табигый кырсык соттолгонго же анын үй-бүлөсүнө олуттуу материалдык залал келтиргенине байланыштуу, ага барып-келүү үчүн убакытты эсепке албаганда, узактыгы жети суткага чейинки мөөнөткө дисциплинардык аскер бөлүгүнүн чегинен тышкары кыска мөөнөткө чыгууга уруксат берилиши мүмкүн. Соттолгондорго дисциплинардык аскер бөлүгүнүн чегинен тышкары чыгууга уруксат берүүнүн тартиби Дисциплинардык аскер бөлүктөрүнүн ички тартип эрежелеринде аныкталат. Соттолгондун дисциплинардык аскер бөлүгүнүн чегинен тышкары жүрүүгө уруксат берилген убактысы жазаны өтөө мөөнөтүнө кошуп эсептелет.

14. Соттолгон аскер кызматчыларына өргүү берилбейт.

145-берене. Соттолгондордун эмгеги

1. Дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармалган бардык соттолгондор дисциплинардык аскер бөлүгүнүн командачылыгы тарабынан аныкталуучу жерлерде жана жумуштарда эмгектенүүгө милдеттүү. Соттолгондор жаза өтөөнүн тиешелүү режими камсыз кылынган шартта дисциплинардык аскер бөлүгүнүн аймагындагы же анын аймагынан тышкары жерлердеги мамлекеттик ишканаларда, мекемелерде, уюмдарда же менчигинин формасы башка болгон уюмдарда эмгекке тартылат.

2. Соттолгондордун эмгеги эмгек мыйзамдарында белгиленген эмгекти коргоо, техникалык коопсуздук жана өндүрүштүк санитария эрежелерин сактоо менен уюштурулат.

3. Соттолгондор тарабынан аткарылган жумуштарга ошол ишканада (уюмда, мекемеде) белгиленген ченемдер жана баалоолор жайылтылат.

4. Ишканалар (уюмдар) соттолгондордун эмгеги үчүн эсептеген суммалардын 50 пайызы дисциплинардык аскер бөлүгүн жакшыртуу, өзүнүн өндүрүштүк базасын түзүү жана өнүктүрүү, материалдык сыйлоо жана соттолгондордун социалдык турмуш-тиричиликтик муктаждыктарын чечүү үчүн дисциплинардык аскер бөлүгүнө которулат, ал эми калган бөлүгү соттолгондун жеке эсебине чегерилет.

5. Жумуштан баш тартуу же аны токтотуу жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянаттык менен бузуу болуп саналат жана жаза-чараларын колдонууга жана материалдык жоопкерчиликке алып келет.

146-берене. Соттолгондорду тарбиялоо иштери жана аскердик окутуу

1. Соттолгондорду түзөтүү жана кайра социалдаштыруу максатында соттолгондордо укукка ылайык жүрүш-турушту, эмгекке ак ниет мамилени калыптандырууга, аскердик милдеттерди аткарууга, аскердик тартипти чыңдоого, күжүрмөн даярдыкты өркүндөтүүгө, билим жана маданий деңгээлин жогорулатууга багытталган тарбия иштери уюштурулат жана жүргүзүлөт.

2. Соттолгондор менен тарбия иштери атайын иштелип чыккан пландар боюнча жеке, топтук жана массалык формада, соттолгондордун инсандыгынын жекече өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен дисциплинардык аскер бөлүгүнүн командачылыгы тарабынан уюштурулат жана жүргүзүлөт.

3. Соттолгондор келген аскер бөлүктөрүнүн командирлери дисциплинардык аскер бөлүгүнүн командири менен туруктуу байланышта болууга жана алардын түзөлүшүнө көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.

4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана коомдук уюмдар соттолгондор менен тарбия иштерин жүргүзүүдө дисциплинардык аскер бөлүгүнүн командачылыгына жардам көрсөтөт.

5. Соттолгондорду аскердик окутуу атайын программа боюнча уюштурулат жана жүргүзүлөт. Сабактарды өткөрүү үчүн зарыл окуу-материалдык база түзүлөт.

147-берене. Соттолгондорго карата колдонулуучу сыйлоо жана жаза-чаралары

1. Соттолгондорго карата төмөнкүдөй сыйлоо чаралары колдонулат:

1) алкыш жарыялоо;

2) грамота менен сыйлоо;

3) белек менен сыйлоо;

4) акчалай сыйлык менен сыйлоо;

5) кошумча бир кыска мөөнөттүү же узак мөөнөттүү жолугушуу берүү;

6) мурда салынган дисциплинардык жаза-чарасын алып салуу.

2. Эмгекке жана аскер кызматына карата үлгүлүү жүрүш-турушу, ак ниет мамилеси менен мүнөздөлгөн соттолгондор ушул Кодекстин 160-беренесинде белгиленген тартипте, дисциплинардык аскер бөлүгүнүн командири тарабынан жазадан шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууга көрсөтүлүшү мүмкүн.

3. Соттолгондорго төмөнкүдөй жаза-чаралары салынат:

1) сөгүш;

2) катуу сөгүш;

3) он беш суткага чейинки мөөнөткө дисциплинардык аскер бөлүгүнүн гауптвахтасында кармоо менен камакка алуу.

4. Сыйлоолорду жана жаза-чараларын колдонуу боюнча командирлердин укуктары, аларды колдонуунун тартиби жана соттолгон аскер кызматчыларын гауптвахтада кармоонун тартиби Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик уставдарында жана башка ченемдик укуктук актыларда аныкталат.

148-берене. Соттолгондорду материалдык турмуш-тиричиликтик жана медициналык жактан камсыз кылуу

1. Соттолгондор үчүн аскер уставдарынын талаптарына ылайык зарыл турак жай турмуш-тиричиликтик шарттар түзүлөт.

2. Соттолгондор мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары үчүн белгиленген ченемдер боюнча азык-түлүк жана буюм мүлктөрү менен камсыз кылынат.

3. Соттолгондорду медициналык жактан камсыз кылуу жарандардын саламаттыгын коргоо мыйзамдарына, жазаны өтөө тартибине жана шарттарына ылайык жүргүзүлөт.

4. Стационардык шарттарда дарыланууга муктаж болгон соттолгондор кайтаруу астында госпиталда дарылоого жиберилет жана атайын жабдылган палаталарда кармалат. Соттолгондорду госпиталдын чектеринде кайтаруу госпиталь жайгашкан жердеги гарнизондун начальнигинин күчтөрү жана каражаттары менен жүзөгө ашырылат.

5. Соттолгондордун акчалай күтүүсү алардын жеке эсептерине ай сайын которулат.

149-берене. Аскер кызматчыларына карата камакка алуу түрүндөгү жазаны аткаруу

1. Камакка алуу түрүндөгү жаза дайындалган аскер кызматчылары жазасын аскер бөлүктөрүнүн гауптвахталарында өтөшөт.

2. Камакка алууга соттолгон аскер кызматчылары соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмүнүн көчүрмөсүн алгандан кийин үч күндүк мөөнөттө Куралдуу Күчтөрдүн аскердик уставдарында аныкталган тартипте жазаны өтөө үчүн гауптвахтага жиберилет.

3. Камакка алуу түрүндөгү жазаны аткаруунун мөөнөтү аскер кызматчысы гауптвахтага отургузулган учурдан тартып эсептелет.

4. Камакка алуу түрүндө жазага соттолгон мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары башка негиздер боюнча гауптвахтада кармалган аскер кызматчыларынан бөлөк кармалат.

5. Соттолгон аскер кызматчыларын гауптвахтада кармоонун тартиби Куралдуу Күчтөрдүн аскердик уставдарында аныкталат.

6. Камакка алуу түрүндө жазага соттолгон жана гауптвахтада кармалган аскер кызматчыларына жазасын өтөө убагында акчалай камсыздоо төлөнүп берилбейт.

V БӨЛҮМ. АЙРЫМ КАТЕГОРИЯЛАРДАГЫ АДАМДАРГА КАРАТА ЖАЗЫКТЫК-УКУКТУК ТААСИР КӨРСӨТҮҮ ЧАРАЛАРЫН АТКАРУУНУН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

21-глава. Жашы жетелектерге карата тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын аткаруунун тартиби

150-берене. Эскертүү менен көзөмөлгө өткөрүп берүү түрүндөгү тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын аткаруунун тартиби

1. Эскертүү менен көзөмөлгө өткөрүп берүү түрүндөгү тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чараларынын мөөнөтү соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып эсептелет.

2. Ата-энелер же аларды алмаштыруучу адамдар же болбосо эскертүү менен көзөмөлгө өткөрүп берүү түрүндөгү тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чарасын аткаруу сот тарабынан жүктөлгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жашы жетелекке тарбиялык таасир көрсөтүүнү жана анын жүрүш-турушуна көзөмөлдү жүзөгө ашырууга милдеттүү.

3. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же болбосо ушул тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чарасын аткаруу жүктөлгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жашы жетелек адамдарга көзөмөл жүргүзүү жана аларга тарбиялык таасир көрсөтүүнү жүзөгө ашыруу боюнча милдеттердин аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырат.

4. Жашы жетелек бир нече жолу баш ийбеген же ата-энесинин же аларды алмаштыруучу адамдардын же болбосо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мыйзамдуу талаптарын жана көрсөтмөлөрүн аткарбаган, башка укук бузууларды жасаган учурда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жашы жетелекке карата тарбиялык мүнөздөгү кыйла катуу чараны же жазык жазасын колдонуу жөнүндө сотко өтүнмө жиберет.

151-берене. Эскертүү менен жүрүш-турушту чектөө түрүндөгү тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын аткаруунун тартиби

1. Эскертүү менен жүрүш-турушту чектөө түрүндөгү тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чарасына соттолгондор соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып он календардык күндөн кечиктирбестен пробация органына келүүгө милдеттүү.

2. Пробация органдары:

1) соттолгондордун эсебин жүргүзөт;

2) тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чарасын өтөөнүн тартибин жана шарттарын түшүндүрөт;

3) соттолгондун сот тарабынан жүктөлгөн милдеттерди аткарышын контролдойт;

4) жалпы кабыл алынган моралдык-этикалык жана укуктук ченемдерди сактоо боюнча иш жүргүзөт.

3. Эскертүү менен жүрүш-турушту чектөө түрүндөгү тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чарасынын мөөнөтү соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмүнүн (токтомунун, аныктамасынын) көчүрмөсү пробация органдарына келип түшкөн жана соттолгонду эсепке алган күндөн тартып эсептелет.

4. Эскертүү менен жүрүш-турушту чектөө түрүндөгү тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чарасына соттолгондор төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) сот тарабынан жүктөлгөн милдеттенмелерди жана тыюу салууларды аткарууга;

2) пробация органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткарууга;

3) пробация органдарына кабарландырбастан жашаган, иштеген, окуган жерин өзгөртпөөгө;

4) пробация органдарынын уруксаты жок административдик-аймактык бирдиктин чегинен тышкары чыкпоого;

5) өзүнүн жүрүш-туруш жөнүндө жана сот тарабынан жүктөлгөн милдеттенмелерди жана тыюу салууларды аткаруу жөнүндө пробация органдарынын алдында отчет берүүгө;

6) катталуу жана алдын-алуучу маекке катышуу үчүн, ошондой эле чакыруу боюнча айына эки жолу пробация органдарына келүүгө.

5. Соттолгондун ушул берененин 4-бөлүгүндө каралган милдеттерди аткарбоосу эскертүү менен жүрүш-турушту чектөө түрүндөгү тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын өтөөнүн тартибин жана шарттарын бузуу болуп саналат.

6. Эскертүү менен жүрүш-турушту чектөө түрүндөгү тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын өтөөнүн тартибин жана шарттарын бузган же башка укук бузуу жасаган учурда, пробация органы сотко жашы жетелекке карата тарбиялык мүнөздөгү кыйла катуу чараны же жазык жазасын колдонуу жөнүндө өтүнмө жиберет.

22-глава. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын жана мажбурлап дарылоону аткаруу

152-берене. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын аткаруу

1. Акыл-эси жайында эмес абалда Жазык кодексинде каралган укукка каршы жосундарды, акыл-эси чектелген абалда кылмыштарды, акыл-эси жайында болгон абалда кылмыш жасаган, бирок өкүм чыгарылганга чейин жин оорусуна чалдыгып же психикалык жактан убактылуу ооруп калган адамдарга, ошондой эле эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жазаларга жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн башка чараларына соттолгондорго карата медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары ден соолукту коргоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык саламаттык сактоо органдарынын атайын мекемелери тарабынан аткарылат,

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдар дарылоодон өтүп жаткан саламаттык сактоо органдарынын атайын мекемелери алар айыккан учурда медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонгон сотко тиешелүү медициналык корутунду жиберет,

3. Эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазасын өтөп жаткан жана акыл-эси жайында болгон психикалык жактан оорулуу соттолгондорго карата соттун чечими боюнча түзөтүү мекемелери тарабынан психиатр-врачтын амбулатордук текшерүүсүн, психиатриялык стационарда дарылоону өзүнө камтыган медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары аткарылат, ошондой эле жазаны өтөө мезгилинде психотерапевттик жана психокоррекциялык чараларды жүргүзүүгө көмөк берүүчү шарттар түзүлөт. Стационардык дарылоо адамдын психикалык абалы начар жагына өзгөргөн учурда психиатр-врачтын сунушу боюнча жүргүзүлөт.

4. Соттолгон жин оорусу менен ооруп калган же эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөө убагында анда убактылуу психикалык бузулуу табылган учурда, түзөтүү мекемесинин администрациясы сотко ага медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө сунуштама киргизет. Сот ага карата медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чарасын колдонуу жөнүндө маселени чечкенге чейин Түзөтүү мекемесинин администрациясы тарабынан эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалган адамдарга медициналык жардам көрсөтүү эрежелеринде каралган чаралар колдонулат.

153-берене. Аракечтикке, баңги дартына, токсикоманияга, кургак учукка чалдыккан менен жашаган адамдарга карата медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын аткаруу

1. Эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жазаларга жана жазык-укуктук таасир көрсөтүүнүн башка чараларына соттолгондорго жана аракечтикке, баңги дартына, токсикоманияга, кургак учукка чалдыгып, азап тарткандарга карата медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары саламаттык коргоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык саламаттык сактоо органдарынын атайын мекемелери тарабынан аткарылат.

2. Эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазасын өтөп жаткан жана аракечтикке, баңги дартына, токсикоманияга, кургак учукка чалдыккан соттолгондорго карата соттун чечими боюнча түзөтүү мекемелери тарабынан медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары колдонулат.

3. Эгерде эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазаны өтөө мезгилинде соттолгон аракечтикке, баңги дартына, токсикоманияга, кургак учукка чалдыкканы жана дарылануудан качканы белгиленсе, түзөтүү мекемесинин администрациясы мындай адамга карата медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө сотко сунуштама берет, ал эми ал бошотулгандан кийин, мында дарылоо саламаттык сактоо органдарынын атайын мекемелеринде улантылат.

(КР 2019-жылдын 15-майындагы N 62 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

23-глава. Юридикалык жактарга карата жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруу

154-берене. Юридикалык жактарга карата айып түрүндөгү жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруу

1. Айып салуу жөнүндө өкүм чыгарган сот соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмүнүн көчүрмөсүн үч жумушчу күндүн ичинде аткаруу үчүн юридикалык жакка, ал эми соттун өкүмүнүн аткарылышын контролдоо жана аны камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү үчүн - аткаруу өндүрүшү органына жиберет.

2. Юридикалык жак өкүм мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып бир айдын ичинде айып төлөөгө милдеттүү.

3. Юридикалык жак айыпты бир айдын ичинде төлөбөгөн учурда, аткаруу өндүрүшү органы сотко аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте айыптын суммасын эки эсеге көбөйтүү жөнүндө сунуштама киргизет.

4. Юридикалык жак эки эселенген айыпты үч айдын ичинде төлөбөгөн учурда, аткаруу өндүрүшү органы сотко аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте юридикалык жакты жоюу жөнүндө сунуштама киргизет.

155-берене. Юридикалык жактарга карата укук чектөө түрүндөгү жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруу

1. Юридикалык жактын укуктарын чектөө жөнүндө өкүм чыгарган сот соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмүнүн көчүрмөсүн үч жумушчу күндүн ичинде юридикалык жакка жана белгилүү бир түрдөгү ишти лицензиялоону же уруксаттарды берүүнү жүзөгө ашыруучу тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жана аткаруу үчүн - мамлекеттик сатып алуулар органдарына, финансылык жана салык органдарына жиберет.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдары өкүмдүн көчүрмөсүн алган күндөн тартып бир айдын ичинде мыйзамдарга жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык соттун өкүмүндө көрсөтүлгөн юридикалык жактын укуктарын чектөө боюнча чараларды көрөт жана өкүм чыгарган сотко анын аткарылышы жөнүндө кабарлайт.

156-берене. Юридикалык жакты жоюу түрүндөгү жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруу

1. Сот юридикалык жакты жоюу жөнүндө өкүм чыгарууда юридикалык жакты жоюу жол-жобосун жүргүзүү үчүн жоюучуну (жеке же юридикалык жакты) дайындайт.

2. Юридикалык жакты жоюу мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

3. Жоюучу юридикалык жактын ишинин токтотулушун юстиция органдарында каттагандан кийин, үч жумушчу күндүн ичинде өкүм чыгарган сотко анын аткарылышы жөнүндө кабарлайт.

157-берене. Юридикалык жактарга карата мүлктү конфискациялоо түрүндөгү жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруу

Юридикалык жактарга карата мүлктү конфискациялоо түрүндөгү жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруу ушул Кодекстин 66-беренесинде каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

VI БӨЛҮМ. ЖАЗА ӨТӨӨДӨН БОШОТУУ, ЖАЗА ӨТӨӨДӨН БОШОГОН АДАМДАРГА ЖАРДАМ КӨРСӨТҮҮ ЖАНА АЛАРДЫ КӨЗӨМӨЛДӨӨ

24-глава. Жаза өтөөдөн бошотуу

158-берене. Жаза өтөөдөн бошотуунун негиздери

Соттолгондор төмөнкү негиздер боюнча жазаны өтөөдөн бошотулат:

1) соттун өкүмү боюнча дайындалган жазанын же жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн башка чарасын өтөө;

2) актоочу өкүм чыгарылганына же иш боюнча өндүрүштүн токтотулушуна байланыштуу өкүмдүн жокко чыгарылышы;

3) жазаны кыйла жумшагына алмаштыруу;

4) жазаны өтөөдөн шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу;

5) мунапыс берүү актысы;

6) ырайым кылуу актысы;

7) соттолгондун өкүмдү аткарууга тоскоолдук кылуучу катуу оорусу;

8) жазыктык мыйзамдарда каралган башка негиздер.

159-берене. Жаза өтөөнүн жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн башка чараларынын токтотулушу, бошотуунун тартиби

1. Коомдук жумуштар, белгилүү бир кызматтарды ээлөө же белгилүү бир ишти жасоо укугунан ажыратуу, эркиндигин чектөө, дисциплинардык аскердик бөлүктө кармоо, белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу, гауптвахтада кармоо менен камакка алуу, эскертүү менен көзөмөлгө өткөрүп берүү, эскертүү менен жүрүш-турушун чектөө, атайын тарбиялоо мекемесине жайгаштыруу түрүндөгү жазаларды жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн башка чараларын өтөө жаза мөөнөтүнүн акыркы күнү токтотулат.

2. Дисциплинардык аскердик бөлүктө кармоо, белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу, атайын тарбиялоо мекемесине жайгаштыруу түрүндөгү жазаларга жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн башка чараларына соттолгондор жаза мөөнөтүнүн акыркы күнүндө түшкө чейин бошотулат. Жаза мөөнөтү башталган күндүн алдындагы күн жазаны өтөө мөөнөтүнүн акыркы күнү болуп саналат.

Эгерде жазанын жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн башка чарасынын мөөнөтү дем алыш же майрам күнү аяктаса, соттолгон дем алыш же майрам күнүнүн алдындагы күнү жазасын өтөөдөн бошотулат. Жазанын жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн башка чарасынын мөөнөтүн ай менен эсептөөдө ал акыркы айдын тиешелүү күнүндө бүтөт, ал эми айда тиешелүү күнү болбосо - бул айдын акыркы күнүндө бүтөт.

3. Соттолгонду бошотууда ага өзүнө таандык буюмдары, баалуулуктары, жеке эсебинде сакталган акчасы, инсандыгын ырастоочу документтери жана соттолгондун өздүк ишинде сакталган башка документтери, ошондой эле бошотуунун негиздери көрсөтүлгөн белгиленген үлгүдөгү маалымкат берилет. Соттолгондо инсандыгын ырастоочу документтери болбогондо же алардын колдонуу мөөнөттөрү бүткөндө, ошондой эле соттолгондун өздүк ишинде эмгек китепчеси жана пенсиялык күбөлүгү болбогондо мекеменин же жазаны же жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн башка чарасын аткаруучу органдын администрациясы тиешелүү мамлекеттик органдар менен бирдикте алар жазасын же жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн башка чарасын өтөө мезгилинде аларды жол-жоболоштуруу боюнча чараларды көрөт.

4. Коомдон бөлөк кармоо менен байланышкан негизги жазасына кошумча жаза катары белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу дайындалган соттолгондорго карата мекеменин же негизги жазаны аткаруучу органдын администрациясы бошотулганга бир ай калганча соттолгондун тандап алынган жашаган жери боюнча пробация органына кошумча жазаны андан ары аткаруу үчүн соттун өкүмүнүн көчүрмөсүн жиберет.

Белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндөгү жазанын кошумча түрүнүн өтөлбөгөн мөөнөтү менен коомдон бөлөк кармоо менен байланышкан жазаны өтөөдөн бошотулуучу адам бошотулган күндөн тартып беш күндүк мөөнөттүн ичинде тандап алынган жашаган жери боюнча пробация органына келүүгө милдеттүү, ал жөнүндө мекеменин же негизги жазаны аткаруучу органдын администрациясы тарабынан кол кат алынат.

5. Жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотуу тиешелүү документтер келип түшкөн күндөн тартып жүргүзүлөт, ал эми документтер жумушчу күнү аяктагандан кийин келип түшсө - кийинки күндүн биринчи жарымында жүргүзүлөт.

6. Пробация органы түзөтүү жумуштары түрүндөгү жаза мөөнөтү аяктаган күнү, ал эми башка негиздер боюнча ушул жазадан бошотууда - тиешелүү документтерди алгандан кийинки жумушчу күндөн кечиктирбестен соттолгон жазасын кайсыл жерде өтөп жатканы, анын эмгек акысынан кармоолордун токтотулганы жөнүндө ишкананын, мекеменин же уюмдун администрациясына жазуу жүзүндө кабарландырууга милдеттүү.

7. Актоочу өкүм чыгарылганына байланыштуу өкүмдүн жокко чыгарылышынын натыйжасында жазаны өтөөдөн бошотулган адамга мекеменин же жазаны же жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн башка чарасын аткаруучу органдын администрациясы анын реабилитацияланууга болгон укугун түшүндүрөт. Бошотуу жөнүндө документте акталган адамдан мамлекеттин атынан расмий түрдө кечирим суралат.

160-берене. Жаза жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн башка чараларын өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотуунун тартиби

1. Соттолгон жаза мөөнөтүнүн мыйзамда белгиленген мөөнөтүн өтөөдө түзөтүү мекемесинин администрациясы же дисциплинардык аскер бөлүгүнүн командачылыгы соттолгонго жазаны өтөөдөн шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө маселени кароо үчүн арыз берүү укугунун келип жеткени тууралуу беш күндүк мөөнөттүн ичинде жазуу жүзүндө кабарландырууга милдеттүү.

2. Түзөтүү мекемесинин администрациясы же дисциплинардык аскер бөлүгүнүн командачылыгы соттолгон жазасын өтөөдөн шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө арызы менен кайрылгандан кийин он жумушчу күндүн ичинде анын жүрүш-турушу, коомго интеграцияланышына өбөлгө болгон түзөтүү жана кайра социалдаштыруу натыйжалары, жазасын өтөө мезгилинде эмгекке жана окууга болгон мамилеси жөнүндө, кылмыш менен келтирилген залалдын ордун толтуруу боюнча чараларды көрүү, пробация органы берген соттолгондун инсандыгы жөнүндө маалыматтарды камтыган материалдарды, кийин жазаларды жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруу үчүн көзөмөлдү жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу прокурорго жазуу жүзүндө маалымдоо менен, соттолгон адамдын инсандыгын мүнөздөөчү башка материалдарды, ошондой эле соттолгондун өздүк ишин тиркөө менен кайрылууну сотко жиберүүгө милдеттүү.

3. Ушул кодекстин 116-беренесинин 4-бөлүгүндө жана 147-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн соттолгондорго карата ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген тартипте сотко жиберилүүгө жаткан шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө өтүнмө берилиши мүмкүн. 116-берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн соттолгондорго карата сотко шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө өтүнмө жиберүү түзөтүү мекемесинин комиссиясы тарабынан каралгандан кийин жүргүзүлөт.

4. Сот шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуудан баш тарткан учурда, арызды же сунуштаманы кайрадан жиберүү шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуудан баш тартылганы жөнүндө токтом чыгарылган күндөн тартып үч ай өткөндөн эрте эмес орун алышы мүмкүн.

5. Жазадан буга чейин шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулган жана мыйзамда каралган учурларда эркиндигинен ажыратуу жерлерине жиберилген соттолгондор шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууну жокко чыгаруу жөнүндө токтом чыгарылган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин, кайрадан шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууга көрсөтүлүшү мүмкүн.

6. Шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулган соттолгондорго карата мекеменин же жаза аткаруучу органдын администрациясы соттолгондун тандаган жашаган жери боюнча пробация органына андан ары көзөмөл жүргүзүүнү жүзөгө ашыруу үчүн соттун өкүмүнүн көчүрмөсүн жиберет.

Шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулган соттолгондор бошотулган күндөн тартып тандап алган жашаган жери боюнча пробация органына келүүгө милдеттүү, ал жөнүндө мекеменин же жазаны аткаруучу органдын администрациясы тарабынан андан кол кат алынат.

Шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулган соттолгондорду көзөмөлдөө ушул Кодекстин 26-главасында каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

7. Соттолгондорго - катуу жана өкүмдү аткарууга тоскоолдук болуучу оорулар менен ооругандарга карата мекеменин же жазаны же жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн башка чарасын аткаруучу органдын начальниги тарабынан атайын медициналык комиссиянын корутундусу жана соттолгондун өздүк иши сотко жиберилет. Көрсөтүлгөн комиссияны түзүүнүн жана ишинин тартиби Өкмөт тарабынан аныкталат.

8. Жазаны аткаруучу органдын же мекеменин начальниги атайын медициналык комиссиянын корутундусу жана катуу жана өкүмдү аткарууга тоскоолдук болуучу оорулар менен ооруган төмөнкү соттолгондорго карата жеке ишти сотко жиберет:

1) белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгондорго - дайындалган жаза мөөнөтүнүн үчтөн экисинин көбүн өтөгөндө;

2) жашы жетелектерге - жазанын дайындалган мөөнөтүнүн жарымынан көбүн өтөгөндө;

3) өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгондорго - эркиндигинен ажыратуунун жыйырма жылын өтөгөндө.

Көрсөтүлгөн комиссияны түзүүнүн жана анын ишинин тартиби Өкмөт тарабынан аныкталат.

9. Акыл-эс оорусуна чалдыккан соттолгондорго карата мекеменин же жазаны же жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн башка чарасын аткаруучу органдын начальниги тарабынан сотко психиатр-врачтардын медициналык комиссиясынын корутундусу жана соттолгондун өздүк иши жиберилет. Көрсөтүлгөн комиссияны түзүүнүн жана ишинин тартиби Өкмөт тарабынан аныкталат.

Оорусу боюнча бошотулган соттолгондор саламаттык сактоо органдарынын атайын мекемелерине жиберилет, Алар айыккан учурда саламаттык сактоо органдарынын атайын мекемелери адамдарды жазасын өтөөдөн бошоткон сотко тиешелүү медициналык корутунду жиберет.

10. Дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармоо түрүндөгү жазасын өтөп жаткан жана аскердик-дарыгердик комиссиясы тарабынан каттоодон чыгаруу менен ден соолугунун абалы боюнча аскер кызматына жараксыз же тынч мезгилде жараксыз деп таанылган соттолгондорго карата көрсөтүлгөн комиссиянын корутундусу жана соттолгондун өздүк иши сотко жиберилет. Аскердик-дарыгердик комиссияны түзүүнүн жана ишинин тартиби Өкмөт тарабынан аныкталат.

11. Коомдук жумуштарга, түзөтүү жумуштарына соттолгон адам I же II топтогу майып деп таанылган учурда, пробация органы аны жазасын өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө сунуштама чыгарат.

12. Коомдук жумуштар түрүндөгү жазага соттолгон аял кош бойлуу болгон учурда, пробация органы сотко кош бойлуулугу жана төрөтү боюнча жумуштан бошотулган учурдан тартып аны жазасын өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө сунуштама чыгарат.

161-берене. Жаза жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн башка чараларын өтөп бүткөн адамдардын укуктук абалы

1. Эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазадан бошотулган адамдар мыйзамдарга ылайык социалдык жардам алууга укуктары бар.

2. Жазасын жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн башка чараларын өтөгөн адамдар, соттолгон адамдар үчүн каралган чектөөлөр менен мыйзамдарда белгиленген укуктарды колдонушат жана милдеттерди аткарышат.

25-глава. Түзөтүү мекемелеринен бошотулуп жаткан адамдарга жардам көрсөтүү

162-берене. Түзөтүү мекемелеринен бошотулуп жаткан адамдарга социалдык жардам көрсөтүүнү уюштуруу

1. Эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза мөөнөтү бүткөнгө чейин алты айдан кечиктирбестен соттолгонду коомдон бөлөк кармоо менен байланышкан жазаны жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн башка чараларын аткаруучу мекеме жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана соттолгон тарабынан тандап алынган жашаган жери боюнча ишке орноштуруу кызматына анын алдыда болуучу бошотулушу, турак жайынын бар же жок экени, эмгекке жөндөмдүүлүгү жана адистиги жөнүндө кабарлайт.

2. Соттолгонду бошотууга жана коомго интеграциялоого даярдоо боюнча аны менен уюштуруу-тарбиялоо жана социалдык иштер жүргүзүлөт, анын укуктары жана милдеттери түшүндүрүлөт.

3. I жана II топтогу соттолгон майыптар, ошондой эле пенсия курагына жеткен соттолгондор алардын жазуу жүзүндөгү арызы жана жазаны аткаруучу мекеменин сунуштамасы боюнча социалдык коргоо органдары тарабынан майыптар жана кары-картаңдар үйлөрүнө жиберилет.

Социалдык жардамга муктаж башка адамдар алардын жазуу жүзүндөгү арызы жана жазаны аткаруучу мекеменин сунуштамасы боюнча социалдык көнүктүрүү борборлоруна жиберилет. Бошотулуп жаткан адамдарды көрсөтүлгөн борборлорго жиберүүнүн жана алардын ишинин тартиби Өкмөт тарабынан аныкталат.

4. Аракечтикке, баңги дартына, токсикоманияга, кургак учукка, венерикалык ооруларга, ВИЧ/СПИД менен жашаган, аларга карата мажбурлап дарылоону улантуу зарыл болгон адамдар жазасын өтөгөндөн жана бошотулгандан кийин ден соолукту коргоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык саламаттык сактоо органдарынын атайын мекемелерине жиберүүгө жатат.

5. Эркиндигинен ажыратуу жерлеринен бошотулуп жаткандарга социалдык жардам көрсөтүү маселелеринде мамлекеттик органдардын, пробация органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын түзөтүү мекемелеринин администрациялары менен өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби Өкмөт тарабынан аныкталат.

163-берене. Жаза өтөөдөн бошотулуп жаткан адамдарга жардам көрсөтүү

1. Эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазасын өтөөдөн бошотулуп жаткан адамдар жашаган жерине акысыз жетүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагынын чектеринде жолдо жүрүүсүнө тамак-аш азыктары же акча менен камсыз кылынат.

2. Мезгилге жараша зарыл кийим-кече, бут кийим жана аларды сатып алууга каражат болбогондо, эркиндигинен ажыратуу жерлеринен бошотулуп жаткан адамдар мамлекеттин эсебинен кийим-кече жана бут кийим менен камсыз кылынат.

3. Тамак-аш, кийим-кече, бут кийим менен камсыз кылуу жана жазадан бошотулуп жаткан адамдардын жол киресин төлөө Өкмөт белгилеген тартипте, жазаны аткаруучу мекеме тарабынан жүргүзүлөт.

4. Ден соолугунун абалы боюнча башка бирөөнүн багуусуна муктаж адамдарды, кош бойлуу аялдарды жана тестиер балдары бар аялдарды, ошондой эле жашы жетелектерди эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазасын өтөөдөн бошотууда жазаны аткаруучу мекеменин администрациясы жубайына, туугандарына же соттолгондун арызында көрсөтүлгөн башка адамдарга алдын ала билдирет.

5. Ден соолугунун абалы боюнча башка бирөөнүн багуусуна муктаж адамдар, ошондой эле он алты жашка чейинки жашы жетелектер эркиндигинен ажыратуу жерлеринен бошотулуп жатканда, жашаган жерине жубайынын, туугандарынын же аларга келген башка адамдардын же болбосо түзөтүү мекемесинин же балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкеринин коштоосунда жиберилет.

26-глава. Пробациялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруунун тартиби

164-берене. Пробациялык көзөмөл

Пробациялык көзөмөл (пробация) соттун өкүмү менен белгиленген мөөнөткө сот тарабынан пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен беш жылдан ашпаган мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөөдөн бошотулуп жаткан адамдарга карата жүзөгө ашырылат.

165-берене. Пробациялык көзөмөлдү жүзөгө ашырууда пробация органдарынын иши

1. Пробациялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруу процессинде пробация органдары:

1) сот тарабынан пробациялык көзөмөл колдонулган адамдардын эсебин жүргүзөт;

2) сот тарабынан жүктөлгөн көзөмөлдүк талаптарды жана пробациялык милдеттерди аткаруунун, аларды аткарбаганы жана пробациялык көзөмөлдүн шарттарын бузганы үчүн жоопкерчиликке тартуунун тартибин түшүндүрөт;

3) соттолгондун инсандыгына, ден соолугунун абалына, анын билим деңгээлине, иштегенине, жашаган жеринин бар экенине иликтөө жүргүзөт, ошондой эле социалдык-укуктук жардамдын көлөмүн аныктоо үчүн башка маалыматтарды аныктайт;

4) социалдык-укуктук жардам берүүнүн, пробациялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруунун жана токтотуунун тартибин түшүндүрөт, ошондой эле каттоо жана алдын алуучу маекке катышуу үчүн келүү күндөрүн белгилейт;

5) мыйзамдарда каралган башка иш-милдеттерди жүзөгө ашырат.

2. Соттолгондун инсандыгын жана анын турмуштук жагдайын иликтөөнүн негизинде, пробация органы анын түздөн-түз катышуусу менен пробациялык көзөмөлдүн планын (соттолгонду кайра социалдаштыруу планын) жана социалдык-укуктук жардам берүүнүн жекече программасын түзөт. Пробациялык көзөмөлдүн планына (соттолгонду кайра социалдаштыруу планына) жана социалдык-укуктук жардам берүүнүн жекече программасына соттолгондун макулдугу менен, соттолгонду түзөтүүгө жана кайра социалдаштырууга кошумча иш-чаралар киргизилет. Пробациялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруу мезгилинде пробациялык көзөмөлдүн планына (соттолгонду кайра социалдаштыруу планына) жана социалдык-укуктук жардам берүүнүн жекече программасына өзгөртүү жана толуктоо киргизилиши мүмкүн.

3. Билим алууда, кесипке ээ болууда, эмгекке орноштурууда, медициналык жардам алууда, ошондой эле укуктук жардам менен камсыз кылууда көмөк көрсөтүү соттолгондорго социалдык-укуктук жардамдын негизги багыттары болуп саналат.

4. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана башка уюмдар пробация органы тарабынан иштелип чыккан жекече программага ылайык пробациялык көзөмөл белгиленген адамга карата социалдык-укуктук жана башка жардамдарды көрсөтөт.

5. Сот тарабынан пробациялык көзөмөл белгиленген адамдарга социалдык-укуктук жана башка жардамдарды көрсөтүүнүн тартиби пробация жөнүндө мыйзамга ылайык жүзөгө ашырылат.

6. Сот тарабынан пробациялык көзөмөл белгиленген адам социалдык-укуктук жана башка жардамдан же болбосо алардын айрым түрлөрүнөн баш тартууга укуктуу, бул жөнүндө акт түзүлөт.

7. Сот тарабынан пробациялык көзөмөл белгиленген адам мөөнөттүү аскер кызматына чакырылган учурда аскер комиссариаттарына соттун өкүмүнүн көчүрмөсү жиберилет, ал эми зарыл учурларда, пробациялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруу үчүн башка документтер да жиберилет. Аскер бөлүгүнүн командачылыгы соттолгон аскер бөлүгүнө келген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде пробация органына пробациялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруу үчүн соттолгонду каттоого тургузуу жөнүндө кабарландырууну жиберет, ал эми аскер кызматынын мөөнөтү аяктаганга чейин он күн калганда анын аскер бөлүгүнөн кеткени жөнүндө кабарландырууну жиберет.

166-берене. Пробациялык көзөмөлдүн шарттары

1. Сот тарабынан пробациялык көзөмөл белгиленген адам төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып он календардык күндүн ичинде жашаган жери боюнча пробация органына келүүгө. Пробациялык көзөмөлдүн мөөнөтү соттолгонду пробация органдарында эсепке алууга койгон күндөн тартып эсептелет;

2) сот тарабынан жүктөлгөн милдеттерди аткарууга;

3) пробация органдарынын жазуу жүзүндөгү кабарландыруусу жок жашаган, иштеген, окуган жерин өзгөртпөөгө;

4) пробация органынын уруксаты жок административдик-аймактык бирдиктин чегинен тышкары чыкпоого;

5) пробация органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткарууга;

6) инсандыгын ырастоочу документтерди жанында алып жүрүүгө;

7) катталуу жана алдын алуу маегине катышуу үчүн, ошондой эле, пробация органынын чакыруусу боюнча айына эки жолу келүүгө.

2. Сот тарабынан пробациялык көзөмөл белгиленген адам төмөнкүлөргө укуктуу:

1) жазасын өтөгөн жери боюнча административдик-аймактык бирдиктин чегинде жайгашкан жогорку жана кесиптик орто окуу жайларында окууга;

2) пробация органдарынын макулдугу менен окуу жайы жайгашкан жер боюнча пробация органында милдеттүү каттоого туруу менен, административдик-аймактык бирдиктердин чегинен тышкары жерде жайгашкан жогорку жана кесиптик орто окуу жайларында окууга;

3) жеке өзгөчө кырдаалдарга - жубайынын, жакын тууганынын каза болушуна же анын өмүрүнө коркунуч келтирүүчү катуу оорусуна байланыштуу барып-келүү үчүн зарыл болгон убакытты эсепке албаганда, он суткадан ашпаган мөөнөткө административдик-аймактык бирдиктин чегинен тышкары кыска мөөнөткө чыгууга. Соттолгондун кыска мөөнөткө чыгуу жөнүндө арызы бир сутканын ичинде каралат;

4) пробация органдарынын уруксаты менен жашаган жеринен тышкары жерде дем алып жана майрам күндөрүн өткөрүүгө;

5) пробация органдарынын уруксаты менен жашаган жеринен тышкары чыгуу менен эмгектик (каникулдук) өргүүсүн өткөрүүгө.

3. Эгерде соттолгон ага сот тарабынан жүктөлгөн белгилүү бир милдеттерди өзүнө көз каранды болбогон жагдайлар боюнча аткара албаган же кошумча милдеттерди жүктөө зарылдыгы келип чыккан учурда, пробация органы ага мурда белгиленген милдеттерди толугу менен же жарым-жартылай жокко чыгаруу же соттолгон үчүн мурда белгиленген пробациялык милдеттерди толуктоо жөнүндө сотко сунуштама жиберет. Сунуштамада пробация органы жокко чыгаруу же толуктоо сунушталып жаткан пробациялык милдеттердин себептерин жана түрүн көрсөтөт.

4. Соттолгон үчүн сот тарабынан белгиленген пробациялык көзөмөлдүн мөөнөтүнүн жарымы бүткөндөн кийин пробациялык көзөмөлдүн шарттарын ак ниет аткарганда, түзөтүүдө жана кайра социалдаштырууда, кылмыш менен келтирилген залалдын ордун толтуруу боюнча чараларды көрүүдө жакшы натыйжаларга жетишилгенде, пробация органы ага мурда белгиленген милдеттерди жарым-жартылай же толугу менен жокко чыгаруу жөнүндө сотко сунуштама жиберүүгө укуктуу. Сунуштамада пробация органы толугу менен же жарым-жартылай жокко чыгаруу сунушталып жаткан милдеттердин түрүн көрсөтөт.

5. Пробациялык көзөмөлдүн мөөнөтү бүткөндөн кийин, пробация органы, сотко соттолгонду дайындалган жазадан бошотуу жөнүндө маселени чечүү үчүн соттолгондун инсандыгын мүнөздөөчү материалдар менен анын пробациялык көзөмөлдөн өтүшү жөнүндө корутунду жиберет.

167-берене. Жашы жетелектерге карата пробациялык көзөмөлдүн өзгөчөлүктөрү

1. Пробация органы жашы жетелекти каттоого тургузууда ушул Кодекстин 165-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнө ылайык ата-энесинин же башка мыйзамдуу өкүлдөрүнүн, ал эми зарыл болгондо - педагогдун, психологдун, социалдык кызматкердин же балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын башка өкүлүнүн, ички иштер органдарынын жашы жетелектердин иштери боюнча бөлүмүнүн кызматкеринин катышуусунда чаралардын комплексин ишке ашырат.

2. Жашы жетелектерге карата ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн чаралар менен катар эле пробация органы камкордукка алуу жана көзөмөлдүк кылуу органынын өкүлдөрү менен бирдикте, акт түзүү менен жашы жетелектердин турак жай шарттарын текшерүүнү квартал сайын жүргүзөт.

168-берене. Пробациялык көзөмөлдүн шарттарын бузганы үчүн жоопкерчилик

1. Соттолгон ушул Кодекстин 166-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн пробациялык көзөмөлдүн шарттарын жүйөлүү себептерсиз бузган учурда, пробация органы кайталап бузганда мүмкүн болуучу кесепеттер жөнүндө соттолгонго жазуу жүзүндө эскертет.

2. Пробациялык көзөмөлдүн шарттарын жыл ичинде жазуу жүзүндөгү эскертүүдөн кийин жүйөлүү себептерсиз кайталап бузганда, пробация органы сотко ага мурда белгиленген милдеттерди толуктоо жөнүндө сунуштама жиберет.

3. Соттолгон пробациялык көзөмөлдүн шарттарын жыл ичинде жүйөлүү себептерсиз эки жана андан көп жолу бузган учурда, пробация органы сотко пробациялык көзөмөлдү жокко чыгаруу жана соттолгонду дайындалган жазасын өтөө үчүн жиберүү жөнүндө сунуштама жиберет.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А.Ш. Атамбаев

 

 

Тиркеме

Соттун өкүмү боюнча конфискацияланууга жатпаган мүлктөрдүн тизмеги

Соттолгон жана анын багуусунда турган адамдар үчүн зарыл болгон, ага менчик ээси укугунда таандык же кылмыш жасоо жолу менен алынбаган, жалпы менчикте анын үлүшү болуп саналган төмөнкүдөй мүлктүн түрлөрү жана предметтери конфискацияланууга жатпайт:

1) эгерде соттолгон жана анын үй-бүлөсү дайыма жашаган турак үй, квартира же алардын айрым бир бөлүктөрү;

2) конфискацияланууга жатпаган үй жана чарбалык курулуштар жайгашкан жер участоктору, ошондой эле өздүк көмөкчү чарбаны жүргүзүү үчүн зарыл болгон жер участоктору;

3) негизги иши айыл чарбасы болуп саналган адамдардан, - алардын үй-бүлөлөрүнүн керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн зарыл санда айыл чарба курулуштары жана короодогу малы, ошондой эле мал үчүн тоют;

4) айыл чарба өсүмдүктөрүн кезектеги себүү үчүн зарыл үрөндөр;

5) үй предметтери, анын ичинде:

а) кийим-кече, бут кийим, ич кийим, төшөк-шейшептер, колдонулуудагы ашкана эмеректери. Баалуу терилер жана башка баалуу кийим-кече, ашкана сервиздери, баалуу металлдардан жасалган, ошондой эле көркөм баалуулугу бар предметтер конфискацияланышы мүмкүн;

б) соттолгон жана анын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн минималдуу зарыл болгон эмерек;

в) балдардын бардык буюмдары.

6) эгерде соттолгондун негизги иши айыл чарбасы болуп саналса, жаңы түшүм алганга чейин соттолгон жана анын үй-бүлөсү үчүн зарыл сандагы тамак-аш азыктары, ал эми калган учурларда - Өкмөт тарабынан белгиленген өлчөмдөгү жалпы суммага тамак-аш азыктары жана акча;

7) тамак жасоо жана үй-бүлөнүн турак жайын жылытуу үчүн арналган отун;

8) соттолгон соттун өкүмү менен белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратылган же алар инвентарды кылмыш же жорук жасоо үчүн колдонгон учурларды кошпогондо, соттолгондун кесиптик ишин улантуу үчүн зарыл инвентарь (анын ичинде окуу куралдары жана окуу китептери);

9) майыптардын ары-бери жүрүүсү үчүн атайын арналган транспорттук каражаттар;

10) соттолгон сыйланган эл аралык, мамлекеттик жана башка байгелер.