КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 31-декабры № 151
"Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2019-жылдын 20-ноябрында |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
"Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 5, 463-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) мамлекеттик тилдеги 4-статьянын он экинчи абзацында "буйрук-сунуштарды" деген сөздөр "жазма эскертүүлөрдү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 6-статьянын 3-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Тобокелдиктин даражасына жараша ыйгарым укуктуу орган пландуу текшерүүлөрдүн мезгилдүүлүгүн аныктайт, бирок тобокелдиктин жогорку даражасындагы субъекттер жана энергетика тармагындагы тобокелдиктин жогорку даражасындагы текшерүү субъекттерине таандык объекттер үчүн жылына бирден ашык эмес, санитардык-эпидемиологиялык тобокелдиктин жогорку даражасындагы субъекттер үчүн - жылына эки жолудан ашык эмес, тобокелдиктин ортоңку даражасындагы субъекттер үчүн - 3 жылда бирден ашык эмес, тобокелдиктин төмөнкү даражасындагы субъекттер үчүн - 5 жылда бирден ашык эмес жүргүзүлөт.";
3) 12-статьяда:
а) мамлекеттик тилдеги 2-бөлүгүндө ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "жазуу жүзүндөгү көрсөтмө" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "жазма эскертүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүгүндө:
мамлекеттик тилдеги биринчи абзацында ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "жазуу жүзүндөгү көрсөтмө" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "жазма эскертүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Энергетика тармагындагы ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө тескеме (буйрук, жазма эскертүү) алардын аймактык жайгашуусун (базасын) эске алуу менен объекттердин тобуна карата макулдашылат.";
в) мамлекеттик тилдеги 4-бөлүгүндө "буйрук-сунушу" деген сөздөр "жазма эскертүүсү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) мамлекеттик тилдеги 14-статьянын 1-бөлүгүндө "жазуу жүзүндөгү көрсөтмөсүн" деген сөздөр "жазма эскертүүсүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) мамлекеттик тилдеги 15-статьянын 1-бөлүгүнүн бешинчи абзацында "жазуу жүзүндөгү көрсөтмөнүн" деген сөздөр "жазма эскертүүнүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) мамлекеттик тилдеги 16-статьянын 2-бөлүгүндө "жазуу жүзүндөгү көрсөтмөнүн" жана "жазуу жүзүндөгү көрсөтмөгө" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "жазма эскертүүнүн" жана "жазма эскертүүгө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) мамлекеттик тилдеги 17-статьянын 2-бөлүгүнүн жетинчи абзацында "жазуу жүзүндөгү көрсөтмөнүн" деген сөздөр "жазма эскертүүнүн" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 10-январындагы № 2(3074) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |