Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\LSoft\CdbSearchClient\836832d9-f7d0-4485-aa04-7fce341e9da0\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОРУКТАР ЖӨНҮНДӨ КОДЕКСИ

2017-жылдын 1-февралы № 18

(КР 2017-жылдын  24-январындагы № 10 Мыйзамы менен 2019-жылдын 1-январынан колдонууга киргизилет)

 

2016-жылдын 22-декабрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

ЖАЛПЫ БӨЛҮК

I БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

1-глава. Жоруктар жөнүндө мыйзамдар, алардын максаттары жана принциптери

1-берене. Жоруктар жөнүндө мыйзамдар жана алардын максаттары

1. Жазыктык жоруктар (мындан ары - жоруктар) жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделген ушул Кодекстен, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден (мындан ары - эл аралык келишимдер), ошондой эле эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптеринен жана ченемдеринен турат.

2. Жорук жасаганы үчүн жоопкерчилик каралган башка мыйзам актылары аларды ушул Кодекске киргизгенден кийин колдонулууга жатат.

3. Инсандын укуктарын жана эркиндиктерин, коомду жана мамлекетти ушул Кодексте каралган укукка каршы жосундардан коргоо, аталган жосундардын алдын алуу, ошондой эле алар жасалганда бузулган адилеттүүлүктү калыбына келтирүү ушул Кодекстин максаты болуп саналат.

2-берене. Мыйзамдуулук принциби

1. Эч ким жасаган жоругуна байланыштуу, ушул Кодексте белгиленген негиздерден жана тартиптен тышкары, жазыктык-укуктук таасир кылуу чараларына кириптер кылынышы мүмкүн эмес.

2. Эч ким ошол эле бир жорукту жасаганы үчүн эки жолу жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн эмес.

3. Жорук жасаганы үчүн мамлекеттик таасир этүү чараларын колдонууда мыйзам талаптарынын сакталышы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан системалуу контролдоо аркылуу камсыз кылынат.

3-берене. Юридикалык аныктык принциби

1. Юридикалык аныктык жорук үчүн жоопкерчиликке тартуунун негиздерин, ошондой эле жоруктун курамынын бардык белгилерин ушул Кодексте так белгилөө мүмкүндүгүн билдирет.

2. Жоруктар жөнүндө мыйзам жаза берилүүчү жосунду так жана айкын аныктоого тийиш жана ал кеңейтилип чечмеленүүгө жатпайт.

3. Жоруктар жөнүндө мыйзамды аналогия боюнча колдонууга тыюу салынат.

4-берене. Мыйзам алдындагы теңдик принциби

1. Ушул Кодексте каралган жосундарды жасаган адамдар мыйзам алдында тең жана жынысына, расасына, тилине, майыптыгына, этностук таандыктыгына, диний ишенимине, жаш курагына, саясий же башка ынанымдарына, билимине, тегине, мүлктүк же башка абалына, ошондой эле башка жагдайларга карабастан, жазык жоопкерчилигине тартылууга тийиш.

2. Ушул Кодекстин адамдардын айрым категорияларын жазык жоопкерчилигине тартуунун жана аларга жаза берүүнүн өзгөчөлүктөрүн аныктаган жоболору теңдикти бузуу болуп эсептелбейт, бул категориялар төмөнкүлөр:

1) аялдар, биринчи кезекте кош бойлуу болгонуна, төрөгөнүнө жана бала эмизгенине байланыштуу;

2) бала багуу боюнча өргүүдөгү аялдар же эркектер;

3) жашы жетелектер;

4) аскердик каттоодо турган адамдар жана аскер кызматын өтөп жатканына жана мобилизациялоого байланышкан адамдар;

5) майыптар, эмгекке жарамсыз адамдар жана башка адамдарга кооптуулук жаратуучу оорусу бар адамдар;

6) Кыргыз Республикасында туруктуу жашабаган чет өлкөлүктөр жана жарандыгы жок адамдар.

5-берене. Күнөө принциби

1. Адам өзүнүн күнөөсү аныкталган аракеттери (аракетсиздиги) жана аларды жасаганынын натыйжасында келип чыккан кесепеттер үчүн гана жазык жоопкерчилигине тартылууга жатат.

2. Эч ким күнөөсү мыйзамдуу тартипте далилденмейинче жана соттун мыйзамдуу күчүнө кирген айыптоо өкүмү менен аныкталмайынча жорук жасаганы үчүн күнөөлүү деп таанылышы жана жазага тартылышы мүмкүн эмес.

6-берене. Адилеттүүлүк принциби

1. Ушул Кодексте каралган жосунду жасаган адамга карата колдонулуучу жаза жана жазыктык-укуктук таасир этүүнүн башка чаралары жоруктун мүнөзүнө жана оордук даражасына, ошондой эле аны жасоонун жагдайларына ылайык келүүгө тийиш.

2. Эч ким ошол эле кылмыш же ошол эле жорук үчүн кайталап жазык жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн эмес.

7-берене. Жазык жоопкерчилигинин жеке мүнөздүү принциби

Ушул Кодексте каралган жосунду атайылап же абайлабагандыктан жасаган адам гана жорук үчүн жазык жоопкерчилигине тартылууга жана жазаланууга жатат.

8-берене. Жазык жоопкерчилигин жана жазаны жекелештирүү принциби

Жазык жоопкерчилигине тартуу жана жазаны дайындоо жөнүндө маселени чечүүдө сот жасалган жоруктун мүнөзүн жана оордук даражасын, анын жүйөлөрүн жана максаттарын, күнөөлүүнүн инсандыгын, келтирилген зыяндын өлчөмүн, жазаны оордотуучу жана жеңилдетүүчү жагдайларды, жабырлануучунун пикирин эсепке алууга, ошондой эле өкүмдө тандалган жаза чарасын жүйөлөөгө тийиш.

9-берене. Гуманизм принциби

1. Ушул Кодекс эң жогорку социалдык баалуулуктар катары инсанды, анын өмүрүн жана ден соолугун, ар-намысын жана аброюн, кол тийгистигин жана коопсуздугун сактоону камсыз кылат.

2. Жорук жасаган адамга карата сот аны түзөтүү, кайра социалдаштыруу, анын жаңы жоруктарды жасоосунун алдын алуу үчүн, ошондой эле адилеттүүлүктү калыбына келтирүү максатында зарыл болгон жана жетиштүү жазаны дайындайт.

3. Жазанын жана жазыктык-укуктук таасир этүүнүн башка чараларынын мазмунунда дене-бойго залал келтирүү жана адамдык ар-намысты басмырлоо камтылбоого тийиш.

4. Ушул Кодекске анда каралган жосундардын жазалануусун жана башка жазыктык-укуктук натыйжаларын негизсиз катаалданта турган өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн эмес.

10-берене. Жоопкерчиликтин сөзсүз болуу принциби

Ушул Кодексте каралган жосунду жасаган адам жазага жана (же) жазыктык-укуктук таасир кылуунун башка чарасына тартылууга жатат. Жазык жоопкерчилигинен, жазадан же аны өтөөдөн бошотууга, ошондой эле жазаны жеңилирээк жазага алмаштырууга ушул Кодексте каралган учурларда гана жол берилет.

2-глава. Жоруктар жөнүндө мыйзамдын колдонулуу чектери

11-берене. Кыргыз Республикасынын аймагында жорук жасаган адамдарга карата жоруктар жөнүндө мыйзамдын колдонулушу

1. Кыргыз Республикасынын аймагында жорук жасаган адам ушул Кодекске ылайык жоопкерчиликке тартылууга тийиш.

2. Кыргыз Республикасынын аймагында жасалган жорук деп төмөнкү жосундар таанылат:

1) Кыргыз Республикасынын аймагында башталган, аяктаган же бөгөт коюлган;

2) Кыргыз Республикасынын аймагында жасалган, ал эми кесепеттери анын чегинен тышкары жерде болгон;

3) башка жосундар менен жыйынды түрдө же алар менен бир катарда бир бөлүгү Кыргыз Республикасынын аймагында жасалган жорукту түзгөн.

3. Колдонуудагы мыйзамдарга жана эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасынын сотторунун караштуулугуна кирбеген чет мамлекеттердин дипломаттык өкүлдөрүнүн жана башка жарандарынын жоопкерчилиги жөнүндө маселе, бул адамдар Кыргыз Республикасынын аймагында жорук жасаган учурда, эл аралык укуктун ченемдеринин негизинде чечилет.

12-берене. Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жорук жасаган адамдарга карата жоруктар жөнүндө мыйзамдын колдонулушу

Ушул Кодекс Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жорук жасаган адамдарга карата колдонулбайт.

13-берене. Жоруктар жөнүндө мыйзамдын убакыт боюнча колдонулушу

1. Жосундун кылмыштуулугу жана жаза берилиши ошол жосун жасалган убакытта колдонулган мыйзам менен аныкталат.

2. Адам мыйзамда каралган аракетти же аракетсиздикти жасаган убакыт жорук жасоо убактысы деп таанылат. Белгилүү бир кесепеттердин келип чыгышы жорук курамынын милдеттүү белгиси болуп эсептелген учурларда, ушул кесепеттер келип чыккан убакыт жорук жасоо убактысы деп таанылат.

14-берене. Жоруктар жөнүндө мыйзамдын артка карай колдонулушу

1. Жорук үчүн жоопкерчиликти жойгон же жазаны жеңилдеткен, буга тете эле жасалган жоруктун башка укуктук кесепеттерин жакшырткан мыйзам ал мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин жасалган жосундарга жайылтылат.

2. Жорук үчүн жазаны белгилеген же күчөткөн, буга тете эле жасалган жоруктун башка укуктук кесепеттерин катаалданткан мыйзам артка карай колдонулбайт.

3. Жосундун жазыктык-укуктук кесепеттерин жарым-жартылай жеңилдеткен же жарым-жартылай күчөткөн мыйзам ушул кесепеттерди жеңилдеткен бөлүгүндө гана артка карай колдонуу күчүнө ээ болот.

4. Эгерде жорук жасалган убакыттан тартып соттун өкүмү чыккан убакытка чейин мыйзам бир нече жолу өзгөртүлсө, кыйла жеңил мыйзам колдонулат.

5. Жорукка карата тарбиялоо мүнөзүндөгү мажбурлоо чарасы жана (же) жазыктык-укуктук таасир этүүнүн башка чаралары ишти сотто чечүү убагында күчүндө болгон ушул Кодекстин негизинде гана колдонулат.

II БӨЛҮМ. ЖОРУК

3-глава. Жорук түшүнүгү. Жорук үчүн жоопкерчиликтин негизи

15-берене. Жорук түшүнүгү

1. Жорук субъектиси жасаган, инсанга, коомго же мамлекетке зыян келтирген же зыян келтирүү коркунучун жараткан, ушул Кодексте жаза чарасы каралган күнөөлүү, укукка каршы жосун (аракет же аракетсиздик) жорук деп таанылат.

2. Ушул Кодекске ылайык, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинде түшүнүлгөндөй оор же олуттуу болуп эсептелбеген зыян келтирген атайылап же абайлабай жасалган жосун, ошондой эле орчундуу зыян келтирүү коркунучун жараткан атайылап жасалган жосун укукка каршы деп таанылат.

16-берене. Узарган жорук

1. Ушул Кодексте каралган, аракеттен же аракетсиздиктен башталып, андан кийин үзгүлтүксүз жасалган жосун узарган жорук деп таанылат.

2. Узарган жорук аракет же аракетсиздик токтогон учурдан тартып аяктаган болуп саналат.

17-берене. Жорук үчүн жоопкерчиликтин негизи

Эгерде жосунда Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинде каралган кылмыш курамынын белгилери жок болсо, ушул Кодексте каралган, жорук курамынын бардык белгилерин камтыган жосунду жасоо жорук үчүн жоопкерчиликтин негизи болуп саналат.

4-глава. Жорук үчүн жоопкерчиликтин субъектиси

18-берене. Жоруктун субъектиси

1. Жорукту жасаганга чейин он алты жашка чыккан, акыл-эси соо жеке жак жоруктун субъектиси болуп саналат.

2. Белгилүү бир адам гана субъект боло алган жорукту жасаган, ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн белгилерге ээ болгон адам атайын субъект болуп саналат.

19-берене. Акыл-эси соо эместик

1. Ушул Кодексте каралган аракетти (аракетсиздикти) жасаган убакта акыл-эси соо эмес абалда болгон, башкача айтканда, өнөкөт жин оорусунан, психикасынын убактылуу бузулушунан, кем акылдыгынан же психикасынын башка оорулуу абалынан улам өзүнүн аракетинин (аракетсиздигинин) иш жүзүндөгү мүнөзүн жана коомдук зыянын аңдай албаган же аны башкара албаган адам жорук жасаганы үчүн жоопкерчиликке тартылбайт.

2. Жорукту акыл-эси соо абалында жасаган, бирок сот өкүмү чыгарылганга чейин өзүнүн аракеттерин (аракетсиздигин) аңдап биле албоого же аларды башкара албай калууга алып келген жин оорусу менен ооруп калган адам жорукту жасаганы үчүн жоопкерчиликке тартылбайт.

20-берене. Мас абалда жасалган жорук үчүн жоопкерчилик

Алкоголду, баңгизат каражаттарын же маң кылуучу башка заттарды пайдаланып мас болгон абалда жорук жасаган адам ошол жорук үчүн жоопкерчиликке тартылууга жатат.

5-глава. Күнөө

21-берене. Күнөө жана бейкүнөө зыян келтирүү

1. Адамдын ушул Кодексте каралган, өзү жасап жаткан жосунга (аракетке же аракетсиздикке) жана анын укукка каршы кесепеттерине карата психикалык мамилеси күнөө болуп саналат. Ниеттенүү же абайлабоо күнөөнүн формалары болушу мүмкүн.

2. Инсанга, коомго же мамлекетке зыян келтирүү, ошондой эле аны келтирүүнүн реалдуу коркунучун жаратуу укукка каршы кесепеттер деп таанылат.

3. Эгерде ушул Кодекстин беренесинде (беренесинин бөлүгүндө) абайлабоо (жеңил ойлуулук же этибарсыздык) боюнча жосунду жасоо түздөн-түз көрсөтүлбөсө, жоопкерчилик мындай жосунду атайылап жасоого карата гана келип чыгат.

4. Эгерде ушул Кодекстин беренесинде (беренесинин бөлүгүндө) абайлабоо боюнча зыян келтирүү түздөн-түз көрсөтүлбөсө, жоопкерчилик атайылап зыян келтирүүгө карата гана келип чыгат.

5. Эгерде адам өз жосунунун мүнөзүн жана маанисин аңдай албаса, зыян келтирүү мүмкүндүгүн алдын ала билбесе жана иштин жагдайлары боюнча аны алдын ала билүүгө тийиш болбосо жана (же) билүүсү мүмкүн эмес болсо, бейкүнөө зыян келтирилген (кокустук, казус) деп эсептелет.

22-берене. Атайылап жасалган жорук

1. Түздөн-түз же кыйыр ниет менен жасалган, укукка каршы жосун атайылап жасалган жорук деп таанылат.

2. Эгерде адам өз жосунунун укукка каршы экенин аңдаса, зыян келтирүүнүн мүмкүндүгүн алдын ала билсе жана зыян келтирүүнү кааласа же болбосо зыян келтирүүнүн боло турганын алдын ала көрсө, жорук түздөн-түз ниет менен жасалган деп таанылат.

3. Эгерде адам өз жосунунун укукка каршы экенин аңдаса, зыян келтирүүнүн мүмкүндүгүн алдын ала билсе жана зыян келтирүүнү каалабаса, бирок зыян келтирүүгө аң-сезимдүү түрдө жол берсе (зыян келтирилишине кайдыгерлик көрсөтсө), жорук кыйыр ниет менен жасалган деп таанылат.

23-берене. Абайлабагандан жасалган жорук

1. Жеңил ойлуулуктан же этибарсыздыктан улам жасалган, укукка каршы жосун абайлабагандан жасалган жорук деп таанылат.

2. Эгерде адам өз жосунун жазыктык укукка каршы аракет катары баалабай, ошентсе да этияттык кылуу зарылдыгын аңдаса жана зыян келтирүү мүмкүндүгүн алдын ала көрсө, бирок зыян келтирилбейт деп негизсиз үмүт кылса, жорук жеңил ойлуулуктан улам жасалган деп таанылат.

3. Эгерде адам этияттык кылуу зарылдыгын аңдоого жана зыян келтирүү мүмкүндүгүн алдын ала көрүүгө тийиш экенине жана ошондой кыла ала турганына карабастан, этияттык кылуу зарылдыгына этибарсыздык менен мамиле жасагандан улам мындай зарылдыкты аңдабаса жана зыян келтирүүнү алдын ала көрбөсө, жорук этибарсыздыктан улам жасалган деп таанылат.

4. Этияттык кылуу зарылдыгы ченемдик укуктук актылардын талаптары жана (же) башка жактардын кызыкчылыктары менен шартталышы мүмкүн.

6-глава. Аяктаган жана улантылган жорук

24-берене. Аяктаган жорук

1. Ушул Кодексте каралган жосундун курамынын бардык белгилери бар жорук аяктаган жорук деп таанылат.

2. Жорукка даярдык көрүү жана жорук жасоого аракеттенүү ушул Кодекс боюнча жоопкерчиликке алып келбейт.

25-берене. Улантылган жорук

1. Ушул Кодекстин беренелеринин биринде (беренесинин бөлүктөрүнүн биринде) каралган, бирдиктүү ниет менен жасалган эки же андан көп бир тектүү жосундарды камтыган жорук улантылган жорук болуп саналат.

2. Акыркы жосун жасалган учурдан тартып, улантылган жорук аяктаган жорук деп эсептелет.

7-глава. Жорук жасоого кошо катышуу

26-берене. Кошо катышуу түшүнүгү

Жорук жасоого жоруктун эки же андан көп субъекттеринин атайылап биргелешип катышуусу жорукка кошо катышуу деп таанылат.

27-берене. Жорукту аткаруучулук

Жорукту түздөн-түз жасаган же башка адам (кошо аткаруучу) менен биргелешип аны жасоого түздөн-түз катышкан адам, буга тете эле ушул Кодекске ылайык жаш курагына, акыл-эси соо эмесине же башка жагдайларга жараша жоопкерчиликке тартылууга жатпаган башка адам аркылуу жорук жасаган адам аткаруучу болуп саналат.

28-берене. Кошо катышуучулардын түрлөрү

1. Аткаруучулар менен бир катарда уюштуруучулар жана шыкакчылар жоруктун кошо катышуучулары деп таанылат.

2. Жорук жасоону уюштурган же анын аткарылышына жетекчилик кылган адам уюштуруучу деп таанылат.

3. Башка кошо катышуучуну жорук жасоого көкүтүүчү адам шыкакчы деп таанылат.

29-берене. Кошо катышуунун формалары

1. Эгерде жорук жасоого эки же андан көп аткаруучу өз ара алдын ала сүйлөшүүсүз катышса, жорук адамдардын тобу аркылуу жасалган деп таанылат.

2. Эгерде эки же андан көп адам жорук жасалганга чейин аны биргелешип жасоо жөнүндө мурдатан келишип алып жорукту биргелешип жасаса, жорук алдын ала сүйлөшүлүп жасалган деп таанылат.

30-берене. Жорукту аткаруучулардын жана жоруктун кошо катышуучуларынын жоопкерчилиги

1. Жоруктун аткаруучулары жана башка кошо катышуучулары укукка каршы биргелешкен жосундагы жеке күнөөсүнүн негизинде гана, алардын ар биринин жорук жасоого катышуусунун мүнөзүн жана даражасын эсепке алуу менен жоопкерчиликке тартылууга тийиш.

2. Аткаруучу (кошо аткаруучу) ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн ал жасаган жорук каралган беренеси (беренесинин бөлүгү) боюнча жоопкерчиликке тартылууга жатат.

3. Уюштуруучу жана шыкакчы ушул Кодекстин 28-беренесинин тийиштүү бөлүгү боюнча жана ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн аткаруучу жасаган жорук каралган беренеси (беренесинин бөлүгү) боюнча жоопкерчиликке тартылууга тийиш.

31-берене. Жорукту аткаруучунун эксцесси

Аткаруучунун кошо катышуучулар менен келишүүсүнүн чегинен чыккан жана алардын ниетине камтылбаган аракетти (аракетсиздикти) жасоосу жорукту аткаруучунун эксцесси деп таанылат.

III БӨЛҮМ. ЖОРУК БОЛУП САНАЛБАГАН ЖОСУНДАР

8-глава. Жасаган жоругу үчүн адамдын жоопкерчилигин жокко чыгаруучу жагдайлар

32-берене. Зарыл коргонуу

1. Эгерде зарыл коргонуунун чегинен чыгууга жол берилбесе, коргонуп жаткан адамдын же башка адамдын мыйзам менен корголуучу укуктарын жана кызыкчылыктарын, ошондой эле коомдук кызыкчылыктарды жана мамлекеттин кызыкчылыктарын укукка каршы кол салуудан, кол салуучуга ошол жагдайда кол салууга дароо бөгөт коюу же аны токтотуу үчүн зарыл жана жетиштүү зыян келтирүү аркылуу коргоо максатында жасалган аракеттер зарыл коргонуу деп таанылат.

2. Кол салуу коркунучуна же коргонуу жагдайына ачык туура келбеген зыянды кол салуучуга атайылап келтирүү зарыл коргонуунун чегинен чыгуу деп таанылат. Зарыл коргонуунун чегинен чыгуу Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинде каралган учурларда гана жоопкерчиликке алып келет.

3. Эгерде түзүлгөн жагдайда адам укукка каршы реалдуу кол салуу жок экенин аңдай албаса, бирок аңдап түшүнүшү мүмкүн болсо, ал абайлабагандан зыян келтиргени үчүн жоопкерчиликке тартылууга жатат.

33-берене. Аргасыз зарылдык

1. Аргасыз зарылдык абалында, башкача айтканда ушул адамдын же башка адамдардын инсандыгына жана укуктарына, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарына болгон коркунучту жоюу үчүн укуктук жактан корголуучу кызыкчылыктарга ошол адам тарабынан зыян келтирүү, эгерде ушул жагдайларда коркунучту башка каражаттар менен жоюуга болбосо жана келтирилген зыяндын орчундуулугу бөгөт коюлган зыяндан кыйла аз болсо, жорук деп саналбайт.

2. Бөгөт коюлган зыянга тең же андан кыйла орчундуу зыян укуктук жактан корголуучу кызыкчылыктарга келтирилген шартта, келтирилген коркунучтун мүнөзүнө жана даражасына жана коркунуч жоюлган жагдайларга ачык туура келбеген атайылап зыян келтирүү аргасыз зарылдыктын чегинен чыгуу деп таанылат. Аргасыз зарылдыктын чегинен чыгуу Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинде каралган учурларда гана жоопкерчиликке алып келет.

34-берене. Күч колдонуп же психикалык мажбурлоо

1. Күч колдонуп же психикалык мажбурлоонун түздөн-түз таасири астында өз аракетин (аракетсиздигин) башкара албай калганда жасаган, укуктук жактан корголуучу кызыкчылыктарга зыян келтирген адамдын аракети же аракетсиздиги жорук болуп саналбайт.

2. Күч колдонуп же психикалык мажбурлоонун түздөн-түз таасири астында адамдын өз аракеттерин башкаруу мүмкүнчүлүгү сакталгандай абалында ушул Кодекс менен корголуучу кызыкчылыктарга зыян келтиргени үчүн жоопкерчилиги жөнүндө маселе ушул Кодекстин 33-беренесинин 2-бөлүгүнүн жоболорун эсепке алуу менен чечилет.

35-берене. Жорук жасаган адамды кармоо

1. Жазыктык-укукка каршы кол салуу (ушул Кодекске ылайык жаш курагына, акыл-эси соо эмесине же башка жагдайларга байланыштуу жазык жоопкерчилигин тартпай турган адамдын жоругу же укукка каршы жосуну) жасалган учурда же жасалгандан кийин дароо эле күнөөлүү адамды кармаганда жабырлануучунун же башка адамдардын бул адамга зыян келтирген аракеттери, эгерде бул аракеттер кармалган адамды бийлик органдарына өткөрүп берүү максатында жасалса жана бул адамды башка ыкма менен кармоого мүмкүн болбосо жана кармоо чараларынын кармалган адам жасаган жазыктык-укукка каршы кол салуунун мүнөзүнө жана оордук даражасына жана ушул адамды кармоонун жагдайларына ачык туура келбөөсүнө жол берилбесе, жорук болуп саналбайт.

2. Кармоо каражаттарынын жана ыкмаларынын кармалган адам жасаган жазыктык-укукка каршы кол салуунун мүнөзүнө жана оордук даражасына жана ушул адамды кармоонун жагдайларына ачык туура келбөөсү, мунун натыйжасында адамга кармоонун зарылдыгынан келип чыкпаган зыянды атайылап келтирүү ушул Кодексте каралган жосунду жасаган адамды кармоо үчүн зарыл чаралардан ашып кетүү деп таанылат. Адамды кармоо үчүн зарыл чаралардан ашып кетүү Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинде каралган учурларда гана жоопкерчиликке алып келет.

36-берене. Мыйзамды, буйрукту (тескемени), милдеттерди кызмат орду боюнча аткаруу

1. Адам мыйзамды, буйрукту (тескемени), буга тете эле өз кызмат орду боюнча каралган милдеттерин укук ченемдүү аткарганда зыян келтирүү жорук болуп саналбайт.

2. Эгерде адамга буйрук (тескеме) же кызматтык милдеттер укук ченемсиз жүктөлсө, бул адам аларды аткарбаганы же болбосо аларды башкача бузганы үчүн жоопкерчиликке тартылууга жатпайт.

37-берене. Негиздүү тобокелдик

1. Коомдук пайдалуу максатка жетишүү үчүн негиздүү тобокелдикке барганда, укуктук жактан корголуучу кызыкчылыктарга зыян келтирүү жорук болуп саналбайт.

2. Эгерде жасалган жосун заманбап илимий-техникалык билимге жана тажрыйбага туура келсе, коюлган максатка тобокелдик менен байланышпаган аракеттер аркылуу жетүүгө болбосо жана мында тобокелдикке жол берген адам укуктук жактан корголуучу кызыкчылыктарга карата зыянды болтурбоо үчүн бардык мүмкүн болгон чараларды көрсө, тобокелдик негиздүү деп таанылат.

3. Эгерде тобокелдик адамдардын курман болуу, экологиялык алааматтын же болбосо башка оор кесепеттердин келип чыгуу коркунучу менен коштолуусу мурдатан дайын болсо негиздүү деп таанылбайт.

IV БӨЛҮМ. ЖОРУК ҮЧҮН ЖАЗЫКТЫК-УКУКТУК ТААСИР ЭТҮҮ ЧАРАЛАРЫ ЖАНА АЛАРДЫ КОЛДОНУУ

9-глава. Мажбурлоочу мүнөзгө ээ болбогон жазыктык-укуктук таасир этүү чаралары

38-берене. Жорук үчүн жазалоонун жоюлушуна байланыштуу жоопкерчиликтен бошотуу

Жаза берилүүсү мыйзамда жоюлган жорукту жасаган адам токтоосуз бошотулууга жатат.

39-берене. Тараптардын жарашуусуна байланыштуу жорук жоопкерчилигинен бошотуу

1. Эгерде жоопкерчиликке алып келүүчү жорукту жасаган адам зыяндын ордун толтурса же келтирилген зыянды жойсо жана жабырлануучу менен жарашса, жабырлануучунун талабы боюнча жоопкерчиликтен бошотулат.

2. Жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлдөрү менен жарашуу да жабырлануучу менен жарашууга теңдештирилет.

40-берене. Ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн жоболорунун негизинде жорук жоопкерчилигинен бошотуу

Адам ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүндө каралган учурларда жорук жоопкерчилигинен бошотулушу мүмкүн.

41-берене. Эскирүү мөөнөтү өткөнүнө байланыштуу жорук жоопкерчилигинен бошотуу

1. Эгерде жорук жасалган күндөн тартып соттун тиешелүү өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген күнгө чейин эки жыл өтсө, адам жорук жоопкерчилигинен бошотулат.

2. Эгерде жорук жасаган адам соттон качса, эскирүүнүн өтүшү токтотулуп турат. Бул учурларда эскирүүнүн өтүшү адам кармалган күндөн тартып кайра жаңыртылат. Эгерде жорук жасалган убактан бери үч жыл өтсө, адам жоопкерчиликтен бошотулат.

3. Эгерде ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн мөөнөттөр аяктаганга чейин адам жаңы жорук жасаса, эскирүүнүн өтүшү токтотулат. Бул учурда эскирүү мөөнөтүн эсептөө жаңы жорук жасалган күндөн тартып башталат. Мында мөөнөт ар бир жорук үчүн өзүнчө эсептелет.

10-глава. Жорук үчүн жаза жана анын максаттары. Жорук үчүн жазалардын түрлөрү

42-берене. Жорук үчүн жаза түшүнүгү жана максаттары

1. Жорук үчүн жаза жорук жасоого күнөөлүү деп таанылган адамга карата соттун өкүмү боюнча колдонулуучу жазыктык-укуктук таасир кылуу чарасы болуп саналат жана соттолгондун укуктарын жана эркиндиктерин ушул Кодексте каралгандай чектөөдө жана ага белгилүү бир милдеттерди жүктөөдө турат.

2. Жорук үчүн жаза социалдык адилеттүүлүктү калыбына келтирүү, соттолгонду түзөтүү, кайра социалдаштыруу, ошондой эле жаңы жоруктардын алдын алуу максатында колдонулат.

3. Адамды ушул Кодексте каралган жоопкерчиликке тартуу анын соттуулугуна алып келбейт.

43-берене. Жазалардын түрлөрү

1. Жорук жасоого күнөөлүү деп таанылган адамдарга сот тарабынан негизги жазалардын төмөнкү түрлөрү - катаалдыгы азыраагынан катаалдыгы көбүрөөгүнө карай ырааттуулукта колдонулушу мүмкүн:

1) коомдук жумуштар;

2) эркиндикти чектөө;

3) белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу;

4) түзөтүү жумуштары;

5) айып пул;

6) аскер кызматчыларына карата камак.

2. Жорук жасоого күнөөлүү деп таанылган адамга сот, белгилүү бир жаза ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн жоболоруна ылайык ушул адамга дайындалбаган учурларды кошпогондо, ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн жоопкерчилик келип чыгуучу беренесинин (беренесинин бөлүгүнүн) санкциясында каралган тиешелүү категориядагы кандай гана жаза болбосун колдоно алат.

3. Жорук үчүн жазалардын түрлөрү ушул Кодекске карата 2-тиркемеде берилген эрежелерге ылайык, катаалдыгынын даражасы боюнча өз ара ылайыкташтырылат.

44-берене. Жорук үчүн негизги жана кошумча жазалар

1. Жорук жасоого күнөөлүү деп таанылган адамдарга карата жазалардын негизги жана кошумча түрлөрү колдонулушу мүмкүн.

2. Коомдук жумуштар, эркиндикти чектөө, түзөтүү жумуштары, айыппул жана аскер кызматчыларына карата камакка алуу жазалардын негизги түрлөрү катары гана колдонулат.

3. Белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу жазанын негизги да, кошумча да түрү катары колдонулушу мүмкүн.

45-берене. Коомдук жумуштар

1. Коомдук жумуштар жорукту жасоого күнөөлүү деп таанылган адамдын коомдун пайдасына акысыз жумуштарды аткаруусунда турат, мындай жумуштардын конкреттүү түрүн жазык-аткаруу мыйзамдарына ылайык пробация органдары менен бирдикте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аныктайт. Коомдук жумуштар иштен жана окуудан бош убакытта, күнүнө 4 сааттан ашпаган убакытта, ал эми иштебегендер жана окубагандар тарабынан - күнүнө 8 сааттан ашпаган убакытта аткарылат.

2. Коомдук жумуштар өлчөмү боюнча эки категорияга бөлүнөт:

1) I категория: жашы жетелектер үчүн - 20 сааттан 30 саатка чейин, башка жеке жактар үчүн - 30 сааттан 40 саатка чейин;

2) II категория: жашы жетелектер үчүн - 30 сааттан 40 саатка чейин, башка жеке жактар үчүн - 40 сааттан 60 саатка чейин.

3. Коомдук жумуштар I жана II топтогу майып деп таанылган адамдарга, боюнда бар аялдарга, ошондой эле бала багуу боюнча өргүүдө жүргөн жана (же) жашы жетелек майып балдары бар аялдарга жана эркектерге, пенсия жаш курагына жеткен адамдарга, мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчыларына карата дайындалбайт.

4. Адам коомдук жумуштарды аткаруудан кыянаттык менен качса, пробация органынын сунушу боюнча сот бул жазаны II категориядагы айыппулга алмаштырышы мүмкүн.

5. Адам ушул берененин 4-бөлүгүнө ылайык дайындалган айыппулду үч айдын ичинде төлөбөсө, айыппулдун суммасы эки эсеге көбөйтүлөт. Адам андан кийин да айыппулду төлөөдөн качса, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 351-беренесинин негизинде жазык жоопкерчилигине тартылат.

46-берене. Эркиндикти чектөө

1. Эркиндикти чектөө жорук жасоого күнөөлүү деп таанылган адамга карата сот тарабынан анын эркиндигин чектеген белгилүү бир милдеттерди жүктөөдө турат жана бул жаза адамды коомдон бөлбөстөн, анын жашаган жери боюнча, пробация органынын көзөмөлүндө өтөлөт.

2. Эркиндикти чектөө өлчөмү боюнча эки категорияга бөлүнөт:

1) I категория: жашы жетелектер үчүн - эки айдан үч айга чейин, башка жеке жактар үчүн - үч айдан алты айга чейин;

2) II категория: жашы жетелектер үчүн - үч айдан алты айга чейин, башка жеке жактар үчүн - алты айдан бир жылга чейин.

3. Эркиндикти чектөөгө соттолгондор төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып 10 күндүн ичинде жашаган жери боюнча пробация органдарына барууга;

2) пробация кызматынын кызматкеринин мыйзамдуу талаптарынын негизинде пробация органына убагы менен барып турууга;

3) пробация органдарынын уруксатысыз өлкөнүн чегинен тышкары чыкпоого;

4) пробация органдарын өзүнүн жашаган жери, иши жана окуусу, ошондой эле алардын өзгөрүүсү жөнүндө кабардар кылууга;

5) жашаган жеринен кыска мөөнөткө чыгуу үчүн пробация органынан уруксат алууга;

6) сот ага жүктөгөн милдеттерди аткарганы жөнүндө пробация органдарынын талаптары боюнча кабарлоого;

7) алкоголду, баңгизаттарды, психотроптук же уулуу заттарды колдонбоого.

4. Сот эркиндикти чектөө түрүндө жаза дайындаганда адамга бир же бир нече төмөнкүдөй кошумча милдеттерди жүктөөгө укуктуу:

1) белгилүү бир жерлерге барбоону;

2) белгилүү бир ишти же аракетти жасоодон карманууну;

3) сутканын сот аныктаган убагында жашаган жеринде болууну;

4) сот белгилеген мөөнөттө жумушка орношууну же окууга кирүүнү;

5) багуусунда турган адамдарды багуу боюнча милдеттерин аткарууну;

6) жоруктун натыйжасында жабырлануучуга келтирилген зыяндын ордун сот аныктаган мөөнөттө толтурууну;

7) пробация органдары дайындоочу кайра социалдаштыруу программаларына катышууну;

8) белгилүү бир адамдар менен байланышта болбоону;

9) өзү алдын ала макулдук бергенде, алкоголдук, баңгизатына, психотроптук, уулуу заттарга болгон көз карандылыктан же болбосо башка адамдардын саламаттыгына коркунуч келтирген оорудан дарылануу курсунан өтүүнү;

10) сот жүктөгөн милдеттерди аткарганы жөнүндө пробация органынын талабы боюнча ага кабарлоону.

5. Эркиндикти чектөө Кыргыз Республикасында убактылуу жашап жаткан чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга, ошондой эле мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчыларына карата дайындалбайт.

6. Ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган же ушул берененин 4-бөлүгүнө ылайык сот тарабынан жүктөлгөн милдеттер жүйөлүү себептерсиз аткарылбаган учурда сот пробация органынын сунушу боюнча эркиндигин чектөөнү II категориядагы айыппул менен алмаштырат.

7. Адам ушул берененин 6-бөлүгүнө ылайык дайындалган айыппулду үч айдын ичинде төлөбөсө, айыппулдун суммасы эки эсеге көбөйтүлөт. Адам андан кийин да айыппулду төлөөдөн качса, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 351-беренесинин негизинде жазык жоопкерчилигине тартылат.

47-берене. Белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу

1. Белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу жорукту жасаган адамга карата сот белгилеген мөөнөттүн ичинде анын мамлекеттик кызматта же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызмат орунду ээлешине же болбосо кесиптик же башка ишти жүргүзүшүнө тыюу салынганын билдирет.

2. Белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу жазанын негизги түрү катары өлчөмү боюнча төмөнкүдөй эки категорияга бөлүнөт:

1) I категория - алты айдан бир жылга чейинки мөөнөткө;

2) II категория - бир жылдан эки жылга чейинки мөөнөткө.

3. Эгерде адам белгилүү бир кызмат ордун ээлебегенде же белгилүү бир ишти жүргүзбөгөндө жасай алмак эмес болгон жорукту адамдын жасаган мүнөзүнө жараша сот тарабынан жазанын кошумча түрү катары алты айдан бир жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратууга дайындалат.

48-берене. Түзөтүү жумуштары

1. Түзөтүү жумуштары соттолгондун иштеген жери боюнча өтөлөт, анын эмгек акысынын суммасынан сот белгилеген өлчөмдөгү, 10дон 20га чейинки пайыздын чегиндеги сумма мамлекеттин кирешесине чегерилет.

2. Түзөтүү жумуштары өлчөмү боюнча эки категорияга бөлүнөт:

1) I категория: жашы жетелектер үчүн - бир айдан үч айга чейин, башка жеке жактар үчүн - эки айдан төрт айга чейин;

2) II категория: жашы жетелектер үчүн - эки айдан төрт айга чейин, башка жеке жактар үчүн - төрт айдан алты айга чейин.

3. Түзөтүү жумуштары туруктуу иштеген жери болбогон адамдарга, боюнда бар аялдарга, бала багуу боюнча өргүүдөгү аялдарга жана эркектерге, мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчыларына карата дайындалбайт.

4. Эгерде адам ага сот түзөтүү жумуштары түрүндө жаза дайындагандан кийин жумушун жоготсо же эмгекке жараксыз болуп калса, сот түзөтүү жумуштарын II категориядагы айыппулга алмаштырат.

5. Адам ушул берененин 4-бөлүгүнө ылайык дайындалган айып пулду үч айдын ичинде төлөбөсө, айыппулдун суммасы эки эсеге көбөйтүлөт. Адам андан кийин да айыппулду төлөөдөн качса, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 351-беренесинин негизинде жазыктык жоопкерчиликке тартылат.

49-берене. Айып пул

1. Айып пул - ушул Кодексте белгиленген учурларда, өлчөмдө жана тартипте, акчалай түрдө сот тарабынан дайындалуучу жаза.

2. Айып пул эсептик көрсөткүч менен эсептелет.

3. Айып пул жазанын негизги түрү катары өлчөмү боюнча эки категорияга бөлүнөт:

1) I категория: жашы жетелектер үчүн - 50дөн 150гө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, башка жеке жактар үчүн - 200дөн 300гө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;

2) II категория: жашы жетелектер үчүн - 150ден 250гө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, башка жеке жактар үчүн - 300дөн 600гө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө.

4. Адам жорук үчүн айып пул түрүндөгү жазаны аткаруудан качкан учурда Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 351-беренесинин негизинде жазык жоопкерчилигине тартылат.

50-берене. Аскер кызматчыларына карата камак

1. Мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчысына карата камак ушул Кодексте каралган учурларда колдонулат жана өлчөмү боюнча эки категорияга бөлүнөт:

1) I категория - үч суткалык мөөнөткө;

2) II категория - беш суткалык мөөнөткө.

2. Аскер кызматчылары камакта гауптвахтада кармалат.

11-глава. Жорук үчүн жаза дайындоо

51-берене. Жорук үчүн жаза дайындоо

1. Жорук үчүн жазаны сот гана дайындайт.

2. Сот жазаны ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн жасалган жорук үчүн жоопкерчиликти караган тиешелүү беренесинде (беренесинин бөлүгүндө) белгиленген чектерде, ушул Кодекстин Жалпы бөлүгүнүн жоболорун сактоо менен дайындайт.

3. Ушул Кодекстин 43-беренесинде каралган жазанын кыйла катаал түрү жазанын азыраак катаал түрү жазанын максаттарын жүзөгө ашырууну камсыз кыла албаган учурда гана дайындалышы мүмкүн.

4. Эгерде адамды жоопкерчиликке тартуу боюнча ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн беренесинде (беренесинин бөлүгүндө) жоруктун белгиси катары жеңилдетүүчү же оордотуучу жагдай каралса, жаза дайындоодо ушундай эле жагдай көңүлгө алынбайт.

52-берене. Жорук үчүн жазаны жеңилдетүүчү жагдайлар

1. Жаза дайындоодо жорук үчүн жазаны жеңилдетүүчү жагдайлар болуп төмөнкүлөр таанылат:

1) чын дилинен өкүнүү же жорукту ачууга жигердүү көмөк көрсөтүү;

2) келтирилген зыяндын ордун ыктыярдуу толтуруу же келтирилген залалды жоюу;

3) жеке, үй-бүлөлүк, экономикалык же башкача оор жагдайлардын кыйчалышканынан улам жорук жасоо;

4) материалдык, кызматтык же башка көз карандылыктан улам жорук жасоо;

5) жашы жетелектин жорук жасоосу;

6) боюнда бар аялдын жорук жасоосу.

2. Жазаны дайындоодо сот ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлбөгөн башка жагдайларды да жеңилдетүүчү жагдайлар деп таанышы мүмкүн.

53-берене. Жорук үчүн жазаны оордотуучу жагдайлар

1. Жорук үчүн жазаны оордотуучу жагдайлар болуп төмөнкүлөр таанылат:

1) тийиштүү ыйгарым укуктуу адамдардын укукка каршы жүрүм-турумду токтотуу тууралуу талаптарына карабастан аны улантуу;

2) жорукту адамдардын тобу менен же алдын ала сүйлөшүп алган адамдардын тобу менен жасоо;

3) жорукту жасоого жашы жетелекти тартуу;

4) жорукту коомдук кырсыктын, чукул же аскердик абалдын шарттарында жасоо;

5) балага, жашы жетелекке, карыя адамга же алсыз абалдагы адамга карата билип туруп жорук жасоо;

6) боюнда бар экенин билип туруп аялга карата жорук жасоо;

7) күнөөлүүгө материалдык, кызматтык же башкача көз каранды болгон адамга карата жорук жасоо;

8) жин оорусунан, психикасынын убактылуу бузулушунан, кем акылдыгынан же психикасынын башкача оорулуу абалынан улам өзүнүн аракетин (аракетсиздигин) түшүнбөгөн же аны жетектей албаган адамды жорук жасоого көкүтүү, буга тете эле мындай адамды жорук жасоого пайдалануу;

9) расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык касташуу (араздашуу) кыртышында жорук жасоо;

10) мас абалда жорук жасоо. Жоруктун мүнөзүнө жараша сот бул жагдайды оордотуучу жагдай деп тааныбоого укуктуу.

2. Жазаны дайындоодо сот ушул Кодексте каралбаган жагдайларды жазаны оордотуучу жагдайлар деп тааный албайт.

54-берене. Бир нече жорукту, ошондой эле кылмышты жана жорукту жасаганы үчүн жаза дайындоо

1. Бир адам эки же андан көп жорук жасаганда, ар бир жорук үчүн өзүнчө жаза дайындалат жана өз алдынча аткарылат. Мында жазанын кайсы болбосун түрүнүн максималдуу мөөнөтү жазанын ушул Кодексте каралган тиешелүү түрүнүн мөөнөтүнө же өлчөмүнө караганда көп болбоого тийиш.

2. Адам жорук жасаса, ал үчүн соттолбосо же соттолуп, бирок жазасын толук өтөбөсө, андан кийин кылмыш жасаса же болбосо адам кылмыш жасаса, ал үчүн соттолбосо же соттолуп, бирок жазасын толук өтөбөсө, андан кийин жорук жасаса, сот Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 81-беренесинин 7-бөлүгүнүн жоболоруна ылайык, жазаларды аткаруу жөнүндө токтом чыгарат.

55-берене. Жазаны өтөө мөөнөттөрүн эсептөө

Жазаны өтөө мөөнөтү төмөнкүдөй эсептелет:

1) коомдук жумуштар - саат менен;

2) аскер кызматчыларына карата камакка алуу - сутка менен;

3) эркиндигин чектөө, түзөтүү жумуштары жана белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу - айлар жана жылдар менен.

12-глава. Жазадан жана аны өтөөдөн бошотуу

56-берене. Жазадан жана аны өтөөдөн бошотуунун негиздери, жазаны жеңилдетүү

Соттолгонду жазадан же жазаны андан ары өтөөдөн бошотуу, ошондой эле дайындалган жазаны жеңилдетүү сот тарабынан, ушул Кодексте каралган учурларда гана, ошондой эле мунапыс жөнүндө мыйзамдын негизинде колдонулат.

57-берене. Жосун кылмыштан арылтылганда жана мыйзамдын санкциялары жеңилдетилгенде жазадан бошотуу жана жазаны жеңилдетүү

1. Ушул Кодексте каралган, күчүнө кирген мыйзамда жаза берилүүсү жоюлган жосун үчүн соттолгон адам, ага дайындалган жазадан сот тарабынан токтоосуз бошотулууга жатат.

2. Соттолгонго дайындалган, жаңы мыйзамдын санкциясынан ашып кеткен жаза чарасы сот тарабынан, жаңы мыйзамдын санкциясында белгиленген жазанын максималдуу чегине чейин төмөндөтүлөт.

58-берене. Айыкпас оор дартка чалдыккан адамды жаза өтөөдөн бошотуу

Өкүм чыгарылгандан кийин оор жана өкүмдү аткарууга тоскоол болгон дартка чалдыккан адам медициналык комиссиянын корутундусунун негизинде жазаны андан ары өтөөдөн сот тарабынан бошотулушу мүмкүн. Тиешелүү оорулардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

V БӨЛҮМ. ЖАЗА БОЛУП САНАЛБАГАН ЖАЗЫКТЫК-УКУКТУК ТААСИР ЭТҮҮНҮН МАЖБУРЛООЧУ БАШКА ЧАРАЛАРЫ

13-глава. Жаза болуп саналбаган жазыктык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоочу башка чаралары

59-берене. Материалдык зыяндын жана моралдык залалдын ордун толтуруу

1. Жорук жасаган адам келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүүгө милдеттүү.

2. Эгерде материалдык зыяндын жана (же) моралдык залалдын орду ыктыярдуу тартипте толтурулбаса, күнөөлүүнүн алардын ордун толтуруп берүүсү тууралуу маселе сот тарабынан жарандык сот өндүрүшү тартибинде чечилет.

60-берене. Жорук жасоонун мүлкүн, куралдарын жана каражаттарын конфискациялоо

1. Жорук жасоонун мүлкүн, куралдарын жана каражаттарын конфискациялоо болуп айыптоо өкүмүнүн негизинде, акы төлөбөстөн милдеттүү түрдө төмөнкүлөрдү алып коюу жана андан ары мамлекеттин кирешесине киргизүү саналат:

1) жорук жасоонун натыйжасында алынган акчаны, баалуулуктарды жана бөлөк мүлктү;

2) жорук жасоонун натыйжасында алынган мүлктү жана бул мүлктөн түшкөн киреше айрым бөлүгүндө же толугу менен айландырылган же өзгөртүлгөн акчаны, баалуулуктарды жана бөлөк мүлктү;

3) жорук жасаган адамга тиешелүү болгон жорук жасоонун куралдарын, жабдууларын же башка каражаттарын.

2. Эгерде жорук жасоонун натыйжасында алынган акча, баалуулуктар жана бөлөк мүлк же бул мүлктөн алынган киреше мыйзамдуу жол менен алынган мүлккө кошулса, бул мүлктүн кошулган мүлктүн жана андан алынган кирешенин наркына туура келген бөлүгү конфискацияланууга жатат.

3. Жорук жасаган адам тарабынан башка адамга берилген акча, баалуулуктар жана бөлөк мүлк, ошондой эле жорукту жасоонун куралдары, жабдуулары жана бөлөк каражаттары, эгерде мүлктү кабыл алган адам ал мүлктүн жорук жасоонун натыйжасында алынганын же болбосо жорук жасоонун каражаты болгонун билсе же иштин жагдайлары боюнча билүүгө тийиш болсо, конфискацияланууга жатат. Мындай мүлктү конфискациялоо жөнүндө талаштар жарандык мыйзамдарда каралган тартипте чечилет.

4. Жорук жасоонун конфискацияланган предметтерин, куралдарын жана каражаттарын мамлекеттин кирешесине киргизүүнүн же жок кылуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

61-берене. Өлкөдөн чыгарып жиберүү

Чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам жазаны өтөгөндөн кийин, эгерде аларда Кыргыз Республикасынын аймагында болууга мыйзамда белгиленген негиздер жок болсо, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде жана мыйзамдарында каралган тартипте Кыргыз Республикасынын чегинен ары чыгарылып жиберилүүгө тийиш.

VI БӨЛҮМ. ЖАШЫ ЖЕТЕЛЕКТЕРДИН ЖОРУК ЖООПКЕРЧИЛИГИ ЖАНА АЛАРГА ЖАЗА ДАЙЫНДООНУН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

14-глава. Жашы жетелектердин жорук жоопкерчилиги

62-берене. Жашы жетелектердин жорук жоопкерчилиги

1. Жорук жасалган күнгө карата он сегиз жашка чыга элек адам жашы жетелек деп таанылат.

2. Жорук жасаган жашы жетелектерге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 103-105-беренелерине ылайык тарбиялоо мүнөзүндөгү мажбурлоо чаралары колдонулушу мүмкүн.

3. Зыян келтирилген учурда жашы жетелекке сот келтирилген зыяндын ордун толтуруу милдетин жүктөйт. Мында сот анын мүлктүк абалын жана тиешелүү эмгектик көндүмдөрүн эсепке алат.

63-берене. Жашы жетелектерге карата колдонулуучу жазалардын түрлөрү

1. Жашы жетелектерге жазалардын төмөнкү түрлөрү дайындалат:

1) коомдук жумуштар;

2) эркиндикти чектөө;

3) түзөтүү жумуштары;

4) айыппул.

2. Коомдук жумуштар он алты жаштан тартып он сегиз жашка чейинки курактагы жашы жетелектерге ушул Кодекстин 45-беренесинде каралган категориялардын чегинде дайындалат. Жазанын бул түрүн жашы жетелектер тарабынан аткаруунун узактыгы күнүнө 2 сааттан ашпоого тийиш.

3. Эркиндикти чектөө жашы жетелектерге ушул Кодекстин 46-беренесинде каралган категориялардын чегинде дайындалат.

4. Түзөтүү жумуштары он алты жаштан тартып он сегиз жашка чейинки курактагы жашы жетелектерге ушул Кодекстин 48-беренесинде каралган категориялардын чегинде дайындалат.

5. Айып пул жашы жетелектин өз алдынча эмгек акысы же өндүрүп алуу багыттала турган мүлкү болгондо дайындалат, ал эми алар болбогондо - анын ата-энесинен же башка мыйзамдуу өкүлдөрүнөн алардын алдын ала макулдугу менен өндүрүп алынышы мүмкүн. Мындай макулдук болбогондо сот жашы жетелекке айып пул дайындабайт.

64-берене. Соттун жашы жетелекти жоопкерчиликтен жана жазадан бошотуусу

1. Эгерде биринчи жолу жорук жасаган жашы жетелекти түзөтүүгө тарбиялоочу мүнөздөгү мажбурлоо чараларын Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинде каралган тартипте колдонуу жолу менен жетишүүгө мүмкүн деп таанылса, сот аны жоопкерчиликтен бошотот.

2. Жорук жасоого күнөөлүү деп таанылган жашы жетелек сот тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинде каралган тартипте тарбиялоочу мүнөздөгү мажбурлоо чарасын колдонуу менен жазадан бошотулушу мүмкүн.

3. Эгерде жашы жетелек адам тарбиялоочу мүнөздөгү мажбурлоо чарасында каралган шарттарды системалуу түрдө бузса, бул чара ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунуштамасы боюнча алып салынат жана жашы жетелекти жорук жоопкерчилигине тартуу үчүн материалдар сотко жиберилет.

ӨЗГӨЧӨ БӨЛҮК

VII БӨЛҮМ. ИНСАНГА КАРШЫ ЖОРУКТАР

15-глава. Ден соолукка каршы жоруктар

65-берене. Уруп-сабоо

Уруп-сабоо же денеге ооруксунуу келтирген башка зомбулук аракеттерди жасоо, -

I категориядагы айып пул же болбосо II категориядагы коомдук жумуштарга тартуу түрүндөгү жазага алып келет.

66-берене. Ден соолукка жеңил зыян келтирүү

1. Адамдын саламаттыгына анын ден соолугунун кыска убакытка бузулуусуна алып келбеген жеңил зыян келтирүү, -

I категориядагы айып пул же болбосо I категориядагы коомдук жумуштарга тартуу түрүндөгү жазага алып келет.

2. Ден соолуктун кыска убакытка бузулуусуна же эмгекке жарамдуулукту бир аз туруктуу жоготууга алып келген ушундай эле жосун, -

II категориядагы айып пул, же болбосо II категориядагы коомдук жумуштарга тартуу түрүндөгү жазага алып келет.

67-берене. Абайлабагандан ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү

1. Абайлабагандан адамдын ден соолугуна анча оор эмес зыян келтирүү, -

I категориядагы айып пул же болбосо II категориядагы түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазага алып келет.

2. Жеңил ойлуулуктан же этибарсыздыктан улам адамдын өз кесиптик милдеттерин талаптагыдай аткарбоосунун кесепетинен улам жасалган ушундай эле жосун, -

II категориядагы айып пул, же болбосо белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазага алып келет.

68-берене. Венерикалык оору жугузуу

Венерикалык оорусу бар экенин билген адамдын башка адамга ушул ооруну атайылап жугузуусу, -

I категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

69-берене. Жардам көрсөтпөө

Эгерде күнөөлүү адам жабырлануучуга жардам көрсөтө алса, өмүрү же ден соолугу үчүн коркунучтуу болгон абалда турган жана жаш бала, карыя, оору же алсыз экенинин кесепетинен улам өзүн өзү сактоо чараларын көрүү мүмкүндүгүнөн ажыраган адамга жардам көрсөтпөө же жабырлануучунун ушундай абалы жөнүндө тиешелүү мекемелерге же адамдарга билдирбөө, -

II категориядагы айып пул же болбосо II категориядагы коомдук жумуштарга тартуу түрүндөгү жазага алып келет.

70-берене. Мыйзамсыз дарылоо иши

Атайын уруксаты жок жүргүзүлгөн, абайлабагандан анча оор эмес зыянга алып келген дарылоо иши, -

II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

71-берене. Адамдын органдарын же ткандарын трансплантациялоонун мыйзамда белгиленген тартибин бузуу, буга тете эле аларды мыйзамсыз соодалоо

Адамдын органдарын жана (же) ткандарын алуунун мыйзамда каралган шарттарын жана тартибин же болбосо трансплатациялоонун шарттарын жана тартибин атайылап же абайлабай бузуу, буга тете эле, аларды мыйзамсыз соодалоо, -

II категориядагы айып пул же болбосо белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан II категориядагы ажыратуу түрүндөгү жазага алып келет.

72-берене. Мыйзамсыз бойдон түшүрүү

Боюнда бар аялдын эрки боюнча, гинеколог тарабынан, мыйзамда жол берилген мөөнөттөн кечиктирип бойдон түшүрүү, буга тете эле, боюнда бар аялдын эрки боюнча, бойдон түшүрүүгө мыйзам боюнча укугу болбогон адам тарабынан жасалган бойдон түшүрүү, эгерде бул абайлабагандан ден соолукка анча оор эмес зыян келтирсе, -

II категориядагы айып пул же болбосо белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан II категориядагы ажыратуу түрүндөгү жазага алып келет.

73-берене. Медициналык же фармацевтикалык кызматкердин кесиптик милдеттерин талаптагыдай эмес аткаруусу

Жардам көрсөтүүгө милдеттүү болгон жана мындай жардамды көрсөтүүгө мүмкүндүгү болгон медициналык кызматкердин оорулууга медициналык жардамды жүйөөлүү себептерсиз көрсөтпөөсү, буга тете эле медициналык же фармацевтикалык кызматкердин жеңил ойлуулуктан же этибарсыздыктан улам өз кесиптик милдеттерин аткарбоосу же талаптагыдай эмес аткаруусу, эгерде бул абайлабагандан ден соолукка анча оор эмес зыян келтирсе, -

II категориядагы айып пул же болбосо белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан II категориядагы ажыратуу түрүндөгү жазага алып келет.

74-берене. Адамга мыйзамсыз тажрыйба жүргүзүү

Дары-дармек каражаттарын клиникалык сыноону адамдын (анын мыйзамдуу өкүлүнүн) жазуу жүзүндөгү макулдугусуз же башкача түрдө мыйзамсыз жасоо, буга тете эле адамга медициналык-биологиялык, психологиялык же башка тажрыйбаларды же болбосо изилдөөлөрдү жүргүзүү, эгерде бул абайлабагандан ден соолукка анча оор эмес зыян келтирсе, -

белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы айып пул же болбосо II категориядагы коомдук жумуштарга тартуу түрүндөгү жазага алып келет.

16-глава. Жашы жетелектердин кызыкчылыктарына жана үй-бүлөлүк мамилелердин тартибине каршы жоруктар

75-берене. Үй-бүлөдөгү зомбулук

Үй-бүлө мүчөлөрүнүн биринин үй-бүлөнүн башка мүчөсүнө же ага теңдештирилген адамга карата жабырлануучунун конституциялык жана башка укуктарын жана эркиндиктерин бузган, буга тете эле ага дене-бойлук же психикалык азаптануу келтирген же болбосо анын дене-бойлук же психикалык өнүгүүсүнө зыян келтирген кандай болбосун атайылап жасаган аракети, -

II категориядагы айып пул же болбосо II категориядагы түзөтүү жумуштары же болбосо II категориядагы коомдук жумуштарга тартуу түрүндөгү жазага алып келет.

76-берене. Убактылуу коргоо ордеринин шарттарын аткарбоо

Убактылуу коргоо ордеринин шарттарын аткарбоо, -

II категориядагы айып пул же болбосо II категориядагы коомдук жумуштарга тартуу түрүндөгү жазага алып келет.

77-берене. Ата-эненин балдарын багуудан качуусу

Жашы жетелек балдарын же болбосо жашы жеткен, бирок эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж балдарын багуу үчүн каражаттарды соттун чечиминин негизинде төлөөдөн ата-энелердин качуусу, -

I категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

78-берене. Балдардын ата-энесин багуудан качуусу

Эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж ата-энесин багуу үчүн каражаттарды соттун чечиминин негизинде төлөөдөн жашы жеткен балдардын качуусу, -

I категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

79-берене. Бала асырап алуунун сырын ачыкка чыгаруу

Бала асырап алуучулардын эркине каршы бала асырап алуунун сырын ачыкка чыгаруу, -

I категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

80-берене. Бала асырап алуу боюнча мыйзамсыз аракеттер

Баланы асырап алууну каалоочу адамдын атынан же анын кызыкчылыгында баланы асырап алуу үчүн баланы тандоо жана өткөрүп берүү боюнча буга мыйзамда ыйгарым укук берилбеген адам жасаган аракеттер, -

II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

81-берене. Көзөмөлчүлүк укугун кыянат пайдалануу

Көзөмөлчүлүктү же камкорчулукту камкордукка алынуучуга билип туруп зыян келтирүү менен пайдалануу же аны көзөмөлсүз жана зарыл материалдык жардамсыз калтыруу, -

I категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

17-глава. Адамдын жарандык, саясий жана социалдык-экономикалык укуктарына каршы жоруктар

82-берене. Боюнда бар аялды жумуштан бошотуу

Аялды анын боюнда барына же анда үч жашка чейинки курактагы баласынын болушуна жүйөлөп жумуштан бошотуу, -

II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

83-берене. Врачтык сырды ачыкка чыгаруу

Пациенттин оорусу же аны медициналык күбөлөндүрүүнүн натыйжалары жөнүндө маалыматтарды ошол маалыматтар кесиптик же кызматтык милдеттерди аткаруусуна байланыштуу белгилүү болуп калган медициналык, фармацевтикалык же бөлөк кызматкердин ачыкка чыгаруусу, -

белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен I категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

84-берене. Абийир жана дин тутуу эркиндиги укугун жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу

Диний уюмдардын иш-аракетине же диний жөрөлгөлөрдү жасоого мыйзамсыз тоскоолдук кылуу, -

I категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

85-берене. Эмгек акыны, пенсияны, жөлөкпулду төлөбөө

Менчигинин формасына карабастан ишкананын, мекеменин же уюмдун кызмат адамынын эмгек акыны, пенсияны, жөлөкпулду жана социалдык төлөмдөрдү төлөөгө багытталган акча каражаттарын өз багытында колдонбоосу, эгерде бул алардын өз убагында төлөнбөөсүнө алып келсе, -

II категориядагы айып пул же болбосо белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан II категориядагы ажыратуу түрүндөгү жазага алып келет.

86-берене. Жарандардын тилди эркин тандоо укугун бузуу

Жарандардын тилди эркин тандоо укугун бузуу же болбосо тилди колдонууда башкача тоскоолдуктарды жана чектөөлөрдү түзүү, -

I категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

87-берене. Шайлоочунун башка адам үчүн добуш берүүсү

Референдумдун, Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин же жергиликтүү кеңештердин депутаттарын, буга тете эле, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларын шайлоонун убагында референдумдун же шайлоонун натыйжаларына таасир тийгизүү максатында шайлоочунун башка адам үчүн добуш берүүсү, буга тете эле ошол эле максатта ушундай аракеттерге кошо катышуусу, -

II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

88-берене. Тынч чогулуштарды өткөрүүгө же ага катышууга тоскоолдук кылуу

Тынч чогулуштарды өткөрүүгө же ага катышууга мыйзамсыз тоскоолдук кылуу же болбосо ага катышууга мажбурлоо, -

II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

89-берене. Журналисттин мыйзамдуу кесиптик ишине тоскоолдук кылуу

1. Журналистти маалымат жайылтууга же жайылтуудан баш тартууга мажбурлоо жолу менен журналисттин мыйзамдуу кесиптик ишине тоскоолдук кылуу, -

I категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

2. Адам өз кызматтык милдеттерин пайдалануу менен жасаган ошол эле жосун, -

II категориядагы айып пул же болбосо белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан II категориядагы ажыратуу түрүндөгү жазага алып келет.

VIII БӨЛҮМ. МЕНЧИККЕ ЖАНА ЭКОНОМИКАЛЫК ИШ ЖҮРГҮЗҮҮ ТАРТИБИНЕ КАРШЫ ЖОРУКТАР

18-глава. Менчикке каршы жоруктар

90-берене. Орчундуу эмес өлчөмдө уурдоо

Бөтөн мүлктү орчундуу эмес өлчөмдө уурдоо, башкача айтканда жашыруун алып коюу, -

II категориядагы айып пул же болбосо II категориядагы коомдук жумуштарга тартуу түрүндөгү жазага алып келет.

Эскертүү. Ушул Кодекстин 90-94-беренелеринде каралган жосундар, эгерде уурдап алынган мүлктүн наркы жорук жасоо учуруна карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүнөн ашпаса, орчундуу эмес өлчөмдө жасалган деп таанылат.

91-берене. Ишенилген мүлктү орчундуу эмес өлчөмдө ыйгарып алуу же сарптап жиберүү

Ишенилген мүлктү орчундуу эмес өлчөмдө ыйгарып алуу же сарптап жиберүү, -

II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

92-берене. Орчундуу эмес өлчөмдөгү алдамчылык

Алдамчылык, башкача айтканда алдоо же ишенимди кыянат пайдалануу жолу менен бөтөн мүлктү орчундуу эмес өлчөмдө ээлеп алуу же мүлккө карата укукка ээ болуу, -

II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

93-берене. Алдоо же ишенимди кыянат пайдалануу жолу менен орчундуу эмес өлчөмдө мүлктүк зыян келтирүү

Алдоо же ишенимди кыянат пайдалануу жолу менен мүлктүн менчик ээсине же башка ээсине орчундуу эмес өлчөмдө мүлктүк зыян келтирүү, -

II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

94-берене. Бөтөн мүлктү жок кылуу же зыянга учуратуу

Бөтөн мүлктү ага орчундуу эмес өлчөмдө залал келтирүү менен жок кылуу же зыянга учуратуу, -

II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

95-берене. Кылмыштуу жол менен алынганын билип туруп мүлктү сатып алуу же сатуу

Кылмыштуу жол менен алынганын билип туруп мүлктү мурдатан макулдашпастан сатып алуу же сатуу, эгерде кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруунун (адалдоонун) белгилери болбосо, -

эркиндикти II категориядагы чектөө менен II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

96-берене. Бөтөн жер тилкесин өз эркинче басып алуу

Бөтөн жер тилкесин өз эркинче басып алуу, -

II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

19-глава. Экономикалык ишти жүзөгө ашыруунун тартибине каршы жоруктар

97-берене. Мыйзамсыз ишкердик же банктык иш

Каттоосуз, же болбосо атайын уруксат (лицензия) алуу милдеттүү болгон учурларда атайын уруксатсыз (лицензиясыз) же лицензиялоонун шарттарын бузуу менен ишкердик же банктык ишти же болбосо банктык операцияларды жүргүзүү, -

белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

98-берене. Билип туруп жалган жарнама берүү

1. Жарнама берүүчүлөрдүн товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө, аларды өндүрүүчүлөргө же сатуучуларга карата билип туруп жалган маалыматты пайдалануусу, буга тете эле, милдеттүү түрдө сертификацияланууга же лицензияланууга жаткан, бирок туура келүү сертификаты же лицензиясы болбогон өндүрүмдү жарнамалоосу, -

I категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

2. Жалпыга маалымдоо каражаттарын колдонуу менен жасалган ошол эле жосундар, -

белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

99-берене. Жарнамалоо эрежелерин бузуу

Пивону, алкоголь жана тамеки өндүрүмдөрүн жарнамалоо эрежелерин атайылап же абайлабай бузуу, -

I категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

100-берене. Мамлекеттик сынамдык эн белгини даярдоонун же колдонуунун эрежелерин бузуу

Мамлекеттик сынамдык эн белгини даярдоонун же колдонуунун эрежелерин бузуу, -

II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

101-берене. Акциздик маркаларды жасалмалоо

Пайдалануу максатында акциздик маркаларды жасалмалоо же болбосо мурда колдонулган акциздик маркаларды кайталап пайдалануу, буга тете эле аларды сатуу максатында сактоо же сатуу, -

белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

102-берене. Тамеки буюмдарын, алкоголдук ичимдиктерди акциздик маркаларсыз өндүрүү

1. Тамеки буюмдарын акциздик маркасыз өндүрүү, импорттоо жана сатуу, -

белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен I категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

2. Алкоголдук ичимдиктерди акциздик маркасыз өндүрүү, импорттоо жана сатуу, -

белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

103-берене. Мобилдик түзүлүштүн эл аралык идентификаторун санкциялабастан өзгөртүү

Мобилдик түзүлүштүн өндүрүүчүсү орноткон анын эл аралык идентификаторун санкциялабастан өзгөртүү, буга тете эле мобилдик түзүлүштүн эл аралык идентификаторун жасалмалоо, -

белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

104-берене. Контрафакттык өндүрүмдү мыйзамсыз даярдоо

Сатуу максатында чыгармалардын же фонограммалардын, компьютердик программалардын же маалыматтар базаларынын контрафакттык нускаларын мыйзамсыз даярдоо, буга тете эле аларды сатуу же болбосо сатуу максатында сактоо, -

II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

105-берене. Метрологиялык эрежелерди бузуу

Өлчөө каражаттарын алардын типтерин бекитпестен же аларга метрологиялык аттестация жүргүзбөстөн жүгүртүүгө чыгаруу, ошондой эле текшерилбеген өлчөө каражаттарын жүгүртүүгө чыгаруу, буга тете эле өлчөө каражаттарын тиешелүү уруксаты жок даярдоо, оңдоо жана текшерүү, текшерүүнүн усулдарын жана эрежелерин атайылап же абайлабай бузуу, -

I категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

106-берене. Монополисттик аракеттер жана атаандаштыкты чектөө

Рынокту бөлүүгө, рыноктун жеткиликтүүлүгүн чектөөгө, андан экономикалык иш-аракеттин башка субъекттерин четтетүүгө багытталган сүйлөшүп алуу же макулдашылган аракеттерди жасоо жолу менен монополдук жогорку бааларды же монополдук төмөнкү бааларды белгилөө, буга тете эле атаандаштыкты чектөө, адамдардын тобунун алдын ала сүйлөшүп алып бирдиктүү бааларды белгилөөсү же кармоосу, -

белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

107-берене. Коммерциялык, банктык сырды, салык төлөөчүнүн сырын ачыкка чыгаруу

Коммерциялык, банктык же башка сырды, буга тете эле салык төлөөчүнүн маалыматтарынын сырын түзүүчү маалыматтарды алардын ээлеринин макулдугусуз, бул сырлар ишенилген же кызматы же жумушу боюнча белгилүү болгон адамдын мыйзамсыз ачыкка чыгаруусу же пайдалануусу, -

I категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

108-берене. Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартуу жана пайдалануу эрежелерин бузуу

Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартуу жана пайдалануу эрежелерин бузуу, -

I категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

109-берене. Спортсмендерди паралап сатып алуу

1. Мелдештин же конкурстун натыйжасына таасир кылуу максатында спортсменди, спорттук калысты, машыктыруучуну, команданын жетекчисин же башка катышуучусун же болбосо кесиптик спорттук мелдештин уюштуруучусун, буга тете эле оюн-зоок коммерциялык конкурстун уюштуруучусун же жюри мүчөсүн паралап сатып алуу, -

I категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

2. Спорттук калыстын, машыктыруучунун, команданын жетекчисинин же спорттук мелдешти уюштуруучунун, буга тете эле оюн-зоок коммерциялык конкурсту уюштуруучунун же андагы жюри мүчөсүнүн мелдештин же конкурстун натыйжаларына таасир кылуу үчүн акчаны, материалдык баалуулуктарды же материалдык мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөрдү мыйзамсыз алуусу, -

белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

20-глава. Акча-кредит жана валюта чөйрөсүндөгү жоруктар

110-берене. Баалуу кагаздарды чыгаруудагы (эмиссиялоодогу) кыянаттыктар

Баалуу кагаздардын эмиссия проспектине билип туруп анык эмес маалыматты киргизүү, буга тете эле анык эмес маалыматты камтыган эмиссия проспектин билип туруп бекитүү же эмиссиянын анык эмес натыйжаларын билип туруп бекитүү, эгерде бул жосундар орчундуу өлчөмдө зыян келтирсе, -

белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

111-берене. Асыл металлдарды, табигый асыл таштарды мыйзамсыз жүгүртүү

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эрежелерди атайылап же абайлабай бузуу менен, асыл металлдарга, табигый асыл таштарга байланышкан бүтүмдү жасоо, буга тете эле зергердик жана турмуш-тиричиликтик буюмдарды жана мындай буюмдардын сыныктарын кошпогондо, кандай түрдө, абалда болбосун асыл металлдарды, табигый асыл таштарды мыйзамсыз сактоо, ташуу же жөнөтүү, -

белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

112-берене. Асыл металлдарды жана асыл таштарды мамлекетке тапшыруу эрежелерин бузуу

Жер казынасынан казылган, экинчилик чийкизаттан алынган, буга тете эле ачылган жана табылган асыл металлдарды же асыл таштарды аффинажга милдеттүү түрдө берүүдөн же мамлекетке милдеттүү түрдө сатуудан атайылап же абайлабай четтөө, эгерде бул жосун орчундуу өлчөмдө жасалса, -

белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

21-глава. Коммерциялык же бөлөк уюмдардагы кызматтын кызыкчылыктарына каршы жоруктар

113-берене. Коммерциялык же бөлөк уюмда ыйгарым укуктарды кыянат пайдалануу

1. Коммерциялык же бөлөк уюмда башкаруу функциясын аткарган адамдын өз ыйгарым укуктарын ушул уюмдун кызыкчылыктарына каршы түрдө жана өзү же башка адамдар үчүн пайда же болбосо артыкчылык алуу же болбосо башка адамдарга, уюмдарга зыян келтирүү максатында пайдалануусу, -

белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен I категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

2. Мамлекеттик же муниципалдык ишкананын, мамлекеттик же муниципалдык түзүлмө уставдык капиталындагы акцияларга (үлүштөргө) ээлик кылган чарбалык коомдун кызматчысы жасаган ошол эле жосун, -

белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

Эскертүү. Эгерде ушул главанын беренелеринде каралган жосун мамлекеттик же муниципалдык ишкана, акцияларына (уставдык капиталындагы үлүштөргө) мамлекеттик же муниципалдык түзүлмө ээлик кылган чарбалык коом болуп эсептелбеген коммерциялык уюмдун гана кызыкчылыктарына зыян келтирсе, жазыктык куугунтуктоо ошол уюмдун арызы боюнча же анын макулдугу менен жүргүзүлөт.

114-берене. Жекече детективдик кызматтын кызматчысынын өз ыйгарым укуктарынан ашып кетүүсү

Жекече күзөт кызматынын жетекчисинин же кызматчысынын өз ыйгарым укуктарынан өз ишинин милдеттерине каршы түрдө ашып кетүүсү, -

II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

IX БӨЛҮМ. КООМДУК КООПСУЗДУККА, КООМДУК ТАРТИПКЕ, КАЛКТЫН ДЕН СООЛУГУНА ЖАНА АДЕП-АХЛАГЫНА КАРШЫ ЖОРУКТАР

22-глава. Өндүрүштүн коопсуздугуна каршы жоруктар

115-берене. Кен казуу, курулуш жумуштарынын, жарылуу коркунучу бар же бөлөк жумуштардын эрежелерин бузуу

Кен казуу, курулуш жумуштарын, жарылуу коркунучу бар же бөлөк жумуштарды жүргүзгөндө коопсуздук эрежелерин атайылап же абайлабай бузуу, эгерде бул абайлабагандан ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүүгө алып келсе, -

белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

116-берене. Радиоактивдүү материалдарга мыйзамсыз мамиле жасоо

Радиоактивдүү материалдарды мыйзамсыз сатып алуу, сактоо, пайдалануу, өткөрүп берүү, сатуу же бузуу, эгерде бул абайлабагандыктан ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүүгө алып келсе, -

белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

117-берене. Жарылуучу, тез жалындоочу заттарды жана пиротехникалык буюмдарды мыйзамсыз жүгүртүү

Жарылуучу, тез жалындоочу заттарды жана пиротехникалык буюмдарды эсепке алуунун, сактоонун, ташуунун жана пайдалануунун эрежелерин атайылап же абайлабай бузуу, буга тете эле, бул заттарды почта боюнча же жүк менен мыйзамсыз жиберүү, эгерде бул абайлабагандан ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүүгө алып келсе, -

белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

118-берене. Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу

Өрт коопсуздугунун эрежелерин аткарууга жооптуу адамдын өрт коопсуздугунун эрежелерин атайылап же абайлабай бузуусу, эгерде бул өрттүн келип чыгуусуна алып келип, абайлабагандан ден соолукка анча оор эмес зыян келтирсе же болбосо орчундуу залалга алып келсе, -

белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен I категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

23-глава. Коомдук тартипке каршы жоруктар

119-берене. Майда бейбаштык

Майда бейбаштык, башкача айтканда, зомбулук же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу, буга тете эле мүлктү жок кылуу же зыянга учуратуу менен коштолуучу, коомдук тартипти же жалпы кабыл алынган жүрүм-турум нормаларын одоно бузуучу атайылап жасалган аракеттер, -

II категориядагы айып пул же болбосо эркиндикти II категориядагы чектөө түрүндөгү жазага алып келет.

120-берене. Вандализм

Мамлекет тарабынан корголуучу тарыхый, маданий эстеликти же болбосо табигый объектти коомдук адеп-ахлакка доо кетирген жазуулар, сүрөттөр же башка ыкма менен булгоо, буга тете эле транспортто же башка коомдук жерлерде мүлктү бузуу, -

I категориядагы коомдук жумуштарга тартуу менен II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

121-берене. Калктуу конуштарда ок атуучу куралдан атуу

Калктуу конуштарда, калктуу конуштардын чегинен тышкары адамдар көп жүргөн жерлерде жана атууга болбой турган башка жерлерде ок атуучу куралдан мыйзамсыз атуу, -

I категориядагы айып пул же болбосо II категориядагы коомдук жумуштарга тартуу түрүндөгү жазага алып келет.

122-берене. Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу

Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу же мыйзамсыз түрдө Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү, андан чыгуу, анда жүрүү үчүн жарандарга транспорттук каражаттарды же болбосо жасалма документтерди, турак жайды же башка орун-жайларды берүү, буга тете эле башка кызматтарды көрсөтүү, -

белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

24-глава. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун же прекурсорлорун жүгүртүү чөйрөсүндөгү жоруктар

123-берене. Сатуу максатысыз анча көп эмес өлчөмдө баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун же прекурсорлорун мыйзамсыз даярдоо

Сатуу максатысыз баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун же прекурсорлорун анча көп эмес өлчөмдө мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү, -

эркиндикти I категориядагы чектөө менен II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

Эскертүү. Баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттардын, алардын аналогдорунун же прекурсорлорунун тизмеги, алардын ушул Кодекстин беренелери боюнча жосундарды квалификациялоо үчүн мааниге ээ болгон өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

124-берене. Баңгизат каражаттарын камтыган өсүмдүктөрдү себүү жана өстүрүү

Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун камтыган, өстүрүүгө тыюу салынган өсүмдүктөрдү анча көп эмес өлчөмдө себүү же өстүрүү, -

эркиндикти I категориядагы чектөө менен II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

25-глава. Калктын ден соолугуна жана коомдук адеп-ахлакка каршы жоруктар

125-берене. Дары-дармек каражаттарын мыйзамсыз жасоо жана сатуу

Дары-дармек каражаттарын, диагностикалык, профилактикалык, дарылык-косметикалык буюмдарды, медициналык багыттагы техниканы, дарылык-алдын алуучу тамак-аш азыктарын же тамак-аш кошулмаларын мыйзамсыз жасоо же сатуу, эгерде бул абайлабагандан ден соолукка анча оор эмес зыян келтирсе, -

белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

126-берене. Сапаты начар тамак-аш азыктарын сатуу

Химиялык, уулуу, канцерогендик заттарды жана биологиялык кошулмаларды ашыкча камтыган сапаты начар тамак-аш азыктарын, анын ичинде үйдө даярдалган тамак-аш азыктарын атайылап же абайлабай сатуу, эгерде бул абайлабагандан ден соолукка анча оор эмес зыян келтирсе, -

белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

127-берене. Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу

Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди атайылап же абайлабай бузуу, эгерде бул абайлабагандан ден соолукка анча оор эмес зыян келтирсе, -

белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

128-берене. Адамдардын ден соолугуна кооптуулук түзгөн жагдайлар жөнүндө маалыматты жашыруу же бурмалоо

Адамдардын өмүрү же ден соолугу же болбосо айлана-чөйрө үчүн кооптуулук түзгөн окуялар, фактылар же кубулуштар жөнүндө маалыматты мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, мамлекеттик же муниципалдык мекеменин кызмат адамынын жашыруусу же бурмалоосу, эгерде бул абайлабагандан ден соолукка анча оор эмес зыян келтирсе, -

белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

129-берене. Керектөөчүлөр үчүн кооптуулук түзүү

Керектөөчүлөрдүн өмүрүнүн же ден соолугунун коопсуздук талаптарына жооп бербеген товарларды атайылап же абайлабай жасоо же сатуу, жумуштарды аткаруу же болбосо кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашыруу, буга тете эле, аталган товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн коопсуздуктун талаптарына туура келерин күбөлөндүргөн расмий документти укук ченемсиз берүү же пайдалануу, эгерде бул абайлабагандан ден соолукка анча оор эмес зыян келтирсе, -

белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

130-берене. Порнографиялык мүнөздөгү предметтерди таратуу

Сатуу максатында порнографиялык мүнөздөгү чыгармаларды, сүрөттөрдү же башка предметтерди ташып келүү, даярдоо, ташуу же башкача которуштуруу же болбосо жарнамалоо, буга тете эле, мындай предметтерди сатуу же башкача таркатуу, -

белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

131-берене. Өлгөн адамдын денесин жана анын мүрзөсүн мазактоо

Өлгөн адамдын денесин мазактоо же анын мүрзөсүн же мүрзөлүк курулманы жок кылуу, талкалоо же болбосо булгоо, буга тете эле мүрзөнүн ичинде же сыртында турган предметтерди көмүскө алып коюу, -

I категориядагы коомдук жумуштарга тартуу менен II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

132-берене. Жаныбарларга ырайымсыз мамиле жасоо

Омурткалууларга кирген жаныбарга ырайымсыз мамиле жасоо, эгерде бул анын өлүп калуусуна же жаракат алуусуна алып келсе, -

II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

26-глава. Экологиялык коопсуздукка жана табигый чөйрөгө каршы жоруктар

133-берене. Жумуштарды жүргүзүүдө айлана-чөйрөнү коргоо эрежелерин бузуу

Өнөр жайлык, чарбалык, илимий жана башка объекттерди долбоорлоодо, жайгаштырууда, курууда, ишке киргизүүдө айлана-чөйрөнү коргоо эрежелерин ошол эрежелердин сакталышына жооптуу адамдар тарабынан атайылап же абайлабай бузуу, эгерде бул абайлабагандан ден соолукка анча оор эмес зыян келтирсе, -

белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

134-берене. Биологиялык агенттерди же ууларды колдонууда коопсуздук эрежелерин бузуу

Микробиологиялык жана башка биологиялык агенттерди же ууларды колдонууда коопсуздук эрежелерин атайылап же абайлабай бузуу, эгерде бул абайлабагандан ден соолукка анча оор эмес зыян келтирсе, -

белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

135-берене. Суу чарба курулмаларын зыянга учуратуу

Суу чарба курулмаларын же болбосо коллектордук-дренаждык системаны зыянга учуратуу, буга тете эле аларды пайдалануу эрежелерин атайылап же абайлабай бузуу, -

белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

136-берене. Экологиялык кооптуу заттарга жана калдыктарга мамиле жасоо эрежелерин бузуу

1. Радиоактивдүү, бактериологиялык, химиялык заттарды же калдыктарды ташуунун, көмүүнүн же утилдештирүүнүн эрежелерин атайылап же абайлабай бузуу, -

I категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

2. Абайлабагандан ден соолукка анча оор эмес зыян келтирген ошол эле жосун, -

белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

137-берене. Ветеринариялык эрежелерди бузуу

Ветеринариялык эрежелерди же болбосо өсүмдүктөрдүн илдеттерине же зыянкечтерине каршы күрөшүү үчүн белгиленген эрежелерди атайылап же абайлабай бузуу, эгерде бул абайлабагандан ден соолукка анча оор эмес зыян келтирсе, -

II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

138-берене. Токойду жок кылуу же зыянга учуратуу

1. Отту же кооптуулугу жогору башка нерсени өзүнө өзү ишенип алып же болбосо этибарсыздык менен пайдалануунун натыйжасында токойду, чым көңдүү жерди же табияттын башка объекттерин жок кылуу же зыянга учуратуу, эгерде бул абайлабагандан ден соолукка анча оор эмес зыян келтирсе, -

I категориядагы коомдук жумуштарга тартуу менен II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

2. Өрт коюу же болбосо жалпыга кооптуу башка ыкма аркылуу токойду, чым көңдүү жерди же табияттын башка объекттерин жок кылуу же зыянга учуратуу, -

белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

139-берене. Экологиялык бузуулардын кесепеттерин жоюу боюнча чара көрбөө

Экологиялык булганууга учураган жерлерде дезактивдештирүүчү же башка калыбына келтирүүчү иш-чараларды жүргүзүүдөн четтөө же жеңил ойлуулуктан же этибарсыздыктан улам аларды талаптагыдай эмес жүргүзүү, -

белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен I категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

140-берене. Сууларды булгоо

Суу сыймаларды (жер бетиндеги же жер алдындагы сууларды) булганч агынды суулар менен, калдыктардын жана таштандылардын өндүрүштүк, турмуш-тиричиликтик же башка түрлөрү менен, буга тете эле балыкты жана суу жаныбарларын кармоонун тыюу салынган куралдары менен атайылап же абайлабай булгоо же болбосо ыпластоо, эгерде бул абайлабагандан ден соолукка анча оор эмес зыян келтирсе, -

белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

141-берене. Атмосфераны булгоо

Булгоочу заттарды атмосферага чыгаруунун эрежелерин атайылап же абайлабай бузуу же түзүлүштөрдү, курулмаларды жана башка объекттерди иштетүү эрежелерин бузуу, эгерде бул абайлабагандан ден соолукка анча оор эмес зыян келтирсе, -

белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

142-берене. Жер казынасын коргоо жана пайдалануу эрежелерин бузуу

Кен казуучу ишканаларды же кен казууга байланышпаган жер алдындагы курулмаларды долбоорлоодо, жайгаштырууда, курууда, ишке киргизүүдө жана иштетүүдө жер казынасын коргоо жана пайдалануу эрежелерин атайылап же абайлабай бузуу, буга тете эле пайдалуу кендер жаткан аянттарда өз эркинче курулуш куруу, -

белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

143-берене. Мыйзамсыз аңчылык кылуу жана балык уулоо же суу жаныбарларын кармоо

1. Мыйзамсыз аңчылык же балыкты же болбосо суу жаныбарларын кармоо, эгерде бул орчундуу зыян келтирсе, -

белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен I категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

2. Урук таштоочу жерлерде же аларга баруучу миграциялык жолдордо жасалган ошол эле жосундар, -

белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

144-берене. Жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү жок кылуу

Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген, жок болуу коркунучунда турган, сейрек кездешкен жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн айрым өкүлдөрүн жок кылуу же алардын урук таштоочу жерлерин же болбосо жумурткаларын жок кылуу, -

II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

145-берене. Мыйзамсыз кармалган балыкты сатуу максатында алып чыгуу, ташуу, сатып алуу жана сатып өткөрүү

1. Мыйзамсыз кармалган балыкты жана андан иштетип чыгарылган балык өндүрүмүн жана икрасын сатуу максатында алып чыгуу, ташуу, сатып алуу жана сатып өткөрүү, эгерде бул орчундуу зыян келтирсе, -

белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен I категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

2. Балыктардын өзгөчө баалуу жана эндемикалык түрлөрүнө карата жасалган ошол эле жосундар, -

белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

146-берене. Балык запастарын коргоо эрежелерин бузуу

Балык запастарын коргоонун эрежелерин атайылап же абайлабай бузуу менен, суу топтоочу курулмаларды же суу сордуруп агызуучу механизмди иштетүү, буга тете эле, көпүрө, дамба куруу, жардырууну жана башка жумуштарды жүргүзүү, эгерде бул абайлабагандыктан балыктын же болбосо суу жаныбарларынын өлүмүнө же алар үчүн жемдик запастарды жок кылууга алып келсе, -

белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

147-берене. Дарактарды жана бадалдарды мыйзамсыз кыюу

Токойлордо же болбосо мамлекеттик токой фондуна кирбеген коргоочу же жашылдандыруучу зоналарда дарактарды жана бадалдарды мыйзамсыз кыюу же аларды өспөй кала турган деңгээлге чейин зыянга учуратуу (эгерде бул орчундуу зыян келтирсе), буга тете эле кайсы жерде болбосун, өзгөчө корголуучу дарактарды же болбосо өзгөчө баалуу жыгач породаларын мыйзамсыз кыюу же аларды өспөй кала турган деңгээлге чейин зыянга учуратуу, -

II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

27-глава. Айыл чарбасындагы жоруктар

148-берене. Айыл чарба жерлерин жана башка жерлерди бузуу

Уу химикаттарды, өсүмдүктөрдүн өсүшүнө стимуляторлорду же кооптуу башка химиялык же биологиялык заттарды колдонуунун эрежелерин аларды сактоодо, пайдаланууда жана ташууда атайылап же абайлабай бузуу, -

II категориядагы коомдук жумуштарга тартуу менен II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

149-берене. Айдоо жерлерин тепсөө

Айдоолорду атайылап же абайлабай тепсөө, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн талаадагы жыйналган түшүмүн жок кылуу же бузуу, көчөттөрдү зыянга учуратуу, -

II категориядагы коомдук жумуштарга тартуу менен II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

28-глава. Транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздугуна каршы жоруктар

150-берене. Транспорт каражаттарынын кыймылынын коопсуздугу жана аларды пайдалануу эрежелерин бузуу

Темир жол, аба, суу транспортунун кыймылынын коопсуздугу жана (же) аларды пайдалануу эрежелерин ушул эрежелерди ээлеп турган кызматына же аткаруучу жумушуна байланыштуу сактоого милдеттүү болгон адамдын атайылап же абайлабай бузуусу, эгерде бул абайлабагандан ден соолукка анча оор эмес зыян келтирилсе, -

белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

151-берене. Транспорттук каражаттарды сапатсыз оңдоо

Транспорттук каражаттарды, катнашуу жолдорун, сигнал берүү же байланыш каражаттарын же болбосо башка транспорттук жабдууларды атайылап же абайлабай сапатсыз оңдоо, буга тете эле транспорттук каражаттардын техникалык абалына жооптуу адамдын билип туруп техникалык жактан оң эмес транспорттук каражаттарды пайдаланууга чыгаруусу, эгерде бул абайлабагандан ден соолукка анча оор эмес зыян келтирсе, -

белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

152-берене. Транспорттук каражаттарды же катнашуу жолдорун жараксыз абалга алып келүү

Транспорттук каражаттарды, катнашуу жолдорун, сигнал берүү же байланыш каражаттарын, же болбосо башка транспорттук жабдууну талкалоо, зыянга учуратуу же башка ыкма менен пайдаланууга жараксыз абалга келтирүү, буга тете эле транспорттук коммуникацияларды тосмолоо, эгерде бул абайлабагандан ден соолукка анча оор эмес зыян келтирсе, -

белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

153-берене. Транспорттун коопсуз иштөөсүн камсыз кылуучу эрежелерди бузуу

Кыймылдын же транспорттун бардык түрлөрүн пайдалануунун коопсуздук эрежелерин жүргүнчүнүн, жөө жүрүүчүнүн же кыймылдын башка катышуучусунун атайылап же абайлабай бузуусу, эгерде бул абайлабагандан ден соолукка анча оор эмес зыян келтирсе, -

II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

154-берене. Транспорттук каражатты мас абалда башкаруу

Алкоголдук, баңгизаттык же кандай болбосун башкача мас абалдагы адамдын же болбосо транспорттук каражатты башкарууга укугу жок адамдын автомототранспорттук каражатты башкаруусуна мындай транспорттук каражатты пайдалануу үчүн жооптуу адамдын жол берүүсү, буга тете эле автомототранспорттук каражаттын айдоочусунун же болбосо ээсинин ушул каражатты мас абалдагы адамдын же болбосо ушул каражатты башкарууга укугу жок адамдын башкаруусуна берүү, эгерде бул абайлабагандан ден соолукка анча оор эмес зыян келтирсе, -

белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

155-берене. Автомототранспорттук каражаттардын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу

Автомототранспорттук каражатты башкаруучу адамдын автомототранспорттук каражаттардын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин атайылап жана абайлабай бузуусу, эгерде бул абайлабагандан ден соолукка анча оор эмес зыян келтирсе, -

белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

Эскертүү. Ушул главанын беренелеринде автомототранспорттук каражаттар деп автомобилдердин бардык түрлөрү, троллейбустар, тракторлор жана башка өзү жүрүүчү машиналар, мотоциклдер жана башка механикалык транспорттук каражаттар түшүнүлөт.

156-берене. Магистралдык түтүк өткөргүчтөрдү курууда, пайдаланууда же оңдоодо коопсуздук эрежелерин бузуу

Магистралдык түтүк өткөргүчтөрдү курууда, пайдаланууда же оңдоодо коопсуздук эрежелерин атайылап же абайлабай бузуу, эгерде бул абайлабагандыктан ден соолукка анча оор эмес зыян келтирсе, -

белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

157-берене. Автомобиль жолдорун пайдалануу эрежелерин бузуу

Автомобиль жолдорун пайдалануу жана аларды коргоо эрежелерин атайылап же абайлабай бузуу, башкача айтканда автомобиль жолдорунда же болбосо аларга бөлүнгөн жер тилкесинде тиешелүү уруксатсыз жер алдындагы же жер бетиндеги коммуникацияларды салуу, оңдоо, бул жумуштарды аткаруунун белгиленген шарттарын жана мөөнөттөрүн сактабоо, аркаларды, тосмолорду, шлагбаумдарды же башка курулмаларды өз эркинче куруу, жолдордо материалдарды же болбосо нерселерди үйүп коюу, жол тасмасын бузуу, эгерде бул абайлабагандан ден соолукка анча оор эмес зыян келтирсе, -

белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

158-берене. Эл аралык учуулардын эрежелерин бузуу

Уруксатта көрсөтүлгөн маршруттарды, конуучу жерлерди, аба дарбазаларын, учуунун бийиктигин сактабоо же болбосо эл аралык учуулардын эрежелерин башкача түрдө атайылап же абайлабай бузуу, -

белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

29-глава. Маалыматтык коопсуздукка каршы жоруктар

159-берене. Компьютердик маалыматка укук ченемсиз жетүү

Корголуучу бөтөн компьютердик маалыматка укук ченемсиз жетүү, эгерде бул маалыматты жок кылуу, тосмолоо, модификациялоо же көчүрүү менен коштолсо, -

II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

160-берене. Электр байланышынын билдирүүлөрүн жалпыга жайылтуу

Дарек ээлеринин алдын ала макулдугусуз электр байланышынын билдирүүлөрүн жалпыга жайылтуу, эгерде бул компьютерлердин, автоматташтырылган системалардын, компьютердик тармактардын же электр байланышы тармактарынын иштөөсүнүн бузулушуна же токтошуна алып келсе, -

II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

30-глава. Шаар куруу жана архитектуралык ишке каршы жоруктар

161-берене. Сапатсыз курулуш

Подрядчик тарабынан сапатсыз курулган, бүткөрүлбөгөн же келишимдин жана долбоордук документтердин шарттарына туура келтирилбеген имаратты же болбосо курулманы, электр станциясын, турак үйдү, жолду, көпүрөнү же башка курулуш объектисин курулуш уюмунун жетекчисинин, курулуштун сапатын контролдогон кызмат адамынын пайдаланууга өткөрүп берүүсү жана (же) кабыл алуусу, буга тете эле жумуштарды жүргүзүүчүнүн аталган объекттерди сапаттуу эмес оңдоосу, эгерде бул абайлабагандан ден соолукка анча оор эмес зыян келтирсе, -

белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш-аракетти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

31-глава. Сот бийлигине жана далилдерди табуунун жана сот чечимдерин аткаруунун процесстик тартибине каршы жоруктар

162-берене. Жазыктык процесстин катышуучуларына карата коопсуздук чаралары жөнүндө маалыматтарды ачыкка чыгаруу

Судьяга же сот адилеттигин ишке ашырууга катышкан башка жакка, сот аткаруучусуна, жабырлануучуга, күбөгө, жазыктык процесстин башка катышуучуларына карата, буга тете эле алардын кимисинин болбосун жубайына, жакын туугандарына карата колдонулуучу коопсуздук чаралары жөнүндө маалыматтарды бул маалыматтар ишенип берилген же кызматтык ишине байланыштуу белгилүү болгон адамдын ачыкка чыгаруусу, -

I категориядагы түзөтүү жумуштары менен I категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

163-берене. Билип туруп жалган жеткирме берүү

Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган жеткирме берүү, -

II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

164-берене. Жазыктык процесстин катышуучуларын паралап сатып алуу

Жалган көрсөтмө бердирүү максатында күбөнү, жабырлануучуну, жалган корутунду же көрсөтмө бердирүү максатында экспертти, адисти, буга тете эле туура эмес котормо кылдыруу максатында котормочуну паралап сатып алуу, -

II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

165-берене. Сотко чейинки тергөөнүн маалыматтарын ачыкка чыгаруу

1. Сотко чейинки тергөөнүн маалыматтарын аларды ачыкка чыгарууга жол берилбестиги жөнүндө мыйзамда белгиленген тартипте эскертилген адам тарабынан прокурордун же тергөөчүнүн макулдугусуз ачыкка чыгаруу, -

I категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

2. Сотко чейинки тергөөнүн маалыматтарын прокурордун же тергөөчүнүн ачыкка чыгаруусу, -

II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

166-берене. Жаза аткаруу тутумунун мекемелеринде кармалып турган адамдарга тыюу салынган предметтерди берүү

1. Жаза аткаруу тутумунун мекемелеринде кармалып турган адамдарга ушул мекемелерде сактоого жана колдонууга тыюу салынган азыктарды жана (же) предметтерди текшерип кароодон жашырып кандай болбосун ыкма менен берүү же берүүгө аракет кылуу, -

I категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

2. Жаза аткаруу тутумунун мекемесинин кызматкери тарабынан жасалган ошол эле жосундар, -

II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

167-берене. Сот өкүмүн, сот чечимин же башка сот актысын аткарбоо

Мыйзамдуу күчүнө кирген сот өкүмүн, сот чечимин же башка сот актысын белгиленген мөөнөттө аткарбоо, -

II категориядагы коомдук жумуштар же II категориядагы түзөтүү жумуштары, же болбосо II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

168-берене. Эксперттин же адистин жалган корутундусу

Аткаруу өндүрүшүндө эксперттин же адистин билип туруп жалган корутунду берүүсү, -

II категориядагы түзөтүү жумуштары, же болбосо белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

32-глава. Башкаруу тартибине каршы жоруктар

169-берене. Укук коргоо же контролдоо органынын кызмат адамына карата колдонулуучу коопсуздук чаралары жөнүндө маалыматтарды ачыкка чыгаруу

Укук коргоо же контролдоо органынын кызмат адамына же анын жубайына, жакын туугандарына карата колдонулуучу коопсуздук чаралары жөнүндө маалыматтарды ачыкка чыгаруу, эгерде бул анын кызматтык ишине тоскоолдук кылуу максатында жасалса, -

эркиндикти I категориядагы чектөө менен I категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

170-берене. Расмий документтерди жана мамлекеттик сыйлыктарды сатып алуу

Кыргыз Республикасынын, Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун укуктарды берүүчү же милдеттерден бошотуучу расмий документин же мамлекеттик сыйлыгын мыйзамсыз сатып алуу, -

I категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

171-берене. Жасалма штампты даярдоо

Ишкананын, мекеменин, уюмдун жасалма штампын даярдоо же сатуу, -

I категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

172-берене. Документтерди, штамптарды, мөөрлөрдү жок кылуу, бузуу же жашыруу

Расмий документти, штампты же мөөрдү, буга тете эле жеке адамга тиешелүү болгон маанилүү өздүк документти жок кылуу, бузуу же жашыруу, -

II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

173-берене. Транспорттук каражаттын идентификациялык номерин жасалмалоо же жок кылуу

Транспорттук каражаттын идентификациялык номерин, кузовунун, шассисинин, кыймылдаткычынын номерин жасалмалоо же жок кылуу, буга тете эле транспорттук каражаттын мамлекеттик каттоо белгисин жасалмалоо, -

II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

174-берене. Кооптуу өндүрүш объекттеринде лицензиясыз (уруксатсыз) иш жүргүзүү

Кооптуу өндүрүш объекттеринде лицензиясыз (уруксатсыз) же болбосо лицензияны (уруксатты) колдонуунун шарттарын атайылап же абайлабай бузуу (аткарбоо) менен иш жүргүзүү, -

белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

175-берене. Мамлекеттик символдорду мазактоо

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гербин, мамлекеттик туусун же мамлекеттик гимнин мазактоо, -

I категориядагы айып пул же болбосо II категориядагы коомдук жумуштарга тартуу түрүндөгү жазага алып келет.

176-берене. Кызмат адамынын наамын же бийлигин өз эркинче ыйгарып алуу

1. Кызмат адамынын наамын же бийлигин өз эркинче ыйгарып алуу, эгерде кайсы бир укукка каршы жосундарды жасоо менен бириктирилсе, -

эркиндикти I категориядагы чектөө менен I категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

2. Укук коргоо органынын кызматкеринин формалык кийимин же кызматтык күбөлүгүн колдонуу менен жасалган ошол эле жосун, -

эркиндикти II категориядагы чектөө менен II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

X БӨЛҮМ. АСКЕР КЫЗМАТЫНА КАРШЫ ЖОРУКТАР

33-глава. Аскерге чакырылуучулардын, резервдегилердин жана аскерге милдеттүүлөрдүн жоруктары

177-берене. Аскер кызматына чакыруу иш-чараларынан качуу

1. Аскер кызматына чакыруу иш-чараларынан качуу, -

I категориядагы айып пул, же болбосо I категориядагы коомдук жумуштарга тартуу түрүндөгү жазага алып келет.

2. Аскер кызматына чакыруу иш-чараларынан качуу атайылап өзүнүн денесине жаракат келтирүү же болбосо ооруну симуляция кылуу же болбосо документтерди бурмалоо же башка алдамчылык жол менен жасалса, -

II категориядагы айып пул, же болбосо II категориядагы коомдук жумуштарга тартуу түрүндөгү жазага алып келет.

178-берене. Резервдегинин же аскерге милдеттүүнүн жыйынга (окууга) келүүдөн качуусу

1. Резервдегинин же аскерге милдеттүүнүн жыйынга (окууга) келүүдөн качуусу, -

I категориядагы айып пул же болбосо I категориядагы коомдук жумуштарга тартуу түрүндөгү жазага алып келет.

2. Атайылап өзүнүн денесине жаракат келтирүү же болбосо ооруну симуляция кылуу, документтерди бурмалоо же башка алдамчылык жол менен жасалган ошол эле жосун, -

II категориядагы айып пул же болбосо II категориядагы коомдук жумуштарга тартуу түрүндөгү жазага алып келет.

179-берене. Аскерге чакырылуучунун же аскерге милдеттүүнүн аскердик катталуудан качуусу

Аскерге чакырылуучунун же аскерге милдеттүүнүн аскердик катталуудан качуусу, -

I категориядагы айып пул, же болбосо II категориядагы коомдук жумуштарга тартуу түрүндөгү жазага алып келет.

34-глава. Аскер кызматчыларынын жоруктары

180-берене. Бөлүктү же кызмат өтөө ордун өз эркинче таштап кетүү

Чакыруу боюнча аскер кызматын өтөп жаткан аскер кызматчысынын бөлүктү же кызмат өтөө ордун өз эркинче таштап кетүүсү, буга тете эле, бөлүктөн бошотулганда, дайындалганда, которулганда, узактыгы 10 суткага чейинки иш сапарында, өргүүдө же дарылоо жайында болгондо жүйөлүү себептерсиз өз мөөнөтүндө келбей коюшу, -

II категориядагы камак түрүндөгү жазага алып келет.

181-берене. Ооруну симуляция кылуу же денесине зыян келтирүү жолу менен аскердик кызматтын милдеттерин аткаруудан качуу

Аскер кызматынын милдеттерин аткаруудан аскер кызматчысынын ооруну симуляция кылуу же өзүнө кандайдыр-бир жаракат келтирүү (денесине зыян келтирүү) жолу менен качуусу, -

I категориядагы камак түрүндөгү жазага алып келет.

182-берене. Кароолдук кызмат өтөө эрежелерин бузуу

Кароолдун (вахтанын) курамына кирген адамдын кароолдук (вахталык) кызмат өтөөнүн уставдык эрежелерин атайылап же абайлабай бузуусу, эгерде бул абайлабагандан ден соолукка анча оор эмес зыян келтирилсе, -

II категориядагы камак түрүндөгү жазага алып келет.

183-берене. Коомдук тартипти коргоо жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча кызмат өтөө эрежелерин бузуу

Коомдук тартипти коргоо жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча аскердик наряддын курамына кирген адамдын кызмат өтөө эрежелерин атайылап же абайлабай бузуусу, эгерде бул абайлабагандан ден соолукка анча оор эмес зыян келтирсе, -

II категориядагы камакка алуу түрүндөгү жазага алып келет.

184-берене. Ички кызматты өтөө же гарнизондо патрулдук кылуу эрежелерин бузуу

Бөлүктүн суткалык нарядынын (кароолду жана вахтаны кошпогондо) курамына кирген адамдын ички кызматты өтөөнүн уставдык эрежелерин атайылап же абайлабай бузуусу, буга тете эле патрулдук наряддын курамына кирген адамдын гарнизондо патрулдук кылуу эрежелерин бузуусу, эгерде абайлабагандан ден соолукка анча оор эмес зыян келтирилсе, -

I категориядагы камак түрүндөгү жазага алып келет.

185-берене. Куралды карап-күтүү эрежелерин бузуу

Куралды, буга тете эле ок-дарыларды, радиоактивдүү материалдарды, жарылуучу заттарды жана айлана-тегеректегилер үчүн жогорку даражада кооптуу болгон башка заттарды жана предметтерди карап-күтүү эрежелерин атайылап же абайлабай бузуу, эгерде бул абайлабагандан ден соолукка анча оор эмес зыян келтирилсе, -

II категориядагы камак түрүндөгү жазага алып келет.

186-берене. Машина айдоо же пайдалануу эрежелерин бузуу

Аскердик, атайын же транспорттук машинаны айдоо же пайдалануу эрежелерин атайылап же абайлабай бузуу, эгерде бул абайлабагандан ден соолукка анча оор эмес зыян келтирилсе, -

I категориядагы камакка алуу түрүндөгү жазага алып келет.

187-берене. Учуу эрежелерин бузуу

Учуу же аларга даярдык көрүү эрежелерин, буга тете эле учуучу аппараттарды пайдалануу эрежелерин атайылап же абайлабай бузуу, эгерде бул абайлабагандан ден соолукка анча оор эмес зыян келтирилсе, -

I категориядагы камак түрүндөгү жазага алып келет.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А.Ш. Атамбаев

 

 

1-тиркеме

Ушул Кодексте колдонулуучу айрым терминдердин
МААНИЛЕРИ

1. Орчундуу зыян - кылмыш жасоо учуруна карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн төмөнкү өлчөмдөрдө ашкан материалдык (мүлктүк) зыян:

1) 110, 112-беренелерде (мамлекетке тапшырылбаган же сатылбаган предметтердин наркы) - бир миң эсе;

2) 118-беренеде - беш жүз эсе;

3) 143, 145-беренелерде - жүз эсе.

2. Кызмат адамдары - туруктуу, убактылуу же атайын ыйгарым укук боюнча бийлик өкүлүнүн функцияларын ишке ашыруучу, же болбосо мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө жана башка аскердик түзүмдөрүндө уюштуруучу-тескөөчү, администрациялык-чарбалык, контролдук-ревизиялык функцияларды аткаруучу адамдар.

Уюштуруучу-тескөөчү функциялар кызматы боюнча баш ийген жактарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктарды ишке ашырууда турат.

Администрациялык-чарбалык функциялар мүлктү жана акча каражаттарын башкаруу жана тескөө боюнча ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда турат.

Контролдук-ревизиялык функциялар жеке же юридикалык жактарга текшерүү, ревизия жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктарды ишке ашырууда турат.

3. Коммерциялык же башка уюмда башкаруу функцияларын аткаруучу адам - менчигинин формасына карабастан коммерциялык уюмда, ошондой эле мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, мамлекеттик же муниципалдык мекеме болбогон коммерциялык эмес уюмда туруктуу, убактылуу же атайын ыйгарым укук боюнча уюштуруучу-тескөөчү, администрациялык-чарбалык функцияларды аткаруучу адамдар.

4. Жашы жете элек - он сегиз жаш куракка чыга элек адам.

5. Жаш бала - он төрт жаш куракка чыга элек бала.

6. Улгайган адам - алтымыш жаш курактан ашкан адам.

7. Жакын туугандар - жубайы, ата-энеси, балдары, асырап алган балдары, толук (бир ата-энеден), толук эмес (бир ата-энеден эмес) ага-инилери жана эже-карындаштары (сиңдилери), чоң атасы (тай атасы), чоң энеси (тай энеси), неберелери.

8. Расмий документ - төмөнкүдөй белгилерге туура келген документ:

1) кайсы болбосун материалдык камтымаларда тастыкталган, белгилүү бир окуяларды, кубулуштарды же фактыларды ырастаган же күбөлөндүргөн маалыматтарды камтыйт;

2) укук берүүгө, милдеттерден бошотууга же укуктук мүнөздөгү башка натыйжаларды түзүүгө жарамдуу болот;

3) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин, ошондой эле менчигинин формасына карабастан юридикалык жактардын ыйгарым укуктуу адамдары тарабынан түзүлөт, берилет же ырасталат;

4) мыйзамда аныкталган формаларды сактоо менен түзүлөт жана мыйзамда каралган реквизиттерди камтыйт.

9. Уурдап алуу - менчик ээсине же ошол мүлктүн башка ээсине зыян келтирүү менен бөтөн мүлктү күнөөлүүнүн же башка адамдардын пайдасына мыйзамсыз, акы төлөбөстөн ээлөө.

10. Билип туруп жасоо - аракетти жасоочу адамдын белгилүү бир фактыны, жагдайды ачык, көрүнөө, күмөн туудурбаган факт же жагдай катары аңдап билүүсү.

11. Гаупвахта - камак түрүндө жаза алган аскер кызматчысын кармап туруучу жай.

 

 

2-тиркеме

Санкцияларды унификациялап түзүүгө жорук үчүн негизги жазалардын түрлөрүнүн жана өлчөмдөрүнүн туура келүүсүнүн таблицасы
(чоңдор үчүн)

Негизги жазалар

Жазанын түрү

Коомдук жумуштар

Эркиндикти чектөө

Белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу,

Түзөтүү жумуштары

Айыппул

Аскер кызматчысына карата камак

Жазанын категориясы

I категория:

30дан 40 саатка чейин

I категория:

3төн 6 айга чейин

I категория:

6 айдан бир жылга чейин

I категория:

2ден 4 айга чейин (эмгек акыдан 10дон 20 пайызга чейин чегерүү менен)

I категория:

400дөн 600гө чейинки эсептик көрсөткүч

I категория:

үч сутка

Жазанын категориясы

II категория:

40тан 60 саатка чейин

II категория:

6 айдан бир жылга чейин

II категория:

бир жылдан 2 жылга чейин

II категория:

4төн 6 айга чейин (эмгек акыдан 10дон 20 пайызга чейин чегерүү менен)

II категория:

600дөн 800гө чейинки эсептик көрсөткүч

II категория:

беш сутка